шумдугун кургур
Зика вирусу дүйнө жүзү боюнча тарап жатат. Өткөн аптада бул оору менен ооругандар 21 өлкөдө катталса, учурда 33 өлкөдө катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Зика вирусун дүйнөлүк масштабда кооптуу деп жарыялады. Айрым чоң адамдар аны тоготпойт, бирок кош бойлууларга вирус коркунуч жаратат. Себеби бул вируска чалдыккан кош бойлуу аялдан баш мээси жакшы өрчүбөй калган бала төрөлөт. Бүгүнкү күндө Бразилиянын тургундары вируска эң көп чалдыккан. Бул өлкөдө 1 миллиондон ашуун адам чалдыкса, 4 миңдей бала микроцефалия оорусу менен төрөлгөн. Зика вирусуна дары табыла элек.
Оорулардын алдын алуу америкалык борборунун адистери бейтаптардын шилекейинен жана заарасынан Зика вирусун тапканда ал бир гана чиркей аркылуу эмес, суюктук аркылуу жугат деген жыйынтык чыгарышкан.
Бул божомол азырынча тастыкталбаганы менен, адистер анын чындыгына ишенишет. Эми медиктер өбүшүүдөн алыс болуп, жыныстык кошулууда сактанууну сунушташат.
Бразилиянын тургундары буга карабастан,
өлкөдө карнавалга катышып, жылдагыдай эле майрамдашарын айтышкан.
Зика вирусу тууралуу эмне билесиз? Зика вирусу дүйнө жүзү боюнча тарап жатат. Өткөн аптада бул оору менен
#2 09 February 2016 - 12:20
Мунун баары адамдарды коркунучта кармап туруу үчүн ойлоп чыгарылган нерсе деп эсептейм.
Болбосо, кана птичий грипп, свиной грипп дегендер?! Кана Эбола деген балээ?
Эмне болду аларга? Жок болуп кетти го?
Болбосо, кана птичий грипп, свиной грипп дегендер?! Кана Эбола деген балээ?
Эмне болду аларга? Жок болуп кетти го?
> Mен эл менен <
#3 09 February 2016 - 12:24
Айтмакчы, бул илдетке чалдыккандар көз көрүүсү начарлап, кичине нерселерди чоң кылып жазууга / көрүүгө муктаж болуп калат экен деп троллдоп коёт экен да
> Mен эл менен <
#5 09 February 2016 - 12:47
Кадимки эле "Эбола"
сыяктуу балээ!!!
Кыргыз мамлекети, Оз мамлекетинин жарандарынын ден соолук коопсуздугуна,
кам корушу керек. Алыска жумуш сапарга аттанып жаткандарга.
Эскертуу берилип! Ал эми аба майданда козомолду кучоттуу!
Саякатчыларды тыкыр кароо керек!
#6 09 February 2016 - 12:51
Кадимки эле "Эбола"
сыяктуу балээ!!!
Кыргыз мамлекети, Оз мамлекетинин жарандарынын ден соолук коопсуздугуна,
кам корушу керек. Алыска жумуш сапарга аттанып жаткандарга.
Эскертуу берилип! Ал эми аба майданда козомолду кучоттуу!
Саякатчыларды тыкыр кароо керек!
Сыртка чыккан жарандарды! ! Анын ичинде саясатчыларды! ! Башкалар менен өбүшпөгүлө! !! Жытташпагыла! !! Неметишпегиле! !! Дейликпи?! Ияя!!
> Mен эл менен <
#7 09 February 2016 - 13:40
Мындай такталбаган эпидемиялар чыгып келген жана чыга берет .Фарм компаниялар ойлоп тапкан же саясий максатта, оздорунун кызыкчылыгы учун колдонула берет . Бизге эч кандай коркунучу жок менимче . Жоок ,чындап эле ооруп жататко десениздер ,ошол чыккан мамлекеттке албетте кандайдыр бир вирусту таратышат убактынча.Бир аздан сон унутулуп ,климаты жылуу олколорго кайра эле туристер бара берсе керек ....
#9 07 April 2016 - 22:00
Зика вирусу Африка жактан келген страшный вирус экенин билем. И Россияда 1адам ооруганын билем... Калганын унутуп калдым да.
Salam baaryna

Супер-Инфо
super.kg
видео














