ЫСЫК-КƟЛ ОБЛУСУНДАГЫ БАРДЫК МЕЧИТТЕРДЕ БИРДИКТҮҮ ЖУМА ХУТБАСЫ АЙТЫЛУУДА
16-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети муфтийти Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 10-февралындагы КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө жарлыгынын алкагында, 2016-жылга карата Кыргызстандын аймагындагы жума мечиттеринде элге түшүндүрүү,
эскертүү жана профилактикалык иш чараларын жүргүзүү жөнүндө жарыяланган №51 буйругуна негизинде, Ысык-КƟл облусунун казысы Сагындыков Алмазбек ажы, шаар, райондук баш имам хатибдерге жума намазы окуулучу мечиттердин имамдарына аталган буйрукту жеткирип, элге түшүндүрүү,
эскертүү иштери толук жүргүзүлүүсүн милдеттендирди.
Маалымат: Ысык-КƟл облустук казыятынын малымат кызматы.
Исламий жаңылыктар...
#361 16 February 2016 - 23:36
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.

#362 16 February 2016 - 23:45
ОШМУДА «ЖАШТАР ЖАНА КЕЛЕЧЕК» АТТУУ ЖЫЙЫН ӨТТҮ
16-февралда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факултетинин жаштар комитети тарабынан уюштурулган «Жаштар жана келечек» аттуу жыйын өттү. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Жыйынга Ош шаарынын борбордук «Алай» мечитинин имамы Осмонов Мурзакул кары, Ош Мамлекеттик университетинин юридикалык факултетинин мугалимдери, факултеттин комитетинин төрагасы жана студенттери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө борбордук «Алай» мечитинин имамы Осмонов Мурзакул кары жаштарга ыйман, адеп-ахлак, ар намыстуулук маселесине кеңри токтолуп, келечек бир гана ыймандуу улан-кыздардын колунда экендигин баса белгиледи.
Ал эми жаштар комитетинин төрагасы ар кандай маанидеги биздин динибизге жана улуттук каада-салтыбызга туура келбеген майрамдар жаштар арасында орун алып жаткандыгы өкүндүрөөрүн билдирди.

#363 16 February 2016 - 23:46
АЗИРЕТИ МУФТИЙДИН ОРУН БАСАРЫ БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИБИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
16-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Шаиков Тынчтыкбек ажы жана казыяттын иш башкармалыгынын Базар-Коргон районундагы өкүлү Умарбеков Алмазбек ажы менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында облустагы диний кырдаал жана Базар-Коргон районунун хатибияты тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында пикир алышты. Ал эми Шаиков Тынчтыкбек ажы 2016-жылы аткарыла турган иш пландарын айтып, укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте экстремизмдин алдын алуудагы иштер, имамдардын айлык отчеттору боюнча маалымат берип, Азирети муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешовдун ишине ийгилик каалады.

#364 16 February 2016 - 23:48
КӨЗҮ АЗИЗДЕРГЕ БРАЙЛЬ ТАМГАСЫ МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН КУРАН КИТЕБИ ТАРАТЫЛДЫ
15-февраль күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы калаадагы көзү азиз мусулман бир туугандарга 13 томдук Куран китебин таратты.
Иш чаранын ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана КР ЖК депутаты Дастан Далабайевич Бекешев катышты.
Азирети муфтий улуу Куран китебинин брайль тамгасы менен жазылгандыгы көзү азиз жарандарыбыздын руханий баалуулуктарын өстүрүп, жан дүйнөсүн агартууга жана Алла Таалага жакын болуусуна себепкер болмокчу.
«Бул бизге абдан маанилүү. Аудио китептер көп жана аудио китептерден Куранды укса болот, мында көйгөй жок. Бирок, окуганда бат баттан эске тутулат жана бат баттан жаттаса болот»,-деди Бекешев.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР ЖК депутаты Дастан Далабайевич Бекешевге 10 аят, 10 дуба кошумча китептерди белекке берди.
Эскерте кетсек, Брайль тамгасы менен жазылган улуу Куран китебин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Татарстан Республикасынан алып келишкен.

#365 16 February 2016 - 23:50
БАТКЕНДЕ БИРДИКТҮҮ ХУТБА АЙТЫЛУУДА
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийти Максатбек ажы Токтомушевдин 2016-жылдын 10-февралындагы КРнын Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын президентинин 2014-2020-жылдарга КРнын Диний чөйрөдөгү саясатынын концепциясы жөнүндө жарлыгынын алкагында, 2016-жылга карата Кыргызстандын аймагындагы жума мечиттеринде элге түшүндүрүү, эскертүү жана профилактикалык иш чараларын жүргүзүү жөнүндө №51 буйругуна ылайык. Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен шаар жана район аймагындагы жума намазы окуулучу мечиттерде элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Белгилей кетсек бирдиктүү хутбалар планы КМДБнын фатва бөлүмү тарабынан иштелип чыгып, буйруктун аткарылышын КМДБнын фатва бөлүм көзөмөлдөйт.
Маалымат: Баткен казыятынын басма сөз кызматы.

#366 16 February 2016 - 23:53
КАРА-СУУ РАЙОНУНУН ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ ДИНИЙ АБАЛ ТАЛКУУЛАНДЫ
15-февралда Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүндө диний абал талкууланды. Аталган жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Улукбек Кадыров, райондун баш имам-хатиби Сүйүнбай ажы Калыков, мечит имамдары, мектеп директорлору жана жергиликтүү укук коргоо органдары катышышты.
Жыйындын күн тартибинде үч маселе каралып, учурдун глобалдуу маселесине айланган ар түрдүү терс агымдардын алдын алуу, имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу, мектеп окуучуларынын сабак учурунда интернет оюндарына кетип калуусун көзөмөлгө алуу маселелери талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө облус казысы Самидин кары “Ислам” - деген сөздүн маанисине токтолуп: “Ислам” - бул тынчтык деген маанини берет, ошондуктан Исламда адеп-ахлак, үй-бүлө куруу, коомдун бардык катмары менен болгон мамиледе тынчтык өкүм сүрүш керек. Эгер бир үй-бүлөдө тынчтык болбосо коомдун да тынчтыгы бузулушуна себепчи болот” деп түшүндүрдү. Андыктан, мугалимдер мектеп окуучуларына тарбия берүүдө Исламдын баалуулуктарына көңүл буруусу зарыл экендигин кошумчалады. Ал эми мектеп мугалимдери сабак маалында окуучуларды автоматтык оюндарга азгырып жаткан интернет клубдарды укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлгө алуусун суранышты.
Эскерте кетсек, мындай кошмо жыйындар айыл өкмөттө айына бир жолу өткөрүлүп турат.
Маалымат: Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы

#367 16 February 2016 - 23:57
ОБИДОВ САРДОР КАРА-СУУ РАЙОНУНУН ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНӨ ЖООПТУУ ИМАМ ХАТИБ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ
15-февралда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин буйругу менен Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби болуп Сардор Обидов дайындалып, 14 мечиттин үстүнөн жетектемей болду. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жооптуу имам хатибди жергиликтүү бийлик органдарына жана мечит имамдарына тааныштыруу аземине облус казысы өзү катышып, диний идеологияны жайылтууда жана ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда жооптуу имам хатибдин орду маанилиүү экендигин белгиледи. Ошондой эле КРнын Коргоо Кеңешинин алкагында жергиликтүү бийлик органдары жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууга милдеттендирди. Сардор Обидов буга чейин жогоруда аталган айыл өкмөттүн “Жалгыз-Бак” мечитинин имам хатиби болуп эмгектенип келген.
Эскерте кетсек, аталган жооптуу имам хатиб кызматында буга чейин Сабиров Максат ажы эмгектенип, үй-бүлөлүк шартына байланыштуу өз калоосу менен жумуштан бошотулган.

#368 16 February 2016 - 23:59
БАЗАР-КОРГОНДО ҮЛГҮЛҮҮ ИМАМДЫН СЫПАТТАРЫ БАЯНДАЛУУДА
15-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын имамдарына Жалал-Абад областтык мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган “Үлгүлүү имам хатиб” колдонмосун түшүндүрүү сабактары башталды. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Үлгүлүү имамдан талап кылына турган сыпаттардын катарына сөз чеберчилиги, добушу уккулуктуу, кийими таза, формасы жарашыктуу болушу зарыл. Бул сабакты райондун баш имам хатиби Шаиков Тынычтыкбек заманбап техниканын жардамы менен түшүндүрүүдө. Эскерте кетсек, мындай иш чара башка аймактын имамдарына дагы уюштурулууда.

#369 17 February 2016 - 00:03
ПАНФИЛОВ РАЙОНУНУН БАШ ИМАМ ХАТИБИ 2015-ЖЫЛЫ АЖЫГА БАРГАН ЖАРАНДАРДЫ ЗЫЯРАТ КЫЛДЫ
15-февраль күнү Чүй облусунун Панфилов районунун баш имам хатиби Дуванаев Джуман ажы 2015-жылы ажылык сапарына барган ажыларды бир жыл зыярат кылып, бүгүн акыркы Адинаев Бадир ажынын ал абалы менен таанышып кайтты. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз катчысы Карыпов Умар кабарлады.
Панфилов районунун баш имам хатиби ар бир ажыны зыярат кылууда аларга Мекке жана Мадина шаарларындагы ыйык жерлердин касиети жана ажылык амалдар учурундагы сапарларды эч убакта унутпай, андан таасир алууга чакырды.
15-февраль күнү Чүй облусунун Панфилов районунун баш имам хатиби Дуванаев Джуман ажы 2015-жылы ажылык сапарына барган ажыларды бир жыл зыярат кылып, бүгүн акыркы Адинаев Бадир ажынын ал абалы менен таанышып кайтты. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз катчысы Карыпов Умар кабарлады.
Панфилов районунун баш имам хатиби ар бир ажыны зыярат кылууда аларга Мекке жана Мадина шаарларындагы ыйык жерлердин касиети жана ажылык амалдар учурундагы сапарларды эч убакта унутпай, андан таасир алууга чакырды.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#370 17 February 2016 - 00:19
БАТКЕН КАЗЫЯТЫНЫН КЫЗМАТКЕРИ МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫН БИЛИМ АЛУУГА ЧАКЫРДЫ
15-февраль күнү Баткен облустук мусулмандар казыятынын иш башкарма башчысы Лейлек районунун Катраң айылындагы “Эпкин” орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат катчысы билдирди.
Жолугушууга аталган мектептин директору Сапаргүл Абдибалиева, мугалимдер жана 8-9-10-11-класстын окуучулары катышып, ислам дини, адеп ахлак, илим алуу туурасында бир топ пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Казыят кызматкери окуучуларды ар кандай туура эмес агымдардан алыс болууга чакып, келечек билимдүү жаштардын колунда экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле окуучулар казыят өкүлүнө өздөрү кызыккан сууролорун берип, жооп ала алышты. Мындай иш чараларды окуучулар арасында тез-тезден уюштуруп турууну мектеп муалимдери сунушташты.

#371 21 February 2016 - 10:20
Кэчее, 20-февралда Бишкек шаардык казыятына караштуу "Аль-Ыйман"
мечитинин жамааты Чүй облусунун Сокулук районундагы Карл Маркс айылындагы "Ал-Бухари"
атындагы балдар үйүнө 50 даана жаздык тапшырышты.
Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
"Аль-Ыйман" мечитинин жамааты кайрымдуулук иштерин ар дайым жасоо менен биргеликте кароого муктаждарга кайдыгер карашпайт. Бул жолу аталган "Ал-Бухари" атындагы балдар үйүнө 50 даана жаздык тапшырышып, бул иш чара акыркы эместигин айтып өтүштү.
"Аль-Ыйман" мечитинин жамааты кайрымдуулук иштерин ар дайым жасоо менен биргеликте кароого муктаждарга кайдыгер карашпайт. Бул жолу аталган "Ал-Бухари" атындагы балдар үйүнө 50 даана жаздык тапшырышып, бул иш чара акыркы эместигин айтып өтүштү.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#372 21 February 2016 - 10:22
КАРА-СУУНУН ШАРК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНДӨ МЕКТЕП МЕНЕН МЕЧИТ ЧОГУУ ИШ АЛЫП БАРАТ
Мындай иш-аракет кечээ 20-февралда Шарк айыл өкмөтүндөгү "Бабалашкар" орто мектебинде өткөрүлгөн ата-энелер менен мугалимдердин чогулушунда белгилүү болду. Аталган чогулушка Ош облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Иманали Матраимов, Шарк айыл өкмөтүнүн башкы имам хатиби Рахимжан Нишанов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аймактык тескөөчү жана укук коргоо органдарынан катышышты. Чогулушта окуучуларды билим алууга кызыктыруу, кылмыштуулук жана ар кандай терс диний агымдардын алдын алуу маселелери каралды. Мындан сырткары окуучулардын сабак учурунда телефон колдонуусу же мечитке барууну шылтоолоп интернет клубдарда, азгырык оюндарга берилүүсү катуу сынга алынды. Талкуу учурунда казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Иманали Матраимов аймактык тескөүчу органдарга окуучулардын интернет клубдарга азгырылуусун такай көзөмөлдөө керектигин, ал эми окуучулар диний билимди сабактан сыркаркы убактарда гана мечитке барып, расмий буйрук менен иштеген имамдан гана үйрөнүүсү зарыл экендигин эскертти. Мындай сунушту бардык ата-энелер колдоп, балдарга туура тарбия берүүдө мечит имамдары мектепке атайын график менен келип сабак өтүүсүн суранышты. Натыйжада мектеп мугалимдери менен мечит имамдары бирге иш жүргүзүүнү макулдашышты.
Маалымат: Ош облустук казыяттын маалымат кызматы

#373 21 February 2016 - 10:24
ОШ ШААРДЫК КАЗЫЯТЫНЫН ОКУУ БӨЛҮМҮНҮН АДИСИ ДААВАТЧЫЛАРДЫН ОКУУ КУРСУНАН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн, 19-февралда Ош шаардык казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Зарипбек Шерматов Алай мечитиндеги «Дааватчылардын билим деңгээлин жогорулатуу» боюнча жүрүп жаткан окуу курсунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Дааватчылардын окуу курсу менен таанышуу учуранда Ош шаардык мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси алардын окуу программасы, жатаканаларынын жылуулугу, тазалык маселелерине токтолуп, өткөрүлүп жаткан сабактарды үзгүлтүксүз камсыздоо маселесинде эч кандай кемчилдик болбош керек экендигин билдирди.
Зарипбек Шерматов курстун катышуучуларын алган билимдерин мындан дагы улантууга жана ислам дининдеги баалуулуктарды карапайым калкка жеткирүү менен коомдун тынчтыгына салым кошууга чакырды.

#374 21 February 2016 - 10:26
АЗИРЕТИ МУФТИЙДИН КЕҢЕШЧИСИ КАДАМЖАЙ РАЙОНУНУН АКТУРПАК АЙЫЛЫНЫН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Кээче, 19-февралда Азирети муфтийдин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов жана Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султамуратов Кадамжай районунун Актурпак айылынын эли менен жолугушту. Жолугушууда айыл элинин диний көйгөйлөрү менен таанышып, алардын суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле “Коомдун радикалдашуусун ханафий мазхабынын негизинде алдын алуу” темасында баяндама айтып, Махманаби ажы Арзыкулов туура эмес диний агымдарга кабылып калуу билимсиздик, караңгылык, түшүнбөстүктөн улам келип чыгып жаткандыгын айтып, маалыматттарды атайын илимдүү адистерден үйрөнүү зарыл экендигин белгиледи. Ал эми облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов салттуу ханафий мазхабын бекем карап, аны биргеликте жайылтууга чакырды.
Маалымат:Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматы.

#375 21 February 2016 - 10:27
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ КАШКАР-КЫШТАК МЕЧИТИНДЕ КООМДУН РАДИКАЛДАШУУСУНУН АЛДЫН АЛУУ ТЕМАСЫНДА ХУТБА АЙТТЫ
Кечээ, 19-февралда Ош облусунун мусулмандар Казысы Самидин кары Атабаев Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн эли менен жолукту. Аталган жолугушуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби Тешаев Халилулла тарабынан борбордук мечитинде уюштурулуп, жергиликтүү тургундар катышышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда облус казысы “Коомдун радикалдашуусунун алдын алуу, Ханафий мазхабынын негизинде” деген тематикада баян жасап, ар түрдүү терс агымдарга биргеликте каршы туруу абадай зарыл экендигин белгилеп, исламда радикалдуулукка жол берилбестигин айтып өттү. Мындан сырткары жергиликтүү элди мазхабга бекем болуп, жаштарга тарбия берүүдө ата-энелер, жалпы эл жоопкерчиликти алуусуна чакырды. Эскерте кетсек, 19-февралда Ош облусунун 182 жума окулган мечиттеринде КМДБнын №51 буйругунун алкагында радикалдашуунун алдын алуу боюнча хутбалар айтылып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

#376 21 February 2016 - 10:29
ОШТО ПАПАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖООПТУУ ИМАМ ХАТИБИНЕ ТАЗАЛЫКТЫ КОЛГО АЛУУ ТАПШЫРМАСЫ БЕРИЛДИ
Бүгүн, 19-февралда Ош облусутук казыятынын мечит адиси Акжол Бакиров Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Папан айыл өкмөтүнүн жооптуу имам хатиби Бадиров Байыш жана айылдык мечит имамдары да катышышты. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Акжол Бакиров жергиликтүү тургундарга ысырапкерчиликтен алыс болуп, ынтымак жана биримдик темасында баян жасады. Андан соң, айыл өкмөттүн мечит имамдарына жаз келээрине саналуу күндөр калгандыктан Папан суу сактагычынын айланасын тазалоо жана кабырларды зыярат кылып, ишембиликтерди өткөрүү тапшырмаларын берди. Мындан сыркары мечиттердин тазалыгын күчөтүп, жазгы көчөттөрдү эгүү милдетин жүктөдү. Ошондой эле жергиликтүү тургундардан Папан айылы суу башы болгондуктан, тазалыктын символу, эмгекчилидиктин жарчысы болууга чакырды.
Эскерте кетсек, Папан суу сактагычы Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарын таза суу менен камсыздап, суугат жерлерге жана коңшу Өзбекстан мамлекетинин элине да жеткирилет.

#377 21 February 2016 - 10:31
КАРА-СУУНУН ПАПАН АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН БӨРҮ МЕЧИТИНИН ИМАМЫ ӨЗ ОРДУН ЖАШТАРГА БЕРДИ
Бүгүн, 19-февралда Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү мечитинин имам хатиби Калыков Нооман аксакал пенсия жашына таяп калгандыктан өз ыктыяры менен хатипдик кызматын жаштарга бошотуп берди. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Аталган иш чарага Ош облустук казыятынын мечит адиси Акжол Бакиров, Кара-Суу районунун баш имам хатиби Исак Юнусов, айыл өкмөттүн жооптуу имам хатиби Бадиров Байыш жана жергиликтүү тургундар катышышты. Мындай жакшы саамалыкка күбө болгон облустук казыяттын өкүлү Акжол Бакиров Нооман аксакалга ден-соолук, дөөлөттү карылык каалап, инсандык улуулуктун үлгүсүн көрсөткөнүнө ыраазычылык билдирди. Андан соң бош калган имам хатипдик кызматка жергиликтүү жамаат демократиялык принципте калоочуларды сунушташты. Жыйынтыгында илимдүү имам-хатиптиктин талабына туура келет деп табылган 4 талапкер Эркебаев Карим, Жээнбаев Алмаз, Мамат уулу Куштарбек жана Турдубаев Адилбектер облустук казыятта түзүлгөн атайын комиссиянын тандоосуна жиберилмей болду.
Эскерте кетсек, 3 күндүк мөөнөт ичинде жергиликтүү жамаат тарабынан жогоруда сунушталган талапкерлердин илими, акыйдасы, мазхабка бекемдиги жана иш тажрыйбасы текшерилип жогору көрсөткүчкө ээ болгон талапкер имам хатиптикке бекитилмекчи.

#378 21 February 2016 - 10:32
АЗИРЕТИ МУФТИЙДИН ОРУН БАСАРЫ ТОҢ РАЙОНУНУН ЭЛИН ТУУРА ДИНИЙ МААЛЫМАТ АЛУУГА ЧАКЫРДЫ
Бүгүн, 19-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечтте айыл тургундары менен жолугушту.
Азирети муфтийинин орун басары жума намазын окуу үчүн келишкен жергиликтүү тургундарга ханафий мазхабы, экстремизм, терроризм жана ар кандай терс агымдар боюнча маалымат берип, айыл жаштарын жана жалпы калкты ислам дининдеги чыныгы баалуулуктарды үйрөнүп, туура маалымат алууга чакырды.
Бүгүн, 19-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечтте айыл тургундары менен жолугушту.
Азирети муфтийинин орун басары жума намазын окуу үчүн келишкен жергиликтүү тургундарга ханафий мазхабы, экстремизм, терроризм жана ар кандай терс агымдар боюнча маалымат берип, айыл жаштарын жана жалпы калкты ислам дининдеги чыныгы баалуулуктарды үйрөнүп, туура маалымат алууга чакырды.
لا اله الا الله محمد رسول الله
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
#379 21 February 2016 - 10:34
ОШ ОБЛУСУНУН КАЗЫСЫ «ОШ ЖАҢЫРЫГЫ» ГЕЗИТИНИН БАШКЫ РЕДАКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫН КАБЫЛ АЛДЫ
Бүгүн, 19-февралда Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев облустук “Ош Жаңырыгы” гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары Алмаз Нурдиновду кабыл алды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Жолугушууда облус казысы журналист менен биргеликте учурдагы диний иш-аракеттердин күңгөй-тескейин талкуулашты. Талкууда журналист А.Нурдинов глобалдуу маселеге айланган ар түрдүү терс көрүнүштөрдүн алдын алууда басма сөздүн орду маанилүү экендигин белгилеп, андыктан маалымат айдыңында идеологиялык тарбияны жайылтууда басма сөз каражаттары жакындан жардам берээрин билдирди. Жолугушууда тараптар өз ара пикир алышкан соң, гезит бетине атайын диний адеп-ахлакка чакырган макалаларды байма-бай жарыялап турууну макулдашышты. Андан соң облус казысы журналистин ишине ийгилик каалап ыйык Куран китебин белек кылды.
Эскерте кетсек, аталган гезит алгач 1938-жылы 14-октябрда латын арибинде “Кыргызстан большевиги” болуп чыккан. Андан соң “Ленин жолу”, 1993-жылдан бери “Ош жаңырыгы” гезити болуп жарыкка чыгып келүүдө. Учурда 4000 даана нускада облустун 7 районуна жана 91 айыл өкмөткө таркатылат.

#380 21 February 2016 - 10:36
СҮЛҮКТҮДӨ “КООМДУН РАДИКАЛДАШУУСУН ХАНАФИЙ МАЗХАБЫНЫН НЕГИЗИНДЕ АЛДЫН АЛУУ “ АТТУУ ТЕМАДА ЖУБА ХУТБАСЫ АЙТЫЛДЫ
Бүгүн, 19-февралда Баткен облуснун Сүлүктү шаарындагы “Нур Вали” атындагы борбордук мечитинде “Коомдун радикалдашуусун ханафий мазхабынын негизинде алдын алуу” темасында жуба хутбасы айтылды. Бул туурасында казыяттын басма сөз кызматы кабарлады.
Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Жолдошов Муса ажынын айтымында жума намазына 700гө жакын киши катышкан. Бул саамалык Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Макстабек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратовдун тапшырмасы менен аймактагы жума намазы окуулучу мечиттердин бардыгында өткөрүлдү. Ал эми намазга келген жарандарга Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) бүткүл адамзатты наадандыктын карангылыгынан ислам нуруна чыгаруучу, адамзатка туура жол көрсөтүүчү, тарбиялоочу болуп келгендин айтып, анын үлгүлүү жолунан маалымат берди. Ошондой эле Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) ар бир адамдын ички дүйнөсүн, өз нафсысын өзү күзөтүүчү кылып, боорукерлик сезимди орнотуу менен коомдогу көйгөйлөрдү түп-тамыры менен чечкендиги, көйгөйлөргө алып бара турган жолдордун алдын тосуп, коомду тарбиялай турган эрежелерди тургузгандыгы айтылды.

Супер-Инфо
super.kg
видео