Салам форумчулар!
Коп жазбашка аракет кылам.Азабымды,
дартымды дайым ичке жутам,бироого сыр болушуп айта албайм.Сыртымдан коргондор керсейген аябай митаям кыз деп ойлошот экен.Балким ошондоймун.
Дайым кулуп ,чакчандап турганым менен жан дуйномдогу жарамды,дартымды Ким билмек эле.Эч карангылыктан чыга албай жатам.Алсыз,
колдоосуз,жараксыз буюмдаймын.
Кээде ойлойм мен псих больная эмесминби деп...Тушунбойм озумо озум элдин оюна эч келбеген нерсе менин оюма келе берет.Дайым жаман нерселерди ойлойм.Сиздерде ушундай болобу???
Караңгылыктан кантип чыгам?..
#2 15 Март 2016 - 16:11
Сыгылып озумо озум батпай буулугуп атам.Метродобу,
автобустабы кайда болбосун мунайып эле,козумдон жашым шолоктоп журом.Коргондор тан кала карап калышат.Ооба озумда тушунбойм болбогон нерсе учун тоодой коз жаш тогом.Конулум ото назик.Жакшы да жаман да созго ыйлай берем.Балким ата-энемден эрте калган учун мээрим корбой жаш бала бойдон калып кеттимби
#3 15 Март 2016 - 16:13
Жан дүйнө кризиси дечү беле, ошол кризистин сазындасызго.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 15 Март 2016 - 16:16
Март айы келгенден кеткенге дери менин ыйым басылбайт.8-
март атамдын туулган куну эле,апамдын майрамы...Мени куттуктап жатышса,мен ичимден ирин ыйлап жаттым.Ар жылы мына ушундай.Кандай азап ата-энесиз жашоо...(((Курбуларым ата энесине белек алса ...мен ичтен сызам"менда ата-энем болсо"деп арман кылам.
#5 15 Март 2016 - 16:24
Мына эртен менин туулган кунум.Эч суйунгон жокмун,кайгырган да жокмун.Болгону тагдырга таарынып атам.
Ыйыктарым,асылдарым рахматымды айтып улгуро албадым.
Жаным "Апа" жашоом учун ,алты саным аман учун,козум коруп,кулагым угат,омурум учун рахмат Апа!Ар бир аткан таным учун,баткан кечим учун,жан дуйномду сулуу кылып жаратканын учун,аз болсо да саз тарбия бергенин учун мин мертебе ыраазымын ыйыгым Апа.
Ыйыктарым,асылдарым рахматымды айтып улгуро албадым.
Жаным "Апа" жашоом учун ,алты саным аман учун,козум коруп,кулагым угат,омурум учун рахмат Апа!Ар бир аткан таным учун,баткан кечим учун,жан дуйномду сулуу кылып жаратканын учун,аз болсо да саз тарбия бергенин учун мин мертебе ыраазымын ыйыгым Апа.
#6 15 Март 2016 - 16:27
Намаз окуйсузбу ? Депрессияда экенсиз ,жакшы нерселерди ойлонуз мисалы, келечекти ,бактылуу откоргон отмушунузду .. Бир нерсе болду беле ,жакын ортодо капа кылдыбы
бироо ?
Озунузду ар тараптан издеп корунуз ,балким жан дуйнонуз жанылыкты каалап жаткандыр,кыскасы эмнени каалап жатсаныз кобунчо ошол ишти жасаныз.Курбу тутунуз ,сырдашып эмне болуп жатканын айтып салсаныз балким женилдээрсиз .Айлана чойронузго коз жугуртун ,шугур кылууну унутканда адам баласы болбогон нерсеге кайгыра берет .
бироо ?

Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.
#7 15 Март 2016 - 16:31
Арандан 10жыл отту ата-энемди жоготконума.
Бирок дагы да жаш баладай эне жытын искейм(((Сагынычым ото куч...кундо ыйлайм...апамдын жада калса бир суроту да жок.Элесин гана азмас билем.Апамдын тошоктон турбай ооруп жатканы эле элестеле берет.Ошолорду эстеген сайын билбейм кантип жазышты да ,соз менен айта албайм.Озумду коерго жер таппай,тиштенип чынгырып чынгырып алам.Жаркын жашоого умтула албайтам.Кантсем азаптардан кутулам???Жакшы соз айткылачы,мен жылуу созго зармын(((
#8 15 Март 2016 - 16:32
Мм даа. Эмне дешти да билбей турам. Мумкун,чойронуздун таасиридир.
#9 15 Март 2016 - 16:37
10жылдык стресс,депрессиядан чыга албайтам.Курбуларым тушунгону бар ,тушунбогону дегендей.Ар кимдин туйшуну озуно жетет азыркы убакта.Сени бироо окуп,угайын дебейт.Жашоодо жалгыз калдым.Курбулврым кобу турмушта уже.Дээримен эле бироого жарылып сыр айталбайм.Сыр болушкон адамындын баары эле "турмушка чык и все забудешь"
дешет.Бирок.
..мени эн коркуткан ого бетер стресс кылган нерсе ошол турмуш жонундо ойлоо.
#10 15 Март 2016 - 16:48
Жигит куттум,суйдум,
ишендим,бир аз убакытка болсо да кайгыдан женилдедим,
бакыттын даамын сезип кордум.Ана ,мына уйлонобуз деп кыялдандык.
Тааныштын анын туугандары менен.Мени тенине алышпады.Баланын тырмагына да арзыбас кыз экенимди бир секундда корсотуп коюшту."Тен тени-тезек кабы менен"-деп атасы угуза айтты телефондон.
Мына дагы жоготуу...Эгер тен тени менен болсо,мен тенимди тапканча билбедим канча убактымды коротом."
Ата-энесиз оскон,ал тарбиясыз,бузулуп да буткондур"
деген создорун уктум.Атасы айтты.Кантип ата заты ушундай каардуу болот.?Мына дагы алтыным атама ыраазы экенимдин далили.Мени атам кичинемде "мени канча акчага сатасыз"-
десем,сени бир чыны сууга сатам,болгону сенин бактынды корсом болду"дечу(((Асылдарым мен кыйналып кеттим.Мен эн бай адамдын уй-булосундо торолгонумду билбей журуптурмун.
Аттин мен билбепмин байлык жан дуйнонун тупкурундо жайгашканын(((
#11 15 Март 2016 - 16:57
4жыл болду мен чоноюп балалыгым откон уйго бара элегиме.Ал уйдо мен учун бактылуу балалык эмес,кайгы,ый,
азап,карангылык калып кеткендей.Баргандан корком...Алдыман ким чыгат мени тосуп???Кимге барам,ал жактан ыйыктарымды таппай калып,анан кантем ?...Уффф мен кыйналып кеттим...Ата-
энеси барлар силер дуйнонун эн бактылуу адамысынар,
билип алгыла?!Мына мен апамдын токмогун сагынам.Колокосун,
таман изин коргонго зармын.Апа деген ыйык созду дагы бир жолу айтууга зармын.Зармын мен "кызым"
деген унду угууга зармын...Колдон келсе ыйыктарынарга кундо жакшы корорунорду айтуудан тажабагыла.
#13 15 Март 2016 - 17:01
Мен мына толук болбосо бир уучун чыгардым кокурокту ойугон азаптын.Эми айткылачы,кантсем женилдейм.Ыйласам женилдебей эле кундон кунго азаптанам.Ушинтип сыгылып журуп журогумдо приступ пайда болду.Ойлонуп,
ыйлаган мага болбойт.Кантсем жарык жашоого жетем???Бир ууч жакшы соз айткылачы,зармын.
..
#15 15 Март 2016 - 17:33
Ата -эненин жаткан жерлери жайлуу болсун.Менимче,
сен акылдуу кызсын, жазганына караганда.Бешенене жакшы, тушунуктуу жар туш болсун ылайым,анан тороп кооп балалуу болгонунда бул кундор артта калат.Багын ачылсын, бактылуу бол.Ата энене багыштап куран окуп тур.
Эртенки ТУУЛГАН КУНУН МЕНЕН КУТТУКТАЙМ.
Эртенки ТУУЛГАН КУНУН МЕНЕН КУТТУКТАЙМ.
#16 15 Март 2016 - 17:49
Рахмат.Куран тушуруп турам каза болгон куну,туулган кундорундо.
Жумушка байланыштуу убакыт тар тез тез куран тушурууго мумкунчулук жок болуп калат.
Билдирүүнү түзөткөн: Baian: 15 Март 2016 - 18:14
#17 15 Март 2016 - 18:24
Ээээхх... Жаш болсонуз да башыныздан аябай оор кундорду откоруптурсуз,
намаз окунуз буйруса Кудайым акырындык менен баарын ордуна коёт артта калган жаман кундорунузду ойлобой келечеке умтулуп жашаныз, ар кимдин тагдырына ар башка сыноо жазылган тагдырыздан качып кутула албайбыз, азыркы убакта ата-эненизге жасай ала турган жакшылыгыныз бат баттан куран окуп сообун аларга багыштаныз.
Карангылыктын артынан жарык кун чыгат дегендей сизге да Кудайым келечекте жакшы кундорду буйруп койгондур кантсе да сизге эки дуйнолук бакыт каалайм!!
!
#18 15 Март 2016 - 18:37
"Тенин эмес!"десе чогуп кетпей,корсотунуз аларга тенди...
ТНТ телеканалында "Холостяк" деген шоу башталды 4 сезону,мына ошол шоудо Наталья(фамилиясын унутуп жатам)деген кыз бар экен.Ата-энесинен 7 жашында ажырап,иниси экоо балдар уйундо бой жетиптир.Элдин созуно чокпой,кайра аларга кучтуулугун далилдеп олтурат.Модель, ийгиликти багынткан айым болуптур.
Андыктан сиз да чокпостон,башты которуп бийикке умтулунуз! Ата-эненизге арнап кунуго 5 мунот убакыт болуп куран окунуз
ТНТ телеканалында "Холостяк" деген шоу башталды 4 сезону,мына ошол шоудо Наталья(фамилиясын унутуп жатам)деген кыз бар экен.Ата-энесинен 7 жашында ажырап,иниси экоо балдар уйундо бой жетиптир.Элдин созуно чокпой,кайра аларга кучтуулугун далилдеп олтурат.Модель, ийгиликти багынткан айым болуптур.
Андыктан сиз да чокпостон,башты которуп бийикке умтулунуз! Ата-эненизге арнап кунуго 5 мунот убакыт болуп куран окунуз
#19 15 Март 2016 - 18:49
Баарыбыз бул дуйнодо конокпуз ,баарыбыз олум даамын татуучуларбыз .Апанызга кобуроок дуа кылып турунуз ,Аллах сизге сабыр ,куч кубат ,жан дуйнонузго тынчтык берсин
Сам воздух родных мест-другой ,сам запах земли -особенный.
#20 15 Март 2016 - 19:50
Антип кейий бербениз баарыбыздын бараар жерибиз бир эмеспи коп ичинизге сактап ичинизге жута берсениз бир кун жарылат алар пайда алып келбейт оору пайда болот анан не болот абалыныз анданда оор болот кээде ишенген адамдарынызга ичиниздегин чыгарып турганыныз жакшы жузунузду эле эмес ичиниздеги нерселердида кубантыныз.
Менда ошондой болчуумун оорусамда башка нерсе болсода кулуп журо берет элем эч кимге айтпай уйдогулор же башкалар сурап атып зорго билишет эле сактай берип сактай берип болницага жатып калдым журогум ооруйт окшойт деп ойлойт элем калтырап титиреп аба алалбай калчуумун докторлор зобун бар окшойт деди башка деди башыман аяк анализ тапшырдым эч нерсе жок анан айтышты нервтерин чарчаптыр жаш эле нени ойлоносун мынча неге баарын ичине сактайсын деди айтор кооп нерсе айтты. Аларды угуп жашоомду озгортконго аракет кылганга аракет кылдым адамдар менен коп суйлошо турган болдум ичимде эч нерсе сактабайм не болсо баарын чыгарып салам жузум эле кулуп журбостон жакшы коргон нерселерди жасап анча мынча создорго конул болбой жаман ойлорду чыгарып ички дуйномдуда кубантам. Жашмын жашоом бар алдыда коп сыгылып ден соолугума зыян келтирип не кылам баары жакшы болот баары жакшы деп чечим чыгардым. Сизгеда айтаарым эч качан башты ийбениз Аллахым колдойт ошого ишениниз баары жакшы болот ИншАллах.