Суперстан: Барктай жүр... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Барктай жүр...

#1 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   20 Март 2016 - 11:55

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Акыркы конгуроо кагылып, конгуроонун унуно кошулуп жаш улан-кыздардын каткырыгы шынгырап мектептин алдында чон майрам болуп жатты. Мугалимдер бутуруучу класстын окуучуларына жакшы тилектерин айтышып, каалоолор микрофондо жанырып турду... Кечинде райондук кафелердин биринде бутуруучулордун жана мугалимдердин урматына майрамдык кече уюштурулду. Каны суюк жаш жигиттер классташ кыздарына коз арткан башка айылдын жигиттери келгенин угушуп сыртка чыгышып "эркекче" чечишип усту башы канжалап келип калышты. Ошентип шандуу майрамдык олтуруш ызы-чуу менен аяктап, чогулгандар аз-аздан уйлоруно тарай башташты. Майрамдык кечеге ата-энелер да чакырылган, алар оз уулдарын, кыздарын жетелеп кетишти... Нурайдын атасы менен огой апасы дагы ушул жерде эле. Ызы-чуунун башы келип айылдын эн келбеттуу, жылдыздуу, сулуу кызы Нурайга такалат. Кошуна айылдан Жыргал Нурайды 9-классынан бери сыртынан коз салып, журогундо багып келет. Бугун суйуктуусу мектепти ийгиликтуу аяктап жатканы менен куттуктамакчы болуп 2-3 досу менен келгени эле жигиттин. Ал эми Нурайдын классташ жигиттери кызганып, анын устуно ата-энелерден жашынып ачуу суудан серп этип алгандагы "эр журоктуктору" менен жигиттерди киргизбей калчылдашып келишкен болчу...
-ушул кызын кайда болсо чыр башы. Козун сузуп корунгон жигитти азгырганы азгырган... Качан болсо ушул кызындын айынан той-топо, майрамдар тынч отпойт! Мунун эми эртен шаарга окууга кетсе даана бузулуп келет! деп озунчо эле албууттанган Зейнеп артында башын шылкыйтып келе жаткан куйоосуно наалып баратты. Нурай болсо кадамын тездетип алардан алдыга озуп бараткан. Огой энесинин создорун так угуп баратса дагы тилин тиштеп, озунун тээ бала кезинде козу отуп кеткен апасынын элесин сагынып, ойлуу баратты.
Нурай 3-класста окуп жургон. Мектептен келе жатып уйунун алдында чогулган элди коруп, балалык журогу бир башкача "болк" эткен. Чуркап баратып жыгылып, чан болгон кийимине карабастан, тизеси канап ак колготкисинен каны чыгып сыздатып оорутканына карабастан ыйлап чуркап уйуно жеткенче шашкан. Анын чан болуп, ыйлап келгенин коруп элдин баары зээни кейип коз жашы кылышкан. Тээ кыргыз уйдун оозунда атасы кара чапан жамынып башын шылкыйта окуруп олтурат. Кыргыз уйдун ичинен тай энесинин журокту зыркыраткан кошогу жанырып турат... Нурайдын балалык журогу ошондо дуйнодо оор жоготуу болгонун сезген. Жашоосундагы эн асыл адамынан айрылганын тушунгон. Тордогу кара рамкага салынган апасынын жылмая тушкон суроту кызын аянычтуу карап мелтиреп турган эле...
Апасынын жылдыгы откончо Нурайдын таэжелери келип каралашып, кир-кокторун жууп, тазалап, тамак жасап берип журушту. Коншулары нанын жаап беришет. Нурай озу тын кыз эле, уйлорун шыпырып колунан келишинче тырмаландап мектептен келип жаны тынбайт. Апасынын жоктугуна коно албай кыйла ыйлап-сыктап жургону менен кор тиргилик ото берди. Атасы короо-жайын карап, малдан колу бошобойт. Иштери бутсо деле короо тарапта бир нерселерди чукулап журо берет. Качан гана Нурайдын 'атооув! Чай даяр' деп чакыганын укканда кадамын суз шилтей, ойлуу, усту-башын кагынып уйго келет... Нурайдын апасынын жылдыгынан кийин тууган-урук чогулушуп, Насырды ортого алышып уйломокчу болушту. Эки куйоого чыгып, согончогу канабаган Зейнепти табышты. Салт-санаа менен уйго алып келишти. Адеп келгенде Нурай аны алыс тууган деп ойлоп, убактылуу журот го деп умуттонду. Бирок кайдан, башында жасалма жылмайган жузу серт неме кетпей койбодубу. Башында кыздын узун кундуз чачын укмуш оруп берип, кийимин таза караган "апасы" бара-бара заар жылаанга айланып баратты. Каргап-шилегени кобойду. Насырдын козунчо Нурайга жакшы суйлогон Зейнеп кийин анысын да озгортту. Атасын кызына кошуп каргап-шилеп, ажаандыгын арттырды да калды... Андан бери канча жыл отту, канча суулар акты... Нурай менен Насыр Зейнептин уу тилине конуп деле калышкан. Баштарын шылкыйтып, тилдерин тиштенип гана тим болушат... Зейнеп уй-жайга тын, ото таза аял, баарын чукулап, тазалап жаркыратып турат. Кошуна-колонго да катышы жакшы. Тууган-урук менен да мамилеси бекем. Эн эле чон айыбы торобойт анан ажаан... Тили заар... Болбосо Насырды Насыр кылган ушул аял болду. Келгенден малын кобойтуп, тиргилигин кыйла тынытып салбадыбы... Ошого да Насыр "жым" дебей баарына чыдайт. Соз кайтарып же кол которбойт...
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   20 Март 2016 - 12:06

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Нурай жаштайынан тилеген окуусуна оз кучу менен откон. Жайкы каникул аяктап, атасына бир сыйра жакшы кийим алдырып, окуу-куралдарын даярдап шаарга жоноп кетти. Нурайды тилдегени менен Зейнеп да аны оз кызындай коруп калган. Оз тарбиясын берип остурбодубу? Ичи ачышкан ата-эне кызын алыска окууга жиберип коюшуп айылда кала беришти... Шаарга алгач келгенде коно албай кыйналды кыз. Жатаканада жашап, окуусун окуп, кээде чогуу окуган кыздарына кошулуп конул ачып, бара-бара конушуп кетти. Биринчи курсту эч кандай жигитсиз, артынан чуркаган балдарга маани бербей, конул бурбай журуп жакшы аяктады. Экинчи курска кочкондо баары башталды...
Айылдан шаарга келе жатып автобуста Марлен менен таанышты. Жылдыздуу жигит кыздын жаш журогуно чок салып койду. Шаардагы даректери менен алмашып, кийин Нурайдын окуу-жайына коп келчу болду. Сабакты да окуп, жигит жандаганга да улгуруп жургон Нурай бат эле сулуу жигитинин бал тилине алданып берди. Бай уй-булоонун эрке уулу кызды бир куну достору менен олтурган кечесине алып келди. Ал жерде жалан шаардык кыз-жигиттер ичимдик ичишип, тамеки тутотуп олтурушкан. Чачтарын жайып, каштарын ничке кылып терген, ооздору кыпкызыл боёк менен боёлгон кыздар сандарын учкаштырып каткырып жыргап олтурушат. Ичимдике мас болгон жигиттер ал кыздардын каалаган жеринен кармалашып, кез-кезде обушуп коюшат. Экиден жетелешип башка болмого же сыртка кыткылыктай чыгып кетишет... Булардын баары Нурайга жат корунуш болчу. Марлендин женинен тартып "кетели" дегенине анысы маани берип койбойт. Чачы тысырайта экиге болунуп орулгон сулуу кыздын мойнуна колун артып, мактангансып олтурат. Нурай чындыгында бул ашына жасанган шаардык кыздардан кыйла сулуу эле. Эч кандай боёксуз табийгый сулуулугу башка жигиттерди да тымызын кызыктырып олтурган...
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   20 Март 2016 - 12:30

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кече аяктап тун бир оокум болду. Жигиттер ар жерде кыздарын кучактап мас болуп уктап калышкан. Марлен да мас болуп, Нурайдын каршы болгонуна карабай кучактап бир бурчта жатып калды. Чарчап калган Нурай эми козу илингенде Марлендин колунун кыймылынан уйкусу умачтай ачылып кетти. Марлен мастыка салып кызды опкулоп, аймалап жатып ыйлаганына карабай намысына тийип койду. Оз каалоосуна жетип, моокумун кандырып алып боздоп ыйлап жаткан кызга бир карап койбой тескери оодарылып жатып конурук тарта уйкуга кетти. Кыздын ыйына башкалар ойгонуп койсо эмне? Баары олуктон бетер кыймылсыз уктап жатышат. Балким атайын уктамыш болуп жатышкандыр. ..? Ким билет...?
Ыйдан коздору тоодой болуп шишиген Нурай тан агарып, сыртта жарык болооору менен ордунан атып туруп жатаканасына жоноду. Тан атпай кайдан келгенине жана коздору шишигенине таныркап сурака алган курбуларына бир ооз соз айтууга алы келбей оз ордуна барып эле тошоко кулады кыз. Жатып алып оксуп-оксуп ыйлап алды. Ыйлап жатып аргасыздан коздору жумулуп баратты... Туну менен уктабаган кызды уйку оз кучагына алып кетти... Ошол кундон тарта Нурай каттуу озгорду. Мурунку токтоо мунозу жок, кылыксыз кулуп, шынкылдаган башка эде адамга айланды. Окуусуна барса барат, барбаса жок. Атасынын ишенген, жалгыз козго басаар кызы экенин унутту. Турлоп кийине баштады. Жигиттен жигит алмаштырчу адат тапты. Укмуш машиналар жатакананын алдына коп келчу болду. Марлен да каалаганда келип кызды жетелеп турдуу кечелерге алып барат. Уйпалап-уйпалап, эртеси алып келип таштап кетет. Кээде таксиге салып жиберип эле кутулат... Шаар дегенин ушул тура дедиби, же болоору болду дедиби Нурай таптакыр озгорду. Курбулары да анын журум-турумун жактырышпай башка болмого чыгып кетишти. Озуно окшогон кыздар менен жашап калды. Ал жылы да эптеп окуусун аяктады. Мурдагы кундуздай орулгон оор чачтан дайын жок, суюк, сенселген кыска чачты жайып айылына келип калды. Зейнеп анын абалын, кийимин коруп тилдеп коё берди. Адатта ун дебеген кызга тил байларыптыр. Каяшаны так эле оозуна берди го огой апасынын... Насыр да кызынын озгоргонун дароо байкады.
-тарт тилинди! Деп кызын жаактан ары чаап алды. Атасы омуру кол котормок турсун кызына каттуу айтпаган эле. Бир шапалак кызды озуно келтире койду. Айылда каникулда журуп кайра кыйла онолду. Сулуу кызга чубалып куда тушуп келгендер кобойду. Ата-эне кыздын дартын кайдан билсин, келгендерди "окуусун аяктасын" деп узатып жатышты.
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Begai_kg   20 Март 2016 - 14:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Уландысын кутобуз!!
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   20 Март 2016 - 16:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Кайра эс алуу аяктап шаарга сапар алган Нурай ойлуу терезени карап баратты. "Кой ата-энемдин ишеничин актайын. туз журуп, окуумду жакшы окуйун. Жигиттерге эмне, пайдаланып туруп таштап кете беришет, озумдун эде баркым кетет тура... Аттин, апакем тируу болгондо гана... Дартымды айты ыйлап-ыйлап алмакмын. Апакем мени кечирип, чачымдан сылай, жакшы насааттарын айтмак. Жылуу суйлоп, конулумду которуп, туура жолго ундомок..." Нурайдын жузун ысык жаш жууп баратты. Эшиктеги жамгырдын тамчылары кыздын коз жашын жашыргысы келгенсип терезени черткилешет. ..
Кайрадан жатакана, окуу... Нурай сабака кирип баратып четте аны сынай тиктеп турган Марленди козу чалды. Токтой калып ал тарапка басты:
-эмне келдин?
-сагындым.
-кет бар. Экинчи келчу болбо. Жаман жолго азгырып, намысымды тебелеп буттун. Озуно башка оюнчук изде. Мен жаны жашоо баштагым келет...
-кел бирге баштайбыз?
-кантип?
-мен сага уйлонгум келет. Ак жолундан адаштырган озуммун, баарына кайыл болуп сени озумо туболуктуу жар кылып алсам дейм.
-жалган айтпай кетип калчы! Нурайдын козуно жаш чайпала, уну дирилдей чыкты. Марлен аны шылдындагандай угулду. Денесин калтырак басып бат-баттан кадамын шилтей окуу жайга кирип кетти. Бирок Марлен чын эле уйлонууну коздогон. Нурайды жакшы корот эле. Анын башка жигиттер менен конул ачып жургондорун да баарын билчу. Баарына кол шилтеп, Нурайдын намысын алганы учун озунун куноосун жуугусу келген. Нурайды жайына койбоду, окуусуна, жатаканасына барып тажата берди. Бир куну Нурай атайын чыгып, жатаканасынан алысыраак басып барып Марлен менен ачыкчасына суйлошууну эп корду. Экоо куугум тушуп калса дагы шашпай, арчанын тубундогу олтургучка кочук басып, жай суйлошуп калышты.
-Билем, сен куноонду ушинтип жуугун келет. Бирок турмуш оюн эмес да, бир кун болбосо бир куну айтасын, отумушумду жузумо саласын, ыйлатасын... Андыктан жакшына эле баарын унутуп жаны жашоо баштайлы. Мен турмушка чыккым келбейт, омур бою башы бош отсом деле мейли... Мен ак жоолука, апа болууга, аялдык аруу бакытка татыктуу эмесмин...
-Кой Нурай, андай дебе. Намысынан ажыраган, адашкан кыздар толтура. Сен бактылуу болушун керек, сени бактылуу кылууга мумкунчулук бер? Баарына мен озум куноолуумун, эч качан айтпайм, жузуно салбайм...!
Экоонун талашып тартышканы копко узап тун бир оокум болгондо гана ордуларынан турушту. Нурай макул болду. Марленди озу да жактырат эмеспи. Анын устуно озу келип алдында жалдырап турганда мумкунчулукту колунан чыгаргысы келбеди.
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   Alinur.96   20 Март 2016 - 18:53

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 10:50

Калганы кана
А
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Begai_kg   21 Март 2016 - 22:38

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Ну?
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   medisina90   22 Март 2016 - 16:55

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 33
  • Катталган: 22 Декабрь 15
  • Соңку аракети: 23 Авг 2016 23:30

ulantynyzchyyyy
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   22 Март 2016 - 17:31

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Ошентип Марлен ата-энесине айтып, алар кыздын айылдан экенине бир аз каршы болушканы менен эрке уулунун конулун кыя алышпай макул болушту. Бир сыйра куда-кудагыйга сарыпай алышып, себет жасашып айылга куда тушкону жоноп калышты. Насыр унчукпады, кызынын бактылуу болуп тынып кетиши эле керек да атага. Ал эми Зейнеп оз энеси болбосо дагы Нурайдын башка уй-булоого булоо болушун ойлоп ичи ачышып, кыйбай кыйла чырылдап каршы болду. Ото деле ашынган бай болбосо дагы оздоруно кенири жетээрлик дунуйосу бар, бирок айылдык уй-булоого куда болуп жаткандарынаМарлендин апасы Таттыгул нааразы эле. Зейнептин мынтип так секирип каршы болгону анын андан бетер жанын кашайтып заарын ичине катып аран олтурду. Ошентип тун бир оокум болгончо талашып-тартышып, калынын суйлошуп тойду да белгилеп салышты. Башында бири-бирин сынай караган эки тарап эми бакылдашып тан атканча каткырышып, жакшы ниеттерин айтышып, конулдуу олтурушуп тан агарып калганда гана куда тушуп келгендерди жылуу коштошуп узатып чыгышты. 10 кундон кийин тою болуп, башка уй-булоого келин болуп бараарын укканда Нурай ишенкиребей турду. Марлен болсо ага кун алыс келип, бир куну койнок тандаганы барышса бир куну алтын жасалга алганы барышып, курбулары менен алдыдагы тойго даярдык коруп оздорунчо эле асманда учуп журушту. Белгиленген кун да келди, Нурай аябай башкача сулуу болуп, ак койнок коркуно корк кошуп, укмуш жомоктогу периштедей келин болду. Той да дунгуроп жакшы отту. Насыр менен Зейнеп аябай сый корушуп, кызынын жакшы жерге тушконуно ичтеринен кубанышып, жалгыз кызы башка булоого кеткенине коно албай олтуруп калышты...
Улпулдогон ак жоолукчан Нурай кызыл халат кийип Марлендин уйундо кызмат кылып калды. Таттыгул той откоруп чарчаганына башында келинине анча киришпей, озу менен озу болуп журду. Ал эми Марлендин атасы Сапар тойдон бери ичип баш которбой жатканы жаткан. Дагы жакшы тополонсуз, тынч эле ичип жата берет экен... Марлен кундо достору менен кетип, уйго кеч келет. Анын бир тууган эжелери тойдон кийин эле оз-оз турмушу менен болушуп кетип калышкан. "окутуп алабыз" деп аябай соз берип алышканы менен той откондон кийин Нурайдын окуусу тууралуу бир да соз болгон жок. Бир айдай уйдон чыкпай кызмат кылган сон Нурай бир куну чай устундо кайын энесине карап акырын:
-апа, окуумдан кабар алып койсом жакшы болмок... деди тартынып.
-Эмнесинен кабар аласын? Ал окууну бутуп укмуш окумуштуу болуп кетмек белен? Марлендин окуусу жетет, келин деген уйдо эле олтурганы жакшы. деди да соз бутту дегенсип сыналгыны тикчие тиктеп олтуруп алды. Кечинде оздорунун болмосуно киргенде Нурай куйоосуно эркелей колун мойнуна артып:
-жаан, окутабыз деп алышкан го? Окуумдан барып кабар алып келеличи? деп жалдырай карады. Келинчегинин наздуу суранычына куйоосу каршы чыга албай макул болду. Эртеси эртелеп уй иштерин бат-баттан жасай салып экоо ээрчишип Нурайдын окуу жайына жоношту. Чын эле аны окутуучулары издеп жатышкан экен. Акча берип баарын суйлошушуп, бутургончо кеч болуп кетти. Кечке жуук гана чарчанкы келген уул-келинин Таттыгул колун бойрогуно таянып уйдун алдында заарын чача кутуп алды.
-Кайда журосунор бир ооз сурабастан кетип ыя?!
-Нурайдын окуусун бутуруп келдик.
-Ии де? Бир ооз айтып кетпейсинерби? !
-Силер уктап жаткан эленер.
-Ай бала, бул катынынды эмитен эркелетип айтканын аткарып уйротпогунун! Эртен эле оз башына муш болот! Эмне былтыясын сен? Эмитен бизди уулум экообузду чагыштырып коюп тултуюп турганын кара?! деп куйоосунун артында башын шылкыйта турган келинине атырылды.
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   tashbu   23 Март 2016 - 11:42

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 17:55
  • Жынысы:Аялзаты

Вааай калганычы:o
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   Nurdan01   23 Март 2016 - 14:46

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 45
  • Катталган: 18 Февраль 16
  • Соңку аракети: 30 Май 2016 02:21

Тезирээк жазынызчыыы
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   23 Март 2016 - 17:10

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Нурай кайын энесинин кысымынан бат эле чогуп кетти. Арыктагандан арыктап, маанайы жок жургону-жургон. .. Марлен да апасынын куулогонуно берилип, бара-бара келинчегине болгон мээрими азайып, корс мамиле кыла баштаган. Уйлонгонуно аз эле убакыт отуп Марлен уйго кеч келип, кээде таптакыр уйго тунобой калчу болду. Андайда Таттыгулго табылбай эле калат:
-уулум мурун кочолоп журсо мындай кыжаалат болчу эмесмин, анткени бойдок эле, тушунсо болот. Азырчы?! Келинчеги бар туруп уйго тунобогонун кандай ойлойун айтчы?! Баарына сен куноолуусун! Сен жакшы мамиле кылбайсын да, оюндагыдай болбой жатасын да ошого уйго келгиси келбейт! Аял деген амалдуу болгону жакшы, куйоосун ар кандай жол менен озуно имерип туруусу керек! А сен шомтуроп бир эрди эптей албайсын, же уйдогу жумушту кыйратпайсын, же элдин келиндериндей турлоп тамак жасай албайсын! Марленге бир нерсе болсо сенин башынды жулуп эле алам уктунбу?! деп каарып, каргап-шилеп далай заардуу создорду айтып салат. Нурай канчалык капа болуп, канчалык бул уйдон кетип калгысы келсе дагы ата-энесинин жузун жер караткысы келбей чыдап журду. Боюнда болушун кутуп "балким боюмда болуп калса небересине мээрим тогуп мени жакшы коруп калаттыр" деп умут кылып журду. Ан сайын боюна болбой, куттуруп калды. Марлен да ичип келип:
-уйлонгонубузго билинбегени менен жарым жыл болуп жатыптыр, эмнеге сенин боюнда болбойт? Тиги Талгаттын уйлонгонуно бир ай болду, бугун ашта олтурганда жакында ата болушун айтып мактанып, суйунчулоду. деп калды.
-Койчу Марлен, 6 ай аз эле убакыт да, элдер 10 жылдап кутот го, Кудайым берээрин унутпаса болуп калат. Сабыр кылалы, мен деле ойлонуп журом, эми баары Аллахтан да...
-А мен 10 жыл куто албайм! Эмне дагы жылдап кут дегени турасынбы? Айтып кощюн, эгерде дагы жарым жылда болбосо кетирем сени. Сендей туубас катындын мага кереги жок, уулдуу болуп кооп балалуу ата болушум керек мен! Озум жалгыз уул экеним жетет, эжелерим оз турмушу менен алек.. Атам менен апамын абалын тушуносун, жалгыз уул деп менин козумду карашат. Эртен кокустан мен бирнерсе болуп кетсем ким ата-энеми багат? Мага сен кооп уулдарды тороп беришин керек, кыз болбосун, угуп ал, 7 уул тороп беришин керек! 7 уул!!
-Марлен баары Аллахтан, Аллахым эмнени берсе ошону тороп берем, болду уктачы жаным, эртен соо болгонунда кенири суйлошобуз.
-уктабайм! Эмне кечке сагынган жоксунбу? Кеч келип бир аз суйлосом башын ооруп кеттиби?
-Койчу Марлен, андай дебедим го?
-Же эмне, эски суйуулоруну эстеп жатасынбы? Балким ошолордун бирине тийбепмин деп жургондурсун?
-Марлен жакшына болчу, эс алышын керек, эртен суйлошобуз. Нурай качандыр бир убакта бул создор айтылышын билген, сезген, атугул куткон... Марлен баарыбир айта турганын билип эле журсо дагы анын создору журогун муздатып турду. Уккусу келбей, "мас да" деп тенелгиси келбей болмодон чыгып баратканда
-Эмне мени тоготпой калдынбы? Ыя?! деп тенселип ордунан туруп келип колун Нурайга шилтеп калды. Эркектин кучтуу колу жаагына "чыз" эте тийгенде Нурай ачуу чанырып алды. Кайра кайын ата-кайын энесин ойготуп алуудан чоочулап оозун алаканы менен баса калып ыйлап жатты. Бирок Сапар менен Таттыгул баарын угуп эле жатышкан. Бир дубалдан эки жаштын создору даана эле угулат эле.
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Merry-RFDV   23 Март 2016 - 17:15

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 158
  • Катталган: 12 Июнь 15
  • Соңку аракети: 29 Янв 2020 20:08
  • Жынысы:Аялзаты

Таттыгулдун табасы канып жата берди. Сапар болсо келинин аяп, уулунун кылыгына ачууланып бирок уул-келиндин болмосуно бастырып кире албай аргасы тугонуп олтурду.
-Бар кирип болуштуруп кой, уулунду айтып десен бир аз?! деп аялына ачуулана карады.
-Тек кой, оздору чечишип алышат, эрди-катын урушат, эси кеткен болушат. Сен экообуз деле далай чыр-чатакты баштан откоргонбуз. Уулуна татыктуу тарбия бере албаган озунсун, ичип журуп мынтип сени тартып ичип жатат да! деп Таттыгул куйоосуно суйлонуп алды. Ал эми Марлен Нурайдын унун чыгарбай ыйлаганына андан бетер уруп, сабап салды. Качан гана озу чарчаганда термеле басып барып диванга сулк жыгылып конурукту кош тартып уктап калды. Бети башы кок ала болгон келин тагдырына таарына, ыйлап олтуруп олтурган жеринде козу илинип уктап кетти.
Ж ИВ И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Begai_kg   24 Март 2016 - 15:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 318
  • Катталган: 20 Апрель 13
  • Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Уландысы автор?
Salam baaryna
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   tashbu   26 Март 2016 - 18:18

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 108
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 17:55
  • Жынысы:Аялзаты

Уландысы барбы? Жазгылачы автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Alinur.96   26 Март 2016 - 22:45

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 213
  • Катталган: 09 Май 15
  • Соңку аракети: 26 Июн 2016 10:50

Автоор барсызбы
А
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   asko55   27 Март 2016 - 22:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 442
  • Катталган: 26 Май 14
  • Соңку аракети: 24 Июл 2025 22:56
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ош

Күтүп калдыкгоо автор
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   zeinura   02 Апрель 2016 - 12:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 12
  • Катталган: 23 Январь 16
  • Соңку аракети: 24 Сен 2016 07:32
  • Жынысы:Аялзаты

Жазгандайын толук жазып койбойсунарбы куттурбой, же жаз жаз деп созсуз сураныш керекби эмне?!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 22:13

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: