Janyla (05 Февраль 2016 - 08:51) жазган:

Анда силерге манеж керек эмес. Баланы эмизсениз озунуздор менен кошо жатканы он, себеби тундо эмизип, кайра жайына жаткыруудан бала ойгонуп кетуусу мумкун, ойгонбосо деле озунуздун уйкунуз болунуп канбай калат. Башта торолгондо коп деле нерсе керек болбойт, торогон сон бала ыйлаак, ыйлаак эместигине карап терметип уктатканга жыйыла турган желбешик же коляска, отургузуп терметчу кресло- люлькалар болот, ушулардын жардамы кобуроок тийет, чем манежге караганда. Башында баланы прогулкага таза абага чыгаруу учун сыртка баспай эле жон гана балконго алып чыкса деле болот.
Коляска боюнча, эгер кар бар мезгилде торолсо, анда донголоктору чон, каркасы бекеминен алуу керек. Салыштырмалуу жылуу мезгилге туш келсе прогулканын спинкасы жата турганын алса деле болот, жолдор тегиз жерде сейилдесенер кичинекей донголоктор деле боло берет, донгологу канчалык кичинекей болсо, жолдогу тегиз эмес жерлер ошончолук сезилет, ошончолук баткакка бат тыгылат, кардан журо албай калат. Жол тегиз жана таза болсо мындай коркунуч жок. Кайсы марка болбосун, уч донголоктуу коляска албай эле койгула, модный корунгону менен, анын жыгылып кетуу ыктымалы кобуроок. Коляска бекем жана айдаганга ынгайлуу болуусу керек. Козырегу баланын бетине кун тушурбогондой болуусу абзел, козырегу кыска, бирок ар кандай причиндалдары бар колясканын майда чуйдосуно кызыкпай эле койгула, алардын жарымын пайдаланбайсынар, жарымы бат эле бузулат. Козырегу кенен, багажниги кенен, озу бекем, конструкциясы татаал эмес, бат жыйналып, бат куралган, деталдарын чечип жууганга боло турган болсо эле болду.
Кийим боюнча, бала канчалык салмакта торолоорун билбеген сон коп кийим, памперстин биринчи номерин алуу керек эмес, анан да бала бат чоноюп, бат эле кийимдери кичирейип калат. Кийимге талап бат кургап, формасын жоготпой, толугу менен хб болсо болду. Эмген сон бала кусат, кээде памперстен белине карай же тегерек четтеринен сюрпиздери сыртка чыгып кетет. Ошондо улам кийимин алмаштыра бербоо учун жумшак материалдан майда чарчы кесип даярдап алган он, мындан болок алгачкы мезгилде бир тарапты эмизип жатканда экинчи тараптан сут куюлат, бул чарчыларды ошондо деле пайдаланса болот же эриккендер атайын аптекада кокурок учун прокладкилер сатылат, ошону пайдаланса деле болот.
Биринчибиз бутылкага уйронуп кеч таштагандыктан, экинчибизди атайын бутылкага деле уйротподук, соска да салбадык. Кыскасы, бутылканы бала торолгондон кийин деле караштырса болот же анын кереги деле жок.
Кышында торогондор комбез алышса выпискага конверттен коро ынгайлуу, мындан болок балага кичинекей женил жууркан,баланын тулку боюн жапкан чон полотенце алып койсо кереги тиет.
Ынгайсыз кийим деп распашонканы айтмакмын, ордуна алды топчуланган кофталар жакшы.
Билдирүүнү түзөткөн: aijan: 05 Февраль 2016 - 10:10