“9-апрель күнү кечинде Азиз Батукаев качып кеткен экен. 10-апрель күнү таң атпай аны мыйзамсыз бошотуп, качырып жиберген министрлер Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевдин кабинетине жыйналышыптыр.
Анда Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишин элге кантип угузабыз деп талкуулашыптыр.
Анан мени угузсун деп чечишип,Табалдиев мага телефон чалып “Турсунбек,
сен омбудсмен катары “Азиз Батукаевдин оруусу катуу, 2-3 күндүк өмүрү калды” деп айтып койсун деп президент суранып жатат” деди.
Президент суранып жатса айтып коёюн деп макул десем эле, кабинетиме журналисттер жабылып кирип келишти. Мен журналисттерди чакырган эмес элем. Көрсө алар журналисттерди менин кабинетиме жакын даярдап коюшкан экен. Мен президент сурангандай кылып айтып койдум.
Кийин ызы-чуу чыкканда мен парламентте ак каргадай болуп олтурдум, өзүм жасабаган ишке күнөөлүү болуп. Депутаттык комиссия түзүлүп, Болот Шер жетектеп калды. Мени чакырышып “Сага ким телефон чалып суранганын айтып эле берсең биз жумуштан алынчу мамлекеттик кызматкерлердин тизмесине сени киргизбейбиз” деп суранышты. Мен убакыт сурап, анан президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарынбаевге барып, ушинтип жатышат, болгонун болгондой айта берейинби деп сурасам. “Эч кимди айтпа, биз баарын бүтүрөбүз” деп суранып жиберди.
Анан парламент тизмеге киргизгендердин ичинен жалгыз эле мени кызматтан алып салышты. Мен президентке кирип, тактайын десем 4 айдан бери Данияр Нарымбаев мени президентке киргизбейт.
Азиз Батукаевди бошотуп жиберүүгө Нарымбаев, Табалдиев жана башка министрлердин духу жетпейт. Алар Атамбаевдин гана командасын аткарып жатышат.
Эми болсо мени Азиз Батукаевдин карындаштарынан 100 миң доллар алган деп ушак таратып жатышат. Эгер мен 100 миң алсам, анда Данияр Нарымбаев, Бусурманкул Табалдиев жана башкалар канча миң доллардан алышты? Эмне үчүн аларга кылмыш иши козголбойт?
”, - деди экс-акыйкатчы Турсунбек Акун.
Батукаевди бошотууга Атамбаев буйрук бергенби?
#4 21 February 2016 - 00:15
Батукаевди Кызыл килемде узатып жиберген эл душмандары бизди башкарып атпайбы уялбай.Бакиевди эл душманы дешет.Эл душманы болсо кана алты жылдын жузу болду (жазасын алат)дегенине.
Эч ким жооп бербейт.(баатырлар)силер "зря"олдунор!
Олбой турган кырчындай балдар ушу бийлике курал болдунар!
и ВСЁ !!!!!
#5 21 February 2016 - 00:43
Даа, эмнеге депутаттык комиссия иликтеген 8 минстир, жетекчилерден бир эле Т. Акун жумушунан алынды десе, бул жагы мындай экендаа. Демек шепке жашыл жалбырактардан бир портер эле айдаган экенда аяктан...)))
#6 28 February 2016 - 00:02
Акаев Москвадан берген интервюсунда:
"мага да,Бакиевге да келген бул сунуш,бирок эч бир бийлик мындай томон,абийирсиз ишке барган эмес элек"-дегенин кордум эле [moderated]дан.
#8 02 April 2016 - 16:14

Супер-Инфо
super.kg
видео














