Суперстан: КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган сынакка келген дил баяндар (Жалал-Абад облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "Азаттык" радиосу уюштурган с

#61 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Кушубек кызы Токтокан
“Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм”
Мен Кыргызстандын жараны, Кыргызстандын атуулу катары Кыргызстанымдын, кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм. Бул ар бир “Мен кыргызмын, мекенимди сүйөм”-деген атуулдун тилеги болсо керек. Мен эмне үчүн кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм. Анткени Кыргызстан- бул менин мекеним, басып өткөн жолум жана келечегим. Мен бул жашоого келгенде жаркырап тийген күн эне мээридүү нуру менен жүзүмдөн сүйүп эркелетип, мекенимдин таза абасы мага ден-соолук берип чоңойтту. Асманда чубалжыган ак-булуттар, не бир сонун кыялдарга жетелеп, нөшөрлөп жааган ак жамгыр жан дүйнөмдү аруулукка бөлөдү. Мөлтүрөп аккан тунук булак мага сулуулукту, улуулукту тартуулады. Ак кар баскан бийик, Ала-Тоолор мен мекенди сүйүүгө үйрөттү. Ушунчалык көөнөрбөс жакшылыкты берген мекеним мени келечекке үндөдү, ушул себептүү мен кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм.
Адамдын адам болушуна өзүнүн чоң салымын кошкон жаратылыштын дагы бир бөлүгү бул табийгаттын төрт бөлүгү. Жаз мезгилин айтсаң жаңы гүл ачкан алма,өрүктүн жыпар жыты буркурап, эл эмгеке киришет. Жай мезгилинде жаратылыш кызыл-тазыл түскө боёлот. Күркүрөгөн күздө кырманыбыз данга толуп, жергебизде токчулук өкүм сүрөт. Ал эми кыш мезгилинде айланабыз жомоктогу жаратылышка айланат. Биздин жергебизде өнүгүүгө төп келген жаратылышта, не бир кооз, жаратылышы кооз жеримдн гүлдөп- өсүшүн каалайм. Кыргызстанда кен-байлыктарда көп, бирок ошол кен-байлыктар мекенибиз үчүн иштетилбей өз камын ойлогон зулумдардын колуна түшүп жатат.
Мен ошол мекенимдин гүлдөп- өсүшүн тоскоолдук кылган кен-байлыктарды уурдаган паракорчу адамдан сурагым келет. Эмне үчүн? Эмне үчүн силер өз жериңерди, өз мекениңерди тунгуюкка сүйрөп жатасыңар? Мекенибиз силерге жаркырап тийген күндү берген үчүнбү? Таза аба тартуулап ден-соолугуңар чын болсун деген үчүнбү, тунук суу менен өмүрүңөргө өмүр кошкондугу үчүнбү? Ата-бабаларыбыз элим-жерим деп эгемен үчүн душмандарга канын төккөн үчүнбү? Эмне үчүн? Айткылачы, силер байлык-мүлк жыйнап не муратка жеттиңер? Теңирибиз бизге бейиштен жер, жаркыраган күн, шылдырап аккан суу, дем алганга таза аба берди. Бизге мындан артык дагы кандай байлык керек. Биз кооз мекенибиз менен сыймыктанып өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсок болбойбу? өлкөбүз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулса дүйнө элдери кандай гана суктанмак. Мен мекенимдин өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулушун, Кыргыз жеримдин гүлдөп- өсүшүн каалайм жана мекеним Кыргызстандын келечеги кен экенине ишенем!! !.
Дареги: Жалал-Абад Областынын, Токтогул Районуна караштуу кызыл- өзгөрүш айыл өкүмөтү.
Союзбек Чекиров- атындагы орто билим берүү мектептин окуучусу,
Кушубек кызы Токтокан
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Маматалиев Медер
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”.
Кыргыз эли жашаган Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет. Мен ошол кыргыз элинин бир жараанымын. Кыргыз эли илгертен мекендеп келген өз орду, очогу бар. Көчмөн турмуштан өсуп-өнугуп отуруп бугунку жашоого жеттик. Кыргыз элимин жашоосу жаман эмес. Бийик тоолорубуз, кенен жайыттарыбыз, дары сууларыбыз толуп-ташкан кен байлыктарыбыз, кереметтуу көлүбүз, мүрөк суусундай дарылык касиетке ээ болгон курортторубуз бар. Мына ушуларды туура пайдалануу өсүп келе жаткан биз өңдүү жаштардын колунда. Кыргызстандын жана кыргыз элинин өсүп-өнүгүшү үчүн жаштардын жети осуятын сунуштамакчымын: 1. Эмгек ордун көбөйтүү. Кантип? Сырттан келген инвесторлорду тартып, проекттер менен иштеп, завод- фабрикаларды куруу. 2. Коррупцияны жоюу. Кантип? Корупция- биздин өлкөдө эң чон маселе. Эгер коррупцияны жойобуз десек биздин мамлекет башында турган жетекчилерибиз адилеттүү, чечкиндүү болсо, өзүнөн кийинки турган адамдарга үлгүлүү болсо, ошондо гана жоюлушу мумкун. Биздин өлкөдө бардык иш-каналарда, мекемелерде аябай көбөйдү. Паракорчулукту жок кылса, тартип бекем болсо, ошондо гана коррупция жоюлушу мумкун. 3. Экономиканы көтөрүү Кантип? Биздин өлкөдө кен байлыктар аябай көп. Мисалы: алтын, суу. Өндүрүлүп алынган алтынды кыргыз эли өзү иштетип, аны туура пайдалануусу керек. Курортторду, дары сууларды пайдалануу учун биринчиден шарт түзүү, экинчиден түшкөн акчаны мамлекет туура иштетсе, экономиканын өсүшүнө жардам берет. 4. Сырткы миграцияны азайтуу. Кантип? Биздин көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө иш издеп чыгып кетип жатышат көбү алданып кулчулукка сатылып кетип жатат. Ошондуктан өзүбүздүн эле өлкөгө ири ишканаларды куруп элдерди жумуш менен камсыз кылсак гана азаят. 5. Биримдик, адилеттуулук ар бир жарандын аң сезимименен орун алышы зарыл. Кантип? Биздин мектепте ондон ашык улуттун балдары бирге окуйбуз. Мисалы, орус, кыргыз, турк, курд, татар өзбек жана башкалар. Баарыбыз кыргыз тилинде билим жана тарбия алабыз. Ынтымактуу жүрөбүз. Улутка бөлүштүрүү, кемсинтуу, балдар ортосундагы тирешүүлөр жок. Мектептер арасындагы, жаш муундар ортосунда көп келишпестиктер болгонун угабыз. Жаш муундар өлкөнүн баласы жаралгандан бери бир нерсеге умтулуп жашайт. Кичинекей кезинен жакшы тарбия алып ыйманду болсо, ал адамдын жакшы сапаты. Алгач адам баласы өзүн сыйлоосу керек. Өзун сыйлаган, озунун жакшы жана жаман жактарын ажырата билген адам бирөөнү сыйлай алат. 7. Мектеп окуучуларына терен билим алуу менен бакубат жашоого жетүүгө болорун түшүндүрүү. Кантип? Бала мектептен билим алат, өз алдынча да көптү үйрөнүүго болот. Сабак даярдоо, күнүмдүк сабактарга үзгүлүксүз катышуу, мугалимдин айтканын аткаруу менен терен билим алабыз. Алган билимибиз аркылуу келечекте бир кесиптин ээси болууга умтулабыз. Жогорку окуу жайларда окуйбуз. Алган билимин биздин турмушта колдонобуз. Жакшы окуган окуучу, ишти да жакшы иштейт. Иштөөнүн жолдорун табат. Ак эмгеги, сүйгөн кесиби аркылуу акча табууга, бакубат жашоого болот.
Бардык нерсени адам өзүнөн баштоосу керек. Мен сунуштаган жети осуятты жаш достор, сен жана мен, бирге турмушка ашырсак, кыргыз эли өсүп өнүгөт. Мен кыргыз элимдин, Кыргызстандын өсүп өнүгушүн каалаймын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мансурбекова Перизат
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Биздин мамлекет адыр тоолуу, жашыл айланасы менен, улуттук кийимдери, ак калпактары менен ошондой эле улуттук музыкалык аспаптары менен айырмаланат.
Мен быйыл 7-класста окуп жатам. 11-классты бүткөндөн кийин мен кайсыл кесиптин ээси болсом деген ой менен жашап келүүдөмүн. Биз азыр эң сонун заманда жашап жатабыз, окуганы бардык шарттар бар. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон соң өзүнүн эли жакшы жашашына бардык күчүн жумшап жатат.
Мен журналдардан чет өлкөлөрдөгү эс алуучу курортторду,
телевизордон “Дүйнө жүзүнө саякат” деген көрсөтүүсүнөн аябай кооз, көрктүү өлкөлөрдү көрөмүн. Алар Франция, Италия, Испания, Германия, Америка, Турция ж.б.
Сингапурду журналдардан, телевизордон көргөнмүн, аябай сонун жомоктогудай шаар экен. Анын кооз кең бактары, асманга умтулган үйлөрү, көптөгөн оюн зоок аралдары. Ушунун баары андай деле чоң эмес шаар-мамлекетте жайгашкан экен. Сингапурда бардыгы, бул шаар-аралы гүлдөп өсүшүнө курулгандай.
Мисалы, Байлык фонтаны акча чогултканы жардам берет. Ал адамга да финансалык ийгилик белек кылганы даяр. Болгону оң колуңду сууга салып үч жолу фонтанды саат жебесинен артка басып өтүшкерек. Эң негизгиси – тилегиңди айтышкерек!
Бийиктиктен айлананы көрөтурган Singapore Flyer дөңгөлөгү бар. Айнектүү кабинага отурсак жарым сааттын ичинде ушундай бийиктикке көтөрүлөт экен, Сингапурдун өзү, айланасындагы аралчалар, Малайзия да көрүнөт экен.
Байлыктын жана ийгиликтин символу Raffles мейманканасы. Бул мейманкананын өзүнүн ойлоп тапкан суусундугу (коктейли) менен өзгөчөлөнөт. Дагы бир өзгөчөлүгү суусундуктарды ичетурган жайда жаңгак чагып жеп, сыртын полго таштаса болот экен. Сингапур боюнча бир гана ушул жерде айып акча салынбаса керек. Калган бардык жерде кичинекей фантик колуңан түшсө да айып акча төлөнөт экен.
Сингапурдун центринде Ботаникалык бак жайгашкан. Аянты 101га, 250миңге жакын аз кездешүүчү өсүмдүктөр өсүшөт. Лианалар жана бейиштегидей гүлдөр, бирок баарынан колдо жасалып, асманга чейин өстүрүлгөн укмуштуудай бийик дарактар эсиңди оодарат. Алар аябай кооз, айрыкча кечинде, светтери жанып баштаганда. Дагы алар функцианалдуу экен: жамгырдын суусун чогултуп, күн энергиясын пайда кылып, электр тогун алышат экен.
Сингапур жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт. Өзүңдү башка дүйнөдө, жомокто жүргөндөй сезет экенсин. Менин оюм боюнча Кыргызстан да келечекте ушундай мамлекет сыяктуу өсүп, гүлдөйт. Ал үчүн биздин коом бардык күчүн жумшаш керек.
Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалаймын. Кыргызстанда турисстер келип, суктануу менен көрүп, ойногону, эс алатурган жайлар көп курулса экен. Мисалы: турдүү айбанаттары бар зоопарктар, музейлер, цирктер, оюн зоок жайлар, ошондой эле бийик тоолорубуз жакта кышкы эс алуучу жайлар, шаарларыбызда Дубайдагыдай фонтандар, кооз бийик курулуштар, эки ярустуу жолдор курулса экен, айылдарда ар бир үйдө таза суу, газ, интернет болсо экен. Президентибиз Алмазбек Атамбаев жана премьер министрлер менен депутаттар Кыргыз жеримди өнүктүрүп, гүлдөй өстүрүшүн каалайм.
№77 Т.Байзаков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 7-“Б”кл. окуучусу
Мансурбекова Перизат, Сузак району.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Медербекова Асылзат
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Мен, Медербекова Асылзат Муратбековна 10-ноябрь 2003-жылы Токтогул районунун Уч-Терек айылында туулгам. Азыркы учурда айылыбыздагы М.Нургазиев атындагы №29 орто мектептин 6-А классында окуймун.
Жакында эле уй-булообуздун суйуктуу газетасы Супер-инфого жарыяланган «Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм» аттуу дил баяндар сынагын окуп калдым жана темасы да мага жаккандыктан озумдун дилимдеги баянымды сиздерге сунуш кылам:
Мен, кыргыз жеримдин гулдоп осушун, онугушун чын журогумдон, мамлекетибиздин кичинекей жараны катары самап келем. Анткени кыргыз элибиз осуп-онуксо, гулдогон мамлекетке айланса, биз да жакшы жашап, жашообуз онолмок. Ата-энемдин жумуштары жакшы болмок. Кыргызстанда балдардын баары бактылуу болуп, кулуп журушмок. Ар бир уйдо уруш-талаш болбой азайып, ынтымак орномок. Жалпы эле бийликтегилер элди алдабай таза иштешсе, кызмат талашып элди болуп жарбай ынтымактуу болушса, мамлекетибиз гулдоп-осуп онугот эле. Мындан сырткары менин атам айткандай бийликтегилер элдин жашоосун женилдеткен, ишкер адамдардын ишине колдоо корсоткон туура мыйзамдарды чыгарышса, албетте жерибиз гулдоп осмок. Мага атам ушундай акыл насааттарын коп айтат. Анткени атам озу да коомдук активист. Айылдык кенештин депутаты, кесиби боюнча юрист. Мен да келечекте атамдай болуп кыргыз элимдин гулдоп-осушуно салым кошкон ой-чабыты кенен адам болуп чонойсом дейм.
Конул бурганыныздар учун чон ырахмат.
Медербекова Асылзат Муратбековна
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мирлан уулу Ринат

Мен Кыргызстандын гулдоп осушун каалайм.
Саламатсыздарбы менин атым Ринат, мен 12 жаштамын жана Кыргызстан менин олком. Кыргыз жериин башка жерге салыштырганда ажайып кооз жер, абасы таза, суулары тунук, таза жана даары. Ак карлуу тоолору бийик, таштары алтын сонун жер. Тоолорунда карагай, арча, кайын ар турдуу бак-дарактар коп. менин айылымдын жанында Чычкан капчыгайы жайгашкан. Жайындамен уй-булоом менен Чычкан капчыгайына барып эс алабыз. Анткени, Чычкандын табияты, дарыясы абдан чон жана узункарагайлары абдан суктандырат. Бирок аябагандай чон Чычканда бир да жакшы эс алуучу жай жок. Мен телевизор коруп жатканда дайыма жарнамадан аябагандай кооз эс алуучу жайларды кором. Ошондой эс алуучу жайдан бироону гана курушса, мамлекеттин онугуусуно чон жардам болгон.
Кыргызстанда ар турдуу жапайы жер-жемиштер коп осот. Мисалы: Токтогул району боюнча биздин айылыбызда гана кымыздык, чукури жана согон осот. Менин оюмча бул жапайы осумдукторду кобу билбейт бирок,алар абдан пайдалуу. Чукури менен кымыздык таттуу даамга ээ. Бул эки осумдук, жеген адамдын омурун узартат. Ошондуктан, жарнама берсек туристтер келип биздин айылдаштарга жакшы болмок. Кыргызстанда аябай жер коп, бирок аны иштеткен адам жок. Мисалы, менин айылымдын жээгинде донсо жерлер коп. Мен уккам жузумдорду ошондой жерлерге отургузат деп. Отургузушса абдан зор тушум алышмак, ал тушумдордон суусундук жасашмак. Кыргызстанда ушундай нерселреди жасасак онукмокпуз. Аны учун биз жакшылап уйронушубуз керек.
Кыргызстандын кооздугун, коркомдугун ар кандай ырларга чагылдырууга болот.
Кыргыз жери.
Желбиреди кыргыз туусу,
Манас атам сактаган.
Улуу Чынгыз тааныткан,
Кыргыз жери кылымдарды карыткан.
Кок тиреген тоолору,
Тоодон аккан суулары,
Кыргыз жери тоолордун мекени.
Бул ырда Манас атабыз сактап келген кыргыз жери аска-зоого, кыргыз жери тоолорго бай экенин баяндайт.
Оз мекеним душмандарга алдырбай,
Ар намысты эстен дайым чыгарбай,
Эр журок кыргызымдын жигиттери
Эл журт учун курошкон жан аябай.
Бул ырда Кыргыз элин сактап кыргыз деген атын чыгарган жигиттер жонундо жазылат. Илгерки убакта жигиттер согушуп, эрдигин корсотуп, жер басып Кыргызстанды кучу менен онуктурсо, азыр биз акылыбыз менен онуктурушубуз керек. Анткени азыр илгеркидей согуша албайсын. Кыргызстанды ар бирибиз онуктуро алабыз. Онуктуруш учун биз азыртадан баштап окушубуз керек. Жакшы окуп, билимибиз абдан зор болсо биз Кыргызстанды онуктуро алабыз. Бирок бизге кичине гана туртку керек. Мисалы, шаардагыдай айылдарга тил курстары, курош секциялары, бокс секциялары ачылса бизге абдан туртку болмок. «Ааламга жол айылдан башталат» - деген соз бар. Ошондуктан айылдарда кобуроок курстар ачылса, балдардын ан-сезими осмок.Айылдарда таланттуу балдар коп. Телевизордон Россия каналында «Синяя птица» деген программа бар. Россиянын баардык жагынан балдар келип катышышат. Айылдын балдарына жардам болсо, биз да катышат элек. Бизге билим керек. Мен бир нерсени уйронсом, мен айылдаштарыма уйротот элем.

Мирлан уулу Ринат
Туулган жылы: 16.09.2003
Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара-Жыгач айылы.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мойдунова Бурулсун
Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп-ѳсүшүн каалайм
Менин мекеним - Кыргызстан. Кыргыз жери кѳңүлүңдү кѳтѳрүп, жан дуйнѳңдү жандандырган кереметтүү ѳлкѳ. Мен кыргыз жеримдин гүлдѳп ѳнугүүсүн каалайм. Азыркы убакта техника күчѳп, адамдар жалкоо болуп баратат. Ар бир кыргыз жараны ѳз мекенине аз да болсо салым кошсо, кыргыз жери ѳнүгѳт. Озүбүзгѳ белгилүү болгондой, биздин коңушу мамлекеттерибизде согуш болуп жатат. Бул туура эмес. Баарыбыз бирдиктүү болуп, ынтымакка келели, ошондо гана заманыбыз ѳнүгүү жолунда болот.
Кыргыз эли жана мен ар убак тынчтыкты каалайбыз. Мен Кыргызстанда согуш болушун каалабайм. Биз ынтымактуу жана Манас атабыз айткандай «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак», бизди кѳргѳн башка чет ѳлколѳр бизден үлгү ала алышат. «Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот» деп Искак Раззаков агайыбыз айткандай, ѳлкѳнүн ѳнүгүүсу ѳзүбүздѳн башталат. Биз коомдук жайда этиканы сактап, улууну урматтап, кичууну ызаттап, кары адамдардын батасын алып, алдыга карай умтулалы. Айланага коз салалычы. Кандай гана кереметтүү жер, абасы таза, сууга мол, бийик-бийик аска тоолор, кооз-кооз жайлоолор бар. Бизге Алла Таала эн сонун жерди белек кылган. Мына ушуну дагы да ѳнүктүрүп, ѳзүбүздүн мектептерге, чоң окуу жайларга, кочѳлѳргѳ, ишканаларга, үйүбузгѳ бак-дарактарды отургузалы. Ата-энелерибиз бизди эң жакшы окуп, бир кесиптин ээси болуп, кыргыз жеринин ѳсүп-ѳнүгүүсунѳ салым кошкон уул-кыздардан болсун деп тиленишет жана шарт тузуп беришет. Ал эми эр азматтарыбыз мекен чегинде ар дайым кызмат кылууга даяр болушат. Биздин депутаттарыбыз жана президентибиз ак эмгек менен, ак жол, адал иш кылып, чындыкты суйлоп турса, кыргыз жери ѳнүгүү жолунда болот. АК ЖОЛ САГА КЫРГЫЗСТАН! !!
Бул ырымды Кыргыз жериме арнаймын:
Кыргыз жери кереметтүү касиет,
Кыргыз эли меймандостуу келишет.
Башка ѳлкѳ кѳрүп кѳзу тойбойт го,
Кыргызстан сулуулукка теңелет.
Урпагыбыз Манас ата баштаган,
Уулдарыбыз Теңир Ата жараткан.
Түбѳлуккѳ ѳчпѳс болуп ар дайым,
Түгѳнбѳйлү кыргыз эли эч качан.
Онугѳ бер кыргыз жери дагы да,
Сен кыйналсаң, биз турабыз жаныңда.
«Кыргыз» деген улуу рухту ѳчурбѳй,
Кыргызым деп журѳк соксун ар дайым.
«Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны ѳчурѳ албайт тарыхтан! »
Мойдунова Бурулсун
Жалал-Абад шаары,
№4-мектеп- гимназиясы
8-Б классынын окуучусу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

ХАНКЕЛДИЕВ Абулфайзхон

«Я хочу, чтобы мой Кыргызстан процветал»

Для конкурса

Мир, дружба и развитие!

Я живу в очень необычной, прекрасной стране Кыргызстан, где каждый день светло и весело. Столица Кыргызстана замечательный цветущий город Бишкек. Богат мой Кыргызстан природой и чистым воздухом, ореховыми лесами, которые даже на мировой рынке имеют свою ценность. Просто изумительная природа у нас. К нам в Кыргызстан приходят даже гости со всех стран, чтобы увидеть нашу богатую культуру и республику. Моя родина Кыргызстан дорогая, важная, драгоценная горячо любимая страна. Кыргызстан страна больших возможностей. Моя родина Кыргызстан это для меня честь. Не только мне и всех других Кыргызстанцев.

Кыргызстан многонациональный страна. Там живут более 80 национальностей, 6 миллион людей. Они считают Кыргызстан свой родной страной. И в правда так! Они любят свой родной край! Как бы они улучшает свои дома, и так они должны развивать свои родной страну Кыргызстан. А что бы его развивать, нам надо быть мирным и дружным! Уважать друг друга! Все нации, которые живут в этом стране, должны быть дружным, с чисто-сердичным. И тогда наша республика может развиваться. И только этим можно прекратить не понятий среди нации ситуации как 2010 года. Это история должно быть примером всей нации.

Я учусь 8-«Г» класса, на русском группе. Я люблю свой родной язык и также в русский и государственный язык. Узбекский классический поэты Алишера Наваи, Захриддин Мухаммед Бабур как люблю их, и также люблю русский и киргизский поэты Алыкула Осмонова, Александр Сергеевич Пушкина и т.д.

Когда я вырасту, буду писателем как Чингиз Айтматов. Он был писатель, литературовед и чрезвычайный посол Киргизский Республики. Я тоже постараюсь как этот. Для этого мне надо хорошо учиться и знать много зарубежный языки. Поэтому я учусь с отличием в школе. Я часто участвую в многих культурных мероприятии. Умею петь Манас. Я стараюсь учиться в религиозных учений. Уже 2 года участвую мероприятию «Мавлюд» день рождение пророка Мухаммед саллолоху аллайхи вассаллама. Кроме этого в этом году участвовал 2 конкурса про религии, Муфтията КР и РФ, «Пайгамбаримизни якиндан танийлик» и «Пророк».

Как я знаю свой родной язык, и также знаю киргизский и русский языки. Данной время я изучаю англиский язык. После урока я пойду районную библиотеку, дом культуру и центр молодежи. Здесь много друзей другие нации.

Я тоже добавил свою услугу в Кыргызстан. Я переводил киргизские сказки на узбекский язык. И у меня в прошлом году вышло первое книга «Киргиз халк эртаклари» («Кыргызские сказки»). Я надеюсь, что я заслужил моей стране. Мы будущее нашей любимой страны Кыргызстан. Вот какой мой Кыргызстан мирный, свободный многонациональный. Разве можно не любить такую страну? Его развитие в наших руках. Мы юноши для развития Кыргызстана надо хорошо учиться и должны выбирать свою любимую профессию. «Мы знаем, что великие профессора, и ученые когда то свое время были учениками, если у них получилось и у нас тоже получится» (Джоан Роулинг).

Мы должны верить, что Кыргызстан будет самым развивающим страной в мире. Потому что наша республика – райская страна. Оно известно величайшими горами, пресной водой, бесконечными фруктовыми и ореховыми лесами, святыням. Драгоценными камнями и плодородная почва. Самый главный трудолюбивый народ. Мы должны увеличит промышленность. Например: данное время наших орехов в качестве сырья частное предприниматели экспортируют за рубежом. Они обратно продают к нам в виде сладости. Если это сделаем сами, тоисть обрабатываем, то тогда людям создаются рабочие место. Развивается экономика. Наши граждане не будут покинуть свою страну искав работы за рубежом.

Я живу в деревне. Сельские люди работает в огороде. Но не хватает денежная средства. В религии говорят процент – грех. Поэтому большинство людей не возьмет процентный кредит. Если государство даст людям без процентный кредит или ссуда они сделают теплицы. Вот тогда целый год люди деревни обеспечиться рабочие место и начнётся развития.

Нашу страну можно развивать под туризму.

Я слышав объявление радио «Азаттык» и узнав, что победившие конкурсантов пойедит в Малайзию. Я заинтересовался страной Малайзии. Страна Малайзии самый развивающейся экономикой, богатых и развитых стран среди развивающихся — к Новым Индустриальным Странам. Очень красивый страна в мире. Я узнав что Малайзия очень такая страна богатая. После этого я очень хочу увидеть Малайзию своими глазами. И надеюсь что вы даёте мне путёвку на Малайзию. После путешествие когда я вернусь расскажу и буду писать об этом.

Жалал-Абадский область, Сузакский район, сш. им. Мубарак Юсупова. 8-«Г» класса.




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Муса кызы Ханзада
Мен Муса кызы Ханзада Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда 2000-ж ,22-июнда туулгам. Дилбаян: Кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм. "Туулган жердин топурагы алтын" деген макал бекеринен айтылбаса керек.Ар бир адамга озунун туулган жери алтын сезилет. Эч бир нерсеге тен келбейт. Мекенибиз Кыргызстан жерибиздин жаратылышына, сулуулугуна суктанып буто албайсын. Таштан-ташка урунуп аккан суулары, молтурогон таза булактары, торт жагынан курчап турган бийик тоолору, ажайып адамды суктандырбай койбойт. Кыргыз элибиздин ынтымагы, мейман достугу, эзелтен бери келе жаткан каада-салт, урп-адаттарыбыз менен, динибиз, тилибиз менен башка элдерден айырмаланабыз. "Кыргызды Манас сактаган, Манасты кыргыз данктаган" демекчи. Кыргыз элибиздин эл болуп, жер болуп, озгочо бир улут болуп калганына Манас бабабыздын мээнети айтып буто алгыс. Себеби оз улутун, мекенин болсо, бул бир бакыт. Кыргыз Республикасынын экономикасын, маданиятын салттын, тилин, демократиясын онуктуруп остуруу биздин колубузда. Мекенибизге салым кошуу жаштардын билимдуулугуно коз каранды. Кандай гана адам болбосун оз мекенине салым кошуу учун эмгектенишет. Билимдуу адамга тун да жарык. Билимин болсо кай жерде болбогун кор болбойсун. Мен бул жашоомдо Кыргыз элиме, жериме салым кошкон улан-кыздардан болгум келет. "Тамчыдан кол куралат" дегендей. Олкобуздун онугушу тамчы сыяктуу куралып, бир бутунду, ажырагыс мамлекетпиз. Азыр заман кундон кунго онугуп, жаны ачылыштар ачылуу да. Кыргыз элибиз да заманбап онугудон артта эмес. Мекен учун жан аябаган инсандар Искак Разаков, Касым Тыныстанов, Торокул Айтматав булардын эмгеги баа жеткис. Биз кийинки муундар бул инсандардан улгу алып, Кыргызстанга ак эмгек синируу биз учун милдет. "Манас бабабыздын жети осуятынын биринде айтылгандай "Кыргыз мамлекеттин чындоо жана аны коздун карегиндей сактоо" бул осуят азыркы жаштарга тарбиялык мааниси зор. Кыргыз Республикасы 1991-жылы эгемендуулукту алгандан бери, онугуго жол ачып баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Мухтаралиев Нурбол
Кыргыз жеримдин гулдөп өсушун каалайм


Биз өткөн тарыхыбыз жөнундо окуп уйрөнуп кыргыз элибиздин басып өткөн жолу кыйынчылык менен өткөнун билебиз.Кыргыз эли ошол катаал турмушта даөзунун каада салттарын жоготпой ,азыркыга чейин да даӊазалап келуудө.Биздин кыргыз элинин башынан нелне гана өтк жок.Улуу кыргыз элин,жерин сактап калуу учун Манас атабыздай,Курманжан энебиздей Тайлак баатырдай журт башчылары тарыхта издери калууда.Кыргыз жери кандай керемет кооз жер.Кыргызстанжети облуска бөлунуп турса дагы ар бир өзгөчөлугу ,килиматтык шарты менен бири биринен айырмаланып турат.Баткен аймагы төгулгөн өрук заары,Ош аймагы аппак пахта талаасы,Жалал Абад аймагы Арсланбаптагы жаӊгак менен,Нарын аймагы көк асман тиреген Теӊир тоосу,Талас аймагы жер жайнаган фасолуменен, Ысык-Көл көгултур көлу менен,Кеӊ чуй аймагы айнаган жемиши менен мактанышат. Кыргыз жери кооздугу сонун,көз жоосун алган жаратылыштуу толорго,буркут шаӊшып уялаган аска сы бийик зоолору ,карагай чер токойлору,мөлтурөп аккан тунук булак,сууларга бай.Биздин жер ар турдуу кендерге бай. Мен өзумдун жерим жөнундө мактансам,Тогуз- Торо району тогуз тжагынан тоолор менен курчалган.,оӊ жагында айтылуу Манас атабыздын сыры катылган Жылаӊач Бугу тоосу,сол жагымда алтынын каткан,кыргыз элин баккан Макмал тоосу,төр жагымда Саймалуу таш төру жатат.Жылаӊач Бугу тоосу жөнундө уламышта каныкей энебиз манас ата быз өлгөндө сөогун ушул тоого алып келипарчага ороп көмдургөн деген сөз бар,мен ушуга ишенем себеби менин айлым жакта Манастын оозу деген Нарын дайрасына жакын аска зоо бар ошол жерде жылаандар коп адамдар бара алышпайт. А.Атамбаевдиндемилгеси менен биздин айылды аралап улуу жол тушуп ,салынып жатат. Бул жол бутсө буюрса Саймалуу Таш менен Жылаӊач Бугу тоосуна атайын турисстик базаларды курса жакшы болмок,жаштын тилегин берет дейт,мен чоӊойсомменин айлымда тунук сонун булактар ,шаркырап аккан тоодон тушкон суулар бар .Бирок аны пайдалана албай жатабыз .Мен буюрса чоӊойгондо ата-энем менен балык чарбасын уюштурам да элиме пайда келтирем.Анан дагы бир ойлогон планым баардык жерде баклашканын, салапан баштыктар жайнап жерибизди булгап жатат.эмне учун чондор ойлонушпайт, ушуларды иштетип завод курушса болот эле.Жайкысын жайлоолоргр эс алаганы барабыз малдар көп жаратылышты талкалап жатышат,бир да жайлоодон карагай же бак тигип коёлу деп эч ким ойлонбойюУшулар жөнундо көп ойлоном ,мен Макмал орто мектебинде 7-классында окуйм, быйыл мектептин туштөн кйинки сменага президент болуп мектептин парламентинде шайлангам.Буюрса жазда мектептин айланасына ,Жеентай Кыдыров атындагы паркк атайын карагай арча,бак дарактарды тиккени балдарды уюштурайын деген оюм бар.Бак дарактар к болсо айланадагы чаӊдарды,жыттарды сооруп адам жашоосуна жакшы таасир этет.Корука алынган жерлер көп биз жакта ошолорго да жакшы көнул бурабыз.Мектепте уюштургуч окуучулар көп.мен алар менен тил табыша алам бул ойлорумду ишке ашырам деп ойлойм келгиле чогуу Мекенибиздин гулдошу учун аракеттенишибиз керек деген девизди кармайм, мен парламентте бул сунушту киргизип жатам,бул сунушту парламент да колдоп жатышат.Мектепте парламен атайын «Чычырканак ден соолукка пайда өсумдук» деген темада атайын лекция окууларды отуп жатабыз,азыркы ишибиз кыш мезгили отун даярдоо мезгили келип, токойлордогу чычырканактарды кыйып жатышат,аларды жаратылышты коргоо комитетери менен чогуу тушундуруу иштерин жургузуп жатабыз,Бул да аз болсо да жерибиздин гулдошуно кошкон салымыбыз деп ойлойм,
Жазган : Жалал-абад областы,Тогуз- Торо району,Макмал орто мектеби 7-классынын окуучусу Мухтаралиев Нурбол Мамадиярович
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Назарова Атыргул
Кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм.
Албетте, кыргыз жеринде жашап жаткан кандай гана улут болбосун Кыргызстандын гулдоп осушун каалабай койбосо керек. Бирок каалоо менен гана баардык эле койгойлор чечилип калса кана.
Кыргыз эли нечен кылымдар бою олбос-очпос эрдиктерди корсотуп, эл-жерин коргоп, тайманбай кызмат кылып келишуудо. Бирок,беш кол тен эмес дегендей кызмат ордунан баары эле калыс жолдо колдоно беришпейт. «Коррупция» деген нерсе Кыргызстанды гулдоп онугуу жолуна бут тосууда. Эгер биз коррупцияны жене билсек, ага каршы курошо алсак, Кыргызстанда коптогон озгоруулор болот. Биринчиден окуу денгээли которулот. Кыргызстан боюнча жылына 233600дон ашуун студент окуу жайын бутурсо, алардын 100мин студент сырттан бутуруп диплом ээси болот. Булардын арасынан билим беруу тармагына 8,8мин студент, экономика тармагына 8,1мин студент, техника илимдер тармагына 5,9мин студент, юриспруденцияга 3,5 студент окууну аякташууда. А калган ичтен бутургондору оз кучу менен окугандары чанда кездешет. Мындай окуунун кимге кереги бар? Алар келечекте татыктуу бир кесиптин ээси боло алышабы? А бул суроолорго ким жооп берет? Кыргызстандын келечегин ким ойлойт? Ошондуктан бул маселени чече алсак, Кыргызстан онугуу жолундагы алачкы кадам болуп эсептелет деп ойлойм.
Албетте, кийинки кадам жаштарга таандык болгондугу макул.Себеби келечек жаштар колунда эмеспи. Андыктан жаштар айтканынан кайтпаган, тайманбас, чындыкты бетке айта билген, чынчыл болушса коррупцияны да, жолду тосчу башка кучторду да жене билишет. Ушул сапаттар жаштардын журогунон бекем орун алган болсо, алар келечекте жаны бир ишке бел байлоодон артка чегинишпейт, бул иштен майнап чыгуусу кумон деп коркуп олтурушпайт. Максатына жетууго ишенишет жана кун-тун дебей мээнет кылышат. Бирин-бири коруп ошол нерседен оздоруно тыянак чыгарышат жана биринчиси кетирген катаны экинчиси кетирбоого аракет кылат.
Кыргызстанда туризм тармагын онуктуруу жемиштуу болот. Себеби, жергебиз кандай гана кооз жерлерге бай. Чалкып жаткан Ыссык-Кол, кооздукта тенсиз Сары-Челек, Чатыр-Кол, 3000 жылдык тарыхка ээ, асман тиреген Сулайман-Тоо, жайы-кышы жапжашыл арча токойлорубуз ээ койчу айта берсен тугонгус. Ушундай кооз олкодо туризмди онуктурбосок уят эмеспи. Ал жерлерде улуттук боз уйубузду тигип, улуттук аштарыбызды жасап келген туристерге озубуздун маданий мурастарыбызды корсотуп жагымдуу эс алуусуна шарт тузуп берсек, келген коноктор учун да, жергиликтуу калк учун да, мамлекетибиз бюджетке да чон пайда келтирет. Жеке озум да туризм тармагын аркалап, бул тармакты онуктуруу жолуна озумдун салымымды кошсом деп энсеп турган кезим. Бул тармакты онуктуруу жолунда дуйнолук тил болуп эсептелген орус, англис ж.б. тилин билген жаштар зарыл. Мына ошонтип жаштар да иш менен камсыз болот. Ушундай кооз жерибиз тууралуу, ак монгулуу тоолорубуз туралуу, молтур булактарыбыз тууралуу нечен акын ыр жазбады? Канча деген жазуучулар роман, повесть жазышпады? Мисалы Алыкул Осмоновдун томонку ыр саптары эске тушот:
Тууган жерим ата-журтум бир боорум,
Мен озундун гул багында торолдум.
Заманындын мен ырыстуу акыны,
Дарбыз, коон, жузуму бар короондун.


Ата-Журтум, тууган элим, мекеним,
Жан кубатым, суйгон жерим секетим
Тоо-ташындын, турпагындын, суундун.
Мен корбодум пайдасы жок бекерин.
Эн манилуусу Кыргызстандын ар бир жараны «Кыргызстан мен учун эмне кылып берди?» деген суроону озуно бергенден коро, «мен Кыргызстан учун эмне кылып бере алдым?» деген суроону беришсе жана суроону канааттандрарлык жооп таба билишсе, Кыргызстан тез арада онуккон капиталисттик мамлекеттер катарына кошулат деп терен ишенем!
Кыргыз деп келгем дуйного
Кыргыз деп отом дуйнодон
Назарова Атыргул Тыныбековна
Жалал-Абад обл. Базар-Коргон рай.
Ж. Боконбаев атындагы гимназия-жатак мектеби


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нуралиева Сезим
Кыргыз жеримдин осуп онугушун каалайм.
Дуйно жузундо мин деген туркун улут,туркун эл жашайт эмеспи.Алардын кээ бири мээ кайнаткан ысык чолду мекендешсе, кээси борошо кары сапырылган, ак бурганак аймактарда жашашат.Ал эми койколгон кок ирим колу бар,белден буралган бетеге чобу бар,асман тиреген бийик-бийик тоолордун,ак монгулуу аска зоолордун,таза аба,молтур,тунук суусу аккан,коргон адамдын коз жоосун алган жаратылыштуу жердеги,токоюнда аркар,кулжа, элик,илбирс мекендеген, булбулу кубулжутуп сайраган кереметтуу жер,албетте, ал биздин ата-мекенибиз- Кыргызстан! Эзелтеден байыркы касиеттуу бабаларыбыз Борбордук Азияда уруктан уруу курап,уруудан улутка жетилип,орошон хандык кутуп,кок асабасын колдон тушурбой,канча деген кылымдарды карытып келе жатат.Улууга урмат,кичууго ызаат корсотуу менен жашап,каада- салтты бек кармап,кыргыз деген унгулуу,коронголуу элдин жасаган эрдиктери тарыхыбыздын карт барактарында калды.Башына караан тун,мушкул иш тушсо да,моюбастан, ажыдаардай айбатынан тайбай,нечендеген душмандардын кулун кокко сапырып,жер менен жексен кылышкан." Ботон жердин султаны болгуча,оз элиндин ултаны бол,"-дегендей чыгаан,эр журок баатырларыбыз оз эли-жери учун гана жан уроп,кашык каны калганча курошушту.Алар учун кан майданда,айыгышкан жоодо баатырларча курман болуу-чыныгы олум деп эсептешкен. Мисалга алсам:кыргыздардын чачылганын жыйнап,узулгонун улаган,очкон отун тамызган Манас,Семетей, Сейтек аталарыбыз, баатырдыгы жанда жок Барсбек каган,Тайлак баатыр,1941-жылкы согушта мондурдой жааган окко кокурогун тоскон Дуйшонкул Шопоков,Чолпонбай Тулобердиев болгон.Эркектерден кем калышпаган, ат жалында шамаалдай ойногон,кыздан чыккан кыраандардан да элибиздин уучу кур эмес.Данкы далайга,атагы Алайга тараган,даанышман энебиз Курманжан датка,оз суйуусунон, ыйык махабатынан элинин амандыгын,кадырын бийик койгон Жаныл Мырза,Кыз Сайкал ондуу улан-кыздарыбыз кыргыз мамлекетинин туптолушуно орду толгус салым кошушкан.Мындан сырткары кечээ жакында эле болгон,тагыраак айтканда 2010-жылдын 7-апрелинде эрдик корсоткон эл баатырларынын ысымдары алтын тамгалар менен орун алды.Ошондуктан, алар бизге жаркын,келечектуу, куч-кубаттуу олкону белек,аманат катары тапшырышты. Аманат дегеним,биз дагы озубуздон кийинки муундарга чып-чыргасын коротпой,мындан дагы кучтуу,прогрессивдуу кылып тапшыруубуз зарыл.Ата-Журттун нанын жеп,суусун ичип,абасын жутуп чонойгон ар бир жарандын мойнундагы парзы,ыйык милдети,кайтара турган карызы.Терен ойлонсок,кыргыз эли кандай гана бактылуу элбиз!Миллиондогон калкы туруп,эгемендуу мамлекет боло албай,ак эткенден так этип журушот.Ал эми биздин олко озунчо тундук которуп,ордо тузуп,байрагы башында желбиреп турган Кыргыз Республикасы- жашоонун мыкты,келечектуу ынгайына айлануунун босогосунда турат.Сыймыктана турган,мамлекеттик атрибуттарыбыз, кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз тилибиз бар.Коптогон татыктуу билим,таалим- тарбия берген мектеп,окуу жайлар курулган.Ири ишкана,завод, фабрикалар,андагы жумушчулар тыным албай эмгектенишуудо. Экспорт,импорттор журуп жатат.Канча деген корунуктуу олколор менен элчилик байланыштар, соода-сатык мамилери жургузулуп жатат.Коптогон союздарга мучо болуудабыз. Мына баарыбызга белгилуу болгондой Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарынан чыгарылды.Калкыбыздын саны артып,6000000 дон ашты.Спорчуларыбыз спорттук олимпиадаларда байгелуу орундарды,маданият кызматкерлерибиз ар кандай ийгиликтерге жетишип,желегибизди желбиретип келе жатышат.Кыргыз рухунун туу чокусу болгон"Манас" эпосун,корунуктуу акын жазуучуларыбыздын чыгармалары дуйно эли таанып,кызыгуу менен окушат.Булардын баары элибиздин жетишкендиги, сыймыгы.Дагы айта кетчу нерсе,олкобуз табигый,тарыхый баалуулуктарга бай келет.Байыркы Рим менен тендешсиз,ордолуу Оштун так ортосунда бой тиреп,зангыраган Сулайман-Тоо коптогон кылымдардан бери, табийгат берген турпатын турган турушунда,кылын кыйшайтпай, ташын таратпай сактап келет.Батыштан чыгышка карай суналып жаткан,беш урчуктуу уютулган,чулу таштай,касиеттуу тоо.Жалал-Абад облусундагы дениз денгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашкан,608, 5 метр гектарды ээлеген,ажайып кооз,табияттын туундусу-Арсланбап жангак токоюн кимдер гана билбейт?!Бийиктиги 21,67 метр,диаметри 9метр болгон,археологиялык, архитектуралык комплекс карасы туристтик жайлардын бири-Бурана эстелигине коз арткандар аз эмес.Асман тиреген тоолордун койнунда орун алган Таш-Рабат кербен сарайы эн бир уникалдуу обьектибиз. Алгач,коргон адамды ары сырдуу,ары байыркы жомокко жетелеген,кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис, берметтей колдорубуз- Ысык-Кол,Сон- Кол,Чатыр-Кол. Талас облусунда жайгашкан, айкол Манас атабыздын кумбозу жонундо,эл арасында коптогон уламыштар айтылган.Бул да болсо анын улуу,касиеттуулугун айгинелейт. Ат-Башы жергесиндеги Кошой-Коргон комплексинде барган сайын адамдардын кызыгуусу артып,аягы тыйылбайт.Алтын чойчок аталганТогуз- Торо районундагы Саймалуу-Таш тарыхый комплекси эн бир кооз жай.Учурда анын баалуу таштары азайып,мин туркун осумдукторунун куурап баратышы окундурот.Деги эле,мекенибиздин коздун карегиндей сактай турган жерлерибизди айтсам,аягы тугончудой эмес.Алардын баарын барктап-кадырлоо биздин колубуздо.Эртен аны чет элдиктер келип онуктурбойт. Азыркы учурда айрым замандаштарыбыз мамлекеттин эртенки келечегин капарына албай,оз комочуно гана гул тартышууда. Бугун биздин колдон дээрлик коп нерсе келет.Себеби, мекендештерибиз ар кайсы олколордо иштеп жатышат.Алар чет жерде эмгектенуу менен Кыргызстан учун миллиондогон акча сатып ала алгыс,коп жааттуу тажрыйбаларга ээ.Эгер кылган иштерибизди оз олкобуздо жасасак,биз кыялданган Кыргыстан тез арада онугот.Албетте, алар деле жыргаганынан, кылаарга иши жоктугунан мигрант болушкан жок.Балдарынын келечегин туптоо учун,жашоолорун ондоону ниеттенип баш которбой иштешет.Копчулук жаш балдар ата-эне мээриминен алыс болуп,тарбия жетишсиз осуп жаткандары эн орчундуу,койгойлуу проблема.Анткени, жаштар келечек ээлери болгондуктан, алар олкобуздун президенти, депутат,мугалим, врач,кабарчы же болбосо ар кандай тармактардын окулдору.Андыктан, келечекте кыргыз мигранттарынын саны азайып,баары уй-булолору менен бакубат жашап,эч бир баланын коз-жашы тогулбосо экен!Кээде айланамдагы адамдардын: "Биздин олко жакыр,эч шарт жок,эмнеге Америка,Туркия, Россиядай эмес!"-деп айтып жаткандарын угуп,бир эсе жиним келсе,бир эсе танданам.Кыргыз болуп торолуп туруп,мындай ээн жайкын со3дорду айтуу-намыс жана уят.Ал эми учурдун эн эле глобалдуу койгойу, кыргызча билип туруп эле,орусча суйлогонду модага айланткандар. Ырас,орус тили расмий тилибиз,бирок эне тилибиздин колокодо калып калышын каалабайм.Келечекте балалыгымдан коксоп келген максатым-журналист болуу.Карапайым калктын унун,б0луп жаткан маселелерди, ачуу чындыктарды ачыка чыгарсам дейм.Аз да болсо оз олкомо салым кошкум келет."Жакшы тилек-жарым ырыс,"-деп бекеринен айтылбайт.Анын сынарындай, мен Кыргызстанымдын гулдоп осушун каалоо менен,терен ишенем!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Нурлан уулу Данияр
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм.


Кыргызстан бул тоолу өлкө. Кыргызстанда 6 миллион адам жайшайт. Бул өлкөнүн кооздугуна суктанышып канчалаган адамдар, эс алганы келишет. Жайындасы тоого эс алганы чыгат. Ала-Тоонун таза абасынан дем алышат. Кыргызстан кичинекей өлкө болсо да ак көңүл, кичи пейил калк болобуз. Башка мамлекеттерден кичинерээк болсок да, тарыхыбыз алардан улуу. Ысык-Көл Кыргызстандын эң чон көлү. Суунун ичинде канчалаган байлыктар бар. Эгерде Ысык-Көлгө барсак канчалаган адамдар эс алганы келишет. Бир гана кыргыз эли эмес орус, түрк элдери да келишет. Кыргыз жеринде нефти чыгат. Эгер нефтти өзүбүз чыгарып иштетсек Кыргызстан өнүгөт. Бир гана ал эмес жерибизден алтын да өндүрүлөт. Канада мамлекети жерибизден алтын өндүрүп анын 60 % өздөрүнө алып, калганын Кыргызстанга калтырат. Балким алар андан да көбүрөөк алышаттыр? Эгер ошол алтынды өзүбүздүн өндүрүшүбүздө болсо пайданын баары өлкөбүздө калат. Азыр Кыргызстан өнүгүүнүн жолунда. Президентибиз А. Атамбаевдин демилгеси менен Кыргызстанга окуу жайлар, спорт залдар, стадиондор курулууда. Бул көрсөткүч өлкөбүздүн өнүгүүнүн жолунда экендигин билдирет.
Азыр болсо адамдар спирттик ичимдикке азгырылышып жатат. Айрыкча менин жашымдагы өспүрүм балдар алданып көбүрөөк жаман жолго баратат. Эгер биз спирт ичимдикти, тамеки чегүүнү токтотсок өзүбүзгө пайда. Азыр ар бир адам, ар бир балада бирден телефон бар. Өсүп келе жаткан балага терс таасирин тийгизет жана сабактан алыксытат. Ата-энелер мунун катту контролго алышы шарт. Кыргыз жери алтындай жер, ушул жерибизди акча үчүн сатып жиберип жатабыз. Эгерде өзүбүздүн жерлерибизди башка элге сатпай, жерибизди өзүбүз иштетсек болот.
Азыр шаарда көптөгөн жогорку окуу жайлар бар. Ар бир адам өз кесибин тандап ошол окуу жайга тапшырат. Ошол окуу жайларды аяктагандан кийин ар бир адам бир кесиптин ээси болуп чыгат жана кесиби боюнча эмгектенип Кыргызстанга өз салымын кошот. Дагы да көптөгөн окуу жайлар ачыла берсин.
Бүгүнкү күндө биздин ата-энелерибиз, Кыргызстанада туруктуу иш орун жоктугунан, Россияга өз балдарын багуу, окутуу, кийинтирүү ж.б. үчүн акча табууга, кары-картан ата-энелерине өз балдарын калтырып кетүүдө. Ата-эненин кароосу жок калган балдар-кыздар чон-ата, чон-энелерин тилине кирбей ар кандай жаман жолдорго барууда. Ошондуктан Өкмөтүбүз чоң жана кичи иш-каналарды курса биздин ата-эне жаныбызда болуп Кыргызстандын өнүгүүсүнө абдан чоң өбөлгө болмок.
Келечекте юриспруденция илимин изилдеп юрист болуп Кыргызстандын керегине жараган инсан болууга аракеттенем.
Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Момбеков айыл округу, Момбеков айылы, № 17 Кыла орто мектебинин 9-“б” классынын окуучусу Нурлан уулу Данияр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Өскөнбаева Бермет
Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Эң кооз өлкө - менин өлкөм. Ал – Кыргызстаным. Бийик-бийик аска тоолору, чалкыган көлдөрү, шаркырап аккан мөңгү суулары эч нерсеге алмашкыс баалуу байлыгыбыз. Кылымдарды карыткан улуу тарыхыбыз, дүйнөнү багынткан алп инсандарыбыз менен Кыргызстандын кичинекей айылында жашап жаткан 13 жашар кыз болсом да, бүт дүйнөгө жар салып мактана аламын. Себеби жаратылыштын түгөнбөгөн кооздугуна суктанып, улуу инсандардан үлгү алып өсүп келүүдөмүн.
Мен өз өлкөмдүн башка өнүп-өскөн мамлекеттердей болушун каалаймын. Себеби биздин өлкөдө билимдүү, тажрыйбалуу, акылдуу инсандарыбыз көп. Өлкөбүздүн өнүгүп өсүшү үчүн өнүгүүнү өзүбүздөн башташыбыз керек. Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот дегендей, таза, калыс сүйлөгөн, иштеген адамдар болуусу керек. Көптөгөн каралбай жаткан бош жерлерге, үйсүз адамдарга үй, бала-бакча, мектептерди куруу керек. Бийик-бийик ак карлуу тоолорго лыжа тебүүчү аянтча куруп спорт тармагын өнүктүрсөк болот. Алтын, нефть сыяктуу кен байлыктарыбызды иштетсек болот. Таза продукцияларды башка өлкөлөргө экспорттоп, киреше тапсак болот. Айыл жергесине транспорт жүрүү үчүн асфальт жасоо керек. Айылда ооруканалардын шарттары жаман, аларга щарт түзүп бериш керек. Айылдагыларга көптөгөн бийик-бийик имараттарды, музейлерди куруу керек. Чет өлкөлөрдө мисалы Францияда «Элифрейм» мунарасы бар. Биз да ошол сыктуу бир чоң нерсе курсак болот. Биздин айылда бир эле маданият үйү бар, ал аябай эски, мен окуган мектеп да эскирген. Ошондой эски имараттарды, мектептерди жаңылап куруу керек. Бак-дарактарды отургузушубуз керек. Кээ бир кичинекей айылдарда жарык жок экен. Ал жакка жарык коюп берүү керек. Ошондо гана өлкөбүз кичине болсо да, өнүгөт деп ойлойм. Мен келечекте бир кесиптин ээси болуп өлкөмө өз салымымды кошкум келет.
Жала-Абад облусу
Ала-Бука району
Т.Балтагуллов мектеби
7-г классынын окуучусу
Өскөнбаева Бермет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Пересста Роман
“Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”.
Албетте мен өз өлкөмдүн гүлдөп өсүшүн каалайм себеби мен бул жарыкка келгенден баштап кичине кезимден бери эле Кыргызстандын атуулумун ар бир адам өз мекенинин өнүгүшүн каалайт да ошол сыңары мен деле Кыргызстанга чоң салымымды кошсом деп ойлойм. Кыргызстан эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири.
Мен өзүмдүн сүйүктүү мекенимдин дагы да өсүп гүлдөшүн каалаймын. Келечек жаштардын колунда демекчи чын эле келечек биздин колубузда келечекти биз алдыга жылдырышыбыз керек. Эгерде ар бир инсан жер тилкесине жылына үч же төрт мөмө дарак эксе биздин жер кандай ажайып керемет болот эле.А.П.Чехов айтмакчы эле биз дагы өз жер тилекбизге үч төрт мөмө дарак эксек анда биздин деле жер тилкебиз ажайып кооз болуп калат.Ощондуктан биз бүткүл күчүбүздү жумшап өз өлкөбүздүн келечегин оңдошубуз керек качан гана өлкөбүздүн экономикасы өскөндө ошондо гана мекенибиз алдыга жылат.Менин улутум кыргыз болбосо да мен өз сүйуктүү мекенимдин жаранымын мен Кыргызстандын өсүп гүлдөшү үчүн бүткүл күч аракетимди жумшап жардам берем.
Мына силер карагыла биздин жашаган өлкөбүздүн жаратылышын тоолуу өлкө,абасы таптаза айланасы жап-жашыл жана ошондой эле туризмге бай өлкө. Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалаганымдын себеби мен деле өлкөмө салымымды коштум деп ойлойм.
Jasa kg. проектинин демилгеси менен биз ошол проектти окуп проект жазып ишке ашырып өзүбүздүн өлкөбүздүн аймагына бир көпүрө салдык мен бул салымымдын башталышы деп гана ойлойм.
Мен келечекте куруучу болгум келет. Бул кесипти тандаганымдын себеби өз мекениме көптөгөн чоң имараттарды жана ошондой эле бала-бакчаларды кургум келет.Сөзсүз өз өлкөмө салым кошом деген аракеттемин. Биринчиден жакшы окуп жакшы окуу жайды аяктап анан өз элиме өз жериме жардам берем. Кыргызстанда алты миллион адам жашайт,алар ар түркүн улуттардан баары ыймандуу,адептүү, боорукер. Мен үчүн кыргыз эли чоң сыймык менен кыргыз жери, кыргыз эли менен сыймыктанам. Менир сүйүктүү мекнимде патриоттук сезимдеги жаштар көбөйүп өз өлкөсүн чексиз сүйсө биздин мекендин экономикасын көтөрүп, мекенндин гүлдөп өсүшүнө салым кошо алат.
Мен кыргыздардын улуттук оюндары менен сыймыктанам. Кыргыздын оюндары тогуз коргоол, кыз куумай, улак тартыш, ордо ошондой кыргыздардын улуттук оюндары көп ошондуктан өсө бергин эгемендүү Кыргызстан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 16:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Разаев Тынчтык
Мен Разаев Тынчтык жалал- абад обласына караштуу Сузак районунда жашайм 15 жаштамын.
Кыргызстан орто Азияда тундук чыгышында жайгашкан. Олко тундуктон Казакстан, батыштан Озбекистан, туштук батыштан Тажикистан, туштук чыгыштан Кытай эл аралык республикалар менен чектешет.
Кыргызстан тоолу олко, сейрек учурай турган металдар комур жана алтын кен байлыктарга жана ошондой эле ар турдуу пайдалуу кендердин бир кыйла запасына ээ.
Кыргызстан тоо кен казып алуу онор жайынын онугуусун , чон жаны ишканаларды ишке киргизуу жана жумуш орундарын тузуу колдо бар мумкунчулукторду жетиштуу денгэлде ишке ашыруу буз керек.
Кыргызстан тоо кен тармагынын негизин комур кендери тузот.Бизде Менделеевдин таблицасындагы бардык элементтери бар.
Кыргызстан бийлиги жогорууда аталган тоо кен байлыктарынын ичинен алтын кендерин иштетуу тажырыйбасы жок Мисалга алсак Кумтор алтын кенин башка чет элдик компания иштетип жатат.Озубуздо каражатта техникада жетишсиз. Ошондуктан сырттан келген инвестицияны туура пайданалы,мамлекетибиз учун иштетсек бюджетке аябай коп пайда тушмок.
Биз мамлекетибизди туризм багытында да осуп онуктурсок болот.Туристик базаларды куруп, туристерде олкобузго тарттуу керек.Мисалы; Ысык-колго туристик базаларды кобойтуп, алардын шарттарын жакшыртып жолдорун эл аралык денгелге жеткируу керек.Олкобуздогу иштебей жаткан завод фабрикаларды иштетуу керек.Элди жумуш менен камсыз кылуу керек.Карапайым дыйкандардын оз мээнети менен тапкан продукциясын актай турган баада экспорттоо керек.
Эмне учун бюджеттин акчасы жетишпейт деген суурого мен мындай деп жооп бермекмин. Бизге качан гана эл учун жер учун иштей турган, журогундо ыйманы бар Аллахтан корккон, ар бир кылган ишине жооп керчиликтуу мамиле кылган, корупцияга такыр жол бербеген чындыкты суйлогон саясатчылар бийлике керек. Биздин саясатчылар жеп ичишти гана билишет.Кээбир адамдар айтып калышат МЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ОНУН ОСУУШУНО КОЗУМ ЖЕТПЕЙТ деп. Ошол созду укканда, мен ыйлагым келет Мисалга алсак Бакиевге эл ишенген болчу бирок ал Акаевдин жолун жолдоп кетти. Биз эми умут кылабыз биздин президент Шаршенович Алмазбек Атамбаев Акаевдин жолун жолдоп кетпей, эли жери учун иштеп Кыргызстаныбыз осуп онуктурот деп.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Сыймык Кочкоров
«Мен кыргыз жеримдин осуп-онугушун каалайм.»
Мен Кыргызстандын кулунумун, улутум кыргыз, мекеним Кыргызстан! Биздин керемет колдору, карагай, жангак токойлору, жашылча-жемиш оскон талаалары, кок тиреген аска-зоолору, монгулору менен ажайып кооз олкобуз бар жана мындай олкодо торолуп, жашап жатканыбызга сыймыктанып келебиз. Бирок олконун патриотторунун бири катары окуноор жагдайлар толтура. Мына кылымдарды карыткан Кыргыз эли бери болгондо 2мин жылдан ашуун тарыхы бар эл. Кыргыз эли ушул аралыкта башынан кыргынды да, жакшы-жаман кундорду да откоруп улуттуулугун жоготпой, бир жакшы салт-санаасы, улуттук баалуулуктары менен бугунку кунго жетип келди. Бирок жакынкы эле 30-40жыл мурун олкодо коптогон завод-фабрикалар иштеп, кен казылып, эл жумуш менен камсыз болуп, жада калса алыскы тоо койнундагы койчунун уй-булосунун курсагы ток, кийими бутун, уйу жарык болуусуна мамлекет кам коруп келсе, бугун миллиондогон жарандарыбыз жумушсуздуктун, жакырчылыктын айынан сыртта жургону мени окундурот. Бул дегени олкодо жумушка жарамдуу 2,5-3млн жараныбыз болсо, алардын жарымына жакыны башка олколордо оор шарттарда акча таап, Кыргызстанда калган кары-картан ата-энелерин, бала-чакасын багып жатканын тушундурот. Жаштар мекенинен, тууган-туушкандарынан алыста оор шарттарда 10-12 сааттан кыйналып иштеп жургон болсо, кары-картан чон ата-чон энелер кучтон тайган маалында небере карап туйшуктон башы чыкпай келет. Эгер мамлекетибиз жарандарын жумуш менен камсыз кылып, курсактары ток, кийимдери бутун болсо элибиз, айрыкча жаштар жакшы жашоо издеп башка олколорго самсыбайт эле.
Мына акыркы убактар жаш балдарга болгон зордук-зомбулук кучоп кобойуудо, мунун башкы себеби жакырчылык, ичкилик жана ата-энелердин кайдыгерлиги. Жумушсуздуктун айынан коп жаштар балдарын туугандарынын колуна таштап кетуудо, айрым ата-энелер турмуштун оор сыноосуна туруштук бере албай ачуусун балдарынан чыгарууда, анан калса коптогон ата-эне жакырчылыктын айынан баласын бала-бакчага бере албаганы мени абдан окундурот. Бугун ата-эне мээримине тойбой, бир кун ток, бир кун ач калып, керек болсо окууну таштап базарда араба туртуп жан багып, мерез болуп чонойгон балдардан келечекте эмнени куто алабыз?! Элибизде «эмнени эксен ошону аласын» деген макал бар, ар бир наристе эн оболу ата-эне мээримине зар болот, ата-эне балдарынын кашында болуп, эркелетип, мээрим берип чонойтсо, балдардын курсагы ток, кийими бутун болсо, чонойгондо жакшы билимге ээ болсо демек олкобуздун келечеги жаркын болуп мамлекетибиз осуп-онугооруно ишенсек болот.
Союздан калган завод-фабрикаларды талкалап, айрымдар байыды, бийликке келишти. Бугун бийлик башындагылар элдин камын ойлобой кайра оздору элге жук, элдин акчасын уурдашат. Тыштан миллиарддаган доллар карыз алып, ал акчага бир иш бутуруп алып тошун кагат. Шайлоо алдында куру убадаларды мол берип, бийликке келгенде баарын унутат. Акыркы шайлоолорду, анда он-солго, шайлоочуларды сатып алууга жумшалган акчаларды карап туруп олконун келечегине кайгырган катардагы карапайым жаран депутат да, президент да боло албасын тушунуп жеттим, анткени бардык мамлекеттик кызматтардын «оз» баасы бар. Ал кызматтарга жетпей деле олконун онугуусуно салым кошсо болот, ашыкча акчан болсо кайрымдуулук иштерин жургузуп же мечит куруп дегендей, бирок бул жетишсиз. Мына бугун жол эрежесин бузган же мал-кой, телефон уурдаган катардагы жарандар жоопко тартылып, камалчусу камалат, ал эми бийлик башындагылар олко казынасынан миллиондогон акчаларды уурдаса да сот аларды актап кое берип жатат. Акчалуулар дунгуротуп той артынан той откоруп жатса, айрымдар катуу ооруп операция жасатууга акча таппай бул жарыктык менен кош айтышып кете берууго аргасыз.
Бугун 3мин сомдон 15мин сомго чейин айлык маянага иштеген копчулук мугалим, медик, техничка, ж.б. бул акча менен уй-булосун аран багат. Илгери айлык акыга там да салып, уй-булосун кенири багып келишкен болсо, бугун маяна менен там салуу кол жеткис кыялга айланып бара жатат, анткени аялы-куйоосу экоо тен 10мин сомдон айлык алып айына 150 доллардан топтогон кундо да бери болгондо 10-15 жыл акча чогултмайынча уйлуу боло алышпайт.
Мен олкобуздун осуп-онугуусун каалайм. Ал учун олко башына эл учун куйуп, элдин камын ойлогон карапайым азаматтар келсе экен деп тилек кылам. Эн алгач мыйзамдардын иштешин, олкодо катуу тартип болуусун козомолго алса дейм. Бардык жарандар, байы да кедейи да мыйзам алдында бирдей болсо, мыйзамды сыйласа, паракорлор, казынаны тоногондор жазага тартылып, адамдар кылмыш кылуудан корксо, коррупция жоюлса. Мына Кытайда бийлик башына ар кандай мамлекеттик кызматтардын ар кайсы тепкичиндеги жооптуу кызматтарды аркалап, кызматы менен партиянын эн жогорку ишенимине арзыгандар келет экен, бизде да акчасына же урук-тегине эмес, кызматына карап бааласак, кызматка койсок. Олкодогу ар кандай кендерди, анын ичинде алтын кендерин мамлекет озу иштетсе, экологиялык нормаларды сактап казса, кен казуудан тушкон киреше азыркыдай Канада, Кытай же Казахстанга кетпей Кыргызстандын озундо калса, элдин байлыгы эл учун жумшалса деймин. Олкодо ар кандай ири жана чакан ишканалар курулса, женил онор жайы жана кайра иштетуучу онор жайлар калыбына келтирилсе, жаны коптогон жумуш орундары тузулуп тышта жургон мигранттарыбызды мекенине кайтарсак. Олкодо кант заводдору, эт-сут комбинаттарын калыбына келтирсе болот, пахта менен койдун жунун илгеркидей иштетип кездеме алсак, кийим тиксек болот. Башка олколорго ар кандай кездеме, кийим-кече, айыл-чарба продуктуларын экспорттосок. Мамлекет сапаттуу билим берууну камсыз кылып, «эптемей» диплом берген коллеж-университеттерди жойсо, акысыз дарыланууну камсыз кылса, ооруканаларды жаны аппараттар менен камсыз кылып, бугун чет олколордо ири суммада жасалып жаткан операциялар жакынкы келечекте Кыргызстанда акысыз жасалса, ал учун алдынкы окуучу-бутуруучулордун чет олколордо олкого эн зарыл кесиптерди уйронуп кайтуусуна, Кыргызстанда жумушка орношуусуна мамлекет камкордук корсо деймин. Анан да мамлекетте спирт ичимдиктерин ондуруу жана сатууга тыю салынса бул коптогон кылмыштарды алдын алмак. Бугунку кундо аш-тойлорго ашкере чыгым кылууга мамлекет тыю салып, козомол коюлса, ошол «ашыкча» акчалар олконун койгойлорун чечууго, кайрымдуулук иштерине, жакырчылык менен курошууго жумшалса абдан жакшы болмок.
Уй-було бул кичинекей мамлекет. Эгер уй-було мучолорунун ден-соолугу чын, курсагы ток, кийими бутун, конулу жайдары болуп уруш-талаштан алыс болсо, бул улгулуу уй-було. Эгер олкобуздогу бардык уй-було ушундай болсо, демек мамлекетибиз кучтуу, осуп-онугуп келе жаткан, келечеги кен олко.
Эгер олкодо баары бугункудой кала берсе, олкодо жумусуздук, коррупция уялап, уй-було чогуу болбосо, жокчулуктун айынан уруш-талаштар, жубайлардын ажырашуусу, кылмыштуулук осуп, ата-эне мээримине зар, тагдырдын оор сыноолоруна ташталган балдар кобойсо улутубуздун, олкобуздун тагдыры коркунучта. Биздин коптогон Африка олколорунон айырмабыз болбой калат, олкодо тонкоруштор, кандуу кыргындар, жакырчылык, ачкачылык, жакшы жашоо издеп чет олкого самсыган жаштар кун санап осот.
Мен кыргыз жеримдин осуп-онугушун каалайм, кыргыз элимдин жана Кыргызстанда жашаган бардык элдердин осуп-онугушун, жакшы, татыктуу турмушта жашоосун каалайм. Ал учун ар бир жаран, мамлекет жакшы турмуш учун курошуубуз керек, кайдыгерликти унутуп, баарыбыз бир женден кол, бир жакадан баш чыгарып ынтымакта иштообуз керек. Эл башына эл камын ойлогон азаматтар келип татыктуу максаттарга карай пландуу кадамдар жасалса, жакырчылык, жумушсуздук деген илдеттерден арылып элим жакшы жашоодо жашаса экен деп ар дайым тилек кылып келем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ташбаев Элбек
Мен Ташбаев Элбек 2002 жылы торолгонмун. Келечекте архитектор болууну ниет кыламын. Себеби Кыргызстанда чон-чон имараттарды, завод-фабрикаларды куруп жумушсуздукту жойгум келет. Кыргыз жери эн кооз жер. Мени окундургону бизде жумуш жок. Осуп келе жаткан ишке жарамдуу жаштардын баары мигрант болуп чет мамлекетте журушот. Ошондуктан бизде завод фабрикаларды куруп импортту оструп,озубуздо остурулгон жер жемиштерди дуйнолук брендге которгум келет. Жангак токойу,алма токойлору,орук зарлар булар озунчо эле керемет. Бизге Аллах тарабынынан берилген чексиз байлыктар. Биз ушулардын баарын иштеп чыгарып импорттошубуз керек. Биздин тоолордо бал аары остуруп, бал алууга шарттар бар. Кыргызстаным онуп-осо турган келечеги кен Республика. Тоолорубузда да кен байлыктар коп. Аларды да озубуз иштеп чыгруубуз керек. Агада зергер буюмдарын жасоочу зафодторду куруш керек. Жаштар бош убактысын коп откоруучу машыктыруучу залдарды ачсак. Дуйнолук олимпиаданы багындырган жигиттер осуп чыгат. Биздин абабыз, суубуз таза. Кыргыз жергебизге туристерди да тартууга аракет кылышыбыз керек. Кереметтуу Ыссык-Колубузду коздун карегиндей сактап, бир гана жайында эмес бардык жыл мезгилинде иштей турган пансионаттар ачылуусу зарыл. Жалал-Абаддагы курортту дагы онуктурсок, келечекте биздей жаштар осуп келе жатат Кыргызстаным онугот . "Чептен эрдин кучу бек " демекчи кыргыздын кыраан жаштары, эр жигиттери турганда биздин олко Кыргызстан онугот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Темирлан кызы Адинай
“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм”
Адам баласынын жүрөк толтоосундагы эң ыйык ата-энеге болгон сүйүү болсо, экинчиси мекенге болгон сүйүү болсо, ата-журтка болгон ыйык сүйүү сезими деп эсептейм. Ар бир адамдын жүрөк түпкүрүндө жаткан көрөңгөлүү бул сезим сөз менен айтып бүтө албастыгы айтпаса да көрүнүп турат. Ак кар баскан, Ала-Тоолору, көз жоосун алган жашыл токойлору, көк чөптөргө оролгон талаалары таштан ташка урунуп, өзгөчө бир музыка ыргагындай аккан тоо суулары, жер алдынан чыккан жылуу булактары, жел менен бирге толкуган толкундуу көлдөрү, сан миңдеген койлор жайылган жайлоолору, меймандос, ары таланттуу, ары кызыктуу калкы бар кыргыз жергеси. Мен ушундай кооз жерде төрөлүп өскөн кыргыз кызымын. Менин мекеним Кыргызстан өзүмдүн мекеним элим жерим менен сыймыктанам жана урматтайм.
Азыркы учурда Кыргызстан өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин катарын толуктоодо. Биздин жасап жаткан ар бир иш аракетибиз өлкө үчүн мамлекеттин жаркын келечеги үчүн куруп жаткан сепилибиз деп ойлойм. Азыркы учурда Кыргызстандагы эң глоболдуу маселелердин бири миграция болууда. Буга факт катары улуттук статистиканын берген маалыматына таянсак чет жерде жүргөн мекендештерибиздин саны 1 миллиондон ашууда. Ушул учурда ар бир адамдын оюнда эмнеге миграция агымы күндөн – күнгө көбөйүүдө? Эмне үчүн бул көрүнүш коомдо жөнөкөй гана көрүнүшкө айланды? – деген суроолор турушу мүмкүн. Бул суроолордун тегерегинде ой жүгүртсөк анда Кыргызстандагы жумушсуздук эң көзгө урунат. Бирок бул маселени чечүү үчүн убакыт гана керектиги ачуу чындык.
Мен келечекте окуумду ийгиликтүү аяктап, элдин келечегине жараган кыздардан болууну тилейм. Мен дагы дүйнө жүзүнө белгилүү ири Колумбия же Оксфорд университеттеринде окуп, билим алып, тажырыйба топтоп, ал мамлекетке калып калбастан өз жериме, өз элиме кайтып келип, Кыргызстандын келечеги үчүн жан үрөп иштөөгө даярмын. Менин эң биринчи максатым айыл жергесиндеги жумушсуздукту жоюу. Эң ири долбоорлорду жазып завод фабрикаларды куруу менен айылдагы жумушсуздукту бир топ азайтуу. Мисалга алсак айылдан чыккан таштандыларды экологияга зыян келтирбеш үчүн кайра иштетүүчү заводдорду куруп жаңы адамзатка пайдалуу затты иштеп чыгаруу. Айылда көйгөйлүү болгон таза суу маселеси, жаңы мектептерди куруу, ири фермаларды ачуу, бала-бакча, почта бөлүмдөрүн, айылдык эмканага жаңы аппараттарды алып келүү азыркы айыл жергесиндеги жашоочулардын эң биринчи каалоосу башкача айтканда кыялы. Мен келечектеги эң биринчи кадамдарымды айылдан баштоону каалайм. Себеби ааламга кеткен жол айылдан башталат.
Мен кыргызстандын гүлдөп өсүшүн, эң ири мегаполистердин катарын толукташын каалайм.

Жалал-Абад облусунун
Токтогул районунун
Торкент айыл өкмөтүн
№27 Аманкан Мамыров
атындагы орто мектебинин
8а-классынын
окуучусу Темирлан кызы Адинайдын
дилбаяны
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Токсонбекова Азема
Кыргыз жеримдин онугуп осушун-каалайм
" Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот!" - деген Исхак Разаковдун учкул созу менен дилбаянымды баштагым келди. 1990 жылга коз чаптырсак , коншу олколор менен биргеликте эгемендуулуко ээ болуп, оз алдынча мамлекет болууга бирдей эле аракеттер жасалган. 25жылдан сон Казахстан, Узбекистан жана башка Совет доорундагы олколор оз ордун табып, жакшы жагынан таанылып калган кези.
А биздин эже-агайларыбыз чет олкодогу саны кундон кунго осуудо. Акыркы жанылыктарга коз чаптырсак , Ош шаарындагы зилзааладан жабыр тарткан мекендештерибизге оз окмотубуз жардам бере албагандыктан, Азербайджанга кайрылып отурабыз.
Айта берсек арман коп дегендей, менин кыялым дуйно жузуно озубуздун жакшы жагыбыздан таанылып, туризмди онуктуруп, оз жаштарыбыздын Мекенге кайтып келуусу. Ал учун ар бирибиз оз жумушубузду так аткарып, коррупцияны биргеликте жоюп, билим беруу тармагын сапатташтырып, карызга батпай, озубуздун ресурстарды туура иштетсек, завод-фабрикалар курулса, жаштарга жумуш оорундары пайда болмок.
Биз кичинекей олко болсок дагы, онугуп осуубузго умут чон. Мен ишенем, Кыргызстан эн таза, коопсуз, онугуп оскон олкого айланаарына, жакшы окуп, келечекте оз салымымды кошууга аракеттенуудомун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   admin_superstan   19 Январь 2016 - 17:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Токтоболотов Субаналы
Кыргыз жеримдин гулдөп өсүшүн каалайм!
баш чыгаруубуз зарыл. Биздин жерибиздин абасы таза, суусу тунук, Кыргыз жери гүлдөп өсүүсу үчүн эң алгач кырзы эли ынтымакта болушу керек. Ата-бабаларыбыз айткандай бир жеңден кол, бир жакадан тоолору бийик, мөңгүлөрү көп жана башка өлкөлөрдө жок жаныбарлар бар. Биз аларды сакташыбыз керек. Биз өзубүздун өлкөдөгу кооз жерлерди сатпай ал жерлерди коргошубуз зарыл. Кыргыз Республикасы кичинекей мамлекет болгону мененбашка өлкөлөрдөн күчтүу, бакубат, тайманбас, ынтымактуу мамлекет. Кыргыз мамлектинин экономикасын өнуктүрүү, туризмди, электр тармагын, фабрика-заводдорду куруу, өлкөбүздүн жаштарынын билимин өркүндөтүү жана күчтүү кадрларды даярдоо керек. Ошондо гана биздин өлкөбүздун экономикасы өнүгөт. Кыргыз мамлекетинде жети обламст бар. Алар бири-биринен кооз областтар. Ар бир областын өзүнө жараша кен-байлыктары, таза абасы, дары чөптөру бар. Мен ушул жерлер менен сыймыктанам. Биз ошондой жерлерди сактап, өзүбүздүн келечектеги муундарыбызга калтыруубуз керек. Биз кыргыз жерибиздин климаттык шарттарына байланыштуу айыл чарбасын көбурөок өнүктүрүүбүз зарыл. Мисалы, мөмөлүү дарактарды тиксек мөмөсун башка мамлекеттерге экспорттоого жана эгилген дарактар өзүбүздүн абаны тазалап турат. Мен келечекте билимдүү, өзүм сүйгөн кесиптин ээси болуп калсам, кыргыз элимдин айыл-чарбасын өстуруп, кен-байлыктарын коргоп, туризмди, электр тармагын өркүндөтүп, завод-фабрикаларды куруп, элимди жумуш менен камсыз кылганга элимдин экономикасын көтөрүүгө бар күчүмдү жумшоого аракет кыламын. Анткени келечек жаштардын колунда.
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм!
Мен туулган жеримди, бейиштин көркөмүнө тең өлкөмду булбул куштун мукам үнүндөй, берметтен жаралган Ысык-Көлдун толкуп ташкан толкунундай, Ак калпак, ак элечек кийген Ала-Тоодой, аска боорун аралап элире чуркаган аркар-кулжадай, көк асканы шаңшыткан бүркүттөй,тоо аралап аска-зоону багынткан ак илбирстей,Айгүл гүлүнүн көркөмүндөй, чалкыган дарыянын алтын балыгындай, жаз менен жарышып,кол кармашып, көңүлүнө толтура сүйүү алып келген өрукзардын гүлүндөй,жер астынан атырыла чыккан тунук булактай,кереметин кыргыз жериме чачкан эң бир сонун укмуштардай өз өлкөмдү жан дүйнөмдүн барынча сүйөм!
Инсан- бул ар тараптан өнүккөн эң асыл адам.Кыргыздан, элине кыялындагы жашоону жараткан инсандар чыккан. Акындар,жазуучулар, ырчылар,сүрөтчүлөр, саясатчылар, тарыхчы,санжырачы, бийчилер-баары өлкөбүздөн чыкты.Талантын алга сүрөп Еверестти багынткан эң алдыңкы инсандар биздин жерден.Алардын баары мамлекетке кызмат кылган,өлкөсүн суйгон,талантын элине арнаган.Алардын бири - Ч. Айтматов. Ч. Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн сексенден ашуун тилдерине которулган. Айтматовдон бир ооз сөз, сансыз маанилүү ойлорду камтыган учкул сөз калган: “Эгер Ата журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрор нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.ар бир адамдын кылым алдынан караганда “чаң ызгыткан шан чыгат” демекчи, жашоодо максатына жетип, өмүрү өрнөктүү инсан болууга акысы бар, бирок ал учүн талыкпас мээнет, кажыбас кайрат, эмгек керек. Кылым жашайм десен асыл инсан болуп жетилүү керек.
Мамлекетибиздин өнүгүүсүндө эң алгачкы салым кошкон адамдар ар түрдүү тармактын өкүлдөрү. Аларды эскере кетүү - биз үчүн милдет.
Исскуствонун эң алгачкыларынан кыргыз балеринасы Б .Бейшеналиева, кайталангыс мыкты ролдорду жараткан Т. Турсунбаева. Таңшыган булбул үнүн да сүрөт менен чагылдыра алган С. Чокморов, Г. Айтиевдер. Адабиятта А. Осмонов.Малярды да көңүлго толчу сөздөр менен безеп жазган. Анын ырлары дайыма ар бир кыргыздын жүрөгүндө түнөк таап, жашап келет.
Алыкулга “Жашайсың азырда ырларыңда,
Ыр ичинде, жан дүйнөндүн сырларында.
Боз ат минген, отуз жашың карап турган
Тээ тиги адырлардын кырларында”- деп ыр жаза алам. Ал аз гана өмүрун ырга арнады. Эгерде ооруу болбогондо дагы канчалаган көркөм адабияттын көркүн чыгармак.Маданияттын таланттары чыгармалары менен бизди туура жолго тарбиялай алышат.Ушул күнду ,бактылуу балалыкты жаратып берген Манас атабызга ар бир кыргыз таазим кылат. Унутулгус эрдик жасап,эпос болуп калган “Манас” кыргыздын баштоочусу жана колдоочусу. ”Манас –кыргыз рухунун туу чокусу.”
“Кыргыз десем Чыңгыз түшөт эсиме,
Чыңгыз десем кыргыз түшөт эсиме”-демекчи бул сөз Ч.Айтматовго таандык.
Өлкөбүз 1991-жылы 31-августта көз карандысыз, эгемендүу өлко болууга жетишти. Кыргыз тилине мамлекеттик статус 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССР инин Жогорку Советинин 11-шайланган кезексиз онунчу сессиясында кабыл алынган.1994-жылы 14-январда Герб,1993-жылы 10-майда улуттук валюта,1992-жылы 3-мартта Желек,1992-жылы 3-декабрда Гимн,1993-жылы 5-майда конституция кабыл алынган. Бул улуттук символикалар өлкөнүн өнугүүсунө чоң өбөлгө түздү.
Француз жазуучусу Вовенарт: “Бизге көөнөргус ойлорду көкүрөгүбүз шыбырап турат” – деп айткан. Биз жаркын келечекти куруу үчүн терең билим алып фундаменталдуу максаттарды коюп, аларды иш жүзүнө ашыруубуз керек. Өлкөну өнүктүрүү биздин колубузда. Ой-максаттарыбыздын ишке ашуусу үчүн ишенич жана сабырдуулук, тактык зарыл. Мекенге болгон сүйүүбүз биз кай жакта болбойлу өчпөйт. Ар бир улан кыздын көкүрөгүндө патриоттуулук сезим болуусу кажет. “Китеп - билим булагы,
Билим - өнөр чырагы”, -демекчи, көптү окуп өнөрүбүздү, талантыбызды өркүндөтүү баарыбыздын колубуздан келет. Мекендин ыйыктыгын, сулуулугун кадырлоо биздин бурчубуз. Мекенге болгон урматыман: чоочун элдердин ага жасаган эмгегине көз жумуп коё албаймын. Тескерисинче, менин өлкөмдү сырттан келгендер урматтаганы үчүн мекениме аларданда ашыгыраак жан үрөп, кызмат кылууга тырышам. Татыктуу билим - мамлекеттин тиреги, мамлекеттин тиреги - билим ээлери. “Баланы кенедейинен эмгекти сүйүүгө тарбиялап, бекерпоздук бардык жамандыкка түртүп терс жолго салаарын какшоого милдеттүүбүз. Бекерпоздуктан балдардын үрөйү учуп турушу керек”. Ата-эне – бакыт, ата-эне - тарбиячы, ата-эне- балдар үчүн дуйнөдогу бардык нерсе. Ата-эне бизди жарык дүйнөгө алып келди, эми биздин милдетибиз алардын ак эмгегин, ак сүтүн актоо. Мында биринчи: “баланын баары билерман болуп туулбайт, ата-эне милдети аларга билим берүү”- деген сөз айтылат. Ата-энеден тарбия алабыз, андан соң ал тарбияны мыкты инсан болуу менен кайтарабыз. “Жашында билим албагандардын башына азаптуу карлык келет.” Бул сөзгө таянсак билим алуу өлкөбүзгө гүлдөп өсүү, ата-энеге кубаныч, өзүбүзгө бакыт алып келет.
Жаштар, ар бир күнүңду жарат!
Өлкобуздү өнүкүрүүнүн жолдорун кыскача айта кетсем,төмөнкүчө:
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу. Ар бир баланын билим деңгээли жогору жана сапаттуу болуусу учун мектеп шарттарын жакшыртуу.Тамактануу шарттарын киргизүү.
Экологияны сактоо жана аны бир калыпта, таза кармоону үйрөнүү. Техналогиянын акыркы үлгүлөрүн импорттоо. Себеби,алар абаны булгабоочу каражаттар менен камсыздалган, айыл- чарба,өнөр-жай иштерин мүмкүн болушунча экологияга терс таасирин тийгизбөө.
Туризмди кеңири алып баруу.Жети дубандын атын чыгарган кереметтерди дүйнө элине таанытуу максатында парктарды,эс алуучу жайларды уюштуруу.Туризмди өнүктүрүү жолунда өлкө экономикасына киреше алып кирүү.
Медицина тармагын кеңири жайылтуу.Азыркы учурда Кыргызстанда көпчүлүк операциялар жасалбайт.Мыкты адистерди чыгаруу үчүн чет өлкөдөн билим алып, аны өлкөбүздө жайылтуу .
Маданият тармагын өнүктүрүү.Техника, тоо-кен өнөр жайларын дүйнөлүк деңгээлге көтөрүү,рыноктук соода тармагын жайылтуу.Кыргызстандан сапаттуу продукцияларды, сүт азыктарын талапка жооп бергендей кылып иштеп чыгуу.
Мына булар жаркын келечекти жаратуунун негизги булактары болуп эсептелет.Эң негизгиси бийликти өз ишин мыкты аткарган,куру убада берип эмес,айткан сөзүн иш жүзүндө.”Элдин уулу” деп айтчудай аткара билген адамдын колуна тапшыруу.
Кыргызстанда туулган ар бир атуул бул өлкө менен сыймыктанат. Алардын катарында мен да өзүмдү өз өлкөсүн сүйгөн атуул деп эсептейм.Өлкөнүн келечеги биздин,жаштардын колунда.Жаркын жашоо үчүн талыкпай аракет кылып,максатыбыз жолунда бардык кыйынчылыктарды жеңип өтүп,бири болбосо башка бир тармакта мамлекетке салым кошуу биздин милдет жана парз деп билем.
Мен келечекте өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүн каалайм!
Ала-Бука району
Айры-Там айылы
№39 Айры-Там мектеп-гимназиясы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (5 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 15 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 15, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 23 Июл 2025 20:24

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: