Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган с

#1 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG


Жалал- Абад облусу боюнча Малайзияга жолдомону 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова утту

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова табылды.
Зыягүл Искендерова Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы Токтосун Темирбаев атындагы №6-гимназия- мектебинде окуйт. Окуучу дил баянында айылындагы таза суунун жоктугун, ата-энеси үй салуу үчүн чет жакта иштеп жүргөнүн айтып берген. Сынакты Жалал-Абад облусу боюнча "Азаттык" радиосу жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Бул сынак тууралуу радиодон угуп, атам мага катышып көрүүнү сунуштады. Башында мен дил баянды башкача ыкмада жазган болчумун, бирок өзүмө жакпагандыктан, кайрадан жазууга туура келди. Айылыбызда таза суунун жоктугун, ата-энем үй салабыз деп кезектешип Орусияда иштеп жүргөнүн жана тоодогу таенемдин үйүндөгү турмушту дил баянга тиркедим. Сабактарымды аткарып бүтүп, дил баянды төрт күн бою түнү менен жазып чыктым. Андан соң сынакка жөнөттүк. Жакшы окусам, адамдар эч оорубай, жакшы иштешсе жана чет өлкөлөр менен байланышып иш кылса, Кыргыз Республикасы өнүгөт деп ойлойм",- дейт Зыягүл.

Кыздын атасы Кайрат Искендеровдун кубанып турган учуру.

"Чындыгында, "кызыңыз үч жеңүүчүнүн катарына кирди" деп мага телефон чалганыңарда кубанганымдан кыйкырып, секирип да жибердим. Мектеп директору жана эжелери телефон чалып куттукташты. Өзгөчө атам менен апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла! Орусиядагы апасы да кубанганынан ыйлап жиберди. Азыр да оюм бир жерде болбой, толкунданып турам. Ар ким чала берип башым да айланып калды. Бүгүн да сүйүнгөнүмдөн уктай албасам керек",- деди кыздын атасы.

Зыягүлдүн чоң энеси Карамат Усенова да кубанычы менен бөлүштү.

"Байлар же таанышы барлар биринчиликти алса керек деп ойлогом. Азыр эле мугалими менен ушул багытта сүйлөшүп отурганбыз. Буга чейин бир кызым сынактан өткөнүнө карабай чет өлкөгө даярданып жаткан учурда ордуна акчасы барлар башка бирөөнү киргизип жиберишкен. Бул жолу да биз ошондой болбосо экен деп күмөн санап жатканбыз, бирок абышкам сынак акыйкат өтөт деп бизди сооротуп койду. Неберем үйдө мага чакалап суу ташып берет, эми ал менин эрке кызыма айланып, көп суу ташытпайм деп турам (күлүп). Мектепте окуган балдарым мактоо баракчасын алып, Искендеров деген фамилия чыкса аябай толкунданып сүйүнчүмүн. Жаш болсо да эл-жер көрүп, билимин өркүндөтүп келсин",- деди чоң эне.

Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчү деп табылган Зыягүл Искедерованын дил баянын сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Кыргызстан - биздин эгемен мамлекет, бирок чоң атам айткандай, азырынча бай эмес. Биздин айыл Жалал-Абад шаарына жакын. Шаарга тез-тез каттап турабыз. Шаар көчөлөрү тар, машиналар көп. Кайда барсаң базар. Бул жерден алып тиги жерде кайра сата беришет, себеби шаардыктарга туруктуу иштөө үчүн жумуш жок. Ал эми айылда жер иштетип, мал багабыз. Алардан алган азык-түлүктү шаарга өткөрөбүз. Кышында көбүнчө иш жок. Мунун баары буюм же кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Жадакалса биздин көчөдө эки чоң мектеп болсо да, таза суу чыкпайт. Баарын узактан ташып ичебиз. Көп убактым суу ташыганга кетет.

Үй курабыз деп айылда алардын адистигине ылайык жумуштун жоктугунан атам, апам Москвада алмак-салмак иштеп келишет. Көбүнесе чоң ата-чоң энемдин карамагында калабыз. Чоң атам телевизордон дайыма кечки жаңылыктарды көрөт. Биз да чогуу көрөбүз. Биздин президентти көп көрсөтөт. Аны баарыбыз тааныйбыз. Ал өтө жакшы адам, себеби ал араздашкан эки элди жараштырып, өлкөгө тынчтык, ынтымак алып келген. Агай-эжейлерибиздин айлыгын көбөйтүп, көп бала бакчаларын ачкан. Түндүк-түштүк жолун курууга киришти. Эми биз Ысык-Көлгө тез эле сонун жол менен жетебиз. Мунун баарын бизге чоң атам айтты.

Биздин өлкөдө баары бар: суулар, токойлор, тоолор, көлдөр, жапайы жан-жаныбарлар. Ошол байлыгыбызды, жаратылышыбызды сактап, эс алуучу жайлар курулса, саякатчылар көп келип, элибиз байымак. Таята-таенем кооз тоо койнунда турушат. Мен көп барам. Токойдон жаңгак, алма, алча теришем, бирок мөмө-жемиштерди үйдө кургатабыз. Аларды эч ким сатып албайт, себеби баарында бар. Жөн эле ысырап болуп калат.

Чындыгында, менин Кыргызстаным кооз экенине суктанам. Биз жакшы окуп, ынтымактуу болуп, талыкпай эмгектенсек, баарыбыз бардар, өлкөбүз да бай болуп, мамлекетибиз өнүгүп, күчтүү болот.

Менин тилегим ата-апама жумуш болуп, биз менен экөө тең чогуу жашаса. Чоң ата-чоң энемдин пенсиясы көбөйүп, биз чогуу чет өлкөлөрдөн эс алып келели. Биз телевизордон көргөн Париж, Астанадагыдай бизде да бийик-бийик имараттар, музей, айбанаттар багы курулса. Айыл-шаарларыбыз таза болуп, эч ким оорубаса. "Жалал-Абад" курортубуз кеңейип, эс алуучулар көп келсе. Бул оюмдун баары сөзсүз орундалат. Мен ишенем.

Азыр биздин республика өлкөлөр, коңшу мамлекеттер менен карым-катнашта, ынтымакта. Ушул ынтымак бузулбай, тынчтык болсун. Албетте, биз Кыргызстаныбыздын өнүп-өсүшүнө чогуу салым кошобуз.



Зыягүл Искендерова


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абдусатаров Кантемир


Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен Абдусатаров Кантемир Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылында Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте окуйм. Мен 7-класстын окуучусумун.
Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн албетте каалайм. Биздин Кыргызстанда аябай жакшы жерлер бар. Суу, токой, көмүр, алтын, газ ж.б. бизде аны жакшы карашпайт. Башка мамлекеттен келип алтынды казышат. Анын жарымынан азын кыргыз мамлекетине берип, жарымынан көбүн өздөрү алып кетишет. Көк-Жангакта көмүр каза турган жерлер көп аны элдер казып көмур түгөнгөндө ичин толтурбай кете беришет. Ал жаратылышка аябай зыян, бизге завод фабрикаларды куруп,элдерди ошол жерде иштетүү зарыл. Көптөгөн кыргыз жаштары башка мамлекетке барып иштешет. Кыргызстанда завод фабрикалар менчиктештирилип кеткен. Завод фабрикаларды өкмөткө толугу менен өткөрүш керек. Ошондо жумуш орундары болуп, жаштар өз мекенинде иштешмек. Кыргызстандагы жерде кен байлыктарды өзүбүз иштетсек мекенибиз да бай мамлекетке айланат. Биз айылда жашайбыз. Айылда аба таза, кооз жерлер бар. Шаарга барсан таштандылар сасып кеткен. Ошол дагы жаратылышка зыян.
Кыргызстанда Арсланбап, Ыссык-Кол, Сары-Челек жана башка кооз жерлер көп. Бул жерлерге башка мамлекеттен туристтер келет. Ошол жерлерди ондоп, жакшы шарт тузуп алсак болот. Туристтер аябай көп келишсе, бул деле Кыргызстанга чон байлыкты алып келет. Биздин Кыргызстаныбыз, бейиштин жери, анткени өзүбүздүн таза суулар, жерди жарып чыккан булактарыбыз бар. Булактан жарып чыккан сууну ,чет мамлекеттин тазаланып чыккан суусунан да таза. Булактан чыккан суулар, көптөгөн ички организмге пайдалуу жактары абдан көп. Тери ооруларына да пайдалуу. Бул дагы Кыргызстаныбыздын байлыгы болуп эсептелинет. Башында айтып өткөн көмүрлөрдү дагы айта кетсек. Көмүр шахталарын өкмөт өзү колго алып иштетиш керек. Мал чарбасын да өнүктүрүп, мал, койлорду көбөйтүш керек. Мал койдун терилерин да иштетуучу цех иштетсе болот. Бул деле пайда алып келет. Жаштар башка мамлекетке чыкпай,өз жеринде иштешет. Мен да келечекте мектепти жакшы баалар менен бутуруп, келечекте бир кеситптин ээси болуп, Кыргызстандын гүлдөп өсүшү учун чон салым кошсом деген үмүтүм бар.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Absamatov Talgart
Мекеним - Кыргызстан. Пайгамбарыбыз жер болуштургондо кыргызга озунун жерин Берген экен, ушундай касиеттуу жерде туулганыма сыймыктанам.
Кыргызстан акыркы беш жыл аралыгында онугуп келе жаткан мамлекеттердин катарына кируусу кубантпай койбойт. Мынданда жогорулап гулдоп онуккон жети олконун катарына кируусун ар бир атуул каалайт болуш керек, ошолордун катарында патриот катары менда бармын. Олкобуздун онугушу учун талыкпаган эмгектерди жана темирдей тартипти карманышыбыз керек. " Жетинин бири кыдыр"- дегендей жети саны ыйык сан. Жети дубаныбыз, Манас атабыздын жети осуятындай бир жакадан баш, бир женден кол чыгаралы! Олконун жаштарынын билим денгелинин жогорулашы жана алты миллион болгонубуз алакандай мекенимдин гулдоп онугуу жолунда экенинен кабар берет!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Aigerim Turgunalieva
"Туулган жердин топурагы-алтын" дегендей ар бир жаран оз мекенин,оз элин,оз жерин эч бир нерсеге алмаштыра албаса керек.Себеби, ар бир жаран башка мамлекетте журсо да,ал жердин шартына консо да,баары бир оз мекениндей, оз элиндей болбосо керек.Мекенимдин бийик-бийик аска-зоосу,шаркырап аккан суусу,таза абасы озунчо бир керемет.Кыргызстан сууга бай олко.Суусуз жашоо жок,суусуз осуп-онугуу жок.Туркмондор мындай деп айткан:"Тамчы суу-алтын кыпыны".Себеби, туркмондордо кобу дарыя болуп,агын суулары аз болгондуктан, дарыядагы сууну ичууго мумкун эмес.Ошондуктан кыргыз элим сууну барктайлычы! Бизде жонокой эле арыктарда агып жаткан сууларга ар кандай таштандыларды таштап коюшат,бирок биз аны тазалагандын ордуна кормоксон болуп,отуп кетебиз.Ошол суу агын сууларга келип кошулат,аны кайра эле биз ичип,озубузго канчалаган зыяндык алып келебиз.Ошондуктан сууну таза сактап,барктайлы! "Жетинин бири-кыдыр"дегендей мекенимдин жети облусу бар.Жети облустун бири-бирине окшобогондой ар кандай тарыхый эстеликтери, адамды суктандыра турган кооз-кооз жерлери бар.М:Ысык-Колдун колу озунчо бир керемет.Жайында Ысык-Колубузго коптогон чет-мамлекеттеги туристтер келип,Ысык-Колубуздун абасы тунуктугуна, жеринин кооздугуна суктанышат. Дагы бир эс ала турган жайыбыз бул Арслан-Баб.Арслан- Баб ажайып кооз,арчалары, токойлору,коркомдуу колдору,ачык асманы барган адамды кадимкидей эс алдырат.Кыргызстан кен-байлыкка бай.Алар:металлдар, нефть,газдар, асыл жана кооз таштар,минералдык суулар,алтын, сырьё,куйуучу кендер ж.б кен-байлыктар. Мекеним Кыргызстанымдын мындан да гулдоп-осушун каалайм.Азыр коптогон айыл мектептеринде компьютер,спорт зал,буфеттер ж.б нерселер жетишсиз.Айыл мектептеринде ушул шарттар тузулсо, анда айылдын мектептеринин окуучулары да билимдуу болушмак.Мен дагы чонойгондо озумо жаккан кесипке окуп,кийин элиме кызмат кылууну каалайм.Кыргыз элиме кызмат кылууну негизинен айылдан баштамакмын. Айылдын мектептеринин шартын тузуп берууго аракет кылаар элем."Ааламга кеткен жол-айылдан башталат"демекчи биз биринчиден айылдарыбызды онуктуруубуз керек.Бирок, айылдарыбызды кантип онуктурууго болот?М:бир эле сутту алалык.Ал суттон биз каймак,быштак, айран ж.б нерселерди алабыз.Биздин олкодо иштетип,кайра башка олколорго экспорттоочу кичи цехтер аз.Ошол цехтерди шаарларга эле кура бербестен,айылдарга да куруу керек.Кичи цехтерди айылдарга курсак,ошол айылдын элдери да жумуш менен камсыз болмок.Дагы фабрика-заводдорду курсак, анда чет жерге чыккан мигранттарыбыз оз олкобузго кайтып келип иштешсе,олкобузго канчалаган пайда тушуп,мамлекетибиздин экономикасы кыйла алдыга жылаар эле.Азыр Кыргызстаныбыз онугуп келе жаткан олколордун катарында.Мен Кыргызстанымды эн онуккон
мамлекеттердин катарынан коргум келет.Кыргызстанды мен ХХl-кылымдын орто ченинде мындай элестетем.ХХl- кылымдын орто ченинде Кыргызстан эн онуккон мамлекеттердин катарында.Балдар, кыздары билимдуу,компьютер заманы онуккон,баардык мектептердин шарттары тузулгон.Башка мамлекеттин балдары да биздин мамлекеттин жогорку окуу жайларынын кучтуулугуно кызыгып,келип окушса.Кыргызстаным эн онуккон,баардык жактары топ келип,келген туристтер кадимкидей эс алып,кооздугуна суктанууларын каалайм.Кыргызстаныбызды онуктуруу учун,ар бир жаран жигердуу салымын кошуусу зарыл!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Акылова Айтурган
Ата-Мекен деген эмне?
Ата-Мекен- бул ыйык сөз, ыйык түшүнүк. Кылымдар бою ата-бабаларыбыздын каны-жаны менен корголуп, апаларыбыздын жашына жуулган жер-бул албетте, Ата-Мекен.
Ар бир адамдын туулган жери, киндик каны тамган айылы, шаары ыйык сезилет. Канчалаган кооз жерлерди кыдырбайлы, ал жердин сулуулугуна суктанбайлы, баары бир өзүбүздүн туулуп өскөн өлкөбүзгө жетпейт.
Ар бир эл Ата-Мекенге жөн жеринен эле ээ болуп калбайт чыгар. Албетте, ага ээ болуш үчүн ата-бабаларыбыз кылымдар бою кырчылдашкан кандуу согуштарды баштарынан кечирди. Алардын бири экинчи дүйнөлүк согуш. Бул кандуу согушта канчалан ага-эжелерибиз, ата-энелерибиз, чоң ата-чоң энелерибиздин каны суудай аккан. Алардын бир гана максаты кийинки муунга эркиндикти, жакшы жашоону тартуулаш үчүн жанын берген. Биз аларга терең таазим кылып, ар бир кечелерде эскерип турушубуз зарыл.
1991-жылы Кыргызстаныбыз Эгемендүү өлкө болду. Элибиз 31- августу Эгемендүүлүк күнү деп майрамдашат. 1992-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ)мүчө болгон. 1994-жылы январда Өзбекстан жана Казакстан менен соода-сатык жолун ачкан. 1993-жылы Борбордук Азия боюнча Кыргызстан биринчи болуп, өзүнүн улуттук акча бирдигин ишке киргизген. 1993-жылы 5-майда КРсынын конституциясын кабыл алган жана демократиялык өлкө болгон.
Эгемендүүлүк күнүн алгандан баштап, республикабыздын экономикасын өнүктүрдү. Көптөгөн мамлекеттер менен иш жүргүзүп; маданиятка, спортко көңүл буруп, дүйнөлүк аренага чыкты. Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсүнө бардык жаштар салымын кошуп, дүйнө жүзүнө таанытты. Келечекте мамлекетибиздин гүлдөшүн мындан да кооз элестетемин жана каалаймын.
Биздин өлкөбүздүн дагы бир сыймыктана турган жер астынан чыккан кен байлыктары, алтындары бар. Бирок кен байлыктарды кайра иштетүүчү заводдор жоктугу өкүндүрөт. Дагы бир өкүндүргөн нерсе кыргыздын татыктуу жаштары өз өлкөсүндө эмес, чет өлкөдө иштеп калып жаткандыгы. Кыргыз Мамлекети кимге керек? Кыргызга гана керек.
Мен кыргыз кызымын. Кыргыз болуп туулганыма сыймыктанам. Өз өлкөмү сыйлоого, урматтоого, көз карегиндей сактоого, душмандардан коргоого милдеттүүмүн.
Мен Кыргыз мамлекетим сыймыктангандай атуул болуп, жакшы окуп, жогорку окуу жайын ийгиликтүү бүтүп, өлкөмдүн гүлдөп-өсүшүнө өз салымымды кошкум келет. КЕЛГИЛЕ ДОСТОР, БИЗ ДА ӨЛКӨБҮЗДҮН КЕЛЕЧЕГИНЕ КАЙДЫГЕР КАРАБАЙЛЫ! Жогоруда айтылган баалуулуктарды кийинки муунга татыктуу жана таза өткөрүп берели.
Мен Акылова Айтурган Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын А. Осмонов атындагы N10 орто мектебинин 9-классынын окуучусумун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Аizi Sakabaeva
"Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм"
Жер сорусу-Кыргызстан. Кыргызстан-менин согуп жаткан журогум.Кыргызстан- дем алып жаткан абам.Кыргызстан- ырдалып жаткан ырым. Кыргызстан- менин коргонум. Кыргызстан- кызыл туунун астында бириккен , коп улуттуу турагым .Кыргызстан- эгемендуу , келечеги кен, гулдоп-осуучу олком.Кыргызстандын тамыры -кыргыз эли.Кыргыз эли- байыркы турк элдеринин ичинде озгочо орду бар, каада-салтка бай, маданияты онуккон, дуйнодо кайталангыс аруу эл.Кыргыз эли эркиндикти бек тутуп, кок асаба кызыл-туунун астына биригип, душмандардан эл-жерди коргоп,азаттыктын олкосун тузууго тырышышкан. Буга тарых далил.Дуйнодо биринчи Державаны кыргыз эли туптогон. Айкол Манас, Барсбек ажо, Ормон хан, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Исхак Раззаков, Аскар Акаевдер-кыргыз элинин тайманбастыгынын, азаттыкты суйгондугунун символдору.
Эгемендуу Кыргызстан азыр 24 жашта.Ушул 24 жыл ичинде коп улуттуу олкобуз бекем пайдубал курууга жетише алды.Жакшы менен жаманды айырмалап алды.Олко кайсыл жол менен баратат, кайсыл жолго тушуу керектигин, тынчтыктын баасы канчалык кымбат экендигин тушуно алды.Кыргызстандын алдыга карай басчу бир гана багыты бар.Бул онугуу, гулдоп осуу.
Мен олкомдо кыргыз тилинин онугуп-орчушун каалайм. Президент, Жогорку кенеш, Окмот, мугалим, окуучу, жаштар дегеле койчу баары кыргыз тилинин баркын билсе, аны коздун карегиндей сактаса... Менин олкомдун билим беруусу онуксо. Президентибиз Алмазбек Атамбаев :"Ооба, Кыргызстанда нефть, газ жок, бирок онуккон адам коому болушу шарт"- дегендей мамлекет онугушу учун эн мыкты кадрларды даярдасак.
Мен Кыргызстанда адам эркиндиги онуксо дейм.Адам учун байлыктын кызыгы кетет, жашоонун манызы кетет, мамлекеттин куту кетет, эгер адам эркин болбосо.Демек алдыга жылуу учун эн биринчи болуп адамга эркиндик берилуусу керек.
Менин мекенимде туризм онуксо, жараткан бизге ак монгулуу аска- зоолорду , тунук булак сууларды , коз уялткан арчалуу , тоо арасындагы колдорду, дегеле соз менен айтып буткус кооздукту ыроолоду.Бул Кыргызстандын эл аралык денгээлдеги # 1- бренди болуп калса олкобуздун экономикасына куч кубат берери бышык.
Мен олкомдун экономикасы онуксо дейм.Экономика олконун кыймылдаткыч кучу.Ал болсо тилди орчутуу учун, билим берууну жакшыртып ,мыкты кадрларды даярдоо учун , адам укуктарын онуктуруу учун, туризм тармагын которуу учун акча-каражаты болунот.Баары жылып отуруп экономикага такалаары айкын.Экономикабызды турукташтыруубуз азыркы замандын талабы.Завод- фабрикаларды четинен жаба бербей, аларды иштетуу зарыл.Жеке ишкерлерге шарттар тузулуусу зарыл ,четтен инвесторлорду чакыруу заман талабы.Мен ишенем, Кыргызстан келерки 10 жылда бутка туруп кете алат.Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:58

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Aizirek Kanat
Мен Кыргызстандын гулдоп осуусун каалаймын себеби мен Кыргызстандын аттуулумун жана жаранымын . Ар бир Кыргыз элинин журогу Кыргызстан деп соксо керек . Анткени бул мамлекет жок болуп , озунчо бир мамлекет болбосо , Эмне болот эле коз алдыма эч элестете албаймын . Ошондогу энелердин , наристелердин коз жашы , мени аябай капа кылат. Биздин ата — бабаларыбыз орус елдерине кул болуп иштегени , байлардын колунан коптогон бей куноо адамдардын каза болушу биз учун аябай бир чон кайгы . Ошол убакта Кыргыздын сулуу–сулуу кыздары кытай жергесине сатылып кеткен . Ал жактан алар жакшылык коруп жашашкан жок . Кор болуп коркуп кол алдында иштеп келишкен. Коптогон кан тогуулор болду. Эми баары артта калды Кыргыз жеринде эч качан согуш кан тогуу болбосун. Аллах тааладан жалгыз тилегенибиз ушул . Жаштар алдыга максат койуп , Тилек умут менен жашаш керек . Кыргызстан мен учун эмне кылды дебестен , мен мамлекет Кыргызстан учун эмне кылдым деген суроо ар бир кыргыз жаранынын оюнда болуусу керек . Менин да алдыга койгон максаттарым коп . Тилегеним кыргыз элинин улуттук кийимдерин дуйно жузуно таанытсам деймин. Азыркы учурда озубуздун бир тууганыбыздай болуп калган кыргыз кыздарыбыз башка улуттун кийимдерин коп кийишуудо .мисалга алсак карей улутундагы кийимдерди кийип журушот . Узун дагы эмес жарым жарты . Киндик , ичи баары ачык жада калса жоон саны да корунот . Бул биз учун аябай чон уят нерсе . Мына ушунун айынан кыргыз кыздары , торобой жаштайынан турмушунан ажырашууда . Ошолордун айынан уй – булоосу бар эркек кишилер ажырашып куноосуз жаш наристелер жетим калууда . Себеби бул кыздар туз жолдо жургон адамдарды да азгырып , жолдон чыгарышат . Мен ошон учун кыргыз кыздарына илгери чон энелерибиз кийген улуттук кийимдерди кийгизсем . Мен баары бир бул ишти ишке ашырам жана ага бут аракеттимди жумшаймын . Анан да биздин олко бийик–бийик тоого ,тунук сууга , таза абага бай олко . Алар менен суктанып сыймыктанып жашасак болот . Андан тышкары бизде день–соолукка пайдалуу даары чоптор жана суусундуктар бар . Айта кетчуу нерсе бээнин суту менен да даарыланып , туристер да кыргыз эли да тамшанып ичип келе жатабыз . Кыргыз элинин кымызын аябай баалап ичип келет чет олколуктор . Келгиле достор бак дарактарыбызды кыйбастан , остуруп карайлы . Кыргызстаныбыздын коркуно корк кошулуп мактанууга соз жеткис болуп калсын . Эн негизгиси биз сабырдын тубу сары алтын дегендей сабырдуу болуп . Тундук туштук деп блокадой улутубузду тилибизди динибизди таза сактайлы . Биримдикте бололу .
Ойлон кыргыз дагы жашоо, алдыда
Минут сайын кадам ташта алдыга
Согушту эч убакта ойлобо
Кыргыздардын келечеги алдыда
Арам ойдон алыс болгун адамзат
Ак иштейли арам ойго барбайлы
Ниет кылып максат койуп алдыга
Кыргызстандын керегине жарайлы
Бул дунуйо жалган дуйно
Акыретке бараарбыз
Биз жасаган иштер учун
Жооп берип да калаарбыз
Кыргыз жери бай жер экен
Алтын кумуш кендерге
Кыргыз элим жашаган
Ала–Тоолуу жерлерде
Мейли мени жаман коруп жектегиле
Ар кайсыны шылтоолоп тилдегиле
Бирок мен бир нерсени суранаарым
Ыйык таза динибизге тийбегиле
Андан да отунуп сураанарым
Мухаммед пайгамбарды эстегиле
Сирия жакка агылып кетпегиле .. !!!!! !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 11:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Арууке Улан кызы
Кыргызым тоон бийик,абан таза,
Жылдызын жанып турат асмандарда.
Кыргыздын кызы болуп жаралган сон,
Жеримдин гулдоп-осушун каалаймында!
...Албетте, ар бир адам оз мекенин гулдоп-осушун, онугушун,кооздолушун, коомдолушун, байышын каалайт эмеспи.Мына ошондой эле мен дагы,атагы чыккан кыргызымдын кызы болгон сон,элимдин, жеримдин калкымдын данкталышын каалаймын! Ошондой эле кыргыздарды шыктандыруучу, данктоочу бизди курчап турган табиятыбыз, бийик-бийик тоолорубуз, сыймыктануучу биздин туубуз,кыргыз экенибизди билдирген урааныбыз бар эмеспи!Бул деген кандай керемет!
Биздин мамалекеттибиздин онугушуно оз салымдарын кошкон канчалаган чыгаан баатырларыбыз, тайманбастан оз жанын,канын аябаган биздин энелерибиз бар.Биз алар менен сыймыктанышыбыз керек!
Дагы бир эскеруучу нерсе бул кыргыз элинин онугушуно оз салымдарын кошкон аялдарыбыздан атасак,алар Алай ханышасы Курманжан Датка,Уркуя Салиева,ССРинин колхоз корунуктуу ишмери Зууракан Кайназарова, Кыргыз эл артискасы Сабира Кумушалиева, Раида Бегелдинова, биздин экс-президентибиз Роза Отунбаева,медицина илиминин кандидаты Салтанат Назаралиева болгон.Ал эми кун дебей же тун дебей иштеп,оз чыгармалары менен кыргызды кыргыз экенин тааныткан аталарыбыздан атасак,алар Атаке баатыр,Шабдан баатыр,жазуучубуз Чынгыз Айтматов,Кыргыз Республикасынын баатыры Тургунбай Садыков,Исхак Раззаков,Торобай Кулатов жана дагы башка коптогон бизди данктаган,биз сыймыктанчуу адамдар бар.
Кыргыздын эн карлыгач инсандарынын эмгегин эскерип,аларга таазим кылып туруу ар бирибиздин парзыбыз.
Эр Манастан келе жаткан улуу салт,
Жакшы адамдар эн биринчи эл багат.
Кандай гана кыйынчылык болсо да,
Калкы учун жанын сабап,жол табат.
Менин коз карашым боюнча онугуу,осуу, мекен—мен жашаган уйдон,мектебимден, шаарымдан башталат.Мен жасап жаткан иштер аз да болсо Кыргызстанга кошкон салымым деп ойлойм.
Андан сон,биз дагы-дагы онугушубуз, гулдоп-осушубуз учун экологиялык жактан да пайызыбызды жогорулатышыбыз керек.Улуу ойчулубуз Альберт Эйнштейн айтмакчы:" Адам адам болуу учун бир гана атактылуук эмес,акылдуулук абзел."-деп айткан экен.
Калкындын ойлоп жыргалын,
Кайратын жумшап тынбадын.
Ала-Тоого желпинтип,
Адилет туусун ыргадын.

Дагы бир эскеруучу нерсе биз дагы онугушубузго жардам беруучу нерселер алар томонкулор:
—Озубуздун олкобуздо ашыкча чыгарылган товарларды тышаы олколорго чыгарууну;
—Ар турдуу улуттардын адамдык асыл сапаттарын озубузго кабыл алууну;
—Озубуздон жетишпеген жок нерселерди чет мамалекеттерден алып келууну;
—Коп тилдуулукко уйронуунун зарылдыгы жонундо биле алабыз;
Мына ушул беш-алты соз болсо да,кандайдыр бир нерсени жазалдым деп ойлойм.Себеби Кыргызстандын келечеги—бизге окшогон оспурумдордун колунда!
Жазган:Арууке Улан кызы Кочкор-Ата шаары
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 12:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Baigazy Jeenbaev
Мен кыргызстандын келечегин гүлдөп,өнүгүп кетишин каалаймын. Ал үчүн биздин мамлекетибизде завод-фабрикалар жана ар тармактуу иш-каналарды көбөтсөк.
айыл-чарбасында түрдүү жер-жемиштерди дан-азыктарды өстүрүшүбүз керек.
бак дарактарга, токойлорду кыйроого жол бербестен кайра аны өстүрүнү билсек. Фермерлерге мал-чарбасын өнүктүрүүгө кеңири. мүмкүнчүлүк берүү керек анын ичинде ири мүйүздүү бодо малдарды,уян жүндүү кой,эчкилерди жылкыларды жана канаттуулар фабрикасын өнүктүрүү керек . Жогоруда мен айтып кеткендердин баары ишке аша турган болсо азыркыдай биздин жарандарыбыз көпчүлүгү ата-энелербиз сыяктуу ар кайсы чет мамлекеттерге жумуш издеп кетпейт эле. өзүбүздүн мамлетибизде толук жумуш менен камсыз болуп өз балдарын чоң-ата чоң-энелербиз жана тайене таята жана ар кайсы туугадарына таштап кетишмек эмес. Ар бир наистелер,өспүрүм балдар өз ата-энесинин койнунда бактылуу балалыктын доорун сүрүшмөк.
Мен кыргызстандын жараны болуп жана туулуп өскөнүмө сыймыктанамын, мен өзүмдү бактылуумун деп эсептеймин . Анткени биздин мамлекетке, чет өлкөлүктөрдүн суктанганы аябай көп анткени туш тарабы мелтиреген аска-тоосу жана абасы,суусу таза азыгыда таза жаратылышбыздын берген ар түркүн кендерге суктанарлык кооз жерлерге бай .
Биздин мамлекет өркүндөп өсүп кетишти үчүн биз норкамания, тероризим менен тынымсыз күрөшубүз керек,бул ар бир атуулдун милдети деп ойлоймун .
Алакандай болгон мекенибиздин экологиясын сактай билсек,жана ошондой эле ар бир жараан бири-бирине кайдыгер карашпаса,алдууларга алсыздар жардам берсе,мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга кайрымдуулук көп болсо жакшы болмок.
бизнесмендерибиз өтө өзүмчүл болушпаса өз капчыгын ойлой бербей мектептерге, бала-бакчаларга ,жетим балдар үйүнө жана карыялар үйлөрүнө спонсор болуп турушса өнүгүп кетет белек .
Бийликтегилерда байлыкка,мансапка көп умтулбастан мамлекетибиздин эли-журтун өнүктүрүүп өсүп кетүүсүн терең ойлошсо дейм.
Кыргызстанда таштанды терген балдар аз болсо ар бир эне өз баласынын кийинки тагдырын жакшылап ойлошсо"балалуу үй базар,баласыз үй мазар"дегендей балдар үйү чектүү болмок .
Ал эми балдар болсо өз ата-энесин карыялар үйлөрүнө таштабаса" карысы бардын ырысы бар"болмок . Биздин келечегибиде ушулар аткарыла турган болсо мамлекетибиз эң мыкты болмок .
Мен азыркы заманда жашап жатканыма аябай сыймыктанамын . Анткени мындан канчалаган кылымдарда биздин ата-бабаларыбыз жакырчылыкта жашап жана күнүмдүк оокаттын таап жешкен . аларга аябай кыйынчылык болгон . Себеби дайыма күрөш болуп,өз жерин коргоп турган . Биз буга аябай сыймыктанышыбыз керек . Анткени алардын салымы чоң,бизди ушул заманга келтирген ошол ата-бабаларыбыз мен аларга алкыш айтам жана миң мертебе таазим кылам . Эгерде ата-бабаларыбыз жок болгондо кыргыз эли да жок болуп кетмек
Азыр деле кыйынчылык болуп жаткан мамлекеттер бар көбүнчө түштүк региондордо . Алар не себептен кыйынчылык болот алар көбүнчө таза суудан,тамак- аштан кыйналышат . Көбүнчө сууну кор кылшпайт . А бизде болсо таза суу көп болсода кор кылабыз .жок биз башка мамлекеттерден суубуз,абабыз мен сыймыктанышыбыз керек бул нерсе да негизги көйгөй . Биз ошон үчүн баардык нерсени этияттык пайдаланышыбыз керек ошондо кыргыз жери өнүгөт . Мен ишенем Кыргызстанда өнүгөт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 12:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Максатбек кызы Диана
Кыргыз жеринин эли меймандос,абасы таза, суусу тунук, таштары алтын. Мына ошондуктан мен бул жерде торолгондугум учун окунбогонмун жана окунбоймун. Кыргызстандын жаратылышы сууга мол, тоолору болсо кербенчинин тоолорундой чубалашып жайгашкан. Ошол тоолордун корку осумдуктор. Анын тур-турлору даары ,уу, кооз осумдуктор дейсинби баары бар. Айтоор баардык осумдуктор турмуш-тиричилигинде ото чон мааниге ээ. Мисалы: дарактардан - отун,алардын момосунон жемиш катары колдонобуз. Ал момолор адамдын организмине ото чон жакшы таасирин тийгизет башкача айтканда ден-соолука пайдалуу. Ал эми пахта осумдугунон азыркы мода болуп жаткан кийимдер жылуу жумшак тошок жууркандар тигилет. Даарылык касиетке ээ чоптор дартына даба. Кыргызстандын жерлеринде анын турлору осот . Андан нары жонокой чоптор айлана-чойрону кызыл-тазыл туско боегон бири-биринен сулуу гулдор бар. Аларга кадалып карап бир даалайга турсан да , кайра -кайра анын сулуулугуна тамшанасын. Жаныбарлар болсо осумдуктор учун музыка жаратып турган сыяктуу . Куштар оз тилинде сайрап, ал эми илбирс карышкыр аюу жана башка жаныбарлардын уну ого бетер кууну коркуно чыгарат. Аны уккан бак-дарактар ары-бери термелишип бийлегендей сыяктуу. Аска зоолор болсо жаратылыштын ен маанилуу кооздугу болуп саналат. Бул тоолор булуттарга чейин жетип, асманды тиреп турган сыяктуу. Чокусунда агарып турган монгусу кундун нуру менен чагылышып жаркылдайт. Бийик-бийик тоолорду коргон сайын патриоттук сезимин козголуп толкунданып озунду башкача сезесин.
Кыргызстандын бермети болгон Ысыккол колу аябай кооз. Ошондуктан бул колго чет олколуктор эс алуу учун коп келишет емеспи. Мен бул жерди эс алуу учун мыкты жай екендигине козум жетет.
Мына Кыргызстандын кооз жаратылышы ушундай керемет . Мен олком менен сыймыктанам . Биздин мамлекет толук онукпогон . Бирок онугуп келе жаткан олколорго кирет. Калтын жашоосу жакшы . Антсе да азыркы учурдагы адамдар учун иштоочу жай ото еле аз.
Келечек жаштардын колунда жемекчи кыргыз жерин биз, жаштар алдыга жылдырабыз. Бул учун биз онугууну озубуздун айлана-чойробуздон баштообуз заарыл. Эгерде сен бир чырпыкты жерге сайып койсон же жердеги кагаздарды терип , мусор салчуу челекке таштап койсон , бул мамлекет учун пайдалуу иш жана мамлекеттин онугуусуно кошкон салымын болуп есептелет. Мен оз олкомдун гулдоп- онугушун каалайм. Муну бир еле мен емес, кыргыз элинин баары каалайт. Бул дегени кыргыздар онуксун деп еле журо бер дегени емес . Кандай адам болбосун, карыбы жашпы мамлекет онугуусу учун ар- кандай иштерди жасап аракеттениш керек . Мектеп жашындагылар жакшы окуп улууу адам болуп , жетишсе бул элдер учун пайдалуу. Кыргызстандын келечеги алдыда . Басып ото елек коптогон кылымдар алдыда. Мына ошол кылымдарга кыргыз эли жеткенде бизди жакшы адам катары эскеруусу учун улуу адам болуп жетишели . Ар кайсы оспурум оз келечегин алдынан еле ойлоно баштайт. Бирок, ал жакшы окубаса, бул максаты ишке ашпай калуусу толук ыктымал. Азыркы мезгилде жашоо ото кыйын башкача айтканда акча табуу кыйын. Ага эмгек кылып , адал иштеп жетишуусу зарыл. Алдоо , паракорлук , кошоматтык кылуудан алыс болуп , баланды туура тарбияла! Чон адамдан кичуусу орнок алат емеспи . Оспурумдорго жалан гана жакшы тарабынды корсотуп тааныл. Сенин артындан , мамлекет учун эмгек кылууну уйрот . Аракетке берекет. Кыргыз эли келгилечи онуголу! Тим турбайлы! Сиздер онуккон мамлекетте жашоону каалайсыздар да. Анда сиздер бир гана озунуздор учун емес мамлекет учун эмгек кылыныздар. Башка мамлекеттерден карыз болбойлу . Мен жакшы окуп оз келечегим менен бирге мамлекеттин келечегин кургум келет . Аракет кылса баары болот. Кыргызстан созсуз онугот! Жана биз онуккон мамлеттер катарын толуктайбыз! !
Жазган: Максатбек кызы Диана 14 жаштамын 39- мектепте окуйм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 12:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Iskander Bolotbekov
Бир акылман адам айткан экен:эн бай адам бул ата-энеси,Ата Мекени,эне тили бар адам"-деп. Анын сынары мен да өзүмдү бай адамдардын катарында эсептейм.Мен дегенде ичкен ашын жерге койгон ата-энем,өзүм сүйүп сүйлөгөн кыргыз тилим жана ошондой эле эн негизгиси мен төрөлгөн,өсуп, окуп,жашап жаткан ,кооз,берекелүү, эгемендүү Кыргыз жерим,Кыргызстаным бар экенине мен Кудайга шүгүр айткандан тажабайм. Жашап жаткан өлкөм эч кимге көз каранды болбой эгемендүү,адам баласы суктанган кооз,мөлтүрөп аккан суулары ,бийик-бийик тоолору,жайлоолору болгону кандай жакшы...
Бирок инсан үчүн жетиштүү жашоодо жашаш үчүн мунун баары жетишбейт.Ал үчүн сен жашап жаткан өлкөндүн экономикасы, медицинасы ,билим берүү тармагы ,маданияты жалпы сөз менен айтканда гүлдөп өскөн өлкө болсо.
Көпчүлүк адамдар өнүккөн өлкө десе эле завод,фабрикалары бар,техникаларды чыгарган өлкөлөрдү элестетишет. Өнүккөн өлкөлөрдүн алдынкы сабында Англия,Япония, АКШ өлкөлөрү турарын билебиз. Бул өлкөлөр өздөрүнүн машинелери, тиричилик буюмдары менен эбегейсиз акча таап , мамлекеттик казынаны толтуруп,өлкөнүн экономикасын көтөргөнү он тараптары. Ар бир нерсенин он жана терс тараптары бар дегендей . Бул өлкөлөрдүн ийгиликтеринин терс тараптары да бар. Эн эле биринчи абанын булганышы же бузулушу . Завод,фабрикалардан чыккан кара түтүндөр,абаны бузуп жатканын изилдөөчүлөр кулак кагыш кылып келишет. Анан да бул өлкөлөрдүн элинин саны азайып жатканы,улуттун жоголуу коркунучунда экени да белгилүү. А бизде жыл сайын көбөйүп жатканы бул албетте кубанычтуу . Төмөндөгү өлкөлөрдө адамдардын төрөлүүсү аз,эмгек жашындагылар да аз. Кыргызстанда эмгекке жарамдуулар өлкөнүн 56%ын түзөөрү белгилүү.
Биздин кереметтүү Кыргызстаныбызга табигый жол аркылуу эле киреше табуу,өнүгүү, жашоо үчүн жакшы шарт түзүү талапка ылайык деп ойлойм. Бул туризм тармагы болуп саналат. Бизде туристтер келүүчү тарыхый,маданий, эстеликтер,имараттар толтура. Жаратылышыбызда сөз менен айтып бүткүс кооздугу менен төп келет.
Учурда Кыргызстан эстремалдуу эс алуу ышкыбоздорунун, бизнесмендердин, окумуштуулардын, спортчулардын жана Улуу Жибек жолунда жайгагкан өлкөлөрдүн тарыхы жана бүгүнкү абалы менен кызыккан адамдардын өзгөчө кызыгуусун туудурууда. Туристтерди археологиялык, тарыхый жана маданий эстеликтер сыяктуу маданий мурастын обьектилери, Кыргызстан элинин күндөлүк турмушу кызыктырат. Кыргызстандын тарыхый жана ажайып сырларын 250дөн ашуун туристтик фирмалар дүйнөгө жар салууда. Өлкөнүн бардык территориясы туристтик аймактарга бөлүнгөн жана ар бири кайталангыс , жаратылыштын жана тарыхый -маданий кооз жерлерге ээ.
Дүйнөлүк маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп саналган археологиялык обьекттер:Ыссык- Көлдүн жээгиндэги санаторий-курорт, ден-соолук чындоочу,тарыхый, рекреациялык жана тоо туризми менен кенири белгилүү. Көлдүн жээгинде ,бир эле мезгилде 30 мин эс алуучу адамды кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар.
Өтө татаал , бирок ажайып кооз капчыгайдын ичине салынган момументалдуу таш курулушу -Таш Рабат бул региондогу эн кенири белгилүү туристтик обьект болуп саналат.
Ош аймагы тарыхка кызыккан саякатчылар үчүн өзгөчө кызыгууну туудурат. Бул жерлерде көптөгөн айтылуу тарыхый-маданий эстеликтер жайгашкан:петроглифтери жана сыйынуучу жайлары бар.
Кыргызстан жөнүндө айтса сөз түгөнбөйт. Жеке менин жана үй-бүлөмдүн ойу:өлкөбүздүн гүлдөп өсүүсү үчүн коопсуз,пайдалуу, табигый тармак туризм деп ойлойм жана ушул жол менен өнүгүп,кылымдарга жол салып,гүлдөп- онүгүүсүн каалайм. Ар бир жаран өлкөсү,мамлекети үчүн сыймыктана турган иш жасап өтүүсү керек деп ойлойм. Илгери ата-бабаларыбыз "Баары бирөө үчүн,мекен үчүн "-деген ураан менен жашап өткөнү шексиз. Ошол үчүн биз тынч ,эгемендүү өлкөдө тилибизди,динибизди жоготбой ,кыргыз атыбызды сактап,өмүр сүрүүдөбүз. Бирок азыркы заманда мамлекет үчүн эмес,ар ким өзү үчүн жашап калганы айдан ачык. Мамлекет мага эмне кылып берди деп,митингуе чыгып,кыйкырып- бакырбай ,мен өлкөм ,мамлекетим үчүн эмне пайдалуу иш жасадым деп ойлонуш керек. Биримдикти ,ынтымакты ,ыйманыбызды, сыйыбызды жоготбосок, мен ойлойм биздин мекен да келечекке карай кадам таштап,өнүгүү ,изденүү жолуна түшүп Кыргыз жерибизди ар тармактан бутка тургузабыз. Келечек жаштардын колунда!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 12:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Meerimka Amadalieva
Я люблю свою Родину.Кыргызстан относится к группе развивающихся стран.В будущем я хочу увидеть свою Родину успешной,процветающей, открытой страной, в которой живут счастливые люди.Будущее Кыргызстана, как и любой страны,я считаю,будет чистым и светлым, если каждый житель будет охранять и постигать закономерности её развития.Хотелось бы, чтобы большую популярность получил наш кыргызский язык.Верю,что у нашего народа европейское будущее.Я хочу,чтобы наша страна процветала, чтобы была сильной во всех планах :экономическом, военном и духовном.Мало просто хотеть этого,нужно действовать. Все мы должны развивать в себе чувство патриотизма, должны изменить своё отношение к Родине,по-настоящему уважать её и гордиться ей.Благополучие государства зависит от нас самих.Если все мы начнём действовать вместе во благо своей страны наш Кыргызстан будет процветающим. У нашей Родины будет великое будущее,потому что наш народ заслуживает этого.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 12:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Sanjito Izatbek
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”.
Мен Кыргызстанда төрөлгөндө үч жашымда кыялданып тоолору кооз булактары бар.Кыргызстандын тоолорун карасаң кыпкызыл кызгалдак жана башка нерселер бар. Кыргызстандын гулдөрү байчечекей, кызгалдак,роза гүлү,астра гүлү булар кооз жана дагы пайдалуу жактары көп.Кыргызстанда дагы гүлдордү эгип көп гүлдөрдү жайнатуу керек. Мисалы чет өлкөдөн келген туристтер Кыргызстанды кооздоп сүртчүлөрү, дагы таң калат. Кыргызстандагы гүлдөр аябай кооз гулдөрдү тартып башка чет өлкөгө таратып жатат. Кыргызстан өнүгүп бардыгы таза кийинип сабак окуп жакшы тартиптүү болсок Кыргызстан гүлдөп өсөт.
Кыргызстан тоолордун мекени.
Тунук суулар токойлору кең,
Кылымдарга түбөлүк жашай бер
Өсө бергин гүлдөгүн Мекеним.
Анан мен Кыргызстанда чоңоюп кыргыз мамлекети гүлдөп,гүлдөп өсүшүн жана туура жолго салып кетишин каалайм.Мисалы: Кызгызстандын таза абасы тунук суулары башка өлкөгө караганда өзгөчөлөнүп турат.
Кымбаттан кынылышып Мекен тилим.
Кылымдан гүлдөп өскөн мекеним,
Төрөлүп бул дүйнөгө көз ачканда.
Жаралып жаным менен кыргыз жерим,
Кыргызстанда көлдөр бар алардын бири Ысык-Көл,Сары- Челек жана кооз көлдөр көп.
Мен жакшы окуп Кыргызстанга жакшы жана жаңы нерселерди чыгарып завод фабрикаларды куруп өнүгүп кетишибизди каалайм. Анан дагы бир эле сөз эмес англис тилин башка тилдерди да үйрөнүү керек.Кыргызстанда жаныбарларды атпай кайра көбөйтүп куштарды да жакшы карап,өз мекенибиздин жерлерин тазалап түркүн гүлдөрдү эгип акыр-чикирлерди топтоп тазалап туруу керек. Мен мисалы, Кыргызстанга жакшы иштерди тилейм. Биз мусулманбыз бир гана Аллах бар биз ошого рамаз окуп жакшы сөздөрдү сүйлөш керек.Башка өлкөлөргө да кайрымдуулук кылыш керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 12:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Shabdan Ryskulov
Биздин республикабызда коптогон акылдуу,эмгекчил, патриот,жаркын келечекти энсеген,жаркын келечекти курууга талпынган жаштарыбыз коп.Ошондой жаштарыбыз учун азыркы учурда коптогон долбоорлор иштелип чыгып,оспурум окуучуларды озуно тартып,аларга жол ачып жатат.Мисалга алсак Акыл ордо,манас таануу,Кg Тай,Бирге окуйбуз долбоорлору жана ошондой эле биз дил баян жазып жаткан Малайзияга жолдомо.
Ушул демоорчулор аркылуу,ата- эне,сапаттуу билим аркылуу окуучулар оздорунун онорун,талантын ачып,келечекке багыт алып жатышат.
Кg.Тайды алсак,мында элибиздин таланттуу жаш ырчыларыбыз чыгармачылыкка алгачкы кадамын таштап,алгачкы ийгиликтерди багындырып оздорунун мумкунчулукторун пайдаланып жатышат.
Манас таануу беруусу:Бул прогграммага Кыргызстандын булун-бурчунан чогулган топтор келип катышышат.Аларды коруп туруп жаны адабиятчылар, тарыхчылар," Манас"изилдоочулор же манасчылар чыгарына чон умут пайда болот жана бул беруу кыргыз эли акылман,улуу, сулуу,чечен, чукугандай соз тапкан калк экенине далил болуп,адамдын мекенине,деги эле кыргыз элина болгон суйуусун ого бетер арттырат.
Мына ушундай иштер жаны калыптанып келе жаткан кыргыз уул-кыздарын алга суроп,алардын дагы онугууго салымы чон болоору белгилуу.Ошондуктан келечек жаштарына жол ачып беруучу долбоорлор коп болсо биздин олко алгалайт.
Бирок мамлекетибизде корруппция, кошоматчылык, чону-кичисин басынтууга окшогон койгойлор кобойуп кеткендиктен, жаны канатын жайып учайын деген куштардын канаты сынып,артка айдалып жатат.Бут тосуулар кобойуп,жаны жанылыктарды киргизе тургандар максаттарын ишке ашыра албай жатышат.
Буга ким куноолу?-албетте озумчул,озун гана ойлогон,кайдыгер адам куноолу!Ал манкуртка андан эч пайда болбойт.Анын алган пайдасы убактылуу гана.Кыргызда кеп бар эмеспи "беш кол тен эмес"дегендей эле ал адам да ошондой учурга туш болоорунда шек жок.
Ушуларды ойлонун отуруп,мага мындай ой келди.Биз азыр тээ качандыр бир кездекыргыз эли "Манаска" зар болгондой азыр да биз ошондой акылдуу,чечкиндуу, патриот адамдарга абдан зар болуп тургандайбыз. Чынында эле азыркы койгой ошол эпостогу койгойго окшош.
Мисалы:калмактардын эзуусу,коро албастык,ички душмандар,чыккынчылык.
Манастын торолушу кыргыз эли учун чон майрам болгон.Ушул Манас жана жанындагы кенешчилери, чоролору менен эркиндикти, жакшы жашоону,онор- билим аркылуу бакубат доолотко умтулууну кыргыздарга алып келген.
Бирок бизде да Кыргыз мамлекетин чындоого жана аны коздун карегиндей сактоого аракет кылып,кыргыз элин дуйно жузуно таанытып,гулдоп- осушуно салымын кошкон абройлуу адамдарыбыз да жок эмес.Айта кетсек :Ч.Айтматов, Т.Океев,А.Осмонов, Б.Бейшеналиева, С.Чокморов.А азыркы жаштардан айта турган болсок:Н.Аканов, А.Землянухов, А.Омурзаков, Азия Mix тобу,А.Омурзаков. Дагы басса белгилеп кетчу инсан,бул бала аркылуу биз "Манас" атабызды сактап калдык десек да болот.Себеби Болот уулу Умот "Манас" айтып анан "Манас" эпосу Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго кирген.Бул да Кыргызстандын жетишкендиги десек жанылышпайбыз.
Мен Кыргызстандын мындан да коп жетишкендиктерге жетишерине ишенем жана мекенимди келечекте эн алдынкы,бирок озунун тилин,каада- салтын,динин жоготпой,тескерисинче ошолорду туу туткан мамлекет катары кором.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Субанбек уулу Санжар
План:
1.Киришуу:
а)Кыргыз жери
б)Кыргызстандын патриот адамдары
2.Негизги ой
а)Кыргызстандын тарыхы
б)Кыргыз жеринин табият
в)Кыргызстандын гулдоп-осушу
3)Озумдун жекече оюм
Шанга толуп,бут айлана салтанат,
Гулго оронуп,кооз корунот ар тарап.
Суусу даамдуу,топурагы нан жыттуу,
Ата мекен туулган жерден башталат.Бул ыр саптары кыскача болгону менен коптогон маани маныз жатат . Окусан козун кубанып дилин жайнайт. Эмнеге дегенде бул жерде Кыргызстанды шанга толтуруп, бут айлананы салтанатка болоп , бардык жерине гул ороп, коз корунуктуу , суусун даамдуу , мол, топурагын нан сымал жыттуу кылып жатат. Албетте Кыргызстанды кандай гана кооз ,кандай гана кереметтуу олко. Бул олконун кооздулугун даназалаган акын- жазуучулары да аз эмес. Мисалы Чынгыз Айтматов. Чынгыз Айтматав омурунун акырына чейин Кыргызстан менен бирге болуп ,бирге кун откоруп, Кыргызстанды дуйного олып чыккан. Бул жазуучунун ар бир чыгармасын окуганда Кыргызстандын кооздулугун элестетебиз. Ал эми акындарынын эн корунуктуусу Алыкул Осмонов . Биз Алыкул Осмонов дегенибизде эле анын Ата-Журт деген ыры эсибизге тушот.
Жылуу кийин,жолун кыйын ушуурсун,
Кыш да катуу...Бороон улуп,кар уруп.
Суугунду оз мойнума алайын
Жол карайын, токтой турчу Ата-Журт!
Бул ыр саптарын окуганда коз алдыбызга ак монгулуу Ала- Тоо , ажайып корком Ысык-Кол, дуйнодо тендеши жок жангак токою- Арстанбап, Сон-Кол,Сулайман- Тоо жайлоолору- Суусамыр, Ак-Сай. Кыргызстандын керемет жерлери кыргыздын кен пейил , мейман дос эл экенинен кабар берет
Кыргызстандын гулдоп-осушуно жордам берген кобуроок салым кошкон бул албетте Кыргызстандын байыркы замандан калган эстеликтери. Бул эстеликтер миндеген жылдар баю Кыргызстанда сакталып келе жатат. Буларга мисал болуп:Бурана мунарасы, Таш-Рабат ,Сулайман-Тоо, Манастын кумбозу жана башка ушул сыяктуу эстеликтер бар.Булардын тарыхыда ото терен. Мисалы Бурана мунарасы . Бул мунура караханийлер доорунда курулуп кылымдарды кечкен мунара ж.б.
Биз билгендей эле Манас атабыздын жети осуяты бар анын бири; Табият менен таттуу мамиледе болуу.
Адам баласы бала остуруп, тарбиялагандай эле, озунун жашоосунда бир бак тигип , остуруу адамдын парзы, ар бир адам озу жашаган ойлана-чойрону жакшыртып жашылдандыруусу керек .
Элибизде жакшыдан бак калат эртен кыямат кайым болсо да, бугун бит бутак сайып кой деген накыл ,насыят создору айтылган. Ар бир адам озу жашаган айлана-чойрону жакшыртуусу, жашылдандыруусу , жашоого кошкон чон салымы болот.
Дуйнонун бир бурчунан орун алган кыргыз жергеси кооз жаратылышы, табигый булактары, менее таанымал. Жада калса колдору, дарыялары менен да атагы алыска кеткен. Жерибиздин абасы таза, суусу тунук, асманы кокмок. Озгочо шаркырап аккан суулары жерибиздин коркун ачат. Бизде эки минге жакын колдор бар, булактар, дары суулар, озондор, дарыялар эн эле коп. Нарын дарыясы менен кыргыз бермети болгон Ысык-Кол жерибиздин сыймыгы болуп эсептелинет. Дуйного белгилуу акыныбыз Алыкул Осмонов:
Коргум келет, коргум келет, мин ирээт,
Айткым келет, айткым келет, суйом деп
Элесимде кол жатпаса шаркылдап,
Ырларымда алда кандай касиет- деген ыр саптарын колго арнап жазган. Биздин мекенде Ысык-Ата, Жети-Огуз, Жаргалан, Жалал-Абад курортторундагы дары суулар адамдын ден-соолугуна чон таасир тийгизет. Бул дары суулар жаратылыштын бизге берген белеги, ыйык нерсеси жана касиети . Ата-бабаларыбыздан келе жаткан "Суу кордогон кор болор, суу сыйлаган зор болор" деген насыят ар бир адам сууну коргоого тийиш дегенди билдирет. Адам учун суудай зарыл нерсе жок , адамзат суусуз жашай албайт. Биздин олкодо суу орбын, ал эми Америка, Африка жерлерде суунун баасы олтынга барабар. Ошондой эле жерибиз ар кандай кен бацлыктар менее данктуу. Элибиздин жер байлыктарын алтын менен баалашат. Алардын ичинен эн керектуусу, эн баалуусу-бул таза суу. Ошондукта "Жеримдин суусу-дары, таштары-алтын " деген соз бекеринен айтылган эмес.
Ошону менен бирге Кыргызстан аймагында ар кандай дары чоптор осот. Дары чоптор элибиздин баа жеткис байлыгы . Биздин олкодо дарылык касыетке ээ болгон:кокомерен, уу коргошун, чалкан, бака жалбырак, арча, кайындын суусу, ит мурун,чекенди, кызгалдак, чычырканак жана башка ушул сыяктуу даары чоптор коп осот . "Осумдуктор омурго даары" дер, элибиз дарылык касиетке ээ болгон чоп-чарларга бай. Алардын бири болгон уу коргошун: бул осумдукту Ысык-Колдун тамыры дер да атап каюшат. Ал коп жылдык чоп осумдугу. Осумдук гулдогон кезде жалбырагы куурап калат. Жалбырактары жылынач катуу болот, гулунун озу кызгылт-когуш тушто. Бул осумдук ар кандай чоптор оскон чарбынды жерлерде , суунун жээктеринде кездешет. Ал Ысык-Кол ороонундо, кыргыз Ала- Тоосунун жантаймаларында осуп, жергиликтуу дарылыкка колдонулунат.
Бака жалбырак:бул осумдуктун ону кочкул-жашыл тусто . Анан тусполу кадимки эле баканы элестетет. Ошону менен бирге ал бака жалбырак деп аталып калган . Ал жолдун боюнда, арыктын жээктеринде , саздак жерлерде осот. Жалбырагы жазы келип, тарам-тарам тарамыштары бар, июнь, июль айларында гулдойт, гулу кубулгондон кийин урук бойлайт. Бул осумдуктун касиети баа жеткис. Кесип же тилип алган жерге бака жалбыракты танып койсо, тез эле айыгып кетет. Курт-кумурска, жылын чакканда анын пайдасы чон. Аны тамак ашка дагы пайдаланышат. Ал ичеге карын оруларына абдан пайдалуу.
Арча:Кыргыздар байыркы убактардан бери эле арчаны абдан баалашат. Анткени, ал абдан бекем жана чыдамдуу жыгыч. Ошондуктан турмуш тиричиликке кенири пайдаланылат. Арча жыттуу, пайдалуу дарак, ал бадал турундо осот. Дайыма кок жашыл болуп жаратылышка корк кошуп турат. Ал мин жылга чейин жашайт. Ал аба тазартуу жана дара дармек учун остурулот. Арча токою Кыргызстандын эн коп болугун ээлейт. Арчанын беш туру бизде кенен тараган. Бадал арчалар олкобуздун бардык токойлорунда кезигет. Арчанын жаш чырпыктарында жана буурчак жемиштеринде май, кант, боемо заттар толтура.
Биз бигендей эле башка олколордо бийик-бийик кабаттуу уйлор бар. Бизде эмне учун андай уйлор курулбайт? Эртерээк курулса жакшы болот эле- десек биз жанылышабыз. Эмнеге легенде бийик-бийик кабаттуу уйлор биздин бийик-бийик тоолорго эч качан тен келе албайт.
Мындан элуу жылдар кийин болсо да, Кыргызстан албетте онугот,гулдойт, осот. Ачылган гулдой жытын алыска таратат.
Биз кыргыз болгонубуздан кийин бир жакадан баш, бир женден кол чыгаралы, улуттар аралык ынтымагыбыз болсун, достугубуз болсун, арыбас мээнет, арыбас билим аркылуу бакыбат доолотко умтулалы, улуттар аралык ар-намысыбыз жана атуулдук ариетибиз болсун, гуманумдуулук, айкол, кечиримдуу бололу жана эн башкысы кыргыз мамилекетин чындап, козубуздун карегиндей сактап, табият менен таттуу мамиледе бололу.
Кыргызстан Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Уч-Коргон окмотунун Кызыл-Жар айылынын Токтогул Сайтылганов отындагы 7-а классынын окуучусу Субанбек уулу Санжардын "Мен кыргыз жеримдин гулдоп -осушун каалайм аттуу дил баяны
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ааламбек кызы Макмал
Дил баян.
«Мен кыргыз жеримдин гулдоп - осушун каалайм»
Кыргыз мамлекетимдин гулдоп осушуно канткенде салым кошо алам деген суроо супер инфо гезитиндеги жарыяны окуган кунумдон башталды. Балким бул жарыя мага окшогон коптогон окуучуларды ойго салгандыр.
Азыркы учурда Кыргызстанда базар экономикасы демек биз осуп келе жаткан жаш муун ушул ойдун тегерегинде ой жугурто баштадык. Мен дагы ошол осуп келе жаткан жаш муундун катарында болгондума байланыштуу ушул ойдун тегерегинде ой жугурто баштадым, себеби мен уй булодогу 6 бир туугандын 5-кызымын, менден чон 3 агам жана эжем, синдим бар. Балким ошолордун таасири менен менде ушундай ойлор жаралып жаткандыр.
Менин биринчи идеям: Биздин айыл Аксы районунун башталыш айылы Кыргызстандагы дениз денгээлинин эн томонку чеги ушул биздин айылдарга туш келип калат, ошого байланыштуу жайында кун аябай ыссык болот, кун ыссык болгон жерде дарбыз аябай жакшы осот, азыркы кундогу Кыргызстаныбызда жайында эн биринчи базарга чыгып жаткан айтылуу Шамалдуу Сай дарбыздары ушул биздин айылдын эли остуруп чыгарат. Мурда пахта жакшы осчу дешет, менин эсимде пахта коп деле калган жок. Азыркы учурда биздин эл дарбызды эн жакшы остуруп, базарга алып чыгып сатып жаткан учуру. Мына ошол дарбыз маалында дыйкандар базарда жакшы отуш учун жана жакшы акча болуш учун остургон дарбыздарынын 6 кг жогоркусун гана алып, андан кичинесин ошол талаада калтырышат. Мына ошол талаада калган дарбыздарды терип аны кандайдыр бир жол менен сок кылып, пакетке куюп «КЫРГЫЗСТАНДА ЖАСАЛГАН» деп чыгарсак бул дагы мамлекетибизге 0.1 пайыз болсо дагы онугушуно салым болмок. Бирок азыркы кундо менде бул ой гана себеби сокту кантип жасайт, кантип сактайт ал нерселерин билбейм. Ал нерсени ишке ашырышым учун мен жакшы окушум керек жана коп мээнет кылышым керек.
Менин экинчи идеям: Биздин айыл Кыргызстандагы эн узун Нарын дарыясынын жанында жайгашкан. Мына ушул дарыябызда мен билген балыктын 2 туру бар. 1-маринка, 2-форель. Мен билгенден форель эн даамдуу жана кымбат балык, мына ушул балыктарды прудда остуруп ал балыктарды консервалап чет мамлектеттерге экспорттосо эн жакшы болот. Ал балыктын осуп чонойушуна толук бул дарыяда шарт бар. 1- суу форель балыгына ылайыктуу муздак, 2- суу таза, 3-балыка жетиштуу денгээлде кислород бар. Бар болгону биз тараптан эмгек жана билим жетишпей жатат.
Мына ушул менин эки идеям мен жашап жаткан айылдын осуп онугуусуно туздон туз таасирин тийгизмек. Ушул ойлор иш жузуно ашса биринчиден адамдар жумуш менен камсыз болмок, экинчиден ал продукцияларабызды экспорттосок башка мамлекеттердин ишкерлери менен алака тузулмок, учунчудон ошол ондурулуп жаткан продукциялардан салык толонмок, Тортунчудон дарбыз талааларыбызга башка чет мамлекеттин жарандарын турист катары чакырып коргозмокпуз (кантип урук отургузганыбызды, кантип аны остургонубузду, кантип аны бышканга чейин караганыбызды). Туристердин келиши менен бул жакта инфраструктура онукмок, элибиздин маданият денгээли которулмок. Ушундай жол менен биздин айылыбыз келечекте онуккон аймакка айланмак, биздин айылдын онугушу бул Кыргыз мамлекетибизге кошулган салым болмок.
Терен урматтоо менен Ааламбек кызы Макмал.
Туулган жылы: 2 декабрь 2000 жыл.
Кыргыз Республикасы Жалал Абад областы, Аксы району, Кум айылы,
№ 32 Орозбай Кочконов атындагы орто мектебинин 9 классынын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абдирайимова Элиза
Тема: Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Кыргызстан тоолуу өлкө.Жаратылышы ,Чыңгыз Айтматовдой улуу жазуучусу,мейман достугу,каада- салты менен дүйнөгө таанымал.Кереметтүү Ысык-Көлү, «Манас» эпосу менен да белгилүү эмеспи.Айтор, айта берсең сөз түгөнбөчүдөй сезилет.Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн бир гана мен эмес,бүткүл кыргыз эли каалайт деп ишенем. Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшү жаш баланын бул жарык дүйнөгө келиши менен барабар. Жаш наристе чоңойгондой, өлкөбүз да эми өнүгүп келе жатат.Мен Абдирайимова Элиза 15 жашка чыгып мамлекеттин гүлдөп-өсүшү үчүн салым коштум деп айта албайм.Себеби бул жашоодо ар бир адам өз кесиби,тили, улуту,жаш наристени чоңойтуп мамлекетке өз салымын коштургудай кылып тарбиялашы, үй-бүлөнү сакташы менен мамлекетти чыңдайт.Ушул сыңары ар бир атуул мамлекеттин гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылат.
Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшү үчүн биринчи ирет мамлекетте болуп жаткан жумушсуздуктарды, коррупцияны жоюу керек эмеспи. Ал үчүн ар бир адам өзүмдүкү болсун деп эмес мамлекетке да болсун дегенде башкача айтканда мамлекет мен үчүн эмне кылды эмес,мамлекет үчүн мен эмне кылдым деген девиз менен жашашыбыз керек.Башка мамлекет иштетип жаткан кен байлыктарды биз өзүбүз иштетсек болмок.Эмне себептен башка өлкөлөрдөн билим, техника,экспорт, айыл-чарба боюнча дыйканчылык тарабынан аксап баратабыз.Бүт бардык тарабынан өнүгүү үчүн бизде шарттар жетиштүү.Кадр маселеси чечилсе,билим деңгээлинен жана башка бардык тараптан өнүгөбүз.
Мен келечекте кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүнө ишенем жана өз салымымды кошомун.Урматтуу кыргыз элим бизда башка өлкөлөрдүн калкы сыяктуу биз да кыргыз жерибиздин өнүгүшү үчүн колубуздан келишинче аракет жасайлы.Манас бабабыздай элим-жерим деп жашайлы.Окуганыңыздар үчүн ырахмат!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абдыманапова Айтурган
Конкурска
Мен мекенимдин гүлдөп өсүшүн каалайм.
(Дилбаян)
Ак мөңгүлүү аска- тоолор талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп
Сактап келди биздин ата-бабалар. (Ж.Садыков, Ш.Кулуев)


Мен да ошол ата-бабаларыбыз сактап келген жерибизде төрөлүп, өсүп, окуп жаткан окуучумун. Ак мөңгүлүү аска- зоолор да, миң бир түрдүү эгиндер өскөн талаалар да, элибиздин жаны менен барабар. Анткени кыргыз эли сүйүктүү мекенин кашык каны калганча тышкы душмандардан коргоп бизге табияты кооз жерлерди, дүйнөдө теңдешсиз баалуу маданиятты мурас кылып калтырды. Мен ошол ата-бабаларыбыздын мурастарынын көздүн карегиндей сактап., кийинки муундарга аздектеп өткөрүп берилишин каалайт элем.
Кыргыз эли эгемендик алганга чейин баштарынан не деген окуяларды өткөрүшпөдү. Акыры элибиз азаттыкка ээ болуп башка мамлекеттер менен тең ата сүйлөшө ала турган болду. Бирок, бул эгемендүүлүк жөн гана келе койгон жок. Анын артында тарыхтын тар жол, тайгак кечүүлөрүн басып өткөн элибиздин азаттыкты туу туткан азамат уулдарынын аракеттери жаткандыгын унутпашыбыз зарыл. Тилекке каршы, эгемендүүлүккө жеткенден кийин да бир топ өкүнүчтүү окуялар болуп өттү. Алар көп сандаган нааразычылык жыйындар, жүрүштөр, жол тосуулар жана башкалар. Эсимде мындан беш жыл илгери биринчи класста окуган инимдин көптөн күткөн алиппе майрамы жаз айларында өткөрүлмөк эле. Бул майрамды күн санап күтүшкөн классташтары менен күндө майрамдык кечеге даярданып барышып, бирок, аянттагы митингдерден улам кайра маанайлары чөгүп кайтып келишет. Бул көрүнүш бир нече ирет кайталанып байкуш балдардын эсинде сакталып калды. Ошондо алар өлкөдө тынчтык болбосо, эч кандай майрам болбостугун биринчи классты толук бүтпөй жатып эле түшүнүштү окшойт.
Андан бери бир топ убакыт өттү. Кандай кыйынчылыктар болбосун элибиздин күжүрмөн аракети менен өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү. Ата бабаларыбыз кастарлап сактап келген мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоонун зарылдыгын азыркы мезгилде дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам даана сезе баштадык. Саясаттагы ар кандай терс көрүнүштөрдөн акырындап арылып өлкөбүздүн экономикалык бакыбаттуулугун чыңдоого көңүл бурулууда. Президентибиз А. Атамбаевдин аракети менен «Датка-Кемин» электр чордону бүткөрүлүп өлкөбүз энергетикалык көз каранды эместикке жетишти. Кыргызстандын бүт аймактарын бириктирүүчү Балыкчы-Жалал- Абад жолу курулууда. Нарын дарыясына дагы бир нече ГЭСтерди куруу болжолдонууда. Келечекте кыргыз-кытай темир жолу курулуп калса өлкөбүздүн башка өлкөлөр менен байланыштары дагы күчөйт.
Бүгүн Кыргызстанбыздын желеги Бириккен улуттар уюмунун штаб-квартирасында желбиреп турат. Кыргыз эли өзүнүн маданий мурастары менен дүйнөгө таанылды. Урпактардан урпактарга, муундардан муунга өтүп келген улуу мурасыбыз «Манас» эпосу, үч миң жылдык тарыхы бар ордолуу Ош шаарында орун алган Сулайман –Тоо ЮНЕСКОнун баалуулуктарынын катарына кирди. Спорт жагынан да акыркы учурларда дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багындырган учурлар бир топ. Мен муну менен чексиз сыймыктанам.
Бирок, өлкөбүздө чечилбеген социалдык маселелер арбын. Булар: жумушсуздук жана жакырчылык. Анын айынан өлкөбүздү алдыга сүрөй турган жаштарыбыз бөтөн жерлерде иштеп жүрүшөт. Алардын көпчүлүгү бөбөктөрүн, окуучу балдарын ата-энелерине же туугандарына айласыздан ташташып турмуш кечиришүүдө. Айыпсыз жаш балдар ата-эне мээримине ээ болгулары келишет. Келечекте бизде ири ишканалар, завод-фабрикалар ачылса, алардын баары өз үй-бүлөлөрү менен чогуу өлкөбүздө эмгектенишмек. Жакырчылыкка алып келген дагы бир өкүнүчтүү көрүнүш бул - ысырапчылык. Аш- той, өлүм-житим расмилеринде көптөгөн чыгымдарга учуроодобуз. Ата-энелердин кашыктап жыйган каражаттары чөмүчтөп чачылып жатат. Анын ордуна ошол байлыкты балдардын келечегине жумшоого неге болбосун. Өз салтыбыз өнүгүүгө өбөлгө болсо жакшы болмок.
Бизде баары кең пейилдүү элибиз, кооз жаратылышыбыз, кен байлыктарыбыз бар. Жерибизге эмнени эксең баары өсөт. Жергебизде тынчтык болсо баарына жетишебиз. Менин өлкөм келечекте гүлдөп өнүгүшүн каалаймын. Ал сөзсүз гүлдөгөн өлкөгө айланат. Биз, Кыргызстандыктар гүлдөгөн өлкөдө жашайбыз.


Абдыманапова Айтурган Эрнисовна.,
Жалал-Абад шаары, №1 М. Бабкин атындагы мектеп-гимназиянын
9-классынын окуучусу.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абсаматов Эмир
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм


Мен, Абсаматов Эмир Нурланбекович, Кыргызстандын мекенчил уулдарынын бири катары өз өлкөмдүн келечегинин кең болуп, гүлдөп өсүшүн абдан каалайм жана келечекте Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр менен теңтайлаша ала турган өлкөгө айланышына терең ишенем.
Жергебиздин табияттан берилген кен байлыктарынын молдугу, уюткулуу кыргыз элимдин канындагы кыраакылыгы, жөндөмдүүлүгү, заманбап жашоодо аң-сезими жогорулап, туура жолду тандай баштагандыгы өлкөбүздүн өнүгүшүнө алып келет деп ойлойм. Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу, суусунун жана абасынын тазалыгы чет өлкөлүктөрдү өзүнө тартып турат. Колдон келчү иштерди максаттуу, туура жана таза аткаруу менен өлкөбүздү өнүктүрсөк болот. Ага Кыргызстандын ар бир жашоочусу салым кошуусу абзел.
Мен да келечекте жакшы инсандардан болууну эңсеп, азыртадан аракет жасап, жакшы билим алууга умтулуудамын. Бош убактымды текке кетирбөө үчүн спорттун каратэ-до түрү боюнча машыгам. Азыркы учурда машыгууну көбөйттүм. Анткени, спорттун бул түрү боюнча Эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретүүнү максат кылып койдум.
Мен Жалал-Абад шаарында апам менен жашайм. Учурда бул шаарда жакшы жакка өзгөрүүлөр көп болуп жатат: жол тыгындары токтотулду, спортсмендер үчүн «Курманбек» атындагы стадион оңдолуп, абдан жакшы шарттар түзүлдү. Шаарды четинен кооздоо иштери жүрүп жатат.
Кыргыз жеримдин өнүгүшүнө салым кошуу боюнча азыркы мезгилде менин колумдан келгени – бул өзүм жашаган шаардын жакшыруусуна, таза жана көрктүү болуусуна көмөк көрсөтүү болууда. Ошондуктан, мен тазалоо боюнча ишембиликтерге ар дайым активдүү катышам жана ар кайсы жерлерге акыр-чикирлерди таштабайм. Шаарга көрк берип туруучу дарактарга, гүлдөргө, эстеликтерге жана имараттарга аяр мамиле жасайм. Досторумду жана классташтарымды да тазалыкка, ынтымактуу жана тартиптүү болууга чакырам. «Ынтымак бар жерде ырыс бар» деп элибиз бекеринен айткан эмес. Ынтымак бекем болуп, тартип күчтүү болсо, өлкөбүз сөзсүз өнүгөт.
Мен келечекте сүйүктүү өлкөмдүн гүлдөп өнүгүшүнө көрүнүктүү салымдарды кошуп, эл керегине жараган инсандардан болуп, апамдын үмүтүн актагым келет.
Жалал-Абад шаарында жайгашкан
Р. Азимов атындагы №13-орто
мектебинин 8-б классынын окуучусу
Абсаматов Эмир Нурланбекович

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 13:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Абыл уулу Нурзамат
Дилбаян
Тема: Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Мен, Абыл уулу Нурзамат Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Токтогул шаарында, Токтогул атындагы №1 орто мектебинде 7”В” классында жакшы окуп жатам. Мен мектепти эн жакшы окуп бутуп келечекте Кыргызстандын осуп онугушуно укук-коргоочу адис катары оз салымымды кошкум келет. Азыркы учурда мектептен сырткары комуз жана эркин курошко катышам.
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм, ошондуктан мекенимдин онугушу учун ар бир кыргыз таза иштеп, айылдардын жана дагы эле бут Кыргызстандын жолдоруна асфальт тошолуп, ар бир уйдо бирден техника, свет очпой жана суу токтобошуна ар бир кыргыз салымын кошуш керек деп ойлойм. Жана дагы эле эн чон байлык ден соолук дегендей, медицина борборлорун кобойтуш керек, ден соолук чын болуш учун эн башкысы аба, экология бул нерселерди жакшылап булгабай сакташ керек ошондуктан Кыргызстандын ар бир кочосундо таштанды сала турган ящиктер болушун каалайм.
Жана дагы элди кыйнабаш учун айыл-чарбаларды оркундотуу менен дагы заводдор курулса Кыргызстан алдыга жылат деген ишеничим бар. Кыргыздардын ден соолугу чын болуш учун спорт менен машыгыш керек, ошондуктан спорт залдар, жана дагы ан-сезимдерин жогорулатуу менен, корком музейлер, комуз уйротот турган кружоктор жана китепканалар ачылыш керек.
Азыркы мезгилде илим менен техниканын осуп жаткан мезгили.Кээде телевизордон укмуштуудай машиналарды, уча турган кичинекей самолётторду, вертолётторду корсотуп калат. Бизде дагы Кыргызстанда ошондой техникалар болушун каалайм. Эгерде келечекте биздин тоолуу олкобуздо машиналардын копчулугун уча турган техникалар алмаштырса тоолуу жолдорубузда кочку журуп жолдо кыйналуулар болмок эмес деп ойлойм.Биздин олкобуздун баалуулуктары: таза суулары, арча-карагайлары, ак монгулору туристтерди кызыктырган коптогон жерлерибиз туура пайдаланылып кыргыз элибиздин осуп-онугушуно жана дуйного таанылууга оболго болсо дейм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 00:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: