Суперстан: ӨБҮШҮҮ ӨМҮРДҮ УЗАРТАТ. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Кыз-жигит
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

ӨБҮШҮҮ ӨМҮРДҮ УЗАРТАТ. кызыктуу экен :)

#1 Пользователь офлайн   Hyp   20 Март 2016 - 04:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 70
  • Катталган: 20 Ноябрь 13
  • Соңку аракети: 16 Апр 2021 00:32
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Красноярск

Маанайыңыз чөгүп, уйкуңуз качып турабы? Бул учурда сизге бир гана өбүшүү керек. Окумуштуулардын айтымында, узак жана берилүү менен өбүшүү иммунитетти чыңдап, мээдеги кан айланууну жакшыртып, көңүлдү көтөрөт. Кандайча дейсизби? Сурооңузга жоопту төмөнкү макаладан табыңыз.











ӨБҮШҮҮНҮН ПАЙДАСЫ
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 1981-жылы жүргүзгөн изилдөөлөрү боюнча, өбүшүүнүн зыянынан пайдасы көп.

•Стресстен арылтат. Өбүшүү учурунда кортизол жана окситоцин гормондору иштелип чыгат. Бул гормондор стрессти басаңдатып, маанайды көтөрөт. Америкалык окумуштуулар күнүгө өбүшкөн адамдар башкалардан орто эсеп менен 5 жыл узак өмүр сүрөрүн жана дээрлик оорубай тургандыгын далилдешкен.


•Арыктатат. Берилүү менен 1 мүнөт өбүшүү 500 метр аралыкка чуркоо менен барабар. Бул учурда зат алмашуу эки эсе жакшы иштейт. Андыктан эгер арыктагыңар келсе көп, семиргиңер келсе аз өбүшүү керектигин унутпагыла.


•Картаюунун алдын алат. Өбүшүү – жаак үчүн чыныгы гимнастика. Терең өбүшүү учурунда жаактагы 39 булчуң иштеп, кан айланууну жакшыртат. Демек, жүзүңүзгө бырыш кеч түшүп, картаюунун алдын алат.


•Ооруну сездирбейт. Шилекейдин курамындагы эндорфин гормону табигый антибиотик, анестетик болуп саналгандыктан баш жана тиш ооруну басаңдатат.


•Өпкөнүн иштешин жакшыртат. Өбүшүү учурунда жана андан кийин өпкөнүн иштеши жакшырат. Башкача айтканда, мүнөтүнө 60 жолу дем аласыз. Мындай көнүгүү өпкө ооруларынын алдын алат.


•Инфаркт жана инсульттун алдын алат. Өбүшүү учурунда жүрөк мүнөтүнө 110 жолу согуп, кан айлануу системи жакшырат.


•Кариеске жана пародонтозго каршы. Чикаголук окумуштуулар кариестин жана пародонтоздун алдын алуу үчүн тамактанган соң дароо өбүшүүнү сунушташат. Алардын айтымында, бул учурда шилекейдин курамында фосфор жана кальций көп болот.


•Сексуалдык делебени күчөтөт. Шилекейдин курамында андростерон гормону болгондуктан сексуалдык делебени күчөтөт.


•Иммунитетти чыңдайт. Өбүшкөн учурда организмден нейропептид заты көп бөлүнүп чыгат. Ал эми бул зат активдешкен учурда вирус жана айрым ооруну пайда кылуучу бактерияларды өлтүрөт. Анын натыйжасында иммундук систем чыңдалат.







ЗЫЯНЫ
Өбүшүү учурунда шилекей аркылуу сасык тумоо, ангина, гепатит, кургак учук, сифилис, герпестин вирустары жугат.






ӨБҮҮНҮН МААНИСИ
• Беттен өбүү – достуктун жана сыйлоонун белгиси.
• Айымдардын колунан өбүү – кичипейилдиктин белгиси.
• Маңдайынан сүйүү – кыйын кезде коргой алгандык.
• Желкесинен өбүү – жардам берүүгө даярдык.
• Эринден өбүү – жакындык.
• Сорушуу – сүйүү.






ДАЯРДЫК КӨРҮҮ

•Өбүшүү алдында толкунданбай, өзүңүздү эркин сезиңиз.


•Канчалык чыныгы сүйүү болбосун ооздогу жагымсыз жыт аны иренжитет. Андыктан тишиңизди жууганды унутпаңыз. Жолугушуу алдында пияз, сарымсак сыяктуу кескин жыттуу азыктарды, ачуу татымалдарды жегенден баш тартыңыз.


•Жагдай-шартты эске алыңыз. Сексопатологдор күүгүмдө өбүшкөн романтикалуу, караңгы болгондуктан өнөктөштөр бири-биринен уялышпайт дешет. Ээн жерде өбүшүү экөөңүздөргө тең ырахат тартуулайт.


•Жарашыктуу кийинүү сезимдердин ойгонушуна таасир берерин эске алыңыз.


•Өнөктөшүңүздүн өбүшүүгө даяр, даяр эместигин байкаңыз. Даяр эместигин баамдасаңыз ортодогу сезимдер тууралуу сүйлөшүңүз. Көздөрү жайнап, күлүп, сизге эркелеп же кармалай баштаса, анда өбүшүүгө даяр деп билиңиз.


•Өбүшүү деген ушул тура деп дароо өбүшкөнгө өткөнүңүз туура эмес. Алгач колунан кармалап, моюнунан, чачынан жыттагылап андан соң өбүшүүгө өтүңүз. Анан да шашылбай, назик өпкүлөңүз. «Французча өбүшүү», «тиштегилеп өбүшүү» ыкмаларын кийинчерээк колдонгонуңуз оң.


•Колуңуз менен өнөктөшүңүздүн башынан, ийининен сыйпалоону унутпаңыз.


•Сексопатологдор «өбүшүүнү дароо токтотууга болбойт, чапташкан эриндер ажырашкан соң бир аз кучакташып, жытташып туруу, өнөктөштөргө ырахат тартуулайт» дешет.




ӨБҮШКӨНҮНӨ КАРАП АБАЛЫН АНЫКТАҢЫЗ

•Кургак өбүшүү. Эгер ал өпкүсү келбей, жөн гана эриндерин тийгизип койсо – бул өнөктөшүнө кайдигерликтин эмес, сый мамиле жасагандыгынын белгиси. Кыскасы, ал сүйгөнүнө ишенимдүү мамиле жасай алат.


•Дүүлүккөн өбүшүү. Кокус өнөктөшүңүз ой-боюңузга койбой, кыйнап өпкүлөсө же эриндерин тынымсыз кыймылдатса – бул анын өтө дүүлүккөндүгүнүн жана шашмалыгынын белгиси.


•Кучакташып өбүшүү. Өнөктөшүн бекем кучактап өпкөндөр же ошол учурда денесин тийгизгендер ар бир кыймыл-аракети менен сизди аябай сүйөрүн билдирет жана ишенимдүү экендигин далилдейт. Өзү да сизден ушундай мамилени талап кылат.


•«Профессионалдык» өбүшүү. Бул жөн эле эмес, фейерверк түрүндөгү өбүшүү. Ал өнөктөшүнүн куду бир нече эрини бардай, ар кандай ыкмада өпкүлөйт. Кыскасы, эриниңизди соруп, каалагандай кыймылга келтирет. Дайыма жаңы өбүшүүнүн түрүн ойлоп табат. Ал жакшы ойнош болот, бирок ишенимдүү эмес.




ФАКТЫЛАР, МИФТЕР, САЛТТАР
• 6-июль – Бүткүл дүйнөлүк өбүшүү күнү.
• Филематология — өбүшүү тууралуу илим.
• Филемамания — өбүшүүгө берилгендик.
• Филемафобия — өбүшүүдөн коркуу.
• Адам орто эсеп менен өмүрүнүн 336 саатын өбүшүүгө арнайт экен.
• Адамдардын 66 пайызы көзүн жумуп өбүшүүнү баалашат.
•Байыркы Римде никени бекемдөө үчүн расмий түрдө өбүшүү жөрөлгөсү киргизилген.
• Өбүшүп жаткан европалыктарды көргөндөн кийин кытайлар да өбүшө башташкан.
• «Французча өбүшүү» ыкмасын француздар эмес, байыркы римдиктер ойлоп табышкан.
• Орто кылымдагы Италияда коомдук жайда эркек аялды кучактаса же өпсө ага үйлөнүүгө мажбурлашкан.
• Көгүлтүр экранда өбүшүү алгачкы жолу 1896-жылы «Өбүшүү» тасмасында көрсөтүлгөн.
• «Дон Жуан» классикалык тасмасында 127 жолу өбүшүү көрсөтүлүп, рекорддук көрсөткүч жараткан.
• АКШнын Индиана штатында мурутчан эркекке бирөөнү өбүүгө тыюу салынган.
• Адамдардын көпчүлүгү өбүшкөндө башын оң тарапка кыйшайтышат.



Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: C__Data_Users_DefApps_AppData_INTERNETEXPLORER_Temp_Saved Images_24_2.jpg

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   mega777   20 Март 2016 - 10:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Шумдугуң кургур десе)Билгенден биле элегиң көп дегендей го))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Rednalf   20 Март 2016 - 10:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 139
  • Катталган: 26 Февраль 16
  • Соңку аракети: 10 Июн 2016 11:37
  • Калаасы:Баары бир мага барбайсың.

Өмүр го узарбайт,жөн эле рахат.
FLANDER
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Shalunka1215   20 Март 2016 - 10:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 716
  • Катталган: 30 Октябрь 15
  • Соңку аракети: 05 Ноя 2024 11:43
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:орусия

Укмушко биягы)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   atai9292   20 Март 2016 - 11:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 830
  • Катталган: 21 Январь 12
  • Соңку аракети: 22 Июл 2025 01:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:КЫРГЫЗСТАН

Срочно бир кыз таап үйлөнүп өбүшүп эле жата берет окшойм а зато өмүрүбүз узун болот деп :crazy-girl:
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   EdikoKG   20 Март 2016 - 11:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 816
  • Катталган: 11 Ноябрь 14
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 07:07
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтүү кыргыз жери. АЛАЙ))

"Кел,обушолучу))" деп айтуудан тартынсан,анда кенеш: "Кел,омуруну бир аз болсо да узартып берем. Сагада,магада жакшы" дегиле))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   tursunai98   20 Март 2016 - 12:50

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 05 Январь 16
  • Соңку аракети: 29 Сен 2017 05:11

tobo emnelerdi kana oilop tappaisynar a
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Musabaeva   20 Март 2016 - 13:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 930
  • Катталган: 26 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Апр 2016 13:19

Просмотр сообщения atai9292 (20 Март 2016 - 11:12) жазган:

Срочно бир кыз таап үйлөнүп өбүшүп эле жата берет окшойм а зато өмүрүбүз узун болот деп :crazy-girl:

:rofl:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Musabaeva   20 Март 2016 - 13:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 930
  • Катталган: 26 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 21 Апр 2016 13:19

Укмушко :гезит:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   Kylym   20 Март 2016 - 13:48

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 125
  • Катталган: 30 Январь 11
  • Соңку аракети: 26 Апр 2021 19:47
  • Жынысы:Аялзаты

myna saga kysyk,
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   mawa.32   20 Март 2016 - 16:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 759
  • Катталган: 28 Июль 14
  • Соңку аракети: 29 Дек 2021 01:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жалал-Абад

Арыктатса турмушка чыккан кыздардын баары эле арыктап, фигурная болуп кетет эле го.
)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Mahabbat   20 Март 2016 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 454
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 07:22

Турмушка чыккандар баарыле обушуп отурат дейсинби? Обушпой эле ишин бутуруп койгондор да бар. Эптеп иши бутсо болду болгондор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Aselya_9105   20 Март 2016 - 16:59

  • Карапайым
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 263
  • Катталган: 20 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 18 Июл 2023 10:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек шаары

Просмотр сообщения atai9292 (20 Март 2016 - 11:12) жазган:

Срочно бир кыз таап үйлөнүп өбүшүп эле жата берет окшойм а зато өмүрүбүз узун болот деп :crazy-girl:


Сүрөт ошент ошент.
Ак сүйүүңдөн бере турчу бир тамчы,
Жок дегенде эрин нымдап алайын.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Holerik10   20 Март 2016 - 17:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 252
  • Катталган: 07 Июнь 15
  • Соңку аракети: 05 Июн 2016 11:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Бовввввогон гап арыктатса мен аниз арррык кыз болуп калат элемго
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Mahabbat   20 Март 2016 - 17:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 454
  • Катталган: 10 Сентябрь 15
  • Соңку аракети: 27 Авг 2016 07:22

Просмотр сообщения Holerik10 (20 Март 2016 - 17:06) жазган:

Бовввввогон гап арыктатса мен аниз арррык кыз болуп калат элемго

Сен турмушка чыккансынбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   AGENTO07   20 Март 2016 - 17:23

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 60
  • Катталган: 08 Март 16
  • Соңку аракети: 19 Апр 2016 04:16

'Обушуу стресстен чыгарат' арыктат' деп турат, 'салмакты бир калыпта кармайт' деп койгонунда баякы медизинер дегенинердин 'сигарет арыктатат, салмакты кармайт, стресстен арылтат' дегенин эстеп куло берип ичим оорудуго ой ичиим. :sceptic: Е автор нур, сен медизинердин экинчи ниги эмессинби кыскасы? Сеням ошол кызга окшоп билип билбей эле жаза берет экенсин. Вайсскей мединизер эле умная жинд..раак деп журсо сенда калышпайт экенсин :макоо:

Билдирүүнү түзөткөн: AGENTO07: 20 Март 2016 - 17:25

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Dan4ik.kg   20 Март 2016 - 17:49

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 20 Февраль 16
  • Соңку аракети: 21 Май 2016 14:21

Просмотр сообщения Holerik10 (20 Март 2016 - 17:06) жазган:

Бовввввогон гап арыктатса мен аниз арррык кыз болуп калат элемго




Коп обушот окшойсун э?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   microsoft-windows   20 Март 2016 - 18:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 744
  • Катталган: 11 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 05 Янв 2018 18:53
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Журо берет ар жерде

Кайсы бир сайтта окудум эле. Конечно жакшыда обушуу. Соруп соруп алсан стресстер жоголоду
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   Sen_elen.   20 Март 2016 - 18:13

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 131
  • Катталган: 30 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 15 Авг 2016 10:34
  • Калаасы:Jallivood✌

Obushuu mmm............
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   .WANTED.   21 Март 2016 - 03:01

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 32
  • Катталган: 18 Июнь 13
  • Соңку аракети: 27 Май 2016 00:33
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:озуда билбейт...

:jd:
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Кыз-жигит
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: