Kajynyp bawtaganda ele akyryn uulumdu alyp ata-enemdikine 2,3konup kelem.Antpesem til jalynsyz joo demek4i jaman jinge tiet da
Кайнене менен тил табышуунун жолдору
#62 07 Июль 2015 - 15:11
Кечээ куну интернеттен тагыраагы классташтар соцтармактан бир видео коруп калдым эле. Кайненесин жалган сагынган келин деген. Келин суйлошуп жатат кайненеси менен а бээри жака тилин чыгарып жалган эле. Бир аз кордумда конулум айнып кетти ото жийиркеничтуу,
ынсап бер деп койдум. Тооба!
Ошентип жалгандан кайнесин сагынган киши болгончо телефон чалып суйлошпой койсо деле болот.

" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#63 07 Июль 2015 - 15:15
#64 18 Январь 2016 - 16:16
Кулагыңа күмүш сырга!
☻ Энеде күйөөгө тийген балам жакшы, анан аны өстүрүп тарбиялаган мен жаман болуп каламбы деген таарыныч күч болот. Жолдошуңузду сүйсөңүз кайненени да ошондой деңгээлде жакшы көргөндү үйрөнүңүз. Мейли тыңчы, атаандаш, жеткен каарду болсун. Ал сиздин жолдошуңузга татыктуу тарбия берди. Жок дегенде ошонусуна ыраазы болуңуз.
☻ Өзүм билемдике салып анын үйүнө ээ болуп кайненени төргө отургузганга шашпаңыз. Кээ бир кайнене тиричиликте кошо кармашып оокат жасашат. Бирөөгө жагат, экинчи келин илешпей отура бербейби деп жаман көрөт. Унчукпай анын берген жардамын жакшы кабыл алыңыз. Тескерисинче жакшылап байкап, кайненеңиз кандай оокат кылып жатканын көрүп үйрөнүп алсаңыз да болот.
☻ Кайненеге чын жүрөктөн жакшы мамиле жасап ага белек бергенди адатка айландырсаңыз болот. Ар кандай кеңеш сурап аны менен мамилени тыгыз кармаганга аракет кылыңыз. Эгер бөлөк жашасаңыз бат-бат телефон чалып ден-соолугунан, жашоосунан кабар алып турган да ашыкча болбойт.
☻ Апаң ушинте берет, мен сүйлөсөм эле жактырбайт деген сөздөр жолдошуңуз үчүн эң жагымсыз нерсе. Сизди кандай сүйсө апасын да сизден кем эмес жакшы көрөөрүн эстен чыгарбаңыз. Кулагынын кужурун алып кайненеңизди жамандай берсеңиз акыры ал экөөңүздүн бирөөсүн тандоого аргасыз болот. Анча-мынча кайненеге болгон таарынычты ичке жутуп ортодо жолдошуңузду чайнабай эле койгон оң.
☻ Кыргызда "төркүнүңөн сөз ташыбай төш ташы" деген жакшы сөзү бар. Кайненени өз апаңызга жамандап, ага арманыңызды айтып наалыганда өзүңүз үчүн эки зыяндуу нерсе табасыз. Биринчиси, апаңызда ашыкча санаа, кудагыйына болгон жек көрүү өсөт. Экинчиси, эртели-кеч ал сөз ортого чыкса кайненеңиз сизди мурдакыдан да жаман көрүп калат. Андыктан өз үйүңүздөгү уруш-талаш, кайчы пикирлер сыртка "саякаттап" кетпей ошол жерде калганы туура

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#65 18 Январь 2016 - 16:22
Aikoo2014 (07 Июль 2015 - 15:11) жазган:
Кечээ куну интернеттен тагыраагы классташтар соцтармактан бир видео коруп калдым эле. Кайненесин жалган сагынган келин деген. Келин суйлошуп жатат кайненеси менен а бээри жака тилин чыгарып жалган эле. Бир аз кордумда конулум айнып кетти ото жийиркеничтуу,
ынсап бер деп койдум. Тооба!
Ошентип жалгандан кайнесин сагынган киши болгончо телефон чалып суйлошпой койсо деле болот.
Ошентип жалгандан кайнесин сагынган киши болгончо телефон чалып суйлошпой койсо деле болот.
Менда кордум эле ошол видеону.Алар ошол суйлошуудон улам, кийин ажырашып кетишкен экен,ошого ал видеону таркатып жибериптир куйоосу
#66 18 Январь 2016 - 18:34
Тилди тыйып,анча-мынча создорго коз жумуп же кулак салбай,бардык ишти так жасап турсан эле баары жакшы болот.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#67 19 Январь 2016 - 16:51
#68 22 Январь 2016 - 13:58
#69 24 Ноябрь 2016 - 03:27
Кулагың кар, көзүң көр, жатпай, оорудум дебей жүгүрүп турсаң эле жагасың
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#70 01 Декабрь 2016 - 15:13
#71 04 Январь 2017 - 10:23
Кайненемдин бир тууган синдиси мени аябай эле жаман корот эмнеге билбейм тойубуздан кийин бирда жолу уйго келген жок
#72 06 Январь 2017 - 12:31
Мен торогучо баарын озум кылчумун Эми мунумда эчтеке кылалбай калдым камыр деле уй деле эчтеке кылгым жок кылгым келсе да туну менен варикоз жанды кашайтат оорутуп ошого жаман корунуп журом суйлонсо да укмаксан болуп аларга жагам деп ден соолуктан айрылып калбайын деп озуму аяп турам
#73 13 Январь 2017 - 01:02
Менин кайненем ото жоош мени менен суйлошкондо,
мага катуу айтпайт мындай неге кылбадын дебейт, а бирок мен жок жерде "шыбайт"
болушунча, абысындарыма,
кыздарына, куйоомо.Кайын синдиме акырын жамандап коет да, ал болсо тим эле кобра болот мага, мейли турмушка чыкканында тушуносун мени деп тим болом. Келин болуп келгениме 1 жума боло элек уйду жыйнабайсыз,
чай бергенди билбейсиз деп мени менен колун мага кезеп урушканы эч эсимден кетпейт.Ошол кеч эч эсимден кетпейт чон "байкот"
болгон. Кайненемен кечирим сурап кучактасам мени туртуп...куйоом алар тарап болуп... эч кимим жок аябай ыйлагам. Кечиргим келет бирок...мейли Кудайга койдум дейм. Ошондо мени куйоомо, кайнагама, абысыныма уят кылган. Мен ал уйдун "правилаларын"
жакшы биле элек элем ошол менин куноом и еще не разговорчивая элем унчукпай ишими кылып журо берчумун, аным мамиле кылганды билбейсиз деген айып болгон.Эми тушунсом кайненемин иши экен эле. Кызын же уулун акырын кайрап коет. Мен силерге душман болуш учун келген жокмун го сыйлашсак не болот, тушунбойм...
Келечеги биз менен чогуу жашайт ушундай кызмат кылам мени кор кылганына окунот буйруса. Жаманга да жакшы боло берсен жибийт бир кун. Ии мен келинимди билбеген экемин дейсиз иншааллах!
!!
#74 13 Январь 2017 - 12:53
КАЙНЕНЕ МЕНЕН КЕЛИНДИН ОКУЯСЫ
Өткөн кылымдарда Кытайда Ли-Ли деген кыз жашаган экен. Ал бойго жетип, күйөөгө чыгат. Кайненеси менен бирге жашап, убакыт өткөн сайын алардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгат. Мындай көрүнүштөн улам келини күнөөлүү деген жыйынтык чыгуусунан коркуп, бир айла табуу керектигин ойлойт. Чөптөрдөн дары жасаган атасынын таанышына барып кайгысын бөлүшүп, жардам сурайт. Карыя кызды угуп, бир маңызды берип жатып, үч ай ар күнү эртең менен кайненесинин тамагына кошуусун айтат. “Кайненеңдин өлүмүндө эч ким сенден шектенбөөсү үчүн ууну аз-аздан кошуп, ар дайым ага сылык мамиле жасап, ар түрдүү даамдарды даярдагын”, - деп жаш келинди жолго салат. Кубанычы койнуна батпаган Ли-Ли үйүнө келип карыянын айткандарын так аткара баштайт. Убакыт өткөн сайын келинин мамилесине ыраазы болгон кайнене да өзгөрүп, ага мээримин төгүп өз кызындай көрө баштайт. Бул өзгөрүүлөрдөн соң Ли-Ли кылган иштерине катуу өкүнүп, атасынын таанышына кайра барат да, кайненесинин өмүрүн сактап кала турган дары жасап берүүсүн өтүнүп ыйлайт. Дары жасаган киши көзү жашка толгон Ли-Лиге карап, каткыра күлүп: «Сүйүктүү кызым, сага бергеним уу эмес, жөн гана витамин болчу. Коркпо, ал кайненеңе зыян эмес, тескерисинче, кубат болот. Чыныгы уу сенин зээниңде эле. Сен да аны өз энеңдей сүйдүң, ал да сени өз кызындай жакшы көрө баштады», – дейт.
Жакшылык кыла келген жакшы адамдар,
Алардын адамзатка мээрими тамар. (Жусуп Баласагын)
(Турмуш сабактары, 62-бет).

<