Чын эле форумдагыларды МЫРЗА АЙЫМ десек уятко. Же флуддап, пайдасыз эле интернетке копчулук убакыттарыны сарптап жатышкандары учун "мырза/ айым" дейбизби???)))
- (2 )
-
- 1
- 2
Бийкечти "айым" деп атоо - шылдың. Сиздердин оюңуздарчы?
#22 03 February 2016 - 10:32
Тема тушунуктуу ошондо интернетке жалан бекерчи жогорудагылар билдируу жазгандай жакшы соз менен кайрылууга татыксыз инсандар олтурабы анда .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#23 05 February 2016 - 20:15
" айым" ,"бийкеч"
тиги буунарды билбейм, мага " чон кыз" деген жакпайт. Ушунчалык вульгарно угулат.
brother
#24 05 February 2016 - 20:23
Туура эле Бийкеч же болбосо Селки деп турмушка чыга элек кыздарды. ал эми Айым деп турмушка чыккан келиндерди айтат деп ойлойм бул жеке ойум
"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу" Ч.
Айтматов
#25 05 February 2016 - 21:24
" айым" ,"бийкеч"
тиги буунарды билбейм, мага " чон кыз" деген жакпайт. Ушунчалык вульгарно угулат.
Ошентсе жакшы эмеспи опей.))...
Мисалы Маршрутта:
"Э кыз, э селки, же э бийкеч тушпойсунбу? -:"жок тушпойм", анда кел отуп кетейин")), дегенден коро: "Чон кыз тушпойсунбу? "-жоок, "анда мен отуп кетейинчи" деген жакшы эмеспи...))
Мен ошентип эле кайрылам, кееде: "Сулуу кыз отуп кетейинчи" депда кайрылып коём, назик жанына жараштырып, жузуно суйунуч жаратып...)))
#26 06 February 2016 - 11:20
Соц.тармактарда "Айым, Мырза" деп келгем, жана дагы дей берем. Реалда "байке, эже" эле дейм.
А тиги "чондорду" чининен атап атын кошуп койсон жетиштуу.

В каждой шутке есть доля правды...
#27 06 February 2016 - 17:55
<Алай ханышасы"
> Курманжан датка энебизге окшогондор эле <Айым> статусуна татыктуу болбосо, <биз кайсыл эмгегибиз учун ал статуска татыктуу болушубуз керек> деген ой келди! А бирок Курманжан датка энебизди <Алай ханышасы же Алай айымы> десе да достойная аял!
Сүйүп жашаган жакшы, а сүйүлүп жашаган андан да жакшы.
#30 11 February 2016 - 12:47
Ошентсе жакшы эмеспи опей.))...
Мисалы Маршрутта:
"Э кыз, э селки, же э бийкеч тушпойсунбу? -:"жок тушпойм", анда кел отуп кетейин")), дегенден коро: "Чон кыз тушпойсунбу? "-жоок, "анда мен отуп кетейинчи" деген жакшы эмеспи...))
Мен ошентип эле кайрылам, кееде: "Сулуу кыз отуп кетейинчи" депда кайрылып коём, назик жанына жараштырып, жузуно суйунуч жаратып...)))
Мисалы Маршрутта:
"Э кыз, э селки, же э бийкеч тушпойсунбу? -:"жок тушпойм", анда кел отуп кетейин")), дегенден коро: "Чон кыз тушпойсунбу? "-жоок, "анда мен отуп кетейинчи" деген жакшы эмеспи...))
Мен ошентип эле кайрылам, кееде: "Сулуу кыз отуп кетейинчи" депда кайрылып коём, назик жанына жараштырып, жузуно суйунуч жаратып...)))
Ээ, сиз Африкада конгондой " кара кыз " дебесениз эле болду. )))
brother
#31 11 February 2016 - 18:03
#32 12 February 2016 - 11:00
Жаш айырмачылыгы боюнча гана туура кайрылуу керек менимче
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#33 12 February 2016 - 17:06
Шайлообек Дүйшеев агайыбыздын момундай дегенин окуп калдым, башка сайттан.
Талашуу-тартышуунун оң тарапка чечилүүсүнө пайдасы тиеби, тийбейби билбейм.))
" Кыргыз бойго жеткен кыздары
тургай деги эле кыздарды эч качан
“айымдар” деген эмес. Бойго жеткен
кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”,
“селкилер” деп атаган. Беш көкүл
кызды же күйөөгө тиелек кызды
“айым” деп атаган шылдың. Мунун
шылдың экенин тилекке каршы
бүгүнкү кыздар да, жигиттер да,
журналисттер да билишпегени
өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин
түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн
одоно салыштырууга туура келсе
анда “байталды–бээ” деп, “музоону–
уй” деп, “күчүктү–дөбөт” деп
атагандай эле кеп."

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#34 13 February 2016 - 14:38
"Кыргыз тили, жана адабият" илимдеринин адистери, жана профессорлорунун,
кыргыз элине туура суйлоо боюнча кайрылуулары!
!!
(Кыргызда: "Чымчык сойсода кассап сойсун" деген соз бекеринен айтылган эмес, ошол сыяктуу, арбир тармактын акыйкатын билуу учун, ошол тармактын адистеринин ой-пикирлерин угууга, жана аткарууга милдеттуубуз). ..
Бийкечти "айым" деп атоо шылдың...
Акыркы жылдары массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттер кыргыз тилин жат, түшүнүксүз, келегей сөздөргө толтурууда. Көпчүлүгү мунун эне тилиндеги сөздөрдүн маанисин жакшы билбегендиктен, билимсиздигинен, көркөм адабий китептерди окубагандыгынан жасап жатат деп ойлойбуз.
Дээрлик бардык эле телеканалдарда, радио менен гезиттерде бийликтеги кызматкерлердин бири кызматтан алынса “Ал кызматынан чегинди” деп жазып, айтышчу болду. Журналисттердин “чегинди” деп жазганы туура эмес. “Чегинди” деген сөз “Турган ордунан кайра артка кетти” деген маанини түшүндүрөт. Маселен согушта душмандан жеңилип баратканда, же кайрадан жакшылап күч жыйнап келиш үчүн артка чегинет. Бул сөздүн кызмат менен эч кандай байланышы жок. Андыктан “Кызматынан чегинди” деп айтып, жазбастан кыргызча эле “Кызматынан алынды” же “Кызматынан түштү” деп айтып, жазуу керек. “Кызматынан четтетилди” деген да туура болбойт...
Кыргыз бойго жеткен кыздары тургай деги эле кыздарды эч качан “айымдар” деген эмес. Бойго жеткен кыздарын “кыздар”, “бийкечтер”, “селкилер” деп атаган. Беш көкүл кызды же күйөөгө тиелек кызды “айым” деп атаган шылдың. Мунун шылдың экенин тилекке каршы бүгүнкү кыздар да, жигиттер да, журналисттер да билишпегени өкүнүчтүү. Эгер мунун маанисин түшүнбөгөндөргө түшүндүрүш үчүн одоно салыштырууга туура келсе анда “байталды–бээ” деп, “музоону– уй” деп, “күчүктү–дөбөт” деп атагандай эле кеп...
“Айым” деген сөз кыздарды эмес, күйөөгө тийгенден кийин эки-үчтү төрөгөн, токтолуп калган аялдарга карата айтылат. Анын үстүнө кыргыздарда “айым” деп көрүнгөн эле ургаачыны атай берген эмес. Элдин урмат-сыйына татыган, колунан иш келген, керек болсо эл башкарган, журттун куту болгон аялдарды “айым” деген. “Айым” менен “мырза” деген титул. Даражага тете аталыш...
Кыргыздар бекеринен Курманжанды “датка айым” деп атабаган. Ургаачылардын баары эле Каныкей, Айчүрөк же Курманжан боло алган эмес. Мына ушул “айым, мырза” деген сөздүн маанисин түшүнбөгөн журналисттер бүгүн беш жашар баладан тартып беш көкүл кыздарга чейин “мырзалар жана айымдар” дей берип, элдин башын маң кылып бүттү. КТРдын “Балдардын сынагынан сынбайсыңбы? ” берүүсүн карасаңыз, кепкенедей балдар-кыздарды “мырзалар жана айымдар” деп атап олтурганын көрүп жаның кейийт...
Кыргыздын бир радиосунун алып баруучу кызы “Шаарда бомж айымдар көбөйүп баратат” деп айтты. Айымдар эч качан көчө шыпырып, ичкилик ичип, таштанды аңтарып селсаяктык кылган эмес. “Айым” деген атка татыктуу аялдар “ак сөөк аялдар” болгон. Аялдарга “айым” деген кызматтагы орду үчүн эмес, элдин урмат-сыйына татыган эмгеги үчүн берилген...
Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны саткан депутаттарды кантип “мырзалар” деп атаганга ооз барат? Булар деген элдин чыккынчылары, саткындары эмеспи. Анан жерин саткан чыккынчы “мырза” болобу? Деги эле депутаттарды, чиновниктерди “мырза” деп атоонун өзү туура эмес...
Качып кеткен президенттерди кантип “мырза” дейсиң? Ошондуктан сөздү айтуудан мурда анын маани-маңызын жеткире түшүнүп туруп айтсак деген ой. Кыргыз деген ар бир сөзүнө алтындай маани уютуп, эч жеринен кынтык кетирбей, кылдат сүйлөгөн, сөз кадырын мыкты билген эл болгон, андыктан ойлоп сүйлөп, ойлоп жазсак, анткени сөздүн кунун кетирген элден касиет качарын биле жүрсөк...
(Тема окшош болсо, окшошуна кошуп коюсуздар жогорку жак???)...

#35 29 February 2016 - 15:37
Сабатсыздык карапайым элде кобойду деп кайгырсан, керек болсо журналисттерде да орун алып жатат азыр. Тан берип тим болосун.
#36 29 February 2016 - 16:02
Билбейм мага да "чон кыз ,бийкеч "деп кайрылгандар жакпайт .
Мага карындашым деген жакыныраак же эже деген .
Мага карындашым деген жакыныраак же эже деген .
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео