Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#1061 Пользователь офлайн   karamat1999   09 Февраль 2016 - 21:25

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 17:25

Рахмат,аябай зарыгып куткон чыгармам эле.Кудай жалгап,улантыла баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1062 Пользователь офлайн   Aliya2015   10 Февраль 2016 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

220-бет
Толкунбек атасынын омурун ажалдан мурда эле озу кыскартып, озу олтургондой болгон окунучтон журогу оттой жанат. «Кагылайын ата, кечир мендей акылсыз уулунду. Сага мен адам болуп эр жетип, ат жалын тартып мингени, асты азабымдан башка асылымды корсото алган жокмун. Карып калган кезинде, жанынды жашартып, санаанды тындырып ыраазы кылып кубандыруунун ордуна, озогунду орттоп, кайырымды чайыр кылып оксуткон кундорум коп болду. Тушуном ата, билем баарын» - деп момодой салбырап, ичинен жеген курттай болуп, оз жанын озу жеп, оз канын озу ичип, бир эле тундун ичинде суу ичкендей шапая тушту.
Ал эми Жайнагулчу! ? Анын куйуту тушунгон кишиге, бир чоолу эмес, эки чоолу болуп, эсин жыя албай кош кабат куйуттун ортосунда калды. Мансур эмне, келини кейибегендей келини куйбогондой кайната беле! Ошол ата менен эненин жакшылыгынан кыйбай, солк этпей олтуруп койбодубу. «Кагылайын атаке, сизсиз кантип кун коробуз, мен сиз деп, энем деп иштеп, сиз деп жашап, эне деп жашап журбодум беле» - деп, ботодой боздоп ыйлап журуп сыйын да кылды, ыйын да кылды. «Эки доочу бир келсе амалындын кеткени, эки оору бир келсе ажалындын жеткени» дегендей, Мансурдун куйуту менен Усондун кайгысы биригип Жайнагулдун акыл-эсин аласалдырып, журогунунун тынчын алган бир озунчо айыккыс оору болду. «Ушинтип эле олуусунон олуу, тируусунон тируу ажырап каламбы» деген ой ойгонсо онунон, уктаса тушунон кетпей калды.
Мансур озу айткандай, «Артында калгандар, адам кайтыш болгон кункудой дайым куйуп олтурса, журтта тукум калабы. Кандай куйумдуу кишиси болсо да, олгондун эртеси эле коодондон бычак сырты алыстайт. Анан уламдан-улам алыстай берип, унутула баштайт» экен го. Атанын бул созу, оз башынан откон учун айтылган турбайбы. Ооба, Мансур менен Кына: «Кундо туусам кундо жок, кундо жылан жеп коёт, айда туусам айда жок, айда жылан жеп коёт» дегендей не деген чолпондой болгон балдарын кара жерге берип, канча жолу кан жутуп, канча жолу кара кийбеди дейсиз. Олгондун артынан ким олуптур. Кара жер суутат экен да. Бирок олуп ажыраганга караганда, тируу ажырагандын куйуту кучтуу болучу неме окшобойбу.
Жайнагул канча которумдуу, канча кайраттуу болгону менен, Усонго келгенде кайраттуу боло албады. Усонду корсо да ыйлайт, ойлосо да ыйлайт. Ал оз энеси Зыйнатка барбай эле, тируулой олумго бараткандай болгон бир тынчы жок тунгуюк ой мээсин келемиштей кемирип, жашоосу супсак, коргон куну улам арып бараткандай
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1063 Пользователь офлайн   Aliya2015   10 Февраль 2016 - 22:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

221-бет
бардыгы корксуз да, конулсуз да болуп калды. Анан калса азыр койгонун азыр, анан койгонун анан унутуп, кээде колуна кармап жургон буюмун темселеп издечу, нескаранын бири болду.
Ошентип, Жайнагул Усон деп журуп, санаага жендирип баратканын билбей калды. Аялынын Усон учун болгон ички дуйносунун алааматын тушунуп, козу жетип турса да, Толкунбек оозу батып кайраттандырар эч нерсе айталбады. Айткандан эле бир жолу, уктай албай кайра-кайра ушкурунуп, озунон озу ичинен букулдап ыйлап, тынчы кетип жатканын коруп туруп чыдабай минтти:
- Ай, Жакин, алтыным эмне болду сага? Аялынын кроватын коздой оодарылып кучактады. Ыйлап жатасынбы?
- Ооба, ыйлап жатам, - деди кекерлуу ун менен.
- Жинди болгон го, ал эмне болгон ый жети тундо – дедикуйоосу.
Толкунбектин колун туртуп жиберди Жайнагул.
- Тартчы колунду. Менин жинди болгонумду билелексинби?
- Кызык, ал эмне болгон, кайдан келген жин болуп кетти?
Толкунбек да байкабай суйлоп алды.
«Чыгалбай турган коз эле, чыгып кетти озу эле» дегендей, кайгы-касырети качантан бери ичине толуп, кимден, кантип чыгарарын билбей буулугуп жургон Жайнагул кандай жарылып кеткенин озу да билбей калды. Эмне учундур Толкунбек адеп келгенде да мынчалыкка барган эмес болучу. Энеси Тумардын «жанылбас жаак, мудурулбос туяк болбойт», балам. «Алдына келсе атандын кунунан кеч» дегендей эси жок аялдарча чарылдап жаман-жакшы айтышпай, «кеткенин келди, унчукпай кутуп ал» деген созуно муюп, таарынычысын коз жашына чыгарып тим болгон. Ал кезде Усон жонундо мынчалык бурулуш болуп кетээрин кимиси билди. Баарынан да Толкунбектин уч уктаса тушуно кирбеген иш эмес беле.
Жайнагул башын которуп куйоосун карады.
- Эмне болуп, кайдан келген жин болуп кетти дейсинби? Анткор. Ошону билбей калдынбы? Мени сен жинди кылып жатпайсынбы.
Жайнагулдун журогу удургуй тушту. Озун кармай албай калчылдап кетти. Кийинки учурда бирдемеге капа болсо эле журогу акылдап, деми кысылып кете турган болуп калган. Андай учурда дароо дары кабыл ала коюучу. Оюнда адатынча дары ичейин деп ойлоду. Кроваттан тушуп жарыкты куйгузду.
Жайнагулдун ооруп калаарын Толкунбек ойлогон да жок. Ал тим гана кантээр экен деген ойдо тийиштик кылды. Бирок ойносо да оюндагысын айтып салды.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1064 Пользователь офлайн   Aliya2015   10 Февраль 2016 - 22:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

222-бет
- Атам олгончо мен олсом эмне. Билем, сен мени коройун деген козундун жогун. Тушуном баарын. Усон жонундогу жабыктагы сыр, жарыкка чыккандан бери ниетин бузулду сенин. Эми мени эмне кылса деп ойлоп турасын. Усонду оз баландай жакшы корорунду да тушунуп турам. Мындай окуя болорун билбей чалдырып койбодумбу. «Жакшы ит олугун корсотпойт» дегендей, бекер кылыптырмын. Сен экообуз кайра баштан мурдакыдай жашайбыз деп ойлоптурмун. Корсо!
- Эмне корсо!? Андай арманын болсо, - деди Жайнагул титиреген ун менен кыйкырып. Азыр деле кеч эмес. Атамдын кыркында Зыйнат келмек болбодубу. Мына ал кунго да аз калды. Кайра сен учун жакшы болду. Усонду алып кайра чогуу кете бер.
- Жакин айланайын, койчу эми, кыйкырбай эле, урушпай эле жай суйлошолучу. Мында дулой киши жок. Мен кайра кете турган болсом келбейт элем да. Мен балдарым учун эмес, сен учун, сени сагынып келдим. Мен сени мурда кандай суйсом, азыр да ошондой суйом. Мени кечирет экен деп ойлогомун. Тоодой куноо кылсан да тобо кылсан, адам эмес, Алла деле кечирет турбайбы. Бул жагына калганда мен учун сен Кудайдан да кучтуу болуп кеттин.
- Эмне-е-е!? Толкунбектин созун угуп чочуп кетти. Оозуна соз кирбей туттуга тушту. Журогу оозуна тыгылып, коодонун жарып чыгуучудан бетер катуу удургуп барып башы айланып козу карангылап, алы кетип баратканын сезип, кроваттын четине таянайын деп ойлогончо болбой жыгылып кетти. Анын усон жонундогу окуядан кийин ичсе-ичпесе жок журуп, жедеп ачкалыктан алсырап, арыктап кеткенин уйдогулор да, ал эмес врачтар да билген жок.
Кутулбогон жерден келининин ооруканага жатып калышы Кынанын журогун тушуруп салды. Жайнагулдун буга чейин ооруганын укпаган эне уулуна минтти:
- Э, балам, чынынды айтчы, Жакин таптаза туруп кандайча ооруп калды бат эле. Сен капа кылып, бирдеме деген жок белен?
- Озумдун башым батып, багалчагым сыйбай журуп, мен эмне демек элем.
- Ооба баса, сен эмне демек элен. Усонду ойлоп, ошого капа болуп журот озу. Кына унчукпай калды. Толкунбек ооруканага барам деп кийинип алып чыгып кетти. Кына баягыда Зыйнат келгенде коз токтотуп карап олтуруп, коркуно козу тоюп, «Келишимдуу келин болгон экен, бечара». Атандын кору, илгээрки убак болсо эмне колдон чыгаруучу бала эмес тура. Жайнагулду ойлоп экоону салыштырып караса «Бири кайын, бири тал, бири шекер, бири бал» дегендей эле экен. Толкунбектин кылчактай турганынын туру бар турбайбы, - деп ойлоп койду. Анан:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1065 Пользователь офлайн   Aliya2015   10 Февраль 2016 - 22:16

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

223-бет

Кырды кырдай жугургон,
Кызыл кийик баласы,
Кынга салган бычактай,
Жакшы атанын баласы, -
деп Зыйнатты эстеп элдик ырды ичинен кайрып, Аккыз менен Эсенди эстеп олтурду. Ошентип, откон-кеткенди конулунон откоруп олтурган Кынанын ою бир заматта Жайнагулго барып урунду. Байбиче келининин ден соолугун эстегенде, журогу булкуп алды. Ой тобо, - деди озу менен озу суйлошуп, акылы жок жаман кишинин ою да жаман. Кыргыздын бардык кыз-келиндери бут чогулуп келип менин Жакинимдин чыпалагына тен келбес. Ырысым болуп аман болсо экен. «Бул как баш ушуну кормок эле» деген созду укпасам экен. Балдарымдын жамандыгын корбой, абышканын артынан кете берсем, сонун гана болгону турат. Келиндуу бололегимде кандай элем, азыр кандаймын? Олосолуу жанымды ор алдырып, жоголгон ден соолугумду кайрып берип, кучумо куч кошуп, омурумду узартып, конулумду жашартып отурган Жакиним болбодубу. Кагылайын кудуреттуу кучтуу Кудай, мен шордууга пендем деп боор оорусан, балдарымдын жамандыгын корсото корбо. Оо, арбагындан айланайын абышка, билип жатасынбы Жакиндин ооруп, ооруканага жатып калганын. Алын жетсе арбагында колдой жат. Телегейди тен кылган кудурети кучтуу Кудай, жан керек болсо, жанга жан деп, Жакинимдин ордуна мени ал. Кына ушинтип озунчо суйлоп, озунчо боздоп жатты. А балдар болсо, учоо уч жерде селейип, алагар коркок коздорун аландатышып, энесинин жагымсыз созунон, жаштуу козунон жамандыктан жыт алгансып унсуз урпойуп турушту. Анан тээ бир оокумда Жанат минтип ыйламсырады.
- Эне, Жайна женем келбейби?
Кына кызынын созун угуп селт этти.
- Келбей койчу беле. Келбейби деген да соз болучу беле, катыгун.
- Анан ыйлап жатпайсынбы?
- Мамамды ооруганда ким алып кетти, ыя чон эне? – деди Усон.
- Догдур келдиби?
- Ооба, тундо силер уктап жатканда догдур келип алып кетти.
- Мамамдын кайсы жери ооруду эле, ыя чон эне? – Асан ыйламсырады.
- Журогу.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1066 Пользователь офлайн   Aliya2015   10 Февраль 2016 - 22:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

224-бет
- Анан догдурлар дары берсе, бат эле айыгып калат, ээ?
- Ооба, айыгып калат.
- Качан айыгат?
Жанат бобокторуно кучоно суйлоду.
- Энем билмек беле. – Жайнагулдун балдарына айтып журчу созун туурап минтип кошумчалады. – Дайыны жок, энемди кыйнабай, эшикке чыгып ойнобойсунарбы?
Булар ушинтип оздорунчо кыжы-кужу болуп жатканда Толкунбек келип калды. Уулун коруп, Кына дароо ордунан тура калып келинин сурады.
- Жайнага бардынбы?
- Бардым. Эсине келип эртен мененкиге караганда жакшы болуп калыптыр. Санаам тынып калды.
- Оозуна май, балам.
- Мамам качан келет, ыя папа!?
Балдар Толкунбектин оозун тиктешет жалдырап.
- Келет жакшы болгондо.
Кына тынчсыздана дагы сурады.
- Кечинде эч жери оорубай эле, таптаза жатууга кетпеди беле. Анан кандайча ооруп калды. Урушуп кыжындашкан жок беленер деги? Мен сага ишенбей турам, балам.
- Урушкан жок беленер деп тундо да сурадын, жана да сурадын. Азыр да ошол суроо. Сен мага качан ишенип журчу элен?
Кына уулунун созун угуп чыйрала тушту.
- Ии, ишенимден чыккан кишиге ишенбейт ошентип.
- Деги балам экен деп менин созумду суйлой турган кунун болобу? Атам маркум да мени коргондо итатайы тутулуп, жини келип туруучу.
- Койчу, балам: «Каргайын десем жалгызсын, каргабайын десем жан койбогон байкушсун» - дептир айласы кетип, амалы тугонгон мага окшогон бир шордуу эне. Эми эмне болот, атандын кыркы берилбей калабы?
- Эмне учун берилбей калмак эле. Ага чейин Жайнагул чыгат да…
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1067 Пользователь офлайн   Aliya2015   14 Февраль 2016 - 13:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения Geran (13 Февраль 2016 - 19:29) жазган:

Колум бошогондо менда кочуро берсем болобу..
ооба, көчүрө берсеңиз жакшы болот эле

Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 14 Февраль 2016 - 13:55

Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1068 Пользователь офлайн   arimle90   14 Февраль 2016 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 23:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

.
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1069 Пользователь офлайн   Frezia   15 Февраль 2016 - 15:18

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 39
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2021 08:54

Просмотр сообщения Geran (13 Февраль 2016 - 19:29) жазган:

Колум бошогондо менда кочуро берсем болобу...


көчүрсөңөр да эмне кылсаңар да иши кылып аягына чейин жазсаар жакшы болот эле деп суранабыз
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1070 Пользователь офлайн   Aliya2015   16 Февраль 2016 - 00:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

225-бет
Убакыт чапкан аттай таскак салып отуп жатты. Ары-бери караганча козу откондордун кыркы да жакындап кирип келди. Ооруканада Жайнагулду мумкун болгон бардык аракеттери менен дарылап жатышты. Бирок нерв да, журок да, кандын басымы да, уйку да, баары биригип келип санаага байланыштуу болучу неме тура. Муну врачтар айтпаса да Жайнагул жакшы билет. Канчалык Усон жонундо ойлобоюн, аны дегеле эстебейин десе да, оз эркине озу ээ боло албай, бул баланы эч бир журогунун башынан алыстата албай койду. Кээде ойдон ой туулуп отуруп, Усон озунун ажалына буткон бала сыяктуу сезилип да кетуучу болду.
Тумар кызынын ооруканага жатып калганын Сады менен Гулайым келгенде, ошолордон угуп чочуп кетти.
- Журогу ооруп жатыптыр дейсинерби?
- Ооба, эне, жалгыз эле журогу эмес, канынын басымы да жогору экен. – Гулайым куйоосунун созун угуп: «Бекер айттын» деген ниетте тымызын кейип алды.
- Капырай, журок оорусу жок эле го. «Чыгашага ээси баш» дегендей, жанакы Усон деген таштанды кучуктун азабынан пайда болгон оору болуп калды го мунуку. Маркум Мансур олоор алдында Эсендин кызы Зыйнат деген келинди атайын чакырып алып, айтып койгон.
- Эмнени? – деди эч нерсеге тушунбогон Сады. Ага мурда эле эмес, кечээ жакында Мансурду акыркы сапарга узатып, топурак салууга барганда да, Усон жонундо эч ким эч нерсе айткан эмес болучу.
- Усонду. Сен эч нерсе уга элексин. Ал баланын тарыхы коп. Минтип сыры сыртына чыгып, чуусу чубаларын ким билди дейсин… Тумар уулуна Усон жонундогу окуяны башынан баштап, бардыгын айтып салды.
- Ошондой денизчи. «Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде» деген ушул экен да. Эми Жайнагул «Усонду алып кетип калат» - деп куйуп жаткандагы оорусу дебейсинерби. Андай болсо, эмне учун дароо беришкен жок.
- Туз эле дароо дейсин да, балам. Дароо кантип берет. Усонду бар десе эле бара коёбу. Ал келиндин эне экенин билелек да. Билген кундо да Зыйнатка туболук бала болуп баш ийип беришин бир Кудайдын озу билет.
- Бекер эле болгон экен.
- Антип айтпа, балам. Бекер деле болгон жок, туура эле болду. Кудай, арбак дегендер бар. Айттым го сага Жайнагул менен Кынанын тушуно бир тундо бирдей кирип, арбактын аян бергенин. Мансур да тынч кетти, санаасы тынып.
Сады оор улутунду.
- Чындыгында Асан менен Усондун Жакин учун айырмасы жок эле да. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы да эне. Канча эмгек, канча мээрим кетти. Мындай болоорун Жакин билген жок да. Кап, окунучтуу юолуп калды. Санаа жаман да. Анда эртен биз менен барып, жолдо тушуп кал. Жайнаны озун коксосун суутуп, акылынды айтып, какус-кукус кылып эсине келтирбесен, кийин кеч болуп калбасын, ыя эне? Деги ичинер бек экен. Кантип менден жашырдынар?
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1071 Пользователь офлайн   Aliya2015   16 Февраль 2016 - 00:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

226-бет
- Ой, балам ай, анын эмнесин суйунчулойт элек. «Кан бастыга жин басты» болуп, оз баласы болуп калсын дедик да. Эми ага таарынбай эле койчу, балам. Усонду ким тууп, ким таштаганы эми билинип жатпайбы. Ал кезде мындай балакеттуу бала экенин ким ойлоптур.
- Туштон кийин таарынып эмне кылайын. Айтылган соз да. «Мактаган кыз тойдо осурат» дегендей, мактаган куйоо балабыздын корсоткон осуяты шумдук болду го. Эми эмне болот?
Тумар мурдакысындай Толкунбекти жактай да албай, мактай да албай, мукактана тушту. Айткнадан оозуна кирген соз бул болду.
- Эмне болмок эле. Отоор иш отту, болоор иш болду. Зыйнатты эстуу экен деп жатышат. Мен ал келинди коргон жокмун. Мен барганда Мансурду коёрун кутпой кетип калыптыр. Эми Касымбектин кыркына келет деп жатышат. Алар менен куда турбайбы. Мансур учун болбосо да Усон учун келет да. Ошондо билинет го эмне болоору.
- Кап, Жайнагул Усонду баладан башкача жакшы коруучу эле. Бала да Жайнага жакын корунгондой болгон эле, эмне болоор экен? Сады Жайнагулдун журогу ооруганын энесине айтканына эми окунуп турду. «Оозунан мудурулгон турбайт, бутунан мудурулгон турат» деген ойду ойлоп, каканактап, ону очуп эки козу жашка толуп олтурган энесин аяп кетти.
- Кептин баары ошондо болуп жатат го. Катыгун ай, эне ыыйлап жиберди. Журок оорудан коркуп калган жайым бар эле. Туболугу туз болуп сакайып кетсе болду го…
Эртеси Тумар уул-келини менен чогуу Чолпон-Атага жоноп кетти. Алар эч жакка бурулбай, туз эле ооруканага келишти. Сады машинасын токтотуп, энесин тушуруп жатса Нуржамал менен Бурмакан ээрчише басып, экинчи болумго кирип баратышып, Жайнагулдун энеси менен ага-женесин коруп токтой калышты.
- Оо, саламатсызбы, апа! Кандайсыз, Сады Казиевич. Учоо менен тен кол алышып учурашышты, Жайнагулго келгенсиздер го.
Кына келиндерди бетинен опту.
- Ооба, Жакинге келдик. Деги кандай ал кыз?
- Жакшы апа. Экоо жарыша жооп беришти.
Сады сурады:
- Озу чыгалабы же биз озубуз киребизби?
- Жайнагул Казиевна, реанимациядан кийин озунчо болмого которулган. Азыр халат алып чыгышсын, жамынып алып кирип чыккыла.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1072 Пользователь офлайн   Aliya2015   16 Февраль 2016 - 00:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

227-бет
Дежурный медсестра тигилерге карап, врачка минтти:
- Эженин устундо киши бар. Кайненеси балдары менен келиптир.
- Анда алар чыгышсын.
Тумар, Нуржамал Исаевнага карады:
- Ырас, кудагыйым бул жерде тура. Чыгарбай эле, устуно кире бербейбизби?
- Жок, апа, андай болбойт. Кичине куто тургула. Анын устуно палата тар.
- Кутобуз, шашылыш жок. Апам айылдагыдай коруп жатпайбы. Кызынан мурда, кудагыйын угуп шашып калды окшойт.
- А атандын кору, шашпай анан. «Куу алган кушта эмне сын» дегендей, ал байкушта эмне сын. Келини ооруп куураган тура мусапырым. Балдардын башы ооруса эненин журогу кошо ооруйт эмеспи.
Врачтар созго аралашты.
- Сиздердей ынтымактуу, бирин бири каркыттап, бирин бири аяп да, сыйлап да турган кудагыйлар кайда-а-а! Укканбыз сиздерди. Ошон учун «Ырыс алды- ынтымак» дейт турбайбы.
- Биздин сыйдан башка эмнебиз бар. Бул жашоо дегенибиз убактылуу неме турбайбы. Ошон учун жалган дуйно экен да. Баарыбыз тен бул дуйного убактылуу, кунумдук келген мейманбыз. Аз омурдо бирибиздин журогубузду бирибиз оорутпай, бирибиздин конулубузду бирибиз калтырбай, ынтымак менен жашап отушубуз парыз эмеспи, кыздарым.
- Аны ким билип жатат, апа!
Тумар келининин устунон эки козу канталап, ыйлаган кебетеленип, маанайы пас чыкты. Кыраакы, сезимтал Тумар кудагыйын коруп эле сестее тушту. Анан ошол замат бири менен бири кучакташып, обушуп корушту. Кына ыйлап жиберди.
- Кандайсыз кудагый, дениниз сакпы? – деди Тумар урпойгон калыбында.
- Жакшы эле болчумун. Жакин ооруканага жаткандан бери кучумдон тайып калдым. Коз жашын суртту.
- Жакин кандай деги?
- Жакшы экен
Таэнесин тегеректеп, кезек кутуп турган балдар учоо уч жактан Тумарды кучактап калышты.
- Таэне, Жайна женеме киресизби? – деди Жанат.
- Кирем алдына кетейин, ошол Жайнаны угуп келбедимби.
- Мен дагы сени менен кирейин да, таэне, - деди Усон.
- Мен да кирем, - деди Асан.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1073 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Февраль 2016 - 00:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Кечиресиздер. Азыр кичине ооруп калганыма байланыштуу, жаза албай жатам. Эртең улантканга аракет кылам
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1074 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:26

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

228-бет
Кына менен учурашып жаткан Сады балдардын созун угуп минтти:
- Кайда киргени жатасынар?
- Мамама – деди Усон илгирбей.
Нуржамал оорулууга кирип кайра чыгып, Тумарга карады.
- Апа, сиздер кирип чыгыныздар. Киргенде коп суйлотпогуло. Азыр медсестра «капит» эткени жатыптыр. Кармабай тез чыгыныздар.
- Эмнеге кармамак элек. Чыгабыз бат эле.
Жайнагулду коргончо Тумар эле эмес, ага-женесинин ою онго болунуп, кандай абалда корор экенбиз деген ойдо журоктору титиреп чочуп турушту. Анткени Сады мурда куну келгенде Жайнагулдун абалы бир топ эле салмактуудай корунгон болучу. Бирок оорулуунун бугунку корунушу да, оорусу да ал кундогудон алда канча жакшы болуп калган. Энеси менен бир туугандарын коруп, кулуп жиберди. Анан башын которуп туруп олтурду.
- Алдына кетейин каралдым, кандай жакшысынбы? Энкейип бетинен ооп ыйлап жиберди Тумар.
- Жакшы болуп калдым. Ыйлабачы, апа!
- Апан силердин алдынарга кетээр бекен!
Сады энесин колтуктан алды:
- Болду апа, кубангандын ордуна ыйлайсын да. Кудайга шугур, мурда кунку мен коргондокудон жакшы болуп калыптыр…
Тумар менен Садылар Жайнагулдон чыкканда, Усон ыйлап минтти:
- Таэне, бизди мамама алып кирбей койдунарбы?
- Силер кирип чыккан турбайсынарбы. Кайра-кайра эле кире бересинерби. Оорукана оюнчук эмес да, балам.
- Анда Асан экообуз ушул жерде калып мамамды кайтарып турабыз.
- Эч ким калбайт бул жерде. Кайтарып туралы деген да соз болчу беле. Баскыла, чогуу кетебиз, тигине машина.
Машинага олтуруп жатып, Кына минтти:
- Ботом, жана эртен менен короодо ойноп жатып эле коо жок. Чай ичели деп ар жактан издейм, бер жактан издейм. Жанатты кошунакына чуркаттым. Жайнагулго барабыз деп чымын-куюн болуп аркы-терки отуп жаткан машиналарга урунуп алып, тентек немелер алда кандай кырсыкка учурайбы деп ниетим бузулуп туруп алса болобу. Жанаттын кечиккенинен, кочого чыгып баратсам, эки баласы менен бир короо кишидей кожурашып келаткан Толкунбекти коруп мандайыман тер чыга тушту. Балдардын кайда жургонун сураганча болбой оз уулум минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1075 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

229-бет
- Бул экоону Жайнагулго эмнеге жибердиниз эле? Ооруканага барсам, айнекке тырмышып экоо журот: «Мамама кирели десек киргизбей койду» - деп. Оорукана жакын болсо бир жондуу, алыс да. Жолдо жугуруп отуп кетебиз деп, машинага урунуп алышса эмне болот? Балдарды жибербей эле койбойсузбу? – деп, мени куноолоп турса болобу. Азыр да уйдо калгыла десем болбой, дагы мени ээрчип алышты. «Мамама баралы» - деп Асанды азгырган мына бул Усон.
- Билем, Жайнагул экоонун жаны бир да. Кантип ажырашып, кантип бирин бири корбой чыдашаар экен – деди Тумар.
- Билбейм, билбейм, кудагый. Бул баладан корком мен. Бирдеме десем эле, мен Алматыга кетип жатпайымбы. Сен мени урушпачы, чон эне – деп тура калчу болду.
Бул созду угуп Кына менен Сады, Гулайым учоонун оозу ачылып калды.
- Шумдук, ошентип айтабы? Балким, Зыйнаттын эне экенин билип калгандыр – деди башын чайкап.
- Чокусунан билгениби. Сурот тарткандын окуусуна Эсеновага кошуп Алматыга жиберем деп бышы кулак кылып даярдап жаткан Жайнагулдун озу болуп жатпайбы. «Алдаса болот жаш башты, канатса болот как башты» деген ошол экен деп ичимден тымызын сызып мен олтурам.
- Куураган Жайнагул анан антпегенде кантет. Анысы туура эле акыл менен ойлоп тапкан амалы да, кудагый.
- Бул Кудай урган Зыйнатты айтып журбойумбу. Колдо туулуп, колдо оскон капырдын дегеле жузун коройун деген козум жок эле да. Аккыз менен Эсендин арбагы беттешууго аргасыз кылбадыбы. Ачыгы жакшы создун. Жакин экообуз кенешип олтуруп Толкунбектин озун жибердик чакырыкка. А дегенде бул дагы бултундады болбой. «Мени менен жашап турганда чакыртпаган, эми эмнеге чакырып жатасынар» - деди жакшы эле. Анан атасынын жанына келип минтти:
- Ыя, атаке, Эсендин шуркуя кызы деп, жакшы корсон иттин арткы шыйрагындай коруучу эмес белен. Акылым жетпей калщды сага. Оорун оордоп катуулаган сайын эле, Зыйнат, Зыйнат деп оозундан тушурбой кусоп калдын. Эмне деп айтып, эмне деп чакырайын? Анын да ар-намысы бар. Атам чакырып жатат десем эле макул болуп келе коёбу? Мага айтпай, менден жашырып Зыйнатка айта турган кандай жашыруун сыр бар болуп кетти, ыя ата?
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1076 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

230-бет
- Ооба, ошондой сыр бар. Зыйнатты обол мурун чакырып келчи. Угасын анан. «Аяш атан олум алдында жатат де. Акыркы сапарга узаар алдында бир коруп коштошоюн, жети жылдан бери жан кишиге айтпай, коодонумдо комуско сакталып жургон бир орчундуу соз бар. козумдун тируусундо ошону айтып жан дуйномду тынчытып кетейин деп сени кутуп жатат деп, мен айткан создун баарын айткын» - деп талап кылып туруп алды абышка. Толкунбекти мен озум деле жибергим келбей турду. Бирок кудагый, «бардырбасын бардырбас» дегендей Жайнагул менен озумдун коргон тушумду ойлоп каршы чыгалбай, абышканын айтканын аткарууга аргасыз болбодумбу. «Бал кудукту тапкан да сен, таткан да сен» дегендей, Толкунбектин «ажырашкан аялымды чакырып дегеле барбайм» дегенине болбой жибербедимби. Бирок чын-чынына келгенде Усонду шекшине тиктеп жургонун мурда эле билгенмин. Абышканын Зыйнатты эмнеге зарылып чакырып жатканын ачык эле туюп мага минтти. «Эмне, Усонду Зыйнатка берели деп жатасынарбы? Тобо, ата-эне менен баланын ортосунда да бири-бирине айтылбаган сыр болоорун билбептирмин. Ичинер бек экен. Менимче, мурда айтпаган бойдон айтпай койсонор деле болмок. Мейли озунор билгиле!» - деп чыгып кетти Зыйнатка барганы.
- Деги ал келин кандай адам корунот? Кантип даап келди экен бечара.
- Келди таякеси менен. Мансурдун айтканын айтса кыйбаса керек. Сыны бийик, сырты тузук киши болуптур. «Тузу ийгиден тунулбо» дегендей, ыйман жуздуу экен. Абышканы коруп ыйлап жиберди. Кечирим сурады. Килейген бир сумканыи кант-чай, жер-жемиш, таттуу-паттууга толтуруп келиптир. Озунуз кордунуз го, Мансурга аттык чепкен алып келбедиби, башынызды куттуктаганым деп. Оо, курган келиин, баласын укканда кантип кетээр экен деп турдум эле, а деп айтканда тушундубу, тушунгон жокпу, же уккан кулагына ишенбедиби, делдирей тушуп кайра сурады: «Чын эле менин балам олгон жок беле, тируубу, ыя аяш ата» - деп, тактагандай болду. «Ооба, сенин балан тируу, Усон сеники!» - дегенде бир кызык болуп, коздору жайнап, жашка толуп калчылдап кетти. Бу адам баласы кубанычтан да озун жоготуп коючу неме окшобойбу. Талма сыяктуу оорусу бар экен. Дароо жер кучактай жыгылды. Журогу да начар окшойт.
- А, Толкунбекчи? Ал эмне деди?
- Эмне десин, бир кезде анын тонгон адамга окшоп, кирпиктери ирмелбей турган коздору козумо урунду. Андан кийин «Талмасы бар анын» деген созу кулагыма шак дей тушту. Анан Толкунбектин эмне болгонун, кандай чыгып кеткенин билбей да калдым.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1077 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

231-бет
- Ошондой жоругу коп жомок дечи, кудагый. Эми деги Жайнагулду Кудай сактаса экен десениз. Кайраттуу корунгону менен санаасы жаман неме турбайбы. Усонду эстеген сайын журогу куйуп, каны бузулуп турса арты жакшы болбой калат го. Андай болгондо дарыланып да кереги жок. Айтты го врач деле.
- Жакиндин кебетесин коруп олтуруп мен да болбой калдым. Абышкага бекер эле куйуп, бекер эле ыйлап журуптурмун. Азыр ал кишини эстебей да калдым. Кудай пендем деп жаратса балдарымдын жамандыгын корсотпосо экен, кудагый. Керек болсо мени алсын.
- Коп эле антип санаага бата бербенизчи. Кудай сактасын, Жакин жакшы экен. Эртен, бурсугундон чыгат турбайбы…
- Чыкса экен. Жакиндин жаткан беш куну мага беш жылдай болуп кетти, кудагый…
Мансур дуйно салгандан бери уйунон адам узуло элек. Конул айтып, куран окутуп алыстан да, жакындан да келген куда-соок, дос-тамырлары менен айылдаштарынын аягы узуло турган эмес. «Уй албай кошуна ал» дегендей, Жайнагулдун бар-жогун билгизбей, колуна кол, бутуна бут болуп, кабагым-кашым дебей женилин жерден, оорун колдон алып, келим-кетимин узатып турган куйумдуу кошуналары бар экенин Кына ушунда бир билди…
- Абышканын кыркы да жакындап кирип келди. Жакинди эртен чыгат деп жатат. Урунду болуп кайра ооруп калбаса экен – деди Кына кудагыйы менен суйлошуп олтуруп. Байбиченин бул созун уккан коншу келин минтти:
- Апа, Жайнагул женемди урунду болот деп эч коркпонуз. Биз бар эмеспизби, - деди.
- Тушуном, билем, балам, силердин женилди жерден, оорду колдон алып жардам береринерди. Ошентсе да Жайнагулго куч келет да. Жайнагул озу деле айтып жатат, чакыруучуларга кабар бере бергиле деп.
- Ооба, беребиз апа, - деди тыштан кирип келатып энесинин созун уккан Толкунбек…

***
Жакан звандагандан кийин Зыйнат, арыдан-бери кийинип, азага алып баруучу белек-бечкегин килейген эки сумкага эки болок салып, эми чыгайын дегенче болбой, Жакан кирип келди.
- Кутмандуу таныныз менен, аяш! Даярсызбы?
- Даярмын. Мен озум да чыгайын деп жаткамын.
- Ооу, бул сумкаларт да барабы?
- Ооба, экоо эки уйдуку.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1078 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:29

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

232-бет
Жакан жукторду которду.
- Туу, эмне бар ичинде! Тим эле зындын кара ташындай оор го буларын. Алматыга эч нерсе калтырган эмессиз го?
- Ооба, калтырбадым – деди Зыйнат кулуп.
Машинага жукторду салышып жаткан шоферго карап минтти Жакан:
- Кандай кетебиз, ыя? Бишкек аркылуубу же Кегенге салалыбы? Кайсынысы ынгайлуу?
- Кеген аркылуу кеткенибиз он го. Деги озунуз билинизчи. Мага баары бир.
- Андай болгондо Абай менен Жабайды биротоло ала кетпейбизби. Жолдо Каркырага бурулуп, акем менен шешеме учурашканча балдарды таштай кетели. Кайра келгенде деле баары бир озум жеткиришим керек. Балдар каникулга чыккандан бери качан кетебиз деп кундо айтып, кундо кулак-мээни жеп бутурушту. Кеген аркылуу кетууну кандайча эч кимибиз мурда ойлогон жокпуз – деди Жакан.
- Эчтеке эмес, азыр да кеч эмес. Эгерде Кеген аркылуу кетерибиз бышык болсо, балдарды ала кеткенибиз он болот. Ырас, Абай менен Жабайдын шылтоосу менен Каркыраны коро кетели. Менин ал жакка барбаганым эки-уч жыл болуп кетти – деди шофер.
Зыйнат, баякыда Усай абышка келгендеги озуно келтирип айткан созун эстеп ичиркенип кетти. Ошондо, «туубаган катындан, улактуу эчки оодо» деген созу кулагына ийнедей сайылган. Эгерде, ал киши Толкунбек экообуздун ажырашканыбызды укса «Ырас болуптур. Туубаган катын кимге туу болмок эле» дээрин ойлоп журогу зырп этти.
Алматыдан чыкканы эч жерге токтолбой, купулдотуп журуп олтурушуп, Кегенге кандай жеткендерин да билбей калышты. Машина токтоору менен Жакан минтти:
- Тушкуло, уйкунарды ачып, бир аз абага чыгып, дене-бойду сергитип алып, анан ашканага кирип, шам-шум этип алып, жолго тушолу.
Жакандын сунушуна Галия дароо каршы чыкты.
- Ой, койчу тамакты. Азыр эч кимибиздин курсагыбыз ачып кетелек. Эрте кунду кеч кылып тамак-самак деп олтурбай жонойлу, Жакан. Атамдыкына жетип, Каркырадан туштонобуз буюрса.
Жакандын кабагы туйуло тушту:
- Ой, сен озун бир кызык неме экенсин. Сен тамак ичкин келбесе эле, башкалар да ичкиси келбей калабы?
- Жок, жок, Жакан, эч нерсе ичпейбиз, убара болбо. Балдардын эле курсагы ачып кетпесе, али тунку тамак курсактан тушо элек.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1079 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

233-бет
- Аа, болуптур ичпесенер, оз убалынар озунорго. Мага таарынып опколобосонор эле болду. Ушул жерден тамак ичууну шылтоолоп, шайтан мойнун сындырсакпы дедим эле, болбодунар. Кеттик анда.
- Аа, ошондой де, биз учун эмес, озун учун кам коруп жаткан пенде турбайсынбы – деди Галия кулуп. Эртен менен аяшындыкынан башынды жазып алган жок белен?
Галиянын созун угуп, Зыйнаттын козу ачыла тушту.
- Э катыгун, «Башы оорубаган Кудай мене ниши жок» деген ошол. Ай, ай аяш, менден сурабай туруп эле, бул жумушту озунуз билип, озунуз аткарышыныз керек эле да. Бардыгы жайнап шкафта эле турган.
- Толокем болсо анда кеп башка эле да. Чыны батына албадым.
- Кечирим сурайм, аяш. Кемчилик менден кетип калган турбайбы. Кап, бул да болсо акыл-эстин жоктугу.
- Оюнузга албаныз, аяш, бардыгы тамаша. Мен ичкеним менен эртеси баш жазуу дегенди билбеймин. Кечээ бир нерсеге тан калдым. Эмнеге дебейсизби? Шерхандын аракты таштап койгону бир топ болгон. Кайра ичип алган турбайбы. Акылдуу десе акылдуу, таланттуу десе таланттуу жигит. Бирок ичип алганда андан акмак киши жок. Чеченсинип олтуруп эле чектен чыгып кетуучу адаты бар. Адамдын ажарына карабай алп ооз суйлойт. Бирок тундо сактанып, боюна ченеп ичип, жакшы олтурду.
- Баарынар эле ичип журбойсунорбу. Бирок ар бир адам ар башка ичет тура. Иче берсин. Ага эмнеге кайгырдын. Шерхан деген Шерхан – деди Галия.
Кайра машинага олтурушту. Эки бети тамылжыган Жакан эки жагын кумарлуу да, кусалуу да тиктейт.
- «Куттуу уйдон куру чыкпа» дегендей, Кегенден даам татпай кетип баратканыбыз окунучтуу болду. Кеген деген берекелуу кенен жер. Шешем менин киндигимди кесип, киримди жууган мекеним сен мага таарынба, келем кайра.
Аялдар бирин бири карады.
- Ыя, Галия, аяштын бул созу жуйолуу болуп калды го дейм.
- Ооба, болбой калды. Мен эч нерсени элебей эле, биротоло Каркырага барып казан ассак деп ойлогон турбайымбы. Кечирип коюнуз, бай, куноо менден кетип калыптыр. Кана, эмне кылалы, кайда баралы! Ресторангабы, же ашканагабы, сен билчи, Жакан. Машинаны теректин колокосуно токтоткула.
- Ресторанда эмне бар эле. Бул эле мандайдагы ашканага киребиз. Силер эмне ичесинер?
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1080 Пользователь офлайн   Aliya2015   23 Февраль 2016 - 01:32

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

234-бет

- Эмне ичесинер деген да соз болобу. Аяш экообуздун эч нерсе ичпесибизди билип туруп сурайсын да. Озуно арак ал. А биз болсо бирден казак шорпосунан ичели.
- Сумкада арак бар – деди Зыйнат.
- Мен Алматынын арагы эмес, Кегендин арагын ичемин. Силер кирип каалаган тамагынарды заказ бере бергиле.
Зыйнат менен Галия Жаканды арак алып келгени кетти деп ойлошкон болучу. Бирок алар ойлогондой болгон жок. Корсо, озуно папирос, уулдарына балмуздак, аялдарга суу алып келгени кетиптир. Куйоосунун алгандарын коруп Галия тынчсыздана сурады.
- Арак албадынбы?
- Албадым. Уйго арак жыттанбай таза барайын деп ойлоп, айнып калдым. Акем да, шешем да мени коргондо ооп-жыттап жиберишмей адаттары бар. Алар мени ичкилик ичпейт деп тушунушот. Галиянын козу турат го, мен ак-шешемдин алдында, алардын козунчо арак эмес, тамеки чекпейм.
Зыйнаттын оозу ачылып калды.
- Туу, сиз анык абийир-адептуу уул турбайсызбы?
- Анан кандай деп ойлодунуз эле?
- Чыны билбептирмин.
Ашканадан ичимдик ичишпесе да, ичкенге окшоп шатыра-шатман болуп конулдуу чыгышты. Жолдо келатып Галия куйоосунун жанакы Шерхан жонундогу созун эстеп сураду:
- Сен жана Шерхан жонундо суйлоп келаткан созундун аягына чыкпай калдын. Эмне болуптур айтсан?
- Айтайынбы? Бирок Галия эсине эмитеден салыа коёйун, бул соз оюнчук соз эмес. Кийин оодо-ылдый соз чыгып кетпесин, оозуна сак бол.
Галия куйоосунун созуно териге тушту.
- Мени сен тим эле ачык ооз, ушакчы адам катары эскертесин да. Качан сенин айтканынды элге айтып, суйлогонунду суйлоп жалкотой кылдым эле? Айтпасан айтпай эле кой, уккум да келбейт.
- Ой, мен жон гана жайынча эскертип жатам. Айтсан айта бер. Аяш, сиз бизге таарынбаныз. Галия экообуз ар дайым сиз тараптабыз.
- Эмне соз ал? Мен эч нерсе тушунгон жокмун.
- Билесизби, мен ушунча болуп ортого тушуп коргон эмесмин. Шерхан мени кыйнап жатат.
- Эмне деп?
Зыйнат Жакандын эмне айтаарын дароо тушунду.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 52
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 2 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 2, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 18 Июл 2025 02:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: