АЙЫЛЫҢА БАРГАНДА…
Айлыңа барганымда бат-бат самап,
Аруулук бар дүйнөмдү каптап алат…
Негедир сенин көчөң өзгөчөрөөк,
Негедир сенин үйүң башкачараак…
Келсем да кайсы учурда, ах касиет!
Көңүлдө көктөм түнөп, аптап, илеп!
Изи жок бир бөтөнчө обон салып,
Итиң да элдикинен башкача үрөт…
Түндөсү сен ортурган бөлмө жарык,
Балбылдап терезеңден чырак жанып…
Алоосу ал чырактын күйүп турат,
Арзуумдун ак жалыны сыяктанып…
«Бейтааныш жигитке» деп мага мына,
Сыр төгүп жаттың бекен барагыңа..?
Ким билет…балким мендей сүйүү тооруп,
Ыр жазып жүрбө бөлөк адамыңа..?
Көп санаа кыялдарым кыркып өтүп,
Көңүлүм күмөнсүнөт тынчы кетип…
Өчкөндө анан чырак балбыл жанган,
Жөнөймүн эт жүрөгүм тыз-тыз этип…
Айлыңдын агын суусун бойлоп эле,
Арманым дилиме түк толбос эле…
Жолуңан өтүп дайым, үйүң карап,
Жолукпай жүргөнүбүз болбосо эле…
Айлыңа барганымда бат-бат самап,
Аруулук бар дүйнөмдү каптап алат…
Негедир сенин айлың өзгөчөрөөк,
Негедир сенин айлың башкачараак…
Афтор: Максат Жангазиев 12.03.2016
Атактуу акындарыбыздын сезим тамчылары
#42 22 Март 2016 - 11:09
Ашыгып мен эч кимди суйо элекмин. Суйуунун эмне экенин биле элекмин. Азырынча мен суйууго кызыкпаймын,
Анткени мен окууну буто элекмин.
#43 22 Март 2016 - 11:10
АЙЫМДАРГА ЫР БЕЛЕК!
(Сегизи эле эмес, негизи эле ыр белек
)
Омурткасын сыздаттырып кээ күнү,
Орок оруп жүрсө дагы кээ бири,
Орошон ой жүрөгүнө түнөтүп,
Оттон бүткөн кыргыз эне мээрими!
Күп деп жерге түшпөсө да булуттан,
Кыргыздардын айымдары улук жан!
Бүгүп тизе, баш ийер күн келсе да,
Бүлөөсүнө калкан болуп турушкан!
А кубаты улуу күчкө келип тең,
Кайратына ташты дагы эриткен.
Эл-жерине жоо жолобос болсун деп,
Эрлерине жолборс төрөп беришкен!
Ар-намысын акыл менен бүлөгөн,
Айымдардын мээримине сүйөнөм.
Мамлекеттин эртеңи үчүн а эми,
Манас төрөп берүүңөрдү тиленем!
Кандай учур келсе дагы, оболу,
Кадырыңар болсун дайым жогору!
А эркектер, юбка алдына баш катпай,
Алды жакта жол башчылар бололу!
Афтор: Максат Жангазиев
(Сегизи эле эмес, негизи эле ыр белек

Омурткасын сыздаттырып кээ күнү,
Орок оруп жүрсө дагы кээ бири,
Орошон ой жүрөгүнө түнөтүп,
Оттон бүткөн кыргыз эне мээрими!
Күп деп жерге түшпөсө да булуттан,
Кыргыздардын айымдары улук жан!
Бүгүп тизе, баш ийер күн келсе да,
Бүлөөсүнө калкан болуп турушкан!
А кубаты улуу күчкө келип тең,
Кайратына ташты дагы эриткен.
Эл-жерине жоо жолобос болсун деп,
Эрлерине жолборс төрөп беришкен!
Ар-намысын акыл менен бүлөгөн,
Айымдардын мээримине сүйөнөм.
Мамлекеттин эртеңи үчүн а эми,
Манас төрөп берүүңөрдү тиленем!
Кандай учур келсе дагы, оболу,
Кадырыңар болсун дайым жогору!
А эркектер, юбка алдына баш катпай,
Алды жакта жол башчылар бололу!
Афтор: Максат Жангазиев
#44 22 Март 2016 - 11:11
ЖАҢЫ ЫР
БИР КҮНҮ...
Тек кетип жатат күндөр... күйөм, күйөм...
Телефон алаксытып алаканда...
Бир учур келет бирок билем, билем...
Бакыттан кол бошобой калат анда...
Бук кылбай көп селкини мага арбалган...
Бул учур өтөт жанды сүйдүрүүчү. ..
Кызганып анда жарым далайлардан,
Кыздардын жоопсуз калар билдирүүсү. ..
Килейген бир максаттар бөлөт оюм:
Китептен чыгып турса жазган ырым,
Ал кезде керек болбой телефонум,
Айланат оюнчугуна балдарымдын. ..
Бир күнү "интернетке" кирбей калам...
Бирөөгө өткөн күнүм болуп аңыз...
А бирок ырды чындап сүйгөн жандар,
Ардактуу кечелерден жолугабыз...
Тек кетип жатат күндөр... күйөм, күйөм...
Телефон алаксытып алаканда...
Бир учур келет бирок билем, билем...
Бакыттан кол бошобой калат анда...
Афтор: Максат Жангазиев
05.03.2016
БИР КҮНҮ...
Тек кетип жатат күндөр... күйөм, күйөм...
Телефон алаксытып алаканда...
Бир учур келет бирок билем, билем...
Бакыттан кол бошобой калат анда...
Бук кылбай көп селкини мага арбалган...
Бул учур өтөт жанды сүйдүрүүчү. ..
Кызганып анда жарым далайлардан,
Кыздардын жоопсуз калар билдирүүсү. ..
Килейген бир максаттар бөлөт оюм:
Китептен чыгып турса жазган ырым,
Ал кезде керек болбой телефонум,
Айланат оюнчугуна балдарымдын. ..
Бир күнү "интернетке" кирбей калам...
Бирөөгө өткөн күнүм болуп аңыз...
А бирок ырды чындап сүйгөн жандар,
Ардактуу кечелерден жолугабыз...
Тек кетип жатат күндөр... күйөм, күйөм...
Телефон алаксытып алаканда...
Бир учур келет бирок билем, билем...
Бакыттан кол бошобой калат анда...
Афтор: Максат Жангазиев
05.03.2016
#45 22 Март 2016 - 11:13
СҮЙГӨН КЕСИБИМ...
Балалык кез күлкү,бакыт, шаң ороп,
Каалоо күчтүү жакшылыка ыроолоп.
Кесибимди шерик кылып кыялда,
Болгум келчү,белгилүү бир филолог...
Үмүт өчүп тепселсе да кыялдар,
Мен талпынаар,бийиктикте чынар бар.
Тең берүүчү бакыт,илим,билимди,
Абдан асыл,аткарылчу кыял бар...
Тагдыр менен өзгөрүлгөн чечимим,
Таңыркабайм таң калышып айтса ким.
Башкаларды билбейм жалгыз мен үчүн,
Сени сүйүү,менин сүйгөн кесибим..!
Коюлса да түркүн түрлүү талаптар,
Тооруса да жаман-жакшы тараптар.
Жалгыз сенин ээлигиңе өтөөрмүн,
Насип этсе түбөлүктүү болуп жар...
Тагдыр менен өзгөрүлгөн чечимим,
Таңыркабайм таң калышып айтса ким.
Башкаларды билбейм жалгыз мен үчүн,
Сени сүйүү,менин сүйгөн кесибим..!
Афтор: Нуржан Уметалиева.
Балалык кез күлкү,бакыт, шаң ороп,
Каалоо күчтүү жакшылыка ыроолоп.
Кесибимди шерик кылып кыялда,
Болгум келчү,белгилүү бир филолог...
Үмүт өчүп тепселсе да кыялдар,
Мен талпынаар,бийиктикте чынар бар.
Тең берүүчү бакыт,илим,билимди,
Абдан асыл,аткарылчу кыял бар...
Тагдыр менен өзгөрүлгөн чечимим,
Таңыркабайм таң калышып айтса ким.
Башкаларды билбейм жалгыз мен үчүн,
Сени сүйүү,менин сүйгөн кесибим..!
Коюлса да түркүн түрлүү талаптар,
Тооруса да жаман-жакшы тараптар.
Жалгыз сенин ээлигиңе өтөөрмүн,
Насип этсе түбөлүктүү болуп жар...
Тагдыр менен өзгөрүлгөн чечимим,
Таңыркабайм таң калышып айтса ким.
Башкаларды билбейм жалгыз мен үчүн,
Сени сүйүү,менин сүйгөн кесибим..!
Афтор: Нуржан Уметалиева.
#46 22 Март 2016 - 15:01
Сезимимдин анык ээси сен белең...
Сенден сүйүү көрдүм мурда көрбөгөн...
Баркың билбес жигиттерди чандың да,
Баса бердиң сүйүүң үчүн мен менен...
Делөөрүткөн эх бактылуу абал ай!
Демиң мага болду жутар абадай!
Келгем мен да бакыт издеп өзүңдөн,
Көп сулуунун көз жашына карабай...
Афтор: Максат Жангазиев
Сенден сүйүү көрдүм мурда көрбөгөн...
Баркың билбес жигиттерди чандың да,
Баса бердиң сүйүүң үчүн мен менен...
Делөөрүткөн эх бактылуу абал ай!
Демиң мага болду жутар абадай!
Келгем мен да бакыт издеп өзүңдөн,
Көп сулуунун көз жашына карабай...
Афтор: Максат Жангазиев
#47 22 Март 2016 - 15:23
Максат Жангазиевдин атайын темасы бар,форумда.
БИР КУНУ деген ыры жакты
БИР КУНУ деген ыры жакты

Кудай буйруса баары жакшы болот!
#49 23 Март 2016 - 00:57
Kgstar96
, купулуңузга толгон ырларды көчүрүп жазууну бул темадан улантасыз.
Кыргыз тилдүү сайт болгондуктан кыргызча жазууңузду эскертем.
Кыргыз тилдүү сайт болгондуктан кыргызча жазууңузду эскертем.
#50 05 Апрель 2016 - 09:41
Жарым тун, санаалардан жатам ойгоо,
Жамалын кулумсуроп дале ойдо.
Мен сени суйуп атып жинди болдум,
Сен мени 'жиндисин' деп суйбой койбо...
Жамалын кулумсуроп дале ойдо.
Мен сени суйуп атып жинди болдум,
Сен мени 'жиндисин' деп суйбой койбо...
Внешность - это козырь , но не туз…
#51 05 Апрель 2016 - 09:43
Энсоону эреркеткен тайфун дедим,
Эч танбайм! Ашыктыгым айкын менин.
Санаадан саякатка алып чыккан,
Сен бодун журоктогу кайфым менин!
Эч танбайм! Ашыктыгым айкын менин.
Санаадан саякатка алып чыккан,
Сен бодун журоктогу кайфым менин!
Внешность - это козырь , но не туз…
#52 05 Апрель 2016 - 10:07
Jadyrashka (05 Апрель 2016 - 09:43) жазган:
Энсоону эреркеткен тайфун дедим,
Эч танбайм! Ашыктыгым айкын менин.
Санаадан саякатка алып чыккан,
Сен бодун журоктогу кайфым менин!
Эч танбайм! Ашыктыгым айкын менин.
Санаадан саякатка алып чыккан,
Сен бодун журоктогу кайфым менин!