Суперстан: Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жыпар Исабаеванын ырлар жыйнагы. акын эжекебиздин ырлары менен бөлүшөбүз.

#201 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

"Падышам"
Сөзү : Жыпара Исабаеваныкы
Обону : Съездбек Искеналиевдики

Жашоодо жашабайт ал,
Жомоктон жасаганмын.
Кийгизип ырдан таажы,
«Падышам» атаганмын.

Жашачу менде гана,
Мекени жүрөк болчу.
Сүрөтүн тартсам эгер,
Бүт аял сүйөт болчу.

Кайырма:
Ал мени алдабачу,
Күттүрүп ыйлатчу эмес.
Көзүнөн окучу элем,
Көөнүнө сыр катчу эмес.
Таптаза сезимдери,
От болчу эриндери.
Алоолоп күйүп турчу,
Билеги белимдеги.

О, укмуш, ушунчалык,
Мас болдум сөздөрүнө.
Жанына бардым дагы,
Карадым көздөрүнө.

Ыпысык алаканы,
Жүзүмдөн сылап өттү.
Мончок жаш карегимден,
«Тып» этип кулап өттү...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#202 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ал күнү


Ал күну сенин,
Добушуң болчу дилдирек,
Сүйүүдөн бекен,
Сүрдөдүң бекен, ким билет.
“Арзыдым”, - десең,
Албырып жүзүн от болуп,
Асманда Ай да,
Аярлай калган токтолуп.


“Сүйөмүн”, - дедиң,
Жүзүмдөн сүйдүң акырын,
Жүрөгүм туйлап,
Сүрдөдүм мен да, асылым.
Сыдырым желге,
Саамайың учуп сеңселет,
Жандүйнөм сага,
Сүйүүсүн айтат эркелеп.


Жалжылдап, жайнап,
Жалт карап алган көздөрүң,
Жаныма жакын,
Жагымдуу болчу сөздөрүң.
Санаага салбай,
Сагынбай такыр башканы,
Сагындым сени,
Сагынтты мени жаз дагы.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#203 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Кат


Бүгүн сенден куш тилиндей кат алып,
Кубангандан көздөрүмө жаш алып...
Бакытыма батпай турдум бапырап,
балкып турду бүт дүйнө өзү жашарып..


Эки сапка эркеледим, эзилдим...
Тамчы жашым – көл-дайрасы сезимдин.
Дүйнө - жомок, өзүм болсо сүйүүнүн,
Ханышасы сыяктанып сезилдим...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#204 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Ата-энем


Апакебай, бүгүн дагы кечиктим,
Менден мурда сиз коңгуроо кагыпсыз.
Үнүмдү угуп, бакыт кармап алгандай,
Кубангандан жашып дагы алыпсыз.

“Алло, балам, жакшысыңбы, каралдым?
Биз жакшыбыз, күүлүү-күчтүү атаң да...”
Дегениңиз бүт дүйнөмө коңгуроо,
Каккансыды, селт эттирип азанда.

Апакебай, атакебай кечирчи,
Көртирлик деп көптөн бери бара албай,
Же телефон чалбай дагы коюпмун,
Актанарга турдум сөзүм таба албай.

Баарын таштап, чыктым мына сапарга,
алып учат кош канатым – сагыныч.
Шашам мынча, баратканым экөөңө,
Арначудай, эң бактылуу карылык...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#205 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

РЫСПАЙ

Жалындап сүйүп, жалбыртап күйүп ыр денең,
Жандүйнөң сенин жамгырдай көл-шал ыр белем,
Жашаган жалаң ырларды сүйүп пир тутуп,
Рыспай, сени эскерүү бакыт ыр менен.

Асмандан жерге жылт этип түшкөн ырыстай,
Ала-Тоо үчүн бир келип-кеткен Ырыспай.
Элесиң, үнүң эл менен жашап калгансыйт,
Ыр сүйгөн ысык жүрөктөр менен кыйышпай.

Тыңшасам ар бир ырыңда бирден жүрөк бар,
Дүкүлдөп согуп, кыргыз деп өмүр сүрөт ал.
Музыка деген дүйнөсүн кыргыз журтуңдун,
Жашартып турчу ырыңда дабаа, мүрөк бар!

Артыңдан калбай эрчиген даңкты, атакты,
Аңдабай өзүң, а бирок болуп атактуу.
Обонуң менен дем алып, өзүң обонго,
Айланып кеттиң – аз, бирок жашап азарттуу.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#206 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

Унут дейсиң

Унут дейсиң! Унутууга акым жок!
Сендей мага бул ааламда асыл жок!
Сенсиз жашоо жалаң арман! А бирок:
Антпе! – дейсиң, - Ачуу душман, акыл дос!

Өчтү, - дейсиң, өчтү сендик махабат!
Жүрөгүмдө бүттү, сүйүү жашабайт! -
дедиң дагы, кеттиң жаным кош айтып,
Өткөн-кеткен күндөр үчүн жазалап!
Бирок мейлиң. Ичээр суусу түгөнсө,
Сүйүү эмес – адам өзү азаят.

Өкүнүч көп! Өзөгүм не өрттөнөт?!
Өксүк мени өмүр бою өрттөмөк!
Кадырына жетпей калып сүйүүнүн,
Экөөбүздүн жолдор эми бөп-бөлөк!
Бирок мейли. Көрөр күнү түгөнсө,
Сүйүү эмес – өмүр деле бөксөрөт!

Кош бол эми, кош бол менин бийигим,
Мен дагы эми сага көптүн биримин...
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#207 Пользователь офлайн   rnurzida   01 Март 2016 - 12:07

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 5 435
  • Катталган: 15 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 24 Май 2024 17:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Санкт-Петербург

КӨҢҮЛДӨР КӨКТӨМДҮ САГЫНГАНДА. ..

Жаздын биринчи күндөрү кут болсун, достор! Жаз менен кошо жакшылык келсин!

Көөдөндө ызгаардан арылганга,
Көңүлдөр көктөмдү сагынганда,
Жаз келет жыпарын чачып жерге,
Жылуулук чуркатып тамырларга. ..

Борошо оң-тетир калчаганда,
Кадамдар кар кечип чарчаганда,
Кайрадан кайрылып келет Жазым,
Кыш бою жашынган арчаларга...

Үшүүдөн сезимдер камыкканда,
Үмүттөр үшкүрүп калышканда,
Айдарым жел менен келип конот,
Аралжы болуп жаз айыкканга.

Бурганак уйпалап кыйнаганда,
Букулдап сагыныч ыйлаганда,
Булактын көзүндөй мөлтүрөйт Жаз,
Керемет ыр болуп ырдаганга...

Кар кечип кадамдар тушалганда,
Көөдөндө кусалык тутанганда,
Көз жаштай көлкүлдөп келет көктөм,
Керемет көрк кошуп бу жалганга!
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек. Ты лучше.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#208 Пользователь офлайн   mega777   14 Июль 2016 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Куса болом, ыза болом мен деле,
Кызганычтын менде өлчөөсү кем дебе.
Сүйүү болсо – жоопсуз, татаал маселе,
А сен мага – формуласыз теңдеме.
(Эски дептерден)
Ж.И.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#209 Пользователь офлайн   mega777   14 Июль 2016 - 15:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Жөлөнөр аскам болуп кой


Билбеймин неге?..
Көңүлүм чөгөт,
Ийниңе сенин
башымды жөлөп,
Ыйлагым келди
букулдап көпкө,
Мүмкүндүк берчи,
сурабайм бөлөк..

.***

Көзүмдүн жашын,
а бирок жөн кой, арчыба,
Издебе даба,
ичимде буккан дартыма,
Тек гана менин
жөлөнөр аскам болуп кой,
Кубатым кетип,
куланар кезде артыма.


Аядым дебе,
унчукпа, сенден суранам,
Ашыкча болор –
себебин терип сураган.
Болгону жанмын –
бере албай башка туруштук,
Шамалдан чарчап,
ийниңе сенин кулаган...Ж.И.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#210 Пользователь офлайн   mega777   14 Июль 2016 - 16:02

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Коштошуу

Карааныңды кара түн катып алып,
Калып калдың капкайда, калып калдың!
Канатыңды калдайтып жазып алып,
Жүрөгүмдүн жарымын алып калдың!

Көздөрүмдү ала албай карап барам,
Кичирейип элесиң баратты анан.
Жолугушуу, коштошуу түшкө кирип,
Укмуштуудай керемет таң атты анан!

Бүгүн башка. Башкача айланабыз,
Учкулуна мезгилдин таң калабыз.
Кечээкидей керемет сезимди издеп,
Элес-булас түштөргө байралабыз.
"Бир үзүм от"
Ж.И
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#211 Пользователь офлайн   Baktyluumun   17 Июль 2016 - 16:52

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 04 Авг 2025 01:14
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Просмотр сообщения mega777 (14 Июль 2016 - 15:59) жазган:

Жөлөнөр аскам болуп кой


Билбеймин неге?..
Көңүлүм чөгөт,
Ийниңе сенин
башымды жөлөп,
Ыйлагым келди
букулдап көпкө,
Мүмкүндүк берчи,
сурабайм бөлөк..

.***

Көзүмдүн жашын,
а бирок жөн кой, арчыба,
Издебе даба,
ичимде буккан дартыма,
Тек гана менин
жөлөнөр аскам болуп кой,
Кубатым кетип,
куланар кезде артыма.


Аядым дебе,
унчукпа, сенден суранам,
Ашыкча болор –
себебин терип сураган.
Болгону жанмын –
бере албай башка туруштук,
Шамалдан чарчап,
ийниңе сенин кулаган...Ж.И.



Ушул ыры аябай жагат.
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#212 Пользователь офлайн   Musulmanka.   28 Июль 2016 - 15:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Жыпар эжебиздин ырларын сүйөм го
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#213 Пользователь офлайн   Musulmanka.   28 Июль 2016 - 18:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 958
  • Катталган: 24 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Фев 2022 23:38
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Там где звучит каждое утро Азан.

Жыпар эжебиздин ырларын сүйөм го
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#214 Пользователь офлайн   happy02   03 Август 2016 - 11:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Сен кечиксең

Күткөн кезде
байкуш болуп балбырап,
Дүйнөм тарып,
дал-дал түшүп айрылат.
Каректерди
кайра-кайра жаш чайкап,
Келер жолуң
карай берем жалдырап.

Сен кечиксең -
куушурулуп заманам,
Жандүйнөмдү
каптайт булут санаадан.
Кызганычтан
акыл-эсим ууланып,
Таарынычтын
ыры арналат сага анан...
(Эски дептерден)

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#215 Пользователь офлайн   Kanat.kg   03 Август 2016 - 11:27

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 951
  • Катталган: 14 Февраль 15
  • Соңку аракети: 06 Июн 2024 14:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын

Бул эженени тааныбай экенмин, бирок ошентсе да ырлары аябай сонун экен, мага жакты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#216 Пользователь офлайн   happy02   03 Август 2016 - 11:39

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Билесиң, кандай катуу сүйөрүмдү


Айтышар,
балким мени: «Бул – акылсыз…»
Бирок мен
сенин сүйүүң, кубатыңсыз,
Билемин,
эч ким болбой каларымды..!
Кааласаң –
нур жаадырып жолдорума,
Каардансаң –
тикен төшөп саларыңды.

О, сенин
кудуретиң бийик кандай?
Даанышман,
акыл-оюң тунук кандай?
Марттыгың,
айкөлдүгүң, кенендигиң,
Жүрөккө
Жагымдуу нур уюткандай,
Мемиреп
мээримиңден бакыт табам,
Мен анан
Кантем сени сүйүп калбай?

Мен сени
кандай катуу сүйөрүмдү,
Билесиң,
жүрөгүмдө жүрөрүңдү,
А бирок
кайра ошончо коркконум чын,
Андыктан
Карап кашың-кабагыңды,
Салбырап:
“Кечирчи?” – деп тизе бүгүп,
Билесиң,
Өзүңө ыйлап барарымды...

Адамдар
оорутканда көңүлүмдү,
Айра албай
калганда чын, төгүнүмдү,
“Барга көөп,
Жокко чөккөн” кездеримде,
Көтөрүп
алып эки өңүрүмдү,
Мен дайым
өзүңдү издеп чыгам жолго,
Аманат
кылып калган өмүрүмдү.

Жалгыз сен –
жандилимден жалынарым,
Жапакеч
сезим менен жагынарым.
Кагырап
Жүрөгүм бош калмак сенсиз,
Белгисиз
болуп кайда агыларым,
Анда мен
өзүмдү-өзүм издеп жүрүп,
Өтмөкмүн,
билбей кайдан табыларым...

Мен сенсиз –
арсыз, алсыз экенимди,
Эсирип,
таппай калып эсебимди,
Эгерде
сен болбосоң сезимимде,
Чачырап,
миң бөлүнүп кетеримди,
Билемин,
айыбым көп ошондо да,
Кечиргин,
бүгүнкүмдү, кечегимди?.. .

Ушунча
кенен кучак, кулачың да,
Дүйнөнү
бүт кучактап турасың да,
Билинбей
бир чекитке сыйып турган,
Менин сен
дем алганым туясың да,
Атүгүл
ойлорумдун мен укпаган,
Шооратын,
шырп эткенин угасың да...

Сенсиз мен
сокур, дүлөй элестеймин,
Сезими
серпилбеген сенектеймин,
Сен берген
жашоо, жарык, аба, сууңа,
Баары үчүн
жооп кылышым керек деймин.
Жараткан,
кубатыңа кулдук уруп,
Аткан таң,
баткан кечте сени эстеймин.
2015.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#217 Пользователь офлайн   happy02   03 Август 2016 - 15:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Жаштык

Жаңылдык, жаздык,
Жоготтук, таптык.
Жоругу түгөнбөгөн,
Жомоктой жаштык...

Адаштык, шаштык...
Акылдан аздык,
Аттиң ай, айыбы көп,
Армандуу жаштык!

Айтылып ырда,
Айланып – сырга,
Алыскы айылда бир,
Калганың чын да.

Сагындык, күттүк,
Саргайдык, түттүк...
Саналуу жүрөктөрдүн
Каалгасы “түк- түк”...

Саналуу сааттардын,
жебеси –“Тик-тик.. .”
2015.

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#218 Пользователь офлайн   happy02   07 Август 2016 - 16:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз



Ыйла, жүрөк

Туталанбай, тунжурабай, тумчукпай,
Ыйла жүрөк, не турасың унчукпай?!
Азабыңды жамгыр кылып төгүп сал,
Асманыңда калбаш үчүн күн чыкпай!

Өксүк менен өрттөй бербей жанды бу,
Өткүнгө айлан – өтсүн, кетсин бардыгы!
Өкүнүчтү көз жаш менен жууп сал,
Өзөгүңдөн өчсүн күйүт алдыгы!

Мистейбечи, таштай катып турбачы?
Чачыраба, бырчаланба, сынбачы?!
Билемин, оор! Бирок сенден суранам,
Оорубачы, андан көрө ыйлачы!

Ушунча жыл жер үстүндө думана,
Болдум эле, болдум канча убара?
Аруулукту мына таптым деп турсам,
Ылай сүртүп кетишиптир буга да...
Ж.И.
“Бир үзүм от” (китеп)

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#219 Пользователь офлайн   happy02   08 Август 2016 - 10:46

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Сагындым сени... деген керемет сөз


“Сагындым сени...” – деген керемет сөз!
Билбеймин, буга кандай теңелет сөз...
Байланып саптарыңа тегерендим,
жамгырдай кубанычтан себелендим.


ушул сөз кайгы-азаптан арачалап,
Бакыттан акыл-эсим ала салат...
Өч алган сыяктандым жалгыздыктан,
Жүрөккө кирип алган кара санап.


Таарыныч ээ-жаа бербей акылыма,
Карарып, тагдыр берген жакыныма,
таптакыр агара албай жүрдүм эле...
Таң сүрүп, күндүн көзү ачылууда..
Сагындым сени... деген керемет сөз!
Ж.И.
"Бир үзүм оттон"

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#220 Пользователь офлайн   happy02   08 Август 2016 - 11:00

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 4 959
  • Катталган: 26 Апрель 13
  • Соңку аракети: 26 Сен 2017 04:28
  • Жынысы:Белгисиз

Китептен:


Сен
Жакыным десем кас белең,
Бийигим десем пас белең?
Кубанчым болот деп жүрсөм,
Каректен аккан жаш белең?


"Ыйыгым, менин табылгам”, -
дегемин, көрсө, жаңылгам.
Табышмак бир жан экенсиң,
Сезимге "маска" тагынган!
Ж.И.

"Бир үзүм от"

Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (17 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 20 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 20, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 06 Авг 2025 02:04

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: