Суперстан: "АРМАН" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (18 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

"АРМАН" Зуура СООРОНБАЕВА

#41 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   10 Март 2016 - 20:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Апа, айтынызчы, бул уйдо эмне болуп жатат? Актан келдиби, же Сактан келдиби? Деги балдарынын кимиси келди? А балким Абыканы болбосун? -дедим эмне жатканынымды озум да жакшы билбей, журогум дупулдоп, ойумдагыны суйлоп.

-Жок, кокуй, эмне деп дөөрүп жатасынар? Согушта окко учуп, сөөгү сөпөт болгон балдары кайдан келмек эле! -деди бизди карабай тирмендей басып бараткан калыбында кербездене суйлогон аял.

Жагымсыз созду угуп, жаагыбызда жап болуп томсоро туштук. Анан аялдын артынан ээрчий басып минттим мен:

-Анан бул уйдо эмне болуп жатат?

Аял бизге ошондо гана кылчайа карап , мазактап, табалаган сыяктуу кулгон болду:

-А, уга элексинерби. Суйунчу, Айкан эненер эрге тийгени, той откоргону жатат.

-Эрге тийгени жатат?

-Ооба, эрге тийгени жатат. Аталуу болосунар.

-Кимге?

-Мусага.

-Жок, жок, калп айтып жатасыз, Айкан энем тийбейт ал кишиге. Биз билебиз. Актан абам менен Сактан абам, Абыкан болуп баары келет. Олду деп кара кагаз келген Отордун баласы деле келген турбайбы.

Аял бизди карап эликтеди:

-Ообо, келатат дейт. Барыа айткыла.

Надя экообуз бири-бирибизди карап унсуз жалдырап туруп калдык. Конулум чалды-куйду болуп, Айкан энемди Муса атага тийишине ишенбей турдум. Анткени, ал кишинин буларга тууган экенин билчуумун. “Кантип карыганда тууганына тийсин”,-деп ойлоп, экообуз чочулай басып, Айкан энемдин уйуно шыдыр кирууго даай албай, эшик алдына келип токтоп калдык. Кишилердин коп экенин коруп кетенчиктей туштук. Менин оз энем да ошондо экен. Айкан энемди ортого аялдар менен эркектердин создору узулуп-узулуп чыгат. А Муса ата болсо эмне учундур кеп-созго аралашпай озунчо жер тиктеп, кыймылсыз тунжурайт. Айкан эненин ыйлап олтурганын коруп озумдон-озум эле журогум сыздап, муунум бошоп ыйлагым келип, жашка муунуп турдум.

-Айкан балам, -деди аксакалы жайкалган кызыл коз, сары киши, -ата-бабадан келаткан салт экен бул иш. “Кудай кылса кубарындын акысы барды” дейт. Бир уйдо жалгыз олтуруу сага да кыйын, Мусага да кыйын. “Эки бакыр, бир тукур” болуп оокат кылгыла. Тородой болгон торт улун сабаадай болуп, алдында, уй-жай кутуп, акар-чакар болуп турса, мындац ишке эч кимибиз барбайт да элек, ойлобойт да элек. Буйрук, жазуу деген ушул тура. Мусанын аялы да мезгилсиз кете берди. “Коюндан тогулсо кончко” дейт. Мунун балдары сенин балдарын. Болок-ботон, жат-жалаа эмессинер. Эл эли менен колунду сурап, ага-тууганын алдында чоголоп жооп кутуп турат. Баятадан бери канча создор айтылып, канча отунучтор болбоду . менин созумду сыйлабасан да, сакалымды сыйлаар деп олтурам, балам. Эч кимибиз сени жамандыкка кыйбайбыз. Айла жок. Муса да адам чана турган эркектин бири эмес, сен да эстуу келинсин. “Токсон жаш жашайын деген жаш эмес, буламык ашайын деген аш эмес” дегендей, алтымышка чыкканда аялымдан ажырап, жесир

Билдирүүнү түзөткөн: gulzar_gulu: 10 Март 2016 - 20:53


:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Март 2016 - 21:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Калайын деп кайсы эркек ойлосун. Эрге тийүү сенин да оюңа келген эмес. Адам баласы мандайына эмне жазылганын билбейт тура. Өлөгөндүн артынан өлүп кетпегенден кийин, тируулор кун коруп, жашаш керек экен.ага-тууган кенешип олтуруп, ушул созго келдик. Макул де балам. Муса экоон бири-бирине төп келген, ылайыктуу адамсынар. Биринди бирин кор кылбай, зар кылбай сыйлашып алаарынарга козубуз жеткен учун бул ишке бел байлап кийлигишип олтурабыз.

Тунжурап олтурган Айкан эне бир кезде коз жашын суртуп, башын которду:

-Олда айланайын аке ай, жарга камаган улактай кылдынар го. Мен али балдарымдан умутумду узо элекмин. Эгерде керегемди басып көктөгөндөй кылам десенер озунор билгиле. Отордун олду деген уулу келгенден бери, мен да балдарымдан умутумду узбой калдым. Өмүрүмдө өөдө карабаган заабадай болгон кайнагам мени баш кош деген созду айтканча, уу берип мени биротоло тындым кылып салсанар туура болмок. Балдарымдын каны катып, кызылы бата элек, кара кийип кан жутуп олтурганымда, бул чабуулунар олгондун устуно комгон кылып, кан чыгарбай мууздап олтурат. Катын алам десе, акеме толуп жатпайбы. Эрге тийип, эр кутуучу мезгилимби менин. Абалыма кандай тушунбойсунор.

-Антпе, Айкан, ойлонуп кор дагы, кабырган менин кенешип,-деди олтургандардын ичинен дагы бироо. –Бир уйдо жалгыз жашоон кандай болоор экен. Алдыда карылык деген капыр бар. Оору-сыркоо, кыш-курөө дегендерди да ойлонуш керек.

-Ойлонуп кордум, -деди Айкан эне бурк этип ызалуу. Мени антип туш-туштан камап коркутпагыла. Алдыда, кимибизди эмнелер кутуп турганын кайдан билебиз. Ар ким манда йга жазылганын жазууну корот да.

Мен Айкан эненин созун угуп, коз жашын коргон сайын, “Эмне учун Айкан энем айтып жатса деле болбой кыстап жатышат. Кудай ай, макул болбой эле, жанакы созуно катуу турса экен” озумдон-озум Айкан энемди тиги кишиден кызганып, ичим оттой жанып, солкулдап ыйлап турдум. Ошол саамда кимдир бироо, босого менен босого болуп кире бериште бой тирешкен Надя экообузду эшикти коздой туртту.

-Бул жерде эмне кылып турасынар? Баргыла тышка. Жашабай жатып соз тыншашат.

-Тыншабай эле.

-Тыншабасанар эмнеге турасынар.

Аялдын созуно шагыбыз сынып, чон кишилердин устуно киргенибизге окунуп, экообуз тен уялып калдык. Тышка чыгып Айкан энени эстеп, ичибиз куйуп томсоруп турдук. Качан гана Айкан эненин кайнагасына тийууго макул болбой койгонун угуп, санаабыз тына тушту. Корсо, ал киши биздин оз энебиз сыяктуу болуп, жедеп бөтөндүгү билинбей калган жакыныбыз турбайбы.

“Тебетейлүүгө тендеш жок” деген соз калети жок, туура айтылган соз тура. Муса ата ошондон коп отпой эле, озунун кызы менен тен, жаш аялга уйлонду. А Айкан эне болсо, өлбөстүн күнүн көрүп, суусун ичип, “балдарым, балдарым” деп бир уйдо жалгыз кала берди. Адам баласы омур бою умут менен жашап, үмүт менен кун коруучу неме тура. Ал кишинин ою боюнча, балдары аман-эсен эле бир жерде, кимдир бироонун колунда туткунда жургондой сезилет окшобойбу. Согуш эбак басылып, келгендер келип, өлгөндөр өлүп бүтсө да Айкан эне балдарын кун сайын эмес, саат сайын кутуп жол тозуудан тажаган жок.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Март 2016 - 21:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Баягы Муса деген акылдуу кайнагасы, ошол боюнча жаш аял алган тейден каттабай, ортодогу туугандык байланышты кетмендеп салды. “Ачыма айланат, тогума толгонот” деп бел байлап, дем кылган кайнагасынын мындай мамилесиАйканга женилге турган жок. Башына тушкон мындай оор жукту которо албай, чөккөн нардай болуп, жумган козун ачпай, сунган бутун тартпай төшөк тартып жатып калды. Карындашынын абалын коргон агалары, кенешип олтурушуп, ортончу бир тууганы, озунун келин уулун алып келип “Эженердин оз оокаты озундо, силерге оордугу тийбейт. Балдарынын куйутунон мезгилине жетпей, оорукчал болуп калды. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, конулун калтырбай катуу создорунорду тийгизбей багып тургула” деп киргизип берди.

Айкан эненин кор болуп, киши козун карап турган бир жаман жери бар, балдарым деп ыйлап журуп, ыйдан козу кароо болуп корбой калса болобу. Бир тууганынын баласы багуу милдетин алып кочуп келген кундон тартып, мурдакыдай болбой, жакын болсок да алысташып кеттик. Бирок, омур бою ирегилеш кошуна болуп, бири-бирибизге жатыбыз синишип, эне-баладай болуп, бир казандан аш ичип конуп калган бизге Айкан энем жан тартып, бизди корбой калса сагынып туруучу. Энемдин да ал кишисиз кекиртегинен аш өтпөөчү. Кызыл кайнаткан чайы болсо да уйго алып келип курсагын тойгузуп, ичтейин ачып суйлошуп жыргатып коючу. Ал эле эмес, башы-козун жууп, сууга тушуруп, буту-колунун тырмагын алып, кирин жууп беруучу. Айкан энем башынан адамдын артынан кыяпат айтпаган, сырга да, созго да бек киши боло турган. Келининин кечилиги корунуп турса да,аны такыр жамандачу эмес. Тескерисинче жууп-чайып, мактап туруучу. Айкан эне учун, аларга берерге белегибизди, айтаарга созубузду таппай туруучубуз. Эми ойлосом, байкуш мусапырды кор кылбай, жакшы баксын деп жасакерленуучу окшобойбу кошуналар.

Мен онунчу классты буттум, колума аттестатымды алып, энем экообуз мектептен чогуу келетканбыз. Айкан энемдин уйунун тушуна келгенде сурадым:

-Эне, чон энеме аттестатымды корсотуп суйунчулойунбу? Кубанып калсын угуп.

-Ооба, суйунчуло крип. Мен кете берейин,-деди энем.

Оюмда эч нерсе жок, адатымча бутумдун учу менен аста басып, шырп алдырбай, ачы эшикке жакындадым. Анткени, менин Айкан энем жалгыз кезинде ушинтип, мышык басыш менен аңдоостан байкатпай келип козун басып, эркелей турган адатым бар болуучу. Босогого жетип тушангандай токтоп калдым. Менин киргенимди эч кимиси билген да, коргон да жок. Ошол саамда чай берип жаткан келиндин жагымсыз созун угуп журогум селт этип, чочуп кеттим. Карасам, Айкан энемден алыс коюлган дасторкондун четинде бир-эки сынык нан турат. Козу корбогон кары колу менен устолдун устунон сыйпалап, нан издеп жатканын дароо тушундум. Ошол саамда тигил кишинин нан издеп жатканын жактырбаган аял, ачуулу чанк этти:

-Эмне издеп жатасын темселеп?! Нан жок экенин корбой турасынбы? Жедин го...

Кары күнөөлүүдөй бушайман үн катты:

-Нандын жок экенин көр болгон көз көрбөй жатпайбы. Нан жеген жокмун каралдым.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Март 2016 - 21:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Келин бул созду тигил кишиге айтпай эле мага карата айтып жаткансып, озумдон-озум эле бутума тура албай темтендей тушуп, бетим менен кете жаздап барып онолдум. Чон энеме боорум ооруп, ыйлагым келип тамагым буулду. Мурдумдун ичи ачшып, озумчо эле эле бир болуп канылжаарым какшап чыкты. Ушул саамда келин мен жакты жалт бир карап алып, чочуганынан бакырып баратып, алаканы менен оозун басып алды. Айкан эне дабыш тыншагансып кулагын туруп, элейе тушуп шектене сурады.

-Ким келди?

Ичим көөп, бук болуп турган жаным озумду токтото албай ый аралаш жооп бердим:

-Мен, Жумагүлмүн, чон эне.

-Жумагүл болгонундан секет кетейин, жогору от менин жаныма.

Көңүлүм бузулуп, Айкан энеме боорум ооруп аттестатымды айтуу да эсиме келбей калды. Ошол саамда кимдир бироо кулагыма шыбырагансып, ойдо жок жерден эле калп айтып жиберсем болобу.

-Мен сизди чакырып келдим.

-Чакырып келдим?

-Ооба, энем сизди чай ичсин деп жатат.

-Макул, барайын балам. Булардын наны калбай калган тура. Куураган кекиртек жаман жерден тешилген ит экен го.

Келинди карасам кара тору жүзү, кара көк тартып, манаттай кызарып кетиптир. Даторкондогу Айкан энеден аяган нанды атайын эле теше тиктеп туруп, тигил кишини жетелей бердим.

-Кайран киши балдарынан ажырап, ошондой кундо калды дениз. Таалайы тайкы шоорду неме тура. Озунуздун атаныз аман-эсен келдиби согуштан? А, Андрейдин балдары тугол кайттыбы, же ?

-Бул согуштан боору бутун, башы аман калган адам жок го. Биздин уйлон атам жарадар болуп, он бутун окко жулдуруп, жарым жан болуп келди. Менден улуу агаи, согушка кирбей эле жолдон жок болуптур. Кичүү бир тууганым жаш болуп, согушка барбай калды. Иван менен Василий да кайтпады. Алдардын уй-булосунон жалгыз Алексей Андреевич туруу келди. Мария Павловна балдарынан кийин ден соолугунан ажырап оорукчан болуп калды. Кийин аны колхоз саанчы кылып которгон. Оорукчал энесине каралап, саанына эртели-кеч жардам берип журуп, Надя онду буткондон кийин, андан ары окуусун улантууга мункунчулук болбой, ондурушто калды. А мен болсом, Фрунзедеги киргосуниверситеттин орус тил, адабият факультетине кирип, аны кызыл диплом менен бутуп чыктым.

-Анда сиз орус тилден сабак берет экенсиз да.

-Ооба, орус тилден окутам. Чынымды айтсам, кокустан Надежда Андреевна болбогондо орус тил мугалими болмок турсун, орусча тилди билеримди бур кудайдын озу билет эле. Биздин айылга, андан дагы биз менен коншу болуп, менин бактым учун кочуп келген экен деп калам. Корсо кыргызда “Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” деп ошон учун айтылган тура. Мугалим болуу ардактуу, ары жооптуу болот экен. Ар бир окуучуга терен билим бериш учун мугалимдин

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   12 Март 2016 - 21:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

сабаттуулугу, талбаган эмгекчилдиги керек болот тура. Бош убакыт жок. Уйдо да, мектепте да иш коп. Ошон учун сиз менен учурашууга арандан зорго бугун келип олтурам.

-Ооба, ооба, мугалим болуу онойбу. Силер учун талаптын кучтуулугун билем. “Эл агартуунун отличниги” деген наамды бекер жеринен бербесе керек окмот. Азыркы балдар, баякы биз окуп жургон мезгилдегидей эмес. Ото тапан, тентек, кызуу кандуу болуп осуп жатышат. Кербездер коп. Мыдай жаштарга тарбия-таалим, билим беруу педогогдор учун онойго туруп жаткан жери жок. Озум мугалим болбосом да, мугалимдердин эмгегин тушуном. Уга турган жакшы созунуз коп экен. Досунуз да, озунуз да эмгектен баар тапкан бактылуу адамдардан турбайсыздарбы. ..

Касиеттин энеси кызына окшоп, уккулуктуу үнү бар, сөзмөр, орундуу суйлогон аял экен. Бирок, Касиет энесинен откон сезимтал, жайдары кыз. Энесинин созун угуп олтуруп, кызы экоонун ортосунда кандан-канга, дилден-дилге откон окшоштуктар болгону менен, баары бир Касиеттин добушунда, аял затында чанда кездеше турган кереметтуу чалкып жаткан сулуулук бар экенине тан бердим.

Эмне учундур Касиет менен суйлошкондо озумчо эле бир көөдөн толгон ракатка батып, конулум ачылып, пейлим тазаргансып бир башкача болуп сергий тушом. Бул кызды корбой калсам озумдон-озум конулуктап, сагынып кетуучу болдум. Ар дайым суйлотуп созун, кулдуруп кулкусун уккум келет да турат. Ошонтип бул өңү серт кыз озунун жаратылыш туртуулаган артыкчылыгы менен баарыбызга тез эле алынып кетти. Баарынан да мага кобуроок жакканы суйлогон создорунун жакшы жазылган корком чыгармага окшоп турганы болду. Атаганат, колдон келсе адам баласы суйлону да, кулууну билиш керек окшобойбу. Мен кулуунун да кулуусу, создун да созу, ундун уну бар экенин ушул Касиеттен билдим. Буга чейин дегеле кулку менен унго маани берип коргон жан эмесмин. Корсо уккан адамдын журогун толкутуп, айлананы шанга болоп сезиминди сергиткен кулкунун кучу озунчо бир керемет экен го чиркин. Касиеттин мындай артыкчылыгын бул чойродо мен эле жалгыз байкап, мен эле жалгыз билген сыяктуу сезчүүмүн озумду. Бирок, менин бул оюм туура эмес болуп чыкты. Биздикине кирип чыккан кошуна-колондор Касиетти тез байкашты.

-Капырай, жанакы силердикинде жургон келин, ону суук болсо да адамга мынчалык жагымдуу болорбу. Кулкусу менен унундо, адамды озуно тарткан бир ажайып корокомдук бар экен. Озун корбой, унун уккан адам ур кызындай улбурогон сулуунун сулуусу, асылдын асылы болсо керек деп ойлой турган бала тура. Куйоосу ууздай болгон келишимдуу, тогорогу топ келген сулуу жигит корунду эле. Байкуш бала, онун эмес, унун суйуп калган болуш керек,- деп суктана суйлошот.

Мындай создорду укканымда, бачкыда Касиетти биринчи коргондо Элалга ыраа корбой, жериген мен болуп турушат булар деп ойлоп, ичимден кулкум келип минтем:

-Өңү суук болгону менен, бул келиндин акылы сулуу. Касиеттей кызды таап, тандап суйгон Элал бактылуу жигит десенер.

Кундордун биринде оюмда эч нерсе жок, кошуна экообуз бажылдашып суйлошуп олтурганбыз. Бир кезде Наргүл оздору жаткан болмодон чыгып, бизди ачык турган эшиктен бир жалт карап алып, бурулуп тышка чыгып кетти. Ошол замат аял мага карады:

-Келиндин бойунда бар го, ыя?

Ойдо жок созду угуп чочуп кеттим.

-Койчу ай, жок созду айттпай. Турмушка кечээ чыкса, бугун эле кайдакы байлап койгон бой болмок беле,

Кошунам куло суйлоду.

-Э кудай айланайын, демейде, кумурсканын кусканын, жоргомуштун жотолгонуналыстан байкап билген кыраакылык жайын бар эле, кандайча келининдин денеси жайылып, ичи билинип калганын байкабай калдын экенсин?

Коншумдун созун угуп, денем муздай тушут.

-Ким билет катыгун. Андайын байкаган жокмун. Жаны уйлонуп жатса, андай шумдук кимдин оюна келсин. Азыркы жаштарга ишеним барбы. Балким болсо болор. Оз куйоосунон боозуп калса айла барбы, куноо болбойт да анда.

-Ооба, анысы бар дечи. Деги азыркы жаштардын жыныстык жагынан эрки ото эле бош болуп кетти. Ошон учун куйоонун уйуно башы батып, буту кире электе тороп койуп жатышпайбы. Таштанды балдардын кобойушу да ошол эркек менен кыздын эркинин боштугунан келип чыгып жатат...

Ушул создон кийин гана Наргүлдү байкадым. Ырас, эле денеси жайылып, кош кабат болгону даана эле билинип калыптыр. Келиндин кебетесин коргон сайын журогум сызыла тушчу болду. Анын корунушу мага, аянычтуу да, суук да сезиле баштады. “Капырай, кебете-кешпири кантет бул бечаранын. Оо, жылмандабай кал сен, сулуулугун сумаран калсын” дейм ичимден. Анан калса кундон кунго кабагына каар жаап, туноргондон туноруп баратты. Кудум эле бир куйорман кишиси олуп, кара кийип, кан жуткан эле неме.





:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   kaky85   14 Март 2016 - 18:44

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 11 Июль 15
  • Соңку аракети: 19 Окт 2020 14:32
  • Жынысы:Аялзаты

Уланткыла мункун болсо кобурооктон жазсанар
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   arimle90   16 Март 2016 - 01:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 302
  • Катталган: 15 Июль 15
  • Соңку аракети: 14 Июл 2017 23:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

жоголдунарго
Шамалга каршы барууга мүмкүн, бирок бакытка эмес. Шамал көп жолу кайталанып келет, бирок бул жашоодо бакыт бир гана жолу берилет
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   jasgul   17 Март 2016 - 19:51

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Жазып кой эми уландысын куттурбой
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   mir_0110   17 Март 2016 - 22:05

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 22
  • Катталган: 25 Июль 13
  • Соңку аракети: 27 Дек 2020 19:46
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Чаткал

Улантып койсо кандай сонун болмок
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   jasmina8590   21 Март 2016 - 18:07

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23
  • Катталган: 17 Март 16
  • Соңку аракети: 02 Май 2019 02:36

Улантып койчу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   jasgul   24 Март 2016 - 23:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 110
  • Катталган: 28 Январь 12
  • Соңку аракети: 03 Июн 2025 22:30
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:белгисиз

Качан жазат экен а
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Эмне учундур анын баскан-турганы да, сүйлөгөн сөзү да, күлгөн күлкүсү да бүтүндөй жалган, жасалма сыяктуу сезилет мага. Наргүл үчүн деги өткөрүп жаткан өмүрү, көргөн күнү, бардыгы көнүлсүз. Айласы жоктон гана, уятынан казан-аякка аралашканын билип турам. Бирок, баары бир анын үлүшүнө Касиеттен эч теке деле артпайт.

Ушундай кундордн биринде чай ичилип буткондон кийин Наргүл чыныларды жууп, кол аарчыган майлык менен аларды сүртүп кирди. Ичимден “кап” деп иренжий туштум. Бирок, унчукпадым. Наргүлгө көрсөтпөй кайра чайкап коёрмун деп ойлоп койдум. Мени селт эттирген Касиеттин сөзү болду.

-Ой, ой Наки, кантесин, жуулган идишти да майлык менен сүртөт бекен. Болду коюп кой эми, кайра жууш керек баарын.

Келиндин колу шалдая түштү. Көздөрү киртейип, эки бети дуулдап, дароо адаттан тыш албыра тушуп, кайра кубарып баратты. А Касиет болсо, Наргүлдүн абалын байкабаган калыбында, сүртүлгөн идиштерди алып, ысык суу менен кайра чайкап кирди. “Кап, унчукпай эле тим койсо болмок, чунак келин” деп Наргулгү аяп, тайсалдай түштүм.

-Алдыңа кетейиндер, ошентип, билбегенинер билгенинерди уйронуп, бири-биринерден таалым алгыла. “Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот” дейт. Аман болсонор, билгенинерден биле элегинер көп. Дайранын башы булак болгон сыяктуу, бул турмуш дегендин өзү да майдадан башталат эмеспи. Жашоого аялдын колунан чыгуучу жумушту аялдай аткара билген жакшы.

-Эжеке, -Касиет менин созумо жумула тушуп, жаныма олтура калды, -ушундай бизге тиешелуу создон айтсаныз дагы. Биз эми кудай буюрса эне болобуз, озубузчо уй-було кутобуз. Иштейбиз. Алган билимибизди жаш муундарды тарбиялоого, окутуп билим берууго жумшайбыз. Ой, ой, ой, алдыда сыноолор коп. Андан кантип гана өтөөр экенбиз. Турмуштун тепкичин жаздым басып алып, учуп тушпосок эле болду.

-Эмнеге учуп тушмок эленер. Акыл тегеретип, билгичтик менен аракет кылсанар, баарына жетишесинер.

Наргүл үн жок, сөз жок ордунан салмактуу турду да, аста басып тышка чыгып кетти. Анын жогунан пайдаланып, Касиеттен өтүндүм:

-Үй таап, бөлүнүп кеткиче жок дегенде камыр жууруганды, кесме кесип, чүчбара түйгөндү, лагман созгонду үйрөтүп койсончу. Тирүү кишинин үйүнө киши келет. Тамак-аш жасаганды билбей олтурса жакшы болбойт го.

-Ой эжекебай, Наргүлүңүз озу эч нерсеге кызыкпаган неме экен. Үйрөнүүгө көңүлдүү киши өзү далалат кылыш керек. Бул эч нерсеге кызыкпайт тура. Бая куну эле “Кел ай Наргул, лагман созолу” десем, “мен андай тамакты жасап коргон эмесмин, жасагым да келбейт.” Деп колун серпип залга кирип кетти. Анан ошол бйдон кыймылдабай, Элал менен суйлошуп олтуруп алды. Акылбек чакырса укмаксан болуп, мелтиреп алды. Кызык мунозу бар экен.

-Акылбек аны кайда журуп чакырды эле, ушул уйдонбу?

-Ии, тышта бет аарчы, носкилерин жууп жаткан. Качан гана Элал тышка чыгып кеткенден кийин, ордунан козголду.

-Капырай, кудай сактай көр, күйөөсүнүн кирин жууп бербегени эмнеси, -деп Касиеттен угуп тандана туштум. –Жаны уйлонгон жубайлар да ушундай болобу, ыя катыгүн. Сен билесинби, Акылбек экөо бири-бири менен суйлошуп, бири-бирин билип журуп баш кошту беле, же?..

-Жок, эже, Акылдын “Бишкекте суйлошуп жургон кызым бар” деген созун дегеле буга чейин уккан эмесимн. Менин билишимде бул баланын суйгону ушул биздин институтта, озу менен чогуу окуучу. Акыл оз суйуусун озу билбей жаздым басып ит болбодубу.

-Анысы эмне болду эле?

-Э-э-й, эжеке, бала кездеги сүйүулөр да баш аламан неме окшобойбу. Акыл институтка биринчи келген кундон баштап Сайрагүл деген кыз экөө биринен-бир бөлүнбөй, эгиз козудай ээрчишип, чогуу журушту. Сабакты да бирге окуп, бирге даярданышчу. Ал тың окуган, тың жургон, сүйкүмдүү кыз болучу. Анысы экөө бир айылдан, үйлөрү коңшу. Бармактай кездеринен чогу өсүп, чогуу чоңойгон немелер экен.

-Үйлөнөбүз дешчү го?

-Ким билет, анысын деле ачык айтчу эмес. Кээде оюн-чындан “колуктум” деп коючу. Айтып берсем, анысы бир озунчо комедия. Кундордун биринде Элал экообуз, институттан чыгып баратсак, биздин факультетте сабак беруучу Белек деген мугалим Акылбекти токтоттту:

-Капаров, сенде жумушум бар эле, бир мүнөткө мүмкүнбү? –деп калды.

Акылбек токтоп калды. Биз, бир аз узай тушуп, кочонун кесилишине жеткенде карасак, экоо баякы жерде суйлошуп туруптур. Бирок, сөздөрү узакка созулган жок. Акылбек бат эле артыбыздан жете келди. Элал экөөбүз тен Белектин эмне жумушу бар экенине кызыккан да, аны этибарга алып сураган да жокпуз. Созду акыл озу баштады:

-Белектин (ал жаш жигит болучу. Ошон учун студенттер кобунчо атынан айтышчу.) менде эмне жумушу бар экенин, эмне учун сурабайсынар?



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Биз экообуз тен жигитке бурула карадык.

-И, эмне жумушу бар экен? -деди Элал.

-Мен аны менен кудалашып келдим, -деи кандайдыр калтырган ун менен. Ошол саамда менин козумо Акылбектин баякы эзели бүркөлбөгөн кабагы бүрөө, жүзү муздай тонгонсуп, бушаймандуу көрүнүп кетти.

-Кудалашканы кандай?-элал тандана сурады.

-Озу учун жуучуга келиптирби?

-Кандай жуучу? Кимге кудалашып кеттинер?

-Сайрагүлгө.

-Эмне? - Элал Акылбекти тиктеди. –Сайрагүлгө дейсинби? Кайсы Сайрагүл?

-Эче Сайрагүл бар эле? Менин Сайрагүлум.

-Аны кимге дейт?

-Өзүнө.

- Мына кызык. Анан сага келиптирби. Карындашы деп ойлогон го.

-Жок, жердеш жкенибизди билет экен.

-Анан эмне болду?

- Эмне болмок эле оозуман сөзүм түшүп, эмне дээримди билбей аптыгып калдым. “Эмне, Сайрагүлгө үйлөнөйүн деп жүрөсүнбү?” десе “жок” деп чочуп кетиптирмин.

-Андай оюң жок болсо, анташкан антың болбосо, Сайракени мага бер. Мага ылайык кыз экен. Чынымды айтсам сүйүп калдым. Бирок, ал кыз сени жакшы көрөт окшойт.

Белектин созун угуп, кызык болуп кеттим.

-Анын эмнесин мага айтып жатасын. Кимди сүйсө кыз жүрөгү өзү билет да. Макул болсо үйлөнө бер,-дедим ачум келип, ичим күйүп. Келесоодой болгон жигит экен, мен макул болсом эле, Сайрагүл ага тийе коёбу?..

Акылбек Сайрагүлдү жакшы көрөрүн да, сүйөрүн да өз жүрөгүнө өзү кийин түшүнду ошойт. Кыз кеткенден кийин көпкө чейин томсоруп, бир кызык болуп журду. Балким, кетпейт деди го оюнда. Жалындаган Белек, Акылдын “көлөкөгө тон бычып жүргөнүн” байкагандан кийин ак жибектен тор жайып, сайрагүлдү дароо торна тушуруп алды да койду.

Касиеттин создорунун бири кулагыма кирсе, бири кирбей, эмелеки ички уйго кирип чыккандын ортосунда кулагым менен уккан Наргулдүн жагымсыз созу конулумду иренжитип, журогумду тилип турду.

“-Акмак, сенин иттигинди билгенде, бая куну эле кетип калат болчумун. Эмне эле ал, бир айтып койбой, эки айтып эки койбой, кайра-кайра энендин оорусун айтып, канымды бущуп турасын. Баарына күнөөлүү энең баш болуп озунор экенин такыр тушунбойт экенсин. Соттолуп кетебиз деп коркконубуздан, калп эле бөжүрөп турабыз деп эмне учун чынынды айтпайсың”.

Акылбек бурк этти...

“-Ай, алтыным, антип ойдо жок созду айтып күйгүзбөчү мени. Кайсы жазыгы учун энемди баш кылып, баарыбызды куноолоп олтурганынды тушунбой турам”.

“-Сопсонун эле тушуносун. Кокустан атм бирдеме болчу болсо, же таза буту төкөр болуп, алты санынын бир кем болуп калса омур бою колум жаканардан кетпейт...”

“-Болду эми, сырыбызды эл угат”.

“-Уга берсин...”

Уккан кулаагыма ишенбей, дел болуп туттуктум. Анан менин бул жерде турганымды билишпесе экен деп ойлоп кетенчиктей бердим. Ушундай жагымсыз создордон кийин эки жаштын келечегине кооптонуп конулум такыр тынчыбай калды. Ошол бойдон алардын создорун укпаган, билбеген киши болуп кала бердим.

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Ачылып сырын алар да айтпады, мен да сурабадым. Балким, оздорунчо турушса, ынтымактуу, жакшы жашап кетишээр деп ойлоп үй табылышына шашам. Акылбек “кулактандыруу” боюнча, бир топ уйлорго барып дагы жолу болбой келди.

Наргүл бугун да адатынча уктап жатып, саат бирге жакын турду. Эки кабагы эки муштумдай болуп, ак шишик. Коздорунун чынысы канталап, каректери убайымдуу.

-Эмне, ооруп калгансынбы? Аябай шишип-көөп калыптырсын, - Акылбекке жасаган мамилесинен конулум калса да сураган болуп койдум. Баари бир түбөлүктүү үй-бүлө болуша алышпайт го бул экөө, деген ойдо озумчо эле кейишке тушуп алдым. Наргүл менин созумо жооп берсемби, бербесемби дегенсип туруп, тээ бир оокумдан кийин:

-жок, эч жерим деле оорубайт. Озум эле тундо тынчы жок уктап чыктым. –деп кабагы карыш тушуп сусайып койду.

-Ай таң, корунушун жакшы эмес деги. Кабагын буркоо, сабырын суз. Иштеп алсан жакшы болот эле. Атайы жолдомо алып келген, иштөочү жериңе да бара элексин. Же бизге капасынбы?

-Жок, жок, эжеке, сиздерге эмнеге капа болмок элем. Мен өзүм эле...

Акылбек аялын жасамалдап, актай суйлоду.

-Наргүл санаачыл, эжеке. Өз атасы да, менин апам да ооруканада болуп, келиниңиз ошолордон санаасы тынбай тынчсызданып журот. Болбосо, силерге капа болгудай кандай жөнү бар?

“Аа, байкуш бала, -дедим ичимден, -Наргүлдүн жамандыгын чыгаргысы келбейт ээ. Мени эч нерсе билбейт, эч нерсе уккан жок деп турат го оюнда. Антпегенде кантсин анан, жамандыгын жашырып, жакшылыгын чыгаргысы келет да үй-бүлө болгондон кийин” деп ойлоп сыр билгизбей жымсалдадым:

-Аа, ошондой де. Кайненесин аяп, кайненесинен санаасы тынбай журсо, колуктун анда жаман киши болбойт экен, Акыбай. Ылайым ошентип эле ата-энеге күйүмдүү болуп, ынтымактуу жашасанар экен. Билбейм айтор, кабагын бурколсо эле менде жан жок. Эмитеден ортонорду шайтан болуп кара мышык аралап кеткенби деп корккон элем. Корсо эне-атанардан тынчсызданып жургон балдардан турбайсынарбы. Жакшы болуп кеткиси бардыр.

Наргүл биздин созубузго ак да деп, көк да деп аралашпай, бул создун ага эч бир тийешеси жоктон бетер, озунчо ой басып, тунжурап олтура берди. Акылбек колутусун бир карап коюп, кулгон болуп мени жооткотту:

-Жок эжеке, кара мышык араласа болбойт го. Бардыгы жакшы. Бардыгы ойдогудай. Бир жаман жери келиниңиздин ушул жерге келгени, эмне учундур табы болбой ооруп журот.

Акылбектин созунон улам, “экоо мурда аралашып жаштык кылып жаздым басып алышып, нрагүл кош бойлуу болуп, курсагына бирдеме туйүлүп калса, ошонун айласын таппай уялып жүрүшсө керек” деп ойлоп койдум. “Ууру кылсаң жалгыз кыл, экөө болсо бирөо айгак” дегендей жолдош болсо эле, бардык сырын айтта бермек беле. Кээ бир адам созго саран, сырга бек, кесип алса кан чыкпагандардан болот. Ошон учун Элал да, Касиет да булар жонундо эч нерсе билишпейт. Анан калса азыркы кыздар жедеп сары карын болуп, бойго жетип келип жатпайбы. Ай байкуш Акылбек, эч бир сыр билгизгиси жок. Анан антпегенде кантет. Ар бир адамда ар-намыс, уят-сыйыт деген улуу журт бар, -деп мурда эле ойлоп жургон оюмду кайталап ойлоп койдум.

Биз ушинтип бирде суйлошуп, бирде урушкан нмедей дымып олтурган кезибизде институтка кеткен Касиет жадырап жайнап кирип келди.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Акыл! Сүйүнчү, үй таптым. Билесиңби, үй болгондо да кандай үй дейсин, момундай! - ал башбармагын корсотту.

-Ырас болгон тура. Бая кунтодон эле үй издегени сени аттантсак болмок ээкен,- тамашалай суйлодум.

-Жөн-жай айтчы, ким дегендин үйү экен?

-“Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна, бербейин деген кулуна, сатса чыкпайт пулуна” дегендей, институттан чыгып, тырмагымды оңдотоюн деп маникюрга баратсам, алдыман Алексей Андреевич менен Валентина Николаевна чыгып калса болобу.

-Ии, ырас болгон тура, ал кишилерди мурда таанычу белең?

-Эсиңиздеби, эжеке, мария Павловнанын Алексей деген мугалим баласы жонундо апамдын баякы сизге айтканы.

-Ооба, ооба, эсимде. Жумагүл ал жонундо узун сабак соз айтпады беле.

-И. Ошолор шаарда турушат. Элалга кете элегимде, алардыкына бат-бат барып туруучумун. Мен алардын ашык баш бош үйү бар экенин эсимден таза чыгарып коюптурмун. Бирок, алар үйүн патирге такыр беруучу эмес. Сыягы жайда болобу, куздо болобу, балдары отпускага келгенде бала-бакырасы менен кеңири турушсун деп атайы сакташса керек. Мен Акылбектин акыркы курста окуурун айтып, инститтуту буургонго чейин деп суйлоштум. Макул болушту. Кокустан балдары келип кала турган болсо, дароо бошотуп беребиз деп убада бердим. Мына ушундай кабар.

-Жакшы кабарын бар экен, -деди Элал кулуп. –Ракмат сага Касиет. Суйунчудон кутулууга кудурет жетет -дей тамашалады.

Касиеттин созун угуп, бирибиз эмес баарыбыз кубанып калдык. Бирок, суйунгон-суйунбогону билинбеген жалгыз Наргүл болду. Ал соз да суйлободу, конул да бурбады.

Акылбектер ошол кундун эртеси кочушту. Озумдун өзөгүмдөн чыккан тун баламды болуп жаткансып, экөөнө зарыл керек идиш-аяк, чака-чайнек, стол, стул кылып кочуруп бардык. Биз келгенде дарбаза ачык экен. Сыягы үй ээси жаңы коңшусу келип калабы деген ой менен бекитпеген окшойт. Короого кирээрибиз менен огород жактан улгайып калган эрди-катын ээрчише чыгып бизди коздой басып келип, озуна салам айтышты. Биз да саламына салам менен жооп берип учураштык. Аңгыча Касиет ортого тушту:

=Эжеке, таанышып коюңуз, менин аяш энемдин тун улуу Алексей Андреевич деген ушул киши. Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы. Кесиби боюнча педагог. А бул киши болсо Валентина Николаевна, Алексей Андреевичтин жубайы.

Кол алышып коруштук.

-Сен ырас бул кишилердин тек-жайын жкашы билет турбайсынбы, ыя Касиет, -деди Акылбек.

-Ооба, ооба, ошондой жигит, касиеттин ата-энеси менен бир туугандай болгон жакын кишибиз. Жамандыгыбыз болбосо, жаттыгыбыз жок.

Алексей Андреевичтин кыргызча таптаза сүйлөгөнүн угуп, таңдана тиктеп калыптырмын. Ошол маалда Касиет, бир нерсени унуткандай серпиле тушуп:

-Оо, кечиресиздер, - деди үй ээлерине карап, -сиздер менен өзүбүздү, сиздердин көчүп келип жаткан коңшуңузду тааныштырган эмес турбаймынбы.

Алексей Андреевич борс-борс кулду.

-Мен дагы эмне болуп кетти десем, туугандарым менен тааныштырбай калдым деп күнөөлүү болуп жаткан турбайсынбы. Айтпасан деле, бул киши, кечээ өзүң айткан эжең экенин түшүнүп турам. А бул балдар менен өзүбүзчө, силер кеткенден кийин шашпай таанышып алабыз. Кана, эмне карап турасыздар, үйгө киргиле...



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

“Адам өз жамандыгын өлгөнчө билбейт, киши жамандыгын кирип чыкканча билет” дегендей, үй ээлери Акылбекке да, мага да дароо жакты. Анан калса, экөө бирдей жүздөрүнөн мээримдүулүктүн нуру төгүлгөн, салабатуу адамдар экен. Үйо киргенден кийин биз менен көргөн-билген эски тааныштардай сүйлөшүп, байбичеси балпаңдады:

-Мынакей, студенттердин жашай турган жайы. Таза, жарык, кенен. Тура беришсин. Балдар бойго жеткенде уядан учкан куштай болушчу неме тура. Үч уул, эки кызыбыз бар. Бешөө тең беш жерде шаар, акар-чакар. Кенже кызыбыз күйөөсү экөөбү бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жатышат. Улуу кызым Бишкекте. Уулдарыбыздын улуусу аскер кызматында иштейт. Экинчиси ата жолун жолдоп мугалим, дагы бирөө спортко мастер.

-Этек-жеңи жайылып, өркөнү өскөн жакшы кишилер турбайсздарбы. Мен бир нерсеге түшүнбөй калдым, кичүү кызыңызды бөтөн эле, бөтөн жерде иштейт дегиниңиз кандай? – дедим чыным менен эле жакшы түшүнө бербей.

-Аа,-деди Алексей Андреевич, күлүмсүөп суйлоп, -Алар Германияда иштейт. Бири мугалим, бири врач. Советтер союзунун территориясы болбогондон кийин бөтөн эле, бөтөн жер деген ошол да. Балдарыбыз жайда жыл сайын отпускага келип турушат. Анда небере-чобөрөлөрүбүз менен бака-шака түшүп бул короо кудум базар болуп кетет. Кемпир экөөбүз ошолордун деминен кайра бир жашка жашаргансып демдене түшөбүз. Бишкектеги кыз-күйөө балдары менен огородду гүлдөтүп турушат, кармап турушат. Жазда алма-өрүктөрдү уулап, дары чачып, айдалуучу жерлерди айдашып, жашылча-жемиштерди олтургузуп кетишет. Азыр малинаны терүүгө шаа жетпей, жерде төгүлүп жатат. Балдардын кыял-жоругу жарашса, дүкөнгө чуркашпай, базарга барышпайт. Анан чогууңар менен кирип, бакиын ичин көрүп, жер-жемиштен жеп, баштык-үштүгүңөрдү толтуруп кеткиле.

-Силерде короо-жай барбы?

-Бар, бар. Өзүбүздүкү өзүбүзгө жетет.

-Жакшы экен анда. Жер үй го менчик.

-И, өз үйүбүз.

-Дурус, дурус...

Булардын огородуна кирбей туруп эле, менин кыялымды кытыгылап, көз кумарды алып турган атыр жыты аңкыган, ак-кызыл розалар менен жоогазындар. Астра менен лилия гүлдөрү, короо-жайдын иреттүүлүгү, үй ичинин айнектей жаркыраган тазалыгы болду. “Канчалык тыңсынып тытынганыбыз менен короо-жайды күтүп, огородду иштетүүнү эмне үчүндүр буларчалык билбейбиз” деп ичимден, өзүмө-өзүм суроо берип турдум.

Биз бөтөн үй, бөтөн адмдарга келбестен өзүбүз эң жакын адамдарыбыздыкынын бирине келгенсип, конулубуз толуп кайттык. Касиет экообуздун колубузда ар башка гулдон өз-өзүнчө гүлдесте. Атасыныкына торкулоп барып келеткансып, Касиеттин кубанычытан эки бети албырат.

-Тигинден терип алгыла десе да болбодук, мындан терип алгыла десе да болбодук. Байкуштар тим эле берээрге эчтекесин таппай калышты.

-еле элек жатып уят эмеспи. Өзүбүздүн алма-өрүк, өзүбүздүн жер-жемиштер өзүбүзгө жетет. Ач көздүктүн кереги не кызым. Дагы куру кол кеткен жокпуз.

-И, гул алдык. Жакшы адамдар бекен, ыя эжеке! -үнүн мукам чыгарган Касиет кыбылжый сүйлөп. –Байкуш Акылбектин пейлине жараша, убактылуу болсо да жакшы үйгө, жакшы адамдарга туш болду. Байкадыңызбы, эжеке, Наргүл бүгүн да ыйлаптыр.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:29

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

-Байкадым. Жүйөөсүз жерден ыйласа көзүнө ак түшсүн. Кантип чыдайт Акылбек, бул шайтан кууратат экен го минтип отурса. Эч нерсеге тушунбойм.

-Жалгыз эле Наргүл дейсизби, Акылбектин озундо да айыкпас дарты бар сыяктуу. Ачылып сыр айтышпаган да немелер экен.

-Билбейм деги, эмнеси болсо да бир балекети бар бул экөөнүн. Акылбек суу ичкендей шапайып, өңүнөн азып жүдөп кетти. Өзүң айткандай сырга бек балдар экен. Бир-эки жолу чекмелеп “Эмне эле колуктуңдун кабагы ачылбайт. Өзүң дагы өзгөрүп кеттиң” десем, “Мен апмды ооруп жатканына тынчсыздансам эле, Наргул да сарсанаа болуп убайым тартат окшойт. Анын үстүнө анын өз атасы да ооруканада эмеспи” деп улутунуп койду. А балким, Акылбектин айтканы туура чыгаар. Чыны менен эле, жамандык башынан өтпөгөн немелер ата=энесинен санаалары тынбай жүрүшкөндүр, ким билсин. (Мен Касиетке, тигилерден уккан баягы уу тилдүү сөздөрдү жашырып айткан жокмун).

-Жок эжеке, Наргүлдүн капасы кайнене менен атасы эмес. Көрөсүз го. (Наргүлдүн Акылбек менен урушуп жаткан жагымсыз сөздөрүн Касиет да угуптур. Бирок, эстүү келин бул жөнүндө мен эле эмес, күйөөсү Элалга да оозунан чыгарбаганын мен кийин өзүнөн уктум).

Баякы биздикинен кеткен бойдон Акылбек да, Наргүл да каттаган жок. Алардын ишенимдүү, жакшы адамдардын ордосунан орун тапкандарына кубанганым менен баякыдай эле ичимди ит тырмап жатты. Акылбек менен Наргүлдү ар дайым күтөм. Тамак жасаган сайын ошолорду ойлоп, келип калчуудан бетер кылчаңдай берем. Акылбекти, тишинин кирин соруп кезээрип ачка жүрөбү деп аям. Анан, алар бизден алыстап каттабай баратканынан улам, “биздикинен кете алышпай эле, мойнунан байланган итттей болуп жүрүшкөн экен” деп да кетем.

Кундөр өтүп жатты. Күркүрөгөн күз өтүп, кылычын алып кыш келди. Жер бетин ак кар, көк муз каптады. Наргүл менен Акылбек баякы каттабаган бойдон, бизден алыстап караан узуп баратышты.

-Э Касиет! - дедим окуудан келип, чечинип жаткан кызга. –Деги сен Акылбекти көрүп жүрөсүңбү? Колуктусу экөө кандай жашап жатышат болду экен?

-Мен деле баякы Алексей Андреевичтикине барып, акыркы жолу гүлдүн уругун алып келүучүдө көргөн бойдон Наргүлду такыр көрө элекмин. А, Акылбекти болсо көруп калам кээде. Алардын окуу корпусу башка эмеспи. Билбейм, жакшы эле жашап жатышса керек.

-Ай таң, ошол экөөнүн жакшы жашап жатканынан күмөмүн. Күндө болбосо да, анда-санда келип турушса боло. Чынымды айтсам мен Акылды сагындым. Аларды келбейт деп, биз да барбай койдк. Деги ушулардын кабарын уксам жакшы болоор эле.

-Барып келейинби үйүнө?

-Ата, кагылып кетейин, барсаң кана, мен аны сага айталбай жатпаймынбы. Үйүлөрүндө болсо эжем чакырып жатат деп айт. Колуктусу экөө келип кетишсин. Же, Элал жок деп келгилери келбейби. Элал болбосо сен барсың. Сиз менен эч качан кол үзбөйм, эжеке дечү эле, анысын унутту ал бала.

-Эмнеге Элал жок дешсин. Мен эмес, сизди ойлошпойбу. Мениче ушулардын убактысы болбосо керек. Басы, аялы жумуштан кеч келет экен деп, бир группалашы айткан. Суу алган да, от жаккан да, тамак жасаган да Акылбек имиш.

-Мейли, жасаса өздөрү үчүн жасайт дечи. Бири-бирине жардамдашпаса болобу. Деги эмнеси болсо да, экөөнүн кабарын алчы барып...

Касиет ошонун эреси үйгө кеч келди. Аябай үшүп кетиптир.

-Акылдыкына бардым, -деди мээлейин чечип, колун үйлөп.



:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

Көздөрүм ачыла түштү.

-И, бар бекен үйүндө?

-Жок экен. Алексей Андреевичтикинде бир саатча күтүп отурдум. Келишпей кечигип баратышканынан кете бердим. Баса, эжеке, сизди Валентина Николаевна келип кетсин деи.

-Мени эмне кылат экен? Балакет болгон турбайбы, мени ошолор жөнүндө чакырып жок бекен?

-Билбейм, эмнеге чакырып жатасыңар деп сураган жокмун.

-Деги, ошолор үйдө жашап жатышыптырбы?

-Ооба, ошондо эле жашап жатпаганда кайда барышмак эле. Акылга, эжем силерди келип кетсин деп, чакырып жатат деп кат жазып калтырдым. Окуса келээр.

-Ырас болуптур, кат таштаганын.

“Мени эмнеге чакырышты экен? Же Акылбек менен Наргүлдүн ортосунда чыр-чатак болуп, үй ээлеринин тынчын алып жатышты бекен?” деген сыяктуу сан түркүн ойлорду ойлой берип башым шишиди. Өздөрү келип калса, угам го деп ойлоп, Акылбек менен Наргүлдү күтө берип чыдамым кетти. Тыштан ит урсө да, дабыш чыкса да, эшик ачылса да, жүрөгүм алкынып, күтүүдөн көздөрүм чачырайт. Качан гана мен күткөн адамдар эмес эле, өзүбүздүн бала-чака же кошуна-колоң болуп калса, супсунум сууп, ынданым өчө түшөт. А балким, аларды мен өзүм таарынтып алдым бекен?! Мындай болушу да мункүн. Алардын биздикине келип, бирге жашап, бирге турган күндөрүн минут-саатына чейин эстеп, ойлоно берип, кадыр-көңүл калышкандай кайсыл жагынан күнөө кетирип, жаздым басып алганымды таппай убара боло берем. Мен эми Наргүлгө таарынбай, акылбекти күнөөлөп, Акылбекке таарына баштадым. Атаңдын көрү-ү, “Бөрү баласы ит болбойт” деген ушул болсо керек деп ойлодум.

Эртеси күнгө дем алыш болчу. Акылбек менен Наргүлдү үйүнөн чыгып кетелекте басайын деп эрте жөнөдүм. Ошол түнү шаарга тушардан кар жааган. Мен келгенде үй ээси күрөлүп бүткөн карлардын күрөккө келбей, короонун булуң-бурчунда калган бүртүктөрүн төө куйруктан жасалган барпайган чоң шыпыргысы менен мизилдетип шыпырып жатыптыр. Мени көрүп эле, иштеп жаткан ишин дароо токтотту.

-Саламатсызбы! Кутмандуу кунүнүз менен Алексей Андреевич!

-Саламатчылык, саламатчылык. Келиңиз. Башыңызга чөп сындырып койсом бекен дейм. Бир келген бойдон келбей кеттиңиз го. Балдардан кабар алайын деп бүгун эртелеп чыгынган экенсиз. Бирок, жаздым басып алганыныз жаман болбодубу. Уул-келининиз эртең менен эрте үйүнө кетишти. Кечээ кандайдыр экөөнө тең телеграмма аркылуу соттон чакырык кагаз келген.

Сотту угуп чочуп кеттим.

-Чакырык дейсизби?

-Ооба, чакырык.

Эмне деп айтаарымды билбей тилим буула түштү. Ушул кезде ар жактан Валентина Николаевна салм айтып, биздин жаныбызга басп келди.

-Эмне чакырык, эмне сот экенин айтышкан жокпу?

- Жок, айтышкан жок. Биз да сураган жокпуз такып. Чакырыкты кол коюп берип биз алып калганбыз. Кечинде Акылбекке берсек, өңү өчө түштү окуп көрүп.

Эринин сөзүн байбичеси бөлдү.

-Бала түзүк бала экен. Аялынын чырайы менен тилинен башка касиети жок неме көрүнөт. Нагүл турмушка даярдыгы жок чыккан кызбы, билбейм. Үй кармаганды, күйөө сыйлап, эр күткүндү билбеген келин экен. Балким, көргөн өскөнү, тарбиясы ошондойбу, ким билсин. Бойго жеткен кара далы кыздын даамдуулап тамак жасап,

:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   gulzar_gulu   26 Март 2016 - 00:34

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 333
  • Катталган: 25 Июль 15
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2024 16:46
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары

идиш-аякты жаркыратып таза жууп, таза кармаганды, чатыратып кир жууганды билбегени жакшы эмес. Порошокту көп салса эле кир жакшы жуулуп, жакшы чыгат деп ойлосо керек. Мактанганы эле эже-жезделеринин иштеген иши, ээлеген орду, мансабы.

“Атаны арман күн айе, буларга сыры белгилүү болгон экен” деп ойлоп, ичимден бушайман болуп, эсимден кетпеген иш соттон келген телеграмма болуп турду. Анан булардын “келип кетсин” деп мени чакыртканын эстей коюп, сурадым:

-Кечээ мени келип кетсин деп Касиеттен айттырган экенсиздер. Деги тынччылыкпы?

-Ооба, ооба, келип кетсин дегенбиз. Өрт күйгөн деле эч несе жок, тынччылык эле. Бир жаман жери экөөнүн ынтымагы жок экен. Колуктусунун тили бир кулач тура. Мындай жактууга жай бербеген тажаалды кыргыздан да, орустан да көргөн жок элем. Сөзду ыр жаттагандай айтып, калпты чындап сүйлөгөн неме экен. Пай, пай, пай, мындайды ким көрүптүр. Келин бизди көзүнө илбей калды. Эрин тытып, короого сүйрөшүп чыгышчу болду. Тынчтык бербей баратат бизге бизге. Эки күндүн биринде, кетем деп качып Акылбектин жазасын колуна берет. Же кетсең кете бер деп анысы тим койбойт. Эркек өңдөнүп кайраты жок, жашык бала экен.

-Андайларын деле байкабаптырмын. Келин тилдүү экен деңизчи.

-Мен кыргыздар менен аралаш, бир тууганча жашаган адаммын. Ошон УчУн кыргыз жаштарынан тартып карыларына чейин мүнөздөрүн жакшы билемин. Кичүүлөрү улууларын сыйлап, тартынып турушат. Аялдары эрлерин кудайындай көрүшөт, айтканын айткандай аткарып сыйлап турушат. Ошон үчүн “Эр сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт” деген сөз атадан балага, укумдан тукумга сакталып калган. Бул келин андай абийир сактаган ыймандуу келиндерден эмес. Кошуналар укса уят деп ийменүүнү билүүчү неме көрүнбөйт. Акылбек колуктусунун азабын тартып, беймаза болуп жүргөнүнөн, сизге бир ооз айталы дегенбиз. Сотко чакырыла турган булардын эмне иши, кандай чатагы бар экенин сиз деле билбейт турбайсызбы, -деп Алексей Андреевич кейиштүү күрсүнүп койду.

-Булар ынтымактуу үй-бүлө болуп, бул турпаттары менен түбөлүк жашай алышпайт. Акыры көрөсүз го. Менимче, аялы күйөөсүн теңсибейт. Баарыбыз эле аялбыз, эгерде сүйлөшпөй үйлөнүшсө, экөөнө тең кыйын, -деп сөзгө аралашты Валентина Николаевна. ..

Мен үйгө маанайым пас келдим. Акылбектерди угуп Касиет да таң калды. Ошол бойдон Акылбек менен Наргүлдөн кабар болбой, арадан ай өттү. Мен үйгө жаңы келген газета, журналдарды карап олтурат элем. Тыштан келген Касиет колуна бир калың конвертти кармаган калыбында көкөлөтө кармап силкилдетти.

-Эже, мына бул каттын кимден экенин билесизби?

-Жок, билбейм. Кимден экен?

-Акылбектен килиптир.

-Акылбектен дейсинби? -Кубанганымдан ордуман тура калганымды өзүм да билбей калдым. –Ал кайда экен өзү?

-Адресин жазбаптыр. Ичинде болсо керек.

Колума конверттен кат эмес эле, Акылбектин өзү чыга калчудан бетер, шашып ачтым. Чакмактуу дептердин беш-алты барагына мөлтүрөп, шурудай тизилген кол жазмага карегимди кадап, дем тартпай туруп калдым.

-Узак жазылган, көп сөзэкен. –баракты санай баштадым. –Бул бизди сүйүнтө турган кубанычтуу кат болбой калды го, ыя, Касиет.

-Окудуңузбу?

-Жок, окуй элемин. Эмне үчүндүр окугум келбей турат.

-Эмне үчүн антесиз, окуңуз. Балким жакшы каттыр.

-Ким билет кагылайын, катта жагымсыз кабар барбы деп жүрөгүм эмне үчундүр даабай жатат.

-Коюңузчу, кайдакы жаман кабар болмок эле. Же мен окуп берейинби? Бериңизчи көрөйүн.

-Жок, мен өзүм эле окуйм. –(Көңүлүмдө кокус башка эч бир адмга айтылбай турган жагымсыз сөздөр болуп калса, Касиетке угузгум келбей кетти). –Креслого көчүк бастым. Каттын биринчи барагын ачып ичимден купуя окуй баштадым.

Мен дароо эле, каттын баш жагын улам аттатып, Акылдын өзү жөнүндө жазылган саптарды издеп келип, “бая күнү барсам үйдө эч ким жок экен. Бир аз айланыпчыктап туруп кайра кеттим. Кайрылып экинчи баралбадым. Ишиңизге телефон чалсам, командировкага кеткен дешти. Убакыттын жоктугунан эмес, чынымды айтсам сизге көрүнгүм келбеди. “Уят өлүмдөн катуу” туура эжеке. Институтка барып академиялык отпусканы билдим. Отунучумду орундатып бир жылга беришиптир. Анан Алексей Андреевичтикине барып, анда калган көр-жерлерди, кийим-кечени алдым. Силердин оокатынарды Алексей Андреевич мен өзүм жеткирип беремин деген эле. Мен сизге өмүр бою ыраазымын жана милдеттүүмүн, эжеке. Өз бир тууган эжелеримден көрбөгөн камкордукту сизден көдүм. Ишенимиңизди актабай кетип баратам. Бардыгы мойнумда. Окууну бүтүп, ийгилигин көрөр алдында башымдан багым тайып, эл караган бетим ушинтип жеп карап калды.

Биз Наргүл экөөбүз силердикине биринчи барган күнү эле, сиздин кыраакы, баамчыл көзүңүз биздин ортодогу олку-солкулукту айтырбай билип койгонун мен ошондо эле түшүнгөнмүн. Бирок, айбым араандай ачылып турса да, чындыкты айтууга жүрөгүм даабады. Анын үстүнө наргүлдү көрүп туруп “Өлгөндүн үтүнө көмгөн” кылбайын деп ойлодум. Анан дагы аялымдын “эч кимге айтпа” деген өтүнүчүн да эске алышым керек болду. Анткени, ар кимдин өзүнө туштук ар-намысы болот тура. Ошол убакта бирибиздин ар-намысыбыз бирибиздикинен күчтүү болуп, ичибизди ит тырмап жаткан мезгил болучу.

Мен сүйүүдөн адмадын көңүлү калып, мизи кайт болбой, түбөлүккө жалындап күйүп турат го деп ойлочу элем. Көрсө ал жаштыктын ою тура. “Өтө кызыл бпт оңот, өтө ысык бат сууйт” экен.

Наргүл экөөбүз мектепте окуп жүргөн кезибизде эле бири-бирибизди билчүбүз. Анткени, бир үргөн иттин үнү угулуп турган коңшу айылданбыз. Ал ошондо эле көздөрү жайнаган, сөөгү таза, татынакай сымбатту кыз болучу. Мен онунчуну андан мурда бүттүм бирок, ал жылы атамдын ден соолунуна байланыштуу окууга тапшыра албай калдым.





:)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   samsungc3   30 Март 2016 - 08:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 314
  • Катталган: 01 Июль 15
  • Соңку аракети: 07 Сен 2021 00:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:коз жаштарга ишенбеген шаар

улантып койсонуз болмок
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (18 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Июл 2025 18:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: