Суперстан: Сакаюуга болобу? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сакаюуга болобу?

#1 Пользователь офлайн   isnur93   20 Февраль 2016 - 12:47

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 10 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Июл 2023 00:34

Саламатсыздарбы форумчулар. Мен сиздерден жардам сурайын дедим эле,жардам берип коюунуздар. Бул бир досум жонундо(бирок жаман корбонуздор досум ,башкам деп эле жаза бересинер деп).Чындыгында ал кызга жардам керек,жардам бергим келип жатат колумдан келишинче.
Ал кыз 1992жылкы,турмушка чыккан уч уулу бар.Эгиз балдары жана дагы бир уул.
Кече ватсапта жазышып жатсак,
-доос бир нерсе айтайынбы дейт,айт десем,мен сахарный болуп ооруп жатам.
Журогум сыгылып кетти ар нерсени ойлоно берип,"жумурткадан кыр издеген" кайненеме табылып эле калды.Кирсем чыксам какшыктап ар нерсени айтат,мен кылган тамакты да жебей жатат.Бугунда аяшын жумуштан келип,Кандайсын? кыйналбадынбы? балдар кыйнабадыбы? деген созу учун,чон тополон чыгарды,озунчоле айкырып кыйкырып баласын урушуп,мени урушуп,неберелерине кыйкырып отуруп калды.Эмне кылсам?кетип калайын десем 3балам менен каяка барам,же аяшын менен урушпасам.Врач оор которбо,тандырга нан жаппа дедиле ,бирок жасап жатам баардык жумуштарды жаман корунбойун деп.Кокус отушуп кетип,олуп калсамчы деп да ойлойткенсин. Эмне кылсамкен?башым катты дос,нервтеримда чыдабай кеттат акыркы убакта коп кыйкырып балдарымада, бир нерселе болтам...
Деп айтты ошодон бери ойлоном кантип эле озу жаш болсо,жаштардада сахарный оору болобу?деп.Жардам бериниздерчи, аны уй шартында даарыласа болобу?араныздарда медицина жаатында иштегендер болсо кенеш бериниздерчи.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   rumaika5544   20 Февраль 2016 - 12:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 739
  • Катталган: 26 Февраль 14
  • Соңку аракети: 15 Авг 2019 23:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек.Кыргызстан.

Кудайым шыпаа берсин. Озу сахарды,жаллан жузум анан суу эле ичип 40 кун диетада олтуруп айыгышат го. Бирок сиздин досунуз оор иштерди жасаса чыдай албайт го. Озунун ата энесине айтпайбы?
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   aiturgasha   20 Февраль 2016 - 13:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 144
  • Катталган: 15 Апрель 15
  • Соңку аракети: 18 Мар 2024 23:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:JallivuD

Унчукпай журо берсе бир кун жатып калат тошокто. Мына ошондо анык тревога башталат. Ошондуктан азыртан оорусу менен курошсун. Ооруну жашырса олумго ашкере дейт. Озунун ата энесинеби, куйоосунобу айтып, диета тутуп, даарылансын. Алла шыпаа берсин!
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   isnur93   20 Февраль 2016 - 13:12

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 10 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Июл 2023 00:34

Рахмат,айтканыныз келсин.Ата энеси билет, болницага жатып бир жумадай жатып чыкты.апасынын уйундо бир ай журуп кеткенине кичинеле болду кайненесиникине, "келгенден бери мамилеси озгоргон" дейт.Ооруганыма окшойт дейт,ошого уйдоо даары десемда жаман корот,даары дармегимди деле апам алып берди,озум уйдо элдик медицина менен айыктырсам болот бекен?куйоомода кайра кайра оору,даары жонундо айткым келбейтат,бара бара аялым оорукчан деген соз меесине синишин каалабайтам, озум эч кимге билдирбей,уй шартымда,даарылангым келтат,деп сурадыле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   zzari-83   20 Февраль 2016 - 13:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 036
  • Катталган: 25 Январь 13
  • Соңку аракети: 13 Июн 2020 19:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ардактуу айылым

Кант диабети көбүнчө ген кууйт дешетко.Менин кайненемда кант диабети мн ооручу,дайыма диетада жүрөөр эле,шириндикти такыр жечү эмес.Тамагына өтө көңүл бураар эле.Куурулган тамактан алыс болуусу керек экенго.Гречканы айранга уютуп жечү,бир гүл бар экенго күн карамага окшогон,ошонун картошкасын тынбай тёркадан өткөрүп жечү.Үйгө арыктын жеегине эгип койгон эле атайын,ал тез көбөёт экен картошкасы. Дарысын азыраак ичкенге аракет кылат эле,көбүнчө диета мн бп.Ар айда больницага барып кан тапшырып текшерип турат эле канын.Диетага өтө жакшы көңүл бурса кант диабетин аз өлчөмдө кармап турса болот экен.Зеерикпестен өзүнө бөлөк тамак жасап жесин.
Аллахым шыпаасын берсин!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   zoichka   20 Февраль 2016 - 13:44

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 172
  • Катталган: 08 Май 15
  • Соңку аракети: 21 Июн 2017 11:24
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Dubai

Ии байкуш жаш эле экен го.менин апамдын да сахарный диабети бар эле.дайыма диета кармап анан ай сайын сахарга кан тапшырып журчу эле.жаш экен озун карасын.балдарын ойлосун.узак омур каалайм
Ардагым Атам.Асылым Апам.сагындым сиздерди (((
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   gulkar   20 Февраль 2016 - 14:21

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Главный диета кармап.Врачка корунушу керек (сахара которулуп акыркы стадьясына жетип кетсе козу корбой калышы мумкун тфу-тфу-тфу) Ошондуктан азыр анализдерин тапшырып,диета, дарыларын ала калса норма кылышшына шанс бар.
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Umka..00   20 Февраль 2016 - 14:33

  • Активист
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 467
  • Катталган: 13 Май 15
  • Соңку аракети: 05 Окт 2024 11:08
  • Жынысы:Аялзаты

Диетада журуп озун сыкпай журсунда кайненеси кызыкго атайын каалап алган жокго ал ооруну озуно озу куйсун балдарыда кичинекен Аллахым шыпаасын берсин. Анан айтмакчы сахар оорусу жонундо жакшы билбейт экем бир турк шекер оорум бар деп калат экоо бирдей оору болсо керек кундо канындан текшерип турат тушуп кетсе татту жейт которулуп кетсе шекерин тушуруучу нерселерди жейт мисалы огурцы тушурот дейт диетада журом дайыма деп озун жакшы карайт. Жакшыле журот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   isnur93   20 Февраль 2016 - 14:35

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 65
  • Катталган: 10 Январь 16
  • Соңку аракети: 30 Июл 2023 00:34

Врачка корунуп,даарыларын алып,даарылантат. Бирок турмушка чыккандар тушунсо керек,кайнененин уйундо оору деген эмне экенин.шаар жергесинде болсо бир жон алар айылда жашашат.Кайра кайра болницага барам дештенда коркуп жатам,кайненем ошо мени кайра кайра лечения кылдырып баламдын акчасы кетет деп ушундай кылып жатат дейт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Apyyke   20 Февраль 2016 - 21:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 236
  • Катталган: 16 Июль 14
  • Соңку аракети: 26 Янв 2017 13:50
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Просмотр сообщения isnur93 (20 Февраль 2016 - 14:35) жазган:

Врачка корунуп,даарыларын алып,даарылантат. Бирок турмушка чыккандар тушунсо керек,кайнененин уйундо оору деген эмне экенин.шаар жергесинде болсо бир жон алар айылда жашашат.Кайра кайра болницага барам дештенда коркуп жатам,кайненем ошо мени кайра кайра лечения кылдырып баламдын акчасы кетет деп ушундай кылып жатат дейт.


Сахарный диабетте кобунчо диатены туура тутса айыгат. Бат эле айыгып кетпейт. Эгер отушуп кеткен болсо айлар жылдар керектелет. Врач айтат ай сайын же 2 айда бир анализ тапшырып сахарын текшертип турат. Кайненесине жакшы жатык тил мененле айтсын. Апа майда жумуштарды мейли жасай берем оор жумуштарды жасай албай. Аз да болсо режим кармап батыраак айыгайын десин. Ошентселе кантип эле жоок жасайсын эле жасайсын десин. Уч баласы баркен. Аларлы да карайт да. Сахар отоле постельный режимди талап кылчуу дарт эмес. Кудай сактасын адам озун канчалык таштап жиберсе сахардан айыкпайт. Коп ойлонбош керек, рационду 1- калыпка келтирсин.
[size="2"][/size]
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   BRILIANTTKA   20 Февраль 2016 - 22:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 539
  • Катталган: 05 Февраль 15
  • Соңку аракети: 21 Мар 2024 00:48
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Балыкчы)))

Жаңы эле башталса,даарыланып айыгып кетсин.Хотя диабет толук айыкпайт. Жөн гана нормага салып жакшына жүрсө болот. Инеттен карасаңар үй шартында сахарды нормага салуучу рецептер бар. Окуп билип,өзүн колго алсын. Өтүштүрүп жиберсе инсулинсиз тура албай калат. Так что даарылансын, балдарын ойлосун. Оокат түгөнбөйт,кайненесине жагынам,жаман көрөт дебей өзүн карасын. Сахар менен ойногон болбойт. Сахары азыр канча экен? 6 дан өтсө коркунучтуу. 9-13 гө жетсе критический болот да комага түшүп калышы мүмкүн.
Если я вас напрягаю или раздражаю,
то Вы всегда можете забиться в угол и порыдать)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kaky85   20 Февраль 2016 - 23:19

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Окт 2020 14:32
  • Жынысы:Аялзаты

Жогоруда айтылгандай гречканы айранга салып жумшартып жеп турсун эрте менен ач карын.Кечинде салып койсо ертеменен даяр болуп калат жегенге. куурулган, майлуу тамактар,жылкынын, индюктун эти, таттуулар болбойт жегенге.Диетаны сактап озун жакшы карап журсо балдарынын кызматын корот буйруса.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   beka1207   20 Февраль 2016 - 23:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 722
  • Катталган: 28 Февраль 15
  • Соңку аракети: 10 Апр 2018 19:31
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Кант диабети эч качан толук айыкпайт,бирок катуу козомол менен так диетаны сактаса бактылуу карылыка чейин жашай берет!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   raia   21 Февраль 2016 - 09:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Сахар бул тукум кууйт дечуу эле бирок азыр коп сыгылып,коп нервтен болот деп да айтышат экен.Бизде жок эле азыр иним менен балам ооруйт.Инимдин иши тынчы жок,азыр ишиненен чыгып алды.Сахар менен ооруган адам коп сыгыла бербеш керек.Инимдики ото коп болуп Бишкекте жатты.Бирок ото акырындык менен азайды бирок ошол учурда Бишкекте табыпка барып тез сакайып кетти.Ал табыпка анализдер менен барыш керек экен.Чоптон жасалган даарылар менен тез жакшы болуп кетти.,врачтар озу тан калып калышты деп журот.Эгер Бишкек жакта болсон адресин сурап берейин.Сахар бул айыкпаган дарт ага диета анан озунду бир калыпта кармап журушун керек.Ширин нерсени оозуна алба,майлуу анан ак нанды жебе.Кара нан же.жузум,коонго окшогон ширин жемиш да болбойт.Жазда чыкан акум какум деген сары гул болот.Ошону салат кылып жеп жургонун коргом ото жакшы таасир берет.деген. Ото женил тамактанат мурун толук эле азыр арыктап калган.Кайнатманы да эти биринчи бир кайнатып,тогуп ийип анан кайра кайнатып бышырып ичет.творог, айран коп ичет.гречкадан коп жейт.Камыр тамак,манту, оромо,аш жебейт.Башым ооруп турат кече бир аз капа болдум эле деп калат демек капа болуш болбойт.Жер катуулугун койбойт,кайнене каарын койбойт деген соз бар.Кайнене шумшук сайрай беребиз,сага ден соолук керек демек кайненендин созун конулуно алба.И баягы жин оорусу кармап калыптыр деп озунду этиет кыл.Ажырашсан деле мамайдын кору демекчи иттуу конок батса да биттуу конок батпайт дейт.Эне курган ичиме баткан кызым кен дуйно тышыма батпайбы деп намыс кылат,батасын дечи бирок кантсе да оз уйун,оз олонун,оз коломтон жакшы.кызым. Сайраган кайненен балдарындын чон энеси балдарын учун,сага желмогуз болсо да ошол кайнен балдарындын оз энеси.Колунан келсе,куйон тушунсо,болуно турган баласы болсо эптеп болунуп кет.Жок болунбогон баласы болсо,эч кимсге сыр бербей озунду этийет кылып,диета кармап,сабырлыкты уйронуп сабыр кылып,кайнененин создоруно куйуп жанып капа болбой озунду кармап турмуш менен курош кызым демекчимин.
Апан анти,апан минти деп кудундоп эринди озуно душман кылып алба.Эгер кайненен жаман болсо онду туусан да касалман катынынды жогот,сага тын чыйраак керек деп ортоно тушуп очогунду очурот.Ошон учун кор пендебиз да.
Бизде,даарылык касиети бар чоптор коп. Мен инимен анан чоп менен даары жасаган синдим бар ошо экоонон сурап туруп жазып койом.Азыр негедир эсиме тушпой атат.Азыр иним анализ тапшырат ошого карата чоп дарыларды ичет ошонтип режим менен жашап журот...
Эч кыжаалат болбо,бул ооруу менен кобуу ооруйт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   shumkar929292   21 Февраль 2016 - 09:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Кудай шыпаасын берсин.ал не дейт бул не дейт дебей озун карасын алардын жаны деле кыйнвлбайт. озунду сыйлабасан сени Ким сыйламак эле дегендей озубузду ооруганда карабасак бизди Ким карап тушунмок эле.айтып деп дарыларын ичип диета кармап журсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Shalunka1215   21 Февраль 2016 - 09:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 716
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2024 11:43
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:орусия

Аллахым оорусун берген сон шыпаасын кошо берсин аминь
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   ayildik_kiz   21 Февраль 2016 - 10:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 423
  • Катталган: 23 Май 12
  • Соңку аракети: 07 Дек 2016 21:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бейиштин тору...

Кант диабети толук айыгып кетпей турган оорулардын катарына кирет.Кайсы туру менен ооруган болсо врач ошого карап диета жазып берет.Таблетка жанан инсулин менен даарылашат. Копчулук оорулуулар инсулинден баш тартып таблетка менен даарыланышат. Инсулин мамлекет тарабынан бекер берилет.Досун жакшы врачка корунсун.Ар ким ар нерсени айтат,организмге бири жакса бири жакпайт ошон учун укканын жасабай бир чыгынып врачка барсын.
Бактылуу- омур жок,бактылуу кундор гана болот!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Seyitira8186   21 Февраль 2016 - 13:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 17 Январь 16
  • Соңку аракети: 15 Мар 2019 16:55

Алла шыпаасын берсин.колубуздан башка эмне келет.балдары учун озун абайлаш керек
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   karakchyyy   21 Февраль 2016 - 13:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 155
  • Катталган: 10 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 08 Апр 2018 20:35

Бул оруу м.н оругандардын жазаган тамагын жесе жугабы айтып койунуздарчы алдын ала рахмат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Holerik10   21 Февраль 2016 - 14:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Жаштарда биринчи тип болот аны толук жок кыла албайт бирок кандагы сахарды бир калыпта кармап журсо болот ушуга чейин эч бир врач мен толук айыктырам деп айта алган эмес бул ооруну...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 01:29

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: