Мен кечээ иштен чаалыгып баргандан кийин көрдүм. А негизи эс алуу күндөрү отуруп алып көрсө, мазасы жакшы чыкчудай) Тасмада небере менен эненин мамилеси чагылдырылат. Бир карасаң, баары баналдуудай эле, бирок ушунчалык "добрый" кино экен! Актердук курам вау эмес, экшндин "э"си да жок, интрига даже чакырымга жолобойт, бирок ушунчалык таасирдүү, эмоция деген океан))) Өмүрүмдө чоң энемдин, же таенемдин колунда калып көрбөгөнгөбү мен кинодогудай энелүү болгум келди) Анан үйдөгү инимдин уулу эмне үчүн өз ата-энесине караганда апама, чоң энесине жакын экенин түшүндүм. Көрсө, энелер супер сабырдуу, чыдамкай жана урушуп-тилдебей эле өз кыймылы астейдил тарбиялагандар болушат турбайбы... Айтор, көргүлө)

Супер-Инфо
super.kg
видео






















