Салам!!!
Биринчи жолу жазышым,мени сындап,совет беруунун кереги жок,жон гана сабак болсун деп жаздым!!
!Жашым 26да,Бишкек шаарында торолуп,билим алып айтор турмушка чыкканга чейинки жашоом ошол шаарда отту.Бишкек мен учун эстеп кеткис балалыгым,окуучулук кундорум,жаштыгымдын издери...Мен 18жашка чыкканда озумдон улуу бала жактырып,гул берип ,ырдап суйуусун арнап журду...Канчалык суйуп,жактырсам да батынып айтып ,жооп кайтара албадым.Жок мен окунбойм!
!!жетпеген,
айтылбаган махабат журогумдун тээ тупкурундо жашайт,коп жылдар бою.Жашоого олуттуу коз караш коюп турмушка чыгуу жонундо ойлонгон жок элем,тагдырыма,
мандайыма жазылганы ушул экен.Учунчу курс кезимде айыл жерине ала качып кетти...Анда деле батынып каршылык корсото албадым же жаштык кылдымбы?!
билбейм отуруп калдым .Кыйналдым биртоп эле кыйналдым,коно албай сагыныч деген оору менен алыштым,акыры кондум.Эл катары биз да бутубузга туруу учун Россияга келдик.Боюмда болбой журуп болду, тородум.Балам торолуп чоноюп калганда кайын энеме жеткирип келдим.Жолдошума жардам болсун Деп иштеп калдым.Баш кошконубузга 3,5-4жыл болгондо жолдошум озгорду...Корсо менден башкасы бар экен...Канчалык кыйын болсо да,канчалык азаптуу кундор,тундор отсо да батынып айтып чыр чыгара албадым.Баары отот Деп озумдон кемчилик издеп чунчуй туштум...Бирок эч кимге сыр бербедим жазышканын,
суйлошконун баарын билем,ичтен сызып кыйналам,бирок жарылып,бакырып ыйлап,ызы чуу кыла албадым.Коп чыдадым,кыйналдым,
оорулуу киши оорусу менен алышса мен озум менен алыштым...Тагдыр ушунчалык татаал беле?!тагдырым тайкы беле?!баарынан тажадым бир жыл эки ай ооз ачпай,корсом кормоксон,уксам укмаксан болдум...
Тагдыр жолунда...
#3 22 Февраль 2016 - 20:57
Ундобосонуз ал андан бетер тебелей берет. Адан коро шарт койун же мен же ал деп. Качанга чейин ушинтип басмырлашына жол бересиз. Сиздей ооз басырыктуу аялдар чыдап журо беришет да бир кун ото катту жарылат да эмне кылып койгонун билбей калышат. Создун маанисин тушундунуз деп ойлойм. Ошого жеткирбей бардык нерсени оз мезгилинде чечкен жакшы. Топтоп топтоп вулкан кылбай
Турмуш- бул чоон мектеп!
#4 22 Февраль 2016 - 22:03
Ошондой кундордун биринде озумдо болгон кучту чогултуп акырын гана ый аралаш айтып жаттым билем аны да тааныйм,эмне суйлошот,кайда алып барат баарын башынан билээримди айттым,унчукпады!
Оюмда акылы болсо туура чечим чыгарат дедим...Баламды ортого салып,уруш жандарм менен жашоомду улагым келбеди.Бир туруп эрксизден ортодо чайналганына боорум ооруйт,кайра жиним келет мени ким аяйт деп,окшош кундор ото берди .Башынан эле токтоо жаным ого бетер ой басып,ун созсуз жашап калдым.Убакыт учкан куштай бат эле отуп арадан 5-6 отту.Экинчи жолу бул теманы которуп соз козгодум чыдамым тугонуп,баарынан умутумду узгонумду айттым,чоголоп олтуруп талак сурадым,лемур-
оксуп ыйладым,бироонун бапестеп баккан кызы экенимди айттым(((Жалгыз калуудан коркуп эмес ,элден намыстанганымды айттым.Ун соз жок менден бетер ыйлап боюнда бар эртен алдырат деди,ого бетер куйбогон жерим кул болду...Андан аркысын билбейм эс учумду жоготуп,кыйналыптырмын.
Эртеси туруп муздак ваннага туштум боенуп,эшикти жаап чыгып кеттим.Жан дуйном жанчылып,кечээки кунум бугункуго караганда бактылуу сезилди,анткени адамдардын шайтан жолуна тушуп айбандан ылдый тушконун билбедим эле.Жапжаш кыз суйуу деп уй-було бузуп,кудай алдында кечирилгис куноо кылганын сезбеди окшойм.Мен кызганып,ичим куйуп кыйналбадым мени кыйнап,ойлондурган нерсе адамдар беш муноттук кумар учун адашкан жол,бейкуноо наристе!
#6 22 Февраль 2016 - 23:18
Тагдырымдын татаал жолунда кайгынын колундо чогуп эле калдым.Бир гана ишенип мага болушуп,мен тарап болоорум жаратканым эле,анткени мен никелеп алган ак жубайы элем.Бассам-
турсам адилет издеп,баламды ойлоп,элден уялып жаап жашырдым болушунча.Жок дегенде сен андайсын-мындайсын,
жамансын Деп жаман жагымды айтса мейли дейт элем.Унсуз мени мындай жазалоого,мени алмаштырып жашообузду,
озу курган уй булону бузууга кандай акысы бар?!Мандайыма жазылган турмушка,тагдырыма баардыгына тике карап мен чыдайм дедим,ата-энеме,
балама соз тийгизбейм дедим!!!
Ал жасаган мамилени мен да жасайм,мен дагы аны унсуз туздап,жарасын айыккыс кылам Деп озумо соз бердим.Канчалык Ал менден алыстоого аракет кылган сайын мен ошончолук жабыштым,бир туугандарына кун алыс чалам,ата-энесин сыйлайм,белектерди чексиз берем,кечинде келсе тамак даяр,эч нерсе болбогондой ,баары жакшы,жадагалса телефонуна да акча салам,эрки жетсе мен салган акча менен батынып чалып анысы менен суйлошсун дейт,Ал мага ар бир майрамда белек берсе мен кундо берем,баарын берем.Эшиктен келе жатканда сахар чачып коюу адат таптым,жашообуз таттуу болсун деп...Негедир жылуу мамилем менен аны озумо тартып,никесиз жургон тигини талаада калтырып жазалоону энседим.Баардык нерсеге башка ой жугуртуу керек деген талап койдум,убактым болсо эле кайырчыдай жараткандан тиленем бактымды кайтарып беруусун.Убакыт акыры баарын ордуна койду !!!Сенделип эркектин бал тилине алданып,кыздык намысын кечип,боюнан алдырып,акыры калды,бапестеп,
аярлап ,баарын жоктон баштап ,чыдап эркекти эркек кылып коломтого жылуулук берген аял кишинин милдети!!
!Аялды суйуп учурунда баркына жетпей кордоп,корбогонду коргозуп,бугун суйуп ,отконго окунуп,ар бир танды уят деген сезим менен атырган эркекке эмне дей аласын?!Кудайыма шугур эч кимге сыр бербей жендим,жаратканыма шугур айтам!!!
Жашоодо баардыгы оз ордун табат,эч кимди куноолобойм!
!!Жанылбас жаак,мудурулбос туяк болбос!!
!Бир гана айтаарым эркек кишиге жашоо алда канча женил,Ал эми кыз киши кимди алдап бакыт курат?!озунбу же келечек жубайынбы?!
Пендеден жашырганды кудайдан кантип жашырасын?!
#7 22 Февраль 2016 - 23:31
Сабырдуулугунузга тан бердим...Аллахым куйоонузго хидаят берсин.,жашоонуздарда мындан ары жалан жакшы кундор болсун! Бактылуу болунуз!
#8 22 Февраль 2016 - 23:47
Бактылуу болунуз! Жалан гана жакшылыктардын устундо журунуз! Сабырдуулугунузга баа бердим.
#9 23 Февраль 2016 - 03:52
Азамат келин экенсин,жолдошун сени менен сыймыктансын,
мындан ары бактылуу кундордун кубосу болуп журо бер!
#11 23 Февраль 2016 - 08:16
Тагдыр жолунда жениш сеники болуптур.кызым.
Уй -булоон бутун калды,балдарын бактылуу,очогунан от очпой,коломтондо от калды аттин бирок да конулдо кетире алгыс кир калды да журогундо очуро алгыс из калды.,бул акыркы саптарымды окууган жигиттер тушуноор деп жаздым
Эмнеси болсо да кызым турмуштун сыноосунан сынбай,акылдуулук менен коломтондун отун очурбой сактап калганын жакшы иш болуптур...
Такылдап эринин телефонун чукулап,ар кимден жону жок кызганып,чуу чыгарып,коломтосуна кундо суу сепкен кыздарга сабак болчу тема болуптур...
Эмнеси болсо да кызым турмуштун сыноосунан сынбай,акылдуулук менен коломтондун отун очурбой сактап калганын жакшы иш болуптур...
Такылдап эринин телефонун чукулап,ар кимден жону жок кызганып,чуу чыгарып,коломтосуна кундо суу сепкен кыздарга сабак болчу тема болуптур...
#13 23 Февраль 2016 - 12:05
Бактылуу бол. Мен да ошол аллахым баарын коруп турат дер жашар келем. Сабыр тубу сары алтын . Бир кун келип алда жазасын тартат.
#14 23 Февраль 2016 - 12:47
Автор эки дуйно бактылуу болунуз! Ортодо тиги (бузуку кызга) боор ооруп ичиниз атышканын да чагылдыра кетипсиз, журогу кен мээримдуу аял экениниз корунуп турат, кантседа жениш сиз тарапта болгону кубанттырды!
#15 23 Февраль 2016 - 15:49
Тооба тооба деп аласын Эркектер аялым начар тили узун башкадан ошого мээрим издедим дейт а бирок бар жагдайын жасам тушунуп ундобой отурган аялдарды алмаштырганда не дейбиз?
#16 23 Февраль 2016 - 15:51
Ыйман берсин баарыбызга эркектерден отуп аялдар женил ойлу болуп бара жаткандайбыз.
#17 23 Февраль 2016 - 15:52
Ыйман берсин баарыбызга эркектерден отуп аялдар женил ойлу болуп бара жаткандайбыз.
#18 23 Февраль 2016 - 16:12
Чын айтам окуп буткучом ыйладым.
Ушул сабырдуулугунуздан акылдуулугунуздан калбан.
Эх кана эде мен дагы сиздей болуп калсам, кичине эле кыйшайганын билсем озумду койоорго жер таппай жарылып эле кетем деймго.
Бирок чындыгында биз аялдар коп нерсеге коз жумуп койобуз..
Сиздей келиндер коп болсун
Ушул сабырдуулугунуздан акылдуулугунуздан калбан.
Эх кана эде мен дагы сиздей болуп калсам, кичине эле кыйшайганын билсем озумду койоорго жер таппай жарылып эле кетем деймго.
Бирок чындыгында биз аялдар коп нерсеге коз жумуп койобуз..
Сиздей келиндер коп болсун
#19 23 Февраль 2016 - 17:07
Баракелде!
Сабырдуу аял экенсин!Мындай корунуш баарыбызда боло бербейтго.Чындап мактоого тете аялзаты экен.копчулуко сабак болоор."Сабырдын тубу сары алтын" дегендей коломтону сактап калыпсын.Бактылуу бол!!!
#20 23 Февраль 2016 - 21:40
Баардыгыныздарга рахмат!!
!Жаратканым баарыбызга ыйман берсин!!
!Ооба журогумду оорутуп,кыйнаган ал кундордон сууй элек из калды!Мандайга жазылганды татыктуу кечип отуу ар бирибиздин милдетибиз.
Канча жолу бироого мен ушундай болдум Деп айтып жарылгым келди,бирок анте албадым.Озум кечирип жашай берем,а башкалар ушак кылып баарын ырбатат.Сиздер менен болушуп женилдедим,
жарылдым,бугум чыкты!!!
Жылдар бою чогулган кайгылуу кундорду озумдон алыс кое бердим!!
!Чын дилимден кечирдим!
!!Бир гана айтаарым кээде кичинекей сабырдуулук менен кылымга тете бакыт тапсан болот экен,сен канчалык кечиримдуу,
айкол болсон ошончолук баркка жетип,которулот экенсин!!
!Журогубуздо ыйман болсун,баарыбыз таза суйуу,таза жашоо,таза уй-булого татыктуубуз!
!!