Суперстан: Кантип семирип, кантип арыктаса болот? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Ден соолук жана сулуулук
  • > Диетология
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (29 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кантип семирип, кантип арыктаса болот? келип карап койсонуз

#461 Пользователь офлайн   Alina1984   27 Июнь 2015 - 23:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 162
  • Катталган: 09 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Белгисиз

2жыл мурун операция болгондо 10кг арыктадым еле кайра еле толуп кеттим,еми да операция болсом арыктайм го умутумду узбой атам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#462 Пользователь офлайн   -Sumitra-   28 Июнь 2015 - 09:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 757
  • Катталган: 02 Июнь 15
  • Соңку аракети: 14 Янв 2021 15:52

Мурда 58кг б.п семирип кеткем.Кантип арыктайм дечулем.Анан турмушка чыгып,кош бойлуу болдум.Токсикозум иттей кыйнады 50кг болдум.Анан тородум 43кг болуп семире албай атам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#463 Пользователь офлайн   osh93   28 Июнь 2015 - 10:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

Арыктоону каалагандар үчүн:Ашыкча салмактан арылуу көпчүлүк айымдардын олуттуу көйгөйү. Бул көйгөйдөн арылууга айрымдарынын эрки жетсе, көпчүлүгү андан арыла албай келишет. Бул жаатта белгилүү диктор Лунара Мамытова берген төмөнкү кеңештер өтө жөнөкөй жана натыйжалуу болуп эсептелинет. 1. Көңүлүңүздү тамакка гана коюңузТамактанып жатканда эч нерсеге алаксыбаңыз, көңүлүңүздүн баарын тамакка коюңуз. Телевизордон сүйүктүү сериалыңызды көрүп же компьютерде иштеп отуруп тамактансаңыз, дайыма жеп жүргөн порцияңыздан үч эсе көп жеп койгонуңузду өзүңүз билбей каласыз.2. Көп чайнаңызТамактын ар бир тиштемин 25тен кем эмес жолу чайнап, андан кийин гана жутуңуз. Мунун эки пайдасы бар. Биринчиден, жакшы чайналган азык организмге жакшы сиңет. Экинчиден, чайнаганда бүйлөлөр массаждалып, пародонтоз оорусунун алдын алат.3. Эки даана жумурткаКонокко, тойго жана башка тамак көп болчу жерге барардан мурун үйүңүздөн сууга бышкан эки жумуртка жеп алыңыз. Алар сизди ток кармап турат, натыйжада, дасторкондогу дүйүм тамактан өзүңүздү кармап отуруу жеңил болот.4. Таттууларды чектеңизЖатар алдында желген балмуздак жана башка таттуу азыктар бүт бойдон майга айланары миллион жолу далилденген. Ал эми бул сүйүктүү азыктарыңызды түшкө чейин жесеңиз, алар сиздин мүчө келбетиңизге эч кандай терс таасирин тийгизбестигине кепилдик бар. Жатар алдында таттуу нерсе жегиңиз келсе, бир даана апельсин, алма же бир кесим ананас жеп алсаңыз болот.5. Диетанын кереги жок!Бир дагы диета узак убакытка эсептелген эмес. Мындан тышкары, ал сиздин организмиңиздеги зат алмашууну бузат. Анткени, диета кармоодо сиз же ачка жүрөсүз, же рационуңуздан бир нече азыкты чийип саласыз. Мындан тескерисинче, мурдагыдан үч эсе тез салмак топтойсуз.6. Толук кандуу уйкуИзилдөөлөрдөн белгилүү болгондой, толук кандуу уйку да келбетиңизди бир калыпта сактоого жардам берет. Ал эми уйку канбаса, организмде гормоналдык баш-аламандык орун алат, башкача айтканда, май ткандарын эритүүчү гормондор аз иштелип чыга баштайт. Суткасына 6 сааттан аз уктаган адамдын организминде май чогула берет да, бир жуманын ичинде ашыкча салмак кошкону байкалат. Андыктан, күнүнө 8 сааттан кем эмес уктаңыз. Бирок, эсиңизде болсун, ашыкча уйку да салмак кошот.7. Кыймыл-аракетти көп жасаңызКанчалык кыймылдуу болсоңуз, ошончолук келбеттүү болосуз. Анткени, физикалык активдүүлүк организмдеги зат алмашууну жакшыртат жана майларды эритүүчү заттын иштелип чыгышын жакшыртат. 8. Цитрус жемиштерин көп жеңизБелгилүү болгондой, цитрус жемиштери С витаминине бай. Ал эми бул витамин организмде картизолдун, башкача айтканда, майдын топтолушун шарттоочу гормондун иштелип чыгышына тоскоолдугун тийгизет.9. Ак эт жеңизТооктун, үндүктүн, балыктын эти адамды ток кармайт. Баарынан жакшы жери, алар майдын чогулуша алып келбейт, тескерисинче, алардын курамында булчуң эттер үчүн курулуш материалы болуп берчү аминокислоталар бар.10. Суюктукту көп ичиңизСуу ачкалыкты сездирбейт жана зат алмашууну 3%га жакшыртат. Андыктан, сууну канчалык көп ичсеңиз, ошончолук жакшы. Тамактанар алдында бир стакан жылуу суу ичип алууну адатка айлантыңыз. Мындан тамакка болгон табитиңиз басаңдап, азыраак жегенге шарт түзүлөт. Мындан сырткары ар саат сайын 100 миллилитрден суу ичип турсаңыз, эч качан ачка болбойсуз, ал эми суу сиздин ичиңиздеги шлактарды айдап чыгат.11. Туруп туруңузМүмкүн болушунча көбүрөөк туруңуз. Отурганга караганда туруп турган абалда бир жарым эсе көп калорий сарптайсыз. Ушуну эске алып врачка кирүүгө кезек күтүп турганда, атүгүл телевизор көрүп жатканда тикеңизден тик туруп туруңуз. 12. Пайдалуу азыктарды жакын жерге коюңузПайдалуу азыктарды дароо көзгө урунгудай жерге коюңуз. Мисалы, жер-жемиштерди столдун үстүнө, муздаткычты ачканда эле көрүнгүдөй жакын текчесине дегендей.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#464 Пользователь офлайн   malika14   14 Июль 2015 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 943
  • Катталган: 22 Март 15
  • Соңку аракети: 27 Янв 2019 19:54
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Картахена Испания

Просмотр сообщения eldar96 (16 Май 2015 - 02:39) жазган:

аял киши эмес эркеке да абдан пайдалуу дуйнодогу дан осумдукторунунун арасында эн кучтуусу гречка экен

ошондуктан качка бергендер кобунчо гречка жешет да

Гречканын мекени – Индия. Бул азыкты эң көп өлчөмдө экспорттоочу өлкө – Кытай (1 жылда 61 миң тонна), ал эми эң көп импорттоочу өлкө – Япония (1 жылда 70 миң тонна).
Керектүү заттардын кампасы болгон гречка даны темир, кальций, калий, фосфор, йод, цинк, фтор, молибден, кобальт жана ошондой эле В1, В2, В9, PP, Е витаминдерине бай. Курамында крахмал, белок, кант, органикалык кычкылдар жана тиамин бар. Башка дандарга салыштырмалуу гречканын организмге сиңимдүүлүгү жогору.

ДЕН СООЛУК САКЧЫСЫ
  • Гречка ашыкча салмактан арылууда (диеталарда) колдонулат.
  • Кант диабети менен жабыркагандар үчүн баалуу азык.
  • Жүрөк, кан тамыр ооруларын алдын алууда жана дарылоодо мыкты жардамчы.
  • Кандагы холестериндин өлчөмүн азайтып, кан басымды нормалдаштырат.
  • Сөөктөрдү бекемдейт.
  • Ашказан, ичегилердин иштөөсүн жакшыртат.
  • Боорду тазалоочу касиетке ээ.
  • Жөтөлдү басаңдатат.
  • Булчуңдарды чыңдайт.

ГРЕЧКА ДИЕТАСЫ (АРЫКТОО ҮЧҮН)
Түндө жатар алдында 6 аш кашык гречканы тазалап, ысык сууга жууп, анан 400 грамм (1 стакан) айранга чылап коюңуз. Жибип калган данды эртеси бир нече ирет тамак ордуна колдонуп, суусундук ордуна 1,5-2 литр газдалбаган суу ичүү керек. Бул диетаны 3-4 күндөн ашык кармоого болбойт. Бир жылда 4-5 жолу кайталоого мүмкүн.


КУРГАК БЕТ ҮЧҮН МАСКА
2-3 аш кашык гречка унун өсүмдүк майы менен аралаштырып ботко жасап алабыз. Аны таза териге жаап, 5-10 мүнөт кармоо керек. Андан соң бетти жылуу суу менен жууп коюңуз. Бул маска терини керектүү витаминдер менен азыктандырат.


Майлуу бет үчүн маска
Жогорудагы ыкмадай даярдалат, бирок майдын ордуна айран кошулат.


СУЮК, АЛСЫЗ ЧАЧКА МАСКА
1 даана жумурткага 4-5 аш кашык гречка унун жана бир аз лимон ширесин кошуп маска даярдап алуу кажет. Аны ным чачка тегиз сүйкөп, 30 мүнөт целлофан менен байлап кармоо керек. Андан соң шампундап жуу керектелет.


КЫЗЫКТУУ

  • Белгилүү аскер башчы А.В.Суворов гречканы «бай азык» деп атаган жана аскер адамдарынын күнүмдүк тамагына коштурган.
  • Медицинада кан тамырлардын жарылышына каршы колдонулуучу «Рутин» каражаты гречканын гүлүнөн даярдалат.
  • Орусияга алгачкы ирет Грециядан алынып келингендиктен, аталышы "гречиха" же "гречка" деп аталып калган.


Soonun keneshter bar eken.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#465 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 08:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

- Арыктоо үчүн эң натыйжалуу диета кайсы?
Ажар, Нарын.
- Диетаны натыйжалуу, натыйжасыз деп бөлүп кароого болбойт. Негизи, диета - туура тамактануу деген түшүнүктү берет. Ошондуктан, биз канчалык туура тамактансак, ден-соолугубуз бекем болуп, эч кандай ашыкча салмак кошуп же арыктап кетпейбиз. Жер-жемиштер менен диетага отуруу жакшы натыйжасын берет. Майлуу, туздуу, таттуу нерселерден алыс болуш керек, ошондой эле сууга жана бууга бышырылган тамактар менен тамактануу керек.
- Диетаны убактылуу кармап, токтотуп коюу же үзгүлтүккө учуратуу ден-соолукка зыян эмеспи?
Сулуу, Лейлек.
- Албетте, зыян. Кандай гана диета кармап жатпаңыз, эгер аны өз эрежеси менен акырындап токтотпосоңуз, ден-соолугуңузга олуттуу зыяны тиет. Андай учурда ичеги-карын, ашказан ооруларына чалдыгып калышыңыз, тескерисинче, эки эсе толуп кетишиңиз толук мүмкүн. Кармалган диета канчалык оор болсо, андан чыгуу да ошончолук кыйын болот. Айрым айымдар диета десе эле бир эле азыкты жеп, калгандарынан толугу менен баш тартып коюшат, бул туура эмес. Мисалы, кээ бирлер 10-15 күн диетага олтурдум деп жалаң күрүч жейт. Күрүчтө организмге керектүү бардык витаминдер жок. Организм болсо витаминдер, микроэлементтер, белок жана май менен ар дайым камсыз болууга тийиш. Эгер ошолор жетишсиз болуп калса, организм стресске учурайт да, кийин кайра кадыресе тамактана баштаганда толуп кетүү коркунучу пайда болот. Ошондуктан, кандай диета кармабаңыз, тамак-аштан таптакыр баш тартпай, аз-аздан жеп турганыңыз жакшы.
- Жалаң күрүч менен же айран менен да диета кармаса болот деп уккам. Мындай диетаны арыктоо үчүн кармоого болобу?
Айнура, Сокулук
- Туура, мындай диета бар. Аны медицинада "монодиета" деп атайт. Бирок, аны арыктоо үчүн кармабайт. Ар кандай аш-тойлорго барганда же конок тоскондо байкабай көп жеп алып, эртеси күнү ашказан ооругансып калат. Ошондой учурда организмди жеңилдетүү үчүн бир күн кармап коюу жетиштүү. Мындан тышкары, бул диетаны жумасына бир жолу кармап койсоңуз, ашказан тазаланып, толуп кетүүнүн, ар кандай оорулардын алдын алат.
- Мен боюмда бар кезде 21 килограммга толуп, төрөгөн соң 1 айда 10 килограммга арыктап кеттим да, балага сүт чыкпай калды. Учурда бала эмизбейм, кантип мурунку абалыма келсем болот?
Гүлсүн, Ысык-Көл
- Негизи, кош бойлуулук учурда 10-14 килограмм салмак кошуу - бул норма. Эгерде андан ашып кетсе, ал аялдын зат алмашуусу начарлаган деп түшүнсөк болот. Кош бойлуулук учурунда, бала эмизгенде толуп кетем деп тамактан баш тартуу туура эмес. Анткени, бала да сиз аркылуу тамактанып жатпайбы. Сиз мурдагы калыбыңызга келүү үчүн көбүрөөк кыймылдап, майлуу, таттуу, туздуу тамактардын жана суюктуктун көлөмүн азайтсаңыз сиз каалагандай жыйынтык чыгат.
- Менин жашым жыйырма беште. Толуктугум жолдошума жакпай, ажырашам деп жатат. Жаш балам бар. Кантип тез арада арыктасам болот?
Айдай, Талас
- Арыктоого канчалык катуу муктаж болсо, киши ошончолук бат арыктайт. Кыймылды көбөйтүп, ошону менен бирге ар кандай атайын көнүгүүлөр бар, ошолорду жасооңуз керек. Анын баарын бир сөз менен түшүндүрүүгө болбойт. Андыктан, бизге келип кеңеш алып кетсеңиз болот.
- Ден-соолукка зыянын тийгизбей арыктоо үчүн күнүнө канча өлчөмдө калорий жеш керек?
Мимоза, Чүй
- Калорийди анча же, мынча же деп сизди көрбөй туруп айта албайм. Анткени, калорийди ар бир киши ар кандай өлчөмдө талап кылат. Калорийдин өлчөмү кишинин жашына, жынысына, аткарган кызматына, жашаган жерине байланыштуу болот. Кыймылы көп иште иштегендерге көбүрөөк, ал эми бир жерде олтуруп иштегендерге азыраак өлчөмдө керектелет. Так өлчөмүн келип текшерилсеңиз, анан аныктайбыз.
- Беш ай мурун тамекини таштагам. Азыр эмнени көрсөм жегим келип жей берем, жей берем, такыр тойбойм. Ошондуктанбы, 10 килограммга толуп кеттим. Эмне кылсам болот?
Нагима, Бишкек.
- Сиз тамеки тарткан учурда тамекиден ырахат алчусуз. Ал эми тамактанууда да киши ырахат алат. Сиз тамеки тартууну токтотушуңуз менен тамакка болгон табитиңиз жогорулады. Анткени, мурда тамекиден алчу ырахатты адам башка нерсе менен толуктап туруусун орган
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#466 Пользователь офлайн   osh93   26 Август 2015 - 08:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 568
  • Катталган: 28 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Мар 2016 09:57
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Москва

мдардын ажарын ачууда
диетанын качалык орду бар
экенин билүү максатында
дарыгер-диетолог
Абжапарова Гуля
Алымбековнаны
маекке тарттык.
- Гуля Алымбековна, сиздин диетолог болуп калганыңызга эмне түрткү болду?
- Менин ата-энем экөө тең дарыгерлик кесипти аркалагандыктанбы, кичинекейимен эле дарыгер-диетолог болом деп алдыма максат кылгам. Атам Кара-Суу районундагы бардык дарыканалардын директору, апам ооруканада дарыгер болуп эмгектенчү. Аларды жумушуна ээрчип барып аралашып жүрүп, дарыгерлик кесипке кызыгып кеткем. Бирок, мага оорукананын аурасы жакпайт. Оорулуу кишилердин онтогону, ийне сайган... Ошондуктан, диетолог болууну тандагам.
- Бизде диетологдорду даярдап чыгаруучу атайын окуу жай барбы?
- Албетте бар. Мамлекеттик медициналык академиясында атайын диетологдорду даярдоочу бөлүм бар.
- Өзүңүз диета кармайсызбы?
- Кармайм. Жогоруда айткандай эле диета - бул туура тамактануу деп түшүнүү керек. Ошондуктан, диетаны качан толуп кеткенде же ооруганда эмес, башынан эле кармап жүргөн туура.
- Эң толуп кеткен жана эң арыктаган учурда канча килограмм болгонсуз?
- Турмушка чыга электе 58 килограмм болгом, эң толгонум ошол. Ал эми эң арыктаган салмагым 42 килограмм болгон.
- Үй- бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
- Бардык жактан колдоп турган жолдошумдун сүйүктүү жары, эки уул, эки кыздын мээримдүү апасымын. Өзүм да төрт бир тууганмын, алар мен үчүн эң кымбат адамдар. Мени ушул даражага жеткирген ата-энеме абдан ыраазымын. Тилекке каршы, атамдын менин көп ийгиликтеримди көрбөй эрте көз жумганы мени өкүндүрөт.
- Карап туруп төрт баланын энеси катары аябай жаш көрүнүшүңүздү байкадым. Мунун сыры эмнеде?
- Туура тамактанып, көп кыймыл жасоодо деп ойлойм.
- Ушул кесипти тандабай эле койбой деп өкүнгөн учурлар сизде болгонбу?
- Болгон эмес жана болбосо керек. Кудай кут кылсын эмне максат кылсам акырындык менен баары орундалып келе жатат. Мен өз жумушум менен сыймыктанам жана өзүмдү бактылуу айым деп эсептейм.
Жашоо керемет! Бирок, ошону татыкттуу жашап отуу татаал

Адамга эн кыйыны "Кош бол" деп айтуу болсо керек. Ошон учун "Кош бол" - дебейм кайрадан корушкончо. .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#467 Пользователь офлайн   Alkash-kyz   26 Август 2015 - 11:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 330
  • Катталган: 15 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Апр 2019 17:26
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Фрунзенин бульвары

Мен үчүн семирүү өтө көйгөйлүү.Көпчүлүк айымдар арыкташ үчүн аракет кылса,мен семирүүнүн айласын издеп жүрөм.Пивные дрожжи деген таблетка ичип жүрөм учурда.
Жашоо бар,жашаш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#468 Пользователь офлайн   Azada93   20 Сентябрь 2015 - 02:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 140
  • Катталган: 07 Июль 15
  • Соңку аракети: 05 Сен 2017 07:23

курсактагы жырды кантип жок кылса болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#469 Пользователь офлайн   Holerik10   20 Сентябрь 2015 - 02:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения Azada93 (20 Сентябрь 2015 - 02:08) жазган:

курсактагы жырды кантип жок кылса болот.

Пычакты аласын,биринчи секин кожаны кесип кичине майга жеткенде капталынан кесе баштайсын,майды кырып алыш керекта ошондой кылып. Кесип алгандан кийин кууруп жыззасын алып,туздан кошуп итке бересин,калганын муздатып тонуп калганда банкага куюп коесун,кышта керек болот раса ич май.

Тамаша))))) Интернетте сурот видеолору бар ошолорду корсон,ото-ото оной жол менен,каерде болсо дагы удобный приемдор бар,издеп корсон да. Бирок бир кундо 5-6 жолу кылсан анан действия берет,тамакты дагы ондош керек болот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#470 Пользователь офлайн   Naimanka-kg   20 Сентябрь 2015 - 11:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 202
  • Катталган: 05 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 30 Сен 2016 00:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ордолуу Ош

1 ай бою туну 4-5 саат эле уктап журдум эле, 7 кг таштап койнокторум жер чийип калды . Уйкудан да болот окшойт деп ойлоп калдым.
~Мечта - аванс успеха ...~

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#471 Пользователь офлайн   Liza.   20 Сентябрь 2015 - 12:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 104
  • Катталган: 11 Июнь 15
  • Соңку аракети: 15 Янв 2017 21:12

ушул маселе менде да 4жылдан бери болуп келет кантип арыктоо деген,мурун семире албай кыйналдым эле,эми арыктай албай жатам же кийим жарашса семиздиктин азабы коп экен
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#472 Пользователь офлайн   Nurmatova   20 Сентябрь 2015 - 12:42

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 219
  • Катталган: 29 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 12 Апр 2019 23:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ошингтон

тамак-аштан анан кыймылдан -дагы болот...
коп-коп кыймылдап,аз- аз жеш керек!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#473 Пользователь офлайн   samsungc3   09 Октябрь 2015 - 04:40

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

Мен семире албай убарамын Канткенде салмак кошом айткылачы
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#474 Пользователь офлайн   Dinaa   10 Октябрь 2015 - 12:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 476
  • Катталган: 03 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 24 Май 2020 17:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Сан Франциско Кыргызстан.

Арыктагысы келгендер учун бир чыны жылуу сууга бир ст.ложка бал и корица чай ложка кошуп эрте мн ач карын ичкиле 30 мин ден кийин завтрак жегиле анан арыктайсынар анан и кыймылдаш керек коп
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#475 Пользователь офлайн   Rustambekten   14 Январь 2016 - 17:37

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6
  • Катталган: 05 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 08 Дек 2021 02:06

Семируу учун конулду ток кылуу керек, жырный тамак жакпаса камыр тамактар анан уйкуну бираз кобойт. А арыктайм десен эрте м.н чурка 1 саат ач карын 2 ай резултатын берет, чуркай албасан тамактан тыйыл 3 айча
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#476 Пользователь офлайн   Holerik10   15 Январь 2016 - 13:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Арыктайм деп энержи диет ичип атып грипп болуп бир жума жатып калып шалпийип калдым Ана сага диета))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#477 Пользователь офлайн   s9zen098   20 Январь 2016 - 21:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 071
  • Катталган: 05 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 31 Окт 2021 17:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Holerik10 (15 Январь 2016 - 13:40) жазган:

Арыктайм деп энержи диет ичип атып грипп болуп бир жума жатып калып шалпийип калдым Ана сага диета))))

:D шалпийип калганыныз жакты да
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#478 Пользователь офлайн   kozunek.   20 Январь 2016 - 21:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 876
  • Катталган: 09 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 22 Июн 2025 11:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалган дүйнө...

Семиралбай журсо...Жок дегенде бир эки килограмм кошсом жакшы болмок((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#479 Пользователь офлайн   arimle90   20 Январь 2016 - 23:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 23:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

мен дагы семире албайтам. Ойлонуп атып эле арыктап жатам. Ойдон эч эле арыла албадым же азайбады
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#480 Пользователь офлайн   Holerik10   20 Январь 2016 - 23:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ойлонсон эле арыктасан кандай жакшы)))андай болгондо мен азыр чилдашир болуп калмак экемда))))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Диетология
  • Кийинки тема →

  • (29 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 22
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июн 2025 01:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: