Дайыма сейдананын майын жаатардан 20-30 мунот мурда суйкоп жатам.Жузго тушкон майда бырыштарды жазууга жардам берет.Тартибинде коп витаминдер бар.Бирок менде бир гана койгой бар.Жузумдо майда тамырлуу кызыл жылдызчалар(купероз).
Ошодон кантип арылса болот.Лазер мн анан ийне сайуу жолу.мн дабаалагандар(косметолог) бар экен.Натыйжасы болот бекен эгер ошону жасатса.Ким жасатып коргон ж.а кандай болгон натыйжасы жаза кеткилечи.
Лазер же ийне сайуу жолдору менен дарылоого шашылбаңыз. Бардык оорунун тамыр алган жери болот. Алгач дал ошол оору козголгон жерди дарылоо керек. Купероздун пайда болушунун себеби кан тамырлардын иштөө функциясынын бузулушунда. Организмде кремний деген элемент бар, ал серпилгичтикти берип турат. Ошол элемент азайып кеткенде купероз пайда болот. Мындан арылуу үчүн, калемпирлүү, туздуу тамак-аштардан, спирттик ичимдиктерден, курамында спирти бар косметикалык каражаттардан алыс болуңуз. Көбүрөөк курамында кремний, C, P, K витаминдери бар азыктарды татып жүрүңүз.
Спорт менен машыксаңыз да жакшы жардам берет. Спорт холестеринди азайтып, кан тамырлардын жакшы иштөөсүнө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары кан басымыңыздын өлчөмүнө да көз сала жүрүңүз, кан басымыңыз жогорулап баратса түшүрүүгө аракет кылыңыз.
1-2 кашык ромашканы 200 мл сууга салып, бир аз тыныгып турган соң, вата менен көйгөйлүү жериңизге 15-20 минута коюп турсаңыз да жардамы тиет.

Супер-Инфо
super.kg
видео


















