А жакшы анда
Кыргыз-өзбек чек арасы Чек ара маселеси
#203 22 Март 2016 - 14:16
Ушуга жеткизбей чек араларды тактап коюш керек болчу тилеке каршы бир дагы президенттин колунан келбеди. Башканын баарын таштап чек араны тактап тосуп койбосок ушинтип кире беришет.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#204 22 Март 2016 - 15:21
Каоимов абдан куу киши. Бул бийлике болгон чабуул окшойт Озбекстан тараптан. Элдин минтип чыгышын билген албетте. Эл чыкпаса озубузго калат,болбосо бийлигин кууп чыгарат дер,ушундай жол менее оч алгысы бар го муногу Галдирбайдан да дан....
#205 22 Март 2016 - 19:27
Балким бул нерсе оппозицияда жүргөндөрдүн ойлоп табуусудур.
Өзбек тарап менен сүйлөшүп, ушундай кадамга жасаган болсо керек деген ой кетет экен. Биздин бийликтин иштебээрин элге даана көрсөткүлөрү келип ушинтсе болот, ушинтсе эл толкуйт, бийликке нараазылык күчөйт, акырын гана алып коёбуз дешсе керек дейм да. Бул менин жеке оюм.
Кантседа мамлекетибиз тынч болсун! Карапайым элге зыянын тийгизбесе болду биздин тиги "эшекке минерлер"

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#206 23 Март 2016 - 10:22
Үйдө баатыр - жоодо жок!
Чүйдө баатыр - Ошто жок!
Чек ара жатса аңкайып!
Үйүндө жатат талтайып!
Мискенбаев кайдасың??
Чүйдө баатыр - Ошто жок!
Чек ара жатса аңкайып!
Үйүндө жатат талтайып!
Мискенбаев кайдасың??
Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
#207 23 Март 2016 - 10:58
#209 23 Март 2016 - 12:34
Кыргызстанга караштуу Унгар-Тоону Ункур-Тоо деп аташып Озбекстанга откоруп бергени жатышыптыр.
Тоонун жалпы аянты 45 гектарды тузот экен.
#210 23 Март 2016 - 12:37
12:00.Аксыдагы Унгар-Тоодон кыргыз тарап ретрансляциялоо станциясын алып кеткени жатат. Жогору жактан Кербен шаардык кеңешине станцияны жайгаштырууга жер караштырып берүү өтүнүчү менен кат келди. Муну Кербен шаардык кеңешинин депутатыЭргеш Озокеев SUPER.KGпорталына тастыктады.
2015-жылдын 11-ноябрында өкмөт отурумунда Унгар-Тоону "Үңкүр-Тоо" деп атап, тоону Өзбекстандын аймагына киргизүү боюнча токтом кабыл алынган. Тоодогу кыргыз тараптын станциясын жайгаштырууга башка жер издештирилсин деген чечим чыккан.Бул тоо атам-замандан бери эле кыргыздарга тиешелүү тоо. Кербендин ар бир тургуну, кичинесинен чоңуна чейин тоонун өзбектерге берилишине каршы чыгат. Азыр абал оор болуп турат, бул ого бетер кырдаалды козутуп жатат. Биз азыр эле бул маселени шаардык кеңештин сессиясында карап, өкмөттүн бул токтомуна каршы экенибизди билдирдик. Мындан башка жол издешсин" ,- деди Озокеев.
Маалымат үчүн:Кербен шаарынын аймагындагы Унгар-Тоодо жайгашкан ретрансляциялоо станциясы өлкөнүн түштүк аймагына кыргыз мамлекетинин жана Орусиянын негизги телеканалдарын көрсөтөт. Андан сырткары өлкөдөгү 5 радионун уктуруусун трансляциялайт. Унгар-Тоонун жалпы аянты 45 гектарды түзүп, деңиз деңгээлинен 1947 метр бийиктикте турат. Бул тоого байланыштуу да кыргыз-өзбек тараптарынын ортосунда талаштар орун алган. Акыркы жолкусу 2013-жылы болгон, аталган тоодогу станциядан фоторепортаж бул жакта.

#211 23 Март 2016 - 14:47
Ушинтип эле чексинен жерлерибизди коншу мамлекетке тарттыра беребизби? Ал токтомго ким кол койгон. бул кимдердин кылган иши болуп жатат? Ошол токтомдун кочурмосун элдерге таратып, чыныгы чыккынчылардын жүзү ачылып, өз жазаларын алышса экен.
#212 23 Март 2016 - 15:09
Ушинтип эле сатыла берсе озу да жерибиз аз кайда барабыз,андан коро россияга кошулуп алган онго
#213 23 Март 2016 - 15:49
Эл уже отуп бутту озбекстанга,
абал абдан олуттуу деп жатат. Атамбаев,Марина бийлик учун баарына даяр. Башка жерден жер берип анан абалжы жонго салат. Элди ойлобосо,маселени бтздин пайдабызга чечип бербесе эмне кереги бар бизге бул ХХХ ХХХ?!
Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 25 Март 2016 - 11:15
Түзөтүүнүн себеби: кадыр-баркына шек келтирүү
#216 23 Март 2016 - 17:00
Аксыда митинг болуп өттү
Бүгүн Аксы районунда митинг болуп өттү. Таӊ калычтуу жери, Өзбекстан аскерлерин талаштуу аймактан кууп чыгуу максатында чогулган бул митингчилер, Путинге проблеманы чечип берүүнү суранган кайрылуу жолдошту.
Туркистон:
Ташиев башчылык кылган бул митингдин максаты түшүнүксүз болуп аяктады. Алар – кудум иш жүзүндөгү өкмөт сыяктуу – Россиядан жардам сурап жатышат. Акыйкатта болсо, ушул эле күнү Атамбаев да Москвада Өзбекстандын баскынчылыгына каршы ЖККУнун кезектен тышкары жыйынын чакыртып отурган эле. Т.а. экөө тең Россиядан жардам сурап жатып, митингде “Атамбаев кетсин” деген сөздөр жаӊырып турду. Булар азыркы өкмөт аткара албай жаткан башка бирер чараны сунуштай алышпады. Экөө теӊ Россиядан жардам сурап жатат.
Кыргызстанда оппозициялык күчтөр да бир нече бөлүктөргө бөлүнүп барууда.
1) АКШчыл күчтөр: Булар Кыргызстанда Грузия сыяктуу түстүү революциянын тарапкерлери. Алар идеологиялык аракет болушпаса да, Батыш дүйнө карашы негизиндеги жашоо образын алып келүүнүн тарапкерлери. Булардын аракеттери Россия кызыкчылыктарына бүтүндөй тескери болуп, бийликти, башкаруу системасын түптөн өзгөртүүнү каалашат. Алар бийликти колго алышса, Кыргызстанды Батышка көз каранды кылып, аны менен бир багытта жүрүүчү мамлекетке айландырууга аракет кылышат. Бул нерсе албетте Украина сценарийин да кайталап калышы мүмкүн.
2)Россиячыл күчтөр: Бул оппозициялык күчтөр жогорудагылардан бүтүндөй айырмаланат. Алар учурдагы системаны бүтүндөй өзгөртүүнүн тарапкери эмес. Бул топтун тарапкерлери Акаевди жана Бакиевди кууп жиберишип, ордун ээлеп келе жаткан өзгөргүс элитанын өкүлдөрү. Алар болгону креслолорду гана башка чиновниктер менен алмаштырып алмакчы болушат. Иш жүргүзүү системалары дээрлик өзгөрбөйт. Аларды революционерлер деп эмес, “жетекчиликти алмаштыруу максатында аракет кылып жаткан күчтөр” деп атасак туура болот. Учурдагы бийликти да андан мурункуларды да кудум ушул топтогу жасалма революционерлер деп атоого болот.
Жогорудагы маалыматтын канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгын билбедим бирок каңырыкты түтөттү.Чоочуганда да Путин деп чочуй турган даражага жетип калганыбыз жакындан бери ачык айкын байкалып атат.Мамлекеттин көйгөйүн эмне үчүн өзүбүздүн бийлик чече албайт, ушунчалык алсызбы?!Же бул баягы эле саясаттын сасык оюнубу.Бийлик алмашып, түштүк толкуганы турганда "Ош коогалаңынын" да чыгып кетиши калпыс иш эмес эле.Жаз келип, баягы чукушмай, кубалашмай адатка айланган митинг "оюну"башталаардагы дагы бир ойлонуп иштелип чыгылган "фокустардын" бириби деген ойго кетет экенсиң.Бирок мынчалык "кара жүздүүлүккө" кыйгың келбейт.Бийлик үчүн кырчын өмүр кыйылып атса, жер дегени түккө турбаса керек.Булардын баары аргасыздан ойго келет экен.Кантсе да бул абалдын курчуп кетишине жол бербоо керек.Акыл калчак чондорубуз тушунсо, азыркы кырдаалда бийлик алмаштыруу, же бийлик учун митинг, которулуш душмандын чырагына май тамызып беруунун дал озу.АКШ менен Россиянын ортосунда чайналган Украинанын кейпин кийип калуудан сактасын.Же эки тоонун тирешуусу чымындай Кыргызстанга жетип келбесе экен.

#217 23 Март 2016 - 17:05
Ушунун бардыгы биздин билермандардын шалакылыгынан болуп жатат. Бул - шайлоо алдында элди алдап жашоону жомок кылабыз деген куру убадалардын жыйынтыгы болду. Эгемендүү өлкө болгонубузга 25 жыл өттү. 25 жыл - алакандай мамлекетибиздин чек араларын бекемдөөгө жетишээрлик убакыт эле. А бирок биздики баары тескерисинче болуп жатат. Эл ишенген ажолорубуз өз элине кыянаттык кылды, бири кытайга экинчиси казакка жерин сатты. Эми минтип өзбек дагы биздин жерге көз артып жатат. Аттиң ай Алымбек Курманжан даткалар жердеген, ушундай улуу инсандарыбыз башкарган Үңкүр Тоо жана башка жерлер ушинтип бир күнү кылдын учунда калаар беле. Ал эми анклавдарчы жергиликтүү элге тынчтык бербейт экен. Кыргызстандын аймагында туруп алып кыргыздарга үстөмдүк кылат экен. Эгер бийликтегилердин эрки жетсе ошол өзбектердин анклавдарын курчоого алсын. Бирда өзбек ошол анклавга кирип чыкпасын анан көрөт элек өзбектердин кутурганын
#218 23 Март 2016 - 17:49
Чынында бийлике бул жерибиз анча кызыктырбагандай корунуп жатат мага. Эгер кокустан макул болуп,бул жер озбектердики эле десе бийлик, анда жакшылык кутпош керек бул бийликтен.
Озунун чек арасын коргой албаган бийлик кандай бийлик болот?!
Биз кыргыздар эч качан бир карыш жерибизди берип коюп карап оозубузду ачып олтурбашыбыз керек.
Мейли бизди провакация кылып жатат,тигиндей кылып жатат, андай мындай десин бизди андып, бирок эч качан жерибизди тарттырып коюп жатпашыбыз керек.

#219 23 Март 2016 - 19:32
Бекназаровдун суйлогону жакты мага. Бир карыш жерди карматпайбыз деп окмотту бир сындап отту.
#220 23 Март 2016 - 19:44
Акыркы жаңылыктарга караганда өкмөт Үңкүр Тоону өзбектерге берүүнү көздөп жатат. Андай болсо Жалпы элдин каргышына каласыңар. Эл жалпы көтөрүлөт