Достор бул теманы которуп жатканымдын себеби сиздерди патриот деп ойлойм.
Ар бир эр жигит бугунку кундо "Кыргыз элинин нукура , табигый мамлекеттик башкаруусу болгонбу? Болсо кадай ? Качантан бери? Озгочолугу кандай эле? Тутунган баалуулутарЫ кандай? -деп ойлонуп, изилденип же иштеп журуусу зарыл деп билем. Мына ушундай суроолорго ой таштасанар пайдалуу болот деп ойлойм.
Кыргыз элинин мамлекет башкаруусу
#2 21 December 2010 - 20:14
Илгери кыргыздарда аксакалдар кеңеши болгон
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#3 22 December 2010 - 23:42
Albette bolgon. Kop jolu kuralip orkundop osup kayra bashka elderge jenilip kayra erkindigin alip degendey. Misali B.Z. 711 jili Kirgiz kagandigi menen Chigish turk kagandigi sogushup Barsbek kagan sogushta olgon. 840 jili Uygur kagandigin birotolo talkalap salgan jana oshol kezden ushul kezge cheyin mamleketin kura alishkan emes.
j.b. kalganin ubaktim bolgondo jazip koyom
j.b. kalganin ubaktim bolgondo jazip koyom
Сырыңды айтпа досуна, досундун да досу бар айтат досуна !!!
#4 24 December 2010 - 12:44
тема качан ачылганына карабастан болгону 3 эле адам оюн жазыптыр. тан калычтуу деле эмес. форумдун контингенти андай ой жугуртууга убакыт таппай же андан да жаманы женил темаларга конуп алганбызбы айтору "мен бугун не кылдым" деген сыяктуу темаларды остургонго эле машкенбиз. атанкору десе аййе.
бирок ардангандар билгенин же билбесе да окуп изилдеп ушул сыяктуу олуттуу темаларга баш багып оз ойлорун калтыып кетет деп ойлойм.
постскриптум. супернургазы, дагы кимдер, ушул жакка да баш багып тургулачы.

Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#5 27 December 2010 - 14:51
тема качан ачылганына карабастан болгону 3 эле адам оюн жазыптыр. тан калычтуу деле эмес. форумдун контингенти андай ой жугуртууга убакыт таппай же андан да жаманы женил темаларга конуп алганбызбы айтору "мен бугун не кылдым" деген сыяктуу темаларды остургонго эле машкенбиз. атанкору десе аййе.
бирок ардангандар билгенин же билбесе да окуп изилдеп ушул сыяктуу олуттуу темаларга баш багып оз ойлорун калтыып кетет деп ойлойм.
постскриптум. супернургазы, дагы кимдер, ушул жакка да баш багып тургулачы.
бирок ардангандар билгенин же билбесе да окуп изилдеп ушул сыяктуу олуттуу темаларга баш багып оз ойлорун калтыып кетет деп ойлойм.
постскриптум. супернургазы, дагы кимдер, ушул жакка да баш багып тургулачы.
Туура айиасыз, өзүмдөн эле мисал кылсам, оюн күлкү тамашадан чыкпай калдым гооо, аракет кылып пайдалуу иш кылыш керек болуп калды.
Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#6 26 April 2011 - 14:50
Жакшы тема экен. Кеңири отуруп жазайын. Азырынча апаптап коеюн теманы, эскирип кетиптир...
#7 27 April 2011 - 16:05
840-жылы, уйгур каганатын талкалаган кыргыздар, Ыраакы Чыгыштан баштап Урал тоолоруна чейинки, түштүгүндө азыркы Ала-Тоо, Гоби чөлдөрү, Улуу Кытай Дубалдарынан баштап Байкал көлүнө чейинки эбегейсиз зор мейкиндикти ээлеген мамлекетти курушкан. Тарыхта бул доор "Улуу Кыргыз мамлекеттүүлүгү"
("Кыргызское Великодержавие"
) деген ат менен белгилүү. Чыңгызхандын басып келүүсүнүн натыйжасында Каганат кулаган. (кээ бир маалыматтар боюнча каганатты найман уруктары кулаткан.) Ошол боюнча кыргыздардын мамлекети болгон эмес. Бирок ар кайсы мамлекеттердин курамында жүргөн кыргыздар өлкө иштерине активдүү аралашып жашашкан. Согуш өнөрүн мыкты өздөштүрүшкөн кыргыздар ар бир өлкөдө керек болушаар эле. Кечээги эле Кокон хандыгындагы Нүзүп, Алымкул, Алымбек ж.б. даткалардын ордодогу таасири буга анык далил.
#8 27 April 2011 - 16:24
Чыңгызиддердин бийлиги доорунда кыргыздардын бир бөлүгү өздөрүнүн түпкү мекенине, б.а. азыркы Фергана, Теңиртоо, Памир-Алай койнуна, Чүй бооруна, Сары-арка талаарына көчүүгө мажбур болушкан. Энесай тарапта калган кыргыз уруулары 18-кылымга чейин Саян, Алтай, Энесай аймактарында ээлик кылып турушкан. Орус экспедициялары,
орус казактары менен тынбай күрөш жүргүзүшкөн.
Кыргыздардын айбатынан корккон орустар, Сибирь аймактарын өздөштүрүү доорунда 18-кылымга чейин кыргыз жерлерин айланып өтүүгө мажбур болушкан. Ошол жоокерчилик замандагы салгылашуулардан улам кыргыздар азайып, азыркы учурда Хакасиянын 11 гана (!) пайызын хакастар түзүп калышты. Албетте, Совет идеологиясынын да таасири зор болгон. Азыркы учурда хакастардын көпчүлүк бөлүгү эне тилин унутушкан, улуттук өзгөчөлүктөр,
салт-санаа жөнүндө кабары жок. Бул өңүттөн алып караганда Тяньшань кыргыздары зор ийгиликке жетиштик. Калкынын санынын аздыгына карабай, жер жайнаган кыпчак, монгол ж.б. элдердин арасына ассимиляцияланып сиңип кетпей, кылымдан келе жаткан кыргыз атын, салтын, маданиятын жоготкон жокпуз. Жана өз мамлекетибизди түптөөгө да жетиштик...
#9 27 April 2011 - 16:30
Кечээги эле Кокон хандыгындагы Нүзүп, Алымкул, Алымбек ж.б. даткалардын ордодогу таасири буга анык далил.
Cөзүңузгө аралжы, Алымкул аталык кыпчак болгон эмес беле?
1. Эгер кыргыз-кыпчак бир дей турган болсок анда ошол эле логика менен кыргыз казакты бир улут деп айтууга туура келет. Ошентип айтсак кандай жакшы болмок эле. Муну да бая совет бийлиги биринип кетпесин деп экиге бөлүп азыркыга чейин ит-мышык болуп айтышып, тартышып бирин-бири кемсинтип келе жатпайбы.
2. Эгер бир дей турган болсок анда Кудаяр хана неге "Буудай" дегендерге тийбей, "Бийдай" дегендерге өч болгон?
Теманы апаптаганыңызга рахмат. А то Лол дор менен эле күн өткөрбөй мындай мээнин иштебей жаткан клеткаларын да бир аз иштетимиг бололу да, имха беле?
УЛАНТА БЕРИңИЗ. Тарых бурмаланып жазылып кетүү сапаты болгон менен эч качан актуалдуулугун жоготкон эмес жана жоготпойт.
"Ким өткөндүөзгөртө алса - ал келечекке таасири зор. А экөөн тең башкара алган адам - азыркынын бийи". Ким айтканы эсимде жок, бирок, тарыхка эң туура, таамай берилген баа!
Бөлкө нан барбы?
#10 27 April 2011 - 19:34
ЕmMiR, Aлымкул аталык кыпчак болгону анык. Ошол кездеги Кокон хандыгындагы элдерди карап көрсөк, кыргыздар менен кыпчактар теги жагынан жакын элдерден болгон үчүн(өзбек, тажик ж.б. элдерге караганда) бири-бирине ыктап, жан тартып турушкан... Түздөгү кыпчактар менен тоодогу кыргыздардын биргелешип саясат жүргүзүшү, менин оюмча ошол кездеги саясий муктаждык болгон.... Ошол эле "Сынган кылыч" романында баяндалат го, Мусулманкул аталыктын Алмамбет бийге эмчектеш тууган экендиги... (Ушул себептер боюнча гана Алымкул аталыкты кошуп койдум)
Кыпчактар менен кыргыздар бири-бирине ушунчалык аралашып кеткен, кыпчактын көп уруулары кыргыз санжырасында кыргыздын уруулары катары берилет... Көптөгөн кылымдар бою жүргөн ассимиляция кыргыз тилине да таасирин тийгизген. Эне тилибиз азыр батышхунну бутагынын кыргыз-кыпчак группасына кирет. Кызыктуусу, кыпчак тили башка бутакта, т.а. чыгышхунну бутагынын кыпчак группасында. .. Менин дагы бир таңгалганым, кыпчактар кыргыздарга караганда саны көп болсо да, кыргыздардын арасына аралашып кеткендиги. .. Эмне себептен мындай болгонуна кызыгып жүрөм, окуп калсам жазып коем...

#11 17 January 2016 - 20:46
Илгери хан вазири менен эки адамдын араздашуусун,
бироонун арызын, дагы бироонун койгойун чечип берген .

Супер-Инфо
super.kg
видео