Ассаляму алайкум,урматтуу бир туугандар!
"Ыйман казынасы"
жамаатында жарыяланып жаткан ибраттуу окуялар,аят-
хадистер,даанышман кишилердин создорун Суперстанга да жайгаштырууну туура кордук.
Кээ бир окуялар мурун да жарыяланышы мумкун.Болгону негизги максатыбыз-
элге туура маалымат жеткизуу!
"Ыйман казынасынын" асыл кенчи Кысса-окуялар,хадис-макалалар
#3 24 March 2016 - 15:35
ПАЙГАМБАРЫМ…МЕН АТАМ МЕНЕН АПАМДЫБЕЙИШТИН ООЗУНДА КҮТѲМ…
Нечен деген балдарыбыздын козжашына,мээрсиз осушуно,кусалыгын- сагынычынын баркына четке барып тапкантыйыныбыз арзыйбы.Ооба азыр балким экономикалык абалыбыз онолоор,а бироккелечегибизди тузо турган муунубуз мээрсиз оссо,эртеге мээр албаган коом мээрбере алабы???!
- Таяне.
- Оу балам.
- Телефонуңуз качан оңолот?
- Менин телефонум оң эле балам
- Балким өчүп калгандыр.
- Жок, күнүгө эле токко сайып атам.
- Кечөө өчкөн жок беле, таяне?
- Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.
- ...
- Эмне болду балам? Эмнеге сурадың?
- Түшүмө атам кирди. Эмне чалбай калдыңыз дедим.
- Анан эмне дейт?
- Таянеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого чала албай атам деп айтты...
- Аа, сени сагынып аткан го анда.
- Эмне атам да мени сагынабы таяне?
- Сагынат да балам. Албетте сагынат.
- Сагынса эмнеге чалбайт анда?
- Эми... балким чала албай аткандыр. Телефону бузулгандыр. ..
***
- Таяне, телефонуңуздутокко сайып койоюнбу?
- Ооба, ошентчи. Эртең менен уктап калбайлы.
- Эмне телефон жок болсо уктап калабызбы?
- Ооба да. Бизди күнүгө ушул ойготуп атпайбы.
- А атамды да телефон ойготобу?
- Ошентсе керек балам. Азыр элдин баары эле телефон карап калбадыбы?
- Анда атамдын телефону иштеп аткан турбайбы ээ?
- Иштебей анан? Атаң камдуу эмеспи. Иштеп аткандыр.
- Атамдын да телефону иштесе, сиздики да иштесе, анда эмнеге чалбайт?
- Ким билет. Балким, акчасы жоктур...
***
- Таяне, мен сабакка барбай эле койоюнчу.
- Эмнеге балам?
- Агай бүгүн классты сырдаганга 100 сомдон алып келбесеңер анда келбей элекойгула деген.
- Ой кечөө 100 сом бербедим беле.
- Таяне аны Россияга салып ийдим.
- Кимден салып ийдиң?
- Максаттын да атасы Россияга кетип атыптыр. Атама берип коюңуз деп берипийдим.
- Атаң эмне кылмак эле аны, э катыгүн!
- Бизге чалсын да таяне. Ал мени сагынып чала албай жүрөт го.
- Аа, кокууй. Кайдан да айттым эле.
- Эмне таяне, чалбайбы? Сагынбайбы бизди...
- Билбейм балам. Билбейм. Деги эмне дешти да билбей калдым...
***
- Таяне! Таяне! Телефон! Атам чалып атат!
- Кана! Кана бери алып келчи!
- Мына, таяне мына! Бол батыраак алыңызчы! Бол!
- Аллоо.. алоо... Жаку... Аа Батмаш сенсиңби? Бу неберем атам чалып ататдегенинен. .. Кандайсың өзүң, жакшысыңбы? Конок тосом дейсиңби? Кудаларыңбы? Аа,макул азыр берип ийем.
- Атам эмес бекен?
- Жок балам. Бул Батмаш тура. Сыр табак сурап атыптыр. Тур барып берип келчи.
- Барбайм!..
- Ой эмне болду? Тур барып берип кел... Э катыгүн сен ыйлап атасыңбы?
- Сиз эмнеге көпкө сүйлөшөсүз. . Бул телефонго атам чалат дебейсизби? Телефондубошот, Белектин атасы чалат дебейсизби? Ал сагынып чала албай жүрөт. КечөөБелек ага акча салып ийген, болду буга чалбагыла дебейсизби? !...
***
- Э Белек, сен эмнеге атам эле атам дейсиң? Апаңды унутуп калдыңбы?
- Жок.
- Анда эмнеге аны айтпайсың?
- Мен аны жаман көрөм.
- Эмнеге?
- Апам күнүгө эле «акча жок. Бул жумушуңан чыгып башка жакка иштебейсиңби. Россияга деле барсаң боло» дей берип атамды кетирип ийген. Апам антпегенде бизбаарыбыз чогуу жашай бермекпиз.
- Аа, балам. Анан жашаш керек да. Акча деген жетпей атпайбы?
- Жетет болчу. Акчанын кереги жок болчу мага. Атам эле керек болчу. Мейлиакчасы жок болсо деле мейли. Андан балмуздак да сурабайт болчумун. Ботинка,машина, конфет да сурабайт болчумун. Атам эле келсе болмок...
***
- Э Бекинтай, кана телефон?
- Менде таяне.
- Э ботом, аны эмне алып алдың?
- Сиз намазда отурганда атам чалып калабы дегем.
- О каралдым десе! Келе эми, панарын жагып эшикке чыгып келейин.
**
- Белек, Бекинтай. Келе гой каралдым мобу дарыны ичип алчы, садага...
- Таяне, мен болду апама таарынбайм.
- Алда каралдым ай. Куса болуп ооруйт деген ушу тура. Апаң кара жерге кирсинчиошо. .. Чычкандай баланы бир ойлоп коюшпай...
- Түшүмө сиз айткан Мухаммед Пайгамбар кирди, таяне. Ал апаңа таарынба. Ападеген баарынан ыйык деди.
- Аа каралдым. Түшүңөн садага болоюн сенин. Түшүңдөн садага кетейин.
- Таяне, мен дары ичпей эле койоюнчу.
- Эмнеге балам. Ичпесең ооруп каласың да.
- Мейли. Ооруй берейинчи.
- Кой антпе. Оору деген жаман да.
- Билем, таяне. Эгер ооруп өлүп калсам, атам менен апам кайра келишет да.
- Ок кокуй, антип айтпа! Жаман болот!
**
- Бекинтай, Белек! Карачы биз келдик.
- Пайгамбарым сизсизби? Сиз келдиңизби? Атасы келбегендерге келем дебедиңизбеле. Мен сизди аябай күттүм. Атам да келбей койду. Апам да келбей койду. Анансиз да кечиктиңиз. Түшүмө да кирбей калдыңыз... Мен баарыңды сагындым... Менибул жерге калтырбагылачы. ..
- Бекинтай, сен эмне деп атасың? Бул биз апаң менен атаң... Сен катуу оорупаткан турбайсыңбы Бекинтай. Эмне деп атасың? Көзүңдү аччы...
- Пайгамбарым, сиз аларга ачууланбаңызчы. .. Балким алар менден жакшы бала таапалышкандыр. Балким, мен жаман бала болгондурмун. .. Бирок, мен аларды баары биркүтөм. Бейишке кир десе да кирбей, оозунда туруп күтөм. Акыры келишээр мага...Акыры ошол жерге келишээр...
- Бекинтай... Белеек...

#5 24 March 2016 - 15:39
АЛ УШУНДАЙ ЖИНДИ...
Күйөөсүнүн жана балдарынын ушунчалык сый – урматына татыган аялдын мындай бакубат жашоого кантип ээ болгондугу тууралуу баяны....
Ал аял сөзүн минтип баштады:
“Биз жолдошум экөөбүз турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашып калды. Ушул жыйырма жылдын ичинде бетимде жылмаю пайда болуп, жашоонун ырахатын сезип бактылуу жашаган күндөрүм аз болду. Жашообузда күн сайын уруш – талаш, акыйнек айтышмай. Ошентип жүрүп бир күн бир китептен бир аалымдын айткан сөзүн окуп калдым. Ал мындай болчу: “Эркек адам аялы менен болгон мамилесинде аялын жинди деп билүүсу керек, ал эми аял адам күйөөсү менен болгон мамиледе күйөөсүн жинди деп билүүсү керек”- деп, жазыптыр. Биринчи бул нерсеге акылым жетпей таң калдым. Мындай нерсе кантип эле болсун деп. Бирок бул нерсеге көнүл деле бурбай койдум. Анткени жолдошум жогорку билимдүү, акыл эси жайында, ден соолугу жакшы эле. Үй бүлөмдү бактылуу кылуу үчүн жашоодо бардык жолдорун колдонуп көрдүм. Бирок эмнегедир тыянак чыкпай жатты. Акыры ажырашууга да аз калды. Айлам жоктугунан улам жанагы аалымдын айткан сөзун жашоомдо бир колдонууну чечтим. Мына ошондо ошол сөздү жашоомдо колдонгонума эч өкүнбөймүн. Тескерисинче кайра-кайра ушунчалык сүйүнөм.Ошол күндөн баштап менин бактылуу жашоом башталды.
Анткени жолдошум экөөбүздүн арабызда ызы чуу, уруш – талаш башталганда мен өзүмдү кармап, ага теңелбей, өз ичимден өзүмдү жоошутуп кирем: “Сен ага тенелбе ал ушундай жинди, анын ден соолугу жайында эмес, Аллахым өзу шыпаа берсин. Ал эмне дегенин өзү билбейт. Эгер анын акылы жайында болгондо бул нерсени айтмак эмес, бул нерсени кылмак эмес”, – деп.
Бир канча убакыт ушинтип өзүмдү кармап ага тен келбей жүрдүм. Албетте кээде өзүмдү араң кармандым. Бирок сабырдуулуктун баары акыры мага женишти алып келди. Жолдошум да акыркы күндөрү ага карап сөз кайтарбашымды, ага карап акыйнек айтышпаганымды байкап жатты. Күндөн күнгө ага болгон мамилемдин сылыктыгын жана жумшактыгын сезгенин көздөрүнөн, сүйлөгөн сөздөрүнөн байкап жүрдүм. Ал да мага жылуу мамиле кыла баштады. Мурдакыдай үнүн бийик чыгарып кыйкырбай калды. Акыры барып жаңы түрмуш курган жаш жубайлардай болуп калдык. Биздин үйдө согуштун ак байрагы көтөрүлдү. Тынчтык өкүмү сүрө баштады. “Сабырдын түбү сары алтын” – дегени мына ушул турбайбы “,-деп акылдуу аял сөзүн аяктады.
Аял-эркек маселесинде ким унчукпай койсо,ошол утат.

#6 24 March 2016 - 15:40
#8 24 March 2016 - 15:45
-Сенин оюңча программист барбы?
-Албетте жок!Программалык код кѳптѳгѳн килтейген байттардын биригүүсүнѳн ѳзүнѳн ѳзү эле жаралып калган да.

#9 24 March 2016 - 15:47
БАКЫТ ДЕГЕН ШЫЙРАКТА ЭМЕС ЫЙМАНДА
Узун буттар эмне кылып кыйратты,
Биз эмнеге көрсөтөбүз шыйракты?
Эркектердин сүлүк куртун козготуп,
Буттарыбыз шайтандарды жыргатты.
Көздөр жанып, шилекейлер куюлса,
Аппак шыйрак бейиш сындуу туюлса,
Бул дүйнөдө пери болуп жыргасак,
Тигил жактан тозок күтөт буюрса...
Алманын да кабыгы бар коргогон,
Аары дагы балын катып тордогон.
Эсибиз жок ачык жүргөн жан болдук ,
Жараткандын эрежесин кордогон.
Эсиң барда этегиңди жапкын деп,
Ойсоктобой өз жарыңды тапкын деп,
Туура айтыптыр Умай сындуу энелер,
Мага дагы, сага дагы айкын кеп...
Жүрөктөргө бейиш рухун салалы,
Акырындап ак шыйракты жабалы.
Куран нуру жүрөктөрдү жаркытсын,
Бар бакытты ыйман жолдон табалы!!
Автор: Жибек Акматбекова
Узун буттар эмне кылып кыйратты,
Биз эмнеге көрсөтөбүз шыйракты?
Эркектердин сүлүк куртун козготуп,
Буттарыбыз шайтандарды жыргатты.
Көздөр жанып, шилекейлер куюлса,
Аппак шыйрак бейиш сындуу туюлса,
Бул дүйнөдө пери болуп жыргасак,
Тигил жактан тозок күтөт буюрса...
Алманын да кабыгы бар коргогон,
Аары дагы балын катып тордогон.
Эсибиз жок ачык жүргөн жан болдук ,
Жараткандын эрежесин кордогон.
Эсиң барда этегиңди жапкын деп,
Ойсоктобой өз жарыңды тапкын деп,
Туура айтыптыр Умай сындуу энелер,
Мага дагы, сага дагы айкын кеп...
Жүрөктөргө бейиш рухун салалы,
Акырындап ак шыйракты жабалы.
Куран нуру жүрөктөрдү жаркытсын,
Бар бакытты ыйман жолдон табалы!!
Автор: Жибек Акматбекова
#11 24 March 2016 - 15:50
#12 24 March 2016 - 15:52
ЛОТОРЕЯГА ТЫЮУ САЛЫНЫП ЖАТАТ
2012 жылдан бери биздин өлкөбүздө мыйзам негизинде казинолордун(кумарканалар) ишмердүүлүгүнө расмий тыйюу салынган.Арадан эки жыл өтүп,2014 жылы ушундай эле тыюу букмекердик кеңселерге жана тотализаторлорго да тийиштүү болуп калган.Бирок коомчулукта кумарга алдырган адамдардын акчасына кызыккан шылуундар казино жана букмекердик ишмердүүлүктү лотореянын терисин жамынып алып,кылып келе жатканын баары эле бие бербесе керек.Ислам аалымдарынын пикири боюнча лоторея ойноо-арам иштердин катарына кирет.Жакында Кыргызстанда, буюрса лотерея ишине тыюу салынат. Тармактык комитет депутаттар тобу тарабынан сунуш кылынган Кыргызстанда лотерея ишине тыюу салуу демилгесин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Демилгечи топ баса белгилеп кеткендей, КР Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык «Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн» деп белгиленген. Анткени, лотерея ойнотуу жарандарда кумарды пайда кылып, ага көз карандылык пайда болот.Ошондой эле жакында “Элдик лотореянын” айнасындагы миллиондогон акчалардын махинациялык жол менен жок болгону,мамлекетке көптөгөн суммадагы салык жашырылып,төгүлбөй калганы да коомчулукту дүрбөттү. Казино,букмекердик кеңселердин жабылышына жана лотореяларды тыюу салуу боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси болгон ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровтон Аллах ыраазы болсун!

#13 24 March 2016 - 16:32
БАКЫТ ДЕГЕН ШЫЙРАКТА ЭМЕС ЫЙМАНДА
Узун буттар эмне кылып кыйратты,
Биз эмнеге көрсөтөбүз шыйракты?
Эркектердин сүлүк куртун козготуп,
Буттарыбыз шайтандарды жыргатты.
Көздөр жанып, шилекейлер куюлса,
Аппак шыйрак бейиш сындуу туюлса,
Бул дүйнөдө пери болуп жыргасак,
Тигил жактан тозок күтөт буюрса...
Алманын да кабыгы бар коргогон,
Аары дагы балын катып тордогон.
Эсибиз жок ачык жүргөн жан болдук ,
Жараткандын эрежесин кордогон.
Эсиң барда этегиңди жапкын деп,
Ойсоктобой өз жарыңды тапкын деп,
Туура айтыптыр Умай сындуу энелер,
Мага дагы, сага дагы айкын кеп...
Жүрөктөргө бейиш рухун салалы,
Акырындап ак шыйракты жабалы.
Куран нуру жүрөктөрдү жаркытсын,
Бар бакытты ыйман жолдон табалы!!
Автор: Жибек Акматбекова
Узун буттар эмне кылып кыйратты,
Биз эмнеге көрсөтөбүз шыйракты?
Эркектердин сүлүк куртун козготуп,
Буттарыбыз шайтандарды жыргатты.
Көздөр жанып, шилекейлер куюлса,
Аппак шыйрак бейиш сындуу туюлса,
Бул дүйнөдө пери болуп жыргасак,
Тигил жактан тозок күтөт буюрса...
Алманын да кабыгы бар коргогон,
Аары дагы балын катып тордогон.
Эсибиз жок ачык жүргөн жан болдук ,
Жараткандын эрежесин кордогон.
Эсиң барда этегиңди жапкын деп,
Ойсоктобой өз жарыңды тапкын деп,
Туура айтыптыр Умай сындуу энелер,
Мага дагы, сага дагы айкын кеп...
Жүрөктөргө бейиш рухун салалы,
Акырындап ак шыйракты жабалы.
Куран нуру жүрөктөрдү жаркытсын,
Бар бакытты ыйман жолдон табалы!!
Автор: Жибек Акматбекова
Керемет к е р е м е т !
#14 24 March 2016 - 16:55
ЛОТОРЕЯГА ТЫЮУ САЛЫНЫП ЖАТАТ
2012 жылдан бери биздин өлкөбүздө мыйзам негизинде казинолордун(кумарканалар) ишмердүүлүгүнө расмий тыйюу салынган.Арадан эки жыл өтүп,2014 жылы ушундай эле тыюу букмекердик кеңселерге жана тотализаторлорго да тийиштүү болуп калган.Бирок коомчулукта кумарга алдырган адамдардын акчасына кызыккан шылуундар казино жана букмекердик ишмердүүлүктү лотореянын терисин жамынып алып,кылып келе жатканын баары эле бие бербесе керек.Ислам аалымдарынын пикири боюнча лоторея ойноо-арам иштердин катарына кирет.Жакында Кыргызстанда, буюрса лотерея ишине тыюу салынат. Тармактык комитет депутаттар тобу тарабынан сунуш кылынган Кыргызстанда лотерея ишине тыюу салуу демилгесин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Демилгечи топ баса белгилеп кеткендей, КР Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык «Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн» деп белгиленген. Анткени, лотерея ойнотуу жарандарда кумарды пайда кылып, ага көз карандылык пайда болот.Ошондой эле жакында “Элдик лотореянын” айнасындагы миллиондогон акчалардын махинациялык жол менен жок болгону,мамлекетке көптөгөн суммадагы салык жашырылып,төгүлбөй калганы да коомчулукту дүрбөттү. Казино,букмекердик кеңселердин жабылышына жана лотореяларды тыюу салуу боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси болгон ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровтон Аллах ыраазы болсун!
2012 жылдан бери биздин өлкөбүздө мыйзам негизинде казинолордун(кумарканалар) ишмердүүлүгүнө расмий тыйюу салынган.Арадан эки жыл өтүп,2014 жылы ушундай эле тыюу букмекердик кеңселерге жана тотализаторлорго да тийиштүү болуп калган.Бирок коомчулукта кумарга алдырган адамдардын акчасына кызыккан шылуундар казино жана букмекердик ишмердүүлүктү лотореянын терисин жамынып алып,кылып келе жатканын баары эле бие бербесе керек.Ислам аалымдарынын пикири боюнча лоторея ойноо-арам иштердин катарына кирет.Жакында Кыргызстанда, буюрса лотерея ишине тыюу салынат. Тармактык комитет депутаттар тобу тарабынан сунуш кылынган Кыргызстанда лотерея ишине тыюу салуу демилгесин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Демилгечи топ баса белгилеп кеткендей, КР Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык «Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн» деп белгиленген. Анткени, лотерея ойнотуу жарандарда кумарды пайда кылып, ага көз карандылык пайда болот.Ошондой эле жакында “Элдик лотореянын” айнасындагы миллиондогон акчалардын махинациялык жол менен жок болгону,мамлекетке көптөгөн суммадагы салык жашырылып,төгүлбөй калганы да коомчулукту дүрбөттү. Казино,букмекердик кеңселердин жабылышына жана лотореяларды тыюу салуу боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси болгон ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровтон Аллах ыраазы болсун!
Ушул нерсе жок болуш керек. Бул лотерея дегени кумардан калышпаган нерсе.
**************************
#15 24 March 2016 - 16:58
Автор жакшы тема ачыпсыз. Аллах ыраазы болсун сизден.
**************************
#17 28 March 2016 - 15:54
АДЕПСИЗ ИЛИМ-МӨМӨСҮЗ ДАРАК СЫМАЛ!
Азрети Баязид Бистамиден сүйгөн адамдарынан бир канчасы:
-Баланча шаарда аалым олуя бир зат бар, анызыяратка баралы,- деп суранышат.
Акыры булардын көңүлү калбасын депөтүнүчтөрүн кабыл кылып, ал затты зыярат кылыш үчүн жолго чыгышат. Акыры ошолзат жашаган жерге келип жетишет. Мечитти сурап, ошол тарапты көздөй басышат.Мечитке дал 200-300 метр калган кезде баягы затты көрүшөт.
Дароо:
-Мына устаз, биз айткан мубарек зат ушул адам, - дешет.
Ал зат ошол убакта жерге түкүрөт.
Ошондо Баязид Бистами :
-Артка кайталы, аны менен көрүшүүнүн кереги жок, - дейт.
Жанындагы адамдар кайрадан болбой суранышат.
-Устаз, ушунча жол жүрүп келдик, ал мубарак заттыкөрбөстөн кантип артка кетебиз, - дешет. Бирок, алардын бул өжөрлүктөрү пайда бербеди. Баязид Бистамихазреттерин жакшы көргөн бул адамдар:
-Аалым, олуя зат, бир көрүшсөк жакшы болмок, - дешкенде Бистами хазреттеримындай дейт
-Ал адам олуя жана аалым боло албайт. Кыбылатарапка түкүрдү. Бул адам Расулуллахка карата сакталуусу керек болгонадептерден бирин сактабады. Олуя болуш үчүн сакташ керек болгон адептерди дагысактай албайт. Эч бир адепсиз адам Жараткан Аллахтын олуя, сүйүктүү кулу болоалган эмес.
Ошондуктан алган илимибизге алгач амалкылбасак, анда мөмө бербеген дарак сымал болобуз.Илим бул бир дарак болсо,ал эмианын мөмөсү-мыкты адеп-ахлак жана сыпайы мүнөз.Илимдин көбөйүүсү-ага амалкылууда, ал эми амалдын көбөйүүсү-кылган амалдарды жокко чыгарууда!

#18 28 March 2016 - 16:30
БОЛГОН НЕРСЕГЕ ТОПУК КЫЛУУ-БАКТЫЛУУ ЖАШООНУН АЧКЫЧЫ!
Сууда жашаган кандайдыр бир балык суунун кадырын билбейт,суудан чыгарып койсоң, кайра сууга жетиш үчүн жан алакетке түшөт. Адамдар дагы далушундай болушат. Колунда турган жакшылыктардын шүгүрүн анык биле албайт,жамандын жаманын көрмөйүнчө, башынан өтмөйүнчө анча түшүнө бербейт.
Бир падыша кулу менен бирге кемеге түшөт. Кул эч качандеңиз көрбөгөн жана кеме машакатын тартпаган эле. Онтоп ыйлап баштайт. Калтыраптитирейт. Сооротуш үчүн канча аракет кылышса да басылбайт. Падышанын тынчыкетет.
Кемедегилер эмне кылууну билбей турган кезде карыя бирадам падышанын алдына чыгат, уруксат берсеңиз, мен анын үнүн басайын дейт.Падыша мунун сунушун жактыруу менен кабылдайт.
Карыянын буйругу менен кулду деңизге ыргытышат. Кул бирнече жолу сууга чөгүп, кайра чыгат. Кийин чачынан кармап, кеме тарапкатартышат. Кул кемеге жакындаганда эки колу менен жипке бекем карманат, ошентипкемеге чыгып, бир бурчка кадалып энтигип отуруп калат.
Карыянын кылган жоругу падышаны таң калтырат.
-Бул ишиңдин сыры эмне? - деп сурайт.
Карыя адам жооп берет:
-Кул алгач сууга чөгүү, тумчугуп өлүү коркунучун башынанөткөргөн эмес. Ошондуктан кемедеги жан саламатынын кадырын билбеди. Мына,тынчтык жана бакыт ушундай болот, бир жамандык көрбөгөн адам көңүл тынчтыгынынкадырын биле албайт.
Жашоодо кандай гана кыйынчылыкка кабылбаңыз, ар дайыммындан да жаман абал болуусу мүмкүн экендигин унутпаңыз!

#19 28 March 2016 - 16:34
ТАБЫШМАКТУУ САДАКА КУТУЛАРЫ!
Садака берүү-Ислам дининин эң бир кооз жана коомго пайдалуу өкүмү экендигинкөбү биле бербесе керек.Анткени коомдун колунда бар бөлүгүнүн мүлкүндөжетим- жесирлердин, аярлуу бөлүктөгү адамдардын акысы бар эмеспи.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Оорулууларыңардысадака берүү менен дарылагыла” деген осуятын эске алсак,анда алгач элеооруганда доктурга эмес,а балким садака берүүгө шашканыбых максатка ылайыкболмок. Садака-көптөгөн балээ-кырсыктардын эшигин жабат жана берип жаткан кишидеырайымдуулук сапатын жаратат.Бейиш- жоомарт(берешен) кишилердин мекени!
Сиздер сүрөттөн көрүп турган таш жөнөкөй эмес.Бул садака ташы!
Жети ааламды бириктирип турган Осмон падышачылыгы учурунда(XIII кылымдан XX кылымдын башына чейин) мындай садака таштармечиттердин астында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулган экен.Башка садакакутуларынан айырмасы,анын садака сала турган оозунун ачыктыгында. Садака берипжаткан адам колун таштын оозуна киргизип тыйынын таштап кетет экен.Акчага муктажболгон кимсе болсо,колуну таштын оозуна салып,өзүнө керек болгонун алыпкетчүү. Башкача айтканда садака берген киши да,салган киши да белгисиз бойдонкалган.
Садаканын эң жакшысы-купуя берилгени дегенин эске алсак,бул эң элетапкычтыктын бийик деңгээли.Берип жаткан адам рийадан(эл көрсүн,кожо көрсүн)алыс болуп,ал эми алып жаткан муктаж адам ашыкча уялбастан эле акчаны алып кетеберген!

#20 28 March 2016 - 16:36
КИМ КАРЫП ДА ,КИМ ЖЕТИМ?
Ээси эрксиз эл карып,
Эгилбеген жер карып.
“Мингени” ыйман болбосо,
Министр, аким,мэр карып.
Арамдан келген пул карып да,
Азатсыз өткөн кул карып.
Кудайды көзгө илбеген,
Курандан бир сөз билбеген.
Пара,ушакка “кактанып”,
Мансабы учса,мактанып.
Такыбалыкта көз сокур,
МЫНА ушулар НАК КАРЫП!!!
Балыгы жок көл жетим,
Ээн жаткан чөл жетим.
Сүйлөбөсө тил жетим да,
Сезими жок дил жетим.
Атасы өлгөн бир жетим да,
Апасы өлгөн миң жетим.
Жолоочусуз жол жетим да,
Жумушу жок кол жетим.
Толтура этти кайнатып,
Астына алоо жакпаса.
Девзире палоо баспаса,
Кара казан,шол жетим.
Канчалык даамдуу болсо да,
Жеелбей калган аш жетим.
Аллахты аңдып,билбеген,
Дин Исламын кээриген.
Мекенине күйбөгөн,
Эне тилин жээриген.
Ата-энеси болсо да,
Ушундайлар НАК ЖЕТИМ!!!
Ээси эрксиз эл карып,
Эгилбеген жер карып.
“Мингени” ыйман болбосо,
Министр, аким,мэр карып.
Арамдан келген пул карып да,
Азатсыз өткөн кул карып.
Кудайды көзгө илбеген,
Курандан бир сөз билбеген.
Пара,ушакка “кактанып”,
Мансабы учса,мактанып.
Такыбалыкта көз сокур,
МЫНА ушулар НАК КАРЫП!!!
Балыгы жок көл жетим,
Ээн жаткан чөл жетим.
Сүйлөбөсө тил жетим да,
Сезими жок дил жетим.
Атасы өлгөн бир жетим да,
Апасы өлгөн миң жетим.
Жолоочусуз жол жетим да,
Жумушу жок кол жетим.
Толтура этти кайнатып,
Астына алоо жакпаса.
Девзире палоо баспаса,
Кара казан,шол жетим.
Канчалык даамдуу болсо да,
Жеелбей калган аш жетим.
Аллахты аңдып,билбеген,
Дин Исламын кээриген.
Мекенине күйбөгөн,
Эне тилин жээриген.
Ата-энеси болсо да,
Ушундайлар НАК ЖЕТИМ!!!

Супер-Инфо
super.kg
видео