Парламенттин 4-февралдагы жыйынында ырчы Бек Борбиевменен айрым куудулдардын жоругу айтылды. ДепутатМээрбек Мискенбаев маданият өкүлдөрү элди бөлүп-жарып жатат деген пикирде.
"
Быйыл 9-11-январда айрым куудулдар Бишкек, Ош шаарларында концерт коюшту. Андагы Апрель окуясы боюнча интермедия көрүүчүлөрдү абдан нааразы кылды. Кыргызда "ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө" дейт. Мейли, куудулдар депутаттарды сындашсын, өкмөттү сындашсын, бирок элдин кызыкчылыгы үчүн бейкүнөө каза тапкан баатырларды сындоого эч кимдин акысы жок. Булар элди бөлүп жатышат же бакиевдик бийликти эңсеп жатышабы?
Ырчы Бек Борбиев Минск шаарына барып Бакиевге ырдап келгенин билебиз. Далай адамдын өмүрүн кыйган канкорго эл артистинин барып ырдашын кандай түшүнсөк болот? Булар эл артисти эмес, чыккынчы, маскарапозго айланып баратышат. Элди маңкурттукка түртүп жатышат, элине чыккынчылык кылуу - оор кылмыш. Буларга мыйзам чегинде жаза бериш керек",-
деди Мискенбаев.
Спикер Асылбек Жээнбеков бул боюнча кабары жоктугун айтып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырма берилерин билдирди. "Министрлик карап чыгып, бизге маалымат бериши керек",-
деди парламент жетекчиси.
Маданият кызматкерлерине чабуул. "Баш кесмек бар,тил кесмей жок"
#1 10 February 2016 - 09:58
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#2 10 February 2016 - 10:00
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#3 10 February 2016 - 10:00
Парламент депутаты Мээрбек Мискенбаев:
"Куудулдар Тынар Курбаналиев менен Рахман Разыковду сот жообуна тарттырууга бүт күчүмдү жумшайм",
- деп билдирди 9-февралда радиолордун бириндеги түз эфирде. Депутат аталган куудулдар элди бөлүп-жарды деген пикиринен кайтпай турганын тастыктады.
Куудулдар айткан сөзүнө жооп бериши керек деген пикирде.
" Мейли, депутаттарды, өкмөттү, саясатчыларды сындашсын, бирок эл үчүн курман болгон баатырларга тийишпесин. Аларга тийишүүгө эч кимдин акысы жок. Мени "Бул депутаттын башка кыларга иши жокпу?" деп социалдык тармактарда сындап жатышат. Түшүнгүбүз келбей жатканы менен, элди түндүк-түштүккө бөлүү - абдан олуттуу маселе. Мени жети атамдан бери сөгүп, жаман көрүшсө деле бул маселени аягына чыгарам", - дейт Мискенбаев.
Эскерте кетсек, депутат жакында парламентте "куудулдар Апрель баатырларына шек келтирип, элди бөлүүдө" деп куудулдарды, ырчы Бек Борбиевди айыптап чыккан.
" Мейли, депутаттарды, өкмөттү, саясатчыларды сындашсын, бирок эл үчүн курман болгон баатырларга тийишпесин. Аларга тийишүүгө эч кимдин акысы жок. Мени "Бул депутаттын башка кыларга иши жокпу?" деп социалдык тармактарда сындап жатышат. Түшүнгүбүз келбей жатканы менен, элди түндүк-түштүккө бөлүү - абдан олуттуу маселе. Мени жети атамдан бери сөгүп, жаман көрүшсө деле бул маселени аягына чыгарам", - дейт Мискенбаев.
Эскерте кетсек, депутат жакында парламентте "куудулдар Апрель баатырларына шек келтирип, элди бөлүүдө" деп куудулдарды, ырчы Бек Борбиевди айыптап чыккан.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#4 10 February 2016 - 10:02
Сиздер кандай карайсыздар?
Чындап эле эми маданият кызматкерлерине,
анын ичинде куудулдарга кысым корсотуло баштадыбы?
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#5 10 February 2016 - 10:04
1) Куудулдар чындап эле элди бөлүп-жарып жатабы? Далил болмоюн урду-соктуга ала берүү туура эмес...
2) Бек Борбиевдин Курманбек Бакиевге барып ырдап келиши - ал ырчынын өз эрки, өз тандоосу.
2) Бек Борбиевдин Курманбек Бакиевге барып ырдап келиши - ал ырчынын өз эрки, өз тандоосу.
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#6 10 February 2016 - 10:09
Куудулдар баардык чындыкты айтып жатат.Ал эми Бек Борбиев тууралуу айта турган болсом,"ии,
ал эл душманы,бул президенттин душманы"-
деп барбай коймок беле.Анын озунун иши да туурабы?
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#7 10 February 2016 - 10:49
Депутаттар болок проблеманы чечип коюшканго сыягы???
Сен таза болсон, мен таза болсом... Баняга ким тушот...???
#8 10 February 2016 - 12:19
Абдылда Иманкулов менен ушул депутаттын туз эфирдеги интервьюсун коруп бизде ушундай депутат бар екенине уялдым.Эки созду эптеп суйлой албаган ,сабатсыз экени корунуп турат.Рахман менен Тынарды сот жообуна тартылышына бар кучумду жумшайм деп келжиребей,
олкобуздо болуп жаткан олуттуу маселерлерди которуп чыкса болбойбу мисалы чек ара, жумушсуздук.
Бирок ушул Мискенбаевдин олуттуу маселелерге башы жетээрине кумонум бар, жеткен акылын корсотуп койду.
#9 10 February 2016 - 12:33
Куудул менен ырчыларга асылбасын. Алар өздөрүнүн маңдай тери менен нан таап жеп жатышат. Алардын ырыскысын талашып жатышкан жок. Ушул депутаттар дагы бир нерсени баштагысы келип калды. Эгерде Тынар менен Абдылдага тийише турган болсо кан төгүлөт кан. Эми ушул бир депутатты деп алар сүйлөбөй койсунбу. Алар эл үчүн кызмпт кылган адамдар. Оо, жогорку кеңеште отуруп алып, оозун апыртып жалган сүйлөп, калпеле отурган жок булар. Чындыкты айтканы үчүн элге кадыры сиңгендер. Темселеп депутаттарга окшоп бекер акча таап отурган жери жок.
#10 10 February 2016 - 12:36
Апрелдеги баатырларга асылган эмес. Алар ошол маалдагы депутаттарга болгон сатираларын чыгарышкан
#11 10 February 2016 - 12:38
Сын бул-күзгү.Куудулдар айткан нерсе ачуу чындык.Аны кабыл ала алышпай чычалап жатышканы ачык эле көрүнүп турат.Кемчилигиңди бетиңе элдин көзүнчө айтса баарың эле ыңгайсыз абалда каласың.Аны минтип ызы чуу кылыштын эч кажети жок.Эми баатырлардын чоо жайына келсек,Азыркы бийлик тактыны алам деп элди окко тоссо,Бакиев тактысын коргойм деп элди атты.Кайсы бир саясатчы же,ММК нын маалыматтары менен чектелбей ар бир адам өзү ой жүгүртүп анализдей билсе,чындык такыр башка жактан чыгат.Андан көрө депутаттар ынтымакка келип элдин турмушун оңдоого аракет кылса жакшы болмок.
#12 10 February 2016 - 12:48
Ошол апрель окуясында каза болгондордун арбактарын,
жесир калган аялдарын жетим калган балдарын ыраазы кылгысы келсе ошол нерсеге ким куноолу, ким аттырган, ким аткан ошолорду сот жообуна тартырсын.Эгер ошол колунан келсе.
#13 10 February 2016 - 14:26
Мен ошол концертте болдум эле,10-январьда болгон.Р.Разыков ыр окуду ,бийликтегилерге нааразы болгон,Ош окуясында олгон жигиттерди айтып.Мазмуну,
чыныгы баатыр деп ошолорду айтса болот дегендей ыр эле,мага жаккан,Негизи кээ бир жерлеринде жылмайган деле жокмун,бирок жалпылап айтканда конулумо толгон концерти.
Депутатка келсек кылаарга иши жок калган го,куудулдарга асылып,ошолордун аркасынан озун да таанытып алды.А Бек Борбиев болсо кайсы жерге барып ырдаса озу билет,ал озунун жеке иши.
Депутатка келсек кылаарга иши жок калган го,куудулдарга асылып,ошолордун аркасынан озун да таанытып алды.А Бек Борбиев болсо кайсы жерге барып ырдаса озу билет,ал озунун жеке иши.
#14 10 February 2016 - 14:50
Бул депутаттын башка кыларга иши жок эптеп ушундай пиар мн озун таанытып алайын дегендерден го,башка чешчу талкуулачу нерсе калбай калгансып,мындай депутаттардын такыр эле кереги жок эл учун иштебегенден кийин,артистер болгон чындыкты сатира аркылуу жеткирип атышат.
#15 10 February 2016 - 15:59
Урматтуу фейсбук дуйносундогу достор, санаалаштар!
Бул постту жазуумдун себеби кечээги «бир» депутаттын (атын билбейм, эсиме тутпайм аттарын) менин жана сахналаштарымдын дарегине карата айтылган «эленбеген» созу болду. Эленбеген деп кыргызча которуп алдым, а мындай айтканда «нефильтрованный базар» дечи беле)))
Менин наамым коп адамдардын уйкусун бузуп журот, аны билем. Былтыр эле айткам, керек болсо окмоттон буйрук чыгартып, ажого кол койдуруп алып салгыла. Менин жашоомо материалдык жактан ал наамдын эч кандай пайдасы жок. Ал эми руханий жактан Эл артисине жетели деп аракет кылаар стимул бар эле, андан умут узгонумо коп болду
Бакиевдин тоюна барып ырдап келгеним, кайталайм, ал менин жеке жумушум. Эгер ал адам биздин бийликке душман, кылмышкер адам болсо кармап келип жоопко тарткыла! Эмне, мен барган жерге силер баралбайсынарбы! ? Ооба, акча толоп беришти баргам, бекер барып ырдап бере калаар алар мага эч ким эмес. Бийликте турганда мени котормолоп чон кызматтарга койгон эмес, кээ бироолорго окшотуп мени ак уйдо иштеткен эмес. Акаевдин убагында иштеген денгээлден Бакиевтин убагында бир тепкич да ойдо которулгон жокмун. А тескерисинче Бакиевдин убагында чалчандап жургондор азыр ал кезден да эркелеп, ак уйдо олтуруп алып мени Минскке барып келиптир дегенине куйосун
Биз онор адамдары коп «кылмышкерлердин» алдында ырдайбыз. Турмону айтпай эле коеюн, 25-30 жылдан бери Кыргызстанды талкалап, соруп, алдап элдин акчасын жеп, бирок жоопкерчиликтен качып, ак койнок галстук тагынып керек болсо депутат, министр болуп олтуруп алгандардын да алдында тилекке каршы ырдап журобуз. Кайсы бийлик болсо да колтугуна кирип тоодой бизнес, базар, алтын кендерин жулуп алып, кенедей элдин канын соргон кылмышкерлердин да тойлорунда кызмат кылып журобуз..
Биздин олкону парламент башкарууда, ошол жерде олтуруп алып бироого жагынайын деп тантырагандын ордуна, элге кызмат кылбайсынбы. Четинен кыргыздын жерлери коншуларга отуп кетип жатат, ГЭСтердин тагдыры,кыргыз тилинин кейпи, сомубуз арзандап баратат, чет олколорго жумуш издеп кундо жарандарыбыз суудай агылат. Жумушсуздук , сойкулук, бангичилик, наркотрафик, уурулук, коррупция, паракорчулук кундон кунго кучоп баратканы калппы? Же парламент алар менен курошуп , иш алпарып бутту беле
Тарыхты карасак, онор адамдары чындыкты айтып, бийликтин кемчилигин козуно корсотуп келген. Керек болсо парламент дагы мени муну ырда, куудулдарга тигини айт деп айттыралбайт. Бизде демократия, соз эркиндиги бар мамлекетбиз
Бир гана кейиткен окуя, 2010 апрельде каза болгондор. Аллах жаннаттан жай берсин. 100 адамдын каны тогулду эле, азыркыларды бийликке алып келиш учун. Эмне озгорулду, эмне жагынан осуп атабыз, коп убадалар болду эле.. ошол балдар жанын берген умуттор аткарылдыбы, аткарылаар бекен?
Мына ушул айтаар созум. Мени чыккынчы деп айтаардан мурда, озун ошол жерде олтуруп алып, туура эмес мыйзамдарга, токтомдорго жогортон айтылды деп добушунду берип, туура эмес министр, адашкан талапкерлерди колдоп, кызматтарга коюп Кыргыз элине чыккынчылык кылган жоксунбу? Албетте, эл коруп билип эле калды..
Силерге окшогон бийлик кошоматчылары кетет, ал эми онор адамдары, биз эл менен калабыз
Жараткан бийликке да, ага каршыларга да ыйман берсин. Кайсыл партия, кайсыл онор тармагы, кандай жумушта иштебесек да журогубуз – Кыргызстан деп согот. Мына ошол бириккен жерибиз. Бир, бар болунуздар, рахмат
05.02.16 Бишкек
Жооп Бериптир Бек Борбиев

#17 10 February 2016 - 16:31
Өзү чынында,кудулдар чектен ашып эле кетти. Жогорку жактагыларды мазактап эле жатып калышты. Демократия деп бизге тилди эле берип койгон,ким кааласа ошондой сүйлөп. Президентти президент ордунда көрбөй тамашалап мазакташат.
"Мени атам бай"- дешип. Эгер, президентибиз Каримовтой болгондо. Ошол сахнаны артында эле жок кылып таштамак,үй бүлөсүн, туугандарын,
айыл жерини кошо. )) Мага булар койгон куудул тамашалары эч жакпайт. Оозуна келгенин оттоп. )
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#18 10 February 2016 - 17:23
Менимче куудулдар айткан чындык жакпаган го сыягы ,биздин ЖЕПжутарларга . Кандайдыр жол аркылуу айтылуу керек,бул чындык . Бул Тынар менен Абдылданын созу эмес ,элден укканын ,коргонун булар чагылдырып айтышат . Шамал болобос дарактын башы кыймылдабайт демекчи ,туура эле айтылган сын , биздин саясатка .
Бек Борбиев кандай жол менен акча табат ал озунун иши . Артист ал ,ким чакырса барып ырдай берет .Бакиевке барып ырдадын деп эле ,кыргызга душман деген наам берип коюу туура эмес.
Мындан койгойлуу маселерди чечип коюп ,анан суйлосо болмок бул Жепжутатыбыз. ...

#19 10 February 2016 - 17:52
Рахман менен Тынар айыл-апа кыдырып, той-топурларда эле купулдоп эл кулдуруп, кара курсагын тойгузуп оокатын тыыынч жургузо беришсе! Ыйык сахнага, наамдарга жулунбай! Акылы жетпеген саясаттан алыыыс болуп эле...!
Апрель баатырларына асылгандын балекеттерин алабы?! Баатырлардын арбактарынан, тууган-туушкандарынан, кыргыз элинен кечирим сурашсын! Алар эмне Рахман, Тынарлардын шылдынына калалы деп курман болушуптурбу? !
ушул еле айткандарынын баарынын тескерисин айтам

Супер-Инфо
super.kg
видео