- Аа, байкуш, сен койдон башка нени көрдүң? Тоо, таш, кой андан башка түшүнүгүң жок. Пенсияга чыгарса да, тыңыраак эс алганды билбей, кара очкини тагынып, көзүм көрбөйт деп анткорлонуп жашынып олтурасың. Колум жок болсо да, мен Берлинге чейин жөө баргам! Немисти койдой кыргам. Мобу медалдарды өкмөт жөн эле тагып койду дейсиңби? - дечү Сартбай сыймыктанып.
Мына азыр кошуналарды ынтмакка чакырып
олтурат.
- Кошуналар!
Азыр
заманабыз жакшы, кудай кут кылсын. Баарыбыз бир көчөдө турабыз. Жакшылыгыбыз көп болсун, жамандыкты кудай кечинен берсин. Артыбызда урпактар өсүп келе жатышат.
Карыларыбыз нарктуу, ыймандуу бололу, жаштарыбыз элпек, сыйчыл болушсун. Мына, мен силерди ынтымакка чакырып жатам. Жакшылыкта,
жамандыкта бирге
бололу. Ынтымакта
жашап, элге үлгү бололу, Оомийин. Жакшлыктар көп болсун! - деген Сартбай абышканын
батасын көпчүлүк колдоп кетти.
- (2 )
-
- 1
- 2
Айыл кечтери Айыл кечтери
#23 16 February 2016 - 19:35
Азыр айылдарда кемпир кесек деле аз калгансыйт го...
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#24 22 February 2016 - 14:57
Айылда жашоо мынчалык карангы болбосо керек. Ал жакта деле маданияттуу адамдар толтура го.
#25 22 February 2016 - 14:59
Жалан эле чал-кемпирлерди суроттоп коюптур. Аларда не бала-чака дегендер жок бекен?
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео









