Үстүбүздөгү жума саясий жаңылыктарга жык болду. Тигил жактан чек ара маселеси, бул жактан энергетикалык кризис, дагы башка жагынан "бийликти басып алабыз" деген чөөлөрдүн бунту. (Кечиресиңер, мындай адамдарды чөө деп атабашка арга жок. Ансыз да мамлекет илең-салаң турганда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруунун алдына, эптеп бир жерди бучкактап бийликти басып калуу керек!.)
Алгы сөздү ушул эле сайттын Соңку кабар бөлүмүндө жазылган жаңылыкты бул жакка көчүрүп келүү менен алмаштырайын.
Айрым адамдар тарабынан бийликти алуу жана кызмат орундарын бөлүштүрүү пландары талкууланганы тууралуу дагы бир аудио интернетке тарады. Аудиоматериалдын башкы бетине Эрнест Карыбеков, Тургун Нурматов, Дастан Сарыгуловдун
сүрөттөрү коюлуп, булардан башка да эки адам сүйлөшүүгө катышканы маалымдалат.
Сүйлөшүүгө катышкан адамдар бийликти алууну, андан кийинки кадамдарын,
тагыраагы, өкмөттү кантип түзүү керектигин талкуулашат.
Белгилей кетсек, буга чейин "оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү"
делинген эки аудио тараган. УКМК аталган аудиолор боюнча кылмышка шектеп Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду
жана Эрнест Карыбековду камакка алган.
Төмөндө бийлик басып улуучу эргулдардын сүйлөшүүлөрү. Муну да монтаж деп азыр карганып атышса керек.
ГКНБ аябай жакшы иштөөдө. Алардын милдету дал ушундай эле - мамлекеттик төңкөрүш кылууга ниеттенгендердин аракетин ишке ашырбоо, коомдогу тынчтыкты сактоо. Болбосо, акыркы кезде типа-террористтерди аткылоо менен баатырлык көрсөтүп аброюн кыйла түшүрүп алган эле. Чынымды айтсам, ГКНБнын азыркы кылган чалгынчы иштерине ыраазы болот экенсиң!
Оппозиция революция даярдап жатабы-1 ?

Супер-Инфо
super.kg
видео















