Суперстан: Кулагыңа күмүш сырга - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Дин жана философия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Кулагыңа күмүш сырга Адептүүлүк ыймандан

#61 Пользователь офлайн   Meruet84   27 Февраль 2016 - 09:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

) Диндеги ыймандуу аял :1. 70олуядан абзел 2.Аллах Таала аны хурайндын жетимиш эсе сулуу татынакай кылып коёт.3.70мин периште бир кана анын кийимдерин которушот .4.Куйосуно тамак берсе 12жылдык нафил ибадаттын сообу берилет.5.70мин периштенин хурайндын ээси болот.6.Куйоосун якуттан (жемчуг) жасалган аттын устундо кутуп турат.7.Куйоосуно баш ийсе жаннаттын каалаган эшигине кире алат.8.Айттырбай массаж кылса куйоосун 1кг алтынды садага кылгандын сообу берилет, айттырып кылса 1кг кумушту садага кылгандын сообу берилет.9.Куйоосун ыраазы кылса , дуйнодон отсо ага Бейиш ваажип болду.10.Боюнда бар аялдын 2рекет намазы жонокой аялдын 80 ракат намазынан абзел.11.Куйоосунун чарчап келгенин коруп , жакшылап тосуп алса жарым жихаддын сообу берилет.12.Тункусун баласынын ыйлаганын себебинен уктай албаса 20кул бошоткондун сообу тиет.13.Куйоосун мээрим коз менен караса , Аллах Таала ал аялга мээрими менен назар салат.14.Оорулу баласынын себебинен уктай албаса баардык кунооолору кечирилет жана 12 жыл ибадат кылгандын сообу берилет.15.Эгер боюнда болсо туну ибадат, куну -орозо эсептелинет.  16.Бала торогондо ошол аялдын амал китебине Аллах Таала 70жылдык намаздын сообун жаздырат.17.Бала тороп жаткандагы кыйынчылыктарынын эсебинен ар бир ооруган тамыры себептуу , ар бир тамырынын ооруганынын ордуна Аллах Таала 1Хаждын сообун жазат.18.Баласына сут эмизсе 1жылдык намаз жана орозонун сообу берилет.19.Пайгамбарыбыз С.А.В айткан :""Менин уммотумдогу жакшы аял -кимисинин калыны аз болсо "".20.Диндеги баласы бар аялдын диндеги баласы жок аялдан айырмасы -82жылдык ибадат.21.Пайгамбарыбыз С.А.Вайткан :""Бул дуйнодо кимде 4нерсе болсо бул дуйно жана акыретте жакшылыгын тапты :1) Зикир кылуучу тил ,2)Шугур кылуучу журок ,3) Кыйынчылыкты которуучу дене ,4) Куйоосун сыйлаган жана анын малын сактоочу аял "".22.Эгерде уйдогу баардык нерсени Биссмиланы айтып баштаса , уйдогу баардык нерселер ал учун дуба жана истигфор кылышат.Ошондой эле ичип жеген нерселеринде береке болот.Эгерде аялда динде кызыгуу , сооп иштерге кызыгуу пайда болсо келечектеги балдарына да таасир этет.Аял киши жакшы журсо балдары да туз журот.Анткени , тарбия беруудо коп убакыт энеге тийиштуу.




Биз мусулман жаштары.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   28 Февраль 2016 - 11:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Абдишүкүр ажы Нарматов:“Бизде экономикалык эмес, адеп-ахлак кризиси болууда”

Жакында белгилүү диний аалымдар Чубак ажы Жалилов менен Абдишүкүр ажы Нарматовдор Москвада иштеп жүрүшкөн кыргызстандык эмгек мигранттары менен жолугушуп келишти. Алдын ала белгиленген ал жолугушууга 15 миңден ашык жердештерибиз келишип, 10 миң орунга ылайыкташтырылган мечитке көпчүлүгү батпай, сыртта калышкандыгы тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазышты. Биз ошол жолугушуу, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу Абдишүкүр ажы менен маектештик.
-Абдишүкүр ажы, ушул иш чаранын максаты, кимдер тарабынан уюштурулгандыгы тууралуу айтып берсеңиз.
- Бисмилла рахмаани рахиим. Уюштуруу иштери Муфтияттын Россиядагы өкүлү Бакыт Тополоңов аркылуу Россия мусулмандарынын муфтийи Равил Гайнутдинов, Москва шаарынын муфтиянын жана жергиликтүү коопсуздук кызматтарынын уруксаты жана макулдугу менен жүргүзүлдү.
Белгилеп коё турган жагдай, Кыргызстанда сөз эркиндиги, демократия кандай болсо, дин эркиндиги да Кудайга шүгүр, ошондой. Тилекке каршы айрым чет өлкөдөн келген миссионерлер динибизди бузуп, жаштарыбызды тескери жолго азгырып жаткан учурлар да кездешүүдө. Анын ичинде Россиядагы мекендештерибиздин алданып Сирия жана башка жактарга кетип калган учуру да кездешүүдө. Андыктан биз ушундай азгырылган жаштарга да туура маалымат, багыт берүүнү көздөдүк.
-Сиздерди Россия бийлиги, жердештерибиз кандай тосуп алышты?
- Чындыгында бул биздин Москвага жана Россиянын башка шаарларындагы мигрант мекендештерибиз менен биринчи жолугушуубуз эмес. Жылда эле Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Иркутск, Омск, Казань сыяктуу кыргыздар көп жайгашкан шаарларга барып, аларга ислам динин баалуулуктары тууралуу айтып, суроолоруна жооп беребиз. Эмнегедир быйыл Москвага барганыбыз өзгөчө болду. Балким, жаштарыбыздын да аң-сезими өсүп. Рухий, диний азыкка суусап калышкандар? Анткени өткөн жылы ачылган 10 миң орундуу мечитке келгендер батпай, сыртта туруп калгандар да болду. Сыягы, 15 миңдей кыргыздар келишти окшойт. Мени кубандырган дагы бир жагдай, алыста, башка диндегилердин арасында жүрүшсө да, ислам динин кармап, жоолук салынган кыз, келиндерибиздин да көптүгү болду. Саат бирде баштала турган жолугушууга 12де эле келип, орун ала башташыптыр.
Россиянын муфтияты менен укук коргоо кызматкерлери бизди кучак жайып тосуп алгандан тышкары баардык керектүү шарттарды түзүп беришти. Себеби элдин көптүгүнөн жолдорго батпай, коопсуздук кызматкерлери коштоп жүрүштү. Бир чети бул жолугушууга Россиянын бийлиги да кызыкдар болду. Анткени аларга кыргызстандык мигранттардын мыйзамды бузбай, тартиптүү жүргөндүгү керек эмеспи. Дагы бир белгилеп коё турган жагдай, ФСБнын бир генерал-майору “Ушунча өз элине кадыр-баркы бар кандай адамдар болду экен? Алар менен көрүшүп, колун кармасам болот эле”,- дептир
-Сиздин алгачкы сөзүңүз эмнеден башталды?
- Албетте, мен эң оболу Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жердештерибизге айткан аманатын билдирдим. Ошондой эле Россиянын азирети муфтийи Равил Гайнутдиновдун куттуктаган каалоо-тилегин айттым. Тилекке каршы жакында Москвада он жараныбыз тилсиз жоого кабылып, каза болушпадыбы. Андыктан алардын жана башка ар кандай кырсыктардан каза тапкан жердештерибиздин арбагына багыштап куран окуу менен баштадык. Ушул өрттөн жана башка кырсыктардан өмүрү кыйылгандардын баары шейит кеткендер болуп саналат. Анткени Ыйык Куранда ким эгер үй-бүлөсүн багам деп каза болсо, анда шейит боло тургандыгы айтылган. Мен сөзүмдү ушундан баштадым. Ошондой эле “Жихад” түшүнүгүн туура эмес кабыл алып, Сирия жана башка согуш оту тутанган аймактарга кетип жаткандардын да ислам жолунан адашкандыгы тууралуу сөз болду.
- Абдишүкүр ажы, азыр жаштардын арасында үй-бүлө кургандардан ажырашкандар көп болуп жатат. Жолугушууда ушул темада сөз болдубу?
- Туура айтасыз. 2015-жылы Кыргызстанда 47 миң үй-бүлө ажырашыптыр. Бул эми расмий эле катталган маалымат. Иш жүзүндө ажырашкандар мындан да көп болушу мүмкүн. Анын ичинде өзүңүз белгилегендей, Россияга иш издеп кетип үй-бүлөсү бузулгандар же бул жакта калган балдарын карабай койгондор көп кездешүүдө. Албетте, коомубуздагы бул көйгөйлүү тема жолугушуунун башкы темасы болду. Ушул ажырашуулардын көп болуп жатышынын негизги себеби эмне? Менин жеке оюмда “Башында эле ээрге кыйшык отурган” демекчи, көпчүлүк жаштарыбыз үй-бүлө курууга жеңил ойлуулук менен мамиле кылышат. Айрыкча тойго көп чыгым жумшалып, эртеси күнү карызга батып, сызга отуруп калгандар да көп. Үй-бүлө – бул мамлекеттин кичинекей бир бөлүгү. Ошондуктан бизде кандай үй – бүлө курулса, мамлекетибиз да ошондой болот. Андыктан алгач терең ойлонуп, “жети өлчөп, бир кесип” дегендей, жаштарыбыз баш кошор алдында бири-бирин толук түшүнүп, андан соң турмуштун ачуу-таттуусун, кыйынчылыктарын биргеликте жеңиши керек. Үй-бүлөнүн бузулушу чоң трагедия. Ортодогу балдар каттуу депрессияга кабылып, курсагы ток болсо да психикасына залал келет. Мен Москвадагы жаштарыбызга Ыйык Куранда үй-бүлө тууралуу айтылган аяттардан мисал келтирип, аялдар күйөөсүнө, эркектер жубайына сый-урмат менен мамиле жасашы керектиги тууралуу айттым.
- Коомубуздагы дагы бир көйгөйлүү маселе, аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатууда ашкере чыгымдар. Балким, бул тууралуу да сөз болгондур?
- Туура айтасыз. Эгер биз ушул куру намыска алдырып, бир күндүк той-салтанатка көп жыл чогулткан байлыгыбызды чачканды токтотпосок, эч качан өзүбүз да, мамлекетибиз да өнүкпөйт. Андай той-тамашага көпчүлүк учурда мигранттардын кыйналып тапкан акчасы кетип жатат. Мен жолугушууга келгендерге “Силер ушул Москвада үйлөнүү тоюнда ашкере ысырапкерчиликке жол берген же 10-15 машина менен көчөгө чыккандарды көрдүңөрбү? ”,- деп суроо бердим. Баары “жок” деп жооп кайтарышты. “Ошондуктан силер 5-6 жыл кыйналып тапкан акчаңарды бир күндүк тойго чачып, жомоктогудай болуп отуруп калбагыла, андан көрө бир керектүү ишти баштагыла”, - деп айттым. Албетте, Батыштан, башка өлкөлөрдөн жакшы нерселерди үйрөнсөк болот. Бирок ар бири он миң сомдук онго жакын ЖИПти жалдап ЗАГСка чыгыштын эмне кереги бар? Же атың өткүр аракты ичип алып, анын арты кайгылуу окуялар менен аяктаган көрүнүштөр болбой жатабы? Алла Таала да ысырапчылыкты жактырбайт. Ошондуктан бир кой союп эле, жакын адамдарды, аксакалдарды чакырып той өткөрсө болот го. Андан көрө ошол акчаны пайдалуу иштерге жумшасак болбойбу? Бул сөзүм жаштарыбызга таасирдүү болуш үчүн бир мисал келтирдим. Жакында Египетте Салаш Хакыя деген бир адам 70 жашында каза болду. Ал жөнөкөй, кедей адамдын баласы болгон. Бирок тажиясына ушунчалык көп адам келди. Себеби өз элине ошончо жакшы, сооп иштерди жасаган. Алар бир кезде, 1980-жылдары эле тогуз адам ортого 60 доллардан чогултуп, тоок бизнесин башташкан. Ал эми тапкан кирешенин 20 пайызын чогултуп, бала-бакча, мектеп салышкан. Кийин 50 пайыз кирешени ушундай иштерге жумшашып, бүткүл дүйнөгө белгилүү атактуу Ал-Асгар университетин түптөшкөн. Көрдүңүзбү, жакшы ниет менен башталган иштин жемишин. Азыр кээ бирөөлөр экономикалык кризис тууралуу айтышууда. Мен бизде экономикалык эмес, ыйман жана адеп-ахлак кризиси болууда деп айтар элем. Көчөлөрүбүзгө кымбат баалуу машиналар батпайт, кечинде кафе, ресторандарда бош орун жок.
Дагы бир көйгөйлүү тема – балдарды тарбиялоо тууралуу болду. Ислам аалымдарынын бири “Менин өкүнгөнүм, балдарыма жетиштүү тарбия бере албагандыгым” деген экен. Ошол сыяктуу азыр сыртта жүргөн мекендештерибиз да балдарын бул жакка калтырып коюп, жетиштүү тарбия бере албай жатышат.
- Москвадан башка да Россиянын шаарларында кыргыздар көп. Алар менен да жолугушуу болобу?
- Жогоруда айтып өткөндөй, биз жыл сайын Россиянын көптөгөн шаарларындагы мигранттарыбыз менен ушундай жолугушууларды өткөрүп турабыз. Иркутскиден да чакыруу болуп жатат. Буюрса, ал жакка да жакын арада жол тартабыз.

Маектешкен Эмилбек Момунов.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   Meruet84   28 Февраль 2016 - 15:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан


Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 28 Февраль 2016 - 15:51

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   Meruet84   29 Февраль 2016 - 11:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

✏.АЗИРЕТИ АБУ БАКИРДИН (Аллах андан ыраазы болсун ) АЛТЫН СОЗДОРУ.

.Адамдын арман кылып , кайгыга чогушу -ач коздугунон.

.Аз суйло , анткени пайдалуу болгону сенден угулуп , толук тушунуктуу болгону .

.Арамдан баш тартуу -адалды талап кылуудан дагы жакшы .

.Башкаларды суракка алуудан мурун озунду суракка ал !

.Бир коомдо адепсиздик жайылса , Аллах аларга бере турган балээни жалпылаштырат.

.Бир туугандар арасындагы душмандык -токойдогу орт сымал.

.Бул дуйно -момундун базары , куну менен туну казнасы , жакшы амалдар -соодагерчиликтеги мал -мулку , бейиш -пайдасы , тозок болсо -зыяны.

.Жасагын келген иштерди Аллахтан корккон адамдар менен кенеш.Ошондо ийгиликке жетесин.

.Ким кабырга азыксыз кирсе , кемесиз денизге тушкондой болот.

.Кошунанды ушактаба , сен коруп турган адамдар тарап кетет.А сен болсо кайра эле ошол кошунан менен каласын.

Намаз-Аллахтын адамдарга тапшырган аманаты.

.Озуно кумбоз эмес , озундц кабырга даярда.



Олумго карата ач коз бол, ал сага жашоо берет.

.Пайдасыз иштер шайтандын акылсыз адамдардын журогуно салган салыгы.

.Сырын сенин тамырдагы канын , аны агызып алба.



Биз мусулман жаштары .

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 29 Февраль 2016 - 11:47

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Март 2016 - 11:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

✏БАЛАНЫ
ЫЙМАНГА КАНТИП ТАРБИЯЛОО КЕРЕК .

Ар бир ата эне баланын ыйманга болгон тарбиясынан жооптуу болуп эсептелинет. Баланы ыйманга тарбиялоонун эн биринчи кадамы ата эненин суйлогон созу да , жургон турганы да Исламга ылайык болуш керек.Анткени балдар кандай журум-турум , кандай создор болбосун , анын баарын озуно ""жаздырып ""алат. Балдар Ислам дуйносуно ата энесинен тууро аркылуу кирет.Уйдон чын ыхлас менен окулган намаз , Куран , чын журоктон кылынган дуба зикирлер , балага корсотулгон жылуу мамиле ж.б.баары балдардын ан сезимине терен таасир калтырат.Жон кана тууроо аркылуу кылынган ибадаттар убакыттын отушу менен чын журоктон , чын ыхластан маани манызы менен аткарыла баштайт.

Мусулман ата эне баланын журогуно ширетилген Аллахка жана Анын эн суйуктуу Элчисине болгон аруу суйуусун ойготууга аракет кылыш керек.Балага жаш тайынан жакшы коргон нерселеринин баарын Аллах Таала жараткандыгын , жакшылыктардын баары Аллахка таандык болгондугун тушундуруу керек.Баланын мына ушул аруу суйуу сезими ойгонгон сон , ага Аллахтын ырайымынан ажырап калуу коркунучун уйротуу зарыл.
Балага Азирети Пайгамбарыбызды С.А.В танытып , анын асыл адамгерчилигинен , суйлогон создорунон улгуу алууга кондуруу керек.Мындан сырткары балдарды мечиттерге кошо алып барып, ыйманын бекмдоого аракет кылуу керек.



Булак :Биз мусулман жаштары.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 02 Март 2016 - 11:22

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   Meruet84   07 Март 2016 - 00:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

МУСУЛМАН АЯЛ ЗАТЫ УЧУН 8-МАРТ МАЙРАМ ЭМЕС.




Мусулман аял заты бир жылда бир жолу бизге да конул буруп койгулачы д еген майрамга муктажбы?! (же жооттор менен сойкулардын бириккен майрамы керекпи?) Сойкулардын укугу, жөөттөр (еврейлер) жана Клара Цеткин. 8-март” күнүнүн чыныгы тарыхы. 8-март майрамынын келип чыгышынын таржымалы. Нью-Йорк көчөлөрүнө ким чыкты эле, фабрика кызматкерлериби же сойкуларбы?
8-март майрамын түзүү тарыхы бул дүйнөдөй эле картаң жана баарына белгилүү эле. Сөзүм калп болбошу үчүн кесиптештеримен бир ооз сурап койдум, көптөрү расмий версиясын гана билишет экен. Бул майрамдын алдында биз Эл аралык аялдар күнүнө тиешелүү баардык таржымалдарды чогулталы деп чечтик. Алардын кээ бири адамдарды шок кылып, бул майрамдан биротоло качырып коюшу мүмкүн. Бул таржымалдардын ар биринин өзгөчө негиздери бар жана ким кайсынысына ишенгиси келсе каалаганын өзү тандап алсын.
1-таржымал, расмий: Эмгекчил аялдардын тилектештигинин күнү.
СССРдеги расмий легендада 8-мартты майрамдоо Нью-Йоркто 1857-жылы текстиль өнөр-жай аялдар жумушчулары тарабынан өткөн «бош казандар маршына» байланыштуу делет. Алар жумуштун катаал шарттарына каршы чыгып, айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылышкан. Эң кызыгы ошол кездеги прессада бул жөнүндө бир да макала жок. Тарыхчылар болсо 1857-жылдын 8-марты жекшемби күн болгондугун тастыкташкан. Дем алыш күнү иш таштоону уюштуруу абдан таң калычтуу.
1910-жылы Копенгагенде өтүп жаткан аялдар форумунда немец коммунисти Клара Цеткин 8-март күнү Эл аралык аялдар күнү деп уюштурууну сунуш кылган. Муну менен ал ушул күнү аялдар митинг жана салтанаттуу жүрүштөрдү уюштуруп, ошону менен коомчулуктун көңүлүн өздөрүнө бурушат деген ойду айткан. Бул окуяны баарыбыз эле билебиз. Башында бул күн Аялдардын өз укуктары үчүн күрөшүүсүндөгү тилектештигинин эл аралык күнү деп аталган. 8-март күнү жогоруда айтылган чынында болбогон текстиль жумушчуларынын иш таштоосуна дал келтирилген. Тагыраак айтканда болгон, бирок алар текстиль тармагынын жумушчулары эмес эле. Бирок бул жөнүндө кийичирээк айтабыз.
СССРге бул майрамды Клара Цеткиндин досу, ашынган революционер аял – Александра Колонтай алып келген. Баягы СССРди «биринчи жолуккан эркекке бир стакан сууну ичкендей эле жеңилдик менен берилишиң керек» деген «улуу» фраза менен багынткан аял. СССРде 8-март расмий майрам болуп 1921-жылы бекитилген.
2-версия: жөөттөрдүкү, жөөт канышасын ашыра мактоо.
Тарыхчылар Клара Цеткиндин жөөт болгон же болбогондугу боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Бир пикир боюнча ал жөөт-өтүкчүнүн, экинчиси боюнча немец-мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Эр болсоң оңдоп ал. Бирок Цеткиндин 8-март майрамын еврейлердин Пурин майрамына байлоого ашыкча аракет кылганы анын кайсы улуттан экенин жакшы эле билдирип турат.
Ошентип 2-версия боюнча Цеткин аялдар күнүнүн тарыхын еврей калкынын тарыхы менен байлагысы келген. Легендага ылайык перс падышасы Ксеркстин сүйгөнү Есфирь еврей элин кыргындан Ксерксти өзүнүн сулуулугу менен арбоо жолу менен сактап калган. Ксеркс еврей элин жок кылмакчы болгондо, Ефсирь аны ал ойунан гана кайтарбастан, ага еврей элинин душмандарын, алардын ичинде перс элин да жок кылууга мажбурлап койгон. Бул окуя еврей календары боюнча Арда күнүнүн 13-күнү болгон (бул күн февралдын аягы-марттын башына дал келет). Есфирди даңазалп отуруп еврейлер Пурим майрамын майрамдап калышкан. Аны майрамдоо датасы ар кандай болгон, бирок 1910-жылы ал күн 8-мартка туш келген.
3-версия, байыркы кесип ээлери болгон аялдар жөнүндө.
Бул майрамдын келип чыгышынын 3-версиясы бул күндү арзып күткөн аялдар үчүн өзгөчө жагымсыз жана ызы-чуулуу. 1857-жылы Нью-Йоркто чынында аялдар иш таштаган, бирок ал текстиль жумушчулары эмес, сойкулар болгон. Ал аялдар алардын кызматын пайдаланган матросторго айлыктарын төлөп берүүлөрүн талап кылышп чыгышкан, акчасы жок матростор аларга карыз эле.
1894-жылы 8-март күнү Париж сойкулары демонстрацияга чыгышкан. Бул жолу алар өз укуктарын кийим тигүүчү же наабайчылардыкына теңдөөсүн жана өз тармагынын профсоюзун түзүүнүн талап кылышкан. Бул окуя Клара Цеткин сунуш кылгандай бул күндү аялдардын жана эл аралык деп жарыялоого чечим кабыл алынган 1910-жылкы суфражисткалардын тарыхый съездинен бир аз мурдараак 1895-жылы Чикагодо, 1896-жылы Нью-Йоркто уланган.
Айтмакчы, Клара Цеткин өзү да ошондой акцияларды өткөрүп турган. Ошол эле 1910-жылы өзүнүн курбусу Роза Люксембург менен бирдикте полициянын ээн баштыгын тыйууну талап кылып, Германия шаарларынын көчөлөрүнө сойкуларды алып чыккан. Бирок СССР версиясында «сойкулар» деген сөздү «эмгекчил аялдар» деген сөзгө алмаштырып коюшкан.
8-мартты эмнеге таркатышкан?
8-март – социал-демократтардын кадимки эле саясий иш-чарасы болсо керек. ХХ кылымдын башында бүткүл Европада аялдар нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн. Ошол кезде өздөрүнө көңүл бурдуруш үчүн аларга төштөрүн жылаңачтоонун да кереги жок эле. Жөн гана социалисттик лозунгдар жазылган плакаттарды көтөрүп алып, көчөлөрдү кыдырган жетиштүү эле – коомчулуктун көңүлүн буруу менен камсыз болушкан. Социал-демократ партияларынын башчыларына бул дагы бир галочка болгон – мына, прогрессивдүү аялдар биз менен макул деп. Сталин да өз атын чыгаруу максатында 8-мартты Эл аралык аялдар күнү деп таанууну буйруган. Бирок аны анын чыныгы тарыхый окуяларына байлоо кыйын болгондуктан, ал окуяларды бир аз өзгөртүп коюшкан. Аны эч ким териштирип отурган эмес. Эл башчысы айттыбы – демек ошондой болгон.

Булак .Muslim .kg.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   nurbanur   07 Март 2016 - 00:17

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 76
  • Катталган: 08 Ноябрь 15
  • Соңку аракети: 22 Мар 2016 13:15
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эркектерге да насаат, ыйманга чакырган, милдеттерин жазсаныздар жакшы болот эле. Баары эле аялзатына эркектердики да жазылса жакшы болмок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   Nauca.   08 Март 2016 - 01:22

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 54
  • Катталган: 27 Январь 15
  • Соңку аракети: 19 Янв 2017 19:13
  • Калаасы:Ош

Жакшы нерселер экен. Рахмат сиздерге.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Март 2016 - 23:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

АДЕП-АХЛАК БАРДЫК АДАМДАРДЫН ОРТОСУНДА СҮЙҮҮНҮ КӨБӨЙТӨТ.
Аллах Таала айтты: "Жакшылык менен жамандык тең эмес. Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун. Ошентсең сени менен анын ортосунда душмандык болгон адам да өтө жакын достой болуп кетет".(Фуссилат: 34).
Сахл ибну Саьд Ас-Садий риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) айтты: -"...Адамдагы нерселерге көз артпасаң,адамдар сени жакшы көрөт".(Тирмизи)

Булак: Биз мусулман жаштары
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Март 2016 - 23:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

ХИЖАБ – ар бир мусулман аялзатынын сыймыгы, абийири жана Аллах Таала ага милдет кылган өкүм-буйругу. Хижаб кийген аялзаты жеке эле өзүн күнөөлөрдөн сактабастан эркектерди да күнөөлөрдөн сактайт жана Аллахтын ыраазылыгына жетет. Хижаб – ыймандуулуктун, уяттуулуктун, аруулуктун белгиси. Хижаб кийген аялзаты – Аллахтын сүйүктүү пендеси. Аллах кимди жакшы көрсө, анда аны дин менен жашоого алып келет жана ага эки дүйнө жакшылыктарын берет, бүткүл жамандыктардан коргойт. Эгерде хижабчан кызды көрүп калсаң, билгиниң – ал Аллахтын сүйүктүү пендеси. Канчалаган адамдардын арасынан Өзү жакшы көрүп тандаган тандоосу.

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 17 Март 2016 - 23:23

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Meruet84   17 Март 2016 - 23:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

: ❗Курандын түшүшүнүн тарыхы ❗

Куран Алла Тааланын сөзү, ошондуктан эзелтен Лавхул Махфузда бар эле.
Кийин Лавхул Махфуздан анын түшүүсү эки жолу болду .
Биринчи жолу, толугу менен дүйнө асманынын Байтул Мамуруна (Каабанын дал үстүндөгү периштелердин ибаадат кылуучу жайы), Кадыр түндө түшкөн .

Кийин экинчи жолу аз аздан зарылчылыкка жараша Пайгамбарыбызга(с. а.в) түшүп турду, жыйырма үч жылда толук түшүп бүттү.

Курани Карим Алланын Элчисинин(с. а.в) жүрөгүнө мезгил мезгили менен түшкөнүнө аалымдардын бир бүтүмдөгү келишими бар.
Курандын түшүүсү Пайгамбарыбыз(с. а.в) кырк жашка толгондо, Кадыр түндө башталган бирок рамазандын кайсы түнү түшкөнү жөнүндө бир да кесе айтылган сөз жок.
Кээ бир риваяттарда он жетинчи, кээ биринде он тогузунчу, кээ биринде жыйырма жетинчи түнү деп келет(Ибн Жарир)



⚪Меккелик жана мединалык аяттар⚪

Меккелик аят деп Пайгамбар(с. а.в) хижаратты максат кылып, Мединага жетерден мурда түшкөн аяттар.
Ал эми мединалык аят деп, Пайгамбар(с. а.в) Мединага жеткенден кийин түшкөн аяттар.

Кийин кээ бир сүрөлөр толугу менен меккелик же толугу менен мединалык болот.
Мисалы, Мудассир сүрөөсү толугу менен меккелик, ал эми Аали Имран сүрөөсү толугу менен мединалык .
Бирок, кээ бир учурда сүрөө меккелик, ал эми анын кээ бир аяттары мединалык болот жана кээде мунун тескерисинче, сүрөө мединалык болуп ага меккелик аяттар аралашып кеткен болот.
Жыйынтыгында, сүрөөлөрдүн меккелик же мединалык болуусунда, андагы аяттардын көпчүлүгү этибарга алынат?

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 17 Март 2016 - 23:28

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Март 2016 - 14:19

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ата-эне үчүн көп дуба кылалы


Абу Зар Алгоффаарий (Алла андан разы болсун) айтат. О, Алланын элчиси!: “Жер бетине тургузулган эң биринчи мечит кайсы?”- деп сурадым. Ал: "Харам мечити" - деди. Мен: “Андан кийин кайсы?”- дедим. Ал: "Акса мечити" - деди. Мен: “Ал экөөнүн арасы канчалык?”- дедим. Ал: "Кырк жыл, кайсы жерде намаздын убактысы кирсе намаз оку, ошол жер мечит болот" - деди.

"ربِّ اغْفِرْ لِى وَ لِوَالِدَيَّ"
"Аллахым менин жана ата-энемдин күнөөлөрүн кечир" – деп, көп дуа кылгыла. Анткени, бул дуа үч ибадатты өз ичине камтып турат. 1. Дуа. 2. Ата-энеге болгон мээримдүүлүк. 3. Истигфар.

Бир кедей киши үч апельсин сатып алат.
Биринчисин жейин деп кабыгын арчыса чирик болот, аны ыргытып жиберет. Экинчисин жейин деп кабыгын арчыса анысы да чирик болуп чынат, аны да ыргытып жиберет. Үйдүн чырагын өчүрүп, кап-караңгы кылып алып үчүнчү апельсинди жеп алат. Жашоо үчүн кээде билмексен болууга же жиндинин кейпин кийүүгө туура келет.



Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Март 2016 - 14:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Түшүндүм


Бир даанышман кишиден: "Өткөн өмүрдөн эмнени үйрөндүңүз? " - деп сурашат. Даанышман төмөнкүчө жооп берет: "Өмүр карызга берилип, күнү келгенде кайра алынаарын жана дүйнөнүн өтүп кетээрин түшүндүм."

Мазлум (укугу тепселген) адамга, кеч болсо да жардам берилерин түшүндүм.

Биз капылетте калган кезде, көз ирмемчелик убакыттын ичинде ажал келип, өмүр бүтүп калышы мүмкүн экендигин түшүндүм.

Жылуу сөз, жылмайып турган жүз - адеп-ахлактын эң жогорку даражасы экендигин түшүндүм.

Ден-соолугу чың, тынчтыкта жашаган адам - бул ааламдагы эң бай адам экендигин түшүндүм.

Сарымсак эккен адам, түшүм алган кезде райхан албастыгын түшүндүм.

Өмүр бүтсөдө да, жумуштун эч качан түгөнбөстүгүн түшүндүм.

Адамдарга сөзүнүн уккулуктуу болуусун каалаган адам, оболу өзү адамдардын сөзүн угуусу зарыл экендигин түшүндүм.

Адамдар менен сапарга чыгуу бул - микроскоп сыяктуу. Ал адамдардын ички дүйнөсүндө эмнелер бар экендигин көргөзүп берээрин билдим.

Кени алтындан болгон (жан дүйнөсү таза) адамдын, кени алтын (ички дүйнөсү таза) бойдон каларын, жана кени темирден болгон (ички дүйнөсү начар) адамдын темирин дат басарын түшүндүм.

Кабырда жаткан адамдардын бардыгы, тирүү кезинде иштешкен, аларда чоң-чоң максаттары болгон, бирок ал максаттарынын көбүнө жетпей калышкандыгын түшүндүм.

Кичинекей өлүмгө (уйкуга) даярданып жаткан кезибизде, тынч уктоо үчүн керебетти иретке келтиребиз, терезелерди ачып абаны тазалайбыз. Бирок чоң өлүмгө даярданып, амалдарыбызды иретке келтирип, кабырыбызды кенен, жарык кылуу үчүн эмнеге аракет кылбайбыз?

Адамдар ооруп калбаш үчүн ден-соолукка зыян алып келүүчү тамак-аштан сактанышат, бирок тозокко түшүп калбаш үчүн эмнеге күнөөлөрдөн сактанышпайт?



Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Март 2016 - 14:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ынтымак бар жерде, ийгилик да байлыкта болот


Бир аял үйүнүн алдында ак сакалдуу үч абышканы көрүп калат. Сырткы көрүнүшүнөн жол жүрүп, чаңкап, чарчап турганын сезген аял аларга: "Жолоочу көрүнөсүздөр, курсагыңыздар да ач болсо керек, үйгө кирип даам татып кетиңиздер" - дейт. Алар: "Үйдө кожоюнуңуз барбы?" - деп сурашат. Аял: "Жок, жолдошум жумушта"- деп, жооп берет. Абышкалардын бирөөсү: "Эгер жолдошуңуз үйдө жок болсо, анда биз үйүңүзгө кире албайбыз, күйөөңүз келгенче күтө туралы" - дейт. Кеч кирип күйөөсү жумуштан келген соң, аялы болгон окуяны күйөөсүнө айтып берет. Окуяны угаар замат аялына: "Yч абышканы чакырып кел, конок кылалы"- дейт. Аял эшике чыгып, абышкалардын үйгө кирүүсүн суранат. Абышкалардын бири: "Кызым, мунун аты "Ийгилик" , тигинин аты "Байлык" , а менин атым болсо "Ынтымак" - деп, өздөрүн тааныштырат да, бир учурда үчөөбүз тең үйүңөргө кире албайбыз, бирөөбүздү гана тандай аласыңар" - дейт. Аял үйгө кирип күйөөсү менен кеңешет. Күйөөсү: "Байлыкты чакыралы, үйүбүзгө байлык келсин"- дейт. Аялы болсо күйөөсүнүн тандоосуна кошулбай: "Ийгиликти киргизели" - дейт. Экөөсүнүн бир чечимге келе албай жатканын угуп турган келини: "Ынтымакты киргизсек туура болбойбу?" - деп, сунуш киргизет. Күйөөсү: "Келиндин оюна кошулам, келгиле анда "Ынтымакты" чакыралы, бизге сыйлуу конок болсун" - дейт. Аялы эшигин ачып: "Сиздердин кимиңиздер ынтымак?, үйгө кирип конок болуңуз"- дейт. Ынтымак ордунан туруп үйгө кире баштайт, артынан ийгилик да, байлык да үйгө кирет. Аял таң калып: "Мен "Ынтымакты" эле чакырбадым беле, силер экөөңөр эмнеге кирип жатасыңар?" - деп сурайт. Байлык: "Эгер мени гана чакырганыңарда, мен гана кирмекмин да, тиги экөөсү сыртта калмак. Эгер ийгиликти гана чакырганыңарда, ийгилик гана кирип, мен жана ынтымак сыртта калмакпыз. Бирок сен "Ынтымакты" тандадың, ынтымак кирген үйгө, ийгилик да, байлык да кирет" - дейт, анткени "Ынтымак" бар жерде "Ийгилик" да, "Байлык" да болот.



КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Март 2016 - 14:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Билип жүр


Кичинекей баланы өйдө ыргытсаң күлөт. Анткени ал, сенин жерге түшүрбөй кармап калаарыңа толук ишенет. Бул кичинекей баланын сага болгон ишеними. Сен да Аллага терең ишеничте бол! Эгер тагдыр сени, өз жебеси менен атса, Алла Таала сени тагдырдын жебесинен сактаарына толук ишен!!!

Алла Таала байлык берген адамга көрө албастык кылба. Анткени сен, Алла Таала ал пенденин эмнесин алганын билбейсин. Эгерде Алла Таала сенден бир нерсеңди алып койгон болсо кайгырба. Анткени, сага анын оордуна эмне берээрин билбейсин. Кандай абал болсо да дайыма Аллага шүгүр айт.

Диинар - Алтындан болгон акча бирдиги.

Эмне үчүн диинар, диинар деп аталып калган???

Ислам аалымы диинардын, диинар деп аталып калышынын себебин төмөнкүчө түшүндүрөт: "Диин (дин), Наар (Тозок) деген сөздөн турат. Ким диинарды (акчаны) адал жолдон тапса, ага дин (бейиш). Ким аны арам жолдон тапса, ага наар (тозок).

Атанын кайрылуусу.

О, балдарым! Менин амалдарым, ибадаттарым, сооп иштерим токтоду. Эми үмүтүм силерсиңер. Силердин менин атымдан берген садакаларыңар, мени кубантат, мага кылган дубаларыңар, менин даражамды көтөрөт. Мен кабырда жалгызмын, мени дубаңарда унутпагыла. . Силердин бардык жакшы амалдарыңардын сообу, мага жетип турат.

Эгер акыйкатты жана кооздуктарды көргөн көзүң болсо, адамдардын кемчиликтерин кечирген жүрөгүң болсо, акыйкатка жетелеген акылың болсо, жакшы ой-максат, үмүткө толгон рухуң, жан-дүйнөң болсо, анда сен эң бактылуу адамдардын катарын толуктайсын.



КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Март 2016 - 14:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Эки нерсе сенин ким экенинди аныктайт


1. "Сабырың" , колуңда эч нерсең жок кезде.
2. "Адеп-ахлагың" , колуңда байлыгың бар кезде.
Сабырдын түбү сары алтын.

Чынчылдык эки дүйнөдө тең адамдын кадырын көтөрөт. Ал эми жалган айтуу эки дүйнөдө тең адамдын кадырын түшүрөт.

Бир күнү Муъаавия (Алла андан ыраазы болсун) хутба кылып жатса, бир киши ага: "Жалган айтып жатасын" -дейт. Муъаавия ачууланган бойдон минбардан түшүп үйүнө кирип кетет. Бир аздан кийин сакалынан суусу тамчылаган бойдон чыгып, минбарга көтөрүлөт да: "О, адамдар! Ачуулануу Шайтандан, Шайтан оттон жаратылган. Эгер силердин бирөөңөр ачуулана турган болсо, аны суу менен өчүрсүн" - деп, хутбасын келген жеринен улантып баштайт.



КИУнун ректору, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов.
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   Tatli_Melek   20 Март 2016 - 14:26

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 4 222
  • Катталган: 24 Август 15
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:37
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Адамды-адам бай кылбайт


Сулайман пайгамбар (а.с) өз доорунда жүз миң аскер адамдан, жүз миң аскер жиндердин баарынын үсүнөн куштар көлөкө кылып ,асманда учуп келе жаткан кезде, жерде бир отун чогултуп жүргөн кедей карыя асманды карап, «Субханаллах»- деди. Ошол кезде шамал карыянын үнүн Сулайманга (а.с) жеткизди. Шамалга буйрук кылып, жерге түшүп карыянын алдына келип:

-Биз асманда учуп бара жатканда эмне деген сөз айтыңыз? Карыя коркуп кетип:

-Сиз жөнүндө жаман сүйлөгөн жокмун- дейт. Анда Сулайман (а.с):

-Бизди көрүп, биринчи сүйлөгөн сөзүнүз!- десе, таң калып:

-«Субханаллах»- дедим!- деп айтты. Сулайман (а.с):

-Бир мезгил келет, ушул сен көрүп турган Сулайман жана анын баардык падышачылыгы жок болот бирок, сенин «Субханаллах» сөзүндүн сообу ошол кезде да бар болот- деди да карыядан атын сурайт.

-Атын ким?

Абышка Сулайман деп жооп берет.

-Субханаллах, Алланын тагдырын карачы. Бир Сулайман асманда учуп жүрөт, бир Сулайман отун терип жүрөт. Сиздин атыныз да Сулайман экен, сиз дагы жакшы жашаныз- деп башындагы тажысынан бир берметти алып берет. Карыя сүйүнүп балтасын да отунун да таштап, чуркап үйно келе жатса жолдон бир куш илип алып учуп кетет. Колун караса бермет жок. Эх, аттиң эми бай болдум эле деп кайра балтасын алып отун чаап жүрсө, Сулайман пайгамбар (а.с) кайра кайтып келе жаткан болот. Карыяны көрүп:

-Жаңы эле сага байлык бербедимби, ошол жетпедиби?- дейт. Карыя болгон окуяны айтып берет. Сулайман (а.с):

-Андай болсо мынакей- деп башка дагы бермет берет. Берметти алган абышка аны жоготуп алуудан этияттап койнуна салып, эми түшүрүп койбойун деп жолдо келе жатса үйү менен токойдун ортосунда бир даря бар эле. Ошол күнү суу көбүрөөк келип калып, абышка суудан өтүп баратып, суу агызып жөнөгөндө сүзөм деп колтугун ачканда бермети агып кетет.

Абышка:

-Эх, байлыгым кетти!- деп кайра отун терип жүрсө, Сулайман (а.с) дагы көрүп:

-Сен тойбогон чал экенсин. Дагы эмне отун терип жүрөсүн?- дейт. Кедей карыя:

-Пайгамбарым, ушундай болуп калды деп, болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берет. Сулайман (а.с) :

-Эми мына жоготуп алсан. Бекем сакта!- деп үчүнчүсүн берди. Карыя өтө бекем сактап үйүнө келди да, караштырса аялы жок. Текчесинде турган кесесинин ичине салып, кемпирине мактанганы көчөго чыгып кетсе, ошол заманда туз сыятууларды кошуналар бири-биринин үйүнө кирип, сурабай алып кетет эле. Кошунсы туз издеп кирсе кесенин ичинде бир нерсе жылтырайт. Жакшы көрүп урдап кетет. Карыя сүйүнүп,

-Эми биз байбыз. Отун чогултпайбыз! - деп кемпирин эрчитип келсе койгон жеринде бермет жок? Кейиген абышка «Бизге байлык буйурбаптыр», - деп кайра отун чогултуп жүрсө, Сулайман (а.с) дагы жолугат.

-Эмне болду?- десе, абышка бардыгын айтып берет. Сулайман (а.с):

-Адамды адам бай кыла албайт экен. Сулайман падыша болуп туруп, сизди бай кылалбадым. Эми дуба кылыныз!- деп кете берет. Абышка отунун чогултуп келип сатат. Анан бай-кедей болуп чарчадым, базардан бир жакшы нерсе алып жейли дейт дагы кемпирине:

-Бир балык сатып жейлик. Балык жегим келди- деп бир-эки килограмм балык алат. Анан жолдо келе жатып аялы айтат:

-Мына бул дарактын үстүнө чыгып, курган шактарынан сындырып түшөн дейт. Абышка дарактын башына чыкса, байагы берметин көтөрүп качкан куш ошол жерде жашайт экен. Көрүп сүйүнүп:

-Ууруну карадым!- деп кыйкырып жиберет. Аны уккан кошунасы: «Ээ мени билип алган турбайбы»- деп:

-Мен муну бир көрөйүн деп алдым эле, меңиз- деп, кайтарып берет. Базардан алган балыкты сойсо ичинен сууда аккан бермети чыгат. Сууга акканда ошол балык жуткан болот. Алла Таала үчөөнү тең кайтарып берет. Барып базардан жаңы-жаңы падышалар кийүүчү кийимдерди сатып алып, аттарды, арабаларды минип, жасанып Сулаймандын (а.с) алдына барат. Сулайман пайгамбар (а.с) көрүп таныбай, «Сен кимсиң?» - десе:

Абышка:

-Сулайманмын. Эй, мен байагы отунчу Сулайманмын- деп айтат. Анан «Адамды-адам бай кылалбайт экен. Адамды Алла Таала бай кылат экен. Сен пайгамбар болуптуруп, падыша болуп туруп бир отун тартыштан да отун жүктөп келгенден да мага жардам бере албадын. Алла Таала мага күтүлбөгөн, ойлобогон жерден берметтерди кайрып берип койду-деген экен.

Кыссадан ибрат. Адам-адамдан үмүт кылбастан Алла Тааладан гана үмүт кылуу керек экенин түшүнүү. Алла Таала берүүчу зат бирок, сураганда башкадан үмүт кылабыз. Пенденин бергени күнүмдүк. Алланын бергени түбөлүк. Албетте, Алладан суралган ар бир нерсе сөзсүз берилет. Бирөөгө кеч, бирөөгө эрте. Бул дүйнөдө Алла сураган нерсебизди бербесе өкүнбөйлү. Бул дүйнөдө бербесе, инша Аллах акыретте берет. Үмүттү үзбөйлү, үмүтсүз шайтан алайхилана.

Баткен казыяты: Баткен районунун Апкан айылынын имамы Искендер Ажибаев
لا اله الا الله محمد رسول الله


Başkalarının sözünü değil, kalbini dinle.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Март 2016 - 20:49

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан


Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 24 Март 2016 - 21:10

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Март 2016 - 23:05

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

КУРАН


⭐Куран – бул, Аллах Тааланынын сөзү. Аны Жабрайил периште Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) окуп берген. Аллах Таала: «Чындыгында, ал ааламдардын Ээсинин түшүрүүсү. Аны ишенимдүү Рух (Жабрайил) алып түштү. Эскертүүчүлөрдөн болууң үчүн сенин жүрөгүңө жайгаштырды» - деген. (Шуара, 122-124-аяттар). Куран асман китептеринин акыркысы. Ошондуктан аны Кыямат күнүнө чейин Аллах Таала Өзү сактоого убада берген. Аллах Таала: «Чындыгында Зикирди (Куран) Биз түшүрдүк жана Биз аны сактайбыз» - деп айткан. (Хижр, 9-аят). Куран түшүүсү менен андан алдыңкы китептер өз күчүн жоготкон. Анткени, Куран аларды толуктап, тастыктоо менен бирге эң акыркы өкүмдөрдү алып келген. Бул туурасында Аллах Таала: «Сага өзүнөн мурдакы китептин чындыгын ырастоочу жана сактоочу китепти чындык менен түшүрдүк» - деп айткан. (Мааида, 48-аят). Ошондой эле экинчи бир аятта: «Айткын: «Мага бул Куран силерге жана (Куран) кимге жетсе (ошолорго) эскертүү үчүн аян берилди» - деп айткан. (Аньаам, 19-аят).

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларына Курандын сөздөрүн гана үйрөтүп койбостон анын тафсирин
( ички маанилерин ) да үйрөткөн.

⭐ Тафсир - ачып берүү, чечмелөө деген маанини билдирет. Шариатта Куран аяттарынын маанисин, өкүмдөрүн жана сырларын ачыкка чыгаруучу илим - тафсир илими деп аталат. Куран аяттарын тафсирлөө төмөнкүдөй жолдор менен болот:

1. Бир Куран аятын экинчи Куран аяты менен чечмелөө. Бир аятта толук эмес айтылган маанини Аллах Таала экинчи бир аятта толуктоо менен келтирген. Бул чечмелөөнүн эң биринчи жолу.

2. Куран аятын Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) хадиси менен чечмелөө. Көпчүлүк аяттарды Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) өзүнүн чечмелөөсү менен сахабаларга түшүндүрүп берип турган. Куран аяттарынын Аллахтан Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) берилүүсү вахий деп аталат. Вахий Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жыйырма үч жылдын ичинде түшүп бүткөн. Вахийдин түшүүсү ар түрдүү болгон:

1. Түш аркылуу. Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) пайгамбарлык берилүүсүнө жакындап калган мезгилде, ал туура түштөрдү көрө баштаган б.а. түндө көргөн түшүнүн эртеси өңүндө болуп жатканына күбө болгон.

2. Жабрайил периште өзүнүн чыныгы кейпинде келген.

3. Жабрайил периште адам сүрөтүндө болуп келген.

4. Коңгуроонун үнү сыяктуу болуп келген.

5. Жабрайил периште эч бир көрүнүштө келбестен эле Вахийди Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жүрөгүнө түздөн түз киргизген.

6. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) уктап жаткан учурунда жүрөгүнө киргизилген.

7. Аллах менен түздөн-түз сүйлөшүү аркылуу болгон. (Мираж кечесинде). Куран аяттарынын Меккелик жана Мадиналык болуп бөлүнүүсү. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мадинага көчүп кеткенге чейин түшкөн аяттар - мекке аяттары, ал эми Мадинага баргандан кийинки аяттар - мадина аяттары деп аталат. Кээ бир сүрөлөр меккелик болгону менен бир канча аяттары мединалык, же тескерисинче болушу да мүмкүн. Мындай сүрөлөр аяттарынын көбү түшкөн жерге таандык болот.

Сүрөлөрдүн айырмасы:

⭐ Меккелик сүрөлөр:

1. Аяттары кыска болот
2. Аллахты таанытуу, пайгамбарлык тууралуу айтылат
3. Мушрик (бутпарастар) тууралуу айтылат
4. «Эй, адамдар» - деп башталат
5. Адам жана Иблистин окуясы айтылат (Бакара сүрөсүнөн башка)
6. «Каллаа» (жок, андай эмес) деген сөз айтылат.

⭐ Мадиналык сүрөлөр:

1. Аяттары узун болот 2. Адал-арам, үй-тиричилик, мамиле кылуу ж.б.у.с. туурасында айтылат
3. Согушка уруксат берүү жана анын өкүмдөрү жөнүндө айтылат
4. «Эй, ыйман келтирген пенделер» - деп башталат.

⭐ Куранды топтоо:

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында сахабалар Куранды жаттап гана албастан, жазып да турушкан. Алардын жазгандарын Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайра окутуп угуп турган. Түшкөн аятты кайсы сүрөгө, кайсы аяттан кийин жазуу керектигин да Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтып турган. Такай Куран аяттарын жазып турган кырк сахаба болгон. Мындан сырткары да көптөгөн сахабалар өз алдынча аяттарды жазып жүрүшкөн. Куран аяттары териге, дарактын кабыктарына, сөөктөргө, кагазга ж.б. нерселерге жазылып алынган. Ямама согушунда бир канча Куран жаттаган хафиздер шейит болгондон кийин, Куранды бир китеп кылып топтоо зарылчылыгы келип чыккан. Натыйжада, Абу Бакрдын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында башталган Куран топтоо иши Усмандын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында толук бүткөн.

КИУ нун проректору: Равшан Акимбеков.

Булак: Бейиш гезити

Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 24 Март 2016 - 23:06

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Meruet84   24 Март 2016 - 23:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

~~АЯЛДАРГА ЖАКШЫ МАМИЛЕ ЖАСОО~~
"Аялынар менен жакшы жашап, жакшы мамиледе болгула". ( Ниса 4/19)
Абу Хурайра радыяллаху анху баяедайт. Пайгамбарыбыз салалоху алейхи салам айтты:
"Ыймандуу эркек эч качан ыймандуу аялды жек корбосун. Эгерде аялынын бир мунозу конулуно жакпаса, башка сыпатын жактырат" .(Муслим, Радаа, 61)
Абу Хурайра радыяллаху анху баяндайт. Пайгамбарыбыз салалоху алейхи салам мындай деген:
"Ыйманы ото толук мусульман-адеп - ахлагы мыктылар. Силердин эн жакшынар- аялынар менен жакшы мамиледе болгонунар" .(Тирмизий, Радаа, 11)
Абдуллах бин Амр бин Аас радыяллаху анху баяндайт. Алланын Элчиси салалоху алейхи салам мындай деген:
"Бул дуйно- убактылуу нерсе. Андагынын эн асылы- такыба жакшы аял".(Муслим, Радаа,64)

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Дин жана философия
  • Кийинки тема →

  • (11 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 13 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 13, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 22 Июл 2025 17:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: