Суперстан: Чоң ата - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоң ата

#1 Пользователь офлайн   Romantic   08 Январь 2011 - 08:39

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Бөлмөдө жалгыз карыя. Үстүндө көп жылдан бери түшүрбөй кийип жүргөн эски чапаны. Адаттагыдай өзү менен өзү сүйлөшүп отурат:
- Оо Кудай ай! Дагы жарык өчтү. Бул кандай болгон караңгылык, туруп туруп эле адамдын үшүн алгандай. Билбейм, бул караңгылыкта абалыбыз ушунчалык болсо, кабырдагы караңгылыкта абалыбыз кандай болот.
Коюлган жеринде турган ширенкенин кутусун карылыктын айынан көпкө издеп, араң тапты. Аны кулагынын түбүнө алып келип шыгыратып көрдү. «Ширенкени болсо таптым. Бул жерде бир шам бар болушу керек. Ии... Таптым, таптым»
Шамды күйгүзөрү менен карыган чоң атанын эсине балалыгы түштү. Ууртунан жылмайды. Бирөөгө айтып жаткансып эсиндеги окуясын баяндай баштады.
«Бала кезимде жарык өчөрү менен дароо кичинекей бөлмөнүн терезесиндеги пардаларды ачып, ай жарыгында сүйлөшүп отурар элек. Атам, апам, иним жана мен болуп. Ээй, кандай гана сонун күндөр өттү.
Атам кичинекейинде эшектен кантип жыгылганын, апам болсо даракка чыгып алып кайра түшө албай бутакка асылып калганын айтар эле. Биз болсо каткырып күлөр элек.
Жарыктын өчүшү биз үчүн чоң кубаныч эле ал кезде. Анткени кубанычтарыбызды жана кайгыларыбызды бөлүшчүбүз. Ал эми башка күндөрү телевизорду тиктеп отуруп, маектеше алчу эмеспиз.
Аай, технология! Адамдарды бири-биринен алыстатты. Же болбосо аны биз туура колдоно албай жатабызбы? Бардык нерседен баш тартып, кайдыгер мамиле кылдык. Телевизордогу футбол оюндары жубайларыбыздан, балдарыбыздан да кымбат нерселерби? Жоок...
Карылар үйү өз үйүңдөн да сүйкүмдүү беле? Адамдар балдарына, үй-бүлөсүнө, ата-энесине маани бербей турган болушту. Мен дагы ошол карылар үйүнө барбаш үчүн жападан жалгыз отурбаймынбы. »
Ээх! Ээх! Ээ Жараткан! Шам да сонун болуп жанып жатат. Жанган сайын эрип барат. Эриген сайын жарык чачып, ансайын түгөнүп барат.
Чоң ата кокусунан туруп эле минтип кыйкырды: «Азирети Умар! Алла сенден ыраазы болсун! Сен кандай гана өзгөчө, кандай гана улуу адамдардан элең. Өзүңдүн ишиң үчүн башка, ал эми өлкө иши үчүн башка шам колдонуп, бирөөнүн акысын жегенден коркор элең. Пайгамбардын үммөтү да, досу да сен элең.
Азирети Абу Бакир! Азирети Хатижа! Азирети Фатима! Азирети Зайд! Силерди сагындым го!»
Бираз токтоп, ыйламсырап кайрадан кыйкырды: «Сенин адилетиңе, шапаатыңа, нурдуу жүзүңө кусамын, эй Расулалла! Бардык адамдар сени сагынууда.
Балдарымдын үндөрүн, неберелеримдин чуру-чуусун сагындым...»
Көздөн жаш тоголонду. Көп жылдан бери ыйлабагансып, көз жашты сагынгансып, өксүп-өксүп ыйлап жатты. Көз жаш тагдырды өзгөртө албаганын, бир гана кайгы муңга чөмүлгөн жүрөктү жубатарын өзү жакшы билет эле.
Мурдун шыр тартып, жашын сүрттү. Өзүн карманып тобокел кылды да: «Кудайга шүгүр! Жаным балалыктын тунук сезимин аз да болсо кайрадан жашады. Бул кандай сүйкүмдүү сезим. Жымжырттыкта отуруп баарын эстеген.
Мунун артынан күрс күрс жөтөлдү да, илбериңки алаканы менен көз жашын арчыды.
Дал ошол учурда жарык жарк этип жарык жанды да, бөлмө дароо жарыкка бөлөндү. А бирок чоң ата тынчтыгын бузган лампага душманындай карап: «Чакырбадым го! Эмнеге келдиң? Шам жарыгында мага кусалыгым, кубанычым менен тең ортоктош болуп отурганымда. Бөлмө караңгылык менен бөлөнгөндө көңүлүм тынчып, жүрөгүм нурданган эле.
Чоң ата карылыкта күтүлбөгөн тездик менен өйдө болуп, жарыкты өчүрдү да: «Өч! өчкүн жалганчы жарыктар! Силер күйгөндө менин үмүттөрүм суу чачкандай өчүүдө»
Андан кийин оор кадам таштап төшөгүнө келип жатты. Балдары, неберелери жок жалгыз ээн үйдө дагы бир түн жалгыздыкты өткөрүүсү керек эле.
Бул жарыктык өчпөс эле,
Эгер үмүт болбосо.
Болбос эле ал жалгыздык,
Медер туткан,
Үмүт кылган,
Жаратканы болбосо.
Кайрадан жалбарды, дагы бир жолу жалынды:
«Оо, Жараткан Алла Таалам! Башыман кечирген турмуштун оош-кыйыштарында сенчелик мага жакын эч кимим жок экенин түшүндүм. Мени кечир. Алла Таалам! Артымда калган балдарыма өзүң жар боло көр. Аларга ырайымыңды төгө көр. Аларды кечире көр. Өлүм аркамда күтүп турат. Жанымды ыйманым менен ала көр!»
Чоң ата алакан жайа «оомийин» деди.
Жуурканга кирерден мурун дайыма айтып жүрчү, тилинде жана дилинде үмүт шамын жандырган «Бисмиллахир- рохманир-рохим» деген сөзүн айтты.
Бираз өткөндөн кийин катуу уйкуга бөлөнүп ошол бойдон бул жалгандан түбөлүк сапарга аттана берди.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Aikoou   11 Январь 2011 - 01:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 401
  • Катталган: 28 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 07 Июл 2013 11:55
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Bishkek

Балдары, неберелери кайда!!! ?

Ушундай кантип болсун!! ! Тфу,тфу,тфу! !!,,Кудайым сактасын!

Каарылар уйуно барбайм деп,жалгыз калган ата,байкуш.. ..... Бул китептен алынган окшойт,бирок жашоодо да ушундай акыйкатсыздык болот экен да!

Мен бир темадан окуп калдым,Арстан байкенин темасында окшойт.."Атага кат" деген ырды угуп алып ыйлаганын бир адам,Мен да биринчи жолу клипин коргондо шолоктоп ыйлагам,жанагы ата чалынып кулап кеткенин,жаш кезинде баласы да чалынып кулаганда кылып жаткан жумушун таштап баласына чууркап барганын,ата тошокто ооруп жатканын коруп алып токтоналбай ыйлагам..Жанымда атам(папам) байкем иним да бар болчу..Кой эми болду дешсе уялып кетип башка болмого кирип кеткем.
Андй болбош керек,андайга жол бербеш керек,Каарыны жалгыз калтырган бул адам эмес!!! !



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   АйАй   11 Январь 2011 - 06:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 105
  • Катталган: 09 Январь 08
  • Соңку аракети: 21 Окт 2020 08:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Ата-энесин карыганда таштаган адамдар деле жок эмес! Бирок эмне ошол адамдар карыбайт бекен! Кудай сактасын ар бир адам озунун жакындары менен эле болсун!! !!!!! !!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Romantic   11 Январь 2011 - 17:57

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Просмотр сообщения rrrr (10 Января 2011 - 21:04) жазган:

Балдары, неберелери кайда!!! ?

Ушундай кантип болсун!! ! Тфу,тфу,тфу! !!,,Кудайым сактасын!

Каарылар уйуно барбайм деп,жалгыз калган ата,байкуш.. ..... Бул китептен алынган окшойт,бирок жашоодо да ушундай акыйкатсыздык болот экен да!

Мен бир темадан окуп калдым,Арстан байкенин темасында окшойт.."Атага кат" деген ырды угуп алып ыйлаганын бир адам,Мен да биринчи жолу клипин коргондо шолоктоп ыйлагам,жанагы ата чалынып кулап кеткенин,жаш кезинде баласы да чалынып кулаганда кылып жаткан жумушун таштап баласына чууркап барганын,ата тошокто ооруп жатканын коруп алып токтоналбай ыйлагам..Жанымда атам(папам) байкем иним да бар болчу..Кой эми болду дешсе уялып кетип башка болмого кирип кеткем.
Андй болбош керек,андайга жол бербеш керек,Каарыны жалгыз калтырган бул адам эмес!!! !





Tuura aitasyn bul turk4o kitepten kotorulgan)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   MissNice   22 Январь 2011 - 22:27

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 112
  • Катталган: 09 Октябрь 10
  • Соңку аракети: 03 Май 2020 23:43
  • Жынысы:Аялзаты

Karisi bardin irisi bar dep koyotko kyrgyzda,kaarilardi siylaylichi jashtar biz da kaariybiz go.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Romantic   22 Январь 2011 - 22:30

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 333
  • Катталган: 15 Ноябрь 10
  • Соңку аракети: 05 Май 2024 22:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Italy

Просмотр сообщения MissNice (22 Января 2011 - 19:27) жазган:

Karisi bardin irisi bar dep koyotko kyrgyzda,kaarilardi siylaylichi jashtar biz da kaariybiz go.

100% kowulam sizdin sozunuzgo.
:give_rose:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   jildiz   23 Январь 2011 - 02:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 181
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 29 Июн 2011 16:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва Кремлевский дворец. Снимаю.

эх ошондой манкурттарга кор болгон байкуш чон ата.Сүрөт
Есть такие люди, к которым просто хочется подойти и поинтересоваться, сложно ли без мозгов жить
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Barika   02 Февраль 2011 - 03:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 505
  • Катталган: 15 Май 10
  • Соңку аракети: 31 Янв 2020 23:04
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:☆●Кыргызстан●☆

Эх, ата-энени сыйлап барктай билели!

☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Arstan   02 Февраль 2011 - 19:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 6 069
  • Катталган: 06 Декабрь 09
  • Соңку аракети: 05 Фев 2024 03:56
  • Жынысы:Эркек

Ата эне бул дуйнодо эн улук,эн жакын,эн ишенген адамдарыбыз да,канчалык жакшы нерселерди кылсак да аздык кылат,аларга омур бою карызбыз,эч качан конулдорун оорутпайлычы достор.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Zamira   16 Июнь 2012 - 17:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 155
  • Катталган: 18 Апрель 11
  • Соңку аракети: 14 Дек 2012 17:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Бишкек.

Байкуш чоң ата... :капамын:
Өлөөрүндө да карабай кеткен балдары үчүн кам көрүп,кудайдан ырайымыңды төгө көр деп суранып... Өхх! :капамын:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   belka   12 Февраль 2016 - 11:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Байкуш чон ата...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   tavanova.sarah   12 Февраль 2016 - 11:59

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 533
  • Катталган: 20 Апрель 14
  • Соңку аракети: 21 Май 2021 00:58
  • Жынысы:Аялзаты

Жанагы барго? Однодогу:
Бир абышка телефон ондогон жерге келип
-Балам, телефонумду коруп берчи, иштебей атат?" деп берет. Телефон ондогон бала эки жагын карап:
-Ата, телефонунуз бузук эмес экен иште бериниз?" десе абышка:
-Анда эмнеге БАЛДАРЫМ чалбайт?!" деп айтат.
Эхх, ошону окуп алып аябай ыйлагамын :cray:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 12 Авг 2025 03:01

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: