Ош: илимден сулуулар артыкпы?!
Жүз миңдей студенти бар Оштогу түрдүү окуу жайлардын бири дагы көзгө басар илимпоз же ойлоп табуучу адис чыгара албай жатышат.
Ош технологиялык университети билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуу жайга үч өлчөмдүү принтер сатып берген. Бирок бул окуу жай ал принтерди жөндөп иштетип кеткен студенттердин тобу бар деп мактана албай турган кези.
Аймактагы жалгыз техникалык окуу жайдагы илимий иш-чаралар теориядан алыстабаган формалдуулукка айланып кеткенин жетекчилиги моюнуна алат. Студенттердин илимий аракеттерин колдоо долбоорлору жок.
Ушундай эле көрүнүш Оштогу бардык окуу жайларда бар. Маселен Ош мамлекеттик университети жеңил-желпи шоулорду жыл сайын уюштурууну салтка айландырып алган.
Жыл сайын «Мистер ОшМУ», «Мисс ОшМУ», «Окутуучулар обон созгондо», «Идеалдуу түгөйлөр» сыяктуу оюн-зоок кечелеринин ар биринин байгесине 100 миң сомдой жумшалат. Ошол эле учурда студенттерди илимге азгырууга, жаңы технологияларга тиркеме жазууга, ойлоп табуучулукка,
өз алдынча ишкана ачып кетүүгө багыттаган иш-чаралар уюштурулбайт.
Бул окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Тасилкан Жумабаева университет азырынча илимге эмес, маданиятка көп артыкчылык берип жатканын айтты:
- Билим түбөлүктүү,
сулуулук убактылуу деп, чырайлуу кыздарды өз убагында барктап коёлу деген аракет. Негизи ЖОЖдо билимге артыкчылык берип, илимге шыктуу адистерди тарбиялап алууга болот. Бирок биздин практикада эң мыкты окуган студентти контракттык төлөмдөн бошоткон, жок дегенде 50% бошоткон учурду көрө элекмин. Бизде студенттерге материалдык жардам билимине эмес, социалдык абалына карап берилип калган. Маселен, томолой жетим, майып, Ооган, Баткен согушунун катышуучуларынын балдарына берилет дегендей. Бирок муну университет өзүнүн уставына киргизүү менен билимдүү студенттерди колдоону ишке ашырса болот. Муну мен айтып эле келатам.
Учурда Оштогу бир дагы окуу жай өз студенттеринин илимий ойлоп табуучулук аракеттерин көзгө көрүнөрлүк материалдык байге менен сыйлабайт. Дейт Анара Жолборсова:
- Жогорку окуу жайларда илим-билимге тиешеси жок иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турат. Сулуулар конкурсун уткан бийкечтерге чет өлкөлөрдө эс алып келүүгө жолдомо берилет. Бул билимге умтулган студенттердин өзүнө болгон ишенимин жоготот деп ойлойм.
Учурда Ош шаарында он жогорку, жети орто кесиптик окуу жай бар. Буларда окуган студенттердин жалпы саны 100 миңди чапчый.
Учурда Ош мамлекеттик университетинин 600 миллион, Кыргыз-өзбек университетинин 140 миллион, Ош технологиялык университетинин 150 миллиондон жылдык бюджети бар. Азырынча бул окуу жайлардын бири да студенттеринин ири илимий ачылыштары менен мактана албайт. Коомчулук болсо таңгактап диплом тараткан окуу жайлардан тиш чукугуч чыгарганга жараган бир адистин чыкпай жатканын сынга алууда.
Сиздердин оюнуздар кандай???!!
!
Кыргыздарга биринчи илим-билим маанилүүбү же сулуулукпу?
#2 14 February 2016 - 02:37
Ошо бетиге кеткен шпатлевканын,
боёнуп жасанга кеткен акчаларга, анан кетирген убакытка илим окуп, илим уйронсо пайдалууву деймда? Ондой десен бардыгы эле университетте окуган кыздарго!
#3 22 February 2016 - 15:06
Биздин жашообузда кенири оорун алган актуалдуу тема которуп чыгыпсыз автор.Чындыгында эгемен алып озубузчо маммлекет болгондон бери козго корунуктуу эчнерсе курула элек экен.Эми болуп жатат аз да болсо да , бирок коз кубандырып айтчуу же корсотчуу эч нерсе жок .
Кошнуу туугандарыбыздын шаарларын коруп суктанасын чиркин , бул да болсо билим илим беруу тармагы кучтуу иштеп , чыгарган кадрларынын ийгиликтуу берген момосу десек болчуудай .Аа бизде татыктуу кадр чыгаралбай жатабызбы же коррупция деген атын очкур кучтуу онукконбу , кайсыл жагынан болсо да алгылыктуу эч нерсе коро албай жатабыз.Багытыбыз эптеп олбо жаным олбоо болуп жашоо деген принципке тушуп алгандайбыз.
Кошнуу туугандарыбыздын шаарларын коруп суктанасын чиркин , бул да болсо билим илим беруу тармагы кучтуу иштеп , чыгарган кадрларынын ийгиликтуу берген момосу десек болчуудай .Аа бизде татыктуу кадр чыгаралбай жатабызбы же коррупция деген атын очкур кучтуу онукконбу , кайсыл жагынан болсо да алгылыктуу эч нерсе коро албай жатабыз.Багытыбыз эптеп олбо жаным олбоо болуп жашоо деген принципке тушуп алгандайбыз.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#4 22 February 2016 - 15:18
Ошол эле жалпак бет япон корейлерди карагыла сулуу да билимдүү да бай да.Алар билимди биринчи орунга коюп эми бизге окшогондорго үлгү болууда.Корейди туураган дүйнө жаштары эмне үчүн кыргызды да туурабасын.
Давай биз да ошондой деңгээлге чыгалы.Ар кимдин сүрөтүн көчүрбөй.Боёк соёкту жыйыштыра туруп илимге умтулгула,мына ошо чыныгы сулуулук.
#5 22 February 2016 - 16:08
ЭН актуалдуу маселе!
Кыргыздан кыйын илимпоз,ойлоп тапкыч,мыкты инженер,дасыккан куруучу,дуйного атагы чыккан спортчу,кыргыздын желегин желбиреткен мыкты бийчи дегеле элге,журтка пайда алып келе турган адис чыксын десенер,баланарды оспурум кезинен талантына,шыгына карап тиешелуу ийрим-кружокторго бергиле,бир эле диний жак менен жаш баланы чектеп койбой!
Кыргыздан кыйын илимпоз,ойлоп тапкыч,мыкты инженер,дасыккан куруучу,дуйного атагы чыккан спортчу,кыргыздын желегин желбиреткен мыкты бийчи дегеле элге,журтка пайда алып келе турган адис чыксын десенер,баланарды оспурум кезинен талантына,шыгына карап тиешелуу ийрим-кружокторго бергиле,бир эле диний жак менен жаш баланы чектеп койбой!
Баштадынбы коркпо,
Коркосунбу баштаба!
Коркосунбу баштаба!
#6 22 February 2016 - 18:47
Негизи илим-билим алып онугуудон коро, ушундай маданий жактан онугуу онойраак окшойт. Мисалы: Еврейлердин тузгон сулуулар конкурсу, тамаша-шоу, ар кандай уяттуу филмдерге тартылуу, же тартуу учун коп деле илимди эмес, акчаны талап кылат эмеспи, ошон учун булар активдешип кетуудо бугунку кундо...
Ал эми илим-билимге акчанын коп деле муктаждыгы жок, ага болгону аракет, жана мээни, акылды иштетуу керек. Олон учун айтат экенда: "Илим алуу ийне менен кудук казгандай" деп. Илим жолундагы кайран уйкусуз тундор, кайран чарчаган мээлер, кайран ачка кундор...)))
Ал эми илим-билимге акчанын коп деле муктаждыгы жок, ага болгону аракет, жана мээни, акылды иштетуу керек. Олон учун айтат экенда: "Илим алуу ийне менен кудук казгандай" деп. Илим жолундагы кайран уйкусуз тундор, кайран чарчаган мээлер, кайран ачка кундор...)))
#7 22 February 2016 - 22:51
Элибиздин ою аксак бу заманда... "Ош Муда бир студент илимий ачылыш жасаптыр"
, десе, элдин көпчүлүгү "Иии" деп коет...Ал эми, конкурс десе, талкуу жаратат, "Акча беришсе керек э, таныштары аркылуу утат да" деген, мисалы..
Эми, бир гений чыгып эле андай нерсени 'жазавийбесе' азыр эч ким мээни чайкабай калдыго...
Эми, бир гений чыгып эле андай нерсени 'жазавийбесе' азыр эч ким мээни чайкабай калдыго...
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#8 23 February 2016 - 18:30
Биздин класста 3, 4 кыздар чынеле келишкен сулуу кыздар, тимеле боёнуп суулуланыпда алышат. Бирок вабше начар окушат, почерктерида начар, ушу кунго чейин тапшырма аткарып келип, доскага чыгып айтып бергенин коро элекмин. Аларды биздин балдар жаман корушот, бирок башка жактын балдары айдай коруп уйлоруно келишет экен товаа. Башка кыздарбыз алардай эле боёнуп жасанып сулуу эмес, бирок жалан 5 ке окушат, олимпиадаларга барып женип келишет. Ошого мендагы сулуу кыздарды корсом эле поччерктерин ойлой берем ушулар кандай жазат болду экен, баштарында бирнерсе бар бекен деп. Копчулук сулуулар мектепти, университеттерди начар окушат экен. Ошого илим-билим алыш керек экенда корсо сулууланып эле жасанып боёнуп балдарга жакшы коруном деп журо бербей. Сулуу болуш оной эле, илимдуу болуш кыйын.
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.
Abuxanifa
Abuxanifa
#9 23 February 2016 - 19:58
Ош МУ башкалардан айырмаланып чет олколорго студент терин жонотуп коруп уйронуп келгиле деп жакшы эле аракет кылып атат. Азыркы ректор шугур дейли колунан келгенин жасап жатат,кирешеси коп экен деп мамлекет тараптан дагы кысымдар коп. Гений чыгарбаса дагы профессор кандидат наук докторлорду чыгарып жатат. Гений болуп кетуу учун биздин мамлекет анчейин кучтуу эмес колдоо корсотуп эл аралык денгээлге алып чыккыдай. Коррупция деген нерселер бар буларды дагы эске алыш керек,мисс мистер уюштуруп деле жыргап калган жок башка нерселерди деле уюштуруп жатат аларды коз корбой калатта. Айта берсен ото коп факторлор бар чет олколукторго окшоп окуйм чокуйм деп жалгыз ошол принципти карманып кеткен биздин эл учун ото жат корунуш айрыкча кыздарга бул жактарын дагы эске алыш керек.
#10 01 August 2016 - 10:05
Абдан койгойлуу маселени көтөрүпсүңөр.
Көтөрбөсөңөр дагы бул система акыры түбү барып кыйрайт, чирип жок болот. Бирок анда кеч болуп калат . Чет жерлерде байкасан окууга бараткан кыздар жакасы жабык, денесине жабыдшпаган окуу формасын кийгенин байкайсын. Алардын оюнда окуудан башка нерсе болушу мүмкүн бирок, окууга көңүл коюп, сый менен мамиле кылып атат. Биздин Бишкекти карасан кыздар без комплексов кийинишет экен. Эмне үчүн окууга жабышкан кийим кийип барышат? ишин эмне дешинер мүмкүн кыздар бирок, суроого жооп бере аласыңарбы?
Үйдөн чыккан максатыңар көрүнүп турбайбы жабышкан кийимден эле. Албетте жакшы кийинген билими жогуна карабай жакшы жумушка орношкондон үйүт алып атасыңар, күнөө аларда да. Темага байланыштуу,
илимден сулуулук артык деген ой азыркы учурда роль ойноп атат.

Супер-Инфо
super.kg
видео
















