Суперстан: Кыргыздын “рухий сойкусу” чыгармасы - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кыргыздын “рухий сойкусу” чыгармасы же Эгендин “Ээнсиреген үй” тасмасы

#1 Пользователь офлайн   Daiza   05 Март 2014 - 13:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

Автор: Дайырбек Кенжебаев , Талас мамлекеттик университетинин доценти

Күзгүдөн өзүмдү көрүп көңүлүм чөгөт. Сары майдай сапсарылыгым, самандай кургак сары чачтарым аз келгенсип, эшектин тиштериндей эпсиз ирик, арасы ачык тиштеримди айтпайсыңбы…Бала кезимден тели-теңтуштарым «сары май», «сары быштак», «сары эшек» дешип отуруп, менин көз уялткан сарылыгымды (бейиши болгур атам чачымды да шыпырып салчу) күнгө окшотуруп «күн» деп коюшту. «Күн» деген атка көнүп бүткөм. Атымдан эч ким чакырбайт. Жада калса мугалим эжекебиз да балдардын мени «күн» деп кыйкырганын угуп, алардын мага койгон атынын таамайлыгына ичнен тен берип, күлкү аралаш:



-Ага неге теригесиң? Күн деген жакшы да… Көрөт элем Күн болбогондо силерди, жубарымбектер- деп, балдарды тыйымыш этип, мени карап алып кайра каткыра күлөр эле. Анысы менин шылдыңга уугуп бүткөн жүрөгүмдү ого бетер оорутчу. Классташтарымдын көбүнө алым жетпегендиктен, аларга «ат» болуп берчүмүн. Баарыбызды баса калып сабаган, чоң муштум Кубат танаписте мага минип алып, «Гүлсарылап» кыйкырып жүргөнү жүргөн. Кээде сабакты мыкты окуган Алишер акыма Кубатка сабак көчүртүп мени минип алчу. Азыр ойлосом алдуусу алсызын алкымдан алган ачуу чындык бала дебей чоң дебей, адамдын каны менен кошо чуркаган мыйзам окшобойбу…

-Класска «жапжаңы» кыз келиптир, тимеле сулуусун айтпа -деп кыйкырган балдарды угуп, жонумдагы Алишерди алып учуп жөнөдүм. Класска кирип келсек, сабак башталганы калыптыр. Арткы партага барып отурдум. Илинген тактанын оң жагында балдар айтмакчы «жапжаңы» кыз турат.Эжейибиз ал кызды Аида деп тааныштырып, мындан кийин биз менен чогуу окуй тургандыгын айтты. Ал кыз чындап эле, ошол кезде мен үчүн жомоктон келген, айдан түшкөн кыздай көрүнгөн. Тыкан тигилген, кыздар кийчү мектеп формасы, ак бантиги менен бир өрүм чачы, жада калса, күлүп турган пилдин сүрөтү тартылган китеп кабы да ал үчүн тигилген өңдүү көзүмө көркөм көрүнгөн. Өзгөчө тоонун тунук булгында чөгүп жаткан, көз уялткан кара таштай көздөрүн карап чоң тиштеримди көрсөтө оозумду аңырдай ачып калыптырмын.

Билдирүүнү түзөткөн: Daiza: 05 Март 2014 - 14:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Daiza   05 Март 2014 - 13:40

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

–Эй, «күн» эмне эсиң ооп калдыбы, сүйүп калган жоксуңбу?-деген кытмыр сүйлөп куудулдаган Жаркынбектин сөзүнө дуу каткырып мени карап күлүп жатышкан балдар-кыздарды көрүп кулагым ачыла түшкөндөй болгон.

Шаарда орус класста билим алып, биздин мектепте орус класс жоктугуна байланыштуу биздин класска кирүүгө туура келиптир. Мен акыркы партада жалгыз отургандыгымдан улам, Аиданы менин жаныма отургузду эжейибиз. Китеп дептерин парта бетине койгон соң, Аида мен жакты карап:-Атың ким?-деп сурап койду. Атымды араң айттым.Аида мага өз атымдан кайрылчу болду. Аиданын гүл таажысындай кызыл эриндеринен менин атым айтылып жатканына жетиналбай жүрдүм.

Эртең менен сабакка келе жатканда мурду көрүнөгөн Күндү көрүп алып аны жек көрчү болдум. Эгерде Күн болбогондо менин «күн» атым жок болот эле, Аиданын көзүнчө балдар мени «күн» деп шылдыңдабас эле, мен уялбайт элем деп ойлончумун.

Андан бери Күн канча ирет чыгып, канча ирет батты? Турмуштан кыгылып согулдум. Эл катары үйлөндүм. Келинчегим мурун турмуш курган. Бир кызы бар жубан. Жыл айланып тойдум сенин тапканыңа, бакканыңа деп, Россияга эжесин ээрчип кетип, үй бүлөлүү бир эркектин этегин кармап кете берди. Борбор кааладан үй алган соң кызын алып кетти. Картөшкө сугарып талаада болчумун. Чоң, кара «жип» машине айдатып келип, апамдын ой-боюна койбой, кызын чырылдаткан бойдон салып кетиптир…

Кетменимди ийиниме артып сугаттан келе жатып, кызарып батып бараткан Күндү карап, ыйлап турдум:

–Кечир мени,Күн. Аялзатынын азгырыгына алданып, сени жаман көрчүмүн, ташка алып ургум келчү. Ал жинди кыялыма карабай, сен мени жылытчусуң. Мени эле эмес, мектепте мени шылдыңдагандарды да, мен ашык болгон Аиданы да, мени таштай качкан келинчегимди да, миллиондорду, миллиарддарды жылытасың. Эч кимден акы сурабайсың. Акы бере албасам да, сенин урматыңа коюлган «күн» атымды мындан кийин жерибеймин. Сенин жерди айланган ар бир сапарыңа арнап күндөлүк жазам-дегем, жашымды тыялбай.

Дагы үйлөндүм. Баш баанегим-батир. Апам кудасынын алдына түшүп барган жок. Барам десе да бара албайт эле. Ала торпогубузду сатып куда-кудагыйына чай беримиш этти.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: a103d049c4c1eaf075db970eacffee2e_XL.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Daiza   05 Март 2014 - 14:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

Ишканалардын бирине жумушчу болуп орноштум. Келинчегим базарда жашылча-жемиш алып сатат. Ишкананын имаратындагы жылыткычтар кышта жарылып, эми жай келгенде аларды оңдоо керек эле. Кечке чоюн батареяларды ташып белим үзүлгөндөй эле болду.

Иңирде иштен илкип араң келатам. Келинчегимдин: –Жок дегенде нан ала келчи-дегенин эстей калып, жайма базарды жандай бергенде, бирөөнүн сөгүнгөн, кыйкырган үнүн эшиттим. Темир күпкөнүн бурчунда эңгезердей жигит тыртайган немени алкымдан алып муунтуп жатыптыр.

-Эй, айтпадым беле, эшек. «Бүгүн эле берем» дебедиң беле? «Отвечаю» дебедиң беле…?

Барскоондой муштуму менен ырбыйган шордууну оозго урду. Башынан калпагы камгактай учуп, көлчүккө кулап түштү тиги неме.

Көйнөк шымын оңдоп-түзөп жатып жигит таза көйнөгүнө чачыраган канды көрүп, тишин качыратып ачуусу келип, араң туруп келаткан тиги байкушту бет талаштыра тээп алды. Көчөттөй арык киши чалкасынан түшүп жатып калды. Жигит оозуна курт кирип кеткен немедей кайра-кайра түкүрүнүп:

-Эй, запомни, эртең бербесең сага точно крышка-деди да, сөгүнгөн тейден кете берди.

Ортого түшүүгө даай албай, балбан жигиттин заар чачкан көзүнөн айбыгып тургам. Мен эле эмес, тегеректеп тургандардын бирөөсү да «кой» дегенге жарабады.

Манты саткан катын гана чайылдап үргөн кандектей:

-Ажыратып койсоңор боло... Эмне карап турасыңар, кокуй күн?-деп, дагы бирдемелерди айтып жатты.

Жок дегенде тургузайын деп, эчак күн жеп бүткөн эски калпагын колума алып, сулап жаткан неменин жанына бардым.

–Байке, туруңуз-дедим, билектен алып.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Daiza   05 Март 2014 - 17:23

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

Тиги жер таянып, башын көтөрүп, мени карады. Жүзүнө үңүлүп жатып, ичимден: -Таппай жүрөт белең кыргыздын чыныгы жүзүн? Мына кыргыздын чыныгы жүзү-дедим. Беттеринин чүкөсү чыгып, көздөрү чүңүрөйүп, тиштери түшкөн оозу канга боөлуп, муштумга жанчылган эриндери калбыйып шишип кетиптир. Нуру өчкөн көздөрүнөн закым учкан, каны катып суу сураган кыргыздын кызыр калган талааларын көрдүм. Кыздарды кыңшылатып кучактап мончодо отурган, курсагы чаначтай, элинин бүгүнү менен эртеңин кошо саткан, санда жок бир ууч элине манап болгон чоңдорду көрдүм. Акча берсе, «Гитлерди тирилтип бергиле» деп пикетке чыгуудан кайра тартпаган, бетпак болуп бүтүп калган элди көрдүм.Балдар үйүн баанек кылып ата-энесин саргайып күткөн бейкүнөө наристенин жашын көрдүм. Адамды күйүктүргөн, жиниктирген замандын заарын көрдүм…Алеки заматта ушунун бары көз алдыма тартыла түшкөнсүдү.

Эсине араң келген шордуу кыргыз мен узай бергенде,:

–Рахмат, иним –деди, ылайга оонап калган эски калпагын кагып жатып. Кайрылып: –Эмне болуп кетти-байке десем,

-Ээ, баягы эле акча да…- деди калбыйган эриндерин араң кыймылдатып.

«Онтогон» ойлор менен алп урушуп үйгө келдим.

7- класс окуган кайним төркү бөлмөдө телевизор көрүп отуруптур. Мени көрө салып, ордунан шып туруп кинону токтотууга кам урду.

-Тийбе -дедим.

-Кыргыздын жаңы киносу дегенинен... -деди, кайним. «Ээнсиреген үй» деген кино экен, жезде, деп кошумчалады.

–Билем….

Билдирүүнү түзөткөн: Daiza: 05 Март 2014 - 17:24

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Daiza   06 Март 2014 - 11:59

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

Эртең менен телевизордон бетинен май тамган Нурбек Эген деген «ээнсиреген баш» мактанып жатканын көргөнүмдү эстедим. Чыдап аягына чейин көрдүм. Баарын айтып баш ооруткум келбейт. Бир байкаганым, кыргызда «чыгармачылык» деген сөзгө жамынган «рухий сойкулардын» күн санап көбөйүп баратканын түшүндүм. Кинодо тартылган бардык «параноядан» да, койду кубалап бычак урган жиндини, чала өлгөн койдун бутун буубай мууздаган «албарсты» персонажды көрүп, кыргыздын душманы кыргыз экендигине чындап көзүм жетти. Болбосо кыргыз малды сойсо да кастарлап, аземдеп сойгондогу салты кана дегиң келет, Эгенге окшогон энеси талактарга. Эген демекчи, ал немең: -Менин киномду түшүнбөй жатышат, мен чындыкты тарттым-дегенинин эстеп,күйбөгөн жерим күл болду. «Тамырынан» эчак айрылган Эгендердин гана «ээнсиреген башында» «Ээнсиреген үйлөр» жаралат окшобойбу? Чындыкты көрүүгө Эген даярбы? Эгерде Эген, чындап эле, акыйкатты көргүсү келсе, барымтага койгон үйүн банктарга алдырган «семейный подряд» кыргыз бомждарды, жаңы конуштарда жанын тиштеп жашап жаткан кыргыз үй-бүлөлөрүн көрсө болмок. Эң башкысы, Эгендин киносун көрүп жатканда кыргызга боор ооруган автордук позицияны, кыргызга жан ачууну таптакыр байкай албадым. Тескерисинче, кыргыздын абалына табасы канган манңяк-режиссердун элеси тартылат көз алдыңа. Ушундай ойлор менен алп урушуп жатып, кайнимдин мага кайрылганын укпай калыптырмын. -Жезде телевизорго койсомбу? -Ооба, кой, койсоң-дедим. Жогорку Кеңеш. Нариман Тулеевдин чатагы. Көзүм илинип баратканын туйдум. Уктап баратып, алдан тайган жолоочуга тиш салганы турган, кутурган чөөнүкүндөй көзү менен артына караган, жапалдес бойлуу депутатты бир көрүп, көшүлүп кетиптирмин. .. Түшүмдө бүгүн базарда келтек жеген байкуш кыргызды капкара кийген кап курсактар, дагы бир топ доолу катындар жабыла тытып, сабап жатышыптыр. Байкуш кыргыз кан тамыры көөп чыккан, арык колдорун арбаңдатып мага сунат…Кыйкырсам үнүм чыкпайт, бассам бутум шилтенбейт. Негедир, Нурбек Эген тиги келтек жеп жаткан, шордуу кыргыздын чөнтөгүнөн түшкөн тыйын-чакасын терип, жерде чаңга оонап жаткан ак калпагын топ кылып тээп, жин тийген немедей кйкырып, бакшыдай бакырып жүрүптүр. Чоочуп ойгондум. Жүрөгүм лакылдайт. Ашканага кирип, муздак сууну аптыга ичип жибердим. Чылым тутантып терезени карасам, мелмилдеп күн уясына батып баратыптыр. -Рахмат сага, Күн-дедим. -Сага да рахмат, «күн» деп, күн мага телмирди. Артымды карасам келинчегим адатынча тултуңдап: -Эй, өзүң менен өзүң сүйлөшкөнүңдү качан коөсуң, жинди болуп кет анан, ошол эле жетишпей жатат эле -деди да, кызарып батып бараткан күндү карап койду. Билинбей дагы бир күн өттү…Эртең менен телевизордон бетинен май тамган Нурбек Эген деген «ээнсиреген баш» мактанып жатканын көргөнүмдү эстедим. Чыдап аягына чейин көрдүм. Баарын айтып баш ооруткум келбейт. Бир байкаганым, кыргызда «чыгармачылык» деген сөзгө жамынган «рухий сойкулардын» күн санап көбөйүп баратканын түшүндүм. Кинодо тартылган бардык «параноядан» да, койду кубалап бычак урган жиндини, чала өлгөн койдун бутун буубай мууздаган «албарсты» персонажды көрүп, кыргыздын душманы кыргыз экендигине чындап көзүм жетти. Болбосо кыргыз малды сойсо да кастарлап, аземдеп сойгондогу салты кана дегиң келет, Эгенге окшогон энеси талактарга. Эген демекчи, ал немең: -Менин киномду түшүнбөй жатышат, мен чындыкты тарттым-дегенинин эстеп,күйбөгөн жерим күл болду. «Тамырынан» эчак айрылган Эгендердин гана «ээнсиреген башында» «Ээнсиреген үйлөр» жаралат окшобойбу? Чындыкты көрүүгө Эген даярбы? Эгерде Эген, чындап эле, акыйкатты көргүсү келсе, барымтага койгон үйүн банктарга алдырган «семейный подряд» кыргыз бомждарды, жаңы конуштарда жанын тиштеп жашап жаткан кыргыз үй-бүлөлөрүн көрсө болмок. Эң башкысы, Эгендин киносун көрүп жатканда кыргызга боор ооруган автордук позицияны, кыргызга жан ачууну таптакыр байкай албадым. Тескерисинче, кыргыздын абалына табасы канган манңяк-режиссердун элеси тартылат көз алдыңа. Ушундай ойлор менен алп урушуп жатып, кайнимдин мага кайрылганын укпай калыптырмын. -Жезде телевизорго койсомбу? -Ооба, кой, койсоң-дедим. Жогорку Кеңеш. Нариман Тулеевдин чатагы. Көзүм илинип баратканын туйдум. Уктап баратып, алдан тайган жолоочуга тиш салганы турган, кутурган чөөнүкүндөй көзү менен артына караган, жапалдес бойлуу депутатты бир көрүп, көшүлүп кетиптирмин. .. Түшүмдө бүгүн базарда келтек жеген байкуш кыргызды капкара кийген кап курсактар, дагы бир топ доолу катындар жабыла тытып, сабап жатышыптыр. Байкуш кыргыз кан тамыры көөп чыккан, арык колдорун арбаңдатып мага сунат…Кыйкырсам үнүм чыкпайт, бассам бутум шилтенбейт. Негедир, Нурбек Эген тиги келтек жеп жаткан, шордуу кыргыздын чөнтөгүнөн түшкөн тыйын-чакасын терип, жерде чаңга оонап жаткан ак калпагын топ кылып тээп, жин тийген немедей кйкырып, бакшыдай бакырып жүрүптүр. Чоочуп ойгондум. Жүрөгүм лакылдайт. Ашканага кирип, муздак сууну аптыга ичип жибердим. Чылым тутантып терезени карасам, мелмилдеп күн уясына батып баратыптыр. -Рахмат сага, Күн-дедим. -Сага да рахмат, «күн» деп, күн мага телмирди. Артымды карасам келинчегим адатынча тултуңдап: -Эй, өзүң менен өзүң сүйлөшкөнүңдү качан коөсуң, жинди болуп кет анан, ошол эле жетишпей жатат эле -деди да, кызарып батып бараткан күндү карап койду. Билинбей дагы бир күн өттү…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Daiza   06 Март 2014 - 12:00

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 28
  • Катталган: 13 Февраль 13
  • Соңку аракети: 12 Дек 2018 09:12

---------------------- -деп бутту ?) Дайырбек Кенжебаев , Талас мамлекеттик университетинин доценти
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Жолоочу_Kosmopolitka_* 07 Март 2014 - 21:18

  • Тайпасы: Жолоочу
  • Соңку аракети:

Ушул элеби апей?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Ханбийке   09 Март 2014 - 02:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 247
  • Катталган: 24 Май 09
  • Соңку аракети: 07 Май 2016 00:07
  • Жынысы:Белгисиз

Узагыраак жазса сонун чыгарма болмок экен.
Жашоодо бакыт бар деп жашоонун, озу бакыт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   shazi   09 Март 2014 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 187
  • Катталган: 15 Февраль 13
  • Соңку аракети: 22 Апр 2016 16:30
  • Жынысы:Аялзаты

Ии буттубу?

Смысл жизни улыбка мамы.
.

Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Jamalym   16 Март 2014 - 23:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 347
  • Катталган: 06 Март 12
  • Соңку аракети: 21 Дек 2021 08:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Эски шаар

Аз гана саз гана экен +5
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   gulpana   22 Март 2014 - 21:03

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 04 Июль 13
  • Соңку аракети: 03 Июн 2018 03:25
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

эн сонун ой толгоо.
Тагдыр озу тараза, жашоо бумеранг.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Kg.lady   22 Март 2014 - 23:56

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Сонун коркомдоптур ээнсиреген уйду!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   belka   24 Февраль 2016 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Башталышын коруп эле жипкирип калганын коро албадым эле бул кинону,ушул чыгармадан тушунсо болгудай кандай экенин.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Bogotik   25 Февраль 2016 - 00:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 411
  • Катталган: 29 Август 13
  • Соңку аракети: 02 Мар 2020 05:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан!

kyzyktuu eken

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Senuchunzhashaim   26 Февраль 2016 - 17:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 5 589
  • Катталган: 30 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 05 Авг 2018 17:43
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Шаар.312

Жакшы жакшы...
Я настолько сильна, ты даже не предстовляешь. ..

Ask olmak bu mutlu olmak, sevarken hic bir zaman deyismelim.

Акыретти унуткан адам озунун куноолорунон кабарсыз адам.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 9 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 9, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 08 Авг 2025 08:10

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: