Бул жерге мен Падишахан Султаналиева эженин башынан өткөргөн ары күлкүлүү ары кайгылуу окуяларын баяндамакчымын.
Достор бул китеп эмес.болгону өзүнүн башынан өткөн жана өтүп келе жаткан окуялары.мен ар жерден топтоп жазып жатам.аралаштырып салганым үчүн кечирим сурайм.ар бири өзүнчө окуя.туура түшүнүп окуйсуздар деген ойдомун.жакында дагы экинчи китеби чыгат.
- (2 )
-
- 1
- 2
Падышахан Султаналиева Эженин башынан өткөргөн күлкүлүү, кайгылуу окуялары
#2 10 February 2016 - 02:03
1 - бет " ЧЫНДЫК ЖОМОК"
Ошентип достор бүгүн жомок башталып Канададан Норвегияга Лиллехамер шарына ОЛИМПИАДАГА жөнөгөн имиш койчумандын эрке кызы илгерки кой кайтарып жүргөн кездеги ой максаттары ишке ашып. Жомокторго жомоктор кошулуп жолдошу да сагынып жолугууга келет имиш Норвегияга. Көбүрөөк тырыштырганбы койчунун эрке кызы жолдошун, же чындап эле жакшы көрөбү азырынча белгисиз экен жолукканда байкап, окурмандар менен бөлүшөт имиш Падышахан. Кызы Элизабет ооруган орууларын жеңип айыгып, Казак жана Кыргыз элининин намысын коргоого дармын дептир. Уулу Тимурбай урматтап апакесине чексиз мееримдүү калоолорун айтыптыр, сизди сүйөм апаке дептир телефондон башка мамлекетте жашайт имиш. Эки көзүнө эки кулагына ишенбей Падыша Кудайга кайрылыптыр чымчып кой же бир белги бер, чынбы же жалганбы, өңүмбү же түшүмбү, кече эле кайгыга терең баттым эле виза бербей, кызымын буту ооруп. Бүгүн учар күнү Норвегияга виза берди. Бүгүн виза бербегенде олимпиада Биймырзанын кызысыз небересисиз өтүп кетмек экен. Ак ниеттүү адамдарга ар дайым жогорудагы биз билбеген күчтөр жардам бергендей. Албетте чындык жомокто сөзсүз Кудайдын кудрети күчтүү анткени ар дайым Падышанын жүрөгү Кудай менен бирге. Кантип эле галошунун түбүнөн кумдар суулар кирип кой кайтарып жүрүп, жамгыр карларда Кудайга арзын арманын айткан кичинекей койчунун кызын укпай калмак эле керемети күчтүү, чексиз мееримдүү, дүйнөдөгү бүткүл жерлерди, бүткүл адамдарды көргөн билген жана сезген Кудай туурабы? Урматтуу кымбаттуу менин алтын күйөрман бүткүл дүйнөдөгү досторум. Күндө жомоктун уландысын чындыкты жашырбай жазып турам. Бул менин белегим жакын досторума.
Азыр кандайсын деген поклоннигиме мындаймын ушул секундта деп сүрөт жүктөдүм ла ла ла ла лааай
))

#3 10 February 2016 - 02:07
2 - бет. “ ЧЫНДЫК ЖОМОК" теетиги Аксыдагы Итагар айылындагы
Султаналынын чөбөрөсү, Биймырзанын небереси, Падышахандын кызы Элизабет, дүйнөлүк жаштар кышкы олимпиадасына жөнөп жатып Норвегиядагы Лиллехамер шарына, бүткүл дүйнөлүк паклонниктерине белек кылып скрипкада ойноп бериптир. Олимпиадада Казак элинин атынан чыгып Казак элинин намысын коргойт экен атакеси Казак болгондуктан. Жомоктун эң башталышында Падышахан керемет сүйүүлөрдү баштан өткөрүп, чексиз ак ниеттери менен терең ойлорго батып, көп адам чыдагыс кыйынчылыктарга чыдап, Кудайга чексиз ыраазы болуп 2000 жылы 14 февральда сүйүү күнүндө бытыкый 7 айлык кызыл эттүү кыздуу болуптур ичин кестирип төрөөгө болбогондуктан. Күндөр айга айланып, айлар жылга айланып кызыл эттүү бытыкый кыз өзгөчө өзгөрүп бойго жете баштаптыр. Төрт жашынан баштап чексиз эмгектенип агасынан, атакесинен, апакесинен, терең үлгү алып бүт жактан такшалыптыр. Апекеси чоектотпой өтө эркелетпей тың өзүнө бек болчу тарбия бериптир. Кыргыздын бийик - бийик тоолорунан тагараларга отуруп сыйгалак тепкен апакеси Элизабеттин Падышахан жаш кезинен баштап, өмүр бою эңсейт экен кыздуу болсом дүйнөлүк ареналарда фигурист болсо, же бүт дүйнөнү таң калтырган скрипач болсо, сүрөтчүлөрдөй музга сүрөт тардып ,эх эх эх деп шилекейлери чууруп 1980 жылы 9 жашында Москвада болгон олимпиаданы көрүптүр. Кыялкеч Падышахан апасы Мөөрканга айтыптыр керемет жашоолордо жашагысы келгенин. Мөөркан терең ойго батып, үшкүрүгү таш жарып Кудайга жалын тилиң ката электе, эч кимге угузбай чын дилиңден суран, өзүң койлорду карышкырларга жегизбей бак түгөл бирин да жоготпой, бирок ой максатыңан алыстабай күндө жакындашка аракет жаса дептир. Түшүнөм зрек кызым өтө тажадың оор өмүрдөн, бул күндөр өмүрүңүн башталышы, аягын кандай аяктайм десең өз эркиң деп кучагына бекем кысып омийн тилектериңе ак жол дептир. Жаткан жери жайлуу болсун азыр Кудайдын бейиштеринде деп ишенем.
Бүгүн ОЛИМПИАДАГА бара жатканыма ишене албай өткөн өмүрдөгү чындык жомоктор башталышына кимдер түрткү болгонун эстегим келди.
Жаткан жери жайлуу, топурагы майлуу болгур атакем Биймырзага ыраазымын жакшы ак ниеттүү жөнөкөй жаратканына өзүнө окшотуп. Атакемин айткан акылынын бири. " Эркиндик гана ой максатыңын чокусуна жеткирет"

#4 10 February 2016 - 02:09
Жаш кезиңизде байдын кызы белеңиз же кедейдинби дейт дагы бир суроо бергич, билгиси келген имиш.
ЧЫН ЭЛЕ АЙТАЙЫН.
Илгерки менин жан дүйнөмдө өтө байдын кенже эрке кызымын деп билчимин, анткени бай менин жан дүйнөмдө этке тойуп эркелеп, ата эненин чексиз мееримине чөмүлүү жана өтө ээринбей тарбиялаган ата эненин эң бийик тарбиясы байлыктын эң чокусу деп түшүндүргөн. Бай жана эркин жан дүйнөлүү адамдар өтө көп ойлоно албайт акчаларды, акчанын кулу да боло албайт.
Эгер акча байлыгы кызыктырса сени анда угуп ал, кыргызстанда бай жашашы мүмкүн миң адам, калганы дүйнөнүн деңгеелине салыштырмалуу кедей. Демек мен өтө кедейлердин кедейинин бири болгом акча жагынан. Жан дүйнө жагынан эң бай экеним шексиз эле.
Биринин алдында бири мактанган короздордой койкоңдоп, макүштөргө төрт тыйынын чачкандар байлар деп эсептелбейт менин көз карашымда.
Бай менин көз карашымда өтө ИДЕЯЛАРГА бай, мамлекетке көп өзгөрүү киргизе алган, өнүктүрүү жолдорун ачкан, коомго бийик тарбия сабактарды тартуулаган, эч кимге акыл айтпай өзүнүн баскан жолун үлгү катары калтырган, өнүгүүнү тарбияны өзүнөн баштаган, өзүнө өзү алы жеткен адам. Эч качан эч кимден жардам күтпөгөн, көрүнгөн акчалуудун кошоматчысы болбогон, өзүнүн алына жараша жашаган сапаттуу адам.
Бай адамдын ички дүйнөсү кедей болбосо, иттердей байларга асылбайт, анткени өзүнүн байлыгы жетишерлик керемет жашоолорго. Бай адам эч качан чиновник же начальник болууга умтулбайт, анткени ал бай.
Бай адам бирөөлөрдү эч качан каралабайт анткени жан дүйнөсү бай жакшылыктарды гана көрөт.
Майда чүйдө ушак жазып, сындай бергендердин баары кедейлер, кедейлердин каны сиңип чыкпас болгон адамдар, аларга колуна миллион доллар карматсаң деле ачка кедей боюнча өтөт бул дүйнөдөн. Чыныгы байлык жан дүйнөнүн байлыгы үкөм Нурбол билип ал дептир чарчап бир вокзалдарда дем алып жаткан Падыша.

#5 10 February 2016 - 02:11
Ыйлаганды күлдүрүү, ыйлаганды ыйлаткандан манилүүрөөк деген Кана Монтананын постун окуп бир окуя эсиме түштү.
Көп жыл мурда атам байкуш каарып оорубай сыркабай бир жакшына болуп, баарыбызды чогултуп дүйнө салды. Албетте өтө алыс жолдорду кезип өтө чарчап, кайгынын тереңине батып келдим. Кыргыз үйдүн ичинде эжелерим кошок айтып кыйкырык өкүрүк жаңырып жатты, мен терең ойго батып эң кичине кенже эрке кызы элем, бирге көп убакыттарды өткөргөн күндөрдү элестетип ичим ачышып отурсам, аркаман атамын алысыраак карындашы кайра кайра дүпүлдөтүп муштап калды, үнүңү укпай жатабыз атаң бир жолу өлөт кыйкыр дейт тообо тообо өлгөндүн үстүнө көмгөндөй. Унчукпадым салтта бар окшойт төпөштөгөн деп. Бир маалда дагы төпөштөй баштады, өзү да бир аз жек көрчү мени, тууганчылык кызганычы бар эле, кызы мен менен тең атаандашчы мага болбогон эле нерселерге. Жиним кайнап кайрылып менин терең кайгымын тереңдигин өлгөндө да түшүнбөссүң, дүпүлдөтпөй жөн отур, кайрылып учура муштайм дедим эле жаагыда колуда тынчыды.
Кечкери өкүргөндөрдөн кулак тунжурап, эжелеримин кошогунун концертинин бүтө турган түрү жок. Бир маалда чөнтөгүмө кат салып кетишти, ачып окусам көп миң сомдук расхоттор экен, кыргыз үйдөн чыгып чемоданымы таап төлөп кайттым кагылайын атам эч нерседен кемитпеген, кандай акым бар мен кемитишке деп ойлонуп үшкүрүп отуруп калдым чөккөндөн чөгүп.
Кеч кирди эл көп азая турган түрү жок, бир дос жеңем бар эле өзүм менен теңтуш ошол батага келип калды өтө шайыр оптимист эле, жүр сайга туалетке барып кайталы көздөр шишип өтө жабыркапсың деп ээрчитип кетти. Караңгы кирип асманда жылдыздар жаркырап туруптур, кокустан эле кел эми кичине коньяк куюп берейин десе болобу, койуң майрам эмес десем, эй атаң каарып оорубай сыркабай кудайдын жылуу күнүндө, бардык балдарын топтоп коштошуп өтүп кетти, мындан өткөн бакыт жок, бизге да ушундай өлүм буйрусун кел алалы десек стакан жок
)) Отурук сайда, чөнтөгүн чукулап чукулап каткырып банканын крышкасын таап чыкты. Жалпайтып толушунча куюп ичип алдык өткөн күндөрдү эскерип өлүвам кетсин ушинтип өмүр бүтөт экен деп.
Эжелерим да шумдуктуу шок сүйлөгөн адамдар, келип жандарында отуруп калсам, өлүп кал желмогуз, кай жактан заправка кыла келдиң моторуңду дейт тообо тообо. Жогол бар орустардай бирди согуп кайгырбай өл деп кыргыз үйдөн кууп жиберишти. Жанагы дос жеңем болушуп калды мага кыпындай жаны аман болсун, жердин кайсы бурчунан келип бүт чыгымдарын көтөрүп азамат баарыбызга буйрусун дал ушундай бир тууган деп көңүлдү көтөрүп. Байкуш жеңем жакшы адам экен, ыйын силер көтөргүлө чыйылдап, Падыша чыйын( чыгымдар, союштар, материалдар) көтөрсүн деди мага эскертип кыркы жумалыгы тез эле келет, кетсең союштарын, гүрүч майларын, кант канделектерин мол алып бер деп түшүндүрдү.
Алдуу күчтүү бол бир туугандарыңын бешенесине, дагы бир тоодой жоготуу болот энең өткөндө деп эскертти. Бир аз өтүп тоодой жоготууда келди.
Айтайын дегеним күлдүрүүгө да адам буйруган экен ошол оор күнү.

#6 10 February 2016 - 02:12
Хахахаааа, хахаааа ой боорум ай боорум эзилди жазууга болбос нерселер болот менин өмүрүмдө. Канадада кызык адамдар көп. Туалетке кирсем бир эркек туруптур жасанып укмуш, чачтары жамбашына чейин чубалжып, адашып калыпсыз бул аялдардын туалети десем, таарынып аялга окшобой турамбы дейт, эркек корулдаган үн менен хахахахааа эзилип күлдүм, сакалың карайып чыгып турат десем, кече кырынгам дейт косметикасынан пудра алып чыгып сыйпап.........
..
Уландысын китебиме эле жазайын.
Кагылайын кудайым ар бир жараткан пендеңе түз жол буйру, бирок түз жолдун кайсы жолу түз экенин тандоо эркиндигинин ар түрлүүлүгүнөн пенделердин башы айланууда.
Мен ким элем бул көзүмө көрүнгөн эркек аялга сын тагууга же баскан жолуң туура эмес дешке??????????? ????? Мен да бир кудай жараткан пендемин, ал да бир кудай жараткан пенде. Күлүп каткырып артынан тообо кылдым кудайга. Акым бар беле күлүшкө же жок беле????????????? ???.
Кагалайын кудайым бул эмне сынак? Адамдар бири бирине канчалык деңгелде ырайымдуу чыдамдуу боло алабы дегенби??????? Же өнүгүү тандоо эркиндиги ушунчалыкка чейин эркинби??????? ???
Эң негизгиси эч качан бир пенде экинчи пендеге үстөмдүүлүк ырайымсыз мамиле жасоого акысы жок экенин ар кандай сюрприздер жиберип сынака адам затын алганыңы түшүндүм.
Ооо Кудайым мен сен жаратка жөнөкөй пенде, ошондуктан сөз берем эч качан эч бир пендени кемсинтпей жашап өтүүгө, менде жок текеберлик, күлкүлөрүм үчүн кечир мени. Келечектеги небере чөбөрөлөрүмө түз жол буйруй көр, мен тирүүмүнбү өлүкмүнбү жаратылышта эркек болуп жаралса эркек болсун, аял болуп жаралса аял болсун. Окмуштуу болуп изилдөөгө кайра төрөлбөйүн деп сенден бир сураныч өтүнүчкө үмүттөнгөн алсыз күчсүз, жер планетасындагы миллиард адамдардын арасындагы бир Падышахан деген пендең.

#7 10 February 2016 - 02:14
Тушунбодум??
?? Жогорудагы суроттогу ким? Падышахан бул болгон окуябы же чыгармабы?
Чыгармабы же болгон окуябы кыскасы сонун жазылган бирок бирок кээ бир жерлери баш айланма жазылган,96 жж соз кылып атып эле,кайра башты айлантып 90 жж соз кылвп кетет,бир жерде таанышканда 70 бир нерсе жылкымын дейт ал эми анын студенттик доору союз кулаган убакты чагылдырылат

Мен дуйнону апам менен тааныгам.....
...
#8 10 February 2016 - 02:14
Чыныгы Кыргыз эркек менин атам Биймырза Султанали уулу эле. Жаткан жери жайлуу болсун.
Атам үйдө кезде чымында үнүн чыгаргандан коркчу, өтө коркчубуз апабыз баш болуп, туугандары төш болуп. Туугандардын арасында чыр чатак болсо бир сүйлөп, колунда барынын баарын берип, жети өлчөп бир кесчи. Апам эч качан тил кайтарбачы атама, анткени атам вулкан сыяктуу от эле, жарылып кетсе тирүү калуу кыйындачы, бир сөз менен союп салчы. Эң касиеттүүлүгү юмор сүйлөгөндө үй бүлөбүз менен кыйрап күлчүбүз жөн эле эзип салчы. Жаш кезибизде баарыбызды бир өзү бакчы, эч кимибизди акча тап деп тентитбеген кыргыз касиеттүү атабызга азырда таң калам. 8 баласын оорутпай сыркатпай чоңойткон, апам үйдөн чыкпачы жана эч качан башы оорубачы эмне жейм, эмне кийем, кантип үйлөп жайлам балдарды кыздарды деп. Чыныгы кыргыз эркектер илгери дал менин атамдай болушкан. Бир сөз жетишерлик болуп, үй бүлө, катын бала чака баш ийген.
Атам төрдө отурган өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин.
Апам эң чыдамдуу оор басырыктуу өтө кем сүйлөгөн аял эле, Үсүпбай кызы Мөөркан. Кошуналар өмүр бою бир да чаңкылдаган үнүн укпаган экен, азырга чейин айтышат. Жаткан жери жайлуу болсун кем сөз аял эле дешип. Кошуналар кыйкырышып урушуп калса үйгө уялып качып кирип кетчи. Бизге айчы эч качан иттей үрбөгүлө уят болот, аял заты кыйкырып урушса бир нерсеге канбаган шайтандай көзгө жаман көрүнүп жалгыз жашайт дечи. Бул сөздүн терең маанисин эми түшүнүп таң калдым. Ар дайым айтчы апакем эркекке тең келем деп ойлонгон аял акылсыз, эч качан эркектин жолун тороп талашпагыла кайда кетсе өз эрки, өз аялдык жолуңарды таап өнүккүлө, керек болсо ээрчийт эркек, бирок силер ээрчип жашагандай сезимде болсун эркек дечи.
Кыргыз кылымдарды карыткан ыймандуулук ушул чыгар деп жөн гана бүгүн куран окуп билишимче кагаздан эскердим ата энемди.
Кыргыз улуу ата энелерге даңк.

#9 10 February 2016 - 02:18
Падышадан эсте калган бир элестер. Казакстанда таксиде бара жатсак Лиза экөөбүз, таксист осырайонба десе, Лиза менин кулагыма шыбырап таксист осурайнбы деп сурап жатат дейт ( орусчалап) көзү алайып, өлүп калдым күлө берип. Эй маңкурт осы районба ( ушул районбу келдиңерби ) деп сурап жатат десем, ииий мен кыргызча көбүрөөк түшүнөт экем дейт( орусчалап). Мен жок болсом жанында, эмне жазыгым үчүн осурасың мага деп урушса керек казак таксисти орусчалап.))))
Каткырып күлүп таксиден түшүп кеттик, бир маалда Казакча бата үйрөтчү дейт.
Ала биең кұлындап,
Алатауға сыймасын.
Кара биең кұлындап,
Каратауға сыймасын.
Айың тусын оңыңнан,
Күнїң тусын солыңнан.
Мал қосылсын малыңа,
Бас қосылсын басыңа,
Кетпесїн дәулет касыңнан.
Десем бул бата койчумандардын малчы кызына бериле турган бата эмеспи дейт мага шектүү карап
))
Албетте мен койчумандын кызы сен казак калдың эле эми мага ушул жагымы айтпаган деп согушуп кете жаздадык эки улуттун кыздары эки тууду кармап))))
Эми кайдан тапсам спортсмендерге берилер батаны казакча ?
Кыргызчаго билем өзүм эле ойлоп тапкам.
Туягың турсун Тулпардай,
Муз үстүндө секирип.
Жылгаяктан жыгылбай,
Бий бийлегин берилип.
Баатыр болгун Манастай,
Конькиге муз кесилип.
Акылдуу бол Даткадай,
Курманжан энең сүйүнүп.
Жеңишке жет жылдыздай,
Туулган жерге сыйынып.
Бийик болгун асмандай,
Улууларга жүгүнүп.
Омийн десем жакты Элизабетке ушул бата мага ылайык, жогорудагыны өзүң ала бер деп койду.
Мага өтө акылдуу казак, сылык, жөнөкөй, текебер бой көтөрдүгү жок кемпир дос керек болуп жатат. Достугума казашка кемпирлерди күтөм. Акыл насаат алууга.
Өткөн жылы бир кемпир казак Кызылордолук туугандардан таптым эле, менин Кыргыз экеними билгенден кийин жактырбай калганын байкадым. Жактырбаса да мен Аким менен жолугардын астында кайдан жайдан бир гүл алып келип колума карматып, желкемден кармап Акимге жүгүн деп зордоп баштады эле, колун желкемен алып ыргытып жибердим. Ой эне мен качан жана кимге кайсы моментте жүгүнүштү өтө бийик тоолордо төрөлүп өсүп Кыргыздын улуу жергесинде, өтө түшүнөм дедим эле Аким да күлүп жиберди.
Кийин сураштырсам Аким менен жакындан таанышып мени келиним деп бутуна жыгылдырып жер алмакчы экен Кызылордодон. Ийгилик жаратып жүргөн мен байкуш оюма да келмек эмес жер сураш Акимден. Өзүм да бекер иштейм кызым үчүн.
Быйыл алтын медал мойнума илди эле ошол Аким албетте жүгүнүп рахматымы айтып алдым. Өтө жылмайып күлүп койду, өткөн жыл эсинде болсо керек.))))
Желкемен баскан текебер, акылсыз кемпирлерге баш ийсем, качан эле тепселендисинде калмакмын казактардын, чемпион даярдамак түгүл жемеге калып кухнядан чыкпай.))) Кудайга шүгүр кудай бар акыл эстен тайдырбасын ийилсек ийилдик керек кезде, өз эркибиз менен бирок сынгылык кылбасын.
Ар дайым достукта тең укуктуулукка кол сунам.
Дүйнөнүн кайсы бурчунда жүрсөм да ар дайым Казак жана Кыргыз элдин намысын коргоп, бир да жаман сөз айттырбайм эч кимге.

#10 10 February 2016 - 02:20
Канадалык бир аял Элизабеттен секрет сурайт тообо, апаң кантип машыктырат үйдө деп. Бар айт дедим Канадалыктар,
Америкалыктар,
Орустар, Европалыктар 100 жыл мурда муз аянтчасын багындырып жүргөндө, Казактар менен Кыргыздар түшүндө да көрө элек эле ФИГУРИСТ деген эмне кесип экенин. Бизден сурабасын секреттерди.
Секретибиз өзүбүздүн Кыргыз жана Казак дүйнөсүндө,
аларга жарабайт. Өтө өнүккөн өлкөлөрдүн кыздары биздей эмес дедим.
Эгер ашыкча бир жакшы сапаттарыбыз болсо, биз үчүн көп көрүнбөш керек, мактанып келжиребей өзүбүзгө бек болуп оозубузду скотч менен жаап эмгектенели сабырдуулук менен, али эч бир мен ойлогон бийиктиктердин чекесине да жетпедик десем ойлонуп калышты. Өлө албай жатып, өлөң айтат болбой Канадалыктардан биз сурайлы кантип ушунча ынтымактуу жашайсыңар деп. Өтө бооркер ынтымактуу адамдар, ички каралыктарын жеңгендер. Биздин элдерде ар бир 10 чу адам карайлап турат, сезип үнүмдү чыгарбай алыстайм.

#11 10 February 2016 - 02:22
Падышадан дагы бир чындык окуя.
Илгери күндөрдүн бир күндөрүндө Кыргыз элибиздин гүл жыттанган тоолорунда бир короо койлорду кайтарып жүрүп, жаны тынбаган койду байкадым. Чууңдап жандалбас болуп саратанда күн кайнап башка койлор көлөкөгө кетсе, бул кой күндө нары бери чуркап жаны кашайып өлүп баратты. Кармап алып ал акыбалын текшерейин десем карматпады. Өзүмчө эле тууганы калган окшойт деп ойлодум. Анткени кееде койлор талаада төлдөп койсо күнгө кургатып, үйгө көтөрүп кайтчымын.
Ошентип кечинде койлорду короого камап жанагы жаны кыйналган койду таппай калдым. Белинде ак сызыгы бар кара кой эле. Атама айтсам талаада тууп койсо карышкыр жеп койсо керек деди. Көңүлүм чыдабай күндүзгү кой оттоткон жерлерге издеп кеттим.
Күүгүм киргенде араң татым таштардын ортосуна тыгылып өллө тырманып тыталанып, көзүнөн жаш аккандай кыйналып жатыптыр. Таштардын ортосунан сууруп алып карасам тообо тообо кудайга миң мерте тообо кылдым, дүмбасынын жарымын курттар кытайтын салдаттарындай аппак тизилип ашар кылып быгырап жеп жатышыптыр. Оозум аңырайып ачылып денелерим кычышып тазалыкты сүйгөн жаным кыйналып кетти. Кудай ай кепетең соолгур курттар шашпагыла дедим, кралинден куюп бирден кууп чыгып күнгө кагайтам, силер да дал ушул койдой азабыңарды тартасыңар деп, көзүмөн жаш чыгып кетти.
Адамдар да рак же чума ооруулары менен ооруганда дал ушундай ички микроптор тирүүлөй жеп салат деп китептен эле окуп жаным чыккандай коркчу элем. Бул жерде тирүүлөй курттарга жем болгон койго боорум ооруп жаным чыкты.
Ошентип койду караңгыда айдап келдим чатырга. Атам апам да жолуму тосуп издеп келе жатыптыр. Эртең союп салабыз дешти. Ииий ата ансыз да азабын тартыптыр, тазалап эле койсомчу жашай берсин дедим. Эртеси өлүп кала жаздап көзүмөн башка жагымын баарын чүмкөп таптаза тазалап дүмбасине бит дары сееп таңып салдым.
Эх койдун көзүндө өчпөс керемет көрүндү жаны тынчып мемиреп уктап. Эх дедим кудай сага төрт бут атайлап берген экен, жок дегенде бир колуң болсо чымынды балалатмак түгүл кондурбас элең, бешенең куйрап адамдардын ашказанына гана жарактуусун деп терең ойлорго чөмүлдүм. Эки ай өткөндө тиммеле сонун дал өзүндөй бели ак кара козулуу болду, дүмбасы этке толуп байкуш кой. Өзүмчө эле карап каткырып койчумун, короодон чыгарда козусу такиреңдеп секирсе тарбияламыш болуп сүзүп койчу. Ошентип курттаган койдун алкышына калып, дүйнөнүн ар бурчунда ар улуттун ширин козуларын кучактап ийгиликтерди жаратып жүрөм, жөн эле чабандын чабалей небереси Элизабет Турсынбаева менен муз аянтчаларда чимирилип. Түрлүү түрлүү кесиптерге ээ болдум бирок эң башкы жана сүйүктүү кесибим ЧАБАНДЕС деп аталат.

#12 10 February 2016 - 02:24
Падышадан кызык окуялар.
Күндөрдүн бир күндөрүндө Итагардан Кербенге эжемкине мейманга барып, бир кино көрүп калдым. Кинодо бир өтө чачтары капкара супсулуу кыз чоң тиммеле сонун зонт көтөрүп жигитине баратыптыр, жамгыр челектеп куюп жатса жай беймарал зонтиктен суулар шаркырап агып өзү купкургак баратат, эми көзүмө бир укмуш көрүндү өзүмү ошол кыздын оордуна коюп шилекейим чууруду мен байкуш тентек
))
Жанагы жигити кинодогу көзү агып кете жаздады шаркыраган жамгырда келе жаткан көздөрү капкара, чачтары капкара жашыл көйнөкчөн маралдай сулууга.
Айииий мен кыялымда эптеп акча таап жанагы кыздыкындай зонтик алмакчы болуп оолугуп ооруп калдым. Итагарга келип өзүмчө эле кыялдана баштадым жанагы зонтик менен жамгырда баткакта, резинка өтүк менен болсо да бир жайкалып басып алсам суу болбой деп. Эми ары жок адамга кыйын эле экен, бир тыйын деле жок чөнтөктө
))
Ошентип Итагарга келип короодо жүрсөм өтө көп тойлордон арткан арактын лимонадтын шишелери жатыптыр, ар бирин 20 тыйындан сатып жаман оюмда эсептесем кудай жалгап жеткидей экен. Чоң казанга суу ысытып шишелерди тоодой үйүп жууп жатсам, агам келип дагы эмне болуп кетти шишелерди жайнатып, самагон кайнатып куюп сатасыңбы деп өллө күлдү
)))
Апааааа берака келиң желмогузуңуз дагы бир балеенин башынан чыгайын деп туру деди эжем. Сурамжылап тажаалдай болушуп, мен өлсөм да айтпайм да оюмдагы романтиканы уялам, айтсам кепетең соолгур көк мээ жамгырда Итагарда эч ким зонтик көтөрбөйт галдир дейт.))))
Унчукпай шишелерди сатам десем эй көк мээ кеч күз суук түштү шамалдап ооруп каласың бул шишелерди жууп бүткүчө, теги кантип алып барасың Мукурга дейт. Эки капка салып Эшеке артам десем эжем вааааай шерменде шыкыратып алкаштардай деп ыкшып күлүп жатып калды.)))
Баарын жууп капка акырын жарака кетирбей салып кеч жатып тамагым ооруп калыптыр. Эрте менен спирт менен пахтаны нымдап марлы менен мойнуму таңып эрте Эшекти токуп шишелерди артып Мукурга кетип калдым.
Бир сонун бараткам кыялыма мас болуп түркүн түркүн зонтиктер менен керемет жигиттерге жолугуп чоңоюп. Бир маалда кошуна апчибиз бар эле ал да Эшек минип келе жатыптыр бир жактан жакындашканда экөөбүздүн тең Эшегибиз кетти аңгырап секирип биринин куйругунун түбүн бири жыттап
)))) Менин Эшегим эркек эле, шору куруп ал эжемки ургачы экен, айиииий өлүп калды шерменде кылып аңгырап секирип жер тееп. Эшекте да романтика күчтүү экен, башка Эшекти мына сага деп сүйүп салды, менин оозуму ачырып, жөңкүп ыргытып жиберип.
Ал эжем мени бир каргайт башыңа сийейин Эшегиңи тарт деп. Мен ичим эзилип күлкүдөн Эшектен ооп түштүм, эжем коркуп кетип мени тургузайын деп, иииий сасыбай өл арак ичип алгансыңбы эки жашабай деди эле ыкшып жатып калдым айталбай мойнума спирт шыбаганымы. ))))
Мачактыктарга шерменде болдук, эки чоң акелерибиз жанагы баңги Эшегими уруп араң токтотуп , ичи эзилгиче каткырышып эй Пашайым бу кайда сапар алдыңыз деп какшыктап, мени нарака, эжеми берака мингизип жөнөтүп жиберишти, кеттим шишелерди шыкыратып өзүм спирт жыттанып, кыялымда кара көздүү, кара чачтуу шаркырап куйган жамгырда зонтик көтөрүп, жигиттердин оозун ачырып
)))))
Өлүвам кетсин алам керемет зонтик деп акыры элде жок зонтик алгам

#13 10 February 2016 - 02:29
Падышадан кызык окуялар.
1983 жыл 16 февраль. Күндөлүктөн көз ирмем, 12 жашта элем.
Азуу эки үстүнкү тиштерим ызылдап ооруду, күн суук шамал ырылдап кар көп эле, талаадан малдарды чогултуп байлап, агам экөөбүз жадыга чөптөрдү кыркып акурларга салып мал жайладык. Тишимин ооруганы күчөгөндөн күчөп өлүп кала жаздадым. Эртеси Афлатун айлына жөнөдүм тиш доктурга Итагардан салпактап, кашайган сары пазик автобус келбеди, кар көп жаап коюптур деп Мукурдан кайтып кетиптир. Жөө Мукурга чыгып, түшкө жакын араң жеттим Афлатунга. Тиш доктурга кирип эле жулуп салыңыз жогорку эки азуу тишими дедим, ал да көп ойлонбой эле көрсөт деди, мен колум менен көрсөттүм аа деген боюнча укол сайып эки тишими жулуп салды. Тиштерим тарелкага түшкөндө көзүм чанагынан чыгып кетти. Бирөөсү ооруган тишим, экинчиси бүтүн эле оорубаган тишими жулуп алыптыр. Адашып жулуп алдыңыз ооруган тиштериме курт түшкөн байкабадыңызбы, сиз соо тишими жулуп алдыңыз десем укпады. Өзүң ошол тишти көрсөттүң деп. Оозума эки чоң пахтаны спиртке малып болду бүттү деди. Ооруган тишим калып койду десем башка күнү кел, ме эки алма тишиң басылганда жейсиң деп эшик тарс жабылды.
Итагардын жолунда жөө баратып өллө ыйладым үңүлдөп, айлана аппак кар, эч ким жок эми 12 ге чыктым бирок жашагым келбейт деп.
Бир маалда жолдо бир чоң тиштери арсайган кара ит көрүндү үрүп мен жакка чуркап калды, алымын жетишинче качып бараттым, эми эле өлөм өлгүм келди деген жаным канделектей шипширин экен. Ит кууганда билдим эч качан адам өлгүсү келбейт экен, болбосо тишим ооруп, өмүрдө өтө кыйналып, чоң адамдарга ыраазы болбой жаным кашайып жүргөн элем.))) Жанагы доктур берген алма менен итти уруп качырдым. Кышта каяктагы алма айылда шилекей чууруп эх тишим оорубаганда качан эле жеп коймокмун. Кудайга наалыйм деп эки алмадан куру калдым.
1983 жыл. 16 февраль.

#14 10 February 2016 - 02:32
Падышадан кызык окуялар.
Эски жаңы жылга койгон максаттарымын өкүнүчтөрүмүн бир баракчасы 1984 жыл 30 декабрь.
Эки жылдан кийин 8 ди бүтөм, кайсы окууга барам, эмне иш кылам башым ооруп билбей жатам. Күндө мал карап, бок күрөп, уйларды саап, капкара казан менен алышып чарчадым, жаңы жылга эч ким деле открытка жазбады, эч ким эч жакка чакырбады эл санын да деле жокмун. Елкага жаман ак сулптан көйнөк тиктик, парпирегине чүпрөк кашайып жетпеди, элде он катар парпирек, менде бир эле катар, кийсем кепетем сөйрүйүп эле калды. Анын үстүнө Мукурга жөө 8 км. басып баргыча жыртылып деле калат сөйрүк көйнөгүм. Кар тизеден жаап койду. Жоголуп кеткен саргыл кунайыныбызды базардан атам таап келди. Өскөнбай авабыз сатып жиберейин дептир, адашып калган имиш уйларыбыз окшош имиш. Атам ишендим деп кыйкырып жатат апама. Малдарыбыз жоголо берет эч түшүнбөйбүз ким уурдап сатып жиберет же союп жеп коюшат, акыры кармалар деген үмүттө жашайбыз. Чоң окуу жайларына алыыыыс жактарга окуп кетким келет.
Деп 1984 жылы жазыптырмын.

#15 10 February 2016 - 02:36
Падышадан бир грамм акыл.
Жуларга жериң болсо кызарган ыраазы бол кудайга, ылайым кудай буйруп насип кылып жула берсин адамдар, а сен кызарып быша бер алмадай, эч наалыба кудайга дедим кызыма. Бир жакка бирөө чакырганынан барбайм, КЫЗАРГАН ЖЕРИҢИ ЖУЛУП АЛАТ ДЕЙТ. Эй какшыба жулгандан жулат, алгандан алат, ар кимге эле башына бакыт жаап турган жок жамгырдай, ушунчалыгына кудайга шүгүр де, суусаганга бер ичерге кымызың болсо, жегенге жегиз жеерге этиң болсо, колуң ачык болсун бүрүшпөй деп бир аз байсадым. Көгөрүп катып калгандын колу куру, көзү ач, чөнтөгүндө шамал согуп тили безилдеп узарып кетет.
Чоң меенеттенип, чоң бөлүшүп үйрөн 15 эле жаштасын Кудайдан башка эч кимден жалдырап үмүттөнбө. Пенделерден бир нерсе сурамакчы же алмакчы болуп сугунба, ысырап кор да кылба колуңдагы дөөлөтүңү, баары жетишерлик бул өмүрдө. Эркин бол ички дүйнөңдө, эч кимдин оозун карап акылын уурдаба. Өнүктүр өзүңүн жан дүйнөңдү деп энелик милдетими аткармыш болдум. Жылаңач төрөлдүң, 10 метр ак менен кетесиң, кезегиң келгенде, жакшы деген атак даңкка ээ болсоң өчпөс өмүргө атың гана калат. Багындыр дүйнөнү кудайым берген күч менен, керемет тагдырыңа татыктуу бол деп таң азанда байсап, байсап, эх эне болуу да өтө кыйын экен дедим. Уккусу келбей кулагын жабат, силерде да ушундайбы кыздарыңар же меники эле көк мее кылабы?
Мойнун эки бурап бир жулуп салыш керек да кееде. Тырмагын боеп алыптыр, балта менен үзө чабам колуңду тез өчүр, чачыңы да көзүм тирүүндө боесоң ойсоңдоп, мойнуңу кесип башыңы илип койом, теги натуралдуу эле болчу айланайын, ансызда көчөдөгү кыздарга кускум келип жүрөм кееде. 44 чыгып энең да эштеңдей элек. Көрүп эле жүрөм көк мээ жылдыздарды. Жөнөкөй бол, ширин тамактарды жаса. Үлгүлүү эх кандай гана керемет кызы бар дегенден башканы делдейген кулагым укпасын. Мен ушундай эски адамдарданмын, жаңылардын талтаңдаткан чоеңдоткон тарбиялары жакпайт. Канчалык бийик жылдызың жанган сайын, ошончолук жөнөкөй АДАМ атка татыктуу бол деп ишке салып койом кееде.

#16 10 February 2016 - 02:38
Илгери илгери атам бар заманда атамдын айткан сөздөрү.
Падыша кызым төмөндөгүдөй адамдардан алыс жүр.
Түртө электе жыгылып, түрттү деп бир чапкандардан.
Эң жүрөгү коркок кол көтөргүчтөрдөн.
Көп сүйлөгөн эркектерден.
Энергия жуткан достордон.
Кемсинте электе эле кем сезгендерден.
Улут урук териштирип бөлүнгөндөрдөн.
Кызматтагы адамдарды себепсиз сүйгөндөрдөн, балким бир пайдасы чыгар деп.
Ар кимдин көлөкөсүнө башын калкалагандардан, анткени аларга күндүн жарыгы тийбейт.
Кошоматчы кош кыялдардан.
Акылың болсо эч качан өзүңөн күчсүз, өзүңөн эрксиз эркеке жолобо.
Эң жөнөкөй акылдуу атам, акылдуу апам бар эле бир убактарда. Мен да акылдуу эне болгум келет.
Акыркы сөздөрү атамдын жана апамдын, жаткан жери жайлуу болсун.
Жан дүйнөңдү жумшак карма, эч качан сынбаш үчүн.
Кыйынсынган какайган сөзсүз морт сынат.
Балким кимдир бирөөлөргө сабак болот.

#17 10 February 2016 - 03:33
Тушунбодум?
??? Жогорудагы суроттогу ким? Падышахан бул болгон окуябы же чыгармабы?
Чыгармабы же болгон окуябы кыскасы сонун жазылган бирок бирок кээ бир жерлери баш айланма жазылган,96 жж соз кылып атып эле,кайра башты айлантып 90 жж соз кылвп кетет,бир жерде таанышканда 70 бир нерсе жылкымын дейт ал эми анын студенттик доору союз кулаган убакты чагылдырылат
Чыгармабы же болгон окуябы кыскасы сонун жазылган бирок бирок кээ бир жерлери баш айланма жазылган,96 жж соз кылып атып эле,кайра башты айлантып 90 жж соз кылвп кетет,бир жерде таанышканда 70 бир нерсе жылкымын дейт ал эми анын студенттик доору союз кулаган убакты чагылдырылат
Пандора айым, бул Падишахан деген кыргыз кызы казактын келини, Канадада жашайт, кызы Элизабет чемпионка муз тебуу боюнча, Фейсбуктагы баракчасындагы постторун бул жака апкелип тема ачкан го тиги кыз, ошого сизге тушунуксуз болуп жатат))
Чыгарма эмес, баары баштан откон окуялары, кыскасы ото кыйын айым, тайманбаган, жалкоолукту билбеген.
МАСКА.
#18 10 February 2016 - 08:56
Суперстан дан окудум беле ушул эжэнин омур байанын. Азаматсыз аябай кучтуу аял екен.
#19 10 February 2016 - 14:14
3 - бет " Чындык жомок"
Элизабет экөөбүз Канададан самолетко чыгарыбыз менен кокустан таанып калган стюардесса куш келдиңиздер олимпиадага Норвегияга учушуңар менен куттуктайбыз деп менин оозуму ачырды. Таң калып кайдан тааныдыңар деп сураган Элизабеттин суроосуна, стюардесса таң калып айтты албетте таныйм сенин тренериң Брайн Орсер жана апаң Казак элин дүйнөгө дүркүрөтүп мен да тааныйм сени, Брайн Орсер дүйнөдөгү эң кымбат жана бийик даражалуу Канадалык тренер, бул тренерь корей Ю На Кимди, жапон Юдзуру Ханюну олимпийский чемпион кылган, азыр Хавьер Фернандес Европанын жана дүйнөнүн чемпиону болду, Брайн Орсер өтө ак көңүл керемет биздин Канадалык өтө сүйүктүү тренер деди. Мммм дедим ичимен мени жана Элизабетти Казакстанда же Кыргызстанда стюардесса эмес, олимпиаданы көргөндөрда тааныбаса керек, кайдыгерлик өтө өнүккөнда деп тынчыдым.
Бир маалда ордубузга жетип отурсак, кокустан жаныбызга англичанин менен финляндиянын адамдары мас болуп отурушту. Булдурап сүйлөгөндөрүнөн байкап койду Элизабет кайсы өлкөнүн жарандыгы экенин. Бир аз угуп отурсак жакында үйлөнүшүптүр. Иииий башың өскүрлөр өмүрүңөр узун болуп мынча сассыктар түшүнбөдүм. Бирөөсүнүн оозу сассыйт, экинчисинин колтугу сассыйт интеллигенттигимен гана чыдайын дедим. Элизабет апа ордубузду алмаштырайлы мен сага айттым эсептеп бизнес класс менен учайлы деп, а сен ар дайым акча экономдоп таныбаган Кыргыздарга акча жөнөтөсүң деп урушту. Эх дедим мен ичимен албетте өтө жардам берем тааныбаган Кыргыздарга мен намыстанбайм, жардам алган Кыргыздар намыстанат эжеке атымы ачык жаза көрбөңүз намыстуумун дешет. Балким үй бүлөсү жарды илгерки мен сыяктуу. Бирок мен эч кимден эч качан акча сурабагам дедим Элизабетке. Апа азамат болгонсуң мен да Тимурбай да эч качан эч кимден жардам сурабасак экен деп терең ойго батты, 16 жашка толчу 14 - февральда кызым Элиза. Дагы эле эки улуттун эки сассыгы жанымда отурду ичип гүлдөп менин Аксыдагы жаштыгымы элестеттирип, бактылуу эле болсун. МЕН КИМ ЭЛЕМ СЫН ТАККЫДАЙ, АКЫМ БАРБЫ ӨЗҮМҮ БИЙИК СЕЗГИДЕЙ, АЛБЕТТЕ ЖОК МЕН БИР КӨР ПЕНДЕ, СИЛЕР СЫЯКТУУ. Элизабетти стюардеса алып кетти жакшы тынч уктоочу бизнес орунга анткени мен төлөдүм, алдыда ОЛИМПИАДА Казакстанга баары бир Элизабет кандай учуп кандай келиши. Чиновниктер келсе болду чардап. Канадалыктарга ракмат таанып билип өзгөчө адамдарды өзгөчө сыйлай жана тааный билгенине. Мисалы мен Бишкеке эмес Ошко келсем тебелеп кетет анткени мен өтө кийимимен таанылбаган жөнөкөй эмгек баатыры Биймырза деген Аксыдагы чабандын жөнөкөй кызымын. Алтындарым жөнөкөйлөрдү эч качан алдабагыла тебелебегилечи Кыргыздар, анткени биз 90 % Кыргызстандыктарбыз алданган тебеленген. Тентиреп кээде бутуна тургандар иммигрант болуп жүрүп көп жылдар темселеп, көп окуп чексиз бийиктиктерге иш жүзүндө жеткендер мен сыяктуу аз эле болсо керек. Анткени өлүп эле калгым келип миң жолу, миң жолу кайра турдум. Мисалы мени алдаш оңой эле, эки акын алдап кетти, китеп жазам эжеке деп. Жөн эле акын эмес бир кыз атын кийин атайм китепти бүтөрмөк болду. Бул китеп бүткөндө алдамчылардын атын ачык жазам күткүлө достор.
Менин түшүнүгүм албетте терең жөнөкөй тоодо өскөн Кыргыз сыяктуу, шарда өскөн блатной Кыргыздарды албетте мен түшүнбөйм, дүйнөнү бүткүл кыдырып чыгып, 30 жыл чет элде эмгектенсемда. Кечиргиле блатной Кыргыздар жана Казактар кемсилигиңер өтө көп. Силердин деңгелиңерден ашсамда силерди сүйүп сыйлай алам баягы эле чабандын жөнөкөй кызы сыяктуу деп 3 бет " Чындык жомок" аяктады кызыгып окугула үлгү алгыла анткени чындык бир да кошумчасы жок.

#20 11 February 2016 - 09:50
Эженин жазгандарын окуган сайын омурго азык алам.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео