Аялдар назик болгонубуз менен шайтанбыз да... Жан шеригибиздин жанында кылыктанып,
кыткылыктап,
оюн издеп турабыз... Дайыма эле тунт боло берген болбойт да... Демек, мээсин жеген бир проблема бар. Аны сөзсүз ортого салыш керек. Бизде деле болгон. Эми ар бир эркек сыяктуу эле ойноп, ары-бери секирип койчу да... Аял киши бырылдап, шорулдап ыйлап, калп эле балдар үчун демиш болуп, күйөөбүзду кыйып кете албай жүрө бербиз да... Бир учурда менин түгөйүм өтө сырдуу болуп кетти... Сим карталарын улам-улам алмаштырат.
Жашынып сүйлөшөт. Эшикке чыгып суйлөшөт. Бир ай өтту, эки ай өттү. Бир нече жолу мээсин жеп аткан көйгөйду сурасам, "жумушум көп болуп атат" дейт. Тапкан акчасынан дайын жок. Ошенитип журуп бар болгон бир мулкун да жоготту. Кумар оюунун ойнобойт. Ойноштук кылып бир баляя болгон го десем ага да окшобойт. Мага да көнул болбойт. Кээде келбей да калат эле... Кээде эркелеп, тамашалап калсам, туртуп кетет же сөгүп кетет... Үч айдан өтүп төртунчү ай дегенде, аран айтты. Сыр эле болсун. Бир жаман ишке досторунун азгыры менен барып алып чыга албай журүптүр. Мен угуп алып, төбө чачым тикчийип, түрдүү фокустарды көрсөтуп, аны ал жакка не когда кылып жибердим. Так ошо убакта алар(достору) темир тордун ары жагына кетишти. Жан шеригим мени менен алек болуп журуп ал жактан алыстай түшкөндүктөн алардын акыркы косяктарынын арасында жок болгондуктан ал жакка кудай жалгап жетпей калды...
Эми аялдын эркекке(күйөөсунө) болгон мамилесиндеги кайдыгерлик
да баляя...! Анда күйөөсү ойлоп баштайт да: "Мени сүйбөйт деле окшойт... Мен буга баары бир экенмин да... Неге тиги досумдун аялы кайра-кайра чалып абалын сурайт? Неге менин аялым антпейт? Сүйбөйт окшойт аа...?" - депчи.
А эгерде ойноок эркек болсо: " Иий кудай берсен ушундай аялдан бер..." - деп кудундап, ала жипти каалашынча ары аттап, кайра бери аттап оюн куруп баштайт. Бир жолу кылган эркек, аны экинчи, үчунчү жолу да кайталайт. Ойнош оттон ысык деп коёт эмеспи, берегси ары-бери кылып имерип алса, даана балекет ошондо башталбайбы?
!
Ошондуктан обу жок кызгануунун да кереги жок. Таптакыр кызганбай коюуунун да кереги жок. Болгону кызганымыш болуп коюуу жетиштүү болсо керек.
Куйоом тунт болсо эмне кылам? Мындай абалга кабылган айымдарга томонку кенештер:
#21 07 February 2015 - 03:36
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#23 22 January 2016 - 02:18
Эркек деген бир аз сүрдүү, үй-бүлөнүн башчысы болгон соң бир аз оор болгону дурус. "Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" деген макал үй-бүлөлүү, улгайып калган эркектерге тийиштүү эмес.
Эркек өзү каалаган б.а биздин да билүүбүз шарт болгон сөздөрдү айтса айтсын, калган ашыкча сөздөрдүн бизге эмне кереги бар? Көпчүлүк эркектер табиятынан ички сырын ичине катып үйрөнүшкөн,
алардын оюу боюнча "техника менен аялзаатына ишениш жок")) ошондуктан да бизге түнт болуп көрүнүшсө керек..)
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#24 24 January 2016 - 03:54
Мындайлар түнткө эмес, оор басырыктуулукка кирет экен жолдошумдун айтуусу боюнча
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#25 26 January 2016 - 02:59
Менин куйоомда тунт качан гана чукуп баштасам баарын айтат журогундогуну анан кулуп отуруп калам ий ушуну жана эле айтпайспы деп
#26 29 January 2016 - 13:58
Менин жолдошум да бир сырлуу адам.Эч аттан тушсо да узонгудон буту тушпогондордон .Эч мага сырын алдырып чегин чыгарбайт.Эмгиче кондуруп да койду .
Кээде бул байкушта дуйнодон жалгыз отпой эптеп уйлонуп отушум керек деп уйлонуп алганбы не мынча мен мн иши болбойт деп ойлоно берчумун .Ишке кетет , келет балдарын эркелетет , эс алат .А мен ывырсып жыйынып келгиче мыргып уктап калган болот эле .
Бирде узаак торкунго кеттим балдарым менен уйдо озу калып журду .Келсек да сыр бербеди .Мен да унчукпадым
.Ошондон кийин торкунго эки саатка алпара турган болду .Калайлы туугандар менен боор батырышып кетели десем эле жоок, кетесин сен жоок уйдо жалгыз калган болбойт экен дейт .Барибир аял затынын сезимдери сыртта болсо , эркек адамдардыкы сезимдери ичте болот экнн деп калдым.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#27 31 January 2016 - 20:07
Менин жолдошум да бир сырдуу ашыкча суйлобойт тел чукулап эле отура берет кыздары уйду уч которсо да аалам Гулистан дагы имени каякта журосун карабай буларды деп койот кочого чыкса чалып турам жини келсе да
#28 31 January 2016 - 20:12
Мен торкунго кетсем достору менен суйлошуп кочодо журуп кеч келет экен кайнем кыжаалат болуп уктабай не болду деп келгенде анан уктайт экен уйдо сен жок болсон жаман экен дей берет
#29 31 January 2016 - 23:40
Менин жолдошум жумуштан келгенде,жумушун айтып,акыркы жанылыктан болушуп турат.
Никогда не сдавайся.
#30 01 February 2016 - 00:28
Менин куйоом тунт эмес. Мага жакшы эле ачылып суйлойт. Копчулуктун арасында оор басырыктуу болуп калат. Кобунчо оз болмобузго киргенде кооп жанылыктарды,
пландарын айтып ой болушот.
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#31 10 February 2016 - 13:44
Мен ушул убакка чейин сезимдерим алдабаган)) билбейм журогум жаман нерсени каттуу сезет, сезимдерим 99% туура чыккан. Мисалы меники козумо чоп салышты баштаганда биринчи телефонго соз суз код койот, и без звук кылып койот, суйлогон создор озгорот, бир аз копол болуп аны да байкап турам унчукпай)))) тез тез достору менен жолугуп уйдо турбай калат, анан мен баштайм.Биринчи кандай кылып болсо да телефондун кодун билиш керек болот))) аны да уктап жатып секиин бир козум менен карап коруп алам)) андан кийин чукур чукур дем алып секин телефонду ачканга аракет жасайм эй кудай эч кандай кыз болбой калса екен деп, жок кыз болот однокласникте,
же ватсапта соз суз анын секин номерин аламда эртеси ал кызга чалып баарын тушунтуруп айтып койом, кыскасы жок кылам)) ошол куну кеч куйом келет оозу кулагында ээ кантип билдин жок квлыпсын да ей дагы деп )))(((( мм баарын озун башта дейм анан баарын айтып берет озу )) кыскасы ызы чуу чыгарбаганга аракет жасагыла аялдар эркек озу ушундай ит болот екен ким ачса бара берет екен мен байкап карап да кордум куйоом суйлошкон кыздардын бири да же сулуу эмес же фигурная билбейм тушунбойм эмнесине кызыгып барып жатканын бирок быры бир мага келет артымдан жалдырап ))) ооохххии чарчап кеттим коп суйлоп жазып жибердим е)))
#32 10 February 2016 - 15:10
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#33 10 February 2016 - 19:34
Мен ушул убакка чейин сезимдерим алдабаган)) билбейм журогум жаман нерсени каттуу сезет, сезимдерим 99% туура чыккан. Мисалы меники козумо чоп салышты баштаганда биринчи телефонго соз суз код койот, и без звук кылып койот, суйлогон создор озгорот, бир аз копол болуп аны да байкап турам унчукпай)))) тез тез достору менен жолугуп уйдо турбай калат, анан мен баштайм.Биринчи кандай кылып болсо да телефондун кодун билиш керек болот))) аны да уктап жатып секиин бир козум менен карап коруп алам)) андан кийин чукур чукур дем алып секин телефонду ачканга аракет жасайм эй кудай эч кандай кыз болбой калса екен деп, жок кыз болот однокласникте,
же ватсапта соз суз анын секин номерин аламда эртеси ал кызга чалып баарын тушунтуруп айтып койом, кыскасы жок кылам)) ошол куну кеч куйом келет оозу кулагында ээ кантип билдин жок квлыпсын да ей дагы деп )))(((( мм баарын озун башта дейм анан баарын айтып берет озу )) кыскасы ызы чуу чыгарбаганга аракет жасагыла аялдар эркек озу ушундай ит болот екен ким ачса бара берет екен мен байкап карап да кордум куйоом суйлошкон кыздардын бири да же сулуу эмес же фигурная билбейм тушунбойм эмнесине кызыгып барып жатканын бирок быры бир мага келет артымдан жалдырап ))) ооохххии чарчап кеттим коп суйлоп жазып жибердим е)))
+5.
Сладость
#34 10 February 2016 - 20:41
Куйоон эле эмес, суйлошуп жургон жигитинди деле байкап, озгоргон болсо, артынан тушуп, байкап коруш керек экен. Бир кун сайттардын биринен, бир бала менен таанышып калдым. Телден эле суйлогону жакты, жолуктук, мен ойлогондондон да жакшынакай экен. Телде суйлошуп журдук, бир эки жолу жолуктук. Зв этет, жактырып калганын, сагынганын айтат, кечинде бир аз суйлошуп эле телефонун очуруп коёт, кундуз дагы пайда болот. Ошентип журуп номери очук болуп жоголуп кетти. Дагы бир кун пайда болуп телефонум жок, бироонукундо чалып атам жолугалы мен ушул жерде деп адрес айтты. Макул болуп жонодум. Ал айткан салондун астына барып албай, берирээктен карап тура бердим, чалайын десем анын телефону жок, кайсыл жактан корунот экен деп. Анан эле козум тушту. Топ элдин арт жагында, бир чонураак эле байке менен бир нерселер суйлошуп турат, семичкени чагып коюп. Сразы эле жанына барып албай 15 минутадай карадым. Бир убакта чонтегинен телефон алды да, чукулап бир нерселер кылып, куркасынын ичкинги чонтегине салып койду да жанындагы байкенин телефонунан зв этти, келип калдынбы деп, мен оа десем салон жанына келе бер деп коёт. Дагы да барбай кузоттум. Акыры ал жанындагы байке менен коштошуп салон жанына келгенде анан мен бардым. Барып жакшына болуп саламдашып телефонун десем, менде телефон жок, мен телефонсуз журом, ала албай жатам, акча болбой жатат дейт. Чонтегинен телефонун бат ала койдум да, бул эмне? десем бул телефон иштебейт, бузук, жанбайт дейт. Бер дегенине койбой жанында туруп жандырдым. Жандырсам экраныда жаш баланын фотосу бар экен. Анан чекеден баарын акырын айттырдым. Корсо семясы, эки кызы бар экен. Сени суйуп калып суйлошуп журдум деп коёт. Атайын бир симка алган экен, ошол номер менен дайым мага чалып журчу экен эле, ал симкасыны адделный салып алган экен. Ошону менен баарын жыйыштырып,
бутуруп коюп келе бердим.
#35 10 February 2016 - 20:55
Мен ушул убакка чейин сезимдерим алдабаган)) билбейм журогум жаман нерсени каттуу сезет, сезимдерим 99% туура чыккан. Мисалы меники козумо чоп салышты баштаганда биринчи телефонго соз суз код койот, и без звук кылып койот, суйлогон создор озгорот, бир аз копол болуп аны да байкап турам унчукпай)))) тез тез достору менен жолугуп уйдо турбай калат, анан мен баштайм.Биринчи кандай кылып болсо да телефондун кодун билиш керек болот))) аны да уктап жатып секиин бир козум менен карап коруп алам)) андан кийин чукур чукур дем алып секин телефонду ачканга аракет жасайм эй кудай эч кандай кыз болбой калса екен деп, жок кыз болот однокласникте,
же ватсапта соз суз анын секин номерин аламда эртеси ал кызга чалып баарын тушунтуруп айтып койом, кыскасы жок кылам)) ошол куну кеч куйом келет оозу кулагында ээ кантип билдин жок квлыпсын да ей дагы деп )))(((( мм баарын озун башта дейм анан баарын айтып берет озу )) кыскасы ызы чуу чыгарбаганга аракет жасагыла аялдар эркек озу ушундай ит болот екен ким ачса бара берет екен мен байкап карап да кордум куйоом суйлошкон кыздардын бири да же сулуу эмес же фигурная билбейм тушунбойм эмнесине кызыгып барып жатканын бирок быры бир мага келет артымдан жалдырап ))) ооохххии чарчап кеттим коп суйлоп жазып жибердим е)))
Аябай сабырдуу экенсизго. Ушунча сабырды кайдан алас.
Мен андайга чыдай албасам керек, кудай сактасын. Жолдошум ушул бойдон калса экен.
#36 13 February 2016 - 04:02
Түнт,былтыйыып эч нерсе айтпаган,эч нерсеси менен бөлүшпөгөн неме болсо билбейм,бышып кетсем керек. Өзүмө керектүү инфону,кытыгылап ойноп,күлүп мылжыйып,болбоду дегенде таарынымыш этип болсо да алам. Негизи ойноп жылмайып атып атып ле акырын билип алам,чубаап чубап отуруп.
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
#37 05 April 2016 - 13:13
КҮЙӨӨҢҮЗ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮП ЖАТКАНДА...
Аял-күйөө айырмачылыктар сүйлөшүү муктаждыктарында да билинет. Аялдардын эркектерге караганда көбүрөөк сүйлөөсү илимий жактан далилденген. Айрыкча, аялдардын сүйлөө мүмкүнчүлүгү да көп. Себеби, аялдардын мээсинин эки тарабында да сүйлөө борборлору бар. Эркектердин сүйлөө борбору сол тарабында гана жайгашкан.
Ал эми жубайлардын ортосундагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири; эркекке караганда аялынын көп сүйлөшү. Жубайлар бири-биринин жаратылыштарын түшүнүп, ошого жараша мамиле жасашса бул проблеманын чечилиши кыйын эмес.
Аялдар, унутпаңыздар! Ооба, күйөөңүз сиздин өмүрлүк жолдошуңуз. Бирок ал аял эмес, эркек. Аны менен курбу кызыңыз менен сүйлөшкөндөй эртеден-кечке, бир канча саат маектешүүнү күтпөңүз! Ар бир айткан темаңызга кызыгып, көңүл буруу менен угат деп ойлобоңуз. Себеби, эркектер үчүн маектешүү кыздардагыдай маанилүү эмес.Эркек киши менен сүйлөшкөндө төмөнкүлөрдү эске алыңыз... Бул 17 кеңешти эске алган аялзаты баарлашууда болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү болот!
1. Эркектер үчүн сүйлөшүүнүн аялдардагыдай көп максаты жок. Эркектер көбүнчө эки учурда гана сүйлөшөт. Биринчи- маалымат берүү, экинчи- күчүн сездирүү. Күйөөңүз сүйлөй турган нерсе сөз, биринчиден кайсы бир темада маалымат берүү үчүн айтылат. Сиз билүүгө тийиш болгон бирдеме болсо ошону айтат.Дагы бири эркектер үчүн өздөрүнүн күчтүүлүгүн айтып берүү маанилүү. Жумушу, унаасы, же, жактырган футбол командасынын артыкчылыктарын, өзүнүн акылдуулугу, кайсы бир темадагы билимдүүлүгүн, ийгиликтерин айтып берүүнү жактырышат. Эркек мына ушул темаларда ырахаттануу менен сүйлөп берет.
2. Күйөөңүздү сүйлөтөм деп кыйнабаңыз. Бирдеме айткыңыз келип атканын билдирип, “Мени уга аласыңбы”- деп сүйлөшүн эмес, сизди угушун сураңыз. Эркек өзүнө басымды сезбесе, сиз сүйлөп баштаган кезде ортоңуздарда маек башталып кетет.
3. Эркектин маанайы пас болсо, аны сүйлөткөнгө эч аракет жасабаңыз. Бул жерде да эске алыңыз. Ал сиз сыяктуу эмес, карама-каршы жыныстагы адам- эркек. Аялдар ачууланганда сүйлөп атып тынчтанат, эркектер бир канча убакытка чейин сүйлөгүсү келбей калышат. Алгач унчукпай калып, бир топко чейин жагдайды ичинде ойлонуп, маселени чечүүгө аракет кылышат. Ошондуктан унчукпай калганда ага жабышып эле сага не болду деп сурай бербеңиз. Жөн коюңуз...Түшүнөм, сиз аялсыз, бардык нерсеге кызыгасыз. Эмне болгонун билгиңиз келип турат. Бирок, минтсеңиз, күйөөңүз ачуусун сизден чыгарышы мүмкүн. Сабыр, сабыр, сабыр... Дүйнө сыноо... Аллахтан бекем сабыр сураңыз.Эгер сиз сабыр этип, аны жөн койсоңуз, дартын сизге тезирээк айтып берүү мүмкүндүгү жогорулайт. Бирок, сурай берсеңиз, айтам дегенин да айтпай коюшу мүмкүн. Сиз сүйлөгүңүз келген менен, ал сүйлөгүсү келбей аткандыр. Сыйлай билиңиз.
4. Күйөөңүздү суроо берип, сүйлөгөнгө мажбурлабаңыз. Аялдар үчүн суроо берүү маектешүүнүн башаты. Бирок, эркектер суроо бергенди жактырбайт. Суроо сураганда өздөрүн суракка алынгандай сезишет.
5. Күйөөңүз телевизор көрүп атканда, же компьютерде отурганда, же кайсы бир иш менен алектенип атканда аны менен сүйлөшүүгө аракет жасабаңыз. Сизди угушун да күтпөңүз. Эркектердин мээсинин эки жарым шарынын ортосундагы байланыш аялдарга караганда ичке болгондугу үчүн, эркектер бир учурда бир канча ишти жасоодо кыйналып калышат. Ал бир нерсе менен алектенип атканда суроо берсеңиз, сизге жооп бербейт. Бул өзгөчөлүгүн билип алыңыз да, “күйөөм мени баалабайт, мага көңүл бурбайт, мени укпайт” -деп кайгыра бербеңиз.Устара менен сакалын оңдоп же дагы башка ушул сыяктуу көңүл бурууну талап кылган иш жасап жатканда такыр эле сүйлөбөңүз.
6. Үн катуу чыгып турган, ызы-чуу бар жерлерде сүйлөгөнгө аракет кылбаңыз. Мисалы телевизор коюлуп турганда, же балдарыңыз чуркап ойноп атканда. Себеби, эркектер сүйлөшүп атканда башка нерселерге тез алагды болуп кетет. Күйөөңүз менен сүйлөшкүңүз келсе, балдарыңызды бөлмөсүнө жөнөтүп, тынч атмосфераны камсыздаңыз. ..
7. Күйөөңүз менен сүйлөшүп жатканда бир тема бүтпөй туруп, экинчи темага өтүп кетпеңиз. Аялдар бир нерсени айтып жатып эле, же угуп жатканда башка темаларга опоңой кирип кетип, кайра мурунку темасына кайтып келип уланта беришет. Эркектер сүйлөшүп жаткан теманы бүтүрбөй туруп, башка темага өткүсү келишпейт. Мисалы күйөөңүз бүгүн болуп өткөн окуяны айтып атканда, сиз паркта же балаңыздын мектебинде болгон бир окуяны айтып баштасаңыз күйөөңүз мени укпайсың деп ачууланышы мүмкүн. Ошол эле темада айта тургандарыңыз болсо да анын сөзүн кеспеңиз. Эркектер айтайын деген сөзүн унутуп коюшу да мүмкүн.
8. Сүйлөп атканда көп майдалап түшүндүрбөңүз. Эркектердин мээси жыйынтыкка багытталган. Жыйынтыкка жетүүдөгү процесс аларды кызыктырбайт. Ошондуктан, айтып берип аткан теманы узартып, майда-чүйдөлөргө бөлсөңүз башы чаташып, качан аягына жетет деп чыдамсыздана баштайт.Мисалы көйнөк алдыңыз. “Сүйүктүүм, көйнөк алдым, кандай экен? Жактыбы?” деген гана сүйлөмдү айтканыңыз жетиштүү. Үйдөн чыккандан баштап көйнөк алганга чейинки бардык окуяларды, көйнөктүн сиз көргөн башка түрлөрүн, арзандатууларды башка курбуларыңыз менен сүйлөшкөнүңүз туура.
9. Сүйлөп атканда үнүңүздүн тонуна көңүл буруңуз. Үнүңүздүн тону ага жагымсыздык жаратпасын. Мен кыйынмын дегиси келген аялдар күйөөсүнө үнүн көтөрүп катачылык кетирет. Бул да ортоңуздардагы мамиленин начарлашына себеп болот.
10. Эч качан күйөөңүздү урушкандай сүйлөбөңүз. Сүйлөгөнүңүз жаман болсо, дүйнөнүн сулуусу болсоңуз да сиздин сулуулугуңуз анын көзүнө көрүнбөйт. Сизди желмогуздай көрүп калат. Урушкансып чукчуңдап сүйлөсөңүз, сизди жана сиздин муктаждыктарыңызды да экинчи планга калтырышына себепчи болосуз. Бакырып-өкүрүп, урушуп сүйлөгөндү токтотсоңуз; жумшак, сүйкүмдүүаял болсоңуз, проблемаларды чечүүңүз да жеңил болот.
11. Эркекке өзүнүн жоопкерчиликтерин улам кайталап эстете бербеңиз. Кайра-кайра сүйлөнүп атып, күйөөңүздүн өзүн күнөөлүү сезишин камсыздап, аны жакшы жакка өзгөртөм деп ойлобоңуз. Антүүнүн эч пайдасы жок. Кайталап атып сиз күйөөңүздү ачууландырасыз же, көңүл кош болушун камсыздайсыз. Сиздин сүйлөнгөндөрүңүздү укпоонун жолдорун издеп баштайт. Мисалы: гезит, телевизор, компьютер... ж.б. Айрыкча бул көрүнүш сизге да жаман таасир этет. Бир канча убакыттан кийин кайталай бергенди токтотуп, өзүңүздү айласыз, бечара сезип баштайсыз.
12. “Мени дайым капа кыласың” дегендей сөздөр менен сезимдериңизди айта бербеңиз.. Эркектердин мээси чындыктарга жана фактыларга негизделгендиги үчүн, создөрдү да ошого жараша кабыл алат. Сиз кечке арыздана берсеңиз, сизди кесир деп ойлоп калышы мүмкүн.
13. Каалаганыңызга жетүүнүн жолу уруш чыгаруу эмес: жакшы сөздөр менен айтуу жана назик, жумшак суроо. Какшыктоо, чукуп сүйлөө, ачуусуна тийүү туура эмес. Күйөөңүздөн бирдеме сураганда көңүл бурушуңуз керек болгон нерселер төмөнкүчө:Cүйлөөгө ылайыктуу убакытты күтүңүз: күйөөңүз чарчап келгенде, ачууланган учурда, башка нерсеге көңүл коюп жасап атканда андан эчтеке сурабаңыз. Бир аз сабырдуу болуп, күтө туруӊуз.Туура сөздөрдү колдонуңуз. Буйрук бергендей сүйлөбөңүз. Мажбур түрдө жасайсың дегендей сүйлөөнү жок кылыӊыз. Жумшак тил менен сураныңыз.Кепти узартпаңыз. Кыска жана нуска айтыңыз. Сөз узарып кетсе, таасири аз болот. Эмне үчүн көйнөк алгыңыз келгенин айтуу үчүн, өзүнчө бир аңгеме айтуунун кажети жок. Сөзүңүз узарса, аны көндүрүү кыйындашат. Жок деп коюшу жеңил болот.Кыйыр түрдө сүйлөбөңүз. Бир нерселерди кыйытып айтпаңыз. Ачык, так болуңуз. Эмне кааласаңыз, ошону назик тил менен айтыңыз.
14. Аялдар эркектерди кыйытып айткан сөздөрдү билет, түшүнөт деп ойлошот. Бирок, эркектер андай эмес. Күйөөңүз менен сүйлөшкөндө кыйытып айткандан жана ишараттагандан мүмкүн болушунча алыс болуңуз. “Кийин мени түшүнбөйт” деп өзүңүз жөн жерден капа болосуз.Эч качан кыйытып сүйлөбөңүз. Мисалы, кафеге же ресторанга баргыңыз келип атат. Муну айтуу үчүн “Канчадан бери кафеден тамак жей элекпиз” деген; “Камкор күйөө эмессиң, мени ойлоп тамактануу үчүн бир жакка алып барбайсың, мага көңүл бурбайсың” деген маанини берип калат.Мындай кыйытып айткандын ордуна “Бүгүн кечинде кафеден бирдеме жегим келип атат. Сага ыңгайлуу болсо, барып келелиби?” дегениңиз жакшы натыйжага алып келет. Ал күнү бош эмес, же баргысы келбей аткан болсо, “жок” дегенине албууттанбасаңыз, жакынкы убакта сиздин сөзүңүздү эстеп, тамакка алып барып келет.
15. Эркектер кыска-нуска сүйлөшөт. Аялдарга караганда сүйлөмдөрү да кыска. Айта турганын айтат, жыйынтыгына жетет. Эркектердин эмне айткысы келгенин тушүнүү оңой. Сиз да сүйлөгөндө ашыкча узун сүйлөм менен түшүндүрбөңүз.
16. Унаа менен бир жакка баратканда, бара турган даректи жолдогулардан суроого мажбурлабаңыз. Аялдар үчүн бирөөгө суроо менен кайрылуу катардагы иш болгон менен, эркектер үчүн оор болушу мүмкүн. Балким, дагы бир аз ары-бери айдап убарачылык тартат, бирок, кам санабаңыз, жоголбойсуз. Бир аз сабыр кылыңыз. Унчукпай отурсаңыз, бара турган жерге жеткирсе керек. Антпесеңиз, сапарыңыздарды урушуп атып улантасыздар.
17-Күйөөңүздү шылдыңдабаңыз, мазактабаңыз, басынтпаңыз, сүйлөгөндө бетине караңыз. Ага сөзүңүз менен, аракеттериңиз менен канчалык сыйлаганыңызды, маани берээриңизди сездириңиз. Аны таарынта турган сөздөрдөн алыс болуңуз. Керек болсо, туура эмес айтып алган сөздөр үчүн кечирим сурап коюу да жакшы.
Даярдаган: Ак Жоолук Ажары
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#38 05 April 2016 - 19:32
Оор басырык,бир сырдуу.Баардык нерсени оз алдынча айтпайт,такалап суроо берип жатып аран жооп алам ошондо да 99% ичинде катылуу бойдон калат.
Мен дуйнону апам менен тааныгам.....
...
#39 05 April 2016 - 23:49
Аялдар назик болгонубуз менен шайтанбыз да... Жан шеригибиздин жанында кылыктанып,
кыткылыктап,
оюн издеп турабыз... Дайыма эле тунт боло берген болбойт да... Демек, мээсин жеген бир проблема бар. Аны сөзсүз ортого салыш керек. Бизде деле болгон. Эми ар бир эркек сыяктуу эле ойноп, ары-бери секирип койчу да... Аял киши бырылдап, шорулдап ыйлап, калп эле балдар үчун демиш болуп, күйөөбүзду кыйып кете албай жүрө бербиз да... Бир учурда менин түгөйүм өтө сырдуу болуп кетти... Сим карталарын улам-улам алмаштырат.
Жашынып сүйлөшөт. Эшикке чыгып суйлөшөт. Бир ай өтту, эки ай өттү. Бир нече жолу мээсин жеп аткан көйгөйду сурасам, "жумушум көп болуп атат" дейт. Тапкан акчасынан дайын жок. Ошенитип журуп бар болгон бир мулкун да жоготту. Кумар оюунун ойнобойт. Ойноштук кылып бир баляя болгон го десем ага да окшобойт. Мага да көнул болбойт. Кээде келбей да калат эле... Кээде эркелеп, тамашалап калсам, туртуп кетет же сөгүп кетет... Үч айдан өтүп төртунчү ай дегенде, аран айтты. Сыр эле болсун. Бир жаман ишке досторунун азгыры менен барып алып чыга албай журүптүр. Мен угуп алып, төбө чачым тикчийип, түрдүү фокустарды көрсөтуп, аны ал жакка не когда кылып жибердим. Так ошо убакта алар(достору) темир тордун ары жагына кетишти. Жан шеригим мени менен алек болуп журуп ал жактан алыстай түшкөндүктөн алардын акыркы косяктарынын арасында жок болгондуктан ал жакка кудай жалгап жетпей калды...
Эми аялдын эркекке(күйөөсунө) болгон мамилесиндеги кайдыгерлик да баляя...! Анда күйөөсү ойлоп баштайт да: "Мени сүйбөйт деле окшойт... Мен буга баары бир экенмин да... Неге тиги досумдун аялы кайра-кайра чалып абалын сурайт? Неге менин аялым антпейт? Сүйбөйт окшойт аа...?" - депчи.
А эгерде ойноок эркек болсо: " Иий кудай берсен ушундай аялдан бер..." - деп кудундап, ала жипти каалашынча ары аттап, кайра бери аттап оюн куруп баштайт. Бир жолу кылган эркек, аны экинчи, үчунчү жолу да кайталайт. Ойнош оттон ысык деп коёт эмеспи, берегси ары-бери кылып имерип алса, даана балекет ошондо башталбайбы? !
Ошондуктан обу жок кызгануунун да кереги жок. Таптакыр кызганбай коюуунун да кереги жок. Болгону кызганымыш болуп коюуу жетиштүү болсо керек.
Эми аялдын эркекке(күйөөсунө) болгон мамилесиндеги кайдыгерлик да баляя...! Анда күйөөсү ойлоп баштайт да: "Мени сүйбөйт деле окшойт... Мен буга баары бир экенмин да... Неге тиги досумдун аялы кайра-кайра чалып абалын сурайт? Неге менин аялым антпейт? Сүйбөйт окшойт аа...?" - депчи.
А эгерде ойноок эркек болсо: " Иий кудай берсен ушундай аялдан бер..." - деп кудундап, ала жипти каалашынча ары аттап, кайра бери аттап оюн куруп баштайт. Бир жолу кылган эркек, аны экинчи, үчунчү жолу да кайталайт. Ойнош оттон ысык деп коёт эмеспи, берегси ары-бери кылып имерип алса, даана балекет ошондо башталбайбы? !
Ошондуктан обу жок кызгануунун да кереги жок. Таптакыр кызганбай коюуунун да кереги жок. Болгону кызганымыш болуп коюуу жетиштүү болсо керек.
Сиздин окуянызды бир жерден окугандаймын Мырзайым Эже эмессизби теманыздын атын унутуп жатам

Супер-Инфо
super.kg
видео