Биз,кыргыздар,
жаралгандан эле Кудай деп жашап, жүрөгүбүздө Кудайга болгон ишеним менен жашап келгенбиз да, керек болсо атеизм өкүм сүрүп турганда да.
Кудай сүйгөн калк деп жөн жерден айтылбаса керек. Теңирчи десе эле башкача түшүнүп,андан чочулоонун кажети жок дейм,анткени ислам дини кыргыздарга келгенге чейин кыргыз элинин өзүнүн дүйнө таанымы,ишеними катары кызмат кылып,эчен кыйын кырдаалда ошол ишеним сактап келген эмеспи.Анын үстүнө Теңир деген сөз Жараткандын бир аты деп айтылат го. Кыргыздар ошол Кудай жараткан нерсенин баарына аяр мамиле жасап,сактап, жаратылыш менен тыгыз байланышта болуп,эгер чоң табият кырсыгы болсо, Жараткандын каарына калдык деп,мүмкүн болушунча анын каарына калбаганга аракет кылып жашашкан да. Ушуну айрымдар башкача түшүнүп,Кудайга эмес,тоого-ташка, сууга сыйынат деп,аны көбүртүп-жабыртып, бурмалап жиберген сыяктуу.Ошол кылымдардан бери сакталып,кыргыздын өзүн сактап келген ишеними,кээ бири айтып жаткандай,теңирчиликтен (ушундай терминди ойлоп таап,колдонууга киргизип алдык,а муну айрымдары жаман,кооптуу нерсе катары кабыл алганы өкүнүчтүү) жаман нерсени мен көрө албаймын.Жаратканга жалынат,ошонун ичине баарын камтып кетет,ошону менен Жаратканга кайрылып жатканын оңой эле түшүнүүгө болот да.

++++++++++++

Супер-Инфо
super.kg
видео