БИЗ КЫРГЫЗБЫЗБЫ ЖЕ...???!!!
Азыр жаштар отузга чыкпай жатып сапсайтып сакал коюп, дамбал кийип, басса-турса арабча күбүрөнгөн жигиттерди, капкара матага оронуп алып жүзүн жашырган кыз-келиндерди көргөн сайын кыжырым кайнап, ээ айланайындар, биз кыргызбызбы же арабпызбы деп кыйкыргым келет.
Эгер мусулманчылык жөнүндө айта турган болсок, кыргыздардын арасында ислам дининин өтө кеңири таралышы Кокон хандыгынын учуруна туура келет. Анткени динди таратуу Кокон хандыгынын саясатынын бир бөлүгү болгон. Кыргызстандын аймагындагы стратегиялык мааниси бар жайларда чептер курулуп, мечиттер салынып, кокондук молдолор мечиттерди тейлей баштаган. Бирок кыргыздардын диний турмушунда мечиттердин орду чектелген абалда болгон. Анткени мечиттер көбүнчө чеп ичинде курулуп, ал эми кыргыздар алардан оолагыраак көчүп жүрүүгө аракет кылышкан. Ошого карабастан кыргыздар ислам маңызын терең түшүнүшпөсө да, негизги ырым-жырымдарын өздөштүрө баштаган. Өлкөбүздүн тарыхында ислам дининин эң эле өрчүп-өскөн мезгили Кокон хандыгынын тушундагы мезгил болуп эсептелет. Ошол Кокон хандыгынын тушунда жашап өткөн, Курманжан датка энебиздин Бухаранын эмири Музаффарга айткан бир сөзү бар экен. Алайга атайын келип аны алгач көргөн эмир Музаффар жүзү ачык кыргыз кыз-келиндерди көрүп "жүзүн жашырбай ачык кармангандары эмнеси?" - деп түз эле беттен алат экен. Ошондо Курманжан энебиз сылык гана "Улуу урматтуу эмир, кыргызда аял киши уяттуу жерин гана жашырат, уят иш жасаса албетте жүзү менен уялат, бирок аял кишинин жүзү анын уяттуу жерине кирбейт. Кала берсе куранда деле аял киши жүзүн жашырыш керек деп айтылбаптыр, " - деп жооп берген экен.
Айтайын дегеним, байыртадан бери энелерибиздин баштарынан элечеги, кыз-келиндердин баштарынан жоолук, шөкүлө, такыя дегендер түшпөгөнү менен эч качан жүздөрүн жашырышкан эмес. Ошондой эле жаш эле эркектер сакал коюп, дамбал кийиш керек деп да куранда жазылган эмес. Кыргызда кылымдардан бери боз улан, жигиттер менен кыз-келиндер ортосунда ойнолуп келген ак чөлмөк, селкинчек, жоолук таштамай, шакек салмай жана ат оюндарына кирген кыз куумай сыяктуу көңүл ачкан шаңдуу оюндар, кыргыз аялзаты башка түрк тилдүү элдердеги аялзатына салыштырмалуу өздөрүн эркектин алдында алдаганча эркин кармап жашап келгендерин далилдейт. Ал эми бүгүнкү биздин молдокелер аял кишиге жүзүңдү күйөөңдөн башка эркек көрбөш керек, башы бош адамга да сүйүү, ашыктык ырларын ырдабаш керек дешет. Ырдасаң Алланы гана даңазалап ырда дегендери кыргыздын илгертен келе жаткан кулк-мүнөзүнө такыр туура келбеген нерсе.
Элибизде илгертен бери аялзатынын сулуулугуна суктанган, маданият казынабыздын бир өңүрүн толтурган ашыктык ырлары жаралган. Токтогулдун "Алымканы" , Жеңижоктун "Көк сулуусу", Барпынын "Мөлмөлүмү" жана башка ырлар. Улуу сүйүүнү даңазалаган «Кулмырза менен Аксаткын», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл мырза менен Түлкүбек» сыяктуу дастандар жаралган.
Көчөдө баратып келишкен сулуу кыз-келиндерди көргөндө алардын койнуна кирип кетиш эмес, тек гана сулуулукту көрүп көңүлүң көтөрүлөт. Акындар ыр жазышат. Ал ырга обончулар обон жаратып, көңүл ачкан чыгарма жаралат. Сулуулукту көрүп суктанып жашабасаң андай жашоонун эмне кереги бар. «Сулуулук дүйнөнү сактап калат» деген сөз да жөн жерден айтылбаган чыгаар.
Жада калса молдокелерибиз жакыны каза болгон адамдарга да ыйлаба, өкүрбө деп тыюу салгандары жанга батат экен. Жакшы көргөн жакын адамынан ажыраган адам жарылып ыйлап, ичиндеги кайгы-муңду көз-жашы менен чыгарып жеңилдейт да. Кайгы-муңду ыйлабай ичине каткан адам буулугуп жинди болуп кетпейби. Бүгүнкү Ислам дининин артында арабдаштыруу саясаты жатканын баарыбыз көрүп турабыз!
Мисалы, көчөдө көрүнгөн тамак-аш саткан жердин баарына «халал» деп жаза беришип, кыргызча «адал, арам» деп айткандын ордуна нукура кыргыз деген акындарыбыз баш болуп «халал, харам» деп ырдап калышты. Деги эле Ислам дини баарыбызды арабча сүйлөтүп, эркектердин баарына дамбал кийгизип, аялдардын баарына паранжы, хиджап жамындырыш максатында иш жүргүзүп келет. Кыргыздар арасында ислам динин таратууга өзгөчө салымы бар Кокон хандыгы 1709-жылы негизделиптир. Эгер ошол 1709-жылдан баштап эсептей турган болсок, деле ислам динин тутунуп баштаганыбызга туптуура 302 жыл, башкача айтканда үч кылым болуптур.
Манас эпосун да исламдаштырып, намаз окутуп койгон жазмакерлерге күйөм. Манас атабыз жана ошол кездеги кыргыздардын баары Теңирге сыйынышкан. Ошон үчүн улуу дастаныбызда Теңир жалга, Теңир сакта, Теңир колдо деген сөздөр айтылат.
9-чу,10-чу кылымда Теңирим колдоп, Улуу Кыргыз Каганат болуп турганыбыз эсиңерден чыга элек болсо керек?
Кыргызды кыргыз кылган Манас атабыз жана Барсбек бабабыз!
Аларды жомок же ширк дегендер, Кыргыз элинин душманы!
Биздин молдокелер үчүн башкача ойлонгондун баары, улуу акын Омар Хайям айткандай, дин безери, эл душманы болуп чыга келээрин да түшүнөм.
ОДНОКЛАССНИКИДЕН КОЧУРУП КЕЛДИМ. СУРОТТОР ДА БАР. БИРОК МЕН ТЕЛЕФОН МЕНЕН СУРОТ ЖУКТОГОНДУ ЭЧ ЭЛЕ ОЗДОШТУРО АЛБАЙ КОЙДУМ...

Биринчиден, сакал коюп, денени жабык алып журуу - суннот. Башкалар жакшы коробу жаман коробу, тегерегиндегилердин каалоосу менен эмес ал адам акыреттен корккону учун ошентип журот. Буга силер зар какшасанар да журогуно акыйкат кирген адам ал кылганынан кайтпайт
Экинчиден, сакал коюп аткандарга бир эле кыргыздар эмес, бардык мусулман олколорундогу жашоочулар да кирет.
Тарыхка коз чаптырсак илгери ата бабаларыбыз сакал мурутун кырган эмес, бир эле мусулман эмес, башка диндегилер (тенирчилер дагы) сакал остуруп эле жургон. Кийинчерээк гана Петр орус европадан сакал кырганды уйронуп келип приказ менен алдырганы болбосо орустарын деле бапайтып сакалчан журушкон. Сакал койгонго биз, кыргыздар катуу каршы экенбиз, башка олколор мынчалык душман тутунушпайт, керек болсо Афганистанда (араб олкосу эмес!) закон боюнча 18 ге толгондо сакал коюш керек.
Сиз экообуз муну таналбайбыз.
Кыргызбыз эле кыргызбыз дейбиз:
*эмнегедир чет олколук эркектер менен ойноп жургон озубуздун кыздар толтура, (лично Россияда журуп коргонумду айтам) ошолорду корсок жаныбыз (сакалчандарды коргончолук) кашайбайт экен. (Шариатта андай жорукка жол бербейт!)
*Ата-Бабаларыбыз туптогон мекенибиз четинен оюлуп сатылып атат. Жерин саткан элин саткан менен барабар! Ошондо ким кыргыз эмес? (сатуучулардын арасында бир да "молдоке" жок!) Ушунда да (сакалчандарды коргончолук) жаныбыз кашайбайт экен! (Ата мекенди коргоо шаритта эскертилген)
* Тоолорубуздун койну толо кендерге бай, жаратылышыбыздын тымтыракайы чыгып атат ошолорду чет элге саткандар кимдер? Аларды кыргыз дейт белениз? Ошолорду да (сакалчандарды коргончолук) жаман коросузбу? менимче бул корунуш сиз айтып аткан проблемалардан да ото кооптуу глобальная проблема! (шариат боюнча - Умар р.а. нун окуяларынан мамлекеттик мулкко кандай мамиле кылуу керек экендигин таап окусаныз болот!)
Эгер мусулманчылык боюнча соз кылсак кыргыздарга Кокон хандыгынан кийин исламдашуу башталган болсо, демек алар да динди асмандан атып тушуруп алышкан эмес, аларга да бироолор алып келген. Кокондуктар бизге карагандада бер эле дегенде 300 жыл мурун исламдашса керек анда сиздин айтуунуз боюнча? Айтайын дегеним мурда озбектер кандай болсо азыр деле ошондой, эч кандай арапташып кетпей эле журушот го, корот элек го ушул убакка чейин? тарыхын унутпаган, тилдерин бербеген, оздорунун Навоисин, Улукбегин унутушпай эле, Лайли ва Мажнун сыяктуу чыгармаларын жоготушпай эле келатышат, бизге караганда эрте исламдашса да. Башка олколордон кыдырып да таппайсыз исламдашып кетип тарыхын унутуп тилдери бурулуп кеткендерди!
Курманжан Датка энебиздин убагында кыздар бети ачык бирок мойну башын жаап журушсо эмнеге азыркы кыздар ошолорду туурабайт? Ошондо кимдер туура эмес кылып атат? Мойну башына жузун кошуп жаап жургондорбу же таптакыр мойну башын жаппай жургондорбу?
Кыз куумай, селкинчек, жоолук салмай оюндары аркылуу кыз жигит табышып, анан женелери аркылуу таанышып турмуш куруу уланган, ал оюндар кыргыздар исламдашкан мезгилде эмес орусташкан мезгилде жоголду го??? аны да исламдан коросузбу? СССР убагында аял эркек аралашып эле арак шарап менен дуулдап жургондо эле ал оюндар актуалдуулугун жоготкон! Эгер ойногунуз келсе ойноп конул ача бериниз! Бир гана ошол эмес тоо чечмей, ала бакан сыяктууларды да ойной бериниз!
Бир гана суйуу тууралуу эмес, ырдоонун бардык турлору акыретте эч кандай пайда алып келбейт, Аллахты эстоодон башка бардык нерсе зыян деп айтылган, ал жактын камын коросузбу корбойсузбу ал озунуздун ишиниз, сизге жон эле эскертип атышат!
Кыргыз фольклорлорун, сиз айткан лирикалар, дастандардын жоголуп баратышына да сакалчандар куноолуубу? Исламда озунордун улуттук чыгармаларды окубагыла, унуткула деген созду окумак тургай уккан да эмеспиз!
(типа кыргыздын тарыхын, урп адаттарын, дастандарын, оозеки чыгармаларын динчилдер билбейт, арапчага ооп кеткен дегендерди уксам оло итиркейим келет! Оздору кыйратып койгонсуп) Билем, динге катуу берилип кеткендер оз тарыхына, корком адабиятына конул бурбайт дейсиз, бирок ошол диндарлардын ичинен сизден отсо откон, бирок кем калбаган ырчылардан Каракумгандан баштап Женижоктун торт санатына чейин, Куудулдардан Шаршенден Куйручукка чейин, эпостордон Курманбектен Манаска чейин, жазуучулардан Борбугуловдон Айтматовго чейинкилердин коонорбос эмгектерин "ичип-жегендер" жок эмес!
Сулуулук дуйнону сактап калат деген созду кененирээк чечмелеп беринизчи сиз биринчи?
Сулууларды корбой жашоонун манызы жок болсо кызынызды же аялынызды (билбейм эркексизби, аялсызбы) ар кимге корсотуп жетелеп жургунуз келеби? Неужели башкалардын суктанып карашын каалайсыз?
Суктануу кызыгууну туудурат, кызыгуунун арты ото жаман нерсе менен аяктаары сокурга да корунуп турат го азыркы заманда. (Курманжан датканын убагында го жузун ачып журушсо журушкондур, бирок эркектери азыркылардан айырмаланып динди жакшы тушунбосо да суктанып караган эмес) так что сулуулугун озголордон жашырып жургондорго Алла ыраазы болсун!
Адам олгондо ыйлаганга болбойт деп ким айтты? Окуруп бакырып бетин тытып ыйланга болбойт! Унунду чыгарбай ыйлай бер! (Кыргыз менен казактардан башка эч бир улут антпейт, ооруса ошолор ооруп калат эле го чачын жулбай ыйлашса)
Адал, арам деген создор халал харам деген создон келип чыкканын мышык да тушунуп турат, эч нерсе эмес ата бабаларыбыз бир аз тилдери келбей туура эмес айтып жургон экен биз туура кылып айтып атабыз. Революция орногон мезгилде уездди уйоз, волостнойду болуш, военкомду оенком ж.б. создорду биринчи туура эмес айтышкан, кийинчерээк туураланган да туурабы? эгерде создорду мурдагы аталышы менен айта турган болсок эмнеге устол, керебет, шыйпыр ж.б. создорду колдонбойбуз?
Неужели озубуздун улуу акындардын цитаталарынан таппадыныз????????

Супер-Инфо
super.kg
видео