Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Zanoza.kg" сайты уюштурган сынакка келген дил баяндар (Чүй облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Zanoza.kg" сайты уюштурган сынакка келген дил баяндар (Чүй облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Zanoza.kg" сайты уюштурган с

#41 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:16

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Максатбекова Айкол


Кыргызстан Орто-Азиянын тундук-чыгышында жайгашып, Казакстан, Таджикстан, Озбекстан, Кытай республикалары менен чектешет. Кыргызстандын жалпы аянты 199,9мин квадрат чакырым. Аянты боюнча 86-орунда турат. Кыргызстан коп улуттуу мамлекет, анда 90 улуттун окулдору жашайт. Жакында эле 26-ноябрь куну калкыбыздын саны 6миллионго жетти. Бул биздин олко учун жакшы жанылык, жакшы корсоткуч болду. Кыргызымдын саны жыл сайын 120мин адамга кобойуудо. Кыргызстан- бул менин туулуп оскон жерим, менин суйуктуу мекеним. Мен оз мекеним менен сыймыктанам. Менин жерим-абдан кооз, абасы таза, суусу тунук, жаратылышы бай олко.


Кыргызстан- мен учун ыйык, эч нерсеге алмаштыргыс байлыгым. Бизге чейин да канчалаган акын,жазуучу, ойчулдарыбыз жерибиздин кооздугун,сулуулугун айтып,мактанып буто алган эмес. Чындыгында мактана турган коптогон жерлерибиз бар. Мисалга алсак; кереметтуу Ысык-Колубуз, жангактуу Арсланбап,Сон- Кол,Сары-Челек колдорубуз, тоо койнунда курчалган Сулайман-Тоо, Саймалуу-Таш дегиле койчу айтып буткус кооз жерлерибиз коп. Ушундай биздин кереметтуу жерлерибизге суктанып чет жерден канчалаган меймандар келип эс алышат. Кыргызстаным кичинекей мамлекет болсо да, чет элдиктерди озунун кооздугу менен , ал эми эли озунун меймандостугу менен суктандырат. Ушундай кооздуктун коркуно корк кошуп жерибизди таза кармап, жаратылышыбызга аяр мамиле кылуубуз керек. Жана ошондой эле жерибиз ар кандайе -алтын,комур, ,туз жана коптогон кен байлыктарга ээ. Канчалаган суу сактагычтарыбыз бар. Бул биздин байлык.


Азыркы учурда Кыргызстан алдыга жылууда, канчалаган иштер жазалып, айлана-чойро тазаланып, жолдорубуз онолуп, биздей окуучуларга эс алуучу жайлар,билим алуучу жайлар ачылып, дыйкандарга эн аз пайыздагы кредит берилип,айлык акылар, пенсионерлердин пенсиясы кобойуп, мугалим , врач ж.б. кесип ээлерине женилдетилген шартта уйлор берилип жатат. Бул биз учун кичинекей мамлекетибиз учун чон жетишкендик. Кандай иштер жазалды?-Мисалга алсам озумдун туулуп оскон кичинекей айылымда эле жол маселеси аябай кыйын, борборго келип-кетишибиз кыйынчылык жаратат. Бирок, президент ,Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен бул маселебиз да каралып, Бишкек-Казарман жолуу салынууда. Бул биздин айылыбыздын тургундары учун чон жанылык болду.


Ошондой эле канчалаган ырчы, бийчи, спортчуларыбыз чет жерлерде оздорунун онорлорун коргозуп , алдынкы орундуктарды ээлеп Кыргызстандын желегин ботон жерде желбиретип, Кыргызстандын атып чыгарып жатышат. Дагы айта кетчу нерсе президентибиздин демилгеси менен эн эле оор жагдай болгон коррупцияга богот коюу максатында коп иштер жазалууда, бул иш чара мени кубандырат. Ушундай таза иштеп, мамлекетти мекенин, элин суйгон атуулдар башкарса Кыргызстан тез эле онуккон олколордун катарында болот деп ишенем. Менин кыялдарымдын бири бул-мен Кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм. "Кыял-азыркы болгон нерсе эмес, бирок ошондой эле болбой койчу да нерсе эмес , бул жерде жол жок, а бирок жол салгандай" -Деп Кытайлык жазуучу Лу Синь айтмакчы Кудайым буюруп ал тилектеримдин орундалышы да алыс эместир. Бул учун биз кандай аракет кылышыбыз керек ?! Ар бир жаран озу аракет кылып олко онугушуно оз салымын кошсо болот. Бул бир Гана мамлекетибизге тиешелуу эмес. Ал учун баарыбыз биримдикте, ынтымакта болуп, ар бирибиз туулуп оскон мекенибизди суйуп,сыйлап , ар кандай таштандылардан тазалап таза кармайлы. Жана ошондой эле дагы бир жолу ар бир кесип ээси озунун тандаган кесибин суйуп , элге таза эмгек кылса Кыргызстаным гулдоп ,бат эле оркундоп особуз. Мен дагы чоноюп , чон окуу жайына тапшырып, керектуу кесиптин ээси болуп Кыргыз элим, Жерим учун кызмат кылам! Ар бир атуулга кенешим озубузду,оз шаарыбызды, оз мекенизбизди, оз тилибизди сыйлайлы, дайыма Кыргыз элим ынтымакта бололу!


Кыргыз жерим-Кереметтуу жер экен ,
Айта берсек- кооз жерлери коп экен.
Ар бир атуул жерибизди суйолу,
Ар бирибиз мекен учун куйоолу.


г.Токмок , Кыздар Турк Лицейи 8д класс. Максатбекова Айкол Улановна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медетбек кызы Элина
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм.


Менин туулуп оскон, киндик кан тамган жерим Кыргызстан. Кыргыз жерим мен учун абдан кымбат. Анткени, оз мекенимде эркин басып, таза аба жутуу, мен учун озгочо ырахат. “Туулган жердин топурагы алтын” дегендей, ар бир адам баласынын, туулган жери коз алдына, элес болуш керек. Чет мамлекеттердеги баш айланткан, бийик имараттары, укмуштуудай кубулуштары, адамды суктандыра койбойт. Бирок, кыргыз жеримдин бийик аска тоолору, табыгый таза суулары, дары чоптору, бак-дарактары, момо жемиштери, жашылча каптаган талаалары, гулдору дегеле айтып бутпос кооздуктары менен айырмаланат. “Кыргызстан- бейштин тору” деп айткым келээр эле. Себеби бизде кереметтуу торт мезгилибиз, тунуктай берметибиз Ысык кол, аска зоодой тоолорубуз, булактарыбыз бар. Булардын баары кыргыз жеримдин гулдоп осушуно алып келет.
Мекенимдин онугушуно мен да, аз болсо дагы, оз салымымды кошкум келет. Кочолордо бара жатып, таштандыларды таштанды чакаларга ыргытып, оз мекенин сыйлай журо алган инсан, бул инсандын мекенине болгон, Кыргызстанга болгон суйуусун, патриоттугун билдирет. Ар бир адамда патриоттук сезим болсо, олконун онугушуно, ынтымыка жол ачылат. Ал эми кыргыз жерин гулдоп-осушуун кыялданган жаштарыбыз дагы коп, алардын катарына мен дагы кошулам.
Кыргызстаныбыз кээ бир адамдар учун журок, кээ бир адамдар учун туулуп-оскон жер, башкалар учун балким жон гана мекени сезилетдир, мен учун Кыргызстан, жазылып бутпос ырдай сезилет. Мен кыргыз кызы болуп жаралганыма, абдан сыймыктанамын. Кыргызстанымдын желеги дуйного таанылыш учун, азыртадан аракет кыламын. Олкобузду чет мамлекеттерге даназалап жургон эр азамат кыз-жигиттерибиз, кучтуу спортчуларыбыз, тышкы окуу жайда окуган биз жараан студентерибиз, булбулдай унду ырчыларыбыз, кыргыз жеринин осуп-онугушуно чон салым кошууда жана биз алар менен сыймыктанабыз.
Биз Евразиянын борборунда, Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан, эгемендуу мамлекетбиз. Олкобуздун кооздугуна, тарыхына суктанган чет олкодон келген конокторубуз дагы арбын. Алар кыргыз жерине келгенде, кыргыз элимдин адептуулугун, мейман-достугун, кен пейилдуулугун корсотуп, укмуштудай даамдуу тамак аштарыбыздан оз тийгизип сыйлашат. Элимдин ыйман достугу менен, оз олкосун суйоорун, чын дилинен кызмат кыларын далилдейт. Биздин олкобуз коп улуттуу, алардын коптору кыргыз тилин, кыргыз дилин жакшы тушунушот жана сыйлашат. Мен ойлойм мамлекетибиз онугуу жолунда бара жатат. Кыргыз мамлекетинин келечеги жаркын болуу учун, кыргыз жаштары окуп, билимдуу, илимдуу болушу зарыл. Себеби билим менен, илим менен кыргыз жаштары, оз олкосун, алдынкы мамлекеттерден болууну алып келет.
Мен дагы азыркы учурда, талыкпай билим, тарбия алуудамын. Келечекте мен ишенем, кыргыз жериме пайдам тийерин жана мыктылардын мыктысы болгону умтулам. Бул менин алдыга койгон, башкы максатым. Эмгек менен жер когорот демекчи, мен, биздин мамлекетибиздин гулдоп-осушун каалайм.
Медетбек кызы Элина. 8(а) класс.
Туулган жылы: 28.08.2001.
Каратал Табалдинов атындагы, Кара-Жыгач орто мектеби.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Уланова Азем
Саламатсынарбы! мен Чуй районуна караштуу Онбир жылга айылынын 7– классынын окучуусу Уланова Азем.
Мен кыргыздын кызымын,
Кылым карыткан кыргыз тилде суйлогон,
Акын болууну каалаган,
Ар убак ыр жазууну каалаган,
Мен кызымын кыргызымдын,
Улууга урмат,
Кичууго ызат кылган,
Адамгерчиликти бийик туткан,
Ата энени ыйык туткан,
Салтты эч унутпаган.


Туура бул ыр аркылуу озумдун кандай экенимди билгизгим келип жатат. Ар бир жаран озунун олкосунун онугуп осушун каалайт эмеспи? Анын сынары мен дагы осушун каалайт элем алдыдагы максаттарым коп бир гана кесиптин ээси болбостон бир нече кесиптин ээси болсом деген тилегим бар. Анын бири экономист азыркы мезгилде биздин коомубузда жарандык билим беруу чон мааниге ээ болуу менен ага болгон талап осуудо. Алар жаныдан онугуп келе жаткан Кыргызстандын саясий экономикалык турмушунан ачык корунуп турат.Азыркы мезгилде экономика деген соз бир топ мааниге ээ болушу мумкун. Экономика – коомдо тузулгон эл чарба тармактарын изилдеген илим.


Экономисттер учун эки дуйно бар :«азыркы » жана «болочок» дагы коптогон пайдалуу ыкмалары бар. Экономист болуунун себеби азыркы тапта онор жай ишканаларынын кобу иштебейт жана адамдар жумушсуз. Ошол себептен дыйканчылык же болбосо мал чарбачылык жагын ондуруп остуруп иштен чыгып калган ишкананы кайрадан иштетип чыгып мисалы: мал чарбачылыгы уй багып ошол уйдун суттун откоруп андан ар кандай таттууларды дагы башка тамак аштарды чыгарып иштебеген адамдарды жумуш менен камсыз кылгым келет бул ишти албетте жалгыз жасоо кыйын баарыбыз биригип иштесек кийин ишибиз узурун берет эмеспи анан дагы чет олкого экспорт кылмакпыз ушунтип жетинен Кыргызстаным онуго бермек. Анан да мен суйгон кесиптердин дагы бири Адвокат болуу бул кесип менен иштоо кыйын деп ойлойм .


Элдин укуктарын тебелетпоого оз кучумду салгым келет алилеттуулук, чынчылдык керек. Дагы коптогон тармакта оз кучум аракетим менен ой тилектер максат менен олкомо оз салымымды кошом. Баса дагы белгилей кетчуу нерсе азыркы учурда жаштардын кобу кыргыз тилинде суйлошпойт эмне учун уят корушот окшойт деп ойлойм кыргыз тилинде суйлосон орус тилинде жооп берет биз эмне учун кыргыз тилинде суйлогонго анча конул бурбайбыз? Коп тил билунун эч кандай зыяны жок бирок оз Эне тилибизди унутпай так таза суйлосок кулака кандай жагымдуу угулат ошол себептуу жаштарды Эне тилди суйууго болгон сезимин ойготучу учун болгон кучумду жумшап пайдамды тийгизгим келет.


Туулган жердин топурагы алтын дегендей Кыргызстаным мекеним кичи мекеним Чуй.
Чуйум– жерим, адам кылып жан берген
Чуйум– дайра, дене козгоп кан берген.
Адамдары кулку менен дос болуп,
Айланасы ыр– музыка, шан берген.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Казакбаева Дияна
МЕН КЫРГЫЗ ЖЕРИМДИН ГУЛДОП ОСУШУН КААЛАЙМ


Дуйнодо туркун элдер жашап келет.Ырас,алардын турмуш денгээлдери ар кандай онугуу тепкичинде турганы менен жалпы адамзатына таандык жашоо мыйзам чекеминде осуп онугуп келуудо.Бирок, анткени менен ар бир элде,улутту биринен-бири айырмалап,озгочолоп турган нерселер бар.Булар:тили, дини,дили,санлт- санаасы,урп- адаты жана кулк-мунозу.
Мына ошол не бир туркун элдердин арасынан кыргыз эли да озунун озгочолугу менен аттын кашкасындай айырмаланып миндеген жылдар бою оз маданияттын руханий байлыгынын эн мыкты касиеттерин сактап келе алды.
Ошентип 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши,Кыргыз Республикасынын коз карандысыздыгы кунундо Декларация кабыл алынгандан кийин,мамлекетибиз эгемендуулукко жетишип,кыргыз элинин кылымдардан бери энсеп жургон мудоосу ишке ашкан.
Бул кыргыз элинин баа жеткиз,жетишкендиги. “Улут болсом тилим менен улутмун”-деген накыл кепти мисалга келтиргим келди. Эн биринчиден тилибизди онуктурушубуз керек. Жана ошондой эле менин оюм боюнча онугунун негизги процесстери: кыргыз тилин кенири колдонуу, маданиятты, онор жайды,спорттуу гулдоттуу.
Албетте мунун баарын бир заматта онуктуруро албайбыз. Аракет кылсан-берекет дегендей ынтымактуу болуп,талыкпай эмгектенуунун натыйжасында иш жузундо ашыруу.
Кыргызстан башка олколор сыяктуу эле дуйного аты дунгурогон алдынкы мамалекеттердин бири болмок.Ооба мунун баары озубуздун колубузда,бирок атаандаштык, коро албастык,ынтымактын жоктугу болгон учун онукпой келген.
Кудайга шугур,кыргыз эли биригип бирге онугууго кадам таштады.Жакында эле Малайзияда болуп откон Ислам маданияты жана кол онорчулугу боюнча фестивальда кыргыз маданиятын, улуттук кийим-кечелери боз уйду коргозмого койгондугун гезиттен окугуанда аябай сыймыктандым. Ал эми спорт боюнча Кыргызстан менен Иордания беттешкенде, Кыргызстан женгенде дагы бир жолу дуйнолук аренада таанылганыбызды сездим.
Бул маалыматтын баарын жон айтып жургон жокмун. Анткени кыргыз эли гулдоп осот,дагы да алдыга жылат деп айткым келди.
Манас атанын урпактары: “Улуу кыргыз доолоту”-деп кыргыз эли бекеринен айтылып калган эмес.Ар туркун улуттун алдында озунун эмгеги менен корунуп баатырдык менен кеменгердилин далилдей алган, Манасты эл хандыкка которот.Демек, эл маарый тургандыгы башаламандыктан кутула тургандагы айтылат. Ошону менен бирге эле “Манаста” эл башчысынын гана эмес анын кенешчилеринин чоролорунун да кандай болуш керектиги жонундо улгулуу идея берилген. Бугунку эгемендуу жаш, эл башында турган жогорку бийликтегилер улгусу аркылуу бабаларыбыздын накыл создорунун уюткусу аркылуу оноло тургандыгына ишенебиз.
Ар бир кыргыз,кыргызстандын онугуусуно салымын кошууга милдеттуу. Ошондо гана татыктуу онуккон мамлекет боло алабыз.Ал учун ар бир жаш муундар,мына биз келечекте терен коз караш менен кадам таштоого тийишпиз.
Казакбаева Дияна 2002 жылы 12 январь
Чуй обл,Кемин району
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Молдобекова Барчын
Каратал Табалдинов атындагы Кара-Жыгач орто мектебинин
10-а классынын окуучусу Молдобекова Барчындын
жазган дилбаяны.


«Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм»
Кыргыз жери-ажайып кооз,арча жыттуу,комуз ундуу,суусу тунук,абасы таза, кереметтуу олко.
Кыргызстанда жашаган элдер да аруузат, меймандос, кенпейил келишет.
Мына ушундай эн сонун олкодо торолгонумо, кыргыз элимден таалим-тарбия алганыма, оз оюмду каалашымча айтканга укугум барына сыймыктанам.
Оюмду билдиргенге, суйлогонго, жазганга, сабаттуу болуума мумкунчулук берген эне тилибиз. Кыргыз тилибиздин ар бир созу кулакка музыкадай жагымдуу, балдай ширин угулат.
Байыркы элдер Вавилондун мыйзамына баш ийип жашагандай эле, кыргыз эли Манас атабыздын жети осуятынын негизи менен жашайбыз. Осуят аркылуу таалим-тарбия алабыз.
Ата-бабаларыбыз душмандардан коргоп жатып алып калган алакандай мекенибизде татыктуу жашап, табиятын сактап, кийинки муунга мурас катары откоруп беришибиз керек.
Бизге да ата-бабаларыбыз мураска коптогон жакшы нерселерди калтырып кетишкен.
Мисалы: Кыргызстанды, эне тилибизди, «Манас» эпосун, боз уйубузду, улуттук оюндарды, комузду, калпакты, макал-лакаптарды жана башка коптогон нерселерди. Булар Кыргызстандын
«Жети бермети» болуп саналат.Ошондой эле Кырыгзстандын «Жети берметине» чалкыган Ысык-Колубуз, асман тиреген аска-зоолорубуз кирет.
Ысык-Кол жерибизге кооздук гана бербестен, касиет да тартуулайт. Ал эми ак монгулуу тоолорубуздан элибиз суу алышат.
Боз уй-кыргыз элинин кылым карыткан уйу. Боз уйдун ичинде ар дайым комуз болгон жана аны ар бир кыргыз черте билген.
Ак калпагыбызды аталарыбыз, байкелерибиз башынан тушурушпой кийип келишет.
«Ат адамдан канаты» демекчи мааракелерде улуттук оюндарыбыз болгон, «Кок бору», «Кыз куумай», «Ат чабыш», «Ордо» жана башка оюндар ойнолбой койбойт.
Элибиздин жакшы сапаттарынын бири ар дайым «Ак бата» беруусу. «Бата менен эл когорот,жамгыр менен жер когорот»демекчи ,батаны кобунчо узак жолго чыгып жатканда беришет.Анткени биздин кобунчо эже-агаларыбыз чет олколордо.Чет жакта алардын кээ бирлери иштеп,тажрыйба топтоп журушсо,кээ бирлери окуп, билим алышууда. «Туулган жердин топурагы алтын» дегендей ,алар оз олкосун сагынып жатышса керек.Албетте, алар мекенине эртеби-кечпи кайтысуу керек.
Кыргыз жерибиздин гулдоп-осушуно алар чет жактан уйронуп келген тажрыйбалары он таасирин тийгизет деп ойлойм.Бир чети озулорунун тапкан –ташыганы менен уй-булосун багып жатышса,экинчиден мекенибизге алардын валютасы тушо берет.
Кыргызтанда адилеттуулук жомокто кездешуучу сапат болуп калды.Анын себеби жогорку жактагы башкаруучулардын жакшы иштебей жаткандыгы. Жок дегенде алар кунуно,бары биригип туруп,бир койгойду чечишсе,бул алардын мекенине кошкон салымы деп эсептейм.Жана да башкаруучулар озулорун эле ойлой бербей,бир соз менен айтканда кыргыз эли учун кам корсо,эл учун иштешсе,мамлекетебиздин казынасы азыраак чыгымга учурамак.
Кыргызстан келечекте жана жакын аралыкта гулдоп-оскон мамлекет болуп калат.Эгерде адилеттик окум сурсо,ар бир жаран мекени учун куйсо,келечек муундар жакшы тарбия.терен билим алса,жана ар бир жаран онугууну озунон баштаса!
Баяндоомдун аягында жаш да болсом, журогумдон булак суусундай болуп,оргуп чыккан озумдун ,кыргыз элимдин,жеримдин кантип
онуп-осушун жетишээрлик баяндап жазып бере алдым деп ойлойм.Менин бул жазган оюм кагаз бетинде жазуу турундо калбастан,иш жузуно ашаарына эч кумон санабайм.
«Кылым карыткан кыргыз элим,дагы да кылымдарды каарытып жашай берсин!».
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Эшимбекова Албина
Мен кыргыз жеримдин гулдѳп-ѳсушун каалайм.
«Туулган жер, алтын бешик»- дегендей, ар бирибиздин суктангындай айылыбыз, татыктуу Ата-Журтубуз бар! Кыргызстан менин ѳлкѳм. Ал кѳк мелжиреген улуу тоолордун, шаншыгын буркутѳрдун, мѳлтур булактардын, гулгѳ оронгон тоо беттердин, туркун жаныбарлардын ѳкѳсу. Мекендин чѳн байлыгы-суу! Таза, тунук суусу менен кѳз талдырган, дуйнѳ жузунѳ аттын кашкасындай таанымал Ысык-Кѳлубуз бар. Албетте мен Кыргызстандын гулдѳп-ѳсушун каалайм. Биз Кыргызстан качан ѳнугѳт? деп эле отура бербестен, кѳп-кѳп эмгектенишибиз керек. Ар бир жаш ѳспурум мектептен билим алууга укукту. Биз мектепте жакшы окуп, чонойгондо чѳн окуу жайга тапшырып, бир кесиптин ээси болууга умтулабыз. Ошондой эле жаратылышсыз ѳлкѳ ѳнукпѳйт. Кунѳстуу Кыргызстандын жаратылышы кооз жана жарашыктуу. «Табият менен таттуу мамиледе бололу»-деп улуу Манас атабыз айткандай биздин да ойлоно турган мезгил келди. Бак-дарактар жапжашыл занкайган шагы менен адамды суктандырып, аба тазалоого жардам берет. Алар канчалык кѳп болсо, аба ошончолук таза болуп, адам женил, жакшы дем алат. Ѳлкѳдѳ таштандылардын саны кѳбѳйуудѳ. Эгер биз таштандыларды таштанды челегине салып тазалап турсак. Кѳп-кѳп завод фабрикаларды курсак. Анан кантип эле кыргыз жерим гулдѳп-ѳспѳсун? Мына быйыл мен 8-класстын окуучусумун. Менин милдеттеримдин бири, мекткптен жакшы окуп, кѳп изденуу жана жеримдин байлыгын ѳздѳштуруу. Тѳмѳндѳгу дил баяндан аз да болсо ѳз салымымды кошом деген умуттѳмун. Ѳзумдун досторума айтаарым: бейиштин тѳрундѳй болгон куттуу жерибиздин байлыктарын сактайлы, жашылдандырайлы жана албетте ѳнуктурѳлу демекчимин! Арчалуу жашыл уулу тѳрду, Кѳздѳй тунук Ысык-Кѳлду. Сактап калсак ыйык тутуп, Болбойт беле ѳтѳ жандуу.


Аябадык арча-талды, Аябадык жандыктарды. Булгадык го мѳл булакты, Сууга таштап калдыктарды.
Эшимбекова Албина
туулган жылы 2001 Чуй облусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кылымбек Токтосун уулу
"Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм".


Алтын жерден чыгат,
Баатыр элден чыгат-дегендей мен дагы кыргыз жеримдин онугуп осушуно колумдан келген жардамымды материялдык жактан болбосо дагы маралдык жактан берууго аракетими жумшайм.
Улуу куштун уясы тоо боорунда,
Деген нуска конулумду которот,
Асабанды котор кыргыз ойдого,
Тоо буркуту сен эмеспи коколоп
Дегендей эле кыргыз жерибиздин асабасын которуп алдыга умтулушубуз абзел.Мен чонойгондо учкуч болуп иштегим келет.Бул менин 7 жашыман берки тилегим. Эгер менин тилегим орундалса Кыргызстанга коптогон мектептерди бала бакчаларды, медреселерди, лагерлерди, ооруканаларды курмакмын. Кыргызыстан туулган жерим,
Бир жашаган боор этим,
Жаш кезимди откозгон,
Бактылуу бир элим.
Дегендей эле оз туулган жерим Кыргызстанымдын гулдоп осушун мага окшого жаштар бир тармактуу эмес мин тармактуу болушса пайдасы тиет.Ошентип мен Кыргызстанымдын гулдоп-онугуп оорчушун каалайм.
Кылымбек Токтосун уулу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жумашова Ырысгүл
Кыргызстанымдын гүлдөп өсүшүн каалайм!
Кыргызстан- кооз берекеси төгүлгөн мекен. Ал менин киндик кан тамган жерим. Ала-Тоосу асман тиреген, чайкалган Ысык-Көлү, мелмилдеп аккан суусу, ичсең суусунуңду кандырган булагы, буттарыңа тийген назик чөп деги койчу баардык кооз жерлер Кыргызстанда. Алтын, көмүр-кара алтын, пахта-ак алтын, күмүш, чопо, туз, гранит, мрамор, сурьма, кремний карачы канчалаган көп кен байлыктар. Ал эми башка өлкөлөр өнүгүүсү менен белгилүү. Мисалы:Дубай абдан бай, өнүккөн өлкө. Бирок жаратылышы эч көрксүз чөл. Кыргызстаныбыз болсо жаратылышы абдан кооз, кен байлыктары туруп жакшы өнүгө албай жатабыз.Кыргызстандыктардын көбү дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөргө иштеп, акча тапканга кетишкен. ”Туулган жердин топурагы алтын” эмеспи, мен өз жеримде калып, аны өнүккөн мамлекеттердин арасына кошом деген максатым бар. Албетте бул оңой эмес.”Ырыс алды ынтымак,”- дегендей элибиз “Бир жеңден кол, бир жакадан баш” чыгарып ынтымактуу эл болуусу керек. Эгерде мен, мамлекеттик жогорку кызматта болуп калсам сөзсүз түрдө коррупцияны жоймокмун. Эмнеге борборубузда заңгыраган үйлөр салынып жатып, балдар окуган мектептер жаңыланбай, эски мектептерде билим алган окуучулар көп болуп жатат? Бул коррупция. Байлар, өкмөттөгүлөр өздөрү үчүн, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн үйлөрдү салып жатышат. Окуучулар үчүн мектепти салууга кызыкпайт. Менин оюмча Кыргызстан ич ара эки революциядан өтпөсө, азыркыга караганда өнүккөн өлкө болмок. Анан дагы, кен байлыктарыбызды, жаратылышыбызды туура колдонсок дагы өнүккөнгө салым кошулмак. Мисалга алсам: Ысык-Көлдүн жээктерине отел, пансионат куруп туристтер келип турат эле. Бирок, байлар отел, пансионат куруп алардан чыккан кирешени өзүлөрүнө алып жатышат.Эгерде анын жарымын болсо да кирешесин мамлекетке төлөп, мектеп, бала бакча куруп беришсе жакшы болмок. Кыргызстандын балдарынын көбү окубай, акча таап, иштеп жүрүшөт. Мектепте класстар жетпей тар, бир класста 40 тан бала окуйт. Анан кантип билимдүү жаштар чыгат деп ойлойм. Мамлекет тарабынан билим берүү тармагына көбүрөөк көңүл бурулса, билимдүү-илимдүү жаштар көп болуп, өзүбүздүн кен байлыктарыбызды өзүбүз иштетсек, өлкөнүн экономикасы өнүкмөк. Кен байлыктардан түшкөн кирешени туура пайдаланса, көптөгөн мектеп, бала бакчалар, завод-фабрикалар курулуп, жумушу жок элдер жумуш менен камсыз болмок.Чет элдик туристтер келип эс ала турган жайлар курулса, андан түшкөн каражат мамлекеттин өнүгүшунө жумшалса абдан жакшы болмок. Мына ошентип, менин эң сүйүктүү өлкөм Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет деген чоң ишенимим бар!
Жумашова Ырысгүл
4-а класс Токмок
“Себат” кыздар лицейи
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Бактыбек кызы Марал
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Кыргызстан- менин, мага окшогон миллиондогон курбуларымдын улуу мекени, сыйынар Мисири, Каабасы, ыйык кут-очогу, Ата- Журту. Улуу акын А. Осмонов ата-журту, көгүлтүр Ысык-Көлү
туурасында не деген сонун ырларды жазганына суктанабыз.


“Бүт жүгүңдү өз мойнума алайын, сен, ооруба, мен ооруйун , Ата-Журт” деген бийик пафостуу бул ырды бүгүн мектепте окуп жатышкан арбир кыргыз окуучусу сыймыктануу менен көрктүү айтып бере алышат. Ошентип, мекеним - Кыргызстан , бир тууган кыргыз элим 21- кылымда дүйнөнүн башка элдериндей өнүгүүнүн демократиялык коомунда жашап, алгалап бара жаткан кези. Эгемендик алган элибиз 25 жылдан бери өз киндигин өзү кесип, өзүнчө эркин, көз каранды эмес мамлекет катары жашоосун
улантып келе жатат. Жаңы заман делген рынок экономикасынын
катаал шарттары, талаптары кыргыз эли үчүн чоочун сезилип, жашоо тиричиликте кыйла кыйынчылыктарды башынан кечиришти. Экономикалык жактан өнүгүү темпи бир кылка болбой, элдин социалдык абалы оорлоду.
Алдыда кыргыз элинин келечектеги өнүгүүсүнүн горизонттору көрүнүп турат деген ишенимдемин. Өлкөбүздүн өнүгүшүндөгү дагы бир орчундуу тармак бул жеткилаң билим алуу болуп саналат.
Биздин жаштар бүгүнкү күндө республиканын 52 жогорку окуу жайларында гана эмес , дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окуп жатышат. Дүйнөдөгү эң мыкты делинген ЖОЖдордун көпчүлүгү
АКШда экен, ал эми Америкада биздин миңдеген бар экени белгилүү. Бизди кызыктырган табышмактуу өлкө Малайзияда деле кыргыз студенттери бар деген ойдомун.
Кандай болгон күндө да билим алуу биз үчүн өтө маанилүү маселе.
М, улуу эпос “Манаста” Алмамбет баатыр билимдүү болгондугу менен өзгөчө айрымаланып турат. Илгери улуу акын Токтогул Сатылганов окубай калганына өкүнүп, мындай деп ырдаптыр:

Мектепке атам берген жок,


Мааниге тилим келген жок.
Бүгүнкү учурда билим алууга кенен жол ачылган. Ошондой болсо да өлкөбүздө мектепте окубай калган балдар жөнүндө маалыматтар биздин кабыргабызды кайыштырат. Кыргыз элинин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу көп жагынан ички. тышкы экономикалык мамилелерге жараша болоору белгилүү. Өлкөбүз негизинен экспортко көңүл буруусу керек деген ойдомун, импортту азайтып, өзүбүз өзүбүздү камсыздай турган ар түрдүү продукцияларды өндүрүүгө өлкөбүз артыкчылык берсе болот эле.
Бул жагынан бизде ыңгайлуу шарттар бар. М: буудай. кант кызылчасы, эт-сүттү, тамекини, пахтаны, жемиштерди ж. б. азык-түлүктөрдү чет өлкөлөрдөн сатып алууну азайтсак казынадагы таңкыстык азаймак беле деген ойдомун.
Быйылкы 2015- жыл—“Улуттук экономиканы өнүктүрүп, чыңдоо жылы” делип жарыяланган. Экономика эмгек өндүрүмдүүлүгүнө байланыштуу, ал эми эмгектенүү деген процесс жумуш орундарынын пайда болуусу менен жаралат. Тилекке каршы, өлкөдө иши жоктор арбын, ошондон улам жумуш издеп чет өлкөлөргө иштөөгө кеткендердин саны көбөйүп бара жатат.
Үй-бүлөлөрдүн бузулушу, кыз-келиндердин кордук, зордук көрүшү өңдүү терс көрүнүштөр бозгун болгондуктун кесепети.
Мына ушундай көрүнүштөрдүн бардыгы экономикабыздын начардыгынан болуп жатат деген жыйынтык чыгарууга болот.
Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн бизге эң башкы үч багыт керек экендигин агайыбыз дайыма айтып келет.
---- Бизге акыл-эси тунук, таза генофонддуу улут-кыргыз эли анын ,ден-соолугу керек.
.
------Экинчиден, тил өнөрү керек, ал үчүн өзгөчө эне тилибизди мыкты билүүбүз зарыл иш. Ошону менен сөзсүз түрдө бир чет тилин үйрөнүү турмуштук зарылдык деп эсептеймин.
Улуттук тилибиз бүгүнкү күндө кыргыз элине кызмат кылган мамлекеттик тил деген укугу бар тил катары иштеп жатат. Ошону менен бирге тилибиздин мамлекеттик тил милдетие аткарууда көптөгөн мүчүлүш иштердин орун алып жаткандыгын жашырууга болбойт.
-------Үчүнчүдөн, бизге рухий маданият, улуттук менталитетибиздин кайталангыс үлгүлөрү керек, анткени улуттун миң жылдап топтогон өзгөчө касиети, салт- санаасы биздин келечегибизге компас сыяктуу ачык,. дангыр жол көрсөткөн багытыбыз болуп кала берет. Демек, өзүбүздүн тарыхфбызды, улуттук каада-салтыбызды кастарлап,өнүктүрсөк , өткөн доордун жаңырыгын эстеп, жакшы билсек, 7 атабызды атап, тааный жүрсөк, аларды улам кийинки муунга калтырсак, үйрөтсөк биз алгалап, өркүндөп
өнүгөбүз.
Дил баяндын соңунда окуучулар арасында ушундай дил баян мелдешин уюштуруп, чыгармачылык ишибизге, ой жүгүртүүбүзгө жол ачып, мүмкүнчүлүк түзүп берген Малайзиядагы
кыргыздын элчиси, талантуу журналист, коомдук ишмер Кылычбек Султанов агайыбызга ыраазычылык билдирип кетүүнү туура көрүп турам.
Арыбаңыз, Кылычбек агай, сизге ийгилик каалаган карындашыңыз Марал.
Москва району, К. Сыйданов орто мектебинин 9- классынын окуучусу---- Бактыбек кызы Марал. Беловодское шаарчасы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нурбек кызы Янтарь
«Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалайм»

Мен кыргыз кызымын. Түптүү, байыркы элдин кызымын. Манас атабыздан бери келе жаткан кыргыздын улуу салт-санаасын, каадасын, улуттук менталитетин улап, үйрөнүп, эне тилин аздектеп, сүйүп, өнүктүрүп, таза сүйлөп, сабаттуу жазып, улутумдун нарк-насыятын улантууга бел байлап, аруу тилек ой -максат койгон кыргыздын элеттик бир кызымын! Ошондон улам,албетте, мен өз өлкөсүн чын дилинен сүйгөн, сыйлаган кызы, келечектеги патриот атуулу катары элимдин, жеримдин гүлдөп, өнүккөн, өскөн өлкө болушун каалайм жана ага болгон бүт күч-аракеттеримди жумшап, өзүмдүн аз да болсо салымымды кошкум келет. Бул үчүн азыр мага эн оболу эмне керек? Бүгүн мен мектепте окуп жатам, ошондуктан азыр мага эң зарыл нерсе жеткиликтүү билим алуу болуп саналат. Мектепте эң жакшы окуп ,анан келечекте өзүм каалаган, тандаган бир кесиптин ээси болуш менин жакынкы максаттарымдын бири. Ушуга байланыштуу мен көп тилди үйрөнүүнү каалайм, анткени биздин учкул дүйнөлөшүп кеткен коомдо тил маселеси орчундуу ролду ойноп, маанилүү маселелерди чечүүдө өтө керек болуп жатат. Илгери пролетариаттын улуу жол башчысы В.И.Ленин «Сен канча тил билсең, ошончо кишисиң»-, деп айткан экен. Бул сөздүн актуалдуулугу эч качан жоголбойт деген ойдомун. Ошондуктан мен мектептеги бардык предметтерди жакшы окууга аракет кылам. Экинчиден ,.,«Коомдо жашап туруп, коомдон четте калууга болбойт» -деп айткандай биз мектеп окуучулары, дүйнөдө, анын ичинде өзүбүздүн Кыргызстанда эмне болуп жатканы менен да кабардар болуп турабыз. Элибиз кандай жашап жатат? Экономикалык, социалдык, маданий жактан өнүгүүбуз кандай абалда? Кыргыз элинин ата-бабалардан бери келе жаткан салт-санаасын, үрп адатынын сакталышы канчалык? Кыргыз жергесиниин байлыгы, кооз жаратылышы кимдерге, кантип кызмат кылышууда? дегендей суроолор бизди ойлонтпой койбойт.
Туура. Кыргыз эли эгемендүүлүк алган 25 жылдан бери көп өзгөрүүлөр болду. Кыргызстанды дүйнөнүн көп өлкөсү мамлекет катары тааныды, керек болсо, Нью-Йоркто, БУУнун имаратында кызыл туубуз желбиреп, 194 өлкөнүн катарында турабыз. Мунун баары биздин азганактай болгон элибиздин жетишкендиги, бак-таалайы менен тарыхтын канчалык татаал өнүгүү жолундагы тагдыры, бешенесине жазган насиби, көрөөр күнү. Муну эч ким талаша албайт, анткени мындай ийгиликти биздин элге элибиздин 3миң жылдагы күрөшү, эңсөөсү алып келген деп түшүнөлү. Ошол болду, бирок көнүлдү бир аз кирдеткен көйгөйлөрдүн арбын экенин унута албайбыз, айтпай да кое албайбыз. Андыктан ачык- айкын, ак сүйлөгөн сөз керек бизге, биздин элибиз менен коомубузга. Сөз кезеги элибиздин социалдык –экономикалык абалы жөнүндө болсун, Союз кезиндеги мамлекеттик менчик талкаланды. Бардык өндүрүш, завод-фабрика, айыл чарбасы, жер-суу, кен -байлыктар, төрт-түлүк мал таратылды, жеке менчикке өттү. Калктын калың катмары экиге, үчкө бөлүнүп калды. Атка минээрлер, акчасы барлар, алдуу-күчтүүлөр өлкөнүн 70% байлыгын бөлүп, талап-тоноп алышты. Жарды, кедей, кембагал жашагандар элдин 75%ин түзүп калышты. өндүрүш иштебеди. Айыл-чарбасы толук кандуу иштебей, жерлер айдалбай отоо чөптөр басты. Натыйжада элеттин эли ишсиз калып, алыскы Россияга ж.б өлкөлөргө жумуш издеп кетишти. Мындай көрүнүш,айрыкча, Түштүк аймагыбызда өтө көбөйдү. Айылда чал-кемпирлер калышты. Бул ачуу фактылар азыр да өз күчүндө. Бүгүнкү күндө 1 миллионго чукул кыргыздар мигрант. . Мындай чындыкты биз жашырып-жаап кое албайбыз. Келечекте кыргыз элинин жашоосу оңолсун десек ушуларды жоюунун үстүнөн иштөөнү колго алуубуз керек деген ойдомун. Бул сөздөрдү мен чын дилимден жазып жатамын, бул сөздөр курулай декларативдик мааниде эместигине ишениңиз, замандашым, улуу муун өкүлү. Кыргыз жергеси кооз, көздүн жоосун алган Арсланбап, Соң-Кол, Ысык-Көл ж.б ыйык жерлерибизди Мисирибиз, биздин Каабабыз деп эсептээр элем. Ошол байлыгы мол кыргыз жери эл үчүн кызмат кылса деген тилек уялайт көнүлдө. Мисалы «Кум-төр» алтын кени качан талаштан башы арылып кыргызга кызмат өтөөр болду экен? Буга окшогон Жер-Үй алтын кени да турат ичине сырын катып, кыргызга пайдасын тийгизбей…
Мисалдар толтура. Дагы бир айтуучу маанилүү маселе бул тилге байланыштуу. Кыргыз тили мамлекеттик тил деген статус-макам алгандан бери 30 жыл өттү. Өз тилин мыкты билүү ар бир кыргыздын милдети экендиги баш мыйзамда да белгиленген. Эне тилибиз жөнүндө нечендеген сонун ырлар жазылганы белгилүү. Мисалы ,биздин агайыбыз КРнын Журналистер Союзунун мүчөсү, окуу-методикалык китептердин автору Турдукожоев Сабырдын төмөнкү ырлары биз үчүн маанилүү.


Эне тилим-улут символу.
Билем десең сөздүн берметин ,
Эне тилдин күчүн,келбетин.
«Каныбекти»окуп таанышкын
Сен ошондо сыйлуу төрдөсүң
Улам бийик өрдү өрдөсүн
Сагынбайдын улуу дастаны
Санаркаткан күндү көрбөсүн…?


Кыргыз тили бечел тил эмес,
Тартуулаган акын Барпыны
Женижоктун «Аккан суусунан»
Келет кептин күмүш жаркыны
Токтогулду окуп,көнүл бур
Бүт катылган сөздүн алтыны
Сатиранын пири-Райхан
Мидин болсо кыргыз-Шедрин
Сыйлоо тапкан, тандап жалпыны.

Сүйөм десең эне тилиңди,
Билем десең эне тилиңди,
Окуп чыкчы «Сынган кылычты»,
Анан айтам сага, окуучум.
Агарсын деп тапсан, дилиңди,
Айтматовдун оку китебин.
Аралаган Батыш, Чыгышты.


Кадырласан эне тилиңди
Кастарласан эне тилиңди,
Узакбайдын «Майдан»китебин
Окуп койчу,бөлүп дилиңди.
«Келкел» деген укмуш роман
Титиретет тамыр жүлүндү
Ошол тарых, ошол мезгилден
Оомат келип, элим тирилди.


Бирок дагы толо кемчилик
Иш кагазда иштей албай көпчүлүк
Расмий тил аста сүрүп тилимди
Киргиз арбын сүйлөй турган энтигип
Серепчилер айтып келет коркута
50 жылда тилди алабыз «өлтүрүп»


Жазуу иши түшпөй нукка,калыпка,
Тилибизди коргош керек намыска.
Карасаев жетпей турат кыргызга
Көз жүгүртүп көнүл бурган алыска
Эне тилдин мыйзамдарын сыйлайлы
Бүт ааламдык тилдер деген жарышта.


Сөз түркүмдүн 12син билгениң,
Жөндөмөлөр 6 экенин билгениң
Жак мүчөнү,чак мүчөнү,ынгайды,
Макалдатып сүйлоп турсаң такылдап
Мына ошол сенин тилди сүйгөнүң.


Курбуларым, окуйлу биз Манасты
Манас атам азаттыкты талашты
Манас тили сактап келген кыргызды
Кыргыз тили дал Манасты жаратты
Бүт кыргызга эне тили, калпагы
Ак элечек,Ала-Тоосу жарашты.


Кыргызыңдын тилин сыйласан,
Сагынбайдын оку «Манасын»
Беш жүз миңдей сапты камтыган,
Саякбайдын үйрөн «Манасын»
Урук,улут, жер-суу аттарын,
Талаа,тоолор, ашуу,белдердин
Аталышын окуп табасын
Кыргызча сөз уюп дилиңде
Кыргыз болуп күйүп жанасың.


Сен барда кыргызым бар,эне тилим,
Ала-Тоо ак калпагың,эгемениң.
Боз үйүң,комуз күүсү,чоор үнү,
Жаңырат үмүт коштоп келечегиң
Тил улуу,адамзатка ыйгарылган
Тилин сүй Токтогулдун, Жээренченин
Улутумдун белгиси эне тилим,
Урматы сен атамдын,энекемдин
Силер кыргыз,мен кыргыз ошон үчүн
Тартуулаган тил деген кереметин...


Кыргызстан келечекте өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болооруна ишеним чон, анткени өлкөбүз азыр Евразия шериктештигине мүчө болуп кошулду.Россия, Кытай жана башка өлкөлөр менен экономикалык байланышын чындоодо,анын ичинде биз үчүн табышмактуу, экзотикалык өлкө болгон Малайзия да бар экендигин билебиз.Малай эли Кытай,Корей, Япон элдериндей эмгекчил эл экендигин бүт дүйнөгө көргөзүп, кыска аралыкта «Азиянын жолборстору» деген аталышка ээ болушкан. Малайзиянын башчысы Махаткир Мохаммад өлкөсүн алдыга алып чыккан. .Кыргыз элинин келечеги ынтымактуу биримдикте «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган» ички ынтымак-ыркты бекем туткан жолунда экендигин эстен чыгарууга болбойт.Акылман Бакай айткан:»Бөлүнбө, кыргыз,бөлүнбө»деген сөзү бүгүн бөтөнчө маанилүү. Элибиздин алдыга койгон тарыхый жолу узак жана байсалдуу болсун!Дүйнөнүн башка элдериндей болуп кыргыз эли кылымдарды карытып алгалай берүүсүнө тилектешмин.
Нурбек кызы Янтарь. Москва району, Беловодское айылы. К. Сыйданов орто мектебинин 9- классынын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жунусова Мээрим
Мен, Жунусова Мээрим кыргыз элинин улан кыздарынын биримин.
Ар бир кыргыздын жараны катары эле кыргызстандын онугуп осушун каалайм . Бирок аны озубуздон башка эч ким онуктуруп гулдотпорун бардыгы эле билбейт . Менин оюмча кыргыз жерибиздин онугуусуно гулдосуно ар бир адамдын салымы керек , айрыкча жаштардыкы . Мен , биздин олкону таптакыр онукон эмес дей албайм, анткени жаштардын ойлорун колдоп жургон организациялар бар аларга таазим кылат элем. Ошондуктан азыр , кыргызстан онугуунун биринчи тепкичин басты деп сыймыктана айта алам , жана акыркысы эмес деп дагы. Бара бара биз коптогон тепкичтерди басып отобуз. Биз кыргыз элинин улан кыздары жаштары олкобуздун эртенки келечегин ойлойбуз , жана ар тараптуу салым кошуп онуктуруп аларыбызга ишенем.Озум жонундо кыскача айта кетсем. Мурда мен озумду кыргызстанга керектуу адам катары эсептечу эмесмин , мен кыргызстандын онугусууно кайдыгер карачумун , менин оюм батырак чоноюп акча тааап уй буломо жардам беру болчу , анткени мени бай адамдардын бардыгын чечери , мыйзамдын иштебегени ушунчалык журогумду оорутчу , кичинекей бала болуп туруп эле чон койгойлорду ойлой берчумун . Бирок менин жашоом замат озгорду , мен оз хоббим боюнча ыктыярчы болдум маевка жаштар онуктуруу борборунда. Ал жактан ар кандай тренингдерге катышып , оз ой идеяларымды ишке ашыра баштадым . Жаштар кунундо жаштар министрлигине конок болуп бардык коптогон достор танышуулар болду , ал жерде биз олкобуздун 5 жылдык планын талкуладык , ал кун унутулбас го дейм . Ушундай окуялар коз карашымды озгортуу , мен озумду керектуу адам катары сезип , коптон бери кыялданып келаткан кесибимди мыкты окуу учун максат койдум , жана келечекте озумду кыргызстанга салым кошкон адамдардын катарында кором . Кудай буйруса жаштар организациясын андан ары да алып кетем , менден кийинки жаштардын коз карашын озгортуп дем куч берип турам , миллион адамдын коз карашын озгорто албасам да, биронукун болсо да озгортсом кубанычыма чек жок болот эле. Бардык эле улуу инсандардын оздорунун цитаталары бар эмеспи, мен улуу болбосом да оз цитатамды сиздерге айта кетейин « День за днем не толька внешность меняется , но и характер и взгляды на жизнь» орусча ойлогонумдуктан кыргызча которо албайм койдум. Кыргызстан озгочо олко кайда барбагын оз олконо тен келалчу олко жок. Озгочо табигат суулар тоолор , айта берсен тугонгус жомок . Менин кыргызстан жонундо жазган ой пикиримди окугандарыныз учун чон ыраазычылык билдирем , башынан аягына чейин окуганыныздар дагы учун. Мен жунусова Мээрим 15 жаштамын маевка айылынын тургуну
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жакыпова Жылдыз
Эн биринчиден мен Кыргызстанда торолуп,кыргыз болгонума сыймыктанам. Биздин Кыргызстанда аба таза,жаратылышыбыз кооз,суубуз тунук жана даамдуу,чоптору ден–соолукка пайдалуу.Чет олколуктордун баары менин Кыргызстаныма суктанышат. Биздин эн башкы байлыгыбыз: Ысык–Колубуз, Сон–Колубуз ж.б.Туристтер бир жолу корушсо,жылда келебиз деп кетишет.Нефть, алтын жагынан да биз байбыз.Бирок биз байлыктарыбызды барктай албай,ата–энелерибиздин айткандарына караганда,депутаттарыбыз сатып ийишкен экен.Коп процентин чет олколуктор алат экен.Ушул байлыктарыбызды туура пайдалансак, бюджетке коп акча тушсо,биздин куруучулар чон–чон завод–фабрикаларды курушса,байкелерибиз, эжелерибиз алыста иштебей,кор болбой оз олкобуздо иштешмек.Бирок мен ишенем биздин олкобуз гулдойт,осот! Биздин Кыргызстан жонундо коп олколор билбечу.Азыр бизди бут дуйно тааныйт.Малайзиянын элчиси Кылычбек Султанов биздин олкону,биздин боз уйубузду,кыргыздын тамак–ашын таанытып жатат.Мен бул сынактан женишке жетпесем да жон гана Кыргызстаным жонундо дил баян жазып,катышып калганыма суйуном.Мен дагы чоноюп Кыргызстанымдын чыгаан атуулдарындай болуп олкобузго салымымды кошом деп умуттоном! Бизде мурда бар беле?Окуучуларды чет олкого жиберуу.Бул бизге чон мумкунчулукторду ачып берет.Башка элдер мн баарлашууну, алардын урп–адаттарын, салтын,динин, тамак–аштарын уйронобуз.Азыр эн башкысы окуу,окуу керек.Биз жаштар окуп,билим алып олкобузго коп жардам бере алабыз.Эн башкысы биз жаратылышыбызды коргошубуз керек,шаарыбызды, айылыбызды,кочобузду таза карашыбыз керек.Бизге насаат айткан чон ата,чон апаларыбызды сыйлап алсак.Азыр ата–энесин таштап,карабай кеткендер кобойуп кетишти.Наристелер ташталып жатат.Биз ыйманыбызды, динибизди ондосок биз Кыргызстандын гулдоп осушуно буйруса соссуз жардам беребиз!Эн биринчи озубузду тарбияласак, озубуз таза болсок.Мен кудайдан тилейт элем,биздин олкодо согуш болбосун,дайыма токчулук,барчылык жана ынтымак болсун!Ынтымак болсо баары болот!Ырыс–алды ынтымак деп бекеринен айтылбаса керек.Мен ишенем Кыргызстан гулдойт,осот, онугот,таанылат! !!Мен оз салымымды кошконго ар дайым даярмын жана бут элимди ушуга ундойм!
Жакыпова Жылдыз
Кара–Балта шаары
А.С.Макаренко атындагы №10гимназия мектеби 9«А»класс
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Adi Almazbekova
Менин торолуп осуп, билим алып жашап жаткам жерим-Кыргызстан . Албетте, мен бейиштей болгон жеримди суйуп урматтоого акылуумун. Жана бул ар бирибиздин милдетибиз болуп саналат. Мекенибизди суйуу демек, элибизди суйуу. Ошондуктан , биз келечектин ээлери, терен билим алып, оз эли- жерибиздин татыктуу уул- кызы болууга аракет кылышыбыз керек. Кыргызстан канткенде онугот ? Мына ушул суроону мен кун сайын озумо берип келем, жообун тапканга аракет кылып, келечегим жонундо ойлоном. Мен келечекте озум жакшы коргон пайдалуу кесиптин ээси болгум келет. Ар бир кесип ардактуу жана туйшуктуу, анын ысык- суугуна чыдасак гана биз аны андан ары оздоштуруп жана алган билимибиз аркылуу Кыргызстандын онугушуно салымыбызды кошо алабыз. Мамлекетибизде саналуу гана завод -фабрикалар бар. Алардын санын кобойтушубуз керек. Айылдарда таза, нукура азык тулуктор бар, кобунчо , эт, май, сут- дегендердин баарын биз айыл жергесинен алабыз. Ошондуктан, айылдарга ишканаларды куруп , ал аркылуу пайда тапсак болот деп ойлойм. Кыргыз жергеси коп улуттуу олко экени баарыбызга маалым. Андыктан элимде тынчтык болуусун каалайм. Биримдиктуу , ынтымактуу болсок гана мамлекетибизде осуу болот . Мен да оз олкомдун башка чет олколордой болуп онугуп, ар тарабынан дуркуроп осушун каалайм . Эгер биз чет жактарда барып жашап калсак ал жерде жашоо укмуштуудай сонун болсо да мекенибизге болгон кусалык журогубуздун бир жерине тураарына ишенем. Мен быйылкы уч айлык каникулумду Москва шаарында откордум. Ал жак мага абдан жакты , бирок Кыргызстанымды эстеген сайын козумо жаш тегеренип кетип жатты. Туулган жеримди ушунчалык сагынып кеттим . Ошон учун элим башка олколордон жумуш издеп, талаалабай бул жакта деле бутубузга турсак болот . Ал учун озубуз аракет кылышыбыз керек. Кол куушуруп отургандан пайда жок. Кыргыз элим эзелтеден келе жаткан байыркы эл, Манас атабыздын урпагы. Мен Кыргызстанда жашап жатканыма сыймыктанам. Анткени жергем абдан кооз жана таланттарга бай. Мен булардын баарын жазып отуруп "Биз оз олкобуздо гана бактылуу боло аларыбызды тушундум" . Дилбаянымды сонунда айтар созум бул: Элибизде , жерибизде тынчтык болсо кыйынчылыкта женип чыгарбыз, бугунку кыйналуу кундорду эртенки муундун окулдору, биз, мектеп окуучулары, буйруса женебиз деген изги тилекте жашап келетам.
Adi Almazbekova
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:33

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жумакадыр кызы Асел
“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп - өсүшүн каалайм”.


Дүйнөдө миңге жакын түркүн улут,түркүн эл жашайт экен.Бири борошо кары сапырылган бурганак аймакта жашайт.Учу кыйыры көрүнбөгөн түздүктөрдү Ата-Журтум деп аздектеген калктар да аз эмес.Салкын соккон дениз дайра бойлорунда эзелтен тор салып,балык кармап күн көргөндөру канча.
Ал эми көйкөлгөн көк ирим көлү бар,белден буралган бетеге чөбу бар,ак элечек шаңкайган аска тоолордун койнунда жашаган элчи? Ал бизбиз дээрсиң. Атам замандан бери шамалдай күлүк ат минип касташкан жоосун суруп кызыл кереге боз үйдө күпүлдөтө Манас айтып касиеттүү эне тилин кылым карытып биздин күндөргө жеткирген түптүү журттун урпактарыбыз. Бул да өзунчө улуу эрдик,улуу сыймык.Элибиз учурда эч кимге көз караандысыз мамлекет болуп саясий да,экономикалык да эркиндикке жетишти.1991-жылдан баштап ар жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз караандысыздык күнү белгиленип келүүдө.
Кыргыз жери көптөгөн элдердин көз жоосун алган жер.Акын жазуучуларыбыз ырларында дуйнөгө даназалап келишет.Жазуучу Байгазиев Самат кыргыз жеринин кооздугун төмөндөгү ыр саптар менен окурмандардын коз алдына келтирет.
Атактуу Сөнкөл,Нарыным,
Алдырбас бийик намысым.
Жердеген айкөл Манасым,
Таласым менин канатым.
Баткеним менин байлыгым,
Бактыга буткөн бар дүйнөм.
Ордолуу ошум опол тоом ,
Жалал-Абад жан дүйнөм,
Сыймыктанам сүйөмун.
Сары-Өзөн Чүйүм тирегим!
Ысык-Көл сенсин карегим,
Соолбос өмур мүрөгүм.
Түндүгүм менен түштүгүм,
Сен барда жарык күн түнүм.
Ала-Тоом ыйык түнөгүм,
Бишкегим соккон жүрөгүм.
Кыргыз эли пейили кенен,меймандос келген калк.Мына ушул калк башка улуттун элдери менен бир туугандай ынтымакта жашап келебиз.
Улуттар ортосундагы биримдик,ынтымак, бизде тээ байыртадан бери сакталып келе жатат. Ар кайсы хандыктардын элдерин башын бириктирип бул ынтымакты бизге Манас бабабыз мурастаган. Манас бабабыздын жолун жолдогон баатырларыбыз да аз эмес: Дайыр Асанов,Калыйнур Усөнбеков,Чолпонбай Түлөбердиев. Ошондой эле мырзалардан кем калбаган кыргыздын кыздары: Каныкей, Жаныл Мырза,
Курманжан Датка,Бубусара Бейшеналиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Роза Отунбаева кыргызды дүйнөгө тааныткан инсандар.˝Ар бир элдин тили-бүткүл адамзаттын мүлкү˝-деп улуу жазуучубуз
Чынгыз Айтматов көрөгөчтүк менен эң туура сөзду бизге жана урпактарыбызга калтырды.Ал өзүнүн жараткан берген улуу таланттын чыгармачылыгын кагаз бетине жана оозеки кепте да дүйнө кыдырып жүрүп элге таанытты,˝Кыргыз˝деген улутту ааламга жар салды,таанытты. Элибиздин каада- салтын,үрп - адатын,жерибиздин кооздугун кошо калтырды.
˝Туулган жердин топурагы алтын˝-деп бекеринен айтылбаса керек.Ар бирибизге туулуп өскөн жерибиз кымбат.Ошол мекенибиз гүлдөп - өсүшү үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошушубуз керек.


“Жакшы окуп жакшы жүрүшүм,
Элиме кошкон үлүшүм”- дегендей мен ойлой берчүмүн мекенге чоңойгондо гана салым кошо алам деп.Корсо,мекенге кошкон салымын: адептүү,ыймандуу, билимдуу, улууга урмат,кичүүгө ызаат кылуу ушунун өзу эле салым кошуу.Азыркы учурда көптөгөн жаштар кесипти туура тандабай кесиптин престиждүүлугүнө карап тандагандар да аз эмес.Өзулөру өздөштүрө албаган кесип тандап, окуу жайлардын биринде окуп бүтурүшөт,диплом алышат да окууну бүтүрүп алып өз кесиби менен иштебей башка жумушка иштеп,кээ бирлери чет өлкөгө кара жумуш иштегени кетип жатышат.Бул туура эмес кесип тандагандын кесепети.Жаштарга айтаарым кесипти туура тандай билгиле.Келечекте ошол кесип менен өз жанынарды баккыдай болгула,башка бирөөгө көз караанды болбой өз мекенинерге салым кошкудай болгула.Себеби көбунчө билими жогору жаштарыбыз өз билими менен башка мамлекетке барып алган маянасына кызыгып кызмат кылып жатышат.
Менин оюмча мекенибиздин өсүшүн - өнүшүн, гүлдөшүн кааласак чет мамлекетке кызмат кылбай,
Өз мекенибизге кызмат кылсак башка мамлекетке жумшаган билимибизди өз мекенибизге жумшасак дейм.


Чет мамлекетке барбагыла деген жерим жок,баргыла, иштегиле түшүнөм азыр ар бир адам өз жанын,үй- бүлөөсүн багыш үчүн кай жакка болбосун барып иштешет бирок ошол жакка кетирген билимибизди, күчүбүздү өз мекенибизге жумшасак албетте республикабыз
өнүгөт - өсөт.
Мен келечекте юрист болууну каалайм.Анан дагы алдыга койгон максаттарымдын бири Кыргызстанды Норвегия мамлекетиндей тең укуктуу болушун ,ар бир адамдын укугун коргогум келет.Өзгөчө кыздардын укугун.Себеби азыркы учурда көптөгөн зомбулуктун турлөрүн (психикалык, эмоцианалдык, физикалык,жыныстык жактан),көңүлгө сыйбаган нерселер,жашы жете элек кыздар эрте турмушка чыгышы(ала качуу),үй-бүлөөдө ата-энеси,бир туугандары тарабынан басмыртталышы, стреотиптер, коомдук жайларда,окуу жайларда,дин кызматкерлери тарабынан деги койчу баардык жерде кыздарга болгон зомбулук күчөп келе жатат.
Илгери ата-бабаларыбыз кыздарды ардакташып, аяшчу,төрдөгу оорундарга отургузуп келишкен.Аялзатынын түшүнүгүн,ой - пикирин жогору баалашкан. Ал эми азыр тескерисинче кыздарды аягандын оордуна болгон жумушту,болгон түйшүктү аялзаты тартып жатат.Кыздардын оюн уккандын оордуна аны четке кагып койгондор да аз эмес.Мисалга үй - бүлөөдө бир кыз,
бир бала болсо баласын окутат да,кыздарга˝сага окуунун,билимдин эмне кереги бар?
Кийин күйөөгө тиесиң,күйөөң багат,окутат, сен бизди бакмак белең! Биз балабызды окутабыз ал бизди багат,биз менен калат,эркек бала ар дайым биринчи оорунда турат˝деген көрүнүштөрдү көргөндө,укканда жүрөгүң туз куйгандай ачышат. Эмне учун кыздар үйдө отуруш керек? Кыздардын билим алууга укугу жокпу? деген суроолор туулат.Албетте бар. Бириккен Улуттар Уюмунун атайын түзүлгөн (АУЖД) Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясынын
26-беренесинде «Ар бир адам билим алууга жана мектепке барууга укуктуу» - деп белгиленген.
Эмне учун кыздар билим албай ата-энеси үйдө отур десе үйдө калып жатышат?
Бул маалыматтын жоктугунан, өз укугун билбегендиктен ушундай көрүнүштөр болуп жатат.
Мамлекет бизге укук тууралуу маалымат жеткирсе,ар бири өз укугун билсе укук бузган адамдарга атайын чараларды колдонуп өз жазасын берсе албетте биз үчүн чоң жетишкендик.
Баардыгыбыз мыйзамга баш ийсек конститутциябыз да кандай иш аракет жазалса баардыгы ишке ашышын кааламакчымын.
Ошондой эле чет жерде жүргөн кыргыз мигранттарына өз укугун билүүгө, коргоого ар бир адам ажыратылгыс укукка ээ экендигине ынандыргым келет.
Коомдук ишмер Исхак Раззаков
˝Сен таза болсон,мен таза болсом коом да таза болот˝-деп айткандай өлкөдө адилеттүүлүк орноп паракорлук жоюлат деп ойлойм.Өз кызматыма чынчылдык менен эмгек кылып мекенимдин гүлдөп - өсүшүнө салым кошо алам деген ойдомун.
Кыргыз Республикасында жашаган ар бир жаранына айтаарым мекенден ыйык нерсе жок!
Көптөн көтөргөн жүк жеңил болот дейт.Баарыбыз биригип республикабыздын келечеги жыргалчылыгы үчүн аракет кылуубуз керек.
Ошондой эле алдыга койгон максатыма жетиш биздин өлкөбүз Кыргызстан, Норвегия мамлекетиндей болуп баардыгы тең укуктуу болуш учун˝Аракет кылса берекет˝ дегендей,болгон билимимди,күчүмдү аракетимди жумшайм.Мекенди сүйүү,көздүн карегиндей сактоо жана мекенибизге ак кызмат кылсак мекенибиз гүлдөп - өскөн мамлекетке айланат. Мен келечекте өз кесибим менен мекенге аз да болсо өз салымымды кошкум келет.
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Өтөгөн айылынын Жапаркул Алыбаев атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Жумакадыр кызы Аселдин дил баяны
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Майсалбек кызы Жаныл
«Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм»


Менин мекеним Кыргызстан. Мен Кыргызстандын жараны болгонума сүйүнөм.Анткени айланаңды курчап турган тоолор,мөлтүрөгөн суулар жана намыскөй,даанышман элдер болгону кандай соонун.


Канчалаган башка өлкөнүн жарандары Кыргызстанга келип суктанып, таң калып,мактап кетишет.


Сен бай,өнүккөн өлкөгө барсаң да,өз мекениңди сагынып кайткың келет.


Анткени биздин мекенибиз ынтымактуу. Ата-бабабыздан калган салт-санаа,үрп- адаттарды урпактардан- урпактарга берип жатышат.Алтын мекенибиздин кучагына тез келгиң келе берет.


Мен өз мекенимдин гүлдөп өсүшүн каалайм,башка өлкөлөргө окшоп өнүгүшүн да бирок андан мурда намыскөй,акылман элимдин узак жашашын,ыймандуу болуусун жана эч убакта артка жылбашын бир гана алдыга умтула беришин каалайм.


Бирок адам баласы табигатты бузат тура,бактарды кыйып,жаныбарларды атып абаны,сууну булгап жаткандарын көргөндө аябай сыздайсың.Бирок эч жардам бере албайсың.Адам баласы бул жашоодо өзүнө жакшы болууну ойлоп эле жашайт тура.Ал үчүн эмнени гана кылбайт,эмнеге гана барбайт.Болгондо да ушундай кооз мекенибиздин жаратылышын эмнеге бузушат.Алардын деле жашагысы келет го деп ойлоп кала бересиң.


Эгер мекеним өнүгүп өрчүсө андан да соонун болот.Биздин мекенибизге турисстер көп келип башташат.Биздин өнүгүүгө шарттарыбыз бар.Бул кыргыздын улуттук кийимдери,жасалгалары өзгөчөлөнүп турат,Буга башка мамлекеттин жарандары кызыгуу менен карайт.


Кыргыз улуттук кийимдеринин символу ак калпак менен ак элечек.Аты айтып тургандай,аты да заты да ак улуттук көркөм дөөлөттөрдункөрөңгөсү. Кыргыз элинин өмүрү канча кылымга созулса кыргыз элинин калпагы менен ак элечегинин өмүрү да ошондой уламалуу санжыра.Ак калпакты,элечекти, улуттук буюмдарды кийимдерди жасоо ыкмасы өтө чеберчиликти талап кылат.˝Алтын оймок˝ чебер уста,андай өнөргө ээ болу жаштардын келечеги үчүн эң зарыл.Мына ушул кийимдерибиз эч бир нерсеге теңелгис байлык.Биз булл чеберчиликтерибиз менен өнүгө алабыз деген ойдомун.


Ошондой эле кыргыз элибиздин достугуна сыймыктанам. Өлкобүздө сексенден ашуун улуттун достукта жашашы.Жакынкы алыскы өлкөлөр менен карым катнашта жашоо жөнүндө.Достук үйлөрү,эл аралык фонддор жөнүндө билесиңер˝Эр достугу-эгиз, эл достугу- деңиз˝,˝Айрылган эл-азаар,кошулган эл-озоор˝.


Улуттун, адамдын стабилдүү бакубат жашоо тиричилигине бекем тирек болуп бере турган жогорку дөөлөт-бул достук.Достук, кызматташтык, шериктештик багытында кыргыздын элдик философиясы да бизге тура жандуу корсотуп турат.˝Ынтымак түбү-ийгилик, тирлик түбу-бирдик˝, ˝Бирдик болбой,тирдик болбойт˝,˝Эки эрдин достугу-бир белден ашырат˝дегендей кыргыз элинин достугу да ушундай бекем.Достукту бизден эч ким,эч качан тартып ала алалбайт

Эч ким бузуп ала албайт,
Бирдиктү элдин калаасын
Ар ким жумшап кул кылат,
Бирдиксиз элдин баласын.
Ынтымак- ¬мүр¬өк суусундай
Улуттарга ынтымак керек экен,
Уруштарда биримдик жөлөк экен
Элдин эрки болоттой курчуганда,
Эрдиктердин мезгили келет экен
Тамырлашып, ортобуз аралашпыз,
Тынчтык тилеп кудайдан санаалашпыз
Топурагын кастарлап асыл жердин,


Тоо этегин байырлап талашабыз.


Мен өз мекенимди эмнеге мынчалык сүйөм деген суроо келеби? Анткени менин көз карашым боюнча мекен мен жашаган үйдөн,көчөдон, мектебимден, шаарымдан айылымдан башталат. Мен өз күчүмдү ,мүмкүнчүлугүңдү элимдин жыргалчылыгы үчүн арнагым келет.Мен жасап жаткан иштер аз да болсо мекениме кошкон салымым деп ойлойм.Мен ˝үлуттук кыздар ˝ Федерациясына мүчө болдум. Сары-Челеке барып укук жана зомбулук боюнча маалыматтарды алып келдим. Мен азыр мектептеги сабактан тышкары, окуучуларга укук жөнундө маалыаттарды берип тренинг өтөм.Мен ойлодум. Эмнеге мен мекениме салымымды бир гана чоңойгондо кошушум керек. Азыр кошсом эмне болмок эле деп федерацияга мүчө болдум.


Менден башка дагы окуп келди биз мекенибизге салым кошуп жатабыз. Балдарга алардын укугун үйрөтөбүз аларды келечеке даярдайбыз.


Жана ошондой эле биздин жаратылышыбыз кандай кооз сөз менен жеткире албайсың. Кыш кетип жазында бак-дарактар бүрдөп карайган жерлер көгөрүп ажайып түргө келет. Үйлөрдүн тегерегинде бакча бадалдар бой керип, айлана-чөйрөдө эс алуу багында гүлдөр жайнап чыгат.Куштар сайрап кандай гана жаратылыш жагымдуу.


Биз өз мекенибиздин жараылышын коргошубуз керек. Адам баласы бала өстүрүп,тарбиялаган сыяктуу, бак тигип өстүрүү парз,ар бир адам өзү жашаган айлана-чөйрөнү жакшыртышы, жашылдандырышы керек. Элибизде˝жакшыдан бак калат˝,˝Эртен кыямат кайым болсо да,бүгүн бир түп бутак сайып кой˝,-деген насыяттар жашап жана ишке ашырылып келет.


Ар бир адам өзү жашаган айлана-чөйрөнү жакшыртуусу жашылдандыруусу керек. Мен өз айылыдымды, көчөмдү,короо- жайымды,үйүмдүн тегерегин кантип көрктөндүрө алам?-деген суроону чечсем, жашоодо кошкон чоң салымым болот. Ошондуктан табигатты көркүн ачып жашылдандырсак табигатка жагымдуу болот.Мен сүйүктүү мекениме арнап ыр жаздым:
Мекеним менин мекеним
Мекеним алтын бешигим,
Апакем бөлөп терметкен.
Мекеним асыл турагым,
Бөпөлөп мени өстүргөн.


Мекеним жайлоо сууларың,
Ташкындап агып толкуган.
Мекеним аска тоолоруң,
Ак калпак өңдүү таанылган.
Мекеним менин энекем,
Ак сүтүң берип өстүргөн.
Мекеним менин атакем,
Акылың айтып үндөгөн.
Мен бул чыгармамды менин сүйүктүү элиме арнайм.Алардын мекенге болгон сүйүүсүн өнүктүргүм келет.
Мен өз мекенимди эч бир нерсеге теңелгиз байлыгым деп эсептейм.Мен өз мекенимди эч бир нерсеге алмаштырбайм, теңебейм.Мекеним Кыргызстан өнүгө бер өсө бер. Мен сени ар дайым колдойм.Мен сени сүйөм мекеним.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (3 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 3 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 3, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:52

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: