Суперстан: Кайнененин каарынан кантип кутулуу керек? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • > Үй-бүлө
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кайнененин каарынан кантип кутулуу керек? Менин кайненемдин мүнөзү бир күн соо, эки күн оору.

#41 Пользователь офлайн   Mediziner   18 Январь 2016 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 816
  • Катталган: 11 Апрель 15
  • Соңку аракети: 16 Апр 2020 12:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бул окуяны окуп көрүңуздөр, балким жардамы тиет..


Байыркы заманда, кайын-журту менен чогуу жашаган келин, убакыт өткөн сайын кайын энесинин кажый берген мүнөзүн көтөрө албай, жаны кашайганда андан арылууну көздөйт. Атасынын досу ар кыл чөптѳрдү сатып оокат кылгандыктан, кыз аяш атасына келет:



- Менин чыдамым бүттү, кайын энем менен мындан ары жашай албайм, ал мени жинди кылып бүтүрмѳк болду. Мага жардам бербесеңиз болбойт, акчасын жакшы төлөп берем, – дейт.

- Макул, жардам берейин, бирок менден сага кандай жардам керек, – деп аяш атасы сурайт.

- Мага уу сатыңыз, эгер кайын энемди өлтүрсөм, баардык көйгөйлөрүмѳн арылат элем…

Аяш атасы бир аз ойлоно түшүп, анан:

- Макул кызым, мен сага жардам берейин, бирок, сен эки нерсени эсиңе ал. Биринчиден, сен кайын энеӊди дароо эле ууландырып жок кылсаң, баары сенден шектенет да, кылмышың ачыкка чыгат. Андан кѳрѳ мен сага башка чөптү берейин, аны күн сайын тамагына кошуп бере берсеӊ, ал акырындан таасир берип, кайын энеӊ өлгөндөн кийин анын ууланганын эч ким байкабай калат. Экинчиден, таптакыр шектенүүлѳр болбос үчүн, сен кайын энеӊе болгон мамилеӊди өзгөртүшүң керек. Бүгүнтѳн тарта каарыңды кетирип, аны урматтап-сыйлап, өз энеӊдей жакшы көрүп, айткандарына бат көнүп, чыдамкайлык менен жакшы мамилеңди гана кѳрсѳт. Ошондо анын өлүмүнө сенин күнѳөлүү экениӊди бир жандын да оюна келбейт.

Аяш атасынын айткандарына көнүп, айтканын аткарам деп кыз чөптү алып үйүнө кетет. Алып келген чөптү күн сайын кайын энесинин тамагына кошуп берип турат. Ошол эле убакта кайын энесине болгон мамилесин өзгөртүп, кичипейилдик менен айткандарын угуп, так жасап, кайын энесин сыйлай баштайт. Келининин мүнѳз-жүрүшү, мамилеси өзгөргөнүн байкаган кайын эненин ичи жылып, аны өз кызындай көрүп, жүрөгү менен жакшы көрө баштайт. Баардык курбуларына, туугандарына «менин келинимдей мыкты келин барбы, мындай келинди Кудайдан гана тилеп алышат» деп күндѳн-күнгѳ мактап айта баштайт. Жарым жылдан кийин кайын эне менен келиндин ортосундагы мамиле эне-кыздын мамилесиндей болуп өзгөрүп, экөө бири-бирине аябай ынак болуп калышат.

Анан эле бир күнү жаш келин аяш атасына шашып келип, жалбара баштайт:

- Жараткан алдында алдыңызга жыгылып жардам сурайм, менин кайын энемди мен берген уудан сактап калыңызчы. Анын ѳлүмүн таптакыр каалабайм, ал ушундай алтын адам болуп ѳзгѳрдү, аны ушунчалык жакшы кѳрѳм, жардам кылыңыз…

Аяш атасы жылмайып карап, мындай дейт:

- Кызым, кабатыр болбо, мен сага эч кандай уу чѳп берген эмесмин. Ал жѳн гана тамакка кошчу аш-кѳк эле. Ал эми уу болсо сенин мээӊде болчу, ал уудан өзүӊдү ѳзүң арылттың…


Жизнь прекрасна и удивительна. ..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   aigerim_abduvalieva   18 Январь 2016 - 16:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 258
  • Катталган: 04 Декабрь 12
  • Соңку аракети: 16 Фев 2018 23:23
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Doha оаэ

Менин таенем врач да анан келиндерине такыр эле келиндик кылбайт бир жолу чон жанжал болгон айт арапада женем кыска кийип жылан баш коноко барганда, азыр пенсияда таятам экоо диетада да ошого озу тамак жасайт озу кирлерин жууйт, женелерим деле жакшы экоо тен мындайча айтканда ар ким озунун волнасында журот да
@
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   anya   18 Январь 2016 - 18:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 132
  • Катталган: 08 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 17 Фев 2021 21:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

ЖОЖ до окуп жургондо бир мугалимибиз айткан эле, эч качан кайненер менен айтышпагыла унчукпай туруп бергиле, эгер айтышсанар куйоонор силерди жаман коруп калат, апасыныкы туура эмес болсо да, эгер ушунчалык жининер келсе, колду чонтоко салып, ме.ме деп тура бергиле деп . Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Үй-бүлө
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 19:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: