Кичинекей кезимде жакшы эле тентек болчум.
Негизи чон атам эч качан каттуу суйлоп, же согунчу эмес. "Андай болбойт, мындай балам" деп гана насаат м.н тушундурчу. Максимум урушканы озунун фирменый "бурамай канттын" берип койчу)) Ошол куну шашып, кабагы бурколуп келе жатканынан коркуп кеттим окшойт сыягы…
Биз айылга кочуп келгенде, женемдер м.н бир короодо жашачуубуз(апамын абысыны). Женем кир жууп жайып койгондо, нары отуп бир секирип кармап, бери отуп бир секирип кармап отчумун. Жон эле отуп кете бериш жок эле
Уйдо бир ч.п чыкса сосуз мен куноолу. Чон энем "дагы сенби тыйвычык? Качан токтолосун? Кыз балада ушундай бодобу? Карачы баланчаны? Ал мындай,тигиндей" деп коп айтчу. Ал айткан созу ошол эле жерде калып калат, кулагыма жетпей
Бир жолу синдилеримди(женемин эки кызы)чогултуп, "сурот тартабыз жургуло" деп кочого чыктык. Ашканабыздын дубалы кочо жакта эле. Ошол дубалга чоп м.н балаты тартып баштадык. Анысы аз келгенсип," балатынын оюнчук, жылтырактары болот" деп, осуп турган ар турду гулдордон, ар тустуу оюнчук, жылтырак да тартык.
Бул окуяда жогорудагы жазганга окшош. Бирок так эсимде жок, жогорудагы окуядан мурун же кийин болгону. Жаныбызда абамдар жашашчу. Атамдын эн чон агасы. Ортобузда огород гана болуп турчу. Абамдар кундузу уйундо болчу деле эмес. Бардыгы жумушта, кичине баласы мектептен кийин достору м.н. Алардын короосунда да ойноп калчубуз. Эшигинин астында анар гулдоп турган экен. Анардын гулдорунон жулуп, дарбазага сурот тарта баштадык. Албетте муну да мен баштадым. Кандай сурот экени эсимде жок, уй тартсак керек эле. Кечинде акем(абамын баласы) келди. Бир сыйра урушуп "Жургуло художниктер" деп алып кетти. "эми кантип суротту тарткан болсонор, ошентип кайра очургуло?! Сен баштадынбы? Кобурогун сен очур" деп чакага суу алып келди. Дарбазанын жарымынан азырагын зорго жуудук. Ыйлап кечирим сурап, экинчи кайталанбайт деп кутулганбыз.
Ошентип алар да дарбазасын бир сыйра боёп чыгышкаан))
Жогоруда айтпадымбы? Тентек болчум деп. Ал убакта атам м.н апамын жумушуна байланыштуу, чон атамдардын уйуно жуманын аягында келип кетчубуз
Адаттагыдай ойноп жургондо,менден бир жашка улуу кыз синдими бир коюптур. "Сени урса унчукпай калабызбы? Биз экообузго?! Эртен эле кетебиз, бизди таппай калат жур" деп. Ойноп отурган кошуна кызды чачынан алып, экоолоп уруп качканбыз
Муну да мен баштагам. Кочодогу кыздар балдар чогулуп ойночубуз. Биз ойноп аткан учурда, алыстан машина келе жатканда "машина тебелейт" деп бийигирек жерге чуркап чыгат элек. Качан гана машина отуп кеткен сон тушобуз. Стоба болобу, цементпи ызылдап чуркап барып, барыбыз бийигирек(тизеден же тизеден ылдыйрак) жерге уйулуп чыгып алабыз
Ушундаай форумчулар

Супер-Инфо
super.kg
видео




















