Асаляму алейкум форумчулар.
Мен сиздерге башымдан откон оор кундорумду баяндайын.Балким кимдир бироолор учун сабак болоор......
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Жашоомдогу оор сыноо, хиджабтын мага болгон пайдасы...
#2 01 Март 2016 - 09:12
Жигитим мн уч ай суйлошуп,ата энелерибиз каршы болгонуна карабай баш коштук.Себеби ал туштуктон,мен тундуктон.Башында алыстан куда кутушкон эки тарап жердин алыстыгына нааразы болушса,кийин абдан сый болуп кетишти.Албетте буга биздин кайын журтка кылган кызматыбыз,
ынтымактуу жашообуз баардыгын кайра суйунтууго алып келди.Мен учун чынында туштук жергесине конуу абдан кыйын болду.Же тамактары башкача,аларды окшоштура албай тамак бышкыча жаратканымдан даамдуу болуусун тилейм.Бирок уйдогулор кандай тамак болбосун жакшы болуптур деп менин конулумду алышат.Жолдошум суйлошуп жургондо жашоолорун башкача суроттоп берээр эле,тилекке каршы таптакыр башкача экен.Эки комнат уйдо жашашат экен.Бир комнатасында биз жатабыз,абдан суук.Же обограватель турсун плитка жок .Калын жууркандарды кабаттап жамынып жатып калабыз.Уйдогулор от жагылган жерде жатышат кичиней балдар бар учун.Антсе дагы ынтымактуу жашайбыз,баары отуп кетет деп ,баардыгынын конулун алып жашап журдум.Себеб бакыт тоголок,мээнет жалпак дейт эмеспи.Бир куну бул уй дагы кенен салынаарына,
турмуш жакшыраарына козум жетчу.Айлар отуп кыздуу болдук.Уйдогулордун суйунгонун айтпа...Эми менде башкача мээрим башталды...Жолдошум баласаак.Негизи эле жолдошумдун жакшы сапаттары коп,урбайт,сокпойт,
ак конул,колу бир нерсеге эптуу жан.
#3 01 Март 2016 - 09:26
Кызыбыз кичине торолуп калганда шаарга келдик.Биз ишенген жолдошумдун жумушу жабылып калыптыр.Ортодо ата энем чон той берип торкулотуп чакырышты.Тилекке каршы каражаттын айынан биздин тоюбузда биз.... Жолдошум,кызым учообуз бардык.Коргондор ата энеси бар беле деп кубур,шыбыр.
Абдан ыза болдум.Анда дагы атамдын аброю баарын тынчытып,,жазда келише турган болушту,биз кызыбызды сагындык,жибергиле,
деп чакырттык ,,деген бир ооз созу мн басылдык.Ойлонуп калдым:каражат жетишпей тургандай эмес эле,уй кичинекей болгону мн 5-6бодо мал,20чакты кой,эки тонна жангак,уч тоннадай картошка бар эле.Кайнатам намыстанып мал сатсам да барам деп жаткан.Кийин кайненем айнытып койгонун чон энебиз айтып журду,.Ошол эле картошка,жангакты ымыркай бала мн жайлоого чыгып терип,жыйыштырып алган биз эмес белек.Булардын жайлоосу оздоруно жазылып,болдургон экен.Ал жерде,чоп жайыты да,жери да,жангагы да бир жерде болчу.
#4 01 Март 2016 - 09:49
Ошентип шаарда жашап калдык,жолдошумдун жумушу жабылып калганга башка туруктуу жумуш жок кыйналдык.Кыш келип калган,жаш бала мененбиз.Айла жок торкунумо бардык.Ал жерде чон эс алуу борбору курулуп жаткан байкем бригадир болчу,ал жолдошумду жумушка алды.Бат эле оздоштуруп кетти.Жылуу кенен уйдо,жолдошумдун тапканы жакшы жашап жаттык.Жазда кайра шаарга келдик.Мени иштетпей уйдо бала кара деп койду.Бирде жетпей бирде жетип кыйналган жашоо .Дагы ортобузда кыйынчылыкты билдирбеген ынтымак бар.Кайнатам каза болуп айылга бардык,чону биз болгонубуздан улам ал жерде болдук.Экинчи балабыз да торолду.Шаарга келип эки бала мн мен уйдо,жолдошум жумушта кайра эле жетишпеген жашоо..Озумдун апама баланы каратып жумушка чыктым.Жумуш жакшы башталды .Кыйналбай калдык.Кайненем келип балдарды алып кетти.Кыш келгенге жумуш жок,уйдо отуруп калды,мен жумуштамын.
Кошуна граждандык никеде жашап ажырашкан бир келин бар эле,шыйпандап ал анын жанына коп келип,эшикте чогуу тамеки чеккенге отушту.Менин сурдуулугумон гана тайманаар эле.Шек санаганым мн кармай албагандан кийин унчукпадым.
#5 01 Март 2016 - 09:54
Жетишпей,жада калса кварплат толой албай калган кундорубуз коп болгон учурда да ынтымактуу жашап журдук.Бир куну ач ,бир куну ток болгон кундор да отту.Ата энем кооп жардам беришти.Кийин сурабадым,айтпадым дагы.Жолдошумдун аброюн тушургум келген жок.
#7 01 Март 2016 - 10:00
Экообуз тен иштеп коп нерселерге жетиштик.Дагы торой турган болдум.бирок торогучо иштедим.Кыйынчылык жок жакшы жумуш мн жер дагы алдык.Тородум бала беш ай болгондо нянкага бактырып ишке чыктым.Экообуздун тен иш жакшы журушуп кетти.Машина да алдык.Эх.....жолдошумдун конулун алам деп ал оолукканда албадык беле......Корсо ал мен учун бактысыздык алып келээрин билбептирмин.
.....
#8 01 Март 2016 - 10:23
Машина алгандан кийин жолдошум таптакыр озгоруп кетти.Бирде келсе бирде жок.Ал бригадир болуп калган,тапканы жакшы,мен андан калбай иштейм.Бирок тапкан акчасынан жок,же озу жок абдан кыйнады.Жаздыгым тан аткыча сууланып чыгат.Жайында синдимди бала каратканга чакырып алгам.Кичине болсо да мени аяйт.Туну уктабайм,же кундуз уктабайм.Ал келди дегиче сурак башталып,таарынышмай мн бутот.Достору баары бойдок болчу.Алардын ата энелери уй алып беришкен.Кобу уйдун кичуулору эле.Баарынын машинасы бар.Мен коп айттым аларга тенелбе,уй жайлуу,биз жерибизге уй салышыбыз керек деп.Бизден кийинкилер да бар экенин,атабыздын жоктугун баарын эскерттим..Текке кетти бир кун келет бир кун жок...Акча алып келмек тургай машинасына чаптамайга,
отту.Спортивный маш болчу.Алганы багажда акыркы чыгарылыштагы чон калонка,акумулятор уламl жанылатат,кооз кылып сурот чаптамай.Корсо гонкага да барат экен...Айткандай мен хиджаб кийгениме эки уч жыл болуп калган бул учурда.Намыстанам.
.мен хиджабчан ,жолдошумдун кылганы ал.Ыйлайм,буулугам,
намыстанам..
..Кыйынчылыктын баарын женгенде жашоом озшорулгонуно орттоном.Сабыр кылам,жаратканыман бактылуулукту сурайм.Ажырашып кетууну ойлондум,балдарымды аяйм.Кийин алардын турмушуна дагы сокку болбосо дейм.. Ушул жерде бир окуяны эстеп кетем..
#10 01 Март 2016 - 10:39
Мен шаарга жаны келип окууга тапшырганда бир бала аркаман чуркаган эле.Мен да жакшы корчум.Бирок анын ата энеси ажырашып башка турмуш куруп кетишиптип.
Бала таэнесинде калыптыр.Мен ата энеси андай болсо кудалыка ким барат деп намыстангам.
Ал жетим да жетилет деген эле.Экообуздун жактыруубузга ата энксинин ажырашуусу,
апасы башка,атасы башка мн жашоосу тоскоол болгон! Мына ушундай...Бул нерсе балдврымдын башына да келбесин деп озумду озум басып жашадым...
#12 01 Март 2016 - 13:29
Жакшы тема , кобуроок жаза бериниз ...
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#13 01 Март 2016 - 13:30
Жумушу кобойуп жата турган ишке кирдим деген шылтоосу кобое баштады,же акча алып келбейт.Сурасам кв,тамака олчому мн берет ,аванс деп.Мага акчасынын деле кереги жок эле,отчет керек болчу.Акыркы кундору карыздары кобоюп кетти.Сурап келгендерге уялганыман озум берем.Аз болсо мейли эле го.Бир куну жакын тааныштардан крупный акча алган мурда эле аны сурап келиптир.Сен бербей эле кой,озу толосун дейт.Же ал толосочу.Убакыт отуп уялганыман озум толодум.Ушул маалда агент пайда болгон маал болчу.Мен жумуш деп инт.ке деле кирчу эмесмин.Кыздар айтса ии деп журо берчум.Капыстан телефонун чукулап агентин таап алдым.Ичинде жалан кыздар мн эзилип суйлошуусу.
Ошол жерден чуу салдым.Мен аларды тааныбайм,жон эле жазгам дейт.Телин карматпай сырдуу чалуулар кобоюп кеткен.Акыры биздин жашообуз кайненеме жетти мени сабыр кыл,озуно келип калаар днйт.Аны урушат,же ал моюнуна албайт.Намыс мн кызганычтын ортосунда чайналып журуп бир куну ооруп калдым.Каным тушуп,арыктап озумду кармай албай калдым.Тамака табит жок.Иштебей уйдо жаттым.Эжелеридин кыздары келип журушчу алар апама айтып барышыптыр.
Жездемдин айынан депрессияга кабылып ооруп калды.Озуно иштесе бир сезондо машина алмак дептир.Катуу депрессияга кабылдым ооруп калдым,куноону андан эле эмес,озумон да издечу болдум.Мен жакшы болсом ал башкаларга барбайт беле дейм.Башым катат.
#14 01 Март 2016 - 13:41
Чыныгы жашоо жазылыптыр.
Дагы улантасызбы же буттубу?
Дагы улантасызбы же буттубу?
Никогда не сдавайся.
#16 01 Март 2016 - 13:45
Апам бир келип кетти,атама кырдаалды айтпаптыр.Сабырдуу бол бул сыноо дейт.АЛЛАХ суйгон пенделерине сыноо берет,которо бил дейт.Ага да акылын айтып кетти.Мага дары дармек алып берип,айылдан да керектуу чоп дарыларды салам деп кетти.Ушул учурда кайненем бизди чакыртты.Мени ооруп калды озум карайм дейт.Бардык баласын абдан урушту же ал моюнуна албады .Иштеп журом дейт.Жыйынтыгы ушулбу ишиндин,келиндин кебетесин карачы деп дагы урушту.Чындыгында мени карады.Тамакты таптап жасап,кан кобое турган тамактардан ичирип журду.Бул аралыкта кайындарымдын уйун зангыратып салып алышкан.Жакшы жашоодо жашап калышкан.Копко карашты,мен кичине жакшы болгондо жиберишти.
#17 01 Март 2016 - 13:57
Кайындарым дагы мен тарап болуп турса эмне кылам,унчукпай жашап журдум.Билишимче ал коп кыздар мн журчу.Баардыгын топтоп туруп бир куну айттым."Мени суйбосон мени кыйнаба,сен да кыйналба!
Экообуз ажырашалы сый мн балдарды кааласан мен алып кетейин,болбосо озун алып кал! Суйуктуун болсо уйлон,мен каршы эмесмин.Зынакордуктун бир гана жолу бар.Ал жол туп туз ТОЗОККО алып барат.Мен сенин тозокко тушушунду каалабайм.,дедим.
Ал мен мн ажыраша албасын айтты,сен мн ажырашсам же аракка берилип кочодо калам,же эч кимге уйлонбой бутума турам.Мен сенсиз эч ким эмесмин ,ооба сенин оорушуна озум куноолумун де отурду.Бирок кыздар мн суйлошконун дагы да моюнуна албай суудан кургак чыкты.Баарын билип туруп моюнуна алдыра албаганыма ачуум келди.
- (6 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »