Бул Меербек,деген неме мурда кайда эмне иш кылды эле? Кайра-кайра эле эки созду кайталайт го.Ал интервьюну коруп алып мен зееригип кеттим го.Тартышканга чыкса нормальный соз жаттап анан чыкбайбы? Же эмне Оштогулар бекер олуп атыптырбы? Оштогу,окко кокурогун тосуп элди коргогондор баатыр эмес,7-апрель ак уйду алгандар баатыр бекен? Анда,берсин Оштогуларга да баатыр деген наам.Бир нерсе десе эле 7-апрель дей бербей!
Маданият кызматкерлерине чабуул. "Баш кесмек бар,тил кесмей жок"
#62 13 February 2016 - 23:32
Анан ошол Депуттатты колдогон форумчулар,
эркиндикти каалабаган,
омур бою бироого баш ийип жашагысы келгендер деп эсептейм.!
Кичине башты которгулочу 20-жылдан бери айтылып келген создору аткарылдыбы?
Баары кымбат эч-нерсе таппай акыры кудуул ырчыларды коркутуп акча ондургусу келип аткан булардын.Озу жебеген ушулардан эле калды эле...
Жашоо бир келет. Андыктан, жакшы амал кыл! Жакшы соз суйло, ошондо кана оз ордунду табасын.
Abuxanifa
Abuxanifa
#63 14 February 2016 - 00:36
Ырдын кайсыл саптарында турат "тундук-туштук"
деген?
Чындык корунуп эле турбайбы ырда!Эмнеге моюнга алгынар келбейт?Элди именно тиги сабатсыз депутат болуп олтурат!
Чындык корунуп эле турбайбы ырда!Эмнеге моюнга алгынар келбейт?Элди именно тиги сабатсыз депутат болуп олтурат!
#64 14 February 2016 - 01:35
Элди депутат озу эле болуп жатат,жок жерден чыга калып.Мурда не кылып журушту же апрель жакындап калганына айтсам эл колдойт дедиби!Эл куудулдар же депутаттар тарап эмес чындык тарапта.
#65 14 February 2016 - 04:33
Талант Анарбаевдин фейсбуктагы билдирүүсү:
-----"Асаламу алейкум Кыргыз элим !Ноокаттын Кыргыз Ата айылында уруксат бербей концертке чейин аренда толойсун деп 600орунга 10% ,мумкун 150белет сатылат мумкун 200белет сатылат эле,10-февралда анан калса Гулчодо Снб розск концертти камера менен тартып этияттагыла жогору жактан бизге приказ берилди деп айтышты ,Ал мейли 11-12-фев Ош Оудт концертибиз бар эле 10-февраль куну саат 10го чейин бир аз белет сатылган экен анан Снбдан айтты деп Оудт Зам дректору белетти саттырбай койуптур менин да ойум Эл аншлаг болуп Эл концертке батпай калат деп ойлогон жок элем 200 адамдын тегереги эл келет болчу андан сырткары дос тууганга,студенттерге бир аз белет откоргон элек мен аша чаап сындаган сатира юморлорум жок эле пародия кылып жон кана туурап койчумун! ал эми 13,14-февралда отчу Омар ырчы концертине тоскоолдук жок ,Исламда да айтылат тамашалагыла бирок чындыкты айтып дейт биз асмандан алып суйлобойбуз, Элдин айтайын деген ойун сахнадан кана жеткирип коебуз...сахнага чыгып байып кетейин же бутка турайын деген да оюм жок "Талант Шоу "деп таланты бар балдарга жол корсотойун деген ойум болчу,Эл айтса катуу айтат Онор адамдарынын оозун жабышынар мумкун бирок жалпы Элди камай албайсынар. ...концертке кеткен уюштурабыз деп короткон тыйынды ким толойт Афиша,банер, реклама !мен мактануу м/н сыймыктануу менен айта алам сахнасыз да оокатымды жасап кете берем ....Бирок Мискенбай сени менен суйлошом эркекче,борк ал десе баш алган атка минерлер аман болгула !идеянар жок саткандан башканы билбеген окмотго боорум ооруйт...Дооронбек Садырбаев абабыз айткандай мурдуна бок суйколгон кыргызым чыда озундун зоокур уулдарына дегендей канча чыдайт экенбиз коро жатарбыз....Жараткандан дуба кылып алдыга жыла берем !!!!"
-----"Асаламу алейкум Кыргыз элим !Ноокаттын Кыргыз Ата айылында уруксат бербей концертке чейин аренда толойсун деп 600орунга 10% ,мумкун 150белет сатылат мумкун 200белет сатылат эле,10-февралда анан калса Гулчодо Снб розск концертти камера менен тартып этияттагыла жогору жактан бизге приказ берилди деп айтышты ,Ал мейли 11-12-фев Ош Оудт концертибиз бар эле 10-февраль куну саат 10го чейин бир аз белет сатылган экен анан Снбдан айтты деп Оудт Зам дректору белетти саттырбай койуптур менин да ойум Эл аншлаг болуп Эл концертке батпай калат деп ойлогон жок элем 200 адамдын тегереги эл келет болчу андан сырткары дос тууганга,студенттерге бир аз белет откоргон элек мен аша чаап сындаган сатира юморлорум жок эле пародия кылып жон кана туурап койчумун! ал эми 13,14-февралда отчу Омар ырчы концертине тоскоолдук жок ,Исламда да айтылат тамашалагыла бирок чындыкты айтып дейт биз асмандан алып суйлобойбуз, Элдин айтайын деген ойун сахнадан кана жеткирип коебуз...сахнага чыгып байып кетейин же бутка турайын деген да оюм жок "Талант Шоу "деп таланты бар балдарга жол корсотойун деген ойум болчу,Эл айтса катуу айтат Онор адамдарынын оозун жабышынар мумкун бирок жалпы Элди камай албайсынар. ...концертке кеткен уюштурабыз деп короткон тыйынды ким толойт Афиша,банер, реклама !мен мактануу м/н сыймыктануу менен айта алам сахнасыз да оокатымды жасап кете берем ....Бирок Мискенбай сени менен суйлошом эркекче,борк ал десе баш алган атка минерлер аман болгула !идеянар жок саткандан башканы билбеген окмотго боорум ооруйт...Дооронбек Садырбаев абабыз айткандай мурдуна бок суйколгон кыргызым чыда озундун зоокур уулдарына дегендей канча чыдайт экенбиз коро жатарбыз....Жараткандан дуба кылып алдыга жыла берем !!!!"
Хммм даааа! Соз жок!! Кыйын депутаттын акчасы коп же крышасы кучтуу окшойт... . Бийликтегилер эл учун иштеген эмес, элге каршы адамдардай, душманындай сезим пайда болуп жатат. Эн окунучтуусу, озубуз тандаган, хотя... .
#66 16 February 2016 - 02:38
Маска эже менен Океана эмнеге депутат соройду колдоп жатат билбейм(( Эмне учун сатиралары жалан гана саясатчыларга болуп калганын Абдылда берген интервиюсунда жеткиликтуу эле жооп бериптирго.
Демек эл саясатчыларга ото эле нааразы экен. Абдылда туура айтыптыр 6-жылдан бери чечпей эмне кылып журушот.
#67 16 February 2016 - 02:39
Эринбей азыр бут видео суроо жоопторун коруп чыктым 100% чындык куудулдар тарапта экен.
#68 16 February 2016 - 02:41
Кантседа бийлик,бийликтигин кылат бул куудулдарды жон койбосо керек. 100миндеген адамды каратып туруп Оштун Мэри Мелисти алып койгон бул кичинекей куудулдар аларга эч нерсе болбосо керек((
#69 16 February 2016 - 12:42
Кантседа бийлик,бийликтигин кылат бул куудулдарды жон койбосо керек. 100миндеген адамды каратып туруп Оштун Мэри Мелисти алып койгон бул кичинекей куудулдар аларга эч нерсе болбосо керек((
Менимче, куудулдарды эч нерсе кыла албайт. Булар, сатирага шылтайт. А эми Мелис Мырзакматов каратып туруп: "Оштун кожоюну мен", - дегени бийликке жакшы эле жакпай калды. М.М. да оозуна карап сүйлөсө болмок. "Арстан, жолборс" деп койсо эле көзүн май басып калбай. Жакшы иштедиби, жаман иштедиби, мындай эки жагын карап, дүйнөнүн борбору Ош эмес экени менен эсептеше билсе минтип азыр куугунтукта жүрбөйт эле.
Анан да куудулдар менен Оштун мэрин салыштырып болбойт. Ошту мэринин аброю канчалык көп болсо да ал регионалдык лидер. Аны ошол жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү колдоп мелистеп ураан чакырбаса, башка региондордо аны менен иши деле жок (канчалык регионалдуулукка коошуп кеткен сөз болсо да жазып коюуга мажбурмун). Ал эми куудулдарды, менимче, бардык региондордогу адамдар дын көпчүлүгү колдойт.
Неси болсо да Мелиси да куудулдары да эми эки жакты карап сүйлөп калары бышык
Мага берки күнөөлөп жаткан тараптын мындан кийинки саясий тагдыры кызык
> Mен эл менен <
#70 17 February 2016 - 01:17
Февраль айынын башынан
тарта жер-жерлерге өнөрүн
көргөзө баштаган куудул
Талант Анарбаев аймактык
айрым маданият үйлөрүнүн
жетекчилери ага бут тосуп
жатканын айтып чыкты.
Жергиликтүү өнөркана
башчылары болсо бул
дооматтарды төгүндөшүүдө.
Маданият министрлиги ар
кандай жаңжалдарга
түрткөн, жеке адамдын
аброюна шек келтирген
көрүнүштөрдүн алдын алуу
максатында маданий иш-
чаралар өтчү өнөрканаларга
видеокөзөмөл орнотууга
киришти.
Байкоочулар муну парламент
трибунасында көтөрүлгөн
куудулдар маселесинен
кийинки жаңжалдын
уландысы катары
баалашууда.
Куудул Талант Анарбаев
социалдык түйүндөр аркылуу
мамлекеттик машина ар
кандай шылтоолор менен
куудулдарга куугунтук кылуу
аракетин баштап, кысымга
алып жатат деген билдирүү
таратты:
Талант Анарбаев
- 9-февраль күнү Ноокатта
концерт коймокпуз. Мурда
концерт бергенде ижара
акыга деп он беш пайыз алчу.
Азыр болсо 600 орунга алдын
ала акча төлөйсүңөр деп
айыл өкмөтү койдурбай
койду. Ал Бакыт деген
жигит экен. Агасы Ак үйдө
президенттик аппаратта
иштейт дешти. Гүлчөдө
УКМК кызматкерлери,
кылмыш издөө бөлүмүндө
иштегендер келип
концертибизди камера менен
тартып “этияттагыла,
бизге жогору жактан
айтылды” дешти. Андан
сырткары Ош шаарында
11-12-февралда жаңы
программадагы “Кышта
кычыраган күлкү” деген
төртүнчү концертибизди
берейин деп жатканбыз. Аны
да УКМКдан чалышты деп
драма театрдын
директорунун орун басары
билет саттырбай коюптур.
Анарбаевдин айтымында,
кимдир бирөөлөр
жарнамалык баннерин да
алып салган.
Ош академиялык драма
театрынын директорунун
орун басары Шералы
Бекташов болсо “Азаттыкка”
куудулдун концерти кимдир
бирөөнүн тоскоол болгонунан
эмес, эл келбей калганынан
улам өтпөй калганын айтты:
- Бизге УКМК эмес Маданият
министрилиги гана команда
бере алат. "Анарбаевдин
концертин койдурбагыла" деп
эч ким команда берген эмес.
Биринчи күнү жети билет
саткан экен өздөрү
концертин токтотуп
коюшуптур. Мен ал күнү
театрда жок элем. Мага
администратор кабарлады.
Экинчи күнү мага кассир
чалып “эки билет гана
сатылды, концерт бүгүн да
коюлбай калат окшойт”
деди. Эми алар концертин
коебу же койбойбу өздөрүнүн
иши да. Бизге бут тосуп,
билетин саттырбай коюп
эмне азап? Тескерисинче,
театрга эл көп келип,
ижарадан акча тапсак
жакшы да.
Шералы Бекташов
жогорудагы сөзүнүн чын
экенине театр жамаатынын
жарымы күбө өтөрүнө
ишендирди.
Борончу Кудайбергеновдун
концерттеринин биринин
афишасы
Маданият, маалымат жана
туризм министрлигинин
маалымат кызматынын
өкүлү Кундуз Качкынбаева
министрлик маданият
үйлөрүндө өтө турган бир да
концертке тыюу сала албай
турганын, бирок жакында
министрлик бул жаатта
атайын буйрук чыгарганын
айтты:
- Ал буйрук боюнча улуттар
аралык жаңжалга алып
келбеген жана адамдын
жеке аброюна шек
келтирбеген сатиралар
ойнолушу керек. Ошондой
чыгармалар аткарылышы
зарыл. Буйрук менен концерт
коеюн деп келген инсан
таанышып, келишимге
жогорудагы шарттарды
аткарам деп кол коюп берет.
Эгер макулдугун берип
жогорудагы шарттардын
бирин буза турган болсо,
анда бул жоругу үчүн чара
көрүлөт.
Маданият министринин
өкүлү ар бир маданият
үйүнүн сахнасында коюлган
чыгармаларды жазып турган
видео камералар орнотулуп
жатканын да белгиледи:
- Видеого тартуу боюнча
министрдин буйругунда
көрсөтүлгөн. Бардык
театралдык оюн-зоок
мекемелерине видео көзөмөл
коюлат. Ал болуп өткөн
концерт, кечелердин баарын
тартып турат. Биз ушул
жол аркылуу ал концертте
кандай мыйзам бузуу
болгонун далилдеп бере
алабыз. Ушул видео аркылуу
биз келечекте
фонограмманы да жоёбуз деп
ойлойбуз.
Качкынбаева бул буйрук
өткөн жумада күчүнө
киргенин, учурда Ош
академиялык драма
театрында видео камера бар
экенин кошумчалады.
Акын Нурлан Калыбеков
мындай көрүнүштөрдү
чыгармачылыкты чектөө деп,
“бөрк ал десе баш алып
жаткандардын” осолдугу
катары баалады:
- Классикалык адабиятта
“Король жана шут” деген
түшүнүк бар. Падышалар ар
кандай кырдаалдарда элдин
маанайын көтөрүү үчүн
жанына маскарапоздорду
алып жүргөн. Аны биздин
кыргыз интеллигенциясы
таптакыр түшүнбөй
калганбы? Биздин бийлик
башындагылар ушунчалык
сабатсызбы? Депуттатыкка
такыр китеп окубагандар
келгенби? Мен таң калып
жатам. Элчи менен ырчыга
өлүм жок дешчү эмес беле.
Эми эмне күлбөй да коелубу?
Бул деген демократияны
муунтуу да. Мен куудулдарды
колдоп жатканымды эмес,
мамлекеттик деңгээлде
шерменде болуп
жатканыбызды айткым
келет. Жан-жөкөрлөрү
ушундай кылып жатканын
президент Атамбаев өзү
билер бекен? Эми тийише
электери куудулдар эле
калыптырбы?
Калыбеков ошол эле учурда
сатиралык юмор өтө назик
жана каймана болушу шарт
деп эсептейт.
Коопсуздук комитети болсо
куудулдарга байланыштуу
чыккан жаңжалдан улам
өзүнө айтылып жаткан
дооматтарга комментарий
бере элек.
тарта жер-жерлерге өнөрүн
көргөзө баштаган куудул
Талант Анарбаев аймактык
айрым маданият үйлөрүнүн
жетекчилери ага бут тосуп
жатканын айтып чыкты.
Жергиликтүү өнөркана
башчылары болсо бул
дооматтарды төгүндөшүүдө.
Маданият министрлиги ар
кандай жаңжалдарга
түрткөн, жеке адамдын
аброюна шек келтирген
көрүнүштөрдүн алдын алуу
максатында маданий иш-
чаралар өтчү өнөрканаларга
видеокөзөмөл орнотууга
киришти.
Байкоочулар муну парламент
трибунасында көтөрүлгөн
куудулдар маселесинен
кийинки жаңжалдын
уландысы катары
баалашууда.
Куудул Талант Анарбаев
социалдык түйүндөр аркылуу
мамлекеттик машина ар
кандай шылтоолор менен
куудулдарга куугунтук кылуу
аракетин баштап, кысымга
алып жатат деген билдирүү
таратты:
Талант Анарбаев
- 9-февраль күнү Ноокатта
концерт коймокпуз. Мурда
концерт бергенде ижара
акыга деп он беш пайыз алчу.
Азыр болсо 600 орунга алдын
ала акча төлөйсүңөр деп
айыл өкмөтү койдурбай
койду. Ал Бакыт деген
жигит экен. Агасы Ак үйдө
президенттик аппаратта
иштейт дешти. Гүлчөдө
УКМК кызматкерлери,
кылмыш издөө бөлүмүндө
иштегендер келип
концертибизди камера менен
тартып “этияттагыла,
бизге жогору жактан
айтылды” дешти. Андан
сырткары Ош шаарында
11-12-февралда жаңы
программадагы “Кышта
кычыраган күлкү” деген
төртүнчү концертибизди
берейин деп жатканбыз. Аны
да УКМКдан чалышты деп
драма театрдын
директорунун орун басары
билет саттырбай коюптур.
Анарбаевдин айтымында,
кимдир бирөөлөр
жарнамалык баннерин да
алып салган.
Ош академиялык драма
театрынын директорунун
орун басары Шералы
Бекташов болсо “Азаттыкка”
куудулдун концерти кимдир
бирөөнүн тоскоол болгонунан
эмес, эл келбей калганынан
улам өтпөй калганын айтты:
- Бизге УКМК эмес Маданият
министрилиги гана команда
бере алат. "Анарбаевдин
концертин койдурбагыла" деп
эч ким команда берген эмес.
Биринчи күнү жети билет
саткан экен өздөрү
концертин токтотуп
коюшуптур. Мен ал күнү
театрда жок элем. Мага
администратор кабарлады.
Экинчи күнү мага кассир
чалып “эки билет гана
сатылды, концерт бүгүн да
коюлбай калат окшойт”
деди. Эми алар концертин
коебу же койбойбу өздөрүнүн
иши да. Бизге бут тосуп,
билетин саттырбай коюп
эмне азап? Тескерисинче,
театрга эл көп келип,
ижарадан акча тапсак
жакшы да.
Шералы Бекташов
жогорудагы сөзүнүн чын
экенине театр жамаатынын
жарымы күбө өтөрүнө
ишендирди.
Борончу Кудайбергеновдун
концерттеринин биринин
афишасы
Маданият, маалымат жана
туризм министрлигинин
маалымат кызматынын
өкүлү Кундуз Качкынбаева
министрлик маданият
үйлөрүндө өтө турган бир да
концертке тыюу сала албай
турганын, бирок жакында
министрлик бул жаатта
атайын буйрук чыгарганын
айтты:
- Ал буйрук боюнча улуттар
аралык жаңжалга алып
келбеген жана адамдын
жеке аброюна шек
келтирбеген сатиралар
ойнолушу керек. Ошондой
чыгармалар аткарылышы
зарыл. Буйрук менен концерт
коеюн деп келген инсан
таанышып, келишимге
жогорудагы шарттарды
аткарам деп кол коюп берет.
Эгер макулдугун берип
жогорудагы шарттардын
бирин буза турган болсо,
анда бул жоругу үчүн чара
көрүлөт.
Маданият министринин
өкүлү ар бир маданият
үйүнүн сахнасында коюлган
чыгармаларды жазып турган
видео камералар орнотулуп
жатканын да белгиледи:
- Видеого тартуу боюнча
министрдин буйругунда
көрсөтүлгөн. Бардык
театралдык оюн-зоок
мекемелерине видео көзөмөл
коюлат. Ал болуп өткөн
концерт, кечелердин баарын
тартып турат. Биз ушул
жол аркылуу ал концертте
кандай мыйзам бузуу
болгонун далилдеп бере
алабыз. Ушул видео аркылуу
биз келечекте
фонограмманы да жоёбуз деп
ойлойбуз.
Качкынбаева бул буйрук
өткөн жумада күчүнө
киргенин, учурда Ош
академиялык драма
театрында видео камера бар
экенин кошумчалады.
Акын Нурлан Калыбеков
мындай көрүнүштөрдү
чыгармачылыкты чектөө деп,
“бөрк ал десе баш алып
жаткандардын” осолдугу
катары баалады:
- Классикалык адабиятта
“Король жана шут” деген
түшүнүк бар. Падышалар ар
кандай кырдаалдарда элдин
маанайын көтөрүү үчүн
жанына маскарапоздорду
алып жүргөн. Аны биздин
кыргыз интеллигенциясы
таптакыр түшүнбөй
калганбы? Биздин бийлик
башындагылар ушунчалык
сабатсызбы? Депуттатыкка
такыр китеп окубагандар
келгенби? Мен таң калып
жатам. Элчи менен ырчыга
өлүм жок дешчү эмес беле.
Эми эмне күлбөй да коелубу?
Бул деген демократияны
муунтуу да. Мен куудулдарды
колдоп жатканымды эмес,
мамлекеттик деңгээлде
шерменде болуп
жатканыбызды айткым
келет. Жан-жөкөрлөрү
ушундай кылып жатканын
президент Атамбаев өзү
билер бекен? Эми тийише
электери куудулдар эле
калыптырбы?
Калыбеков ошол эле учурда
сатиралык юмор өтө назик
жана каймана болушу шарт
деп эсептейт.
Коопсуздук комитети болсо
куудулдарга байланыштуу
чыккан жаңжалдан улам
өзүнө айтылып жаткан
дооматтарга комментарий
бере элек.
Кудай буйруса баары жакшы болот!
#71 17 February 2016 - 11:39
Видеолорду жакшылап анализдеп көрдүм. Бул жакта өтүп кеткен баатырлар тууралуу сөз болгон жок. Бул жакта кээ бир тирүү баатырлар тууралуу сөз болуп атат. Мээрбек Мискенбаев туура эмес сынды кабыл алып, туура эмес суроону көтөрүп алыптыр. Баатыр деп кандай адамды айтабыз? Чыныгы баатырлар булар элин чет жактагы душмандарын коргогон, ата мекенин коргогон, мекен деп жанын аябаган адамдарды айтабыз. Бизде иделогия такыр өзгөрүп, азыркы жаштарга бийликти басып алса баатыр болот деген ойго жетелеп атат. Рахман Разыков көптөгөн таасирдүү тарбияга алып келген ырларды жазат. Сынды туура кабыл алып, көздү ачыш керек.
Ал эми Бек Борбиевге келсек, жөнөкөй эле ырчы барып, Бакиевге жолугуп, анын алдында ырдап атса, анда эмнеге биздин чоңдор ага барып, аны кармай албайт?
Ал эми Бек Борбиевге келсек, жөнөкөй эле ырчы барып, Бакиевге жолугуп, анын алдында ырдап атса, анда эмнеге биздин чоңдор ага барып, аны кармай албайт?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#72 17 February 2016 - 11:55
Бул жакта трайбализм тууралу сөз дагы болгон жок. Оштогу катышкан адамдар тууралуу айткан экен. Оштогу болгон каргашалуу окуяга бир гана ошто жашаган адамдар катышкан эмес. Башка дагы областтардан келегн адамдар дагы болгон. Эч кандай бөлүнүп жарылуу болгон эмес экен ал жакта.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#74 21 February 2016 - 03:51
Ал жерде 7-апрелде олгондор жонундо эчнерсе айтылбаптырго.
Туштук-Тундук жонундо да эчнерсе айтылбаптыр.
Мискенбаев ар созундо эле "олгондорго тийишпегиле,
алар тынч жатсын" деп кайталагандан башка соз айта албаптыр. Демек бул жогорку жактын буйругу болду, ушул жаш депутатты маска кылышып ооздуктады окшойт куудулдарды.
#75 21 February 2016 - 21:15
Азыр эле Абдылда Иманкуловтун Ошто койгон концертин коруп чыктым эл аябай коп келип жагымдуу жакшы концерт болду
#76 21 February 2016 - 21:16
Азыр эле Абдылда Иманкуловтун Ошто койгон концертин коруп чыктым эл аябай коп келип жагымдуу жакшы концерт болду
#77 21 February 2016 - 23:08
Жогору жактагы комет.дерди окуп коруп озумчо тан калдым, дегеле биз кыргыз эли акты ак караны кара дей албайт экенбизда, бир эки кумалак кай жерден болсо да чыгат экенде, айтылган сатиралар ырлар так даана жазылып турат ошону да тушунгулору келбейт. Депутаттарга го соз жок маданият кызматкерлерине кыйратып шарт тузуп коюшкансып сындап коюшат, куудулдар акындар илгертеден кыргыз элинин кузгусу болгон, жеп жутар кичине тарых барактарына бир коз салып койсо жакшы болмок экен кандай алп акындар куудулдар болгон бай манаптын кылган ишин элге кыйр тил менен жеткирип турушкан. биз баарыбыз колдошубуз керек маданият кызматкерлерин жана спортсмендерти биздин мамлекети дуного ушулар гана тааныта алат жана онугууго салымын кошушат. а депутаттар ошолордун кылган ишине сын айтып тапкан сыйлык акчасынан кантип налог деп акча клып калсак деген ойдо мыйзам жаза алышпай убара, анан бизде кайдан онугуу болот кайсы келечекке умут кылабыз.
#78 22 February 2016 - 20:34
Рахман Разыковдун ыры эн сонун жазылган. Эч кандай элди болуп жарууга себеп болуучу саптар жок. Бул депутат соройубуздун Азаттыкка эфирге келгенин коруп,кулдум,
жок дегенде коллегаларынча бироого соз жаздырып болсо да жаттап албайбы дейм да
Тескеринче булар "7-апрель" ,"Ош окуясын"козгоп элди эрегиштируудо. Жана ошол эле аракет менен соз эркиндигин баскылары келуудо. Албетте мындан кийин ошол онору менен нан таап жаткан куулулдарыбыз да абай суйлоп,оз оокаттары учун тилин кыскартууга туура келет.
Тилекке каршы,бийликтин максаты ишке ашып,дагы эле элибиз толугу менен акты ак дей албагандары, оз кызыкчылыктарын бир колдон колдой албагандары окундурот.
Тескеринче булар "7-апрель" ,"Ош окуясын"козгоп элди эрегиштируудо. Жана ошол эле аракет менен соз эркиндигин баскылары келуудо. Албетте мындан кийин ошол онору менен нан таап жаткан куулулдарыбыз да абай суйлоп,оз оокаттары учун тилин кыскартууга туура келет.
Тилекке каршы,бийликтин максаты ишке ашып,дагы эле элибиз толугу менен акты ак дей албагандары, оз кызыкчылыктарын бир колдон колдой албагандары окундурот.
БААРЫ ЖАКШЫЛЫК УЧУН!!!
#79 23 February 2016 - 11:23
Жаңы саясий сатира!
Тынар Курбаналиев "120 кой" камап койгон "рамкадан" чыкпай, көрүүчүлөрдүн боорун эзди - ВИДЕО »[moderated]
20-21-февраль күндөрү белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин Бишкектеги Спорт сарайына бир айдан кийин кайрадан койгон концерти аншлаг менен өттү. Ал буга чейин, т.а. ушул жылдын 9-10-январында да концерт берип, андагы аткарган айрым сатиралык номерлери депутат Мээрбек Мискенбаевдин сынына кабылган болчу.
Тынар Курбаналиев "120 кой" камап койгон "рамкадан" чыкпай, көрүүчүлөрдүн боорун эзди - ВИДЕО »[moderated]
20-21-февраль күндөрү белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин Бишкектеги Спорт сарайына бир айдан кийин кайрадан койгон концерти аншлаг менен өттү. Ал буга чейин, т.а. ушул жылдын 9-10-январында да концерт берип, андагы аткарган айрым сатиралык номерлери депутат Мээрбек Мискенбаевдин сынына кабылган болчу.
http://
#80 23 February 2016 - 11:24
http://[moderated]/sobytiya-
dnya/13766-tynar-kurbanaliev-
120-koy-kamap-koygon-ramkadan-
chykpay-k1257r11991199ch1199l1257rd1199n-
boorun-ezdi-video.html
http://

Супер-Инфо
super.kg
видео

















