Менин билейин дегеним Сумбула жөнүндө. Сумбула түшкөндө (туулганда же тууганда) суук түшөт, ошого карата илгери ата бабалар аба-ырайын аныкташкан деп уккам. Дагы Сумбула түшкөндө тоонун башында бүркүттүн жумурткасынан кумайык туулат деген уламыштардын канчалык чындыгы бар? Жана ушул жонундо ким эмнени билет? Кайсыл мезгилде түшөт?
Сумбула деген эмне? Кыштын кандай болушу менен байланышы
#2 01 November 2012 - 15:59
Мен билбейт экенмин, биринчи жолу угушум сумбула дегенди.
Сага ашык болуп, жашоомду махабат менен кооздодум.
#4 01 November 2012 - 20:39
Менин билейин дегеним Сумбула жөнүндө. Сумбула түшкөндө (туулганда же тууганда) суук түшөт, ошого карата илгери ата бабалар аба-ырайын аныкташкан деп уккам. Дагы Сумбула түшкөндө тоонун башында бүркүттүн жумурткасынан кумайык туулат деген уламыштардын канчалык чындыгы бар? Жана ушул жонундо ким эмнени билет? Кайсыл мезгилде түшөт?
Уккaным боюнча-Сумбула жылдыз "тууганда" - суу муздайт, чөп катат, Тараза жылдыз чыкканда таң сууп, чиркей-чымын жоголуп, мал семире баштайт, Үркөр жерге батпай жер жылыбайт, Чидер көрүнгөндө - жай аяктайт, Үркөр таң алдында чыкканда – шүүдүрүм түшүп, жер салкындайт, Үркөр чак төбөгө келгенде – кыш теңелет…
Aй жаңырган күндөрү гравитация жана электромагнит талааларында зор өзгөрүүлөр аба ырайына гана эмес, өсүмдүктөргө, жаныбарларга, өзгөчө - адамдарга олуттуу таасир берээрин бабаларыбыз илгери эле байкап, анын сырын ачкан экен.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#5 01 November 2012 - 20:40
Бул өзбек сөзүнөн алынган.Сумбула деген сөздү кыргыз тилинде уга элекмин.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#6 01 November 2012 - 20:47
Бул өзбек сөзүнөн алынган.Сумбула деген сөздү кыргыз тилинде уга элекмин.
Narynbek байке,"сумбула" деп жылдыздын аталышы экнин билчүмүн,бирок, ырым жырымдарды укпаган экем,интернет булактарынан казып тапкандарымда мындайча дейт:
18-июлда жай чилде аяктайт эмеспи. Ал эми 19-июль менен 25-июль аралыгындагы күндөрдө "Сумбула" жылдызы көрүнө турган мезгил жетип келет. Эгер Сумбула жылдызы көрүнүп кала турган болсо, түндүк-батыш тарапта көрүнүп калат да, Сумбула жылдызы ошол бойдон батып кетет.
Кыргыз элинде, эгер Сумбула жылдызын көрүп калган төрт түлүк малдар келерки кыш мезгилинен чыкпай калат. Төрт түлүк мал чыгымга учурайт деген ырым-жырым эл арасында сакталып калган. Ушуга байланыштуу кыргыз эли кыр-кырдагы жайлоолордон жансарга көчүп, журт которушуп, колоттуу жайлоолорго көчүп конушкан. Анын үстүнө Сумбула жылдызы чыккандан баштап кыр-кырлардагы жайлоолордо шамалдын күчү күчөп жүрө баштайт. Бетегелүү белестерде да шамал күчөгөндүктөн "сары сойгок" мезгили да жетип келет. Ушул сары сойгок мезгилинде жайлоолордогу жылкылар учуп өлгөндөрү аз эмес деңгээлде болуп келген экен.
Сумбула жылдызы чыкканда бийик тоолуу төрлөрдөгү суулар чырымтал каймактай болуп тоңо баштайт. Суу ташкындоо мезгили бардык аймакта биротоло токтоп калат.
Демек, Сумбула жылдызы чыккандан кийин суу ташкындоо мезгили бардык аймакта токтоп калат деген эле түшүнүктө. Ушуга байланыштуу өзбек эли август айынын аталышын "Сумбула" деп атап калышкан.
★•:*´¨`*:
•. *.:。✿*゚‘゚・✿.
。.:* *.:。✿*゚¨゚✎・ ✿.。.:*`•.¸♥•♥•♥¸.
•´
#8 02 November 2012 - 11:36
Биздин айылда омур бою чабан болуп откон бир адам бар эле. Ошондон ушул тууралуу укканым, бул сумбула жылдызы бир жылда бир эле жолу чыгат экен. Августтун аягында дечу. Мындан кийин кун суук тартып, малдар жайлоодон ылдый качып калат имиш. Анан дагы жазында март айларында токсон жылдызы чыгат, ошондо малдар тоо таянып ойдого кача баштайт, бул жаздын келгени дечу.
Реал чемпиооон!!!
#9 02 November 2012 - 11:40
кызык материал экен... жылдыз толгоо дегендин арасынан таба албадым бирок мындай жылдызды...
Баркымды билгендердин эсиндемин...
#10 02 November 2012 - 13:21
Мен да озбектердин сумбула деген ырын укканмын,бирок кыргызчасын билбейт экенмин.
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
#11 07 November 2012 - 10:16
Сумбуланы Дастан Сарыгулов жакшы билет, өткөндө сыналгыдан айтып берген. Ал жылдыз.
үмүтсүз - шайтан
#12 07 November 2012 - 11:55
Сумбула тушкондо,суунун башы муздайт деп ыраматылык чон атам айтар эле! Козу барда балам билип ал деп,сумбула,
токсон,тогол,
чилде,уркор чыгыптыр,которулуп калды жана башкаларды айтып берчи эле,жаштык кылып кызыккан эмес экем! Кыргызстандын ар жагынан келип сурап -жазып кетишчи эле,мен да жазып калсам болчу экен!каап деп бармакты тиштеп кала берем азыр!
#13 19 November 2012 - 18:00
Oto kyzyktuu informations eken,bilip albadymby bizdin "Sumbula" aiyl okmotunun atalywyn.

Супер-Инфо
super.kg
видео



















