Күзгүдөн өзүмдү көрүп көңүлүм чөгөт. Сары майдай сапсарылыгым, самандай кургак сары чачтарым аз келгенсип, эшектин тиштериндей эпсиз ирик, арасы ачык тиштеримди айтпайсыңбы…Бала кезимден тели-теңтуштарым «сары май», «сары быштак», «сары эшек» дешип отуруп, менин көз уялткан сарылыгымды (бейиши болгур атам чачымды да шыпырып салчу) күнгө окшотуруп «күн» деп коюшту. «Күн» деген атка көнүп бүткөм. Атымдан эч ким чакырбайт. Жада калса мугалим эжекебиз да балдардын мени «күн» деп кыйкырганын угуп, алардын мага койгон атынын таамайлыгына ичнен тен берип, күлкү аралаш:
-Ага неге теригесиң? Күн деген жакшы да… Көрөт элем Күн болбогондо силерди, жубарымбектер- деп, балдарды тыйымыш этип, мени карап алып кайра каткыра күлөр эле. Анысы менин шылдыңга уугуп бүткөн жүрөгүмдү ого бетер оорутчу. Классташтарымдын көбүнө алым жетпегендиктен, аларга «ат» болуп берчүмүн. Баарыбызды баса калып сабаган, чоң муштум Кубат танаписте мага минип алып, «Гүлсарылап» кыйкырып жүргөнү жүргөн. Кээде сабакты мыкты окуган Алишер акыма Кубатка сабак көчүртүп мени минип алчу. Азыр ойлосом алдуусу алсызын алкымдан алган ачуу чындык бала дебей чоң дебей, адамдын каны менен кошо чуркаган мыйзам окшобойбу…
-Класска «жапжаңы» кыз келиптир, тимеле сулуусун айтпа -деп кыйкырган балдарды угуп, жонумдагы Алишерди алып учуп жөнөдүм. Класска кирип келсек, сабак башталганы калыптыр. Арткы партага барып отурдум. Илинген тактанын оң жагында балдар айтмакчы «жапжаңы» кыз турат.Эжейибиз ал кызды Аида деп тааныштырып, мындан кийин биз менен чогуу окуй тургандыгын айтты. Ал кыз чындап эле, ошол кезде мен үчүн жомоктон келген, айдан түшкөн кыздай көрүнгөн. Тыкан тигилген, кыздар кийчү мектеп формасы, ак бантиги менен бир өрүм чачы, жада калса, күлүп турган пилдин сүрөтү тартылган китеп кабы да ал үчүн тигилген өңдүү көзүмө көркөм көрүнгөн. Өзгөчө тоонун тунук булгында чөгүп жаткан, көз уялткан кара таштай көздөрүн карап чоң тиштеримди көрсөтө оозумду аңырдай ачып калыптырмын.
Билдирүүнү түзөткөн: Daiza: 05 Март 2014 - 14:01