Суперстан: Ата, жүрөгүм сизден жараланган - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Ата, жүрөгүм сизден жараланган Бул окуя мага тиешеси жок, автору Арзыбек Аргенов

#1 Пользователь офлайн   forever88   24 Февраль 2016 - 20:52

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 25 Февраль 12
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:бишкек

Ата, сиз бизди таштап кеткенде биз аябай эле кичине элек. Бөбөгүм бирден
жаңы эле ашкан. Кичине болсом да баары эсимде калган. Бакчага барып мени өпкүлөп,
башымы сылап, конфет берчүсүз. Көзүмөн, мурдуман, оозуман өпчүсүз. Жеп аткан
конфетими алып, оозуңузга салып соруп-соруп, кайра менин оозума салчусуз. Күндүз
бакчадан жолукканга кечинде үйдөн издей берет элем. Сагынып ыйлай берсем апам
“атаң жок балам, ал такыр келбейт, алыска-алыска командировкага кеткен, сен эстүүчоң кыз болуп чоңойсоң келет” деди. Мен “ал алыста эмес, ал мага күндө конфет алып
келет” деп ыйладым. “Түш көрсөң керек, балам” дейт апам кейип. “Жок, түш эмес,
бакчада баары көрөт атам келгенде” деп өксүйм. Сиз бакчанын жанындагы мектепте
иштейт элеңиз.
Эртеси апам мени бакчага алып келатып мектептин короосунан сизге жолугуп
“кызың аталап ыйлап атат, же чогуу жаша же балага көрүнбө, унутуп калсын” деди.
Сиз адатыңызча секирип уруша баштадыңыз: “Кыйраткан кыздарды тууп койгонсуп,
көрүнбө деп коет. Ушубу тууган кыздарың рахит кылып, буттары ийри, баштары чоң,
кимге окшошуп калганы да белгисиз”. Уруш күчөп кетти. Апам бакчанын башчысына
ыйлап кирип, мени кыргыз бакчага котортуп алды. Анда шаар боюнча бир эле кыргыз
бакча бар болчу. Кыргызыңы койчу деп сиз бизди орусча сүйлөгөнгө үйрөтүптүрсүз.
Кыргызча түшүнбөй аябай кыйналдым. Ошондо мен болгону беш гана жашта элем.
Баары бир сизди сагына бердим, апама көргөзбөй ыйлай бердим. Бир нерсе эле
жетишпей туруп алчу.
Кыргызча сүйлөй албай кыйналып жүргөн күндүн биринде бакчадан качып
чыгып кеттим. Сиз иштеген мектеп мага жакын эле сезилчү, табам го деп ойлогом,
бирок адашып кеттим. Кайра бакчамы да таап бара албай койдум. Чоң жолдун четине
туруп алып бакырып ыйлап атсам, кыргыздар келди эмне болду, кимдин кызысың деп,
мен кыргызча эч нерсе деп айта албай койдум. Ошо тушта бир картаң орус кемпир
келип орусча сурап калды эле кучактап, бакырып ыйлап айтып берсем, бакчаңын
номери канча дейт, билбейм десем, апаң кайда иштечи эле деди. Мен “билбейм, бирок
китеп чыгарган жерде иштейт” десем, (ал кезде басмакана да бирөө эле болчу) “о, анда
жүр, өтө деле алыс эмес, мен жеткирем” деп жетелеп апам иштеген жерди таап апкелсе,
апам иш ордунда жок экен, түшкү тамактанууга кетти дешти коңшу бөлмөдөгүлөр. Ал
орус кемпир мени аларга таштап койбостон, кайра ээрчитип, Киев, Шопоков
көчөсүндөгү арзан тамак саткан ашканага алып келди. Апам байкуш тамакты жаңы эле
алып отурган экен. Мени көргөндө аз жерден эси ооп жыгылып кала жаздаган.
Сиз менен ошо боюнча бөбөгүм 1-класска барганда көрүштүк. Мен сизди
унутуп калгам. Апама кайра-кайра телефон чалып сурана бергениңизден бизди аябай
жасантып, барпыратып ак бантик тагып сизге алып келди. Бөбөгүм экөөбүздүн
окшоштугубуздан айрый албай башыңыз айланып турду. Кайра-кайра балчылдатып
өбө берсеңиз, бөбөгүм “апа бул ким эле?” деди угузуп. Ал сөзгө намыстанып койбостон
“мен атаңмын” дедиңиз. “Менин башка дагы атам барбы?” деп бөбөгүм апамын
этегине жашырынды да, “менин атам айылда да, ал укса ыйлайт, сен эмне бул кишини
мени атаң деп атасың, бул киши же эжемин атасыбы?” деп мени көрсөттү. Сиңдим
алты жарымга чыга электе мектепке барган. Бул сүйлөмдөр сизге анча жага бербеди.
“Ал чал тайтаңар болот” деген сөздү кечке кайталай бердиңиз.
Ош базардан жолуккандыктан жакын жердеги ашканага киргизип, 2 порция
лагман алып ичкиле деп кыйнадыңыз. Ичели десек лагман эски экен, жыттанып атты,
анын үстүнө апам тамак ичпей отурса. “Пулга келген тамакты ичиш керек” деп байсай
бердиңиз эле, бөбөгүм жарымын жеп алды. Сыртка чыкканда апаман бөлүп алып,
киоскиден 50 тыйындык эки сагыз сатып бердиңиз. Мен силерге “Адидас”, свети күйө
турган ботас, көйнөк-шым сатып келип берем” деп айттыңыз. Эки сагызга алданып биз
үйгө келдик. Колубузга бир тыйын акча карматкан жоксуз. Бөбөгүм түнү менен кусуп
чыкты.
Арадан 7 жыл өткөндө биз цирктен чыгып, аптеканын жанынан өтүп баратсак
алдыбыздан чыгып калдыңыз. Супсак кол алышып эле учураштыңыз. “Ушундай чоң
кыз болуп калдыңарбы деп таң калдыңыз. Ошондогу анткорлугуңузду кийин билдим,
көрсө “мага ушунчалык окшошуп калдыңарбы? ” дегениңиз экен. “Кайда окуп
атасыңар?” деп биздин дарегибизди сурап алганыңызча кап-кара, чачы үксүйгөн, дөөгөокшогон узун аял аптекадан чыгып келип эле атырылып, сизди жулмалай кетти.
“Акмак, аягы суюк ит, бу катының менен соо эмессиң десем мойнуңа албай койбодуң
беле?” – калган сөздөрүн кайталаганга тил барбайт, айтор мушташып кеттиңер. Көрсө
ал төртүнчү аялыңыз экен.
Биз музыкалык мектепте окудук. Классика сабагында бийлеп атсам сырттан
кирген агай “тебе отец пришел” деди. “Какой отец?” дептирмин таң калып.
- Ну... папа, наверное. Есть у тебя папа?- деди.
- У меня нет папы - десем, кыздар “жүр, биз чогуу барабыз, коркпо” деп жетелеп
келишти. Сиз бир киши менен туруптурсуз. Кучактап, өпкүлөй бердиңиз, анан
ыйладыңыз. Жаныңыздагы кишиге мени көрсөтүп:
- Менин улуу кызым, көрдүңбү окшоштугун, бою, бутунун түздүгү, фигурасы,
өңү, жада калса басканы да меники- деп улам эле мени менен мактана бердиңиз. Мени
төрөлгөндөн бери багып келаткандай түр көрсөттүңүз. Чоң капчыгыңызды ачып, жалаң
кызыл акчанын ичинен он сомду сууруп, “ме, балмуздак алып же” дедиңиз. Ошондогу
кыздардан уялганым ай! Гримерныйга кирип алып аябай ыйладым.
Арадан бир ай өткөндө “Мисс-...” конкурсунда жеңип чыктым. “Телевизордон
көрдүм, аябай сулуу турбайсыңбы? ” деп кызыл тувли алып келип бердиңиз. Ал
тувлиңизди бир да жолу кийген жокмун. Биринчиден кичине келип калды, биринчи
классымда алып берсеңиз балким киймекмин. Экинчиден кызыл кийбейм, сиз аларды
кайдан билмек элеңиз.
Паспорт ала турган куракка жеткенде сизди издегеними алигиче унутпайм.
Эптеп таап паспортуңузду алып келсем, ичинде бүт балдарыңыз жазылуу экен, биздин
атыбыз жок, ыза болгонуму сезмек белеңиз. Паспорт столуна барып сиздин паспортту
көрсөтүп, жаздырып келатсам дароо жетип келип калыпсыз мен паспортуңузду жеп
алчудан бетер. Мингениңиз “Мерседесс”, колуңузда сотка (анда сотка эмне экенин деле
жакшы түшүнбөйт элем), белиңизде пейджер, үстүңүздө кымбат баалуу кийимдер.
Паспортко төлөгөнгө акча сурасам “энеңден сура, ал кыйратып багып атам, эч нерседен
кем кылбайм дебеди беле, эми паспортко 50 сому жок бекен? Мен алимент салып
атпаймбы, же албай атасыңарбы? ” дейсиз.
Тилим кыска да! Жаман да, жакшы да болсо атамсыз да. Болбосо айтчу сөздү
айтып алсам болот эле. Апамын денесине эмес, жүрөгүнө салган тагыңыз али өчө элек,
ата. Адегенде сегиз, андан кийин он алты сом алимент салчу элеңиз, биз окуну
бүтөөрдө уялганыңыздан 50 сом салып калдыңыз. Ошону да көп көрчүсүз. Апам сизге
теңелип сотко берсе үй мүлкүңүздүн жарымы кетмек. Апам жаманчылыкка барган жок.
Салган акчаңызды алып атканда атактуу акындын кызы Тома эжеке “албай эле койчу
ушул акчаны, өзүңдү басынтпай, мен сага айына ушунун ордуна жыйырма эсе берип
турайын” деп айтканын да билем. Ал эми апам менен иштеген Асел эже инвалид
күйөөсүнөн 2200 сом алимент алып турчу. Анын күйөөсүнүн караманча эки көзү көрчү
эмес. Бирок, көкүрөгүндө намысы бар азамат эле.
Элүү сомду деле салбай калдыңыз, себеби биз окууну бүтүп, Москвадан окуп,
иштеп кеттик. Сиз менен болсо такыр көрүшпөй калдык, бирок мактанган
сөздөрүңүздү туугандарыңыздан угуп калабыз, “кыздарым менин копиям, суп-сулуу,
акылдуу” деген. Кийинки аялдарыңыз төрөгөн кыздарыңыз эмне үчүн сизге окшоп
сулуу эмес, эмне үчүн үксөйгөн-саксайган, акылдары неге тунук эмес, ата. Төрөлгөн
балдар 99% энесин тартаарын билеттирсиз. Бакча менен мектептин ортосуна туруп
алып, “кыздарың рахит, өңү суук, буттары ийри, баштары чоң” деп жаман аялдарча
кыйкырып апамы урушканыңызды такыр унута албай койдумАта, анан да сизге айтарым апамын сулуулугу менен бир эле биз эмес, бүт
Кыргызстан сыймыктанат, ушуну унутпасаңыз экен. Апамын эмгегине башымы ийип,
тизе бүгүп таазим кылам.
Фамилиямды ушул убакка чейин которбой жүргөнүмө өкүнөм
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   ainaz.ainaz   24 Февраль 2016 - 22:28

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 178
  • Катталган: 10 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Апр 2016 10:05

Окуп жатып башкача болдум. Дуйнодо эч бир ата балдарын таштабаса экен. Уландысы барбы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   rayana2015   24 Февраль 2016 - 23:08

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 25 Январь 16
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:30

Бир жерден окуптурмун бирок эстей албай жатам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   s5kgbal   25 Февраль 2016 - 00:29

  • Момун
  • Pip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 26
  • Катталган: 04 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 23 Янв 2017 22:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

апасы Ким ошондо бут Кыргызстан сыймыктанса?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Janyla   25 Февраль 2016 - 04:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Просмотр сообщения s5kgbal (25 Февраль 2016 - 00:29) жазган:

апасы Ким ошондо бут Кыргызстан сыймыктанса?


Не важно ким экендиги...мындай апаларга бут Кыргызстан эмес,буткул аалам сыймыктанат!

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 25 Февраль 2016 - 04:49

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Janyla   25 Февраль 2016 - 04:45

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 304
  • Катталган: 07 Январь 11
  • Соңку аракети: 16 Фев 2022 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бактылуулук жана ыймандуулуктун жолунда...

Ушундай эркектер ойлошот,аялдар алсыз,колунан эмне кылмак эле деп.Ооба аял заты алсыз,бирок, эне кучтуу!! !Бар болушсун мээрими куч АПАлар!! !Сиздерге ТААЗИМ!! ! :pardone:

Билдирүүнү түзөткөн: Janyla: 25 Февраль 2016 - 04:51

Не ждите ЧУДЕС - чудите САМИ!!!

Дети так любят подражать — будьте для них хорошим примером!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   raia   25 Февраль 2016 - 09:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Сен ото эле бактылуусун кызым анткени сени суйгон апакен бар....
Ошол апанды кадырлап,сыйлап ал калганы турмуш озу корсотот.Ар бир пенде озунун башынан откон оор тагдырды которуп чыдаса да бирок мен мынча бактысызмын деп ойлонот.Бирок турмушта сенден да откон оор тагдырлар бар.Мен атаман уч жашымда ажырагам,атамы сагынар элем жол карап зарыгып кутор элем.Жаш бала учунбу атамын онун эстей албай,элесимде кара плаш,кара шляпа кийген узун бойлуу адамды эле эстей берет элем ошого баргым келип эчен кол жээгинде армандап ыйлайт элем.Менин дуйнодо эн жакшы коргон адамымды жанымдагы жакындарым жек корорун да сезер элем.Ойлорумду ичиме катып,бала болсом да сыр сактап ичимен тутойт элем...
4- класымда биринчи атамды коруп,мээримине жылынып,атам экенине суктанып турганымда ал менен кошо келген аялы кызы экенин билип калганымда, мага жер антар тентер болуп бир сыздагам.Мен атасыз болгонума ким куноолу деп куноолуну билгим келчуу.Апакеме карап бойлору келишкен,элден башка ак жузу,капкара суналган чачтарына карап апакемдин сулуулугуна суктанып,элден башка токтоо мунозуно тан берип,Озумчо апам жаман болгондо эмдигиче эрге тиймек,тили жаман болгондо тайженеме окшоп шакылыктап сайрап турмак демек атам куноолу болсо керек деп чечим чыгаргам...
Эчен ыйлап куткон коз жашым,сагынган кусалыгым анан да апакемдин оорукчан болгону баары биригип атама журогум таш болуп ,жек коруп ата деп айта албай,мен чочун кыз болуп,жат кыз болуп калдым..
Бирокчу мен атаман эч жаман соз укпагам.Кызым мен турмушта чон жанылдым.Апандай алтын адам жок бул дуйнодо,мен адаштым,апанды сыйла кызым дээр эле.Апан менин колума конгон бакыт кушу эле,мен чочутуп озумон учуруп алгам кызым дээр эле...
Мен атамы зарыктырып ата дей албадым.Ата эне мурас дейт Атам бул дуйнодон отуп кетти.
Коорондо кызыл гул болуп,
Осо албадым мандайлаш.
Жангыз кызын мен болуп.
Туралбадым тен тайлаш
Элинен сизди кочту деп.
узата албайм мен бейбаш деп ордуман туруп эшике чыгып кеткем.Ошондо да ичимдеги тонуп калган муздар эрибей койгон.Артынан бир жылдан кийин толук уч кун откондо апакем таза туруп эле оорубай каза болуп калды.МЕН балдарым,суйгон жарым жанымда турса да мен узака ээн талаада калгандай озуму жангыз сездим.
Мен адамдардын арасында жашап бирок ээн талаада калдым,мен жангыз калдым.Мага ото оор болду.апакемди ыйлатып Ошко келгениме биринчи жолу ото окунуп,ото арман кылдым,озумду озум кечире албай ото кыйналдым.
уч жылдан кийин апам тушумо кирип атан экообуз сага коноко келе атабыз дейт.Ойгонуп кетип сааты карасам тунку торт.Экоонун эрчишкенин коруп,ич ичимен сыздап,буркурап боздоп ыйладым.Атаке мени кечире кор,кок бет кызынды кечире кор.Атаке деп ыйлаганымды озум сезбей калдым.Куду ичимдеги муздар эрип,тогулуп аткандай сезим келди.Мен атамды кечирдим бирок ото кеч.Тагдырдын татаал жолунда туруштук бере албай,ажырашып кеткен эки жан,бири бирин кадырлаган, сыйлаган,бири бирин суйгон эки жан,тиги жакта чогуу болуп эрчишип жургонуно тан бердим.Менин эле эмес башкалардын да тушуно чогуу кирет экен.
Мен эмне дегим келет,ата менен эненин ортосундагы татаал тагдырды бала эч качан тушуно албайт анткени ал чындыкты биле албайт...
Жакшы адамдын сапаты кечире билуу дейт кызым...
Жаман да болсо атан,эч качан атандын жаман жагын журогуно катуу алба ал сенин атан...
Бала ата эне кандай болсо ошондой кабыл ал анткени сен аларды тарбиялай албайсын анткени сени жарык дуйного алып келген ошолор....
Атакен озуно окшоштурганы демек сени жакшы коргону.
Атам каза болгондо авам мына бул Исакенин жангызы деп туугандарга тааныштырса.
Э,байкем кызым озумо окшош дейт эле го.Женемдин эле копиясы го дешкен.
Атакем бут туугандарына кызым мага окшош,бойлору, ондору жада калса чачтары да меникиндей тармал деген экен.эле.
Тушуно билген адамга,окшобосом да озуно окшотуп,мага мээрими чачылып ич ичинен менин кызым деп мени да катуу суйгон экен да...
Отуп кеткен тагдырымды жаштар окуса бир аз болсо да сабак болор,ойлонор, бала кантип атасын сагынарын,издеп зарыгарын анан жек коруп тарынарын тушунушор бекен деп кызына да уулунарга да кулагынарга алтын сырга деп жаздым..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   sezim96   25 Февраль 2016 - 09:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 151
  • Катталган: 01 Март 15
  • Соңку аракети: 03 Авг 2017 00:00
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ала бука району

Ата деген созду айтуу мага дагын буйурбаптыр биз жаны торолгондо эле атам арактын айынан коз жумуптур. Мен коооп кором и угамын апам курактуу адамдар чал же балдарымын атасы деп эркелеп бирге ээрчишип тен басып тен каарып жургондорун коруп ушул апам дагын ушундай кунду корор бекен деп ичимден сызып кетем апам бизди багып чонойтом деп 21 жылдан бери эрге тийбеди. Ылайыым эле баардык уйбуло бутун болсо экен. Сиз атанызды кечириниз ата деп чын журогун мн айтып жашоо бул чоон бакыт деп билем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   gulkar   25 Февраль 2016 - 14:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Тиги аялдан кыздарыныз неге сулуу эмес,саксайган- суксойгон,акылы тунук эмес дегенин жакшы го.
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   forever88   25 Февраль 2016 - 14:04

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 25 Февраль 12
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:бишкек

Кечиресиздер автору мен эмес, жон гана бир жерден окуп калып илип койдум. Автору Арзыбек Аргенов деген жигит. Кудайга шугур менин атакем бар.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   forever88   25 Февраль 2016 - 14:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 25 Февраль 12
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:бишкек

Рая эже кечиресиз башында автору мен эмес экенимди жазбай калыптырмын. Ата-энем бар кудайга шугур.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   kyrgyzstan00   25 Февраль 2016 - 15:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 691
  • Катталган: 19 Апрель 15
  • Соңку аракети: 30 Ноя 2019 01:38

Ошон учун тема ачаарда бир аз ойлонуп иш кылсанар.Канча адам окуп,канча адам кыжалат болуп,кенештерин жазып жатышат,аягында актанып калбай,башында авторун жазып кой,аа чыгарма экен деп окуп коеттурбуз. Автор капа болбо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Nurdan01   25 Февраль 2016 - 17:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 18 Февраль 16
  • Соңку аракети: 30 Май 2016 02:21

Ушунчалык алсыз "АТА"лар бар экени окундурот .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   forever88   25 Февраль 2016 - 19:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 152
  • Катталган: 25 Февраль 12
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 17:17
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:бишкек

Просмотр сообщения kyrgyzstan00 (25 Февраль 2016 - 15:18) жазган:

Ошон учун тема ачаарда бир аз ойлонуп иш кылсанар.Канча адам окуп,канча адам кыжалат болуп,кенештерин жазып жатышат,аягында актанып калбай,башында авторун жазып кой,аа чыгарма экен деп окуп коеттурбуз. Автор капа болбо.

Капачылыктан кийин торолгонбуз, эн башкысы озунуз капа болбосонуз болду:))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   gulkar   25 Февраль 2016 - 20:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 870
  • Катталган: 12 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 26 Окт 2019 01:51
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргыз жерим!

Жарымына чейин окуп,чыгарма окшойт деп чыгып кеттим эле.
Чыгарманы Адабият болумуно жазып,ал эми баштан откон чыныгы окуяны кана Журок сыры болумуно жазылса.
Никогда не сдавайся.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   raia   26 Февраль 2016 - 08:24

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Менден кечирим суроонун кажети жок балам.Сен элде болуп откон жана боло берген тагдырды жарыя кылдын.Кайсыл заманда болбосун бул тагдыр кайталанып эл ичинде боло берет жана болуп келет.Болор болбос нерседен ажырашуунун азабын бей куноо балдар тартып келет.Оз турмушун,оз бактысын ойлогон ата эне биринчи оорунда оз бактысын ойлойт.Эгер эки тарап баламчы ?-деген суроо берсе озуно озу,балдарын ойлосо анда мындай тагдыр аз боло беле.Атасынан ажырап,тируу жетим болгон азбы ушул эле суперстанда? Жок менимче коп эле кыздар балдар бар.Жана да ажырашам дегени канча?
Бул чыгарма болсо да окууган адам ойлонот айрыкча башында ушул тагдыр бар жана ушул тагдыр босогосуна келип,эшигин чертип тургандарга сабак болор.
Мен турмушта коп кордум.
Э,олуп кетсин эримен тажадым,кайненемден тажадым ушундан коро эрсиз отконум артык,балдарымды олбосом гулдой кылып багып алам.
Э, тойдум ушу катындан,канчага чыдайм,олуп кетсин балдарым чонойсо таап келет да,атасын таппаган ким бар,
Бирок ушул жонокой эки суйломдо келечекте балдары учун азаптуу,армандуу кундор келерин экоо тен сезбейт.Оздорунун жаны тынч болсо болду...
Кыргызымдын кыздары торт тошогун которуп,торт баласын жетелеп торкунго келет.Торкун озу учун торкун бирок да баласы учун тага журт.Тага журт ата журт болуп бербейт.Ата журтун орду башка ата журт ,тен ата тууган деп койот.Бала тен ата болуп,эркин осот.
Тага журта торкунго келген кыз,оз уйу олон тошогу бирок да жээнди тайата менен тайэне суйор небере деп бирок да башкасы атасына окшотуп,атасынын баласы деп кыйкымга алып,эн жок десе жек коргон коз карашы менен жеп турат.Эн жок десе жээн келгенче,жети бору бир келсин деп тамаша менен согуп турат...
Ар бир баш кошуп бирок ыркы келишпеген жаштар балдарым деп ой жугуртсо ажырашуу аз боло беле.
Кээде карап турсан олуу мулк (машина,уй,акча)талашып, ит мышык болгондорду карап туруп,аттин олуу мулк талашканча балдарындын бактысын ойлосо болор эле деп тилинди тиштейсин.Атасынан ажырап мотурайган козундо мунду болуп оксугон балдарды корсом журогум ооруйт....
Бул чыгарма болсо да болуп келе аткан тагдырдын бири ошон учун бул чыгараны окуп,озунорго синирип алсанар болот...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   nurchik05   27 Февраль 2016 - 23:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 686
  • Катталган: 27 Апрель 15
  • Соңку аракети: 05 Дек 2024 22:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

эх АТАКЕ мен да жаш кезде эле атаман ажырап калгам атанын орду баарибир башкача
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Arinsa   03 Март 2016 - 23:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 926
  • Катталган: 25 Июль 12
  • Соңку аракети: 02 Май 2025 02:06
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Жаман болсо да ушундай аталар аман болсун.Эң негизгиси биз эмес,кудай өзү аларды кечирсин.
Жашоо силерге берилген бош плёнка.Ар бир чарчысын сонун кылып толтурууга аракет кылгыла.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   arushka13   04 Март 2016 - 20:24

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 9
  • Катталган: 27 Февраль 16
  • Соңку аракети: 25 Май 2019 03:22
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Карасуу

"АТА" мен учун жат создой эле сеззиле берет кайнатамды ата деп зорго кондум го




  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Gensek   05 Март 2016 - 05:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 138
  • Катталган: 07 Сентябрь 14
  • Соңку аракети: 25 Ноя 2017 22:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Ата деген созду унутуп калгам чынын айтсам журоктон очуп кеткен бул ат бирок кееде куса болуп ыйлап алам
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Июл 2025 05:14

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: