Россиядан нан жасачумун,жолдошум жакшы коруп жечу,озумо деле жакчу.Бир куну папам кошунанын наны аябай ачыган го деп калды,резко эле,мен жасаган нан жакпайт окшойт деп эле,уялып журдум.Кийин папама жаккандай бышырыштын ыгын таап алгам.
Ал эми айылга барганда очокко,килейген казанга плов баспаймынбы, болгондо да кудаларга.Кишини уят кылып,пловдун тубу,усту бышып,ортосу бышпай калыптыр,аны аралаштырып, кичине демдей салганга,баш жеткен жок,эч кимисинин,кайним чон табакка салып эле киргизип салды,ии бетим,уялганымды айтпагыла.Жолдошум авторитетинди тушуруп алдын ее деп,шылдындап коет,олло жаман болгом.
Бир куну боорсокко камыр жууруюн деп жаткам,келин жене алдыгы ун начар экен,катуураак жуурбаса,ачыганда эзилип кететкен деди.Чын эле откондогу боорсоктукун келин жууруп,аябай жумушак болуп,кишини жудоткон да.Ии деп эле,катуураак жуургам,ачыганда жумушарбай эле,ошо бойдон,корсо жаны мешоктон унду кошуп келишиптир да,боорсогубуз катып,бышпай, уят кылган.
Ошондон кийин,озумду колго алдым да,мына силерге деп,бир нерсе жасасам,башынан аягына чейин озум жасап,тамакты турлоп,самсы, пирог,кекс жасап,мактоого арзыгам.Кайнагам ар тамагымды,нанымды мактап жейт,кайнежемдин баласы,жене алхамдиллах болуптур деп кубандырып калат

Супер-Инфо
super.kg
видео



















