Данияр уулу Ариет
Мен кыргыз жеримдин гулдоп- осушун каалаймын.
Кыргызстан эми онугуп келе жаткан мамлекеттердин бири болуп эсептелет. Мен дагы, буюрса, чонойгондо мамлекеттин гулдоп осушуно салым кошомун жана ошондой эле элиме, жериме ак дилден кызмат кылып, мамлекетимдин дагы болсо да кучтуу, онуккон, Кыргызстандын атагы чыккан мамлекеттерден кылгым келет. Элим мактаган мамлекет кылгым келет, буюрса.
Албетте мекенимдин гулдоп, онугушун каалаймын. Азыр деле онуккон мамлекеттерден десем жанылышпаймын.
Биздин президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршенович,
ал дагы мамлекеттин онуктуруунун жолдорун карап жатат. Депутаттар,
окмот башчы, мэр жана башка ишкер адамдар дагын мамлекеттин гулдоп онугушунун устундо иштеп жатат. Кыргызстаныбыз эмне болуп онугуп жатат? Мисалы, кен байлыктары коп, суусу дагы коп, мол. Жаны мектептер курулуп жатат, жаны завод, фабрикалар,
жуздогон мекеме ишканалар курулуп иштетууго берилип жатат, жана башка турдуу ишканалар, стадиондор.
Ошону менен мамлекетибиз онугуп жатат.
Кыргызстаныбыз оор кыйынчылыктарды башынан откоруп келген. Анысына карабай, коп эмгек кылып, онугууго карай бел байлаган. 2010 –жылы 7-апрелинде элдик революция болгондо, ушул жерден дагы мамлекетибиз,
элибиз коп кыйынчылыктарды коруп келген. Азыр беш жылда мамлекет онугуп жатат. 2010-жыл менен 2015 - жылды салыштырып коруш болбойт. Кудайга шугур, мамлекетибиз онугуп келе жатат. Кылымдар бою мамлекетибиз алдыга карай онуго берсин. Жана ошондой эле биздин Кыргызстаныбыз Япония, Турция, Франция мамлекеттериндей онуккон мамлекеттерден болушун каалаймын.
Мен окууну жакшы окуп, билимдуу болуп, келечекте жогорку окуу жайга кирип, технтикумда билим алгым келет. Ошол техникумда озум билбеген курууларды билип, машине ондоо, ушундай университетке кирип,элиме кызмат кыламын деп ойдомун. Мен элиме мындай пайда иштерди алып келем, албетте озумдун Кыргызстанымды онуктуром жана ошондой эле гулдоп онугушуно салым кошом. Акыр чикирлерден тазалап, элиме кам кором. Айлана чойрону таза кылуу бул ар бир адамдын милдети. Коррупция, чиновниктерди азайтуу менен, элибиздин дени сак болсо, тынчтык болсо, мамлекетибиз онугот. Кайрымдуулук иштерин кылам, жетим – жесирлерге жардам корсотом, майыптарга,
жана башка сооптуу иштерди аткарам. Кыргызстандын гулдоп онугушу учун, колумдан келишинче аракет кылам. Мамлекетибизге,
элибизге, ак дилден кызмат кылып, коп эмгек кылсак, элге кам корсок, мамлекетибизди алдыга карай онуктурсок,
кучтуу кылсак. Ошондо биз онуккон алдынкы мамлекеттерден болобуз, баарыбыз биригсек, бакубат, кучтуу, онуккон Кыргызстанды бирге курабыз. Ушундай иштерди кылуу менен Кыргызстаныбызда онугуу болот. Мен ошентип мамлекетимди гулдоп – онуктуром. Озум чонойгондо ушундай иштерди аткарам. Кышында элди жылуулук, элетроэнергия менен камсыз кылам. Комурлор менен дагы. Ой максаттарым,
кыялдарым ошол.
Данияр уулу Ариет, 15 жаш, Баткен облусу, Лейлек району, Исфана шары
КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "7-канал" телеканалы уюштурган сынакка келген дил баяндар (Баткен облусу) КРнын Малайзиядагы элчилиги жана "7-канал" телеканалы уюштурга
#22 21 January 2016 - 12:09
Ибрагим кызы Раиса
Кыргыз жеримдин өнүгүп өсүшүн каалайм.
Мен киммин. . . же эмнемин?
Мен негизи эмне деген пендемин?
Кандай максат, себеп менен бул дүйнөгө келгенмин
Бүгүн ойлоп карап көрсөм, мен эч киммин, эч киммин.
Ар бир адам ыңаалап бул дүйнөгө келгенде, жер жүзүндө көптөгөн, тоскоолдуктар күтүп, кулач жайып тосуп алары айтылгыс чындык. Мына ушундай бут тосмо тоскоолдуктарды жарып, өз максаттарыма жетүү бүгүнкү күндүн талабы. “Ар бир адамдын максаты жан дүйнөсүнүн күзгүсү”- деп ойчулдар айткандай инсандын максаты ар түрдүү багытты көздөйт. Кимдир бирөө бай болууну кааласа, башкасы ач курсактын камын көздөйт, ал эми ой чабыты курч адам гана бүркүт сыяктуу бийиктен сарысеп салып жеке эле өзүнө эмес бүтүндөй калктын өлкөнүн калктын камын ойлоп, өзүн ошого багыттайт, өмүрүн өзүнө эмес өлкөгө арнайт. Балким, кимдир бирөөлөр үчүн жат көрүнүштөй сезилсе, мен үчүн жүрөгүмдүн түпкүрүндө уюган, ташкындап чыгуу үчүн алоолонуп чыгып жаткан чындык.
Кичинекей кезимден элет жергесинде бешик ырын угуп чоңойгонумданбы, айтор “кыргыз ”деген сөз уксам карышып турган маңдайым, муздаптурган маанайым күн сыяктуу чайыттай ачылат. Кече окуудан кайтып көчө бойлоп келе жатсам, бет маңдайымда чоң эле жаштагы аял таштандыны көчөнүн четине төгүп кайра үйүнө эки жагыны карап кылмышкер сыяктуу кирип кетти.Бул окуяны өз көзүм менен көрүп, жан дүйнөм, көөдөнүмдөгү патриоттук сезимим күңүрөнүп ыйлады. Бирок, мендеги бул өзгөрүүнү өзүмдөн башка эч ким сезбеди. Үйгө келген соң, өзүмө өзүм бир нече суроо берип, оюм бийиктикке учту. Эмне үчүн ошол адамдар коомго зыян, мамлекетке кыянат кылып жатканын сезишпейт? Же алар кичине таштанды менен эмне өзгөрүп кетет дегин тайкы ой жүгүрүп жаткандыр. Ошондой билими тайкы адамдарга эскертээрим “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам”.
Мен өзүм жаш болгонум менен өлкөм үчүн кайдигер карабайм. Убагы келсе Кыргызстанымды дүйнө менен тең тайлаша турган өлкө даражасына көтөрүүгө далаалаттанам.
Кокус ден-соолугубуз ооруса, кымбат болгонуна карабай даары алып ичип, өз камыбызды көрөбүз. А өлкөбүз тебеленди болгону менен эч кимибиздин иши жок.
Акырында айтаарым мына ушундай көрүнүштөрдөн тыянак чыгарып, мен өз алдыма мындай максат койдум: “Чет өлкө менен өз өлкөмдү салыштырып алардын жакшы жактарын кыргызстанда өнүктүрөм, натыйжада эл үчүн бүт өмүрүмдү арнайм, өзүм үчүн эмес өлкөм үчүн эмгектенем, ”
“Бул дүйнөгө келгенимде баары тосуп алган. Ушунчалык өлкөмө кызмат кылайын мен бул дүйнө күлүп коштошконумда, элмени ыйлап узатсын.”
Ибрагим кызы Раиса Лейлек районунун №3 гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу.

#23 21 January 2016 - 12:10
ТУРКБАЕВ НУРМУХАМАД
КЫРГЫЗ ЖЕРИМДИН ӨСҮП ӨНҮГҮШҮН КААЛАЙМЫН
Сөз баштаарда өзум жөнундө айта кетсем, жашоомдо бул сыяктуу көптөгөн чакыруулар, дил баян сынактарын көргөм, жадакалса катышканмын, бирок эч кандай жыйнтык алган эмесмин. Ал эми бул ирет сөз менин киндик каным төгулгөн ата-мекеним- “КЫРГЫЗСТАН” жөнундө сөз болуп жатканына байланыштуу, мен четте карап тура албадым. Тема өтө так жана туура тандалган. Мен ишенемин бул тема ар бир угарманды жана окурманды ата-мекенине болгон сууйуусун ашырат. Мен бул ирет өз оюмду туура жана так билгизуугө аракет кылдым.
Кичинерээк кездерим укмушка жана сыйкырчыларга ишенип журчумун, а бирок азыр дуйнөгө чыныгы көз караш менен кароо зарыл экендигин тушунуп жеттим ( көз карашым өзгөрууусунө бирден-бир себеп менин атамдай болгон устатым жана агайым жардам берди ). Бирок не болсо да жаңы-жылда аяз-атадан белек алууну кутөмун. Дил баянды акырына чейин окуунуздарды өтунуп суранам. Эң башкы ирет дил баян сынагын жарыялаган“АЗАТТЫК”ка чоң ыраазычылыгым билгиземин…
“Бакыт кушу өзу конбойт колуна
Тушуп бербейт жатып алсан торуна
Окуу керек издөө керек талыкпай
Мына ошондо гул төшөлөт жолуңа”-демекчи дуйнөдө баары эле өнуккон кемчиликсиз болуп жаралбайт. Жер жузундө асман менен жер пайда болуп, топурак үстунддө таш жаралып, алардын айланасында өсумдук чайпалып чыккандан бери, жан-жаныбардан тартып адамга чейинкилер, улам бир тоскоолдуктарды жеңип, кыйын кундөрдө “сабырдын тубу сар алтын, саргарган жетер муратка, алда кайда оолугуп, ашыккан калар уятка,” –деген ураанга моюн сунуп, чыдамкайлыгын көрсөтуп келуудө, балким ушул себептен жашоо өз изин жоготпой сакталып тургандыр.Менин жеке оюм боюнча жашоонун дуйнөнун анын ичинде ар бир өлкөнун өнугуусунун бирден –бир жолу бул окуу жана аракет.
Эртен менен эрте туруп, өзум туулуп өскөн Лейлек районумдагы, Жаштык айылымдын буркураган таза абасынан кере-кере дем алып, айланага көз чаптырдым. Маанайым кундөгунөн сергек, шат. Ошол кезде дениздин тупкурундөгу баалу каухар сыяктуу оюма баа жеткис бир ой келди. Ал эмне деп ойлоп жаткандырсын? Албетте, ал өз мекенимдин келечеги эле. Келечек- биздин мууундарыбыздын, тарыхыбыздын, урп-адаттарыбыздын, жер-сууларыбыздын пайдубалы. Мына ошол пайдубалдын планын бугун ойлонуу бугунку кундун талабы экенин журөк -отум, жулун -этим менен тушунуп жеттим. Ойлонуп карасам дуйнө жузундө көптөгөнт мамлекеттер өтө бийиктикке кол серпип, дуркурөп өнугуудө. А мен жашаган кыргызтан эми гана “тай-тай” баскан бөбөк сыяктуу алгачкы кадамдарды эми гана шилтөөдө. Биринчи кадамыбыз эгемендуулук алганыбыз, экинчи кадамыбыз тынчтыкты камсчыздаганыбыз. Бизди алдыда чечуучу учунчу өнугуу деген кадам кутуптурат. Ал учун өлкөбуздө чарба, экономика, маданият жаатындагы адистер жана башка тармактар “бир, жакадан баш, бир женден кол чыгарып”- менин устазымсыяктуу өзуну унутуп өлкөнун келечегин ойлосо биз албетте өнугөбуз.Эгерде өлкөмдун башкаруу бийлиги төмөндө сунушталган сунуштарды карап чыкса, балким өлкөм кайрак ташта кайралган миздуу бычактай такшалып, алга карай секирик жасап өнугөр(прыжок пантерры).
1 )Жаңы төрөлгөн бөбөктөргө ата-эне кандай тарбия берип жатканын көзөмөлдөө ( ата-эне бешиктеги балага мекен жөнундөгу, анын ыйыктыгы тууралуу ыр жомокторду, бешик ырын айтып уктатуусу). Себеби жаштар акулдуу жана ыймандуу болуп өсуусүнө ата –эне себепчи болот.
2) Бала-бакчадагы балдарды тарбиялаганда аларга мекендин өнугуусу, келечек эмне экенин тушундуруу, 4-8 саптан турган “КЫРГЫЗСТАН”тууралуу ырларды жататуу.
3)Мектеп окуучуларына “Кыргызстандын келечеги –биз”деген темадагы сабак жумасына бир жолу өтуп туруу.Себеби келечек жаштар колунда.
4) Өлкөну куруудагы негизги кучтөрду- улуу инсандарды окуучуларга алып келип “инсан таану сабагы”өткөруу, бул баланын руханий дуйнөсун калыптануусуна жана мекенчил болуп өсуусунө туртку берет.
5) Жогорку окуу жайдагы студенттерге конкурс жарыялап, алардын тажрыйбасын такшалтуу учун ,чет өлкөгө практикага жөнөтуу( бул өлкөбуздун кемчилигин байкого жана аны тузөтуугө жардам берет).
6) Элеттик адамдарга “Биз өлкөбуздун өнугуусунө кантип салым кошо алабыз”- деген темада лекцияларды өтуу.
7) Республикалык деңгээлде “Кыргызстан- эртен”атту семинар өткөруп,ага коңуш мамлекеттерден конокторду чакыруу ой-бөлушуу.
8) Эң башкысы өлкөнун өнугуусунө салым кошкон студент жана окуучу жаштарга сыйлык беруу.
9) Чет –элдик окуу китептери жана өзубуздун элдик адабиятты окуучуларга толук камсыздап беруу, китепаналдарда“адабий”жана “сурөтту”китептерди санын көбөйтуу (себеби биз жаштар сурөтту китеп окуганыбызда жугумдуу болот жана көпкө эске калат ).
10) Билим багыты боюнча окуучу жаштарга колдоо көрсөтуу.
Айта кетсем тарыхыбызга назар салсак, эзелтеден бери Манас бабабыздан тартып баарысы, кыргыз жеримдин өнугуусун каалаган.“Чачылганды жыйнаган узулгөнду улаган”- демекчи Манас атабыз кыргыз элин туптоду. Ушундай аздектуу, кучумө куч кошкон ,тупку тегим эстесем сыймыктанып он сегиз миң ааламга мен “КЫРГЫЗМЫН”деп жар салгым келет .Ата-бабаларыбыз урпагы токтоп калган жок албетте. Элин өнугуусун, дуркурөп өсуусун каалаган адамдар көп. Алсак туштуктун чыгаан инсаны -Исхак Раззаковдун демилгеси менен өлкөбуздө көптөгөн өзгөруулөр болуп өтту, алсак;транспорттук туйундөр, техникалык колдждер, суу-сактагыч- ГЭСтеркурулду. Ал бул ийгиликке кантип жетишти? Албетте, адал-иш, ак-эмгектин натыйжасы менен. Демек биз да кудай деп, адал иштешибиз керек.
“Ааламга жол айылдан башталат” демекчи ар бир адам өнугууну өз жашаган жеринен баштоосу зарыл. Мен кыргызстанымды кантип өнуктурөмун? Албетте,“жакшы окуп журушум,мекенге кошкон улушум” демекчи мен мектепти мыкты бааларга бутуруум зарыл. Окуу кундор аяктап, ар-бирибизди студенттик кундөрубуз кутуп турат. Келечекте окуу жайына кирип, өлкөмдун өнугуусунө салым кошомун деген ойдомун. Сөздун ачыгы мен борбор калаабыз Бишкек шаарына барган эмесмин, а бирок сурөттөрдө көргөнмун, келечекте мен да өзум жашаган айылды Бишкектей өнуккөн шаарга айлантырамын.
Менин жаш кезимден эле алдыма койгон максатым бар болчу -учкуч болуу.Абирок менин пикирим туптөн өзгөрду, мен элчи болууну каалаймын.Себеби элчилер өлкөнун өсуп –өнугуусунө абдан чон салым кошот; мисал учун- инвесторлорду чакыруу, мамлекеттер ортосундагы мамилени чындоо, жана башкалар. Мекеним өркундөтуу бул менин эң башкы бурчум.
Акырында баарына айтарым “билим биздин келечек” экенин унутпайлы. Келгиле урматту мекендештерим ,баарыбыз биригели ,өлкөбуз кыргызстан өсуп өнугушуно салым кошолу.
КЫРГЫЗ ЭЛИМ ӨРКУНДӨЙ БЕР ӨСӨ БЕР
КАЛЫПТАНГАН ТЭЭ ЭЗЕЛТЕН ТАРЫХТАН
ПАЙДУБАЛЫН КУРУЛГАН ГО ЧЕПТЕН БЕКЕМ
ШУМКАРЫНМЫН АЛА-ТООНУ АЙЛАНГАН
БАТКЕН ОБЛУСУ
ЛЕЙЛЕК РАЙОНУ
ЖАШТЫК АЙЫЛЫ
9-КЛАСС

#24 21 January 2016 - 12:28
Бекеева Айзирек
Кыргыз жерин гүлдөп өнүгүшүн каалайм.
Кыргыз жери бейиштин төрү. Анткени кербенчинин тоолорундой чубалган бийик-бийик тоолор арстандын азуусундай аркайып, кылымдарды карыткан мөнгүлөр, наристенин шынгыр күлкүсүндөй таштан-ташка урунуп, шаркырап аккан суулар, жайы-кышы түсүн өзгөртпөгөн жапжашыл арчалар, жайлоонун таза абасы, салкын жели, көз жоосун алган кызыл-тазыл гүлдөр, адамдардын дартына даба болгон дары-чөптөр, аркар-кулжалар, деги койчу не деген сулуу кооз ажайып, бир көргөн адамдын эсинен түк кеткис жаратылышты көрөсүн. Бекеринен Жоомарт Бөкөнбаев:
Жайы-кышы кетпген ,
Мөнгүсү бар Ала-тоо
Балдан ширин туптунук,
Булагы бар Ала-тоо
Ала барчын, курч текөөр,
Буркуту бар Ала-Тоо.
Салкын жери бетке урган,
Таны сонун Ала-Тоо,
Айта берсе сөз жетпес,
Баары сонун Ала-Тоо” – деп айткан эместир.
Мына ушул көз жоосун алган кереметүү жайлоолорубузга атайын эс алуучу жайларды уюштуруп, Кыргызстандын бермети Ысык-Көлгө туристтерди чакыруу менен биргеликте туризмди өнүктүрүүгө шартыбыз бар. Ошондой эле “тарыхсыз эл болбойт”- дегендей кыргыз элибиздин да муундан-муунга өтүп келе жаткан санжыралуу тарыхы бар. Кыргыз ушул күнгө чейин жоголгон эмес түгөткөн сайын түгөткөн түтөгөн, үзүлгөн сайын уланган канча кыйынчылыктын, азап-кайгыны артынан ушул күнгө жетти.
Кыргыз элини –улуу эл деп коет. Биздин улуулугубузду тарых барактары айгинелеп турат. Бул улуулукту кыргыз элинин руханий байлыгы болгон “Манас” эпосунан да кезиктирүүгө болот. Кечээкинди билсен эртенкин ачык-айкын көрүнүп турат, ошондуктан тарыхты унутпайлы! Эгерде биз өнүгүүнү, алга карай жылууну кааласак, анда ар бир улан-кыздар ар бир кыргызстандыктын сезиминде: “ Мен өз элиме, өлкөмө Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө жок дегенде тырмактай салым кошушум керек!”- деген ой-максат турушу зарыл. Патриоттук сезимди ойготууну бала-бакчадан, мектептен башташыбыз керек. Мисалы; биздин курсагыбыз ач болгондо, эмне болбосун: пайдалуубу, зыяндуубу ылгабай жей беребиз. Ошол сынары жеткинчектердин жан дүйнөсу курсагы ач адамдай маалыматты жакшыбы-жаманбы, керектүүбү- керексизби тандабай кабыл ала берет. Ал кийин балага терс таасирин тийгизет. Ошондуктан биз мекенди көздүн карегиндей сактоого, сүйүүгө үндөйлү, “Байлыктын түрү көп, алардын эн башкысы ынтымак,”- дегендей, ынтымактуу болууга чакыралы! Ынтымак, биримдиктин артынан ырыс келээрин “эмгек гана адамды түбөлүк жашатат,”- деп улуу инсан Исхак Раззаков айткандай, жаштайыбыздан эмгекчилдикке үйрөнөлү!
Ошону менен катар билимдүүгө дүйнө жарык экенин да билимдүүгө дүйнө жарык экенин да билишибиз абзел. Билимдүү адамдар жаркырап чыккан күн сымал айланасына мээрим, жылуулук чачат, түндө чыккан ай сымал карангылыкты да жарыкка айлантат. Ошондуктан биз китеп окуп, билим алалы! Билим аркылуу дүйнөгө саякат жасап, кулак укпаган, көз көрбөгөн жактарга , жада калса дениз түбүнө түшүп , учу-кыйыры жок асманга да бара алабыз. “Билимдуу жаштар-өлкөнүн келечеги”- деп айтылгандай билимдуу, китеп окуганга кызыккан тазалыкты сүйгөн, өлкөнүн келечегин ойлогон, Манас атабыз айтканлай бир жакадан баш, бир женден кол чыгарган жаштардан болсок, анда Кыргызстанды дүйнөдөгү эн алдынкы мамлекеттердин катарына кошо алабыз.
“Сөз менен убада бербе, иш менен өрнөк көрсөт,” дегендей сөз менен катар иш да болуусу негизги маселе. Улуу элибиз байыртан эле ууздары-чеберлери менен сыймыктанып келет жана алар менен дүйнөгө таанылган, атап айтсак айтылуу Лейлек килеми, Нарын шырдагы, Талас ала кийизи менен сонун саймалары үчүн көл өнөрчүлүгүн колго алып, женил өнөр жайларын ачып иштетсек Кыргыз атыбыз “Манас” менен эмес, көл өнөрчүлүк менен да атагыбыз алыска жетер эле.
Биздин тоолордо башка өнүккөн мамлекеттерде жок кен байлыктарды көп жылдык запасы жатат. “Жылуу тондун кадырын үшүгөндө билесин,” – деген сынары, ушул өлкөбүздүн байлыгы –кен байлыктарды башка мамлекеттерден инвесторлор келип, ачып иштетип жатат. Эгер өзүбүздөн мыкты адистер чыгып, кендерди ачып иштетсе өлкөбүздүн экономикасы да кыйла өсмөк.
Ошондой эле биздин жер айыл чарбасы үчүн дагы ынгайлуу болгондуктан, дыйкандар мөмө-жемиштерди өстүрүп экспорттосо болот. Кыргызстандагы жемиштер табигый таза, эч кандай дарыларсыз өстүрүлгөндүктөн биздин жер-жемиштерге талап күч. Ошондуктан айыл-чарбасын өнүктүрүү дыйкандар үчүн пайда алып келет. Бул үчүн өкмөт дыйкандарга колдоо көрсөтсө экономикабызды көтөрүүгө көмөкчү болор эле.
Аткарган:
Баткен облусунун Лейлек районундагы №1 гимназиянын
8-классынын окуучусу Бекеева Айзирек Гулбаевна

#25 21 January 2016 - 12:30
Ирисов Мыктыбек
Кыргызстандын гүлдөп өсүшүн каалайм.
Мен кыргыз жери дегенде алдын анчалык көп маалыматты билбейт элем. Бирок, эми аны кеңири билип алдым. Кыргызстанда канчалаган суулары, аска тоолору, жер астынан чыккан аселден таттуу булактары, мөнгүлөрү жана башка коптогон алтындан кымбат, күмүштөн баалуу кен-байлыктары аябагандай көп. Анан дагы кыргыз жеримде маралдары, бугулары, илбирс карышкырлары айдан сулуу “айгүл гүлү” бар жана күн нурунан жылуулук алган таттуу өрүктөрү, алмалары, анар, анжир, жангак жана башка көптөгөн мөмөлөрү бар. Мына ушулардын баарысын айыл чарбага, талаарга жана башка кооптуу, коопсуз жерлерге эгилсе, суугарылса, алар ошол жерде багылса, кыргыз жерим бүт өлкөлөрдөн кооз болуп алдыга карай умтулуп, башка мамлекеттерден калышпай өсүп-өркүндөп, кыргыз жеринин кадыр-баркын бүт өлкөлөр биле баштап, ошол жерлерге саякат жасап, таң калышат. Биз баарыбыз ушул ураан менен бир добуштан чыксак көңүлдү туура кылып, жумурткадан кыр издебей өзүбүздүн алтындан кымбат журтубузду аздектесек кыйын күндө элим-жерим үчүн деп чыдашыбыз зарыл. Келечекте ушул биздин сыйкырдуу ойлорубуз, сырларыбыз сөзсүз ишке ашып кыргыз элинин жеринин гүлдөп өсүшүнө чоң мүмкүнчүлүк туулат жана аны баш тартпай аткарсак, биздин ураан сөзсүз ишке ашат жана дүйнөгө аты таралат. Бул сөздөрдүн баарысы куру эмес, кыргыз эли азыр өнүкпөсө, келечекте сөзсүз өнүгөт жана өнүгүшүнө салым кошууга аракет кыламын. Бул биз үчүн келечектеги эң чоң парзыбыз жана аны албетте аткарабыз. Кыргыз жеримдин элимдин өркүндөп, гүлдөп жадырап- жайнап өсүшү көбүнчө биз жаштардын колунда болуп калат. “Келечек жаштардын колунда ” деп бекеринен куру сөз катары айтылбаган. Биздин ураан жакшы окуп, жакшы жүрүшүбүз мекенге кошкон үлүшүбүз. Кыргыз жергесинде эң сууга, бай күндөн ысык “Ысык-Көл” деген “Соң көл” “Чатыр көл” деген көлдөр дарыялар бар. Мына ушулардын баарысын үнөмдөп иштетсек, кыргыз жери бир кыйла гүлдөп өсүп өнүгөт. Кыргыз республикасында көптөгөн ток берүү булактары, аны пайдалануучу техникалары бир кыйла аз эмес. Сагыныч да кусалык да бизди өз мекенибизден ажырата албайт. Бул асман мелжиген, найзанын учунан учтуу болгон аска тоолорубуздун боорундагы карларды, мөнгүлөрдү да иштетүүгө жөндөмдүүбүз. Дүйнөдө баарынан ким күчтүү? “Адам ” күчтүү. Ошондуктан ар бир кыргыз инсан мекендин кадырын, баркын билип өзүнүн мекенинде аман-эсен жашап, өмүр сүргөндүгүнө ыраазы болуп, Аллага шүгүр кылып жашообуз керек. Ошондо биздин жерибизге кут-береке түшүп, ыйман-ынсап катарлап келе баштайт. Адамдын жашоосунун төрттөн бир бөлүгү башка мамлекеттерде өтсө, калган бөлүгү өзүнүн берекелүү өлкөсүндө өтөт. Ошол маалда ар бир адам баласы өзүнүн эли-жери үчүн тынбай аракеттенип, ата-энесинин кадырын билип, аларды жана өзүнүн күмүштөн берекелүү мекенин сүйүүсү, аздектөөсү, урматтоосу керек. Мекен деген өзү - бул ар бир адам туулуп өскөн эли жери. “Мекенден айрылганча өмүрдөн айрыл” деп курулай айтылбаган. Өзүңдүн мекениңди сактасаң өмүрүндү сактасаганың, ата-энеңди сыйласаң мекениңди сыйлаганың , сырыңд душманга айтканың өз мекениңди бир тыйынга сатканың болуп саналат. Журтуңдү сактасаң жериңди сактагын, элинди барктасаң жериңди барктагының. Ушул жүрөктөн чыккан сөздөрдү “Мен сага арнайм кыргыз жерим - менин туруктуу мекеним”.
Бул сөздүн адамдарга биринчиден кереги не, аны эмне кылат, укту эмне болду деген суроолор ар бир жанды кызыктырат. Бул суроолор мени да кызыктыр.
Кыргыз жердин гүлдөп өсүшүн каалайм.
Сагынып өз жериңе келгениңде
Көнүлүң шат болот жай алып
Жүрөгүң титиребей кан айланып
Калат го арманда көп сакталып.
Ар бир жан ар бир адам бир ураандай
Чыкса эгер көнүлдү туура кылып
Өз жерибиз өркүндөп өсүүсүнө
Анча шарт калат ко жаралып.
Ушулардын баарысын аткарсак
Дүйнөгө аты угулган бир гана адамзат
Дүйнөгө дүнгүрөткөн ат угулуп
Кыргыз жери алдыга чыгат умтулуп.
Кыргыз эли-жери бийик туусу желбиреп
Ушинтип гулдоп осуп келе берчи,
Каалаймын чын конулдон ушуларды
Оркундоп гулдоп онугууну элестетип.
Мен мына ушул ырды оз кучум менен оз жеримди даназалап жаздым жана анын гүлдөп өсүүсүн чын көңүлдөн каалаймын. Адамдын аты бут дүйнөгө бүт боюндай таралат. Ал эми жер жүзүнө кыргыз жерин таанытуу бир гана кыргыз адамдын мойнуна оор жук болот жана аны тырышып аткарса, ал Кыргызстан менен кошо өзү да, бул дүңгүрөткөн дүйнөгө ай ааламга жарык нурун чачкан күнгө окшоп өзү да жаркырап аты макталып чыгат.
Мына кыргыз жери көңүлдөгүдөй болуп өркүндөп келе жаткан өлкөлөргө кошулду. Ушул натыйжалар, ушул себептер жаштардын өздөрүнүн колунда жана ошол жаштар азыркы, кийинки маалда кандай болот ошого күмөн саноолор болсо керек. Көпчүлүк жаштар азыр кыргыз жери өнүгүүсүнө алар азырынча салымын билим алуу аркылуу кошуп, өлкөнүн алдына карай өз кадамын таштоого жардам берет. Ар жылы кыргыз жеринде элдин саны бир кыйла төмөндөп анча өсөт. Бул да кыргыз жеринин өнүгүүсүнө жардамын кошуп жатат. Кыргызстанда ошол себептен адамдар жаш балдарга чоң көңүл бурууда. Бизге да азыр адамдар келечекте кыйналбасын деп имараттарды, билим алуу тармактарын бир кыйла жогорулатты. Келечекте жаштардын билим алуусуна чоң өбөлгө түзсөк кыргыз жери япондор сыяктуу өнүгөт. Жүрөктөгү арман мамлекеттеги көйгөйлөр чечилип, карыз алгандарыбыз кайра өз ээлерине берилет. Өзүмдүн жерим, менин ата-энем - менин сүйкүмдүү келечектеги чон тирегим.
Ирисов Мыктыбек Лейлек районунун №3 эксперименталдык гимназиянын8- классынын окуучусу.

#26 21 January 2016 - 12:33
Даминбай кызы Динура
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм.
Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм. Кыргызстан менин суйуктуу мекеним, туулуп оскон жерим, ата-энемден кийинки турган жакыным, тугонбос байлыгым. Мен Кыргызстанды келечекте дуйнодогу эн бай мамлекеттер сыяктуу элестетем. Эгерде бизде жыйырма-жыйырма беш жыл мурун акыйкаттуу окмот бийликке келгенде биз бугунку кундо онугуп оскон мамлекеттердин катарына кошулуп калаар белек. Азыр да кеч эмес. Онугуп осуу учун талыкпаган эмгек керек. Кыргызстан азыр онугуунун жолунда. Мен келечекте Кыргызстанды эн бай жана кооз, таза мамлекет болот деп эсептеймин. Чон-чон завод-фабрикалар, ГЭСтер курулуп, электр-энергиясы жетиштуу болуп, элет жериндеги айылдарда электр-энергия, таза суу менен камсыз болушун жана бала-бакчалар мектептер курулушун энсейт элем. Борборубуз Бишкек шаарында да заман талабына жооп берген чон-чон имараттардын курулушун жолдору чон, тегиз жана жарык болуусун элестетм.
Кыргызстанды дуйно жузу таанып билишин ошондой эле Кыргызстандын бермети болгон Ыссык-Колду да дуйно таанып, дуйнонун туш тарабынан туристер келишип дем алып ктишсе Кыргзстан учун кыргыз эли учун чон оболго болот. Кыргызстан кун санап онугуунун жолунда. Тундук менен туштукту байланыштырган жолдун курулушу бул да онугуу. Кыргызстандын онугуусу учун элдин окулу болгон депутаттар да таза талыкпай иштоосу зарыл. Мен 20-30 жылдан кийин Кыргызстанды Дубай сыяктуу онугуусун элестетем. Менин оюмча Кыргызстан оркундой баштады. 2016-жыл оркундоонун жылы болсун деп тилейм.
Мамлекетибиздин онугуусу учун илим-билим жана маданияттын онугуусу да зарыл.
Мен сыяктуу жаш оспурумдор билимдин булагына суугарылып, жакшы окуп, жеткиликтуу билим алышса малекет учун бул чон жетишкендик болот. Себеби жогорку окуу жайларын бутургон жаштар Кыргызстан учун ар тараптуу билимдуу болуп даярданса, анда малекеттин онугушуно дагы бир оболго тузулот.
Кыргыз малектинин онугушу жаштардын колунда эмеспи. Ошондой эле менин балалык баёо сезимде мамлекетим келечекте коз жеткиз бийкиктикке соз жеткиз улуулукка жетишет деп ойлоймун. Ооба кыргыз жеримдин гулдоп осушу мен ондогон мектеп окуучуларын колунда.
Биз келечектеги мамлекетти гулдотуучу дуйнолук аренага чыгаруучу жаштарбыз. Мен жакынкы аралыкта гулдоп оскон Кыргызстанды коргум келет.
Гулосун олком гулдосу,
Жеримде гулдор бурдосун!
Дуйнодо тынчтык орношуп,
Бобоктор кулуп ойносун!
Оркундогун Кыргызстан!
Гулдоп оскун Кыргызстан!
Дуйного бир гана сени менен мактанамын Кыргызстан.
Даминбай кызы Динура. №17 А.Масалиев атындагы орто мектептин 8Г-классынын окуучусу.
Дареги: Баткен облусу, Кадамжай району
Кадамжай шаары

#27 21 January 2016 - 12:47
Назаров Исхак
Кыргызстанымдын гулдоп осушун каалайм.
Биздин уй-було атамдын жумушуна байланыштуу Кыргызстандын коптогон жерлеринде кочуп жашаганбыз. Ошондуктан мен 2001-жылы 6-январь куну ордолуу Ош шаарында жарык дуйного келгем.
Уй-булобуздо 4(торт) бир тууганбыз. Эки эжелерим жана бир агам азыр-
кы учурда жогорку окуу жайларында Бишкек шаарында окушат. Мен уй-
булодо кенжесимин. Атым- Исхак , фамилиям-Назаров, атамдын аты-Исабек.
Ата-энем Баткен областына караштуу Сулукту шаарында туулуп,
осушкон. Мен да кичинемден эле Сулуктудо жашап , чонойдум . Азыркы
учурда Лейлек районунун борбору болгон Исфана шаарында жашайм
жана А. Навои атындагы орто мектебинде 8-г классында окуйм. Ар бир
адамдын туулган жери , мекени болот эмеспи. Менин мекеним бул-
Кыргызстан. Мен Ошто торолуп , Сулуктудо чоноюп , Лейлекте жашап жа-
шап келем жана да келечекте Кыргызстаныма кызмат кыламын.
Кыргызстан 1991-жылы 31-августта озунун эгемендуулугуно , коз ка-
рандысыздыгына жеткен. Мамлекеттик симфолдорубуз болгон Туубуз –
1992-жылы 3-мартта , Герби- 1994-жылы 14-январда , Гимнибиз – 1992-жы-
лы 18- декабрда кабыл алынгандыгын ар бир оз Мекенин суйгон атуул
билуусу керек .Мамлекеттик Гимнди жатка билип , ырдап журуубуз жак-
шы.
Мамлекеттин , олконун онугуусу учун ар бир инсан озунон башташ
керек. Улуу инсан Исхак Раззаковдун « Сен ак болсон , мен ак болсом ,
коом да таза ак болот» деген создору буга мисал.
Кыргызстандын онугуусу учун биз жаштарга Манастын жети осуятын атка
руубуз керек.
-Биримдуу , бутун болуу
-Ынтымак, достук ,кызматташтык
-Ар намыс , атуулдук ариет
-Арыбас мээнет , онор алуу
-Гумманизм , айколдук , кечиримдуулук
-Табият менен таттуу мамиледе болуу
Мамлекетти чындоо , коргоо
«Адамга эки нерсе тирек деги : бири – тил , бири –дилин журоктогу»
-деп хi кылымдын акылманы , бабабыз Жусуп Баласагын балуу акыл-ой
мурасын калтыргандай , ааламга шедевр чыгармаларды жазган атабыз
Ч. Айтматовдун « Ар бир элдин тили- буткул адамзаттын уну» деген созу
эне тилибиздин баалуулугун айгинелейт. Ошондуктан эне тилибиздин ону
гуусун каалайм.
Экинчиден , тарыхты унутпай , оз жети аталарыбызды билуубуз шарт.
Мен оз жети аталарымды айтып отсом :
Оз атам - Исабек
Чон атам – Абдихамид
Бабам – Назар молдо
Бубам - Сарыбай
Кубам – Темир Токсо
Жобом – Курбан
Жебем – Назар
Ошондой эле кыргыздын кол онорчулугун , элдик музыка ыр- бийле-
рин урпактардан урпактарга откоруубуз керек. Жаштар улуттук музыкалык
аспабтарда ойной да , ырдай да билуубуз да онугууго чон салым кошот.
Мен да Исфана шаарындагы музыкалык мектебинде комузду чертууну
уйронуу учун 3-классында окуйм.
Кыргыз жеринин жаратылышы абдан кооз. Кок тиреген чокусу ак
монгулуу , этеги жапжашыл тоолору , шаркырап аккан тунук кашка суула-
ры жердин коркун ачып турат. Мына ушундай кооз жерлердин ортосу-
нан орун алган Ыссык-Колубуз бар. Кыргызстанды туризм олко катары
онуктурсок болот. Анткени бизде Ыссык-Кол , Сары-Челек , Сон-Кол , Чатыр
-Кол , Жети-Огуз , Арстанбап жана башка Сулайман –Тоо , Озгон –Тарыхый –
архитектуралык комплекси ,Бурана мунарасы , Таш- Рабат кербен сарайы
,Манас кумбозу , Саймалуу Таш сурот галереясы , жайлоолор ж.б кооз жер
-лерибиз коп. Эс алуучу кооз заманбап , улуттук калориттеги жайларды ку
-руп , альпинистер менен лыжа ышкыбоздору учун машыгуучу , эс алуучу
спорттук базалардын курулуусун каалайм. Ошондо жыл сайын , кун сайын
бул жерлерге олкобуздун булун- бурчтарынан , чет олколордон миндеген
туристер менен меймандар келип , киреше тушмок.
Кыргызстан - суу ресурсу менен озунун аймагын толук камсыздандыра ал
ган , гидрологиялык озгочолугу жана артыкчылыгы бар Борбордук Азия-
дагы жалгыз гана олко болуп саналат. Ошон учун чон байлыгы болгон
сууну кантип сактоо керектиги боюнча ойлонуубуз керек.
Биздин абасы таза , эн бир кооз , табигат тартуулаган жайлоолорубузду
туура пайдаланып , коркун сакташыбыз керек.
Жаштарды спортко тартуу менен биз оз олкобузду дуйного таа-
ныта алабыз. Спорт кары , жаш дебей адамдын дени сак болушуна , куч-
туу , эрктуу болушуна жардам берет. Мен да уч жылдан бери эркин ку-
рош жана грек рим курошу боюнча машыгып келе жатам. Спорт менен
Кыргызстанды онуктуруу бул чон сыймык.
Мен бугун 12-декабрь 2015 –жылы ушул дил баянды жазып ол-
турган убакыттын арасында ЭТР каналынан « Балдар жана онор , шакирт
жана устат » теле фестивалын коруп аябай кубандым . Себеби ,Кыргызста-
ныбыздын жети дубанынан онорлуу балдар , оз онорлорун корсотушту.
Бир эле учурда беш жуздон ашуун балдар ооз комузда , комузда жана
бир добуштан Манас айтканда менда кошулуп , озгочо бир сезимдер пай
-да болду. Айрыкча жалпы сахнадагы , жалпы залда олтурган биз куракта-
гы балдар баары бирдей комузда кол ойнотуп куу черткенин коруп ,ол-
кобуздун осуп – гулдошуно ишенимим кобойду.
Ар бирибиз оз кесибибизди суйуп олкобуздун гулдоп осушуно оз
салымыбызды кошорубузду каалайм.
Назаров Исхак Исабекович .
2001-жылы 6-январь туулгам.
Баткен областы
Лейлек району
Исфана шаары

#28 21 January 2016 - 12:48
Жаныбек уулу Нуртилек
Мен кыргыз жеримдин гулдоп-осушун каалайм
Ооба, оз мекени, Ата-Журту, бир тууган эли бар адамдын бактысы тоодой. Анткени ата конушуна ээ болуп, оз элинин арасында жашайт. Ага эч ким устомдук кыла албайт., эч кимге коз каранды болбойт, эркин жашап, эркин дем алып асыл максаттарга жетуу учун мумкунчулук алат.
Бирок эч бир инсан олкосуно кайдыгер болбосо керек.
Кимдер гана оз олкосунун онугуусун, гулдошун каалабайт. Ошол сынары мен деле олкомдун онугуусун, туристтердин агылышын кыялданам. Жеримдин кокко которулушун тилейм. Башка олколордун экономикасы, жаратылышынын корктондурулушу, инвесторлордун агымы менин намысына тиет. Эмнеге? Эмнеге ичим куйот? Канткенде олкомдун гулдоп-осушуно оболго боло алам? Жооп таба албай копко кыйналам.
Жаш баладай кучактап,
Суйгум келет Ата-Журт.
Кун астында карайып,
Куйгум келет Ата-Журт… демекчи, кок тиреген Ала-Тоону карап, аны менен сырдашам. Ала-Тоо мага «Мени дагы башка элдин тоолорундай алпештегиле! » дегенсийт. Чындыгында оз олкомдун кадырына жетпей, жаратылышын коргобой келгенибизге окуном.
Кыргыз жериме коз чатырып, терен ойго чомулом. Чокусу кок тиреген бийик-бийик тоолору сонун. Жапжашыл болуп корк берген арчалары, токойлору сонун. Шаркырап аккан суулары сонун. Коздун жоосун алган Ыссык-Колу сонун. Атап келсе толтура.
Жакында «Супер-Инфо» гезитинен президентебиз А.Атамбаев климаттын таасири монгулорго залалы тийип жатканын, суулардын 20, 30 пайызга азайышын айтыптыр. Аны окуп, адегенде билимди терен оздоштуруп, мындан да коп окууга кириштим. Келечекте ошол монгулорду ээрип кетуусунун алдын алуу учун чара колдонуу керек. Климатты озгортууго болбойт дечи. Бул табийгат дейли, бирок, ээрип аккан монгуну тондуруп сактаса болот. Айрым болугу дарыяларга куюлса болот демекчимин. Анткени, Кыргызстандын эн бир ыйык, кудай берген ырыскы байлыгыбыз суу эмеспи. Сууну сактасак энергияны уномдойбуз.
Экинчиден таштандылар да койгой. Башка олколордо таштандыны кантип сакташат же теледен корсотушпойбу? Билбейм. Айтор таштандылардан да жер азыгын жасаса болсо керек.
Учунчудон коррупция жоюлмайынча билим онукпойт. Экономикабызга терс таасирин тийгизип келет. Биздеги «Алтын кен» башка олкодо болбосо эчак эле байып кетмек. Негизи эле ынтымак болсо, билим болсо ушул койгойлор чечилмек.
Аттин! Эгер жаштардын журогундо болгон патриоттук сезими ойгонсо, мекенине кайдыгер болбосо, мекен учун алга! демекмин.
Гулдосун мекен гулдосун,
Алп Манас арбай куулонтсун.
Онугуп кыргыз олкосу,
Бут дуйно угуп куйунсун! Демекмин.
Ал эми, урматтуу жаштар, кыргыз жерибизди онуктуролу, жакшы билим алалы. Келечек биздин колубузда!
Кадамжай шаары Жаныбек уулу Нуртилек Кадамжай турк лицейи

#29 21 January 2016 - 12:50
Якубова Жылдызкан
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм.
Биздин торолуп-оскон жерибиз, мекенибиз Кыргызстан. Мекенибиздин суусу тунук, абасы таза жаратылышы кооз. Кыргызстандын сулуулугун соз менен да айтып бутуро албайсын.
Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалаймын. Ал учун мамлекеттин экономикасын алга жылдыруу керек деп эсептейм. Олкобуздо оз комочуно кул тартпай элдин камын ойлогон атуулдар кобойсо гана, Кыргызстан гулдоп онугуп осот. Кыргызстанды ар кандай жолдор менен онуктуруп остурууго мумкунчулуктор бар: мисалыга туризм багытында, электр энергетика тармагынан. Себеби дегенде канчалаган Кыргызстандын кооз жерлери катылып жатат. Аларды башка олколорго таанытып, атын жайылтуу керек. Ал эми суулары, дарыялары кээ бир жерлерде элге пайдасы тийбей башка мамлекеттерге агып отот. Дарыяларга тосмолорду куруп,электр энергетикасын алса болот. Айыл-чарба чакан ишканаларды кобойтуу керек. Атин Кыргызстан кен байлыктарга бай олко. Кыргызстанда алтын, комур, таш комур, сурма, сымап жана башка кен байлыктары бар. Аларды биз туура иштете алсак. Кыргызстан тез арада оркундоп-гулдоп осоруно мен толук ишенем. Мен келечекте жакшы кесиптин ээси болуп, Кыргызстандын онугуп, осушуно оз салымымды кошом. Баарын айтып, ушуну айта кетпесек болбос. Олкобуздо дуйного таанылуу «Айгул гулу» коргон козду суктантып, ырахат тартуулап турат. Айгул гулу жаны гана туптолуп келе жаткан Баткен облусунда осот. Ал эми ош облусунда белгилуу «Сулайман тоо» улуттук калоритке ээ болгон музейи бар. Музейге коптогон туристер келет. Алар Кыргызстанда ушундай кооз, корком айтып буткус сулуулукка толгон жерлери бар деп суктанышын каалайм.
Жаштардын терен билим алып, Кыргызстанга салымын кошуп, эл жерин суйгон, патриот уул-кыздардан болушуна тилектешмин.
Ишке жарамдуу балдарыбыз чет олкого кетип, жада калса ошол жактын жарандыгын алышат. Ошолор Кыргызстанда жашашып, элге кызмат кылышса «Коп тукурсо кол болот дегендей» бир аз болсо да жардамдары тийет.
Мына Кудай буйруп 2015-жылы Кыргыз элинин саны 6 миллионго жетти. Келечекте кыргызстанда мындан да коп элдердин ынтымакта, бактылуулукта, тынчтыкта Кыргызстанда гана омур суруп элдин келечегин ойлогон балдардан болушун каалап кетебиз.
Кыргызытан кол жетпеген бийик олко болсун. Мен кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайм.
Кыргызстан
Мекеним менин Кыргызстан,
Баалаймын сени турмушта.
Мен учун кымбат болгон сен,
Жашаймын жыргап койнунда.
Алмаштырбайм башкага,
Дарыяларын, ак-монгулуу тоолорун.
Керемет сенин жерлерин,
Мейман дос болгон элдерин.
Оз жугун которуп элин,
Байлыкка толот сенин жерин.
Келечегибиз алдыда кулпур элим,
Оркундоп осот Кыргыз жерим.
Якубова Жылдызкан Орозбеков а/а, Кулду айылы №40 Кулду орто мектеби

#30 21 January 2016 - 12:51
Алишер кызы Мираида
Кыргыз жеримдин гүлдөп өнүгүүсүн каалайм
Орто Азияда жаратылышы кооз, салкын төр, бейиштей сонун Кыргызстаныбыз жайгашкан. Асман тиреген Ала-Тоолору, жерибиздин кан тамырлары болгон дарыялар, килемдей жайылган жашыл шибер жайлоолору жергебиздин байлыгы, берекеси. Кыргыз жеринин баа жеткис жаратылышын сүрөттөөгө дагы деле бул сөздөрүм жетишсиз болуп жаткандай. Кыргыз эли да тилеги- ак, ниети таза калк. Чет өлкөдөн келишкен адамдар: “ Жаратылышыңар кандай сонун, а адамдарыңар, андан да сонун,”- деп биздин өлкөгө суктанышат. Ал эми ошол ак калпак кийинген тоолордун астында канчалаган
кен - байлыктар катылган. Албетте, ушундай чоң көлөмдөгү кенге өтө бай өлкө оңой эле дүркүрөп өсөт. Ошондуктан, айтса сөз жеткис жерибиз менен сыймыктаналы. "Мекенимдин топурагы - алтын, суусу – дары," –дегендей, өз чек арабыздан аттаганда эле жан дүйнөбүздүн тынчтыгын жоготкондой болобуз. Ал эми башка өлкөдөн кайра келгенде, мекенибиздин таза абасы көңүлдү сергиткендей сезилет. Себеби, эң кооз өлкөдө жүргөндө да, өз мекендин кооздугу билинип, көздөн учат. Өзгө жерде мекенге деп топтолгон кусалыкка, Ата Мекендин мөңгү суулары, арчасынын касиеттүү жыты эң күчтүү дары болуп эсептелет.
Мына ушундай ыйык жерибизди душманга тебелетпей, аны коргоого жаныбызды да аябай, эртеңки келечегин улантуучулар биз эмеспи?! Ошондуктан: "Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм," -деген сөздү ураан катары көрүп жашасак, анда албетте, келечекте бизден сонун кадрлар чыгат деп ишенем. Бардык эле жаран өз өлкөсүнүн өнүгүп, гүлдөөсүн каалайт. Анын сыңарындай, жаш өспүрүмдөр өздөрүнө жаккан кесипти тандап алышат да, ошол кесип аркылуу өз өлкөлөрүнө кызмат кылып, аны өнүктүрүүгө салым кошушат. Мен да келечекте архитектор болууну самайм. Кыргызстандагы бардык шаарларды башка өнүккөн өлкөлөрдүкүндөй чоң, көрктүү, эң таза жана архитектураны жогорку деңгээлде өнүктүргүм келет. Архитектура жакшырган сайын, туристтердин да саны өсүп, экономикага жакшы таасир берет. Айрыкча, жергебиздин көзү, көркү аталган көгүлтүр Ысык-Көлүбүз азыркы күндө деле чет өлкөлүк саякатчыларды өзүнө тартып келет. Анын катарында, тоо арасындагы сары өзөн Сары-Челек, ажайып сонун Соң-Көл, куштардын кышкы кооз жери Чатыр-Көл, мындан башка дагы көптөгөн кереметтүү суу өзөндөр да бар. Дүйнөнүн дагы бир бурчундагы, көптөгөн адамдардын кыялы жана туристтер агылып барган шаар - Дубай. Мен да келечекте ал жакка барууну абдан каалайм. Анткени, Дубайдын архитектурасы жогорку деңгээлде өнүккөн жана аябай көрктүү, кооз шаар. Мекенибизди кантип өнүктүрсөк болот деген суроо мени дайым түйшөлтөт. Архитектор гана эмес, дагы көптөгөн кесиптер менен Кыргыз жерин өркүндөтсө болот. Мисалы: энергетик. Кыргызстан абдан чоң гидро электр энергиясын өндүргөнгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Себеби, биздин эң узун Нарын дарыясынын өзүнө эле жыйырмадан ашуун ГЭС курса болот. Ал эми Кыргызстан канчалаган дарыя, сууларга бай өлкө. Ошондо өзүбүз электр энергиясын кеңири пайдаланып, калганын коңшу өлкөлөргө экспорттоп, андан да көп суммадагы киреше тапсак болот. Биздин өлкөгө канчалаган кара, ак, сары алтын, канчалаган түстүү металл, мындан сырткары дагы бир топ баалуу кендерди иштетүүчү иш каналар курулууга тийиш. Бирок ага акча каражат жетишпегендиктен, бул багытта өнүгүү алдыда эмес. Өлкөнүн өнүгүүсүнө дагы бир бут тоскон көрүнүш- коррупция. Отуз жыл мурун коррупцияга баткан Сингапурду Ли Куань Ю деген президент, аны эң таза өлкөгө айландырган. Азыркы күндө коррупциясыз, эң таза өлкө- Сингапур. Биздин дагы лидерлерибиз кудум ошол кишидей иш алып барышса, анда өнүгөбүз жана эң таза өлкөгө айланабыз. Булар азыр аткарылбаса да, келечекте биздин аткаруубуз абзел. Ал үчүн "окуу, окуу жана окуу"- дегендей, биздин азыр жасай турган ишибиз, жалаң гана окуп, билим алуу. Жакшы окуп, сүйүктүү ата-энебиздин гана эмес, жалпы кыргыз элинин үмүтүн актоо. Булардын бардыгы, биз, жаштардын милдети болуп саналат.
"Өлкөнүн өнүккөн өлкө экенин билгиң келсе, анын жолдоруна көңүл бур!"- дейт. Чындыгында, жол жакшы болсо, элдин жашоо турмушу да жакшы болот. Элдин жашоо турмушу канчалык жакшырган сайын, мамлекет да ошончо өнүгө берет. Өнүгүүдөгү дагы бир жакшы нерсе бул - тынчтык. Тынчтык жана биримдик бар жерде, сөзсүз, өнүгүү болот. Буга "Абышканын тогуз уулу" деген, жомокту мисал келтирсек болот. Анда тогуз бала ар бир күнүн уруш-талаш менен өткөрүшчү. Ал эми абышка мындай чырларга чек коюуну чечип, тогуз уулун, тогуз чырпыкка салыштырат. Чындыгында, балдар ар башка болгондо, душмандар бир-бирден сындырып кетишет, а баары чогуу, бир болушса, аларды эч ким сындырып, жеңе албайт. Тактап айтканда, адам баласы үчүн, эң керектүүсү - тынчтык жана биримдик. "Аймактар өнүксө, өлкө да өнүгөт" -деген сыяктуу, Кыргызстандын жети дубаны өнүгүү жолуна түшсө, албетте, мунун өзүн чоң жетишкендик деп атасак болот. Биз дагы башкалар сыяктуу, өнүккөн өлкөдө өсүп жана анда жашагыбыз келет. Ооба, биз өзүбүзгө шарт түзбөсөк, башка ким түзүп бермек эле? Биз аны, албетте, өзүбүз түзөбүз! Кыргызстаныбыздын жаркын келечеги, асманы ачык өлкөдөгү бактылуу жаштар, келгиле биргеликте өнүккөн, стабилдүү, сонун өлкө куралы!
Баткен областтык гимназия- мектеп- интернатынын 9 “а” классынын окуучусу Алишер кызы Мираида.

#31 21 January 2016 - 12:54
Хакимова Элиза
«Кыргыз жеримдин өнүп-өсүүсүн каалайм» аттуу сынакка
«МЕКЕН ТЫНЧТЫГЫ – МЕНИН ТЫНЧТЫГЫМ»
Кыргызстан – менин мамлекетим. Бул ураан ар дайым менин жүрөгүмдө. Бул мамлекеттин бакубаттуулугуна кам көрүү менин милдетим жана парзым. Мындай патриоттуулукка мени атам тарбиялаган. Атам айтаар эле: «Жакшы адам эл камы үчүн күйүгөт, жаман адам өз камы үчүн күйүнөт» деп.
Анын сыңары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановдун демилгеси менен жарыяланган «Кыргыз жеримдин өнүп-өсүүсүн каалайм» аттуу сынакты, жаштарды жакшылыкка чакырган демилгесин угуп, ушул макалга төп келген жакшы инсан экендигине ынандым.
Эки жүз элүү миллиондон ашуун калкты бир туугандай кармаган советтер союзу жетимиш жылдан соң, кыйрап, өз-өзүнчө түндүк көтөргөн он беш мамлекетке айланды. Ошондогу эгемендик алсак эле болгону деген ойлор суу кечпей, көпчүлүгүбүз экономикалык жакырдануу жолуна түшкөнүбүз да чындык.
Анткени, турмушта керектүү болгон унаанын бир тетиги Украинадан, дагы бири Казакстандан же Өзбекстандан чыгып, биргеликте автоунаа пайда болду. Өз алдынча болгон өлкөлөр бул иштердин чоо жайын түшүнбөй, дароо эле мусаапырга да айланды. Кен байлык болгон менен аны иштеткен завод башка өлкөдө, ага сырье да бөлөк жактан келиш шарттуу көрүнүш эле. Мына ушундай көйгөйлөр кадам сайын көбөйүп кетти. Ар бир өлкө башка жактан артта калбайын деп, жакшы жашоого болгон күч-аракетин жумшап жатат.
Учурда илгертеден тамырлап, келин алып, кыз узаткан коңшулаш жашаган улуттар арасында да бир топ орчундуу маселелер жаралууда. Бир айылда жашаган базары да, мазары да бир карапайым калк көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушту. Кыздар ата-энесине барууда жан кейиткен тоскоолдуктарга учурап жатат.
Пенденин башында ар кандай иштер болот эмеспи. Куда-сөөктөр ай-тойго, сөөк коюу мааракелерине барууда да бир топ убакытты текке кетирип жатышат.
Кыргызстандын эң алыскы Баткен облусу Тажикстандын 6 району менен чектешет. 300 чакырым аралыктагы делимитация жана деморкация иштери алиге чейин аягына чыга элек. Өкмөт башчыларыбыз жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн менен майнаптуу жыйынтык чыга элек.
«Өзүңө сак бол, коңшуңду ууру тутпа» дегендей өзүбүз чек арабызды жакшылап тактап, бекемдеп тосуп алсак, жер, суу, жайыт талаштар болбой, бөөдө чыр-чатактар да чыкпас эле. Ар бир өлкө мамлекет болуп таанылгандан кийин өз Желегине, Гимн менен Гербине жана картасына ээ болгондугу белгилүү. Менин оюмча, ошол картаны тактоо, чек араны тосуу журт башчыларынын, ошондой эле мен суктанган Кылычбек Султановдой аракетчил адамдардын эң башкы милдети.
Эл ишенген жакшылар чек арада жашаган жергиликтүү журттун көңүл борборунда болуп, аларга керектүү жеңилдиктерди да караш керек. Мисалы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүп, пенсия, пособияларга кошумча төлөм киргизип, электр энергиясына болгон баадан жеңилдик берсе чек арада чеп болгон элдин саны өсмөк. Ошондо «Туулган жердин топурагы алтын» дегендей өз журтунан, мекенинен башка жакка кеткендердин саны да азайуусу мүмкүн эле. Маалыматтар боюнча 2005-жылы Лейлек районунун жаштары Чүй тарапка жапырт көчүп кеткендиги маалым эмеспи.
«Чептен эрдин күчү бек» сыңары чек арадагы аймактарда көпчүлүк жана бакубат үй бүлөлөр жашаса баарыбыз үчүн жакшы болмок.
Элге сөзү жугумдуу болгон, көрүнүктүү инсандар да эки элдин достук жана биримдигин чыңдоого салым кошушкандыгы маалым. Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен казак калкынын алп акыны Мухтар Шахановдун достугуна мен дайым суктанамын. Шаханов перзенттүү болгондо Айтматовду киндин ата, аялы Мария эжени киндик эне деп атаганы да достуктун белгиси деп билем. Жаңы төрөлгөн ымыркайга алар биздин «Манас» эпосундагы каарман Айчүрөктүн атын ыйгарышкан. Мухтар аганын үй бүлөсү кыздарынын Семетейдин аялы Айчүрөктөй сулуу, сымбаттуу, аруу болсун деп тилешкен.
Ушул өңдүү инсандардын жылуу мамилеси да элдердин достугун чыңаганга салым кошуп, улуттарга үлгү болоору талашсыз.
Европадагы 5 чоң шаарды тутумдаштырып турган Брюссель-Люксембург- Триер-Кобленц- Франкфурттун кесилишинде автобам бар жеген маалыматты окуганмын. Ал жерде чет элдин ар түрдүү автоунаалары үч-үчтөн алты катар болуп, күнү-түнү агылып турат. Анын туш тарабы жүздөгөн чакырымга чейин темир зым менен жылчыксыз курчалган. Бул чоң жол тоо менен токойду, көл менен талааны да кесип өтөт. Жолдун бир-бетиндеги жан жаныбырлар да наркы бетке өтө албайт. Так ушул жерден табигый биримдик үзүлгөн деп кайгыруунун кереги жок. Анткени, автобандын үстүнөн он чакырым аралык сайын элик менен бугу, каман менен коен, бака менен жыланга ылайыкташтырылып жол коюлган. «Тынчыңарды алып, өрүшүңөрдү бөлгөнүбүздү кечиргиле! Ары-бери өтүүгө мүмкүнчүлүк бар» деген ызаттоонун белгиси катары жаныбарларга көпүрөө салынган. Жандуу табияка болгон аяр мамиле, цивилизациялуу өнүгүүнүн бир көрүнүшү ушул болсо керек. Батыштын терс көрүнүштөрүн гана үйрөнбөстөн, ушундай пайдалуу жактарын да өзүбүзгө алсак жакшы болмок.
Биз, отко салса күйбөгөн, сууга түшсө чөкпөгөн кайраттуу кыргыз калкы, каада-салтыбыз, үрп-адатыбыз окшош бир тууган казак боордоштор, Каныкей энебиздин ата журту тажик туугандар, ала топусу, шырмалуу чапаны менен таанылып, эмгекчилдиги менен жер менен киндиктеш болгон өзбек эли түрк атанын балдары экенибизди эске алып, ынтымакта жашагыбыз келет. Ошондо сырткы суук көздөрдөн, чагымчыл күчтөрдүн жана диний экстремисттер сыяктуу бизге көз арткан душмандардын мизи кайтарылып, Кыргыз жеримдин өнүп-өсөөрү талашсыз!
Хакимова Элиза Абдилазизовна,
Баткен облусу
Кадамжай району.
Бабажан Айтматов гимназия мектебинин 9-классынын окуучусу.

#32 21 January 2016 - 12:58
Камбарбек Асан уулу
Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм
Ар бир кыргыз жараны өз элинин, жеринин гүлдөп-өсүшүн каалайт. Мен келечекте “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей журналист, бизнесмен, депутат болсом деп кыялданам. “Жаштын тилегин берет” деген сөздөй эгер келечекте журналист болуп калсам, элдин маселесин көтөрүп элдин үнүн бийликке жеткирүүгө аракет жасайм. Бул да болсо элге жыргалчылык түзүп берүүгө шарт түзүлөт. Эгер депутат болуп калсам, журналисттен мурда эл ичинде болуп, көйгөйлөрүн чечүүгө аркет кылам. Көпчүлүк адам бизнес кылышы мүмкүн. Мен да алардан кем калбай бизнес жасайм. Эң биринчи кезекте айыл чарбаны чет жакка чыгарам. Ошондо дыйкандардын ак эмгеги акталат. Учурда Кыргызстанда эт өндүрүүчү ишканалар аз. Ошону колго алып, эт өндүрүүчү ишкана ачуу тилегим бар. Менин байкашымча, учурда Кыргызстан мурунку жылдарга салыштырмалуу өз жерин гүлдөттүүгө аракет кылып жатат. Бир эле мисал келтирсек, Лейлек эли кыйынчылыктан Баткен шаарына 3-4 саат жол жүрсө, азыр жол курулуп 1 саат жүрө турган болуп калды. Бул да болсо өзүнчө жыргалчылык жана кыргыздын өнүүгүсү. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери аталарыбыз айтып калышат “ушул күндөргө караганда союз учурундагы заман жакшы эле” деп. “Эгемендүүлүккө 24 жыл болсо, кыргыз эли эмнени тапты?” деп ар бир атуул өзүнө суроо берсе керек. Мен бул суроого “24 жылдын ичинде колхоздорду, завод-фабрикаларды жок кылдык. Эгемендүүлүктөн бери тапканыбыз аз, жоготконубуз көп” деп жооп берет элем. Аталарыбыз, энелерибиз союз убагында “жумушсуздук” деген сөздү түшүнбөсө керек эле деп ойлойм. Алар жумуш көптүгүнөн “балдарым кайсы жерге иштесе элге пайда көбүрөөк алып келет” дээр эле. 24 жылдын ичинде ушуну жоготтук. Эгемендүүлүктөн бери миңдеген мигрантты таптык. Көпчүлүгү башка өлкөнүн жарандыгын алды. Алардын арасында жогорку билимдүүлөрү да жок эмес, тескеринче арбын. Чет өлкөдөгү күчтүү университеттердин бүтүрүүчүлөрү туулган өлкөсүнө келип жумуш таба албай, кайра кайтып кеткени да кезигет. Алар менен баарлашып калган учурда патриоттук духту сезип турасың, чынында ушундай. Дээрлик бардыгы Ата-Мекенине кайтып келүүнү жана өз билими менен өлкөсүнө жардам берүүнү самашат.
Кыргызстанда жашап жаткан жаштардын көпчүлүгү мына ушуларды карап туруп, өздөрүн келечегин биле алышпайт. Чын-чынына караганда бардыгы чет өлкөгө кетүүнү каалашат жана жыргал деп ойлойт. Чет жакта жүргөндөрдүн кыргыз жерине болгон сагынычын билбейт. Кыргызстанды ойлосом жан дүйнөм сыздайт. Кантип эле жумшусуздуктан чыгуунун жолу жок? Жол бар! “Жумушсуздукту жок кылса Кыргызстан гүлдөп өсөт” дегенге толук кандуу кошулам. Мага Кыргызстанда көпкө чейин болбогон адамдардын пикирлерли, байкоолору жана көргөн-билгендери ар дайым кызыктуу. Баарынан кызыгы — адамдар көп учурда Кыргызстанда ресторандар, кафелер, түнкү клубдар, ашканалар жана башка оюн-зоок мекемелери көп болуп калганын айтышат. Ошол эле учурда ушул кезге чейин эч ким мектептер, ооруканалар, китепканалар же музейлер, бала бакчалар көбөйдү деп айткан жок. Адам болобу, кайсы бир эл болобу даракка окшош. Дарактын тамыры- ата-бабалар болсо. Дарактын өзү – адам же бир эл. Ал эми тамырсыз дарак болобу? Тамырды азыктандырып, сактабаса, дарак чирип, кулайт. Мына ушул заман бизге жетти. Ата-бабаларыбыздын арбагы бизди көрүп, чыркырап жатат. Адамдардан жети атасын сураса көпчүлүгү билбейт. Жети атаны, тарыхыбызды билип жашасак, сөзсүз өнүгөбүз.
Чыныгы эл-жерди сүйгөн адамдардын башы биригиши керек. Сыртта, ичте жүргөн азаматтарыбыздын да ар биринин орду бар. Ошол ордубузду сезип, ошого мекенге болгон сүйүүнү аралаштырып, таза акыл-ой жана эмгек менен акча үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылсак Кыргызстандын жан-дүйнөсү гүлдөйт. Мен айткан сөзүмдө Кыргызстан жөнүндө жаман кеп, сын айткан жокмун, тескерисинче жакшы сөз айтым деп ойлойм. Себеби айткан сөзүм өнүгүүгө аз да болсо жол ачат. Азыр Кыргызстандын денеси, жаны оор абалда. Себеби канчалаган кыйынчылыкты башынан өткөрүп келе жатат. Өлкөбүз учурда өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин тизмесинде. Ушул учурду алганда, уктабай турган мезгил келип жетти. Уктабай 24 саат иштеп, өлкөнү өнүккөн мамлекеттин катарына кошуу керек. Ошондо бизге жыргалчылык жана жердин гүлдөп турганы келет. Укканыма караганда, ”кемчиликти айта берүү өсүүгө алып барбайт” деген сөз бар. Айрым ойчулдар “адамдын кемчилигин издей бербе, ал өзү билет, уялат” деген экен. Тескеринче өзү билбеген жакшы жакты айтуу, ал адамга жол ачат жана ошого умтулат.
Жогоруда айтылгандай, мен тандаган кесип менен айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө болот. Журналист болуп, коррупционерлердин бетин ачууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн мен ар кандай маалымат каражаттарынан адамдардан сурамжылоо жүргүзөм. Ошондо мекенге күйгөндөрү айтат.
Учурда Кыргызстанда журналисттер чындык талап кылып жатса, алардын камераларын, үн жаздырчууларын колунан тартып алганды да жок эмес. Депутат болсом ушуларды жокко чыгарам. Эң биринчи карапайм элге көңүл бурмакмын. Көпчүлүк адам депутат десе, байлыгына ишенген, кымбат унаа айдаган деп ойлойт. Аны жаш келечек ээлери угуп, депутат болгусу келгени да, болбойм дегени да бар. Мен болбойм дегенден алысмын.
Буюрса жогоруда айтылган маселелерди чечүүгө болгон күчүмдү жумшайм. Бардыгын мыйзам чегинде иштетүүгө аракет кылам. Болбосо мыйзамдар кагаз үстүндө эле калып калды, аны биз колдонуш керек. Коррупцияны жою үчүн, ар бир мамлекеттик кызматта иштегендердин бөлмөсүнө видео камераларды коймокмун.
“Тозок кайсыл жакта экенин билбеймин го, бирок бейиш кыргыз жери!” деп бирөөдөн уккан жайым бар. Бул сөзгө толук кандуу кошулам. Себеби чет өлкөлөр чөлдүү аймакта жашап, ал жакты гүлгө айландырып жатса, кыргыздарда баары даяр. Жери тоолуу, таза аккан суусу, тоосундагы кен байлыктары, жайлоосуна болсо сөз жок.
Тарыхыбыз такталып, улам жаңы маалыматтар келүүдө. Байыркы заманда кыргыздын жигиттери эр жүрөк, кыз-келиндери ыйманын ыйык тутуп, карылары каада-нарктуу, жигитти намысын алдырбаган, мекенди жанынан артык көргөнү ар тараптан айтылып келет.
Эң кубанычтуусу дүйнөдө жок “Айгүл” гүлү Кыргызстанда өсөт. Ошол гүл таштын үстүндө өсүп турса, Кыргызстан гүлдөп өсөт деп ойлойм. “Көч бара-бара түзүлөт” демекчи, жакшы күндөр алыс эмес. Мен мекениме ишенем, себеби келечеги көрүнүп турган өлкө.
Аты-жөнү: Камбарбек Асан уулу
Туулган күнү: 14-август, 2001-жыл
Баткен облусу
Лейлек району
Андарак айылы
Манас орто мектебинин
8-классынын окуучусу

#33 21 January 2016 - 13:12
Алибаева Мырзайым.
Мен Кыргызстандын гүлдөп өсүшун каалаймын.
Менин атым Таалайбек. Атам жана апам Москвада. Биз чоң атам экөөбүз турабыз. Чоң атам жайлоодо мал багып, жылкы карап, кымыз даярдап жайлоого келгендерди кымыз менен мейман кылат. Мен күндө жайлоого барып, чоң атама жардам берем. Мына азыр да ага ысык тамак алып бара жатам. Мен аябай шашып бара жатам. Себеби, чоң атам бүгүн жаңы боз үй тигебиз деген эле. Анткени, ал жакка шаардын депутаттары келип, чоң атамдын кымызынан ооз тийип кетебиз дещкен экен. Мына жайлоого да жеттим. Боз үйгө керектүү буюмдарын чоң атам камдап жатыптыр. Мен ага көтөрүшүп келдим да, боз үйдү тигүүсүнө жардам бердим. Боз үй даяр болду. Депутаттар да келишти. Мен алардын колдоруна суу куйдум. Алар боз үйгө кирип биздин кымыздан ичип, чоң атам менен Кыргызстандын келечеги жөнүндө сүйлөшүп жатты. Мен аларга көңүл коюп тыңшап жатып, көзүм жумулуп уктап кетиптирмин. Башка дүйнөгө кирип келгендей түш көрүпмүн. Кыргызстан өнүксө ушундай болот экен....
Чоң атамдын жайлоосу шаарга айланып имараттар курулуптур. Кыргызстандын жайлоосундагы дары - чөптөр дүйнөгө таанылып, дары -дармек даярдоочу ишканалар иштеп жатыптыр. Таза аба, кооз жаратылышта эс алуучу жайлар көп курулуп, курорттордо туристтер эс алып жатыптыр. Чоң атамдын бээлеринин саны жок. Аларды аппараттар менен саап, кымыз иштеп чыгуучу чоң ишканалар иштеп жатат. Жайлоонун ылдый жагында көп кабаттуу үйлөр аябай кооз көрүнөт. Кой,эчкилердин жүнүн кайра иштетүүчү завод, фабрикаларда иштөөчүлөр тынбай кирип чыгышууда. Менин өлкөм , менин Кыргызстаным, ушунчалык деңгээлге өнүгүп кетиптир деген ой менен кубанып чоң атамды издедим. Ал болсо өзүнүн офисинде, акыркы үлгүдөгү ноутбугунда чет элдик кардарлар менен интернет аркылуу байланышып жаткан экен.
“Тарс” деген үн угулуп ойгонуп кеттим. Түшүмдүн бүтпөгөнүн каалап, көзүмдү кайра жумдум. Бирок уланган жок. Чоң атамдын отун жарганы болбогондо түшүм дагы уланмак. Күн да батып баратыптыр. Чоң атамдын жанына келип түшүмдү айтып бердим. Чоң атам: “Баары болот Кыргызстаныбыз өнүгөт. Эгер ар ким мен кыргызмын, кыргыздын урпагымын, атым чыкпаса да, кыргыз бойдон калып өз өлкөсүн сүйүп, өз тилинде сүйлөп, улуттун жүзүн көтөргөнгө аз да болсо мекенибиздин өсүп - өнүгүшүнө салымыбызды кошууга аракеттенсек. Чет өлкөлөрдө жумуш издегенче, өз жериңде эмгектенип жакшы жашоого аракет жасообуз керек”, - деди.
“Келечек жаштардын колунда” демекчи Мамлекетибиздин өнүгүүсүнө кошкон улуу инсан болууга жетишели.
Сүлүктү шаары. Н.Кушматов атындагы №9 мектеп – гимназиясынын 5а –классынын окуучусу Алибаева Мырзайым.

#34 21 January 2016 - 13:13
Абдигапарова Канайым
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалаймын.
“Туулган жердин топурагы алтын” дегендей ар бир жан - жаныбардын туулуп өскөн жери, мекени, жашаган жери болот. Менин Мекеним байыркылуу тарыхка бай уюткулуу Кыргызстан. Ал мен үчүн баа жеткис улуу тоо, суусу зам-зам, абасы дем, топурагы алтын сыяктанат. Ата – бабаларыбыз мекенибиздин гулдөп өсүшүнө салым кошкон. Салтты улоо - улуу мурас эмеспи. Андыктан, ар бир Кыргызстандык салтты улап өз мекенин коргоп, жада калса өз жанын багыштап анын гүлдөп өсүшүнө аракеттенип, ушул сынакты жарыялап жатса керек. Ошолордун катарында сен да барсың , мен да бармын. Жаркын жашоону ойлоп патриоттулук дем менен ушул сынакты уюштуруп бергениңерге ыраазы да болуп кетемин.
Тарыхты унутпа, ал келечекке окутуучу деген накыл кеп туура. Бул Кыргызстан өз келечегин ойлойт дегенди билдирет. Мен Кыргызстандын атуулу катары кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм. Аты алыска кеткен кыргыз жеримдин баа жеткис байлыктары, эл ичинде чалкып жаткан таланттары, билим алышып алга умтулган жаштары толтура десем жаңылышпайм. Эгерде биз бир муштум болуп, бир жакадан баш чыгарып ынтымак менен тартиптен баштасак, анда албетте мекенимдин гүлдөп өсүшүнө салым кошо алабыз. Эжени көрүп сиңди өсүп, аганы көрүп ини өсүп, мекенимдин экономикасына жаңы идеяларды, технологияларды ойлоп табуу изденүү бул өнүгүүнүн башаты. Экономиканын өсүшү бул күндүн энергиясын иштетүү, шамал, суу жана башка табигый кубулуштарды иштетүү, өнүгүү жолуна өбөлгө түзөт. Жаратылыш биздин эң негизги байлыгыбыз эмеспи. Ошондуктан айлана - чөйрөнү таза кармоо, жаман нерселерден сактоо, гүл бактарды отургузуу, дүйнөлүк глобалдык проблемага алып келбейт. Мен жазында төрт өрүк жана алты шабдалы түп көчөтүн отургуздум. Бул дагы менин мекениме кошкон салымым деп ойлойм. Чындыгында сен бакытты издөөң зарыл. Анткени кол кабыш кылып ар бир инсан эмгектенсе, жерибизге береке кирет. Демократия деп салтты унутуп, өз эне тилин жээрип, батыштын салтын улагандар көбөйүүдө. Азыркы күндө бул кырдаал оңолуп, өнүгүгүүнүн ачкычына карай эрктүү кадамдар ташталууда. Андыктан ар бир Кыргызстандык өз жергеси жөнүндө ойлоп, туура чечим кабыл алып Мекенимдин өсүп өнүгүшүнүн жолуна аз да болсо салым кошуп жашаарына ишенемин. Бул чечимди ар бир кыргыз каалайт. Эгерде жүрөгүндө жылуулук болуп, жараткандын нуру чачырап, акыл- эстүү маданиятында эмгектенсе ар бир жаран өз мекенине салым кошо алат.
Уламалуу кыргыз эли, келгиле, ар бирибиз кыргыз жерине татыктуу Кыргыз бололу!
Сүлүктү шаары. Н.Кушматов атындагы №9 ме6ктеп- гимназиясынын 7-классынын окуучусу Абдигапарова Канайым.

#35 21 January 2016 - 13:14
Зайлабидин кызы Кымбат
«Кыргыз жеринин гулдоп-осушун каалайм».
Бул жарык дуйного жаралгандан тартып, ар бир пенде затына озу ээ чыкчу тили, дини, кадыр-баркын арнаган эли, жери болот эмеспи. Ошонун сынарындай, менин да эн суйуктуу, топурагы алтындан кымбат мамлекетим бул мен учун аты улук болгон «Кыргызстан»- корктуу мекеним.
Адамзат жаралгандан, жашоого кадам койгондон баштап оз мамлекетине, туулган мекенине ээ экени талашсыз. Мен да кыргыз мамлекетинин атуулу болгонума чексиз кубанам жана мамлекетиме оз салымымды кошууга чын журоктон аракеттенем. Аны учун мыкты окушум керек. Негизинен мамлекеттик тилди онуктуруу, улуттук руханий доолотторду даназалоо, жаш муундарды элибиздин маданиятына, адабиятына жана санжыра тарыхына кызыктыруу биздин колубузда. Учурда биздин таланттуу тигуучулорубуз кыргыз кийимдерине жаны жашоо берип, саркеч кийимдердин катарын толуктап келет. Ушул улуттук кийимдерибиз апаларыбызга, кыз-келиндерибиздин коркуно-корк кошуп турат.
Дайыма бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып, бирге кун шооласындай жаркыраган, тынчтыкта мекенибизге эмгек кылсак жакшы болор эле. Колдон келишинче кыргыз жергесиндеги сууларды булгабай, таштандыларды таштабай, коркому сонун болгон тоолорубуздун осумдукторун кыйбай, колдон келсе жашылдандырып, озубуз жашаган айылда деле эмгектене аракеттенсек абдан керемет болот.
Кыргыз журту канчалаган туйшуктуу, ары татаал ьурмуш жолдорун басып, катаал жана аянычтуу тагдырын, ашуу белдерин ашып, умут менен алгалай кадам коюп, кыйынчылык кундорду женип отуп, эгемендикке жеткени чындык. Бул ар бир кыргыз баласы учун маанилуу да, мактанаарлык да, дегеле чон сыймык. Эгемендик биздин бактыбызга эчен кылым энсетип тийген кут экенин баамдасак, эчендеген элдер ага жетпей зарлап келатканын эске алып, барктап-бааласак, кары-жашыбыз дебейэгемен кыргыз жергебиздин гулдоп-онугушу учун аракет кылсак бакыбат олко курабыз. Элибиздин умутун актап, биз келечектин жаш муундары окууга жан дилден аракет жасап, колдон келген жакшы таалим-тарбия менен келечекте кесип ээлери болуп, элибизге, мамлекетибизге эмгек кылалы. Тенир колдоп, мекенибиз, мамлекетибиз осуп-онугуп, ал учун баарыбыз бирдикте, эне мээриминдей чексиз суйуу менен талбай кызмат кыла, мамлекетибиздин чыныгы кыргыз атуулу болуп коз карегиндей сактай берсек экен. «Асыл – таштан, акыл – жаштан» дегендей, кыргыз тилин, кыргыз жерин коргогон, кыргыз элинин нарк - насилин колдогон жаштарынан болоорубузга ишенем. Бугунку жаштарыбыз эртенки келечектин ээлери да.
Бар бололу кыргыз элим,
Бар бол туболуктуу кыргыз жерим!
Туболукко жаша кыргызым!
№30 – Орунбай Тешебаев атындагы
Сырт орто мектебинин
9-классынын окуучусу Зайлабидин кызы Кымбат.

#36 21 January 2016 - 16:09
Мурзали кызы Шарапат
Ооба,албетте ар бир жаран оз олкосунун гулдоп осушун каалайт.
Суйуктуу мекенибизди онуктуруш учун кичиненден эле аракет кылышын керек.
"Мекен- мен жашаган уйдон башталат" дегендей албетте бул соз туура.Коптогон белгилуу инсандар да,айылда мал карап жургон адамдар болушкан.Азыркы учурда алар маданиятыбызды которуп Кыргыз элибиздин гулдоп осушушуно чон салымдарын кошуп, Кыргызстаныбызды чет олколорго таанытып,желегибизди желбиретишуудо.
Кыргызстандын осуп-онугушу учун биринчиден элдер ынтымактуу жана биримдиктуу болуусу абзел.Ал эми экинчиден ар бир кыргыз жараны мамлекеттик тилибизде суйлоп,бири- бирин урматтап,сый корсотуусу керек.Учунчудон болсо коррупцияны туп тамырынан жок кылып,зордук- зомбулукту азайтуубуз зарыл.Тортунчудон: балдарын билим алуусуна шарт тузуп беруу,улуттар менен ынтымакта,достукта болсок Кыргызстаныбыз осуп-онугот деп ойлойм.
Кыргызстандын жаранынын милдети:
1.Ар бир уул аскерге оз ыктыяры менен баруусу.Ичкиликти, наркотикти таштоо зарыл.
2.Жаратылышка зыян келтирбоо,шаарларды корктондуруп, тазалоо.
3.Тилибизди, маданиятыбызды, каада-салт,урп- адаттарыбызды сактоо,маданиятыбызды которуу;
Ушул милдеттердин баарын аткарсак кыялыбыздагы Кыргызстанды кура алабыз.
Урматтуу достор келгиле баарыбыз Кыргызстандын онугушуно салым кошолу!
Мурзали кызы Шарапат. Айдаркен шаары,Эшме айылы.7-класс.

#37 21 January 2016 - 16:12
Nurgul Saparova
Кыргыз жеримдин гулдоп осуусун каалайм. Менин кыргызстаным башка олколорго окшоп гулдоп,онугушун, осуусун каалайм. Кыргыз жеримдин гулдоп осуусу мамлекетибиздин жогоркудай корсотулгон аброюна салым кошулат ошондой эле кыргыз элимдин жашоо шарты онолуп келечектеги муундарыбызга ото чон салым кошулган болуп эсептелет. Экономикабыздын осушу жогору денгээлде корсотушторго ээ болот. Кыргыз жерибиздин байлыктарын туура колдонсок элибиздин онугуп осушуно жакшы таасирин берет.
Кыргызстанда фабрика, заводор, коп кабатуу уйлор, жолдор жана экономикабыз кучтуу болсо анда кыргызстан албетте онугот. Экономикалык жигердуулуктун журушундо ар бир олко гулдоп осууну гана эмес, ошондой эле озунун онугушундогу томондоолорду да башынан кечирет. Кыргызстан онугушу учун экономикабыз кучтуу болуш керек. Экономикалык осушту камсыз кылуу учун мамлекеттик денгээлде жакшы уюштурулууга тийиш. Олкодо экономикалык осуу темпи жогору болсо, анда жумушсуздук проблемасы болбойт. Ошондуктан кыргызстанда жумуш коп болсо, анда элдер башка олколорго иштешкени кетишпейт. Ушул жол мененда кыргызстан онуксо болот. Кыргыз жерибиздин гулдоп осуусу учун биз баарыбыз биригишибиз керек, урматташыбыз керек, тынчтык, достук,ынтымак ж.б болуш керек. Мен кыргыз жеримдин гулдоп осуусун каалайм.

#38 21 January 2016 - 16:25
Казакбаева Гулайым
ДИЛ БАЯН
Тема: Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм.
Жылуу кийин, жолун кыйын үшүрсүн,
Кыш да катуу… борон улуп, кар уруп…
Суугунду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Бул саптар улуу акыныбыз А.Осмоновдун Ата Журтка болгон сүйүүсүн даңазалап турат. А.Осмоновдун Ата Журтка болгон сүйүүсү биз үчүн ар дайым үлгү боло алат. Ата Журт сенин үйүн, киндик каның тамган жер. Ар бир кыргызстандык патриоттук сезими менен жашап, өзүбүздүн иш билгичтигибиз, билимдүүлүгүбүз, күч аракетибизди бириктирүүбүз аркылуу гана дүйнөдөгү татыктуу ордубузду ээлей алабыз.Өзүбүздөн башка эч ким бизге татыктуу жашоону камсыз кылып бербейт.
Кыргызстан – биздин Ата Мекенибиз, ата – бабаларыбыздын ыйык журту, калайык калктын орток үйү.Аны ак эмгек жана аракетчилдигибиз менен гүлдөтүп өнүктүрүү жана жүрөгүбүздөгү атуулдук сүйүү сезими менен кастарлап, сактоо биздин бирден-бир ыйык парзыбыз.
Мекенибиз кичинекей болгон менен тарыхы бай мамлекет. Демек, келечеги да кең мамлекет. Тарыхка кайрылсак, кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жетишкенге чейин кыргыз эли канчалаган оор жолду басып өттү.Кылым каарыткан кыргыз эли көп чайналып, бирин жоготсо, башкасын таап, отуруп азыркы ушул таптагы мезгилге жеткен. Өткөөл тарыхты эске салып А.Жакыпбеков мындай деп жазган:
Кайын барбы кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы, кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө,
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.
Ушул төрт сап ыр элдин кыйынчылык менен эгемендүүлүккө жеткенин айгинелеп турат. Дүйнөнүн ар кайсы бурчуна тентип кеткен кыргыз элинин башын бириктирген, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө Манас атабыздын эмгеги чоң.
Энесайдын боорунда жашап, элдерди акыл күчү менен багындырган, кыргыз эли Манас баатырдын дооруна чейин жана андан кийин да канча ирет талкаланып, быт-чыты чыгып тукум-курут болуп каалар кези болгон. Бирок, кыргыз эли багынып басылып калбастан кайрадан башын көтөрүп, мамлекеттүүлүгүн түзүүгө жетишип, дүйнө элдерин таң калдырып келет.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө көптөгөн ата-бабаларыбыздын эмгеги чоң. Алар : Ж.Абдырахманов, А.Орозбеков, А.Масалиев, Т.Усубалиев жана башкалар.
1991-жылы 31- августта кыргыз эли эгемендүүлүккө толугу менен жетишип, көз каранды эмес мамлекет катары дүйнө элдерине таанылды. Мамлекетибизде көп өзгөрүүлөр болду. Өзүнүн символдору: Герб, Гимн, Туусуна ээ болду. Кыргыз Республикасы эгемендуу мамлекет болоору менен Бириккен улуттар уюумуна мүчө болду. Эл аралык валюта фондусу, Дуйнолук банк, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы жана башка республиканын экономикасынын өнүгүшүнө жардам берип жатат.
Кыргызстан абдан кооз, адамдын көз жоосун алган кереметтүү өлкө. Мекенибиздин асман тиреген тоолору, шаркырап аккан агын суулары, кызыл-тазыл гүлдөрү, бийиктикти мекендеген жапайы жаныбарлары деги эле койчу сулуулуктун, байлыктын баары бизде. Ушул сулуулуктар туристердин көз жоосун албай койбойт. Манас атабыз осуятында айткандай «Табият менен таттуу мамиледе болуу » дегендей экологияга өтө этият мамиле жасообуз зарыл. Анткени тоо-токойлор, агын суулар, айлана-чөйрө- бул элибиздин эң кымбат байлыгы. Өз байлыктарыбызга үнөмчүлдүк менен мамиле жасообуз зарыл. Кең-байлыктарыбыз бар экен деп, эле аларды туш-тушка чача берсек, эртен алар түгөнөт.
Мекенибиз коп улуттуу өлкө.Мамлекетибизде 150гө жакын улуттун өкүлдөрү жашашат.Ар бир кыргызстандык мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн, ал кайсы улуттан болбосун, өз салымын кошууга жана чын дилинен эмгектенүүгө милдеттүү.
Манас атабыз 7 осуятында айтып кеткендей «Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык». И.Раззаков атабыз айтып кеткендей «Эр достугу эгиз, эл достугу деңиз» дегендей кыргызстанда жашап башка улуттар менен достошуп, ынтымакта жашап, улутчул болуп бөлүнбөй кайра аларга билгенибизди үйрөтүп, алардан билбегенибизди үйрөнүп , кыргыз эли ак көңүл достукту баалай билген эл экенибизди көрсөтүшүбүз керек.
Мамлекетибизде болуп жаткан иштерге кайдыгер мамиле кылбашыбыз керек. Бул мамлекеттин көйгөйү мага эмне тиешеси бар, мамлекет өз көйгөйүн өзү чечип алсын дегенибиз туура эмес. Биз бул мамлекетте жашап жатабызбы? Мамлекетте болуп жаткан көйгөйлөр бизге да тиешелүү, мамлекетибизде болуп жаткан иштерге кайдыгер карап койбостон, колубуздан келген жардамыбызды аябашыбыз керек. Ар бирибиз кайдыгерлик менен мамиле жасасак, мамлекетибизди кантип өнүктүрөбүз? Кайдыгер мамиле жасоо менен чоң жанылыштык кетиребиз.
Мамлекетибизди өнүктурүү үчүн ар тараптан өнүктүрүүбүз заарыл. Тилибизди, маданиятыбызды, айыл-чарбабызды, өнөр-жайларыбызды жана башка бардык тармактарды өнүктүрүүбүз керек. Маданий жана тарыхый баалуулуктарга көңүл буруубуз зарыл.
«Кыргыз тили кылымдарды каарыткан эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» демекчи кыргыз эли башынан эмне деген замандарды өткөрбөдү. Ошого карабастан кыргыз тили тарыхта өлбөй келе жатат.
Бүгүнкү күндө ак калпак кыргыз эли үчүн эне тилди, маданиятты коргоп калу өтө зарыл. Эне тилибизге баарыбыз эненин ак сүтүнө карыз болгондой карызбыз. Карызды ар бирибиз сезип, тилибизге ак кызмат кылууга умтулушубуз керек.
Кыргызстанга туристик эс алуу жайларын куруп, келген туристерге мекенибиздин табийгий, тарыхий мурастарын сыймыктануу менен көрсөтүшүбүз керек. Илим билимге умтулуп, билимдүү жаштардан болуубуз зарыл. Анткени биз – элибиздин келечегибиз. Кыргызстандын келечеги биздин колубузда.
И.Раззаков атабыз айткандай «Чыныгы патриот өз элинин абройун дүйнөлүк масштабка көтөрүү үчүн эмгектенет». Мен Казакбаева Гулайым кыргыз элимдин патриот уул-кыздарынын болуп, улуу муундардын жолун жолдоп алардай чынчыл, ак ниет, келечекте кесибимди туура тандап элим-жериме ата журтума кызмат кылгым келет.Келечекте медицина тарабына басым жасап, Лейлек жергеме кызмат кылып «Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» дегендей элимдин ак батасын алгым келет. Ар бир ден соолугу чын болсоколубуздан бары келет.
Мекенибиздин аттуулдары аң сезимдүү, патриот, билимдүү болгондо гана мамлекетибиз күчтүү боло алат. Кудайга шүгүр, кыргызстаныбыз ушунчалык денгелде өнүктү, келечекте кыргыз жеримдин мындын да гүлдөп өсүшүн каалаймын.
Дил баянды жазган Казакбаева Гулайым

#39 21 January 2016 - 17:18
Закир кызы Каныкей
Кыргыз жеримдин гүлдөп өсүшүн каалайм
Көк тиреген чокусу бийик тоолору, шаркырап аккан суулары абасы таза Кыргызстандай жер биз үчүн жараткандан белек гана болсо керек. Тарыхтагы нечендеген кыргындарга туруштук берип, элдүүлүгүн жоготпой ата салтын, үрп-адатын коротпой, тилин сактап, бүгүнкү күндө бизге жеткирген жоокер ата-бабаларыбызга Кыргызстан үчүн таазим этишибиз абзел. Бизге жеткен ата мурасын ыйык тутуп, адамзаттык баалуулуктарды толуктап турган руханий, материалдык баалуулуктарды топтоо, чып-чыргасын коротпой сактоо, байытуу менен өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө ар бир кыргыз жараны салымыбызды кошуп, андан-ары урпактарга татыктуу калтыруу милдетибиз деп ойлойм. Албетте, дүйнөдөгү бардык элдерде, кайсыл гана мезгилде болбосун өсүп-өнүгүүгө акыл-эстин жетекчилиги өбөлгө болуп келген. “Адам баласынын колунан келбеген иш болбойт”, - демекчи ар бирибиз бул дүйнөгө жаралдыкпы, талыкпай алга умтулуп, кандай гана иш болбосун сапаттуу аткарууга аракет кылсак, ийгиликтер жаралат. “Тамчыдан көл куралгандай”, ар бир жараткан ийгилигибиз ааламдашуу алкагында чоң күчкө ээ болот.
Кыргыз жеримдин тарыхый ыйык жайларын, кен байлыктарын, минералдык сууларын, фауна жана флорасын дегеле бай табигатынын көз кумарын кандырган ажайып кооздугу адамзаттын рухий жан дүйнөсүнө күч-кубат берген касиетин эске алсак, келечекте туризимди өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар экенине шек туулбайт. Туризимди өнүктүрүүдө өлкөбүздөгү негизги көңүл бурула турган жерлерибиздин бири көгүлтүр Ысык-Көлүбүз болсо, андан кийинки эле тоолорубуз эмеспи. Дегеле тоолордун өзүнөн экономикабызды көтөрүү үчүн канчалаган ресурстарды пайдалансак болот. Кээ бирөөлөрүн атай кетсек: мал чарбачылыкты өнүктүрүү, кен байлыктарды иштетүү, тоодогу дарыяларга ГЭСтерди куруу, Баткендин бренди болгон Айгүл гүлүнө көңүл буруу, лыжа базаларын көбөйтүү менен туристтер үчүн шарттарды түзө алсак, өлкөбүздүн экономикасынын өсүшү бир кыйла жогорулайт.
Кыргызстандын мөмө-жемиштери экологиялык жактан таза, сапаттуу экендиги талашсыз. Баткендин балдай таттуу өрүгү менен мейизи, Жалал-Абаддын кара өрүгүгү, жаңгагы ж.б. түркүн түрлүү жер жемиштер сырттан келген адамды тамшандырбай койбойт. Аларды чет өлкөлөргө экспорттоо аркылуу киреше булагын дагы да көбөйтүүгө жетишсек болот.
Өнөр жайларды куруу, иштетүү аркылуу миграцияны азайтып, карапайым эл үчүн жумуш орундары түзүлсө, жумуш издеп, бала-чакасын таштап, “талаалап” кеткен ага-эжелерибиз, ата-энелерибиз кайра жаныбызга кайтып келээр эле.
Ар бир өсүп келе жаткан бизге окшогон жаш жеткинчектер өз мамлекетинин гүлдөп өсүшүн балалык таза жан дүйнөсү менен каалайт жана тезирээк ишке ашуусун чыдамсыздык менен күтөт. Анткени биз баарыбыз токчулукта жашап, тынч заманда татыктуу билим тарбия алып, келечекте өз өлкөбүздө түрдүү кызматтарда иштеп, үй-бүлөбүз менен бактылуу турмуш кечиргибиз келет. Ал эми чет өлкөлөргө кара жумушка эмес, тандап алган кесибибиздин стажёру, тажрыйба алмашуучусу же болбосо жөн гана саякатчы болуп баргыбыз келет.
Кыргызстандын гүлдөп өсүшү үчүн жогоруда аталгандай мүмкүнчүлүктөр бар экен, албетте, биз өнүгөбүз, өсөбүз жана ааламдашуу алкагында укмуштуудай тез өсүп бара жаткан илимий-техникалык прогрессти кууп жетебиз деп балалык кыялымда терең ишенем.
Баткен областы, Баткен областтык гимназия мектеп-интернаты
9-класстын окуучусу Закир кызы Каныкей

#40 21 January 2016 - 17:19
Байыш кызы Арууке
Тема: «Мен Кыргыз жеримдин гулдоп осушун каалайым»
Биз Кыргызстанда жашайбыз.Кыргызстан эн кооз олколордун бири. Кыргыз жери кооз,абасы таза.суулары тунук сууга бай олко десек болот.Бийик –бийик тоолору. дары чоптору. ар турдуу териси балуу жаныбарлары коп мына ушундай касиетуу кыргыз жери.Албетте мындай кооз жердин дагы онугуп осушун калайбыз.
Кызгызстаныбыздын тундук жагынан Казакстан ,туштук чыгышынан Кытай,туштук батышынан Тажикстан жана Озбекстан менен чектешет.Биз Кыргызстаныбызды кантип онуктурсо болот.Кобунчо экзотикалык болуш учун жылына бак-дарактарды отургузушубуз керек .Аларга убагында суу куюшубуз зарыл.
Биз коп кагаз кетирбешибиз керек деп ойлоймун.себеби биз иштетип жаткан кагаздар бак-дарактардан жасалат.Таштанды салганга урналарды жасашыбыз керек.Ошондо таштандыларды корунгон жерге таштай бербей урналарга салышат.Ошол таштандылардан ар кандай жугуштуу оруулар пайда болот.Биш таштандыларды жакшысын жаманын болуштуруп тазалап кайра жасап чыгарсак болот.Биздин ошондой машинаны чет олкодон сатып алууга мумкунчулугубуз бар.
Дагы айта кетсек биздин олкобуздо ар кандай жан жаныбарларыбыз коп.Биз аларды коргоп, эч болбосо биздин олкого коп зоопарктарды, ачышыбыз керек.Биздин облуска да зоопарк ачып койсо жакшы болмок.Жаш балдар учун эски парктарды ондоп,гулдорду отургузуп,отургучтарды жасашыбыз керек.
Биздин олкодо билимдуу акылдуу жаштар коп болсо биздин олкобуз тез онугуп кетет деп ойлоймун.Ошон учун китеп каналарды,бала бакчаларды мектептерди ачышыбыз керек.Компютердик класстарга Интернет байланышын туташтырып Интернетке чыгууга мумкунчулук тузушубуз керек.Анткени Интернеттен коп кызыкттуу жана керекттуу маалыматтарды алсак болот. Ар бир адам бул жашоодо эне тилинен да тышкары башка тил билуусу зарыл.Себеби биз да алардай болуп онугуп кетишибиз мумкун.Биз мектептерде англис орус тилин эле окуйбуз.Менин оюмча дагы бир тилди кошумчалашыбыз керек.Мисалы Кытай тилин билуу да артыкчылык кылбайт.
Анан дагы спортко жакшы маани беришибиз керек.Спорттук аянтчаларды сапаттуу куруп (анткени жакында биздин мектептин жаныга курулуп жаткан футбол ойноочу аянтчанын сырты урап калды) оспурумдорду спортко кобуроок тартсак. Тоолорубузда кар коп болгондуктан лыжа тебуучу базаларды кобойтсок болот.Базаларыбызга туристер келип биздин олкобуздун киреше булактары кобойот. Кайсы бир жылдары дуйнолук олимпиядалар Кыргызстанда болуп калышы мумкун.
Дагы айта кетсек биздин олко эн кичине олко болгондуктан бийик бийик кабаттуу уйлорду кобуроок курушубуз керек. Анткени жаны болунуп чыккан уй-булолор уй салууга жерлери жок журушот.
Биздин олко тоолуу аймак болгондуктан сут беруучу жаныбарларыбыз коп, ошондуктан сут продукциаларын ондуруп аларды башка олкого жиберсек алар дагы оздорунун прадукталарын бизге жонотушот.
Биздин олкодо сапаты жок оюнчуктар коп, ошондуктан озубуздун кийизден ар кандай куурчактарды, жана башка оюнчуктарды чыгарса болот.
Биздин олкодо суротко жакшы маани бербейт.Сурот коргозмолорун ачышса жакшы болот.Келечекте биздин жаштардан мыкты суротчулор чыгат.Биз озубуздун олкобузго парниктерди курушубуз керек.Ал жерде ар кандай жемиштерди остуруп элге арзан баада сатсак болот анткени азыр кыш мезгили болгондуктан биздеги момо жемиштер сырттан келгендигине байланышттуу кымбат болуп жатат.
Акырында айтаарым мен Кыргыз жеримдин осуп онугушуно ишенем жана оз салымымды кошом!
Озум жонундо айтсам:
Байыш кызы Арууке, 2003-жылы 08-январьда Баткен облусунун Баткен шаарында торолгом. Азыркы кундо атамдын жумушуна байланышттуу Лейлек районунда жашайбыз.Исфана шаарындагы Алишер Навои атындагы орто мектепте 7-класста окуймун.
Атам- Закиров Байыш Тунубекович мамлекеттик кызматкер.
Апам-Тагаева Чолпонай Ураимовна кесиби боюнча мугалим,азыр инимди карап уйдо.Эки иним бир синдим бар.
Биздин дарек. Исфана шары,Эгембердиев кочосу
Сиздерди терен урматтоо менен Байыш кызы Арууке.

Супер-Инфо
super.kg
видео