Улантасызбы автор?
- (2 )
-
- 1
- 2
Жаркын жашоонун башаты. жашоо сырларынан бөлүшүү
#22 03 December 2015 - 20:48
Ушунча нерсенин баары эле намазда барго деп эсептейм.Окуганын менен эртен эле эстен чыгат калат.Адамдын энергиясы руханый байлыктын денгелине эле жараша болот.Ар турдуу китептерди окуп энергияны кетирбей Курандан бир хадис болсо да окусан ошол пайдалуурак.
Айтайын дегеним адамдын руханый дуйносун, Куранчалык дуйнодогу бир да китепте айтылбайт.
#23 28 January 2016 - 15:15

Албетте намазда, деги эле исламий китептерде, а түгул библияда да,инжилде да баардык жерде ушул жердеги жазуулар камтылган. Диний китептердин түпкү мааниси бир.Кудай бар, жана ал бирөө эле дегенди тушундүрөт эмеспи. Бул (диний) китептердин баарында эле, ыймандуулукка, кечиримдүүлуккө, чынчылдыкка чакырган, жашоонун инструкциясы жазылган. А бирок, бирок! Бирок, тилекке каршы ошол диний китептерди көп эле адамдар окугулары келе бербейт. Бизге анын баары өтө татаалдай сезилет. Ошондуктан, өтө жөнөкөй мисалдар менен жүрөк сырындагы бир топ жарандарга аз да болсо жардам болсун деген тилек менен башталган тема. Чындыгында, жыл аягы, жыл баш болуп таптакыр колум тийбей калды. Теманы буйруса эртенден баштап улантабыз.
Сиз жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып, кечирип келечекке эң сонун ой-кыялдар менен кадам таштап жатып дагы бир нерсени эске алууңуз керек.
"Сиз өзүнүздүн жашооңузда сезе алган эң күчтүү, эң улуу энергиялардынбири -ыраазычылык! " Джо Витале. Биздин кийинки козгочу темабыз "Ыраазычылык"
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#27 31 January 2016 - 15:02
Жакшы билдирүүлөр экен, чындыгы бар, эгиздердин турмушундай эле адам келечегине өзү кадам койуп, туурасын же туура эмес жолду өзү тандап алат, жамандык кылсаң да өзүңө, жакшылык кылсаң да өзүңө кайрылып келүүчү нерсе.
Жакшы амал эле эмес, жакшы ойдон да эң жакшы нерселер жаралат.
Автор туура жазат, Улуу Рухтан (нурдан)деп биздин тилде энергиядан деп туура эле келе жатат, адамдарга жеңил түшүнүктүү, сиңимдүү, пайдалуу сабак болуп келе жатат, аягы булганып кетпесе, күтө туралы уланта бериңиз, жакшы түшүнүктүү келе жатасыз эң жакшы..

Разговоривать с полным ртом не красиво.
Но разговаривать с пустой головой еще хуже.

#29 01 February 2016 - 16:02
Аттан аттын неси артык,
Ашыра баскан изи артык.
Хандан хандын неси артык,
Калкым деп күйгөн иши артык.
(Барсбек)
Ашыра баскан изи артык.
Хандан хандын неси артык,
Калкым деп күйгөн иши артык.
(Барсбек)
#30 04 February 2016 - 12:47
Автор чон рахмат,ушуну жазганынызга.
Ото таасирленип калдым.Мен учун жазылгандай.
#32 16 February 2016 - 21:50
Ыраазычылык билдирем,автор.
Жонокой создор менен жеткиликтуу кылып жазыпсыз. Эн соонун! Коп эле жолу кайталап окуйт окшойм. Уландысын чыдамсыздык менен кутом.
#33 14 March 2016 - 12:42
Убадама туралбаганым үчүн үзүр. Жаңы дем менен жакшы бир идеялар менен алышып калдым. Буйруса, сиздерге да жар салып айтып калаармын. Азырынча сүйүнчөлөш эртерээк болуп калат. Анда теманы уланталык!
Ыраазычылыктын күчүн айтып түгөтө албайбыз, анткени, ыраазычылык – бул эң күчтүү эмоциянын бири болгон сүйүүнүн башаты десек болот. Биздин аң-сезимдерибизди каптаган терс ой булуттарынын бардыгы ушул, эң күчтүү болгон ыраазычылыктын жоктугунун себеби болуп саналат. Биздин жашоо- турмушубуздагы бардык жакшы нерселердин, жакшы окуялардын, жакшы убакыттардын бардыгы –ушул ыраазычылыктын натыйжалары болуп эсептелет. Ыраазычылыктын кээ бир гана касиеттерин көрсөтө кетсек,
· Ыраазычылык – бул сүйүү;
· Ыраазычылык – бул позитивдүү ой;
· Ыраазычылык – бул өчпөс үмүт;
· Ыраазычылык – бул жоголгус ак эмгек;
· Ыраазычылык – бул караңгылыкка жарык берген жарык;
· Ыраазычылык – бул бул мээден эмес, жүрөктөн чыккан эмоция;
· Ыраазычылык – бул жан дүйнөңө тынчтык, мээрим берген күч;
· Ыраазычылык – бул кыялыңды чындыкка айланткан алгачкы күч;
· Ыраазычылык – бул жарык нур төккөн улуу сезим;
· Ыраазычылык – бул оорулуну айыктырган дары-даба;
· Ыраазычылык – бул Кудайдын жараткан Улуу күчү.
Ыраазычылык – бул бузулган мамилени оңдогон, адашканга жол көрсөткөн, касташкандарды дос кылган, кырдашкандарды бош кылган, жаманды жакшы кылган, жакшыны улуу кылган, жардыны бай кылган, байды бактылуу кылган, коркокту баатыр кылган, баатырды кыраан кылган, алсызга дем берген, алдууну бийик көтөргөн кубаттуу күч. Андыктан бул күчтүн кубатын сезип, аны жашоо шартыбызга колдонуу биздин милдетибиз. Тилекке каршы, биз буларга көп маани бербейбиз.
“Менин жашоом бул болсо, кыйналып жатсам, жашаган жерим ат сарайдан айырмасы жок болсо, же акча иштеп таба албай жатсам, бир кесим нанга зар болуп олтурсам, мен кантип ыраазы болмок элем, кимге ыраазычылыгымды билдирмек элем, ошолор ыраазычылыктан айлансын, кайсы арыма ыраазы болом, менин ыраазычылыгымды ким күтүп туруптур, ким эле мага ыраазы болуп жатыптыр...” жана башка ушул сыяктуу ойлор жаралса, анда тезинен ой-жүгуртүүңүздү өзгөртүңүз. Анткени, мындай ойлор, мындай терс мүнөздөгү көңүл, сизди түптүз эле түбү жок туңгуюктун оозуна сүйрөп бара жатат деп билиңиз. Эгерде ушундай ойлор менен жашап жүрө берсеңиз, арты жакшы натыйжага алып келбесин билиңиз.
Эмне үчүн ыраазы болушуңуз керек?
1. Жашап жатасызбы? Эң сонун! Сизге ушул жашоонун кереметин көрсөткөн Жаратканга ыраазы болуңуз!
2. Алты саныңыз аманбы? Анда сиз бактылуу адамсыз. Анткени дүйнө жүзүндө канча миңдеген адамдардын сиздикиндей дени сак эмес. Бирок, ошог карабай алардын көпчүлүгү бизге караганда бактылуу жашашып, ар бир күндү табияттын бир керемет күнүндөй кабыл алышат.
3. Күнүгө аз да болсо курсагыңызга бир нерсе барабы? Анда сиз миллиондоп ачарчылыктан каза таап жаткан үчүнчү дүйнөнүн адамдарына караганда токсуз.
Дагы бир күнү , “Чай менен нан эле жеп калдык го?!” деп арыз-арманыңызды айтаардан мурда, ошол бир кесим нанга да жетпей, ачарчылыктан күнүн өткөрүп жаткан Африкадагы кичинекей ымыркай балдарды элестетиңиздер. Ошондо сизге катуу нан да бейиштин тамагындай болуп калат.
4. Баш калкаалаар жериңиз барбы (батир да болсо)? Анда, сиз үй жайы жок , ар кайсы бурчтарда корголоп, кышкысын, ызгардуу суукту да баштарынан өткөрүп жаткан нечендеген адамдарга караганда толук кандуу жошоодо жашайсыз. Айтсаңыз, бул ыраазычылыкка жатпайбы?
5. Иштеген ишиңиз барбы? Оо, анда сиздин жашооңуз өзүнчө эле жомок турбайбы! Анткени азыр дүйнөдө миллиарддаган адамдар жумушу жок күн өткөрүшүүдө.
Чындыгында айланаңызды карап туруп, сиз өзүңүз деле ыраазы болуш үчүн миңдеген себептерди таба аласыз. Маселенин баары: “Биз эмне үчүн ыраазы болгонду билбейбиз ?” – дегенде болуп жатат.
Мунун себеби, бала чактан бери биздин калыптанып калган туура эмес, чектелген ишеним, көз караштарыбыздын жыйынтыгы болсо керек. Көбүбүз ыраазы болгонду билбейбиз. Адатта көпчүлүгүбүз кичинебизден бери ата-энелерибизден, мугалимдерден, башка адамдардан, массалык маалымат каражаттардан алган маалыматтар менен чоңойгонбуз. Ал эми ал маалыматтардын жарымынан көбү, тилекке каршы, негативдүү мүнөздөгү маалыматтар болчу. Ошол маалыматтарга жараша биздин көз карашыбыз, мүнөзүбүз калыптанып, аң-сезимибизге сиңип калган.
Балким ошондуктандыр, ар бир нерсеге ыраазы болбостон, тескерисинче ар бир кырдаал же окуя боюнча нааразычылыгыбызды айтып, арызданып турганды өнөкөт көрүп калдык.
Мына бүгун эле бир-эки адамдын сүйлөшүүсүнө же форумга байкоо жүргүзүп көрүңүзчү. Кандай сөздөрдү угасыз же окуйсуз. Сөздүн көпчүлүгү бири-бирине арыздануу болоору шексиз. Үй-бүлөдөгү кыйынчылыктардан баштап, мамлекеттик же дүйнөдөгү болуп жаткан кыйынчылыктардан бери сөз кылышат.
Албетте, жашоосуна ыраазы болуп, ыраазычылык толкунунда жүрүп, башка адамдарга үлгү болгон адамдар жок эмес. Тилекке каршы, мындай адамдар аз. Ошондуктан урматтуу окурмандар, жашоонун ар бир кичинекей белектерине терең ыраазычылыкта жашап, бактылуу көз ирмемдерди өзүбүзгө өзүбүз чакыралы!
Мындан ары ар бир күндүн жаркын көз ирмемдерине, табияттын сулуулугуна, баланын жадыраган шаңдуу күлкүсүнө, эненин мээримине, атанын акылмандуулугуна, досуңдун достугуна, күндүн жылуу нуруна, суунун тунуктугуна, гүлдүн аңкыган жытына, деги эле бул дүйнөгө келип өз ордуңузду тапканыңызга ыраазычылык айтыңыз. Эң негизгиси, бул жашоого сизди жараткан жана жүрөүңүзгө ушундай сүйүү, ыраазычылык, бакытка окшогог улуу сезимдерди уялаткан, Жаратканга ыраазы болуңуз.
Ар дайым жүрөгүңүздө, жан дүйнөңүздө ойлоруңузда ыраазычылык сезимин алып жүрсөңүз, сиздин жашо турмушуңуз сыйкырлангандай эң сонун жагына өзгөрөт. Анткени, ыраазычылык жашаган жерде кара ниет ойлорго, капа-кайгылыкка, суз көңүлгө, деги эле жамандыкка орун жок болот.
Андыктан эртең менен турганда эле ыраазычылык менен баштаңыз: эң сонун күн үчүн, эң сонун үй-бүлөңүз үчүн, иштеген ишиңиз үчүн, ата-энеңиз үчүн, бир туугандарыңыз үчүн, досторуңуз үчүн, кесиптештериңиз үчүн, ден-соолугуңуз үчүн деги эле жашооңуздагы бардыгы үчүн ыраазычылыгыңызды билдириңиз жана күн кечкиргенге чейин ыраазычылыкта жүрүүнү адат кылып алыңыз. Мына ошол сиздин эң чоң жетишкендигиңиз болуп саналат.

#34 14 March 2016 - 19:50
Kasymbek Junusalievdin OILON OIGON degen kitebi gooooooo,men da okup 4ygyp jawoom 4oon ozgoruw boldu
#36 15 March 2016 - 10:26
Туура айтасынар бул ошол китептен алынып жазылып жатат. Эгерде китепти окууга шашылсанар,
китеп саткан жайлардан сурасаңар болот. Сырты мына мындай
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
#37 25 March 2016 - 10:56
Чындыгвнды аябай жакшы жазылыптвр.
ракмат сизге АЛЕС!калганын да чыдамсыздык мн кутоюуз китебин базардан тапсак болобу?
#38 31 March 2016 - 14:32
Китеп базарда деле болсо керек. Арзан эле мен канча сомго алганым эсимде жок...
"Ийгилик - бул ар бир күнү кайталанып туруучу, кичинекей аракеттердин суммасы" Роберт Коллиер
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео