Мурдагы тема тамашалап койгом. Жөн эле силерди текшерип.
Бул темада кыргыздардын ата бабадан өткөн кеңештер.
Кечээ бир китепти окудум ал Темиркул Наматовдун-
Пайдалуу кеңештер китебин.
Ата бабадан өткөн кеңештер экен.
Мындай деп жазылыптыр бул китепте.
Кимде ким "Адам" экен деген бийик наамга ээ болгусу келсе, анда ал баштапкы ирээт Кудай берген өз табиятына терең баруусу керек жана ал өзү адам болуп таануу керек. Ошондо ал макулуктардын артык жаралгандыгын билет.
Аны билгенде адамгерчиликти адилчиликти билет. Муну билген каада салттын маанисин билет, аны билсе ар намысты билет, демек өмүрдүн түбү урмат сый экенин билет. Мына ушундай касиеттерге ээ болгон адамды биз Нарктуу адам дейбиз.
Жаңы күндүн алдында жакшы ой ойлоп, илгери үмүт кылып,асыл максаттарды коюу менен таңды тозсоң,таң менен таза ырыскыны аласың. Ырыскы деген адамдын дене боюн курчаган чыичый таза мээр (аура) болот. Ырыскысы бар адамга кырсык да жамандык жолобойт. Арам ой, кара мүртөз максаты бар ичи бузук адамды күңүрт мээр курчап баскан турган жериңе көлөкө түшүрөт.
Изгилик Кудай жалганган тазалык, ыйман иш болгондуктан ар адамдын дээр зээнинде. чңкая турганы шарт.
Кыргызда сөз бар
"Пенденин оозундагы-Кудайдын кулагындагы,
пенденин дилиндеги-куданын санаасындагы"
.
"Дилиңде болсо-тилине чыгат, тилинден чыкса Кудай угат"-дейт кыргыз.
Ошондуктан дилиңди тазарт, кесир сүйлөбө. Калп айтып ырысыңды кеспе ,ооздон жаңылган турбайт-деген кеп бар.
Нарктуулукту калыптаар экинчи сапат акыл,дээр жана зээн.
Ошо сапатарды нарктуу адам пайдалана билиш керек.
Адамдын адам экени алты нерседен билинет:
1. Көрүнгөн чоочун адам менен ырайымдуу сүйлөшүп танышса
2. Адамга тилегени жакшылык болуп жмандык ойлобосо.
3. Колу март келип ажаат ачып турса.
4. Душман тууган деп экиге болбөсө.
5. Урушса да, ырайымга келип турса.
6.Тилинен жаман сөз чыкпай тили ширин болуп турса-сый кадыр билсе.
Төрт нерседен сактан :
Көздөн, кекиртектен,
тилден жана жүрөктөн.
Төрт күл мүнөз төмөнкүчө бүтөт.
Өжөрлүк-уятка
Жеңилдик-өкүнүчкө.
Заар тил-өчөштүккө.
Жалкоолук-басырынууга.
Адамдын бактысы төрт нерседен болот.
1.Татыктуу аялда
2. Кайрымдуу балдарыңда
3. Жакшы жолдошунда
4. Мекениге кошкон үлүшүңө.
Үч түр адамдар бейишке барбайт:
1 Ата-энесине ак койгон(жериген) бала
2. Ичкиликке жана башка жаман нерселерге баш оту менен берилген адам.
3. Жасаган жакшылыгын жана кайыр садакасын-милдет кылуучу адам.
Ачууну-токтолук менен, жамандыкты жакшылык менен, битирдикти марттык менен, жалганды чындык менен жеңе бил.
Кимди эмне бузат?
Косөмдү-битирлик
Аялды-абийирсиздик
Калган элди-калп бузат.
Адамдын төрт түрү бар:
Билбегенин-
билген адам.
Билбегенин-
билбеген адам
Билгенин-билбеген адам
Билгенин-билген адам.
Адамдын акмактылыгынын үч далили бар.
1. Тебекерчилик
2. Көйрөндүк
3. Маңыроолук.
Жаш өспүрүмдүн келечегине чоң таасир берүүчү үч нерсе болот
1. Ал баланын коюлган атына байланыштуу.
2. Ал баланын тегине байланыштуу
3. Жаштайынан баштап эр жеткеге чейин ага берилүүчү ар кандай баталарга байланыштуу.
Лидер боло турган кишинин мүнөзүн белгилөөчү факторлор
1 Эркинин күчтүүгү
2. Акылдуулугу
3. Интелектуалдык кызыкчылыктардын кеңирилиги.
4. Маектешүу учурунда өзүнүн сүймөнчүлүктү пайда кыла билүүсү.
5. Өзүнүн жактоочуларына талап кое билүүсү
6. Эске тутуп калуу өзгөчөлүгү.
Мына ушундай пайдалуу кеңештер достор.
Өз ой пикириңерди жазып койсоңор ушул темага байланыштуу.
Кыргыздардын ата бабадан өткөн кеңештер. Темиркул Наматодун-Пайдалуу кеңештер китебинен алынды
#2 03 April 2011 - 22:46
Рахмат сизге программер акыл насаат, кеп кенештерди окуп озумо кичине болсо да жакшы сапаттарын алып калдым!!
!
Баары жакшы болот!
#3 03 April 2011 - 22:55
азаматсың Programmer!Адамга тарбия берчү кеңештер экен.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#4 03 April 2011 - 23:15
Рахмат.
Кеңештер абдан так таамай жазылыптыр. Окууган адамга оң таасир берет.
Кеңештер абдан так таамай жазылыптыр. Окууган адамга оң таасир берет.
#5 04 April 2011 - 02:32
#6 04 April 2011 - 16:40
Азыр уландысын жазам.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#7 04 April 2011 - 17:24
2 бөлүм
Жашоо-тиричиликтеги жүрүм турумдар тууралуу
Дүйшөмбү, шаршенби күндөрү жаңы үйгө көчпөйт-чыр чатак басылбайт
Бир жакка жөнөөрдө эшигиңдин алдында бир аз отуруп анан чык, барган жериң жакшы кабыл алат.
Корооңдогу бакты кесип сал-анын тилеги жаман болот.
Босогону басып турба-бактын тосулат.
Өзүмдөн улуу адамдан кыя өтпө-назарыңды каласың тилегиңе жетпейсиң.
Эртен менен жаман сүйлөбө-жамандыкты эркелетпе.
Босогодо туруп кол алышып учурашпа андан айрылып калба.
Кишини айланба анын дарты сага өтөт.
Намаз шамда жатпа өмүрүң кыска болот.
Аз тамактанып аз сүйлөөнү адат кыл
Аялын менен балага сыр айтпа.
Ээн жерде түнөп калсаң. айлананы бычак менен чийип кой.
Жаандуу түндө жолго чыксаң жолду болосуң.
Чыканак желке кычышса кайгыга.
Жума күнү жолго чыксаң жолуң болбойт.
Үйгө келе жатып чалынып кетсең кетсе.н жанжал болот.
Колуңду жууганда силкпе-макирө болот.
Итти теппе, итти бут менен жылдырба.
Түн ичинде пол жууба үйсүз каласың.
Күзгү сындырсаң-кырсыкка учурайсың.
Бирөөнүн изин баспа бутуң оорукчал болуп калат.
Баш кийимди ыргытпа кутуң качат.
Ышкырба-акчасыз каласың
Караңгыда тырмак алба отко тыштаба-кырсыкка учурайсың.
Куураган чөптү тиштебе аракетиң соолуйт.
Жашоо-тиричиликтеги жүрүм турумдар тууралуу
Дүйшөмбү, шаршенби күндөрү жаңы үйгө көчпөйт-чыр чатак басылбайт
Бир жакка жөнөөрдө эшигиңдин алдында бир аз отуруп анан чык, барган жериң жакшы кабыл алат.
Корооңдогу бакты кесип сал-анын тилеги жаман болот.
Босогону басып турба-бактын тосулат.
Өзүмдөн улуу адамдан кыя өтпө-назарыңды каласың тилегиңе жетпейсиң.
Эртен менен жаман сүйлөбө-жамандыкты эркелетпе.
Босогодо туруп кол алышып учурашпа андан айрылып калба.
Кишини айланба анын дарты сага өтөт.
Намаз шамда жатпа өмүрүң кыска болот.
Аз тамактанып аз сүйлөөнү адат кыл
Аялын менен балага сыр айтпа.
Ээн жерде түнөп калсаң. айлананы бычак менен чийип кой.
Жаандуу түндө жолго чыксаң жолду болосуң.
Чыканак желке кычышса кайгыга.
Жума күнү жолго чыксаң жолуң болбойт.
Үйгө келе жатып чалынып кетсең кетсе.н жанжал болот.
Колуңду жууганда силкпе-макирө болот.
Итти теппе, итти бут менен жылдырба.
Түн ичинде пол жууба үйсүз каласың.
Күзгү сындырсаң-кырсыкка учурайсың.
Бирөөнүн изин баспа бутуң оорукчал болуп калат.
Баш кийимди ыргытпа кутуң качат.
Ышкырба-акчасыз каласың
Караңгыда тырмак алба отко тыштаба-кырсыкка учурайсың.
Куураган чөптү тиштебе аракетиң соолуйт.
Жизнь – это не те дни, которые прошли, а те, которые запомнились.
#8 04 April 2011 - 17:46
Аябай жакты
Эмне учун калган форумчулар жазбайт болбогон темаларга баары тен жаза берет экен.
Маанилүу темага киришпейт экен.
Маанилуу тема аларга кереги жокпу.
Тушунбойм.
Болбогон темаларды жактыра беришет экен.
Мисалы акыр заман 2012 жылы болот деп.
Же биз кыргыздар ушундай бызбы.
Тушунбойм.
Эмне учун калган форумчулар жазбайт болбогон темаларга баары тен жаза берет экен.
Маанилүу темага киришпейт экен.
Маанилуу тема аларга кереги жокпу.
Тушунбойм.
Болбогон темаларды жактыра беришет экен.
Мисалы акыр заман 2012 жылы болот деп.
Же биз кыргыздар ушундай бызбы.
Тушунбойм.
Shah сука. Programmer USSR стукачтар. Эркек эмес эле ит
#9 04 April 2011 - 17:49
Ап-бали! Накта кыргыздарга ылайык создор экен! Ушундай пайдалууу нерселерди кобурок жазсанар жакшы болмок форумду корктондуруп (кээ бирлерге окшоп жашоодон тойгонун, туалетке барганын жана бит караганын эле жаза бербей...)
#10 04 April 2011 - 22:12
Жакшы сөздөр экен.Менин билишимче Жума күнү көчпөйт жаңы үйгө.Отурукташпай каласың дешчү.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#11 05 April 2011 - 00:41
Мага окшоп чет өлкөдө жүрөгндөр учун аябай жакшы тема ачыптырсыз чооон раxмат. үйдө жүргөн кезимде Атамдан угуп калчу елем ушуга окшогон кенештерден.
Уйдөн алыс кетип укпаганыма коп болуп калыптыр
Уйдөн алыс кетип укпаганыма коп болуп калыптыр
Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
#13 17 January 2016 - 20:24
Ожорлук-
уятка калтырат дегенди тушуно албай койдум, ожорлук менен максатына жетесин да туурабы .
#14 18 January 2016 - 12:19
Ожорлук-уятка калтырат дегенди тушуно албай койдум, ожорлук менен максатына жетесин да туурабы .
Ар бир нерсенин эки жагы болот,
өжөрлүк уятка калтырганы, туура эмес болсо да өжөрлөнүп өзүңдүкүн бербей турсаң, ал сени уятка калтырат.
Ал эми жакшы иште өжөрлөнсөң максатыңа жетээрсиң.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#15 20 January 2016 - 01:25
Мен бул кишинин чыгармачылыгынан кабарым бар. Ичитардык же мактануу эмес,анын кругозор,билимин озумдукунон кем болсо кемдир ашык баалабайм. Мисалы автор келтирген эле мисалда толтура куроко турбас ырым-жырымдар жатат. Мусулман болгон деп биз талашып аткан Толстойдун бир созу бар; жакшы адамда 2 сапат бар-чынчыл жана эмгекчил. Жаманда 2 сапат бар-жалкоо жана ашкан ырым-жырымчыл.
Желкенди да кайгы келет деп тырмабай,уйуно да жанжал болот деп кирбей туруу апендичилик да. Тарыхый роман,санжыраларды коп окуу керек. Кандай керемет кенештер берилгенин окуп,жандуйноно жарык кирип,акылын осот,ой жугуртуун озгорот,адам,
эн башкысы кыргыз болосун. Кыргыздай асыл эл болсо кана аттин,оз баркыбызды билбей журобуз да. Теманы Ата-баба насааты же осуяты десенер жарашмак,насаат кенештен,осуят насааттан,хадис насааттан,а аят хадистен бийик турат. Ата-бабан бир чечими бар маселени кенешер,а тарбияда насаат колдонулат кенеш эмес.
#16 27 February 2016 - 22:54
Ожорлук-уятка калтырат дегенди тушуно албай койдум, ожорлук менен максатына жетесин да туурабы .
Менимче ожорлук эмес,"куру намыс" уятка калтырат!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#17 04 March 2016 - 02:49
Саламатсыздарбы!
Биринчи болум эн маанилуу жазылган, азыркы мезгилдин жаштары, бизге абдан керек. Кунумдук турмушта катачылык кетирбоого жол берет, ал эми келечекте максатына жетууго оболго. Кыргыз тили бай биз озубуз ар бир создун маанисин баалап тушоно бербейбиз.
#18 04 March 2016 - 03:37
Мисалы Манастын жети осуяты. Биз баарыз эле жети осуятын толук билбейбиз, туура мектепте окуганбыз, жаттаганбыз.
Ал эми азыркы тапта билесизби? Маанисин чечмелеп айтып бере аласызбы? Бул осуяттар мектепте эле эмес турмушта да керек! Ал эми тема боюнча насаат кошсом. Мен бул сапты суперден окугам: „ Аракеттен- адат, адаттан - муноз,.муноздон-
тагдыр- жаралат. Жана дагы „Баардыгы акчам байлыгым аз деп ойлойт , мээнин кемчилигин эч ким ойлобойт.Так мааниси тушунуктуу болуш учун орусчасы „ Все думают о недостатке денег, никто не думает о недостатке ума!

Супер-Инфо
super.kg
видео



















