"Кыргыз тили, жана адабият" илимдеринин адистери, жана профессорлорунун,
кыргыз элине туура суйлоо боюнча кайрылуулары!
!!
(Кыргызда: "Чымчык сойсода кассап сойсун" деген соз бекеринен айтылган эмес, ошол сыяктуу, арбир тармактын акыйкатын билуу учун, ошол тармактын адистеринин ой-пикирлерин угууга, жана аткарууга милдеттуубуз).
..
Бийкечти "айым" деп атоо шылдың...
Акыркы жылдары массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттер кыргыз тилин жат, түшүнүксүз,
келегей сөздөргө толтурууда.
Көпчүлүгү мунун эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендиктен,
билимсиздигинен,
көркөм адабий китептерди окубагандыгынан жасап жатат деп ойлойбуз.
Дээрлик бардык эле телеканалдарда,
радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса “Ал кызматынан чегинди” деп жазып, айтышчу болду. Журналисттердин “чегинди” деп жазганы туура эмес. “Чегинди” деген сөз “Турган ордунан кайра артка кетти” деген маанини түшүндүрөт.
Маселен согушта душмандан жеңилип баратканда,
же кайрадан жакшылап күч жыйнап келиш үчүн артка чегинет. Бул сөздүн кызмат менен эч кандай байланышы жок. Андыктан “Кызматынан чегинди” деп айтып, жазбастан кыргызча эле “Кызматынан алынды” же “Кызматынан түштү” деп айтып, жазуу керек. “Кызматынан четтетилди” деген да туура болбойт...
Кыргыз бойго жеткен кыздары тургай деги эле кыздарды эч качан “айымдар” деген эмес. Бойго жеткен кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”,
“селкилер” деп атаган. Беш көкүл кызды же күйөөгө тиелек кызды “айым” деп атаган шылдың. Мунун шылдың экенин тилекке каршы бүгүнкү кыздар да, жигиттер да, журналисттер да билишпегени өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн одоно салыштырууга туура келсе анда “байталды–бээ” деп, “музоону– уй” деп, “күчүктү–дөбөт” деп атагандай эле кеп...
“Айым” деген сөз кыздарды эмес, күйөөгө тийгенден кийин эки-үчтү төрөгөн, токтолуп калган аялдарга карата айтылат. Анын үстүнө кыргыздарда “айым” деп көрүнгөн эле ургаачыны атай берген эмес. Элдин урмат-сыйына татыган, колунан иш келген, керек болсо эл башкарган, журттун куту болгон аялдарды “айым” деген. “Айым” менен “мырза” деген титул. Даражага тете аталыш...
Кыргыздар бекеринен Курманжанды “датка айым” деп атабаган. Ургаачылардын баары эле Каныкей, Айчүрөк же Курманжан боло алган эмес. Мына ушул “айым, мырза” деген сөздүн маанисин түшүнбөгөн журналисттер бүгүн беш жашар баладан тартып беш көкүл кыздарга чейин “мырзалар жана айымдар” дей берип, элдин башын маң кылып бүттү. КТРдын “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы?
” берүүсүн карасаңыз, кепкенедей балдар-кыздарды “мырзалар жана айымдар” деп атап олтурганын көрүп жаның кейийт...
Кыргыздын бир радиосунун алып баруучу кызы “Шаарда бомж айымдар көбөйүп баратат” деп айтты. Айымдар эч качан көчө шыпырып, ичкилик ичип, таштанды аңтарып селсаяктык кылган эмес. “Айым” деген атка татыктуу аялдар “ак сөөк аялдар” болгон. Аялдарга “айым” деген кызматтагы орду үчүн эмес, элдин урмат-сыйына татыган эмгеги үчүн берилген...
Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны саткан депутаттарды кантип “мырзалар” деп атаганга ооз барат? Булар деген элдин чыккынчылары,
саткындары эмеспи. Анан жерин саткан чыккынчы “мырза” болобу? Деги эле депутаттарды,
чиновниктерди “мырза” деп атоонун өзү туура эмес...
Качып кеткен президенттерди кантип “мырза” дейсиң? Ошондуктан сөздү айтуудан мурда анын маани-маңызын жеткире түшүнүп туруп айтсак деген ой. Кыргыз деген ар бир сөзүнө алтындай маани уютуп, эч жеринен кынтык кетирбей, кылдат сүйлөгөн, сөз кадырын мыкты билген эл болгон, андыктан ойлоп сүйлөп, ойлоп жазсак, анткени сөздүн кунун кетирген элден касиет качарын биле жүрсөк...
(Тема окшош болсо, окшошуна кошуп коюсуздар жогорку жак???)...
- (2 )
-
- 1
- 2
Бийкечти "айым" деп атоо - шылдың. Сиздердин оюңуздарчы?
#2 19 January 2016 - 19:15
Жакшы тема экен. Чынында эле азыр сөздү окшошсо, окшошпосо колдонуп калбадыкпы.
Тээ илгеркидей ар бир сөзгө терең маани берүү жокко эсе.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#4 19 January 2016 - 22:38
Ургаачы дейби?
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#6 19 January 2016 - 22:49
Кызыыык... сен тилчисинго.
..?
Башкалар тан калса, тушунсо болот деп унчукпайт элем.
Тилчи болсомда,ургаачы деген сөздү адамдарга колдонгонун укпапмын. Ошого таң калганым. Тилчилер эмне тан калбайт дейспи. )) Билгенимен биле элегим көп экен.)
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#7 19 January 2016 - 23:11
Тилчи болсомда,ургаачы деген сөздү адамдарга колдонгонун укпапмын. Ошого таң калганым. Тилчилер эмне тан калбайт дейспи. )) Билгенимен биле элегим көп экен.)
"Манас" эпосунда Каныкейди бир канча жолу "Ургаачынын мыктысы" дейт эмеспи?..
> Mен эл менен <
#8 20 January 2016 - 00:49
Ар бир жаныбарды оз курагында ар кандай аталат. Мислаы кулун,тай,жабагы бышты,кунан,
ат,ан асыйга кетет. А буркутту балапан,анан ым тулок,кум тулок,жем тулок,барчын,
анан жашын санайт. Ошол сыяктуу адамды да кызыл эт,1 жашта бобок,2-3 жаш кемпир чарчатар кез,4-5 наристе,8-9унда дастиер,12ден баштап бала,16дан баштап боз улан,уйлонгондон кийин жигит,50дон баштап киши,60та абышка,жетимиштен баштап карыя,аксакал.
А кыздардын кайсы куракта кандай аталышы мындан да коп, секелек,жетилгенде беш кокул,анан кыз,анан бийкеч,турмушка чыкса келин,ажырашса жубан,анан айым,40тан кийин аял,зайып,анан байбиче,анан анааан чач агарып тиш кеткенде кемпир болот. А биз негизинен келин,анан катын,анан кемпир дейбиз кыскача. Эх. ар бир нерсеге терен маани берип мамиле жасаган мурунку даанышман кыргыздын урпагы деп ким айтат азыркы манка кыргыздарды.
(((
#9 20 January 2016 - 03:10
Жогоруда айтылган сөздөрдө чындык бар. Чын эле азыркылар илгерки адамдардай сүйлөй албай калдык го. Бизге сөздүк запас жетишпейт, ал үчүн жогоруда айтылгандай китеп көп окуш керек. А бирок азыркылар оңойлук менен китеп окубай калды, азыркылардын арасынан илгерки жазуучулардай залкарлардын чыгуусу да күмөн... Бир сөз менен айтканда тилибиз барган сайын жүдөө тартып, жок болуу коркунучунда турууда..
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#10 20 January 2016 - 03:19
Жогоруда айтылган сөздөрдө чындык бар. Чын эле азыркылар илгерки адамдардай сүйлөй албай калдык го. Бизге сөздүк запас жетишпейт, ал үчүн жогоруда айтылгандай китеп көп окуш керек. А бирок азыркылар оңойлук менен китеп окубай калды, азыркылардын арасынан илгерки жазуучулардай залкарлардын чыгуусу да күмөн... Бир сөз менен айтканда тилибиз барган сайын жүдөө тартып, жок болуу коркунучунда турууда..
Эң туура сөз, сиздин оюңузга кошулам)
#11 20 January 2016 - 09:14
Бул Азаттыкка жазылган макалаго адашаспасам бир жыл мурун окудум окшойт эле.
#12 20 January 2016 - 09:30
Бул Азаттыкка жазылган макалаго адашаспасам бир жыл мурун окудум окшойт эле.
Ооба, Шайлообек агайдын жазганынан. ..
Бирок туура жолго салуунун да өз жолу болот, бизде ушундай көрүнүштөр көп кездешет. Акылдуу адам бир нерсени үйрөтөрдө элдин баарын акмак элестетип алабы, адегенде эле сөздү намыска шек келтирүүдөн баштайт. Бул жерден да көрдүм анча-мынча пикирлерди. .. Китеп окубайт дешипчи, ооба кыргыз тилиндеги чыгармаларды окугандар бар, окубагандар андан эки эсе, балким жүз эсе бар. Сөздү деген жакшынакай эле башташса "урматтуу жаштар, илгери мындайды андай деп аташчу, ушуга да көңүл буруп койсоңор..." дегендейчи. Жок, сөзсүз жакадан кармап баштоо керек) Жаман айтпай, жакшы жок дегенди туу тутпай!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#13 20 January 2016 - 10:28
Теманы окуп отуруп жакында эле болгон окуя эсиме келди.Жаны эле турмушка чыккан "кыздарыбызды"
курсташ балдар "катын"
деп койушуп балээге калышты.Биздин келиндерге бул соз оор тийип,кыйла болушту.Балдарга жакшылап лекция окушуп созду ойлонуп суйлооого чакырышты.Балдарда уялышты корунот кечирим сурашты...
Соз ооздон чыкканга чейин сенин кулун,чыккандан кийин сен анын кулусун дегендей ар бир созго маани берип,ойлонуп суйлосок озубузго эле жакшы.Адамдын ким экени суйлогон созунон эле билинип калат,ошого созго этият мамиле кылуубуз зарыл
Соз ооздон чыкканга чейин сенин кулун,чыккандан кийин сен анын кулусун дегендей ар бир созго маани берип,ойлонуп суйлосок озубузго эле жакшы.Адамдын ким экени суйлогон созунон эле билинип калат,ошого созго этият мамиле кылуубуз зарыл
#14 20 January 2016 - 10:33
Тема жакшы... Автор бул боюнча кенен түшүндүрмө берген экен, кайталабай эле коёюн...
Муну жөнөкөй эле, кыскача мындай түшүнсө болот го (тар маанисинде):
Турмушка чыга элек кыздарды айым дегенге болбойт, аларды бийкеч, селки десе туура, а турмуш кургандан кийин айым деп айтса болот.
Муну жөнөкөй эле, кыскача мындай түшүнсө болот го (тар маанисинде):
Турмушка чыга элек кыздарды айым дегенге болбойт, аларды бийкеч, селки десе туура, а турмуш кургандан кийин айым деп айтса болот.
#15 20 January 2016 - 11:16
Эң туура.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#16 20 January 2016 - 18:52
Мен жакында эле бир телеканалдан коруп аябай ачуум келди эле. Чакыйып туз эфирге отуруп алып "Анда эмесе назарыныздарда "кулкунучтуу"
окуялар дейт. Каяктан угуп же окуду экен "кулкунучтуу"
деген созду. Кулкулуу деп эле айтып журбодук беле деп озумчо бушайман болдум.
#17 20 January 2016 - 23:35
Жакшыы эсте болот. Анда форумчу эжелерди вообще айым дебешибиз керек экен да э? Эл башкарган, көрүнүктүүлөрдү ган айым деш керек дептир го.
Внешность - это козырь , но не туз…
#18 21 January 2016 - 23:00
Жакшыы эсте болот. Анда форумчу эжелерди вообще айым дебешибиз керек экен да э? Эл башкарган, көрүнүктүүлөрдү ган айым деш керек дептир го.
Форумчу эже-сиңдилерди билбейбиз да, канча жашта, эмне менен алектенет, кээ бирөөлөрүн мисалы. Ошондуктан, атынан эле айтып, "сиз" деп койгон туура. Эркектерди деле ошондой.
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#19 24 January 2016 - 04:16
Жакшыы эсте болот. Анда форумчу эжелерди вообще айым дебешибиз керек экен да э? Эл башкарган, көрүнүктүүлөрдү ган айым деш керек дептир го.
Туура, форумчуларды "Айым, мырза" дештен уялып калдым мендагы.))
Чыныгы "Айым-Мырзалар" форумга кирбейт.))
Ошон учун, чон болсо: "Эжеке, ага, байке", кичине болсо: "Иним, уком, карындашым" деп атоо жетиштуу экен...
#20 24 January 2016 - 13:05
Соцтармактарда бары-жогун "Баланча айым", "Бастанча мырза" деп атап атканы чындыгын айтканда "раздражает"
. Мындай көрүнгөнгө колдоно бербөөчү сөздү бардык жерде колдоно берин таркин чыгарышты окшойт. Жогордо жазылгандай улуу болсо "ага/аке/байке/
эже" деп, кичүү болсо "ини/үкө/карындаш/
сиңди" деп кайрылуу эле туура го.
> Mен эл менен <
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео





















