Суперстан: Чоочун киши. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чоочун киши.

#1121 Пользователь офлайн   Aliya2015   17 Март 2016 - 22:08

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

256-бет
- Эчтеке эмес, ото бериниз.
Олтургандардын бардыгы каректери кара сумкадан отуп, анын ичинен кандайдыр бир жандуу нерсе чыга калчудан бетер, ач коздук менен сугула карашат. Зыйнат Жакандын жанында олтурган курдашын бир карап алды. Ошол замат Галия ордунан дароо туруп, Зыйнаттын жанына келип токтоору менен, баякы кирген бойдон элейип тикесинен турган Жайнагулго карады:
- Аяш олтурунуз. Мынча болбосо болот эле, мынча болгондон кийин которбоско чара жок. Биринди бирин туура тушунуп, биринди бирин туура кабыл алганыныздарды коруп олтуруп, менин оюма бир кыргыз жигиттин:
«Жашаган жакшы турбайбы,
Жакшыга жакшы жанашып» -
деп ырдаган ырынын эки сабын эстеп толкундап олтурам. Корсо, «Балыкчы, балыкчыны алыстан корот» дегендей, жакшы адам, жакшы адамды тааныйт да экен, билет да экен. Билген учун минтип бир казандан аш ичип, бир дасторкондон даам татып олтурасыздар. Алысты жакын кылып, ачууну таттуу кылып олтурган Усондун боосу бек, дени сак, келечеги кен болсун. «Эки энени тен эмген, телкара боз тайдайым» дегендей, эки энеси эки жерде аман болсун деп тилек кылам. Сизге Кына апа, сизге Жайнагул, сиздин апаныз Тумарга, Жанат менен эки уулга деген Зыйнаттын анча-мынча белек-бечкеги бар экен. Ушуну тапшырып коюга уруксат этиниздер.
Зыйнат кара сумканын сыдырмасын сыдырып, андан калтар жакалуу окшош эки лама пальто менен эки шалы жоолукту алып чыгып Галияга берип жатып минтти:
- Эки байбиченин жолу, сиз кийгизиниз. Мен Жайнагул Казиевнаныкын озум кийгизейин.
Галия а дегенде Кынанын, андан кийин Тумардын башына жоолук салып, пальтолорун устуно жаап, койнокторун колдоруна берди. Ал эми Зыйнат болсо чачысы тогулгон ак крепдешин жоолукту Жайнагулдун башына салып, ончой курон норкадан тигилген тонду устуно жаап, койнокту колуна карматаар, карматпастан эле, кучактай калып, бетинен ооп ыйлап жиберди.
- Ырахмат сизге, Жайнагул Казиевна! Откон оч, кеткен кемчиликтерди кечирип коюнузду дагы бир жолу суранам. Канткен менен пенде экенбиз да. Бир далай эле эстен кеткис окуялар болуп отту.
Жайнагулдун кулагына Зыйнаттын бир созу кирсе, бир созу кирбей муунуп турду. Анын оозуна соз кирбей, эмне деп айтаарын билбей муундары титиреп, коз жашы тогулуп кетти. Ал оо бир оокумда коз жашын сурто берип минтти:
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1122 Пользователь офлайн   Aliya2015   17 Март 2016 - 22:09

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

257-бет
- Болуптур, Зыйнат, сени Кудайга тапшырдым, Усонумду сага тапшырдым. Уну кайра очту.
А Зыйнат болсо Жайнагулдун созун угуп, тогулгон коз жашын коруп чачылып кетти. Оозуна кирген бир созу бул болду.
- Ыйлабаныз. Мен Усонду кайра эле жиберем. Ал сиздин баланыз, Жайнагул Казиевна.
Бул жерде кеп-созго аралашпай, ичинен тынып, унсуз олтурган Сады болду. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей окуяны уккандан бери казак менен кыргызга дун болуп, карындашы Жайнагулдун башын аттаганы аз келгенсип, эми минтип эл караган жузун жер каратып, эгиз деген эки баланы экиге болуп, Усондун ээсин таап, энесине берген олтурган Толкунбекти козундо огу болсо атып жиберуучудой болуп, каны кайнаган Сады, Зынатты коруп коздору чекчее тушкон болучу келгенде. «Малды коруп пайгамбар жолдон чыгыптыр» дегендей, сулуулукка озунун кандай арбалып кеткенин билбей калды. «Адам оз жамандыгын олгончо билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет» дегендей конулундо: «Эсенова жонокой эле сулуу эмес, айдай болгон болгон суйкумдуу сулуу турбайбы» деген ойдон журогу удургуй тушту. Ал мурда бул аялды «Аягынан бузулган, женил ойлуу» аял катары ойлоп жийиркенуу менен элестетип жургон Сады Казиевич, Зыйнатты коруп, баягы ойлогон ойлору кыялынан кандай учуп кеткенин озу да билбей калды. Анын салмактуу, оор басырык мунозун, орунду суйлогон создорун угуп олтуруп: «Энем айткандай акылдуу келин экен» деген ойдо, коз алдында болуп жаткан окуяны коруп, тагдырдын тамашасына ичи уйгу-туйгу болуп, ак да дебей, кок да дебей ордунан туруп тышка чыгып кетти.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1123 Пользователь офлайн   Aliya2015   17 Март 2016 - 22:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ал эми келининин корунушуно тынчы кетип, аркы-беркини ойлоп олтурган Кына, кудагыйынын кулагына бир нерселерди шыбырагандай болду. А Тумар болсо, башын ийкей берип, макул дегендей ишаарат кылып, экоо оздорунчо бир бутумго келгенсип унчукпай калышты. Жайнагулдон коз албай, сынай тиктеп олтурган эне, оо бир оокумда минтти:
- Э кагылайын, балам, эмне эле мынчалык санаага батып, озунду жоготуп куурап олтурасын. Оо жолун болгур десе, бир бороондук алын жок, кокуй белен. «Ээси келсе, бээсин бер» - дейт. Минтип жону жок салбырабай, балдарындын омурун, келечегин тилебейсинби. Усонун ошол жакка барып эле, Зыйнаттын эне экенин билип, эне экенин баалап, сени унутуп калаар дейсинби. Андан коро узун кунду кеч кылбай, тышта кайнап жаткан самоорду алып кирип, мына бул Зыйнат алып келген орук-мейизди тогуп, таттуу-паттууларды жайнатып атан Мансурга, Аккыз менен Эсенге,
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1124 Пользователь офлайн   Aliya2015   17 Март 2016 - 22:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

258-бет
оз атан Казыга арнап куран окутуп, буларга ак жол каалап уруксат бербейсинби. Арбак ыраазы болбой, кудай ыраазы болбойт, балам. Муну озун жакшы билесин.
Жайнагул Аккыз менен Эсендин атын укканда эсине келе тушту. Ошол замат озунун баякы коргон тушун эстеп журогу болк этип кетти. Анын оюнда азыр ушул тапта да ошол адамдардын арбагы ушул жерде Зыйнатты акмалап, тируулор менен аралаш олтургандай болгон бир сезим конулун чагылгандай аралап отту.
Казиева башынан жылбышып тушуп, бир жак ыптасына ооп, чачысы салмактанып турган жоолукту колуна алып, жанында турган Зыйнатка карады.
- Сен мага капа болбо, синдим, мага туура тушунсон эле болду.
- Тушуном.
Жайнагул колунда кармап турган жоолукту, анан энеси кармап турган норка шубаны бир карап алып, улутуна ун катты.
- Ырахмат Зыйнат, ашык чыгым болбой койсон деле болмок.
- Ушул да чыгымбы? Усон учун сиздин эмгегиниз чексиз да. Ак сутунузду актоо колумдан келеби, келбейби, билбейм. Бирок мен актай албасам Усонунуз актаар.
- Менин сенден отуноорум бироо гана, Зыйнат. Усонду менден алыстатпасан эле, менин эмгегимди актаган болосун.
- Жарайт, Жайнагул Казиевна, башка отунучунузду орундата албасам да, бул отунучунузду, олбой тируу турсам орундатуу колумдан келет.
- Ырахмат – деди Жайнагул колунда кармап турган кичинекей кутучадан бриллиант коздуу алтын шакекти чыгарып Зыйнаттын аты жогуна кийгизип жатып минтти. Ушул кичинекей арзыбаган белегимди салынып кой.
Зыйнаттын манжалары шадылуу да, сулуу да, анан кандайдыр мамыктай жумшак болучу. Жайнагул дароо, бир кезде: «Колу жумшак кишинин журогу да жумшак, кайрымдуу болот» - деп уккан созун эстеди. Зыйнаттын башка аялдардан айырмаланган дагы бир жери бала кезинен жылтыр-жултур, кызыл-тазылга жоктугу болучу. Билерик, шакек дегендерди анчалык баалачу да эмес. Анын алтын менен кумуштон бар болгон байлыгы кулагындагы энесинен калган кичинекей кумуш сырга болучу. Азыр анын аппак болгон жумуру манжаларынын коркуно корк кошконсуп Жайнагул салган шакек бир тамчысы сымапка окшоп, азыр эле тогулуп кетуучудон бетер молмулдоп турду.
- Ырахмат сизге – деди Зыйнат, ажары ачыла жарк этип.
- Мынча болду обушуп койбойсунарбы – деди Тумар, «Жакшы менен жайлоого чыкса кудалашып тушот, жаман менен жайлоого чыкса кубалашып тушот» дегендей, жакшы кеп болду. Бир гана жанакы мен айткан обушуу гана жетишпей калды.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1125 Пользователь офлайн   Aliya2015   17 Март 2016 - 22:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

259-бет
Зыйнат албыра тушуп минтти:
- Эмне экен, обушсо обушуп деле коёбуз, ал куноо эмес да, ыя Жайнагул Казиевна! Ошол саамда Зыйнат Жайнагулду, орой кучактап, бир демге унсуз, созсуз, коздор козго чагылышып, экоо тиктеше тушту.
Мурда Жайнагул канча жолу Зыйнатты коруп, канча жолу бет алышса да, азыркыдай мынчалык коз токтотуп королек болучу. Зыйнаттын ботонун козундой жайнаган алагар козуно топ келишкен каш-кирпиги келишип, ак гулдой улбурогон ажарлуу жузунун коркун ачып турган сулуулукка туруштук бербей, сызгырган майдай болуп журогундогу муздун кандай эрип кеткенин озу да билбей калды.
- Алтын эжекем – деген соз оозунан октой учкан Зыйнаттын эрди Жайнагулго жабыша тушту. Жайнагул да Зыйнатты кучактап ооп-ооп алды.
- Мына, бая эле ушундай кылыш керек болучу. Чайды эми ичсек болот го дейм, ыя дос – деди Турат Толкунбекке карап, улуу аялы менен кичи аялынын мамилесин кандай кабыл алып, кандай абалда олтурду экен деген ойдо, бир чон иш бутургон далдалчыга окшоп, эрдемсий суйлоп. Бирок жигиттин козуно Толкунбек озунун баякы жаркылдаган ачык-айрым, шайыр мунозун кимдир бироого уурдатып жибергенсип тилден калып, ботон бир башка чойродо олтурган аргасыз адамга окшоп сезилди. Тураттын оюна «Эки катын алыпмын, бир балээге калыпмын» деген соз тушуп Толкунбекти аяп кетти. Жигиттин оюн Жакандын уну бузду.
- Мен мындай болот экен деп эч ойлогон эмес болучумун. Дурус иш болду. Эки аялдын элдеши, эки мамлекеттин президенттеринин тынчтык келишимине кол койгондой эле улкон иш болуп калды го, ыя Толоке – деди Жакан эртеден бери аялдардын эч бирине ун катпай, мойнуна ысык сорпо тогулгон немеден бетер озунон озу жонунан муздак тер агып олтурган Толкунбекке бурула карап.
А Толкунбек болсо Жакандын созун укпаган керенден бетер, откондогу Зыйнаттын Усон учун озуно: «Сен киши олтургучсун» - деп окуруп-оксоп ыйлаганын ойлоп, санаасы алда кайда чачылып, алда кайда урунуп жатты. Толкунбектин козуно Зыйнаттын кубанычтан албырган жузу, бакытка толгон сурмалуу коздору мурдакыдан да сулуу болуп корунду. Кубаныч адамды сулуулайт экен го.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1126 Пользователь офлайн   Aliya2015   17 Март 2016 - 22:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

260-бет
Бул байкуштун да кудайы бар аял экен. Оз суйуусунун, оз махабатынын озокту жарган алоосун акыры баласынын тируулугу женип кетти. Чын-чынына келгенде Зыйнат тогорогу топ келген эле аял. Билимдуу десе билимдуу, акылдуу десе акылдуу, таланттуу десе таланттуу. Жаратылыш буга баарын берген. Мунун ак конул, жароокерлиги эле канчага турат? Балким, Усон озундо болгодо, чыгалбай байланып калат белем ким билсин. Суук тийип бузулуп калбаганда дагы торойт эле. Анда мен Жайнагул торогон баланы Зыйнат да тороп жатат – дейт элем го. А Жайнагул болсо онойлук менен чайпалбаган туруктуу, бир муноздуу аял. Бул мени онойлук менен кечирбейт эле, анын дилин агартып, мунозун жумшарткан Зыйнаттын мен жонундо жазган каты болду окшобойбу. Эми минтип Усон учун экоонун дилдери агарып аралашып кетти. Арты жакшы болсо болду эми –деп ойлоду. Ушул аз эле убакыттын ичинде, оорубаган жаны ооруп, азбаган ону азып, арыктап эле тим болбостон, капкара болгон кундуздай чачын ак аралап кеткенин коруп Жайнагулду аяп, ичи туз куйгандай ачышып турду. «Атам олоорундо жон олбой, арадай жерге чарадай жыйын куруп, чан-тополон тушуруп салып узап кете берди. Бул балакеттуу баланы «олду» деген бойдон олтуруп салбай, кандай максат менен кайра тирилтип, Зыйнатка жакшылык кылып эрип кетти экен. «Ойлобой суйлогон онтобой ооруга жолугат» деген ушул экен да. Минтип жанга тенебей жакшы коргон келининин эмгегин баалай албады атам. Толкунбек ушуларды ойлоду.
Ал эми ак конул Зыйнат чыны менен эле Жайнагулго журогу жарылып, айтаарга соз таппай толкундап турду. Ал Жайнагул болсо канчалык озун кармап, тун тушкон кабагын ачып, колу менен которойун десе да болбой, озунон озу эле жаап жиберуучу булуттай калдайып туруп алды.
Толкунбек аялдарын алдыртан карап олтуруп ушуларды байкады. Чай ичилип бутуп, дасторконго бата кылынаары менен, олтургандар козуй башташты. Жакан менен Галиянын камынып жатканын коргон Кына минтти:
- Э ботом, дурбоп кайда барасынар, олтуруп тургула шашпай. Кагылайын Жакинтай, меймандарын кеткени жатышпайбы. Ырым-жырымынды жасап, баланды жолго даярда.
- Жарайт энеке, азыр. Усон даяр. Азапты Асан беруучудой ээрчип. Мен да барам деп ал дагы камынып жатат.
- А кучугум, окуу десе эле Усон окууга барат экен деп жатса керек – деди Кына.
Тумар оор ушкурунду.
- Кымындай кызыл эт кезинен бир бешикте жатып, бир эмчекти талашып ээмп, бир эненин мээриминде, биринен бири бир мунот ажырабай чогуу оскон немелер учун ажырашуу арзанга турар дейсинби.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1127 Пользователь офлайн   karamat1999   19 Март 2016 - 20:39

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 29 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 13 Янв 2017 17:25

Улантылбайбы эми.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1128 Пользователь офлайн   mawa.32   21 Март 2016 - 19:01

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Калганын качан жазассыз?
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1129 Пользователь офлайн   aytunuk   21 Март 2016 - 20:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 253
  • Катталган: 16 Июнь 14
  • Соңку аракети: 01 Сен 2021 17:03

Автор жаза сал эми куттурбой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1130 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:33

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

261-бет
Ой, атандын корунун жазуусу ай, бул да болсо буйрук. «Кудайдан бийсиз кумурсканын буту сынбайт» деген ушул.
- Апа, кечирип коюнуз – деди Зыйнат Тумарды жалт карап, Усонду кайра бат эле алып келем. Макул болсонор Асан деле кошо барып келбейби?
Бул созду уккан Кына селт этти.
- Жок кокуй, андай болбойт. Ала турган Усонунду алып кет. Боюна уйур алдырып, аста кондургонго аракет кыл. Озунчо алыска чыкпаган бала, кокустан куса болуп кетпесин, байка балам. «Карыш ажыраган карыганча корушпойт» деген соз бар эмеспи. Антип, Асан да барсын деген созду кулагыма угузба. Ансыз да Усондун кеткени биз учун олумдон катуу иш болуп турганын корбой турасынбы.
Зыйнат бул созду угуп шылкыя тушту.
- Ашык кетсем кечирип коюнузчу, аяш эне. Мен Асан ыйлап жатат дегенинен эле айта салдым. Усонго ээ бололбай жатып, Асанды эмне кылайын.
Ушул маалда тыштан ботодой боздоп Жанат ыйлап кирди. Олтургандар чочуп кетти.
- Кагылайын, сага эмне болду? Ким ыйлатты? Карт эне урпондой тушту. Жанат ый аралаш минтти:
- Мен Усонду жибербейм, эне.
- Кой, антпе, каралдым. Келет да бат эле.
- Калп айтып жатасын алдап. Мен уктум го.
- Тантыбачы, эмнени уктун?
- Балдар айтып жатпайбы, Зыйнат эже Усонду башы менен алып кетип жатат. Эми ал бул жакка такыр келбейт деп.
- Койчу, каралдым, балдар эмнени билмек эле. Башы менен Усонду эмнеге бермек элек. Жок созду айтпачы.
Жанат болбой ыйлап минтти:
- Энеке, Жайна женеме айтчы, Усонду жибербей эле койсун.
- Сен озун айтпайсынбы?
- Айтсам болбой жатпайбы. Кыз энесине таарынып букулдап, Тумарды карады. Таэне, Усонду жибербе деп, сиз айтынызчы женеме.
Булар ушинтип жатканда тыштан Жакан кирди.
- Кеттикпи, даярсынарбы?
- Даярбыз – деди Галия.

Билдирүүнү түзөткөн: Aliya2015: 22 Март 2016 - 21:34

Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1131 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

262-бет
Жанаттын ыйын коруп делдиреп олтурган Зыйнат бир оор дем алып алып ордунан козголду. Жайнагул киргенде аялдар усту-башын тузоп, баштык-уштукторун иреттеп жатышкан. Галия Жайнагулго минтти:
- Эми чыгалы биз. Сизге ырахмат, аяш. «Бир коргон билиш, эки коргон тааныш» - дейт. Эми биз жакка да баргыла. Сиз учун, сиздин семьяныз учун биздин эшигибиз да, кучагыбыз да ар дайым ачык.
Бардыгы тышка чыгышты. Галиянын созуно жооп кылып, Жайнагул минтти:
- Буюрса эсте болот. Озунуздор да бизди унутпай келип турунуздар. Зыйнат сен да жакшы баргын. Усонду сага, сени Кудайга тапшырдым. Коздорунун жашы чарасына батпай толуп турду.
Зыйнат, Жайнагулдун каканактап турганын коруп, ичинен тырчый тушуп минтти:
- Жайнагул Казиевна, сизге убада бердим го, Усонду бат эле кайра алып келемин деп. Сиздер Усонду озунуздор айтпаганда, мен билмек эмесмин. Бул бала мен учун эбак олуп жок болгон бала болучу. «Бал кудукту тапкан да сен, таткан да сен» дегендей, баланы баккан да, анан анын энесин тапкан да сиздер озунуздорсуздор. Усон экообузду бири-бирибизге эне-бала экенибизди билдирип, кандайча мага кайтарып беруунун
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1132 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:36

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

кандай, эмне деген себептери болгонун мен билген жокмун. Ошончолук эле, Усон экообуздун бактылуу эне-бала болушубузду ак дилден каалап турсаныз, ыйлабай, жаркырап туруп узатыныз. Кана байбичелер, касиеттуу улуулук наркынар менен ак батанарды берип коюнуздар эми.
Тургандар туйшоло тушту. «Зыйнат туура айтат» деген создор дур дей тушту. Ошол замат байбичелер Усон менен Зыйнатка узун омур, бактылуу келечек тилоо менен бардыгына ак жол каалаган жакшы тилектерин айтып бата кылышты.
Жанатан бери эч кимге соз айтпай, эч нерсеге аралашпай, озунчо болунуп турган Толкунбек, Жакан менен Галияны, Зыйнат менен Жайнагулду алмай-термей карап минтти:
- Болуптур, Жакан, жакшы баргыла. Сен дагы уулун менен бактылуу бол, Зыйнат. Эми ушуну менен Жайнагул менен Зыйнат учообуздун ортобуздагы трагедия бутту го дейм.
- Жок, Толкунбек, бутолек. Бул трагедиянын мен учун башталышы гана – деди Жайнагул ыйламсырап…
Коштошуу башталды. Ый аралаш кулку, аял менен эркектердин создорун бири-бирине ончулуктуу угузбай, эмелеки ачык турган асманды кара булут каптап, бир заматта жамгыр аралаш он-тетири соккон шамал тал-теректи куулдотуп кирди. Жанат коз жашын кол кылып опко-опкосуно батпай ыйлаган калыбында Жайнагулду тарткылады.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1133 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:37

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

263-бет
- Жене, Усонду жибербей эле койчу.
- Эмне дейсин, жабышпай ары тырчу. Башкалардан да ушул сенин азабын отуп кетти.
Жакан Жайнагулго карады.
- Ыя, аяш, уулунар кайда? Кеч кирип кетмек болду, кетсек болбойт беле.
- Кетесинер да. Айланасында тургандарга карады. Усонду карагылачы, кайда жугуруп кетти?
Тумар эки жагын карап туруп минтти:
- Э ботом, экоо тен корунбойт.
- Ыя, эне, азырыраак эле сиз ооп-жыттап жатпадыныз беле. Кайда басып кетишти?
- Ой тим эле, окууга барам Алматыга деп болбойт, ары жок а. Азыр эле ушул жерде турган – деди Кына.
- Асанды кыйбай, айнып качып кеткен жокпу, ал баланар – деди Турат.
Усондун жогун уккан Зыйнаттын оюна жамандык менен арамдыктан башка эч нерсе келбеди. Балким, атайын эле, бир жакка катып койгондой болгон бир жагымсыз толкун дене-боюн каптап отту.
- Жанараак эле экоо балдар менен кочодо ойноп турушкан –деди коншулардын бири.
- Капырай куугумдо кайда кетишмек эле –деди Кына, аркы Сардарбектин балдары менен ошондо болбосун.
Тургандар кочого чыгып туш-туштан издей башташты, кыйкырып.
- А-а-й, Усо-о-о-н!
- Ас-а-а-н!
Ошол маалда Галия машинанын арткы эшигин ачып, бирдеме коёюн деп кыйкырып жиберди.
- Ой-ба-а-й, Асан менен Усон машинада жатыр гой уктап.
- Эмне дейт!
Тургандар дароо машинаны коздой жабышышты. Чын эле экоо арткы орундукта кучакташып, жыргап уктап жаткандарын коруп, дем тартпай калышты. Ачык айтышпагандары менен, карап турган ар бир адамдын оюнда, буд экоону бири-биринен ажыратуу ырайымсыз, таш боор адамдын гана колунан келуучудой болгон бир кучтуу окунуч ойноп кетти. Балдарынын коёндун божогуно окшоп эч нерседен бейкапар кучакташып жатканын, умсуна тиктеп турган Жайнагул ойготууга озу даай албай, шоферго карады:
- Ойготунуз.
- Мен ойготойунбу? – жигит Жайнагулго карады.
- Ооба, сиз ойготунуз!
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1134 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

264-бет
Кундуз уктабай, анын устуно кечке жаны тынбай ойноп журушуп жедеп чарчоодон катуу уктап калган балдарды зорго тургузушту.
- Бол эми тушкуло.
- Кайда?
- Кайда жатканынарды билесинерби?
- Жеттикпи? – деди дагы эле уйкудан козу ачылбаган Асан.
Жайнагул мыскыл кулду.
- Ооба, Алматыга келдинер, тушкуло эми.
Асан менен Усон коздорун ушалап, орундарынан дароо которулуп, жарыша кыйкырып жиберишти.
- Ураа! Биз Алматыга келдик. Машинадан томолонуп тушуп, айланасын конул бура карап алышып, эч жакка кетпей эле оз уйундо, оз ата-энесинин жанында тургандарын коруп дароо конулдору боксоро тушту.
Тургандар коштошо башташты. Бардыгы биринин артынан бири Усонду туш-туштан ооп-жыттап жатышты. Акыркы коштошуу кезегин атайын эле озуно алгансып Жайнагул минтти:
- Баарынар коштошуп буттунорбу?
- Буттук.
- Анда мага кезек бересиздер го! Жайнагул биринчи эле Жакан менен Галияга кол узатты. Ырахмат келгениниздерге, кемчилик болсо кечирип, таарынбай кеткиле. Зыйнат сен да таарынбай кет. Баланы кутуп алышты билээрсин озун «Ит менен бала тойгон жеринде» деген эмеспи. Усондун ден соолугу жакшы. Сезимтал, ак конул. Жароокер бала. Боорукер. Эске тутуусу кучтуу. Айттым го жана озуно, дагы айтам, куса болуп кетпесин. Мурда менин балам эле, эми сенин балан болду. Бактылуу болсун. Усон учун мен дуйнодо болгон баардык жакшылыкты тилейм. Жайнагул жерге жуйурто басып олтура калды, жанында шынаарлай карап турган Усонду кучактап туруп минтти: - Акылдуу бол, каралдым, Зыйнат апандын тилин ук. Сурот тартканды жакшылап уйронуп кел. Бооруна кысып бети-башынан аймалап ооп да, жыттап да жатты. Чон атан баякыда айтпады беле, мен да айткамын, азыр да айтам, Зыйнат сенин апан, балам. Мындан ары Зыйнаттын баласы болосун. Тушундунбу?
- Жок, мен Зыйнат апанын баласы болбойм, мама! Мен сенин баланмын да. Жайнагулдун мойнуна колу ороло тушту. Мен кайра бат эле келем.
- Жакшылап менин созумду укчу, балам. Сен акылдуу бала эмес белен. Кийин уйду сагынганында Зыйнат апан сени озу алып келет.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1135 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

265-бет
Усон Жайнагулду ооп, бетин бетине тийгизер, тийгизбестен эле ыйламсырап минтти:
- Мама! Ыйлаба. Сен ыйласан, мен барбайм Алматыга.
- Жок, антпе балам, барагой, мен тим эле ыйлап жатам.
- Усончик, сени алдап жатат. Кетпе, Жайна женем ыйлабайм деп калп айтат. Жанат жер тепкилеп, боздоп жатса, Асан: «Усон мен да Зыйнат апаныкына барам» - деп Кудайга уну угулганча боздоп жатты.
Жайнагул Усонду которгон бойдон, машинага алып кирип, Зыйнаттын алдына олтургузду.
- Жакшы бар, кулунум. Чон жигит болот деген ушул. Сурот тартканды Зыйнат апандан жакшы уйронуп кел эми. Кагылайын каралдым, сенден минтип ажырайын деген жок элем, кантейин, кайда болсон аман бол.
Машинанын эшиги жабылып, мотор курулдогондо, Усон ыйлап жиберди:
- Зыйнат апа, мен баргым келбей жатат –жанталашып терезеге тырмышып, айнекти койгулап жиберди. – Ма-ма-а! Барбай эле коёюнчу. Ма-м-а-а! Ма-а-ма-а! Усондун ыйлаганына болбой, машина ордунан козголду. Уулунун унун уккан Жайнагул машинанын артынан ээрчий чуркап баратып, чалынып жыгылып, бети менен кетти.
Меймандарды узатууга чыккандардын бардыгы Усон менен Жайнагулду коруп, оздоруно оздору ээ бололбай, коз жаштары тогулуп жатты. Чалынып жыгылган кызына Тумар ачуу буркуп, Жайнагулду тартты.
- Катыгун кудай ай, бала болуп турасынбы, тур ойдо сенден башка киши бала суйуп корбоптурбу, ыя? Жакшылык менен кетип жаткан тируу балага да ушинтеби? Болду, зобол убагында дайыны жок боздобо, катыгун. Ыйдын тубу ый.
Жайнагул энесине бурк этти. – Сиз менчилеп, тируулой баланыздан ажырап коргон жоксуз да. Башыныздан откон болсо минтип айтпайт болчусуз.
- Анда ыйлай бер!
Жанат менен Асан машинанын артынан: - Усо-о-н! Ус-о-он! – деп ун алыша кыйкырышып буттары узулгончо жугуруп баратып, качан машина кочонун аягынан имерилип кеткенде гана жолдун ортосуна олтура калышып, ботодой боздоп онгуроп жиберишти. Буларды карап шыпшынып турган кошуналар «Шумдуктуунун тоосу жорго» деген ушул. Усондун ботон экенин ким билиптир. Корсо, Зыйнат Толкунбек менен журуп тууп, Мансурдун эшигинин алдына таштап кетишкен неме тура. «Жылма осурактын жыты жаман» дегендей, сыпайы жургону менен Толкунбектин ичмекейи ичиндеги неме экен го.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1136 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

266-бет
Эркек деген ушул, Жайнагулдун башын кантип аттады экен.
- Аттаганын корбой турасынарбы. Ажырашып журуп, табышканы аз эле болбодубу. Жайнагул бекер кылды, Усонду айтпаган бойдон айтпай койсо эле болмок.
- Зыйнат сулуу келин тура, ошонусуна кызыкса керек Толкунбек.
- Ой, койчу ай, Жайнагул эмне сулуу эмеспи? Анын ону да сулуу, акылы да сулуу! – деген сыяктуу создорду суйлоп кубун-шыбын болуп биринин артынан бири жыла басып кетип жатышты.
Ал эми Жайнагул болсо уйуно кирип эле диванга устомонунон жыгылды.
- Ой, кайран балам ай, озогумду орттоп, куйгузуп кеттин го мени. Сенсиз кантип жашап, кантип коноор экенмин.
Аялынын абалын коргон Толкунбек, Жайнагулдун артынан ээрчий кирип, ага эмне деген жагымдуу соз айтып, конулун таап алаксытаарын билбей, жанында аптыгып туруп, бетинен ооп минтти:
- Жакинтай, алтыным ыйлабачы. Бул балакеттуу балага эмнеге эле мынчалык куйуп кул болуп, куурап жатканынды билбейм. Озунду аясан боло.
Жайнагул куйоосунун созун угуп, жаш толгон убайымдуу козу менен башын которуп жалт карады.
- Сен учун Усондун Зыйнатта турганы менен менде турганынын айырмасы жок экенин жакшы билем, Толкунбек. Болоору болуп, боёгу кангандан кийин, созду жаныртып ырбатышпайлы. Менин кайгыдан канталап сыйрылып аран турган журогумду сыздатпай тынч койчу, байболгур. «Баткан окту, аткан ок чыгарат» дегендей, кокустан капалыктан оозумдан жагымсыз соз чыгып кетип журбосун, мага суйлобой эле койчу.
- Билем айтпасан да, сен менин созум эле эмес, озумду да коройун деген козун жок болуп баратат. Ушунчалык сууп баратасын, Жайнагул. Менин журогум сен учун мурда кандай болсо, азыр да ошол бойдон, Жайнагул деп жашап, Жайнагул деп согуп турат. Чынымды айтсам сен мага андан да жакын, андан да суйкумдуу болуп баратасын. Аттин, бири кем дунуйо деген ушул экен да. Кайда баякы бирибизге бирибиз тойбогон махабат жылоологон бактылуу кундор. Бир уйдо жашап, бир тошокто жатсак да мага болгон баякы жандуйнону жалындатып туруучу жаркын сезимин кайра жанбай койду го.
Бул кезде Жайнагул учун жашоонун кызыгы очуп, бир керексиз нерсе сыяктуу болуп, Усондун кетишинен кейишке тушуп, кыялы кымкуут болуп турган неме, Толкунбектин созун соз деп, кебин кеп деп да койбоду.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1137 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

267-бет
Эчен-эчен: «Менин сага мурдагыдай суйуу толгон журок менен махабат базарын аралата албасымды тушунуп армандап турсан, Зыйнат менен кошо кетип калбай, башымды оорутуп менин мандайымда эмнеге турасын?» - деп айтып жибере жаздап барып токтоду. Ал тышта, кандайдыр озунчо эле алаамат болуп жаткандай болгон унду бир демге тыншап туруп жаздыктан башын которду. Жайнагулдун тынчын алган бул ызы-чуунун куноокорлору Жанат менен Асан болуп жатканын дароо тушунду. Алар учун Усон Алматыга сурот тартканды уйронгону кетпей эле, анын соогун койгону Казакстанга алып кетип бараткандай болгон оксуктон, олоор-тирилерин билбей окуруп-оксоп жаткан куйуттун куусунон журогу оропкуп, конулу айнып кетти. Ордунан туруп баратып, айлана астын-устун тушуп, жер кочуп бараткансып уйдун ичи калкылдап, башы айланып темтендей тушту. Толкунбек колуктусун кучактай калды.
- Эмне болду? Урпондой сурады. Догдур чакырайынбы?
- Жок, коё турчу эс алайын. Тышка абага чыксам дедим эле.
- Баспай эле, тынч олтуруп турчу.
Булар ушинтип жатканда тыштан Кына менен Тумар кирди.
- Эмне болду, деги ооругандан соосунбу? Экоон бирдей уйго кирип эле, чыкпай калдынар?
Энелер, диванда ону очуп, эриндери кеберсип, муундары калчылдап олтурган Жайнагулду корушуп аяктары шилтенбей мостоё тушушту. Кайненеси менен оз энесинин абкаарый тушконун коргон Жайнагул коздорун жашылдантып кулгон болуп минтти:
- Эчтеке болбой эле турам, коркпой эле койгула. Бир аз олтуруп эс алайын дедим.
- Эс ал, балам, чарчадын. Абышканын кыркы деп, догдурдан чыкканы кымындай да тыным албадын. Усонду коп ойлобо, уучун куру эмес, Кудай де.
- Эмне учундур озумдон озум эле алым куруп, шайым ооп турат, конулум карангылап. Деги, Жанат менен Асанды озондотпой унун басып койгулачы. Усондон ажыраганымдан да ушул экоонун ыйы отуп кетти.
- Толкунбек, айланайын балам, сен чыкчы. Ал экоо бизди уга турган эмес – деди Тумар куйоо баласына.
Жигит аттап-буттап тышты коздой атты. Ал боорун жерден албай, опко кагып унулдоп жаткан Асанды колдон алып силкип тургузуп, ар жакта бактын тубуно коюлган скамейкада тетири карап алып озондоп олтурган кызына ачуу буркуп, суйлонуп коё берди.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1138 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:41

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

268-бет
- Баскыла унунорду, карангыда озондобой. Жаман жоро баштаган акмактар. Усон олгон жок да. Маманар ооруп аран жатат. Экинчи унунор чыксын, эмне корор экенсинер…
Мындай жамандык менен жакшылыктарда бардык туйшукторду тобосу менен которуп, журогу менен кызмат кылган келиндер болоору баарыга белгилуу. Кына менен Жайнагулдун жакшылыгынанбы, же болбосо оздорунун дээриндеги адамгерчилигиненби, айтор, коно жатып кызмат кылган Анар менен Ажар казан-аяк эле эмес, суу жоолук, дасторкондоруна чейин жаркыратып жууп жайып, уйлоруно чейин тазалап, полдорун суртуп, бардыгын иретке келтирип коюп, кайталап самоор коюп жатышты. Уйдон чыккан Кына келиндердин самоор коюп жаткандарын коруп суйунуп кетти. Анткени байбиченин озу да чай ичкиси келип турган.
- Ой, алдына кетейиндер, силерди кетип калган экен десем, ырас чай коюп жаткан турбайсынарбы.
- Ооба, кетелекпиз, чон апа. Силерге биротоло чай берип коюп кетебиз да. Анын устуно, кечээтен бери Жайна женемдин тамак ичкенин королекпиз, ал ачка. Ошон учун атайы тамак ысытып, дасторкон даярдап, самоор коюп жатабыз.
- Ой, акылынардан айланайындар, силер улууну сыйласанар, силерди Кудай сыйласын. Кем болбогула, балдарым, ырахмат, орконунор оссун. Жайна эмгегинерди билет кагылайындар. Чарчадынар го аябай.
- Жайна женем жакшы да, чон апа. Ал кишиге кылбаган, сизге кылбаган кызматты кимге кылмак элек. Эмнеге чарчамак элек, чарчабайбыз, чон апа.
Ырас эле, келиндер айткандай Жайнагулдун конулу бир жерде болбой, келим-кетимге алаксып журуп тамак ичкен, ичпегенин да билбей калган окшобойбу. Азыр да тамак ич десе: «Ичпейм, журогумо эч нерсе барбай турат» дегенине болбой жатып Кына менен Тумар Жайнагулду аш уйго алып киришип, туш-туштан жаалап жатып аран дегенде тамактандырышты. Ажар айткандай, ачка экени чын экен. Ичине бирдеме баргандан кийин онуно кызыл жугуруп, кеберсиген эриндери дароо оноло тушту…
Ошентип Мансурдун кырк ашы берилип, келим-кетим аяктаары менен короонун ичин бир заматта дулой тынчтык басты да калды.
Усон кеткенден бери Жайнагулдун ден соолугу кескин томондоп кетти. Дарылоочу врачы мурдагы диагнозду кайра койду. Сады Казиевичтин «Бишкекке алып кетели, ошол жактан дарылан» деген сунушун кабыл албады.
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1139 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

269-бет
Анткени бул жердеги борбордук оорукана неврология, терапия боюнча ден соолукка комок корсотуучу бардык ынгайлуулугу бар оркундотулгон дуйнолук маанидеги жабдуулар менен жабдылган республикадагы бирден бир оорукана болуп калган болучу.
Бул оорудан кандай болгондо тез сакаярын Казиева жакшы билуучу. Анткени оорусун озу билип, озу тушунуп туруп эле, бир нерсеге капаланып, санаасы бузулуп ою ордунда болбой, озун озу башкаралбай калса эле, ооруп жатып калуучу. Ден соолугун ойлоп Усонду канчалык эстебейин, унутууга аракет кылып алаксыйынчы деп конулун канчалык башка жакка буруп, башка бир нерселерди ойлоюн деп, канча аракет кылса да болбой, Усондун жан жыргаткан жароокер мунозу, баладан башкача жанга жагымдуу кыял-жоругу, эбедейди эзилтип, эт журокту созгон таттуу тили, карагаттай жайнаган жоодур коздору коз алдына тартылат да турат. Андан дагы санаасын санга болгон бир иш: «Конду бекен Зыйнатка? Бизди эстеп- уйумо качан кетем?» - дейт болду бекен? Канча кылса жатынын жарып чыккан, каны менен каны бир, журогу менен журогу бир энеси да Зыйнат. Ал куураган неме Усонду озуно тартыш учун колунан келген бардык айла-амалдын баарын жасап жаткандыр. «Бала менен ит тойгон жеринде» дегендей, балким, бул жакты эстебей, алаксып калды бекен?- дегендей, ой артынан ойлор, санаа артынан санаалар сапырылат да турат.
Чын-чынына келгенде Усонду жалгыз эле Жайнагул эстеп, Жайнагул жоктоп жаткан жок. Бул уйдо канча киши болсо, ошонун баары жоктоп, ошонун баары томсорду. Усондун жогу Асан учун ото оор трагедия болду.
«Балалуу уй-базар» дегендей, бул кутман уйдун куту Усон менен биротоло кошо кеткенсип, баякы, балдардын бактылуу оюн-кулкусунон демейде шанга болунуп туруучу абаздуу короо бир заматта томсорду да калды. Айрыкча, тобунан адашып ээн талаа, эрме чолдо жалгыз калган адамга окшоп эч жакка чыкпай, оюн-кулкудон калып Усонду жоктоп, тируулой бир тууганынын куйутун тарткан Асан болду…
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1140 Пользователь офлайн   Aliya2015   22 Март 2016 - 21:47

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 219
  • Катталган: 22 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 10 Авг 2021 04:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсыздарбы. Ушу менен 2 чи китептин биринчи болуму бутту. Экинчи болумун убактым болсо жазам, мага ват саптан жиберген эже да убакыт болсо жазышам дейт. Кимде убакыт болсо жазышып койсонор, дагы 238-бет калдыСүрөтСүрөт
Жашоо керемет!!!!!!! !!!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (63 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 55
  • 56
  • 57
  • 58
  • 59
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 17 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 17, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 16 Июл 2025 18:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: