Суперстан: Кара Шумкар - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • > Адабият жана поэзия
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Кара Шумкар С. Рыскулов - саятчы, мунушкор, элдик балбан, жарчылардын омуру берил

#21 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон




— Саратан күз. Көл башындагы кайындарыма барып калдым. Шапак деген элдин уруусунан чыккан, жумурай журтка белгилүү, атагы алыстап кеткен Томо деген мүнүшкөрдү көрсөм дегенде ак эткенден так этип жүргөн кезим. «Томо эртең ителгилерин кууга агытат экен» деген кабар кулакка шак дей түштү. Өңгөнүн эмне болгонун билбейм, чынымды айтайын, ал түнү көз ирмегеним жок. Эси-дартым Томодо болуп какчайып таң атырдым. Үйгө жарык шоола чачырап, түндүк жабуу серпилер менен төшөктөн ыргып турдум. Жолдошторумду түрткүлөп ойготуп, эртең мененки чайга да карабастан шапа-шупа ат токунуп жол тарттык. Күзгү семиз аттар кандай күүлүү. Аяң-буяң дегенче болбой Томонун айлына күндүн тумшугу тиери менен жарыша чаап жетип бардык. Айылдын тушундагы аккан сууну бет алып, эки карысына эки чака кыстарган жаш келин маңдайыбыздан бетме-бет чыкты. Сурасак «Томонуку» деп айылдын аркы четинде обочороок жумурткадай апаппак дардайган ак боз үйдү көрсөттү. Ат дүбүртүн угуп, үйдөн бир жан да эшикке басып чыкпады. Үйдүн сырткы эки капшытында эки кара тайган тумшуктарын колтуктарына катып тоголоктошуп жатат. Аттарыбызды байлаштыра салып, камчыларыбызды бүктөй кармап, салам айтып шып-шып кирип бардык. Үй ичин жаны эле жыйган көрүнөт, эртең мененки насибин да ичишпесе керек.

Коломтого жакын кире бериштеги сол капшытка салынган үч бүктөм кара көлдөлөңдүн үстүндө башында апаппак топусу бар, эттүү-жөндүү манаттай кыпкызыл киши малдаш токунуп олтурган экен. «Томо деген ушу болбогондо анан ким болот эле» деп, ичибизден ой жоруп койдук. Болжолу жетимиштин ары жак, бери жагы дей тургандай. Бирок жарашыктуу сыйда сакал, субагай тарткан кер муруттарынын ак чалганы байкалбайт. Нурдуу жүзү алманын наарындай тарам-тарам. Өңүнүн эч бир жерине бырыштын изи түшпөгөн. Бетинен бит тайгаланчудай тасыраят. Кашка баш, ак маңдай жаркын кабак, бакырайган эки көз илбирстикиндей күлүңдөп, от болуп күйүп турат. Кокус сурданып теше караса адамдын шилисине чыга түшчүдөй. Мүнөзүнө караганда өмүрү жамандык көргөн жан эмес. Кунан минип, куш салып, булут чайнап, муз бүркүп жүргөн берендердин бири көрүнөт. Деги эле карылык үч уктаса түшүнө кире турган эмес. «Келгиле, балдар» деп, жүк тарапты көрсөтүп жүзүн буруп койду, өзү ордунан солк этип да койгон жок.

Неченчи аялы экенин билбедик, өзүнө караганда өтө эле жаш, отуз-отуз беш чамасында го деп болжодук. Бою шыңга, тараз келген, артык баш эти-жөнү жок, өңдүү-түстүү, карагаттай эки көзүнөн жаштыктын оту ойноп бизди караган сайын жалын чачып турду. Үстүндө кийгени ак шайы көйнөк, салынганы ак жибек жоолук, жашыл тукаба чыптама, далысынан соорусуна чейин төгүлгөн кол көтөргүз күмүш шолпу, анын да ортолоруна каухар таштар чөгөрүлүп, тегереги ак бермет, кыпкызыл шурулар менен жылдыздалган. Жаш аялдын бүткөн бою козголгон сайын шарактап шолпудан үн чыгып турду. Буга чейин былк этпей сенек болуп олтурган бизге Томо карыя өзү сөз баштады.

— Жол болсун, балдар, эрте аттанган экенсиңер?

— Ооба. Шалбадан бастырдык — жоопту мен кайтарып турдум.

— Кебетелериңерге караганда Тилекмат уулунун балдарына окшойсуңар.

(Тилекмат Чыныбайдын атасы).

— Сарбагыш болобуз, Кочкордонбуз.

— А, ошондой де. «Чыныбайдын Шааркан деген кызынын күйөөсү келип, Чыныбай өргөө көтөрүп кызын узаткан жатат» деди эле, ошо күйөө балдардан болуп жүрбөгүлө.

— Туура айтасыз.

— Күйөө бала сенсиң го, сыягы — мени тике карады.

— Ооба,

— Күйөө баласы мүнүшкөр экен деп уккам. Ысмың ким?

— Кудайберген.

— А... туура, туура. Эми балдар келген экенсиңер? Бүгүн менин кууга жайылар күнүм экенин кайдан уктуңар?

— Эл эмеспи, угулду.

— Баракелде, баракелде, балдар, бир аз күткүлө. Менин да шакирттерим келип калар учуру болуп калды. — Аңгыча тыштан аттардын түрсүлдөгөн добуштары угулуп, кобур-собур үндөр чыгып калды.

— Келишти го, — деди карыя, ал киши ордунан обдулганда биз карап турабызбы, баарыбыз эшикке жабыла чууруп чыктык.

Көгүчкөндөй окшош жети жаш жигит эшик алдында кырка тизилип атчан туруп калышкан экен. Ат жабдыктары бириникинен бири айырмаланбайт. Кийген кийимдери да бир бычмачы бычып, бир бычмачы тиккендей. Ар биринин боюна жараша жарашыктуу кыналган. Бирөөнүн да буруу-терүүсү жок, баштарында апаппак калпактар. Айрымдарынын билинер билинбес жаңыдан учтары кылтыйып келаткан муруттары бар. Бир үйүрдөн бөлүнгөн кунандардай, бир уядан учуп чыккан балапандардай опокшош. Баарын тегиз он сегиз, жыйырмалардын ортосунда десең карап тургандардын бирөө да талаша алчудан эмес. Ала-сала көргөн суук көз адамдын көзү тийчүдөн. Тим эле Ала-Тоонун жаздагы солкулдак ышкындары, ананайындар. Өңдөрү да бири-биринен айрып алгыс. Сабагынан үзүлбөй катарлаш тизилип эзиле бышкан алмадай жүздөрү тамылжыйт. Аттарычы, эгиз төрөлгөнбү, бир бээнин кулундарындай опокшош карабоз. Колдорунда алакандатып татынакай өрүлгөн бугу камчылар, белдеринде жаркыраган күмүш кемер курлар. Жети жигиттин ат үстүнөн түшпөй тизгиндерин жыя кармашып катары менен тизилип турганын көргөндө аларды далайга чейин тиктеген көздөрүбүздү тарта албай талый түштүк. Асмандан түшө калдыбы же жерден чыга келдиби? Жети кишинин бирөө кыдыр болот дечү эле ушунун ичинен кимиси кыдыр? Ай буруу-териси жок жетөө тең кыдыр го. Биз тиги жигиттерди карап делдейип турганда: «Ителгиңерди кондуруп чыккыла», — деди Томо карыя. Жигиттер машыккан аскерлердей аттарынан шапа-шупа ыргып түшүп, байлаштыра салышты да наркы катардагы боз төбөл чоң үйдөн томогочон-томогочон бир бирден ителги кондуруп чыгышып, кайра жабалактап аттарына миништи. Ар жактан дагы бир жигит жумшак көрпөчө салынып, келиштире токулган, жерге жакын жалпагыраак келген курсактуу боз жоргону жетелеп келип, Томонун алдына тартты. Анан ошол эле жигит кайра чуркап кетти да жанагы боз төбөл үйдөн бир кара ителги кондуруп жетип келди. Айланайын акебай көргөн көзүмө өзүм ишене албадым, ителги дечүдөн эмес. Канат куйруктары сынган, жүндөрү көөнөрүп жыртылган малакайдай уйпаланган. Ит талаган короздон бетер кейпи кетип ышпалдасы чыккан, бүткөн боюнда тамтык жок ушаланып бүткөн. Томонун колунда ушундай жаман ителгинин конуп турганына, кондурган Томо эмес быякта турган биздин да кыжырыбыз кайнап, ичибиз тартылды. Жөн эле ыргытып жиберчүдөн, айла канча кондурган Томо болсо.

— Бастыргыла, балдар — деди да, өзү боз жоргосун бөжүтүп алдыга түшүп берди. Томо жети шакирти менен биз он жигит күн аркан бою көтөрүлгөндө кол жээгин көздөн шатыратып жүрүп калдык.

Коңур күздүн таң эртеңден берки сыдырым жели көлдүн чет жакаларын майда-майда тармал толкундарга айландырып кытыгылап турган кези экен. Улам арылаган сайын толкундар кош кабат-кош кабаттанып көк майсаңга жашыл килемдерди күбүгөндөй бүктөлө-бүктөлө түшүп жондонуп-жондонуп көрүнөт. Андан арылап дагы алыстаганда керегеленген ак жал толкундардын биринен сала бири үстүнөн аша коюп, ордунан жыгылып тура калган азоодой уламдан-улам аңтара салына түшүп албууттанып жатканы байкалат. Асман ачык. Көлдүн тынч ала калган чет жакасы үстүнө күмүш бейказам чапан жапкандай күн нуру чачыраган сайын жалт-жулт, жалт-жулт этет. Жээктердин кенен булуңдарында өрдөк, каз, ак куулар өз-өз үйүр-үйүрү менен топ-топ болуп бирин-бири куушуп, көгөргөн көлүнүн үстүндө ыракатка батып ызы-чуу, күрү-гүү түшүп жүрүшөт. Анда-санда гана бирде учуп, бирде чекпелектеп көл бетине коно калып тынчы кеткен балыкчы ак чардактар.

Ак куулар көп топтошо калчу булуң-бурчтар Томого бакма тоогундай жедеп жат болгон сыяктанат. Ошондой кенен имерилиштин биринде өрдөгү жок, казы жок атайылап иргеп койгондой бир өңчөй ак куулар сүзүп жүргөн экен. Муну Томо капкайдан көрүп, артынан дабырата чаап келаткан бизди токтотту. Баягы жети ителги кондурган жети шакиртин жети жакка шилтеди. Алар чапкан бойдон жетөө жети дөбөнүн башына барып, кароол карагандай соксоюп атчан туруп калышты. Бизди: «Ушерден жылбагыла, тамашага батасыңар» деп тобубуздан ажыратпай чогуу калтырды. Өзү болсо баягы жаман кара ителгисин кондурган бойдон боз жоргосун бөжүтүп көл жээгин көздөй сызды.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:15

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Томо көлдүн ошол булуңундагы калың ак кууларга жакындап барып, жээкке жетер жетпес аркан бою калганда жаман кара ителгинин томогосун шыпырып алып, ошол жерге таштап койду да боз жоргону кудуткан бойдон кайра бизди көздөй салды. Ак куулар эч нерседен шек алган жок. Мойнун койкойтушуп суу үстүндө акырын жай жылып сүзүп жүрүшөт жаныбарлар. Томонун эмне таштап, эмне коюп кеткени менен алардын иши эмне? Өңүндөй аппак ичинде кирити жок жарыктык кой маарек ак куулар.

Томо боз жоргонун оозун биздин жаныбызга келгенде жыя тартып туруп калды. Баарыбыздын эки көзүбүз жээкте — баягы жаман кара ителгиде болду. Оо... кайда бир оокумда баягы байкуш жаман карага жан кирди. Ордунан козголуп сококтоп, мойнун көтөрүп жаман чапандын эки этегиндей дал-далынан кеткен эки канатын күбүнүп-кагынып силкинген болуп, куйрук башын таранып-талпынып, анан чычкан издеген көк кулаалыдай бирде учуп, бирде конуп көл жээгин көздөй салпактап жөнөдү. Ошентип олтуруп акырындык менен жээкке да жакын жетти. Кууларга көрүнүп коюп канат куйругун таранымыш болуп силкинип-силкинип көл жээгине соксоюп олтуруп алды. Муну көргөн куулардын кыжыры кайнап тынчы кетти. Чуркурап-чурулдашып, укуруктай моюндарын түптүз сунуп жиберишип көлдү таштап, тиги жаман ителгини кодулап далдайган канаттары менен чапкылашып кубалай башташты жабыла. Ителги алар жакындаган сайын улам берилеп эшик төрдөй жерге секирип конуп олтуруп, өр тартып жөнөдү. Бизди карай куулар улам жакындаганда ал да өйдөлөйт. Алардын шакылдаган кызыл тумшугун жаман ителги боюна жеткирбейт. Ошентип олтуруп кууларды кургак жерге чыгарып көлдөн итабар алыстатып таштады. Көл тай чабымга жакын обочо калды.

Бир кезде баягы жаман кара ителги качырып тиштегени тумшугун сунуп келаткан бир кууну шак баштан алды да башмалдырык атышып бирде ителги, бирде куу үстөмөндөтүп жатты. Куу ителгинин колунан башын чыгара албай жан айласы түгөнүп, эки канаты менен жер чапкылап бош топурактын чан асманын чыгарып жиберди. Калган жоон топ куулар да беркисин бошотуп алыш үчүн ителгинин үстүнө үймөлөктөшө түшкөндө, Томо шакирт балдарына тебетейин булгалактатып кол жаңсады. Ошону күтүп турган тигилер ителгилердин томогосун шыпырып кой беришти.

Мына эми кызыкты көрүп ал! Кудай бетин көргөзбө, туш-тушунан качырган ителгилер жан койчубу. Дүпөдүп-дүпөдүп болуп эле жатып калды. Асманга алмак-салмак атып чыгышып, кайра жоо аралап качырган найзакерлердей топтошкон кууларды улам бирден дал ортого дааналап уруп өткөндө, жүндөрү жаздыктай сапырылып, ооздорунан кара кочкул кан кетип, жер кучактап барып талп этип түшүп жаткан ак куулар. Баягы манасчылар айткандай, аяң-буяң эткенче, ачып көздү жумганча жоон топ ак куулардан бирин-экиси болбосо, калып жарыган жок. Заматтын ортосунда ташы талкан күм-жам болду да калды. Жан коёбу, ошончо ителги?!

Дабыраткан бойдон сабап жетип барсак, баягы жаман кара байкуш бир дардайган чоң ак куунун үстүндө ак төө минген жаш баладан бетер токчоюп олтурат. Эчак эле мойнун кыйып, алкымынан кан алып таштаптыр эргул.

Алдыбыз экиден, артыбыз бирден куу байланып, олжого тунуп жолго түштүк.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:20

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

* * *

«Жумгалдан Кара шумкарын кондуруп Кудайбергендикине Көкүмбай келиптир» деген кабар айыл айылга дуу тарады. Эртең менен Кудайбергендин инилери Суранчы баштаган Чомор, Байкубат, Жээнчоролор келишти. Булардын ар бири өз алдынча мүнүшкөрбүз деп жүргөн немелер. Алардын алдында эле Кудайберген кара шумкарды туурдан колуна алып кондуруп олтурган. Качан эл чогулуп ышкылуулардын ышкысы кайнап баратканын билген Кудайберген анан шумкар жөнүндө сөз баштады:

— Жумурткадан чыккандардан мындай асылды биринчи жолу көрүшүм. — Келгендер Кудайбергенди бир карап, шумкарды бир карап, экөөнөн тең көздөрүн албай олтурушту.

— Канат-куйруктары мындай турсун, майда жүндөрүнүн арасында да өңү буруусу жок экен. Бүт капкара. Жада калса эки колтугуна чейин. Кузгундун өңүнөн айрымасы жок. Ошого жараша шумкар белгилерин көргүлө! — Экинчи колу менен куйругун өйдө көтөрүп:

— Карагылачы, мынабу саңоор жүндөрдү. Атайылап көөлөп койгондой. Кекиликтин боор жүндөрүндөй, туура-туура түшкөн кара тактар чыныгы шумкарларда болот. Көрдүңөрбү, мунун эч жеринде кирити жок, туптунук, таза касма шукмар деп ушуну айтат. Куйругунун учтары менен тепетең, тимеле тегиздеп койгондой. Бул учкулдук белгилери. Башка шумкар ителгилердики мындай болбойт. Алардыкы бири узун, бири кыска, чала капшырылган керегедей майышып-чоюшуп турат. Буту-колун карагыла, шадылары бүркүттүкүнөн кем эмес экен. «Жем басар» деп ушунукун айт. (Ителги куштун бармагын жем басары дейт. Жем жегенде ириде ошол бармактары менен басат). Тиги манжаларынан обочолонуп алыс экен. Кыраандардыкы ушундай тейтек келет.

Тегеректегендер шумкардан көз айырбай тиктей беришти. Көкүмбай кечетен бери шумкары жөнүндө сөз кылбай койгон Кудайбергенге ичи жылып, бугу жазылып, бүткөн бою чымырай баштады. Ошентсе да «баракелде билгичтигиңе! » деген сөздү кошомат болуп калат го дегенчелик кылып курсагынан чыгарбай койду. «Атаңдын көрү ушундай сынчы, ушундай таасын мүнүшкөр биздин Жумгалда жок ээ» деп, ичинен өкүнүп турду.

Кудайберген акырында кара шумкардын томогосун шыпырып алды. Шумкар ормоңдоп мойну башын койкоңдотуп, тегеректеп олтурган элди карады. Ошондо да талпынып теминип койгон жок. Ал түгүл канат-куйругун да былкылдатпады. Кеп кылып союп каптагандай солк эткен жок. Кудайберген сөзүн улады.

— Карачы, кайран эрдин эки көзүн, туптунук, сууга чайкаган мончоктой мөлтүрөйт. Жаандан жуулган кара алчага окшоп. Тумшугу эмне, бул тумшук менен бир тартканда тоодак эмес текени мууздабайбы, тимеле кекиртегин жулуп алар.

Отургандар күчөтүлүп айтылган сөзгө күлүп калышты.

Ошондо да Көкүмбай жылмайып койгон жок, тулу кейиптенип мелтиреп олтура берди. «Ракмат» деп Кудайбергенге айтканды намыс көрдү окшойт, отурган ордунан солк этип да койгон жок. Бир ооз «баракелде» деп койсо боло чиркин. Көк да, ошон үчүн көгөргөн Көкүмбай аталган да. Кудайберген дагы андан ары сөзүн уланта берди.

— Чоңдугу — деп токтоло калып, — ителгиден мындай зор чанда чыкпаса чыкпайт. Аз эле жерден бүркүт болуп кала жаздаган экен. — Акырында Кудайберген сөзүн жыйынтыктады:

— Эми муну бир кол менен жакшы алып жүрсө көзүнө көрүнгөндүн баарын алат. Тажабайт, чарчабайт. Эч бир жеринде кырт эткен өөнү жок, мындай шумкар болбойт. Табылбайт. Кийин картая баштаганда гана сырты көгүш тартып, кара жүндөрү боз чагар болуп кетет — деди.

Кудайберген кара шумкардын томогосун кайра катып, туурга алпарып кондуруп койду. Көргөнү келгендер жайыла-жайыла басып кетишти. «Кечээ келерим менен шумкарды колуман алып карап олтурду эле, эмне үчүн бүгүнкү сөздү кечээ айтпады экен?» деп түнү менен шумкары жөнүндө бир ооз сөз укпай тумчугуп жаткан Көкүмбай ичинен улутунуп койду.

Бүгүнкү сөздү Кудайберген кечээ деле айтмак, бир сөздү эки кайталаганды жаман көргөн кырс киши: «Баары бир эртең эл жыйылып келет, сөзүмдүн даамын кетирбей ошондо чогуу айтармын» деп койгон кайран киши.

Кудайберген Көкүмбайдын кара шумкарын күн мурун эле барган келгендерден угуп жүрчү. Бирок бастырып барып көргөндөн эринген. «Шумкар өзүмдө деле турбайбы, бир «чымчык» үчүн Кызарттын белин ары-бери салактап ашып жүрмөк белем», деп намыстанып койгон. Мына эми ошол чыгаан шумкар өзү келгенден кийин аны сындабаска болобу? Шумкардын тулку бою деле айт-айт деп турбайбы! Ошон үчүн болгонун болгондой айтты да койду.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

Көкүмбай Кудайбергендикинде мына кетем, ана кетем деп атып бир айга жакын жүрдү. Канаттуунун кызыгына түшсө кетирчү беле. Кудайбергенде бүркүттөн баштап турумтайга чейин бар болчу. Коңур күз. Илбесиндердин кыйгач келип турган учуру. Бир күнү кыргый, бир күнү ителги, куш, чүйлү салып жүрүшүп экөөнүн күзгү күндөрү кызыктуу өтүп жатты. Ажырашаардын акыркы күндөрүнүн биринде кара шумкарды тоодакка алып чыгышты. Буга чейин да кара шумкар Кудайбергендикине келгенден бери далай жолу салынган. Алып чыккан сайын кур кайтышчу эмес. Жок эле дегенде жети-сегиз, болбосо он-он бештен кемитпей тоодак түшүрүп турду.

Кочкор- Атанын өндүрүндөгү боздорго күүгүм талаш-күүгүм талаш калың тоодак келип конгонун айылдын уюн кайтарып жүргөн бала келип кечинде буларга кабар кылды. Кеч күүгүмдө келип конгон тоодактарды атайлап киши учурбаса түшкөн жеринде түнөп каларын бул экөө жакшы билишет. Эртең менен эрте ошол жакты бет алып бастырышты. Булардын артынан дагы үч-төрт ышкыбоздор чапкылап жетишти. Айткандай калың тоодак оттоп жаткан экен. Жакындап келаткан элдин караанын көрүп, укуруктай мойнун алда кайдан созушуп чурк-чурк этип тоодактар шек алып калышты. Кудайберген Көкүмбайды Кочкор-Атанын чокусуна чык деп ошо жакка жиберди. Качан ал дөбөнүн үстүнөн көрүнгөндө бер жакта калгандар чаап жетишип тоодакты учурушмак болушту. Жапыс дөбөнүн чокусуна Көкүмбай бат эле сабап чыгып барды. Тоодактар өтө сак болот эмеспи. Берки топ кишилер үркүткөнчө эле калдактап уча башташты. Көкүмбай шумкардын томогосун тартты. Кара шумкар аралаша түшкөндө көтөрүлө берген тоодактардын тобу чарт экиге бөлүнүп ортосунан жарыла берди. Шумкар бир тоодакты кагып өттү. Калгандары жан талашып жерге түшө качты. Атчандар аларды кайра учурушту. Асманга атып чыгып кеткен шумкар кайра кырданып келип дагы бирөөнү койду эле, а дагы тердиктей далдайып барып жерге түштү. Тепкен сайын тоодактардын жүндөрү сөгүлгөн жаздыктай бырыксып, асманда өйдө-төмөн самсаалап көпкө чейин бириндеп турду. Корккон тоодактар алыс узай алышпай улам биринен ажырап ызы-чуу түштү. Бир кезде кара шумкар катар учуп бараткан эки тоодактын бирөөнү койду эле ал экинчисине барып урунуп, экөө тең жерге кулап түштү. Бир заматтын ортосунда ондон ашык тоодак жалпайды. Мындай жоону көрбөгөн байкуштар баштагыдай көтөрүлүп учмак кайда. Кирээрге чуңкур таппай баш-аламан ызы-чуу түшүп, туш-туш тарапка сендиректеп бириндеп кетишти.

Бир кезде кайдан-жайдан келгенин ким билсин бир бүркүт келип жанагы бири-бирине урунган тоодактардын бирөөнүн оң канаты мүрүнөн чорт үзүлгөн экен, ал байкуш жерге боюн токтотуп баса албай телчиге элек балапандан бетер бирде жыгылып, бирде туруп тамтаңдап жаткан учурда ал шордууну эңип алып бөктөргөн бойдон жөнөсө болобу. Аны көрөөрү менен асманда айланып даяр турган кара шумкар качырып келип бүркүттү «дүп» дедире бир коюп өттү эле улак ала качып келатып жыгылган көк бөрүчүдөй болуп бүркүт бир жерге, тоодак бир жерге барып түштү. Шумкар кайра асманга атып чыгып кетти. Белен оокатка кызыккан шору каткан бүркүт сан жерден барып көмкөрүлгөн казандай ташка тийсе болобу. Оозунан уюган кара кандар балт-балт кулгуп жатып жан таслим болду да, а дүйнөнү карай кете берди. Карачы, бөйдөдөн-бөйдө ажалың жеткирдин ажалы жеткенин. Мээнет кылып таппаган арам тамактын арты ушундай болот экен да.

Бардыгынан да кара шумкардын бүгүнкү окуясы теңдеши жок окуя болду.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Disappear   26 Март 2016 - 19:24

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 494
  • Катталган: 29 Октябрь 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 02:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Рубикон

* * *

Көкүмбай эртең кетем деген күнү кара шумкарды алып Кудайберген экөө дагы тоодак издеп чыгышты. Бул күн экөөнүн акыркы күнү эле. Баягы кынык алып калган Кочкор-Атанын өндүрүн кыдырып жүрүшүп бир да тоодак тапай коюшту. Мындан эки күн мурунку катуу кыргындан кийин аман калган тоодактар башка жакка ооп кеткен сыягы бар. Жолу болбогон эки мүнүшкөрдүн алдынан эки коён качты эле аны кара шумкар бурчатпай туруп жалпайта тээп берген. Алардын эси-дарты тоодак болду. Тоодак жок. Табылбады. Кечке жуук ичиркенткен муздак шамал согуп келди. Түш оогандан тартып күндүн тейити бузук болчу. Өрөөндү эки жагынан калкалап турган аркы өйүз, берки өйүздөгү бийик тоолордун башын өңү суук коюу кара булуттар чулгап алган. Алар чай кайнамга жетпей көк асмандын жүзүн жылчыгы жок бүтөдү. Тоодак таппаганы аз келгенсип эки мүнүшккөргө күндүн бүркөгү да каргаша болду. Бир чети сыдырым соккон муздак шамалга чыдабай, экинчиси жаан жаап жиберсе ого бетер суу болобуз го дешип үйдү көздөй салышты. Ортоктун тоосунун түгөнгөн учу кара тумшукту имериле бергенде койкоюп оттоп турган эки тоодак көрүндү. Кудайберген «кой» дегенге болбой Көкүмбай кара шумкардын томогосун тартты. Шумкар тоодактын бирин жерден көтөрүлө бергенде, экинчисин узай түшкөндө тарс-тарс тээп түшүрдү. Анан жерге түшпөй асманга айланып туруп алды. Алар антип-минтип тоодактарды байланып бастырганча шумкар ого бетер бийиктеп көкөлөп кетти. Бийиктеген сайын катуу шамал ылдыйлатпай улам өйдө калдактатып олтуруп, суу таштаганы турган тиги көктөгү калың кара булуттун арасына кар шумкар теменедей тепчилип кирип кеткенде, өңү кара неме ого бетер көрүнбөй калды.

Көкүмбай ары-бери чапкылап кыйкырып-өкүрүп куу-куулап чырга тартып, далбасын булгалады. Шумкардан дарек болбоду. Аңгыча кар, мөндүр аралашкан катуу жаан шыбыргактатып төгүп жиберди. Этиң түгүл, табагың кайда болуп, шумкар эмес өзүлөрү сууга түшкөн чычкандай шөмтүрөштү. Үшүгөнүнөн ээк-ээгине тийбей калчылдаган Көкүмбай менен Кудайберген өлүп-талып а күнү араң үйгө жетип жыгылышты.

Бул түндүн таңын Көкүмбай уктабай атырды. Санаасы санга бөлүнүп, оюна шумкардан башка эч нерсе кирген жок. Шумкар колуна келгенден берки анын кыял-жоругун көз алдынан тасмадай чубап өткөрүп жатты. Таң аткандан баштап шумкарды кайдан издерин ойлоно берди. «Жумгалда болсо талаага түнөп калса да эртеси үйгө келчү эле. Эми Кочкор ичинен каякка кетти экен. Ортоктун кара тоосунун бир борчугуна түнөп калдыбы же андан ары Шамшы, үч Көркол, Түндүк, Керкебестин катмарларына сүңгүп кирип кеттиби? Болбосо өйүзгү түздүн ак чаптарынын бирине барбасын?» Мындай сар-санаанын нечендери Көкүмбайдын кан тамырында түнү бою тынымсыз жүгүрүп турду.

Төшөктөн тураары менен Көкүмбай аттана турган болду. Анын карбаластап шашып кийинип жатканын Кудайберген байкап:

— Ой эмне, таң атпай кайда барасың? — деди жаздыктан баш көтөрө.

— Аттанам, шумкарды издейм. — Кудайберген борс-борс күлдү.

— Ой, ал кой беле короодон карагандай? Же тушоолуу ат деп турасыңбы? Жер асмандын кай жеринде жүргөнүн билесиң?

— Кечээки жерлерге барып чырга тартам. Болбосо Кара тоонун этегин бүт айланып чыгам.

— Кой, убара болбо! Ал үйүңө кетти. Ушул тапта тууруңда олтургандыр. Уя бала ителги да каччу беле. Анын атын кыраан дейт. Ал кечээ экөөбүзгө таарынып калган. Дайым топ аралап, топ бузуп жүргөн кыраан, кечээки эки тоодакка моокусу жазылып, кумары канган жок. Кой десем болбой салбадыңбы.

— Кечээ кеч болуп калган, кайдан үйгө жетсин.

— Жиндисиң го дейм, ал эмне көз ачып-жумганча барат да коёт. Асмандын ашуусу бар бекен? Суу кечип, баткакка тыгылып жатпаса, ушу турган Жумгал канаттуу кушка кеппи. Кара шумкар Бээжинден чыкса да, көз ачып жумганча келер. Ат болбосо ал ташыркап баспай же жинигип калгандай? Кой, убара болбо?

Көкүмбай Кудайбергендин айтканына уюбады. Уюмак түгүл анын сөзүн какшык ойлоду. Шылдың кылган катары түшүндү. Мазактап жаткандай кабыл алды. Ачуусу келип өңү бузулуп, сакал-муруту бириндеп (каарданганда сакал-муруту камандын жалындай сайылып, өңү башы түктөйө түшчү) кабагын карыш салып, үйдөн даам татпастан бастырып кетти. Айылдан узап чыкканда сөгүндү: «Акмак атаңдын көрүн урайын!.. Мен да муну киши экен деп келсе, «Токто, мен да кошо бастырып издешейин»— дегендин ордуна, «ал кой беле, ал ат беле» дейт. Дагы борсулдап күлүп койгонун кантейин уялбай. Жедеп үйүнөн чыкпай үй каман болгон чочко, туугандары ушундайынан үй күчүк атантып таштаган да»

Көкүмбай ал күнү керээли кечке Кара тоонун аркы этегин, берки этегин бүт айланып чыргаа тартып, далбаасын булгалады. Кайта-кайта куу-куулап кыйкырып жүрүп үнү да бүткөндөй болду. Шумкардан дайын жок, шеги билинбеди. Кечке жуук жолду-жолдото бир үйгө түшпөстөн ач-тогуна карабай ачуусу шакардай кайнаган намыска бек көк киши аттын күчүнө салып, түнү менен үйүнө келип түштү. Келээр менен туурунда олтурган шумкарын көрдү.




Fall into my trap :)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   mega777   26 Март 2016 - 19:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы

Бул темабар.Кайталап ачуунун кажети жок болчу.Ушул жактан уланта берсениз болот.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 26 Март 2016 - 19:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   mega777   26 Март 2016 - 19:27

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 415
  • Катталган: 22 Март 13
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 03:07
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Атамдын айылы


Тема жабык.Автор, кайталап тема ача берүүдөн алыс болуңуз.

Билдирүүнү түзөткөн: mega777: 26 Март 2016 - 19:30

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Адабият жана поэзия
  • Кийинки тема →

  • (2 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 7 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 7, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 04 Авг 2025 04:41

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: