Азыркы замандын “кара далылары”
Назгүл КоңурбаеваБи-
Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
26 февраль 2013
Кыргыздын канына сиңген “кара далы” түшүнүгү кытайча “шенг ну” деп аталат. Кытайдын “кара далылары” дагы кыргыз кыздар сыяктуу эле коомчулуктун катуу басымына тушугат. Азыркы кыргыз “кара далы” кыздардын жашы канчада?
“Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат...?”
“Кара далы” деп кыргыз коому кимди эсептейт? Канга сиңген түшүнүктөр боюнча кыздар канча жашка чейин өз ордун таап кетүүсү керек? Бул суроого мырзалар менен айымдардын жообу ар башка. Бишкек көчөлөрүндө биз суроо салган мырзалардын көбүнүн оюнда, кыздар 25ке чейин күйөөгө тийип кетүүсү керек, болбосо андан кийин эч ким албайт жана ал кыз “кара далы” болуп калат. “Кырктагы жигит кыз алат, кырктагы кызды ким алат...?” деген сөз бар. Чынында эле кыздар кырк жашка чейин күйөөгө тийбесе “кара далы” болуп калат”,-дейт шаар тургундарынын бири Гүлмира.
Гүлмиранын оюн көпчүлүк аймыдар бөлүшөт жана алар отуз бештен ашкан кыздарды “кара далылардын” катарына кошот.
Айсулуу аты айтып тургандай кыргыздын ай чырайлуу кыздарынын бири. Иштеген иши бар, өз жаңына тың. Ал турсун ата-эне, бир туугандарына дагы каралашат. Бирок отуз жаштан ашып калганы менен алигиче өз теңин таба элегин айтат: “Өң десе өн, акыл десе акылым бар. Анан эле эмнеге өз теңимди таба албайм деп өзүмө бул суроону күндө берем”.
Канга сиңген "кара далы" түшүнүгү
Айсулуу өңдүү өз теңин таппаган кыздардын саны азыр арбын. Ал турсун “Кыргызстанда төрт кызга бир жигит туура келет, андыктан көп аялдуулукка уруксаат бериш керек”, деген дагы мырзалар болгон.
Бирок статистикалык маалыматтарга караганда бул өлкөдө кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлөт жана отуз беш жашка чейинки кыздарга караганда эркектердин саны көбүрөөк.
“Бирок алар кайда? Маселе мына ушунда. Кылмыш кылып түрмөгө түшкөндөрдүн көбү эркектер. Бир тобу иш издеп чет жакка чыгып кеткен. Анан орусттардын,
“айланадагылардын баары крокадил болсо, кимге күйөөгө тием” деген тамаша сөзү бар го, анын сыңарындай азыр тың чыкма кыргыз кыздар үчүн өз теңин табуу азыр кыйын. Анткени ата-энеси көп учурда кыздарынын гана билим алуусуна көңүл буруп, жигиттер мына ушул билимдүү кыздардын талабына жооп бербей жатат”,-дейт гендердик маселелерди иликтеген социолог Таалайгүл Исакунова.
Кыргыз коомдунда аялдардын орду бир топ бекемделип,
керек болсо гендердик теңдик дей берип аялдардын укугу эле эмес, жоопкерчилиги дагы артканы байкалат. Азыр айрым бүлөлөрдү кыздары багат. Бирок аялдын коомодгу артыкчылыктары канга сиңген “кара далы” түшүнүгүн сүрүп чыга элек. Жакындарынан жеме угуп, коомчулуктун басымына тушуккан "кара далылар"
Мунара жашы отузга жакындап калган кыздардын бири. Ал ушу жашка келгиче турмуш куруп кетпегени үчүн үй-бүлөсү, жакындары, керек болсо жөн гана тааныштары тарабынан катуу басымга тушугуп жатканын айтып берүүдө:
“Мени деле ата-энем “күзгө чейин күйөөгө тийбесең үйдөн кубалап чыгабыз” деп тамаша иретинде айтып жатышат. Бирок бул деген жарга такоо да. Керек болсо мунун айынан көп кыздар аргасыз кадамга барып, көңүлү сүйбөгөн адам менен турмуш куруп кетүүдө. Жашап кетсе дагы жакшы эмесби, көбү “эптеп” деген түшүнүк менен тийип алып, анан ажырашып кетип жатпайбы”.
Өнүккөн коомдо кыздардын үй-бүлөлүк абалына карата басым жасап, жемеге алуу кыздардын психикасына олуттуу таасир берээрин адисттер дагы айтышат. Бирок “кара далы” түшүнүгүнө кыздардын өзүнүн мамилеси өзгөрүп, айтыла берчү көп сөздүн бириндей кабыл ала баштаганы байкалат.
“Мен түшүнөм, алар деле мага жакшылык каалап атышат. Бирок мен азыр бул сөздөрдү кулагымдын сыртынан эле кетирип калдым, көңүл дагы бурбайм”,-дейт Мунара.
Бирок коомчулук, генофонд маселесин ойлоп “кара далыларга” карата тынчсызданганы дагы жөндүүдүр. Кыргызстанда соңку жылдары, төрөө курагындагы көптөгөн жаш кыздар үй-бүлө куруу маселесин экинчи орунга коюп, алды менен карьера куруп, өз алдынчалыкка умтулуу тенденциясы күч алганын социологдор белгилейт. Адатта батыш аялдарына мүнөздүү болгон жалгыз бой жашоо образы барган сайын кыргыз кыздары арасында дагы кеңири жайыла баштады.
Форумда "турмушка шашпаган" кыздар барбы?
#62 09 February 2016 - 13:56
Канчадасың, чырагым?! Апии-ий, 25тен кийин сени эч ким албайт го…
Айида Батырбекова
Таанышуунун биринчи мүнөтүндө эле кыздын жашын суроого батынган мырзалар бар. Бирок, ал эч нерсе эмес. 25 же 28 жаштамын десең "аа-аа көптү көргөн" турбайсыңбы дегенде… Эмне себептен мындай суроо бийкечтерди кыжырланта турганын колумнист Айида Батырбекова айтып берүүгө аракет жасады.
Жигит: Канча жаштасың?
Кыз: Кыздын жашын сурабайт
Жигит: Эми айта бер да
Кыз: Өзүң канчадасың?
Жигит: Мен биринчи сурадым го…
Бул — жигит менен кыздын жаңы таанышкан учурдагы диалогу. Кыздын жашы канчалык жогору болсо, ал мындай суроого жооп бергиси келбейт.
Бир жолу жумушка кесиптеш жигит келип калды. Бардыгыбыз иштеп жатсак, жаныбыздагы кызга тийишип сүйлөп жатты. Үзүндүсүн келтирейин.
Жигит: Сен канчадасың?
Кыз: 25те
Жигит: Аии-и-ий, карып калган турбайсыңбы. Негизи колдон келсе эрте эле турмуш куруп кетиш керек. 25тен ашкандан кийин сени эч ким турмушка албай коет, — деп балп эттирди.
Мүмкүн ал кыз буга чейин турмуш куруп ажырашып кеткендир же жакшы көргөн жигити менен жолу болбой кайгыда жүргөндүр. Кыскасы, бойдок жүргөндүгүнүн бир себеби бардыр да. Анын бирин ойлобогон эргул элдин көзүнчө бийкечти ыңгайсыз абалда калтырганын сезген да жок. Мындай адамдарды мен эмоционалдык "маньяк" деп айтар элем. Себеби, алар бирөөнү ыңгайсыз абалга калтыруудан, басынтуудан кадыресе кумар алышат окшойт.
Өткөндө 35тер чамасындагы тааныш байкелердин бири "үйлөнүш керек, жеңе таап бербейсиңби" дейт. "Макул, бир жакшы эже бар. Ошону менен тааныштырайын" десем, жаш курагын сурады. 30да экенин айтсам "Аның ушул куракка чейин турмуш курбай жүрсө, эч кимге жакпаган "стерва" эмеспи" десе болобу. Көрбөй, сүйлөшпөй жатып ою тескери жакка кетти.
Демократиялуу өлкөдө жашаганыбыз менен гендердик теңдикке жете элегибизди ушундан билсек болчудай. Дегеним, мыйзамда айымдардын укугу, орду толук көрсөтүлгөнү менен аң-сезимде ал нерсе тактала элек окшойт.
Эркек 30-35ге чыгып үйлөнсө кадыресе көрүнүш да, кыз киши 25тен ашса кара далы имиш.
Ооба, бийкеч жаш кезинде турмуш курганы жакшы. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болуп, кеч турмушка аттанууга айрымдар аргасыз да. Анын ар кандай себептери бар. Ошонун баарын билсек дагы билмексен болуп "кара далы", "эми муну ким алат" деген жектөө сөздөрүн айтабыз.
Эгер бийкечтин жаш курагын сураганыңызда жооп бергиси келбей жатса "ломатса" этип жатат деп ойлобоңуз. Ал болгону сиздин жаман оюңуздан чочулап жатышы мүмкүн. Себеби, жашы 25-30да экенин айтса "көптү көргөн" же "карышкыр" турбайбы деп ойлошуңуз мүмкүн да, туурабы? (бардык жигиттер эмес, көпчүлүгү).
Өзүн күзгүдөн карабай туруп "буту дөңгөлөк экен", "мурду чоң" экен деп келбетке асылгандар тууралуу сөз кылгым да келбейт. Менин жазгандарымды окуп жатып, "Акылдуусун тимеле, азыркы кыздардын бардыгы бузулуп кеткен, ошондой мамилеге татыктуусуңар" дегендер да болсо керек.
"Эркек бузулса аял бузулат, аял бузулса коом бузулат" деп Мухаммед пайгамбар айткан экен. Мунун мааниси, эгер сиз жашап жаткан жердеги аялдар бузук болсо, демек сиз өзүңүз бузуксуз деген эле сөз.
"Ушу 8-мартты жоюп эле сала турган майрам" дегендерге жана бир "штук" гүлдү айымдарга ыраа көрбөгөн мырзаларга бир окуяны эстерине салгым келет.
Кудай дүйнөгө биринчи Адамды жаратып, аны бейишке жашатыптыр. Бир күнү Адам бейиштен эригип кетет. Элестетип жатасызбы? Бейиштен эригип кетиптир. Ошондо Кудай Адамдын кабыргасынан аялды жараткан. Ошондон тарта дүйнөдө жашоо уланып келет. Дегеним аял деген сөздүн аркасында "эне" деген маани бар. Ал канча жашка чыкпасын, жүрөгү назик, аруу келет. Канча жашта болбосун турмуш курууга, бактылуу болууга акылуу!

Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#63 09 February 2016 - 14:02
Теманын аталышы өзгөрдүбү? 
Жетишкендик!
Жетишкендик!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#64 09 February 2016 - 14:24
Тема маанисине карата озгортулду.
Жакалашпай,
флуддабай тема боюнча жазабыз.
#65 09 February 2016 - 14:43
Карьера кутуп журо бергиле. Азыр гендердик тендуулукко жетип калганбыз. Ким кааласа тиет каалабаса тийбейт .
#66 09 February 2016 - 14:43
Эми флуддабай, жакалашпай тема боюнча жазалы ээ? 
Форумда эле эмес, бүгүнкү жашообузда турмушка шашпаган кыздар бар, бар эмес, көп эле) Мен иштеги тар чөйрөмдөн улам айтсам, 8дин 2өөсү турмушта, калганынын жашы 30га чамалап калган, бирок турмушка чыгууга шашыша элек. Дос чөйрөмдө деле ушундай көрүнүш... Же өзүм да турмушка шаша электигимден тегерегим азырынча ушундай)
Кара далы деген сөзгө деле чычалоонун кажети жок го... Бул эми кайсы бир топтогу адамдардын аталышы да. Гендердик теңчилик, феминизм деген сөрөйдүн ракурсунан эле карабаганда))) Баса, үйлөнүүгө шашпаган эркектер эмне деп аталат?

#68 09 February 2016 - 15:25
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#69 09 February 2016 - 15:41
Баарыңар бактылуу болгула!
Кудай Таала бактыңарды берсин. Жогоруда бир экөөсүнө аябай жиним келди,өздөрүнчө кыйнсынып жазгандрына.
Жараткан ар бир адамдын жан шериги менен кылсын. Эч кимди жалгызсыратпасын.
Кудай Таала бактыңарды берсин. Жогоруда бир экөөсүнө аябай жиним келди,өздөрүнчө кыйнсынып жазгандрына.
Жараткан ар бир адамдын жан шериги менен кылсын. Эч кимди жалгызсыратпасын.
#70 09 February 2016 - 16:37
Тооба кылдым турмушка чык эле чык дешет. Кимге турмушка чыгары м.н иши жок. Турмуш эмне оо парктагы карусел беле каалаган убакта ойногугай. Эптеп турмушка чыккандан кийин эптеп торойт эптеп баласын чонойтот. Ал эптеп чонойткон баланын келечеги эмне болот? Келечектеги баланды тарбиялаш учун аларга улгу болуш керек. Демек, качан гана турмушка даяр болуп, бала тарбиялаганга даяр болгондо, (оз убагы келгенде). Эч кимди турмушка чык деп шаштыргандын кереги жок. Ар кимдин башы озундо, даяр болгондо озу эле турмушка чыгат.
#71 09 February 2016 - 16:47
Политкорректно жазсаңар, э!
"Турмушка шашпаган эркектер" болот. "Карт бойдок"
деп тим эле. Ал дагы бирөөнун баласы. Анан анын ансыз да араң жүргөн нееежный жүрөгүнө, жан дүйнөсүнө суук сөз айтып бовойт да.
"Турмушка шашпаган эркектер" болот. "
> Mен эл менен <
#73 09 February 2016 - 20:17
Чычалаганда не, кара далы болсо болупмун да. Бирок буга мен эмес, бешенем куноолуу (((((( Ушул жашыма чейин бешенеме нике буюрбаса, менин колумдан не келмек )))))) Акылсыз, куноону озунон эмес, айланасындагылардан издейт беле ))))))
Коро албастын козуно куйуп-жанып,
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
Ичи тардын ичине куйут салып.
Жашасам дейм, ак жамгырдай ношорлогон,
Жан дуйного алай-дулой булук салып...
#74 09 February 2016 - 20:39
Курсагы ачтын жанында -тамак жөнүндө.
Жетимдин жанында- ата эне жөнүндө...
..СҮЙЛӨБӨ дейт.
Ошентип, ар адамдын жетишпеген нерсесин айта берүү оор тиет. Сүйлөйт десе, таштандын тегирмениндей тарылдай берген болбойт. Бул деген дискриминацияга тете!
Кара далы кыздардын тизмегин эмне кыласын, үйгө илип коёсунбу?

Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
#78 09 February 2016 - 21:54
#79 09 February 2016 - 22:42
Качан турмушка чыгасын деген создон тажаган байкуштардын жарасы тырмабай жон эле койбопсунар
#80 09 February 2016 - 23:27
Отурган кыз орун табат,тапканда да,зорун табат дейтго, Тыке брат бул теманы неге ачтын Эле айтсан?
Ассолому Алейкум! Кандайсың Наргүл? "Тыке брат бул теманы неге ачтың" деп, эмнеге таянып суроо салдың? Жооп берип койсоң...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!

Супер-Инфо
super.kg
видео